ТоктомКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-июнундагы № 409 «Кыргыз Республикасынын аймагындагы мөңгүлөргө келтирилген зыяндын ордун толтуруунун өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-августундагы № 476 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 28-июну № 409

Кыргыз Республикасынын аймагындагы мөңгүлөргө келтирилген зыяндын ордун толтуруунун өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө

"Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын аймагындагы мөңгүлөргө келтирилген зыяндын ордун толтуруунун өлчөмүн аныктоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков