Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-июлу № 442
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 111 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 2-июнундагы № 106 "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июнундагы № 349 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын социалдык пакетин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын жана/же радаоканалдарынын социалдык пакетин түзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Социалдык пакеттин алкагында трансляциялануучу жана ретрансляциялануучу телеканалдарда жана/же радиоканалдарда чет элдик телекөрсөтүү жана радио уюмдары тарабынан берилүүчү жарнамаларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен аныкталуучу көлөмдө жайгаштырууга жол берилет.".
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 111 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги:
- бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын аймагында Социалдык пакеттин алкагында телеканалдарды жайылтууга чыгымдарды жабуу үчүн жарнамалардын көлөмдөрүн аныктоону караштыруучу чечимдин долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 12-августунан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | С.Ш.Жээнбеков |