ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-октябрындагы № 636 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-августундагы № 594»Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу«токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция02.10.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 2-октябры № 636

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-августундагы № 594 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-августундагы № 594 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө типтүү жободо:

4-пунктунун 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4) жарандык коргонуу жаатындагы иш-чараларды координациялоону камсыз кылуу жана ишке ашыруу;";

6-пунктунун он сегизинчи абзацындагы "өзгөчө кырдаалдардан" деген сөздөр алып салынсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

С.Исаков