Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 507 токтому менен бекитилген |
Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматтагы пилоттук аукциондорду өткөрүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-декабрындагы № 674 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматтагы пилоттук аукциондорду уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартибин аныктайт.
2. Бул Жобонун күчү Кыргыз Республикасынан тышкары жайгашкан мамлекеттик мүлктүн объектилерин ижарага берүү учурунда пайда болгон мамилелерге жайылтылбайт.
3. Ушул Жободо колдонулуучу негизги түшүнүктөр:
мамлекеттик мүлктү ижарага берүү - пайдаланылбаган мамлекеттик мүлктү акы алуу аркылуу убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга же убактылуу пайдаланууга өткөрүп берүү;
ижарага берүүчү - мамлекеттик мүлктү ижарага берген мамлекеттик орган, мамлекеттик мекеме, мамлекеттик ишкана;
ижарага алуучу - ушул Жободо бекитилген тартипте мамлекеттик мүлккө убактылуу ээлик кылуу жана колдонуу же убактылуу пайдалануу укугу берилген жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде чет элдик жарандар;
электрондук аукцион - мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна тооруктун түрү, анда эң жогорку бааны сунуштаган катышуучу жеңүүчү деп таанылат;
шарттары менен электрондук аукцион - мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна тооруктардын түрү, анда эң жогорку ар айлык наркты сунуштаган жана маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн суммага өз каражаттарыны эсебинен ижара обьектисин капиталдык оңдоо боюнча милдеттенмени өзүнө алган катышуучу жеңүүчү болот, кийин ошол милдеттенме ижара келишимине киргизилет
баланс кармоочу - оперативдүү башкаруусунда же чарбасында мамлекеттик мүлк турган мамлекеттик орган, мамлекеттик мекеме, мамлекеттик ишкана;
электрондук соода аянтчасынын регламента - ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү электрондук соода аянтчасынын иш тартибин аныктаган эрежелердин жыйындысы;
мамлекеттик мүлк - мамлекеттин менчигинде турган имараттар, курулмалар, жайлар, ошондой эле транспорттук каражаттар, машиналар жана жабдуулар;
электрондук соода аянтчасынын жабык бөлүгү - электрондук соода аянтчасында катталган колдонуучуларга гана жеткиликтүү сайттын бөлүгү;
ижара объектиси - ижарага берүү предмети болуп саналган мамлекеттик мүлк, ошондой эле ижарага берүү келишимин түзүү укугуна карата электрондук аукцион жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик мүлк;
электрондук соода аянтчасынын ачык бөлүгү - сайттын жалпыга жеткиликтүү бөлүгү, анда иштөө үчүн системада катталуу талап кылынбайт;
электрондук соода аянтчасынын оператору - ыйгарым укуктуу орган менен түзүлгөн келишимдин негизинде иштеген жана электрондук тооруктар жүргүзүлүүчү Интернет тарамында электрондук соода аянтчасынын порталына ээ болгон адистештирилген уюм;
талапкер - ижарага берүү келишимин түзүү укугуна карата электрондук форматта тоорукка катышуу үчүн өтүнмө берген жак;
ижарага берүүнүн баштапкы өлчөмү - мамлекеттик мүлктү пайдалануу үчүн ижаранын ай сайын төлөнүүчү акысынын баштапкы өлчөмү, андан ижарага берүү келишимин түзүү укугуна карата электрондук аукцион башталат;
ыйгарым укуктуу орган - мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү;
катышуучу - тоорукка катышууга уруксат алган талапкер;
электрондук соода аянтчасы - тооруктарды уюштуруу жана өткөрүү үчүн Интернет тарамында жайгаштырылган жана катталган катышуучуларга бүтүмдөр боюнча электрондук операцияларды дистанттык негизде (жеке катышуусуз) ишке ашырууга мүмкүндүк түзүүчү маалыматтык соода системасы;
электрондук кол коюу - электрондук формадагы башка маалыматка кошулган жана (же) аны менен логикалык жактан байланышкан жана анын атынан маалыматка кол коюлган жакты аныктоо үчүн пайдаланылуучу электрондук формадагы маалымат;
электрондук документ - магниттик дискте, магниттик лентада, лазердик дискте жана башка электрондук материалдык алып жүрүүчүдө жазылган электрондук техникалык каражаттардын жардамы менен даярдоо, жөнөтүү, алуу жана сактоо максатында маалыматты берүү формасы.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-декабрындагы № 674 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Талапкерлердин, катышуучулардын, электрондук соода аянтчасынын операторунун жана ыйгарым укуктуу органдын ортосундагы документтерди жүргүзүү, талапкер же катышуучу, же тиешелүү түрдө сатуучунун, талапкердин же катышуучунун атынан аракеттенүүгө укуктуу жак электрондук документтер формасында же документтердин электрондук үлгүсүндө (кагаз түрүндө документтердин реквизиттерин сактоо менен сканирлөө жолу менен электрондук-санариптик формасында кайта өзгөртүлгөн документтер) электрондук соода аянтчасы аркылуу ишке ашырылат. Бул эреже жөнөкөй жазуу жүзүндө тараптардын ортосунда түзүлүүчү мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишими үчүн колдонулбайт.
5. Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук аукционду уюштурууга жана өткөрүүгө байланышкан, анын ичинде ыйгарым укуктуу органдан, баланс кармоочудан, талапкерлерден жана катышуучулардан алынган электрондук документтер электрондук соода аянтчасынын операторунда сакталат.
6. Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү электрондук соода аянтчасында өткөрүлгөн электрондук аукциондун жыйынтыгы боюнча жүзөгө ашырылат.
7. Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү шарты, ижарага алуучунун жана ижарага берүүчүнүн укуктары, милдеттери, тараптардын жоопкерчиликтери жана ижаранын башка шарттары мамлекеттик мүлктү ижарага алуу келишими менен белгиленет.
8. Ижарага алуучу мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишими күчүнө кирген мезгилден тартып ижарага алат. Ижарага берүү келишими ыйгарым укуктуу органда мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып күчүнө кирет.
Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишими баланс кармоочунун сунушу боюнча ыйгарым укуктуу орган аныктаган мөөнөткө түзүлөт. Ижарага берүү келишиминин мөөнөтү шарттары менен электрондук аукцион аркылуу ижарага берилген учурду кошпогондо үч жылдан ашпоого тийиш.
Мамлекеттик имараттарды жана курулмаларды ижарага берүү келишими Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин ченемдерине ылайык таризделет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-декабрындагы № 674 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Ижаранын мөөнөтү бүткөндөн кийин келишимдик милдеттенмелерди аткаруунун алкагында ижарага алуучу тарабынан жүргүзүлгөн бардык бөлүнүүчү жана бөлүнбөгөн жакшыртуулар ижара берүүчүгө кайтарымсыз берилет жана анын чарба жүргүзүүсүнө же оперативдүү башкаруусунда калат.
Баланс кармоочу ижара келишиминин мөөнөтү бүткөнгө чейин үч ай мурун ыйгарым укуктуу органга тиешелүү ижара келишиминин мөөнөтү бүткөндүгү жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүнү берет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-декабрындагы № 674 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Ыйгарым укуктуу органдын, балансты кармоочунун, электрондук соода аянтчасынын операторунун кызматкерлери мамлекеттик мүлктү ижарага алуучулар боло алышпайт.
11. Ижарага алынган мамлекеттик мүлк башкага ижарага (субижарага) берилиши мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-декабрындагы № 674 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Ижарага берүү келишиминин шарттарын аткарууну, ижарага берилип жаткан мамлекеттик мүлктүн техникалык абалын, мамлекеттик мүлктүн максаттуу багыты боюнча колдонулушун текшерүү максатында ижарага берүүчү жана ыйгарым укуктуу орган ижарага алуучунун катышуусунда ижара объектисин карайт, ал үчүн бардык керектүү документтерди жана материалдарды сурап алат.
13. Ижарага берилген мамлекеттик мүлктү капиталдык оңдоо, эгерде келишимде башкача каралбаса, ижарага берүүчү тарабынан жүргүзүлөт.
2. Мамлекеттик мүлктү ижарага алуунун катышуучуларынын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги
14. Баланс кармоочу мамлекеттик мүлктү электрондук соода аянтчасында ижара келишимин түзүү укугуна электрондук аукцион, шарттары менен электрондук аукцион өткөрүү үчүн ыйгарым укуктуу органга төмөнкүдөй тиркеме менен электрондук форматтагы өтүнмөнү жиберет:
- ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча жетекчинин колу коюлган арызды;
- ижара акынын баштапкы өлчөмүнүн эсебин;
- баланс кармоочунун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик мүлктүн техникалык паспортунун же башка техникалык документтеринин (схемасын, планын) көчүрмөлөрүн;
- талап кылынган оңдоо иштеринин мүнөздөмөсүн, конкреттүү көлөмдөрүн, мөөнөтторүн жана наркып көрсөтүү менен сметасын.
Эгерде каниталдык оңдоого муктаж болгон аянты үч жүз квадрат метрден ашкан мамлекеттик мүлк шарттары менен электрондук аукцион аркылуу ижарага берилсе, ижара мөөнөтү он беш жылга чейин белгиленет. Мында, жүргүзүлгөн жакшыртуулардын наркы ижара төлөмүнүн эсебине кайтарылууга жатпайт.
Шарттары менен электрондук аукциондун жеңүүчүсү баланс кармоочу сунуштаган жумуштардын сметасына ылайык маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн суммага өз каражаттарынын эсебинен мамлекеттик мүлктү капиталдык оңдоону жүргүзүү богонча милдеттенмени сөзсүз кабыл алат. Шарттары менен электрондук аукциондун жеңүүчүсү болуп ижара обьектисине эн жогорку бааны сунуштаган катышуучу таанылат.
Баланс кармоочу электрондук кол коюуну пайдалануу менен электрондук соода аянтчасына кирет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-декабрындагы № 674 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Эгерде баланс кармоочу мамлекеттик органдын ведомстволук же аймактык бөлүгү болгон учурда, мамлекеттик мүлктү ижарага берүү жогору турган мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.
Эгерде мамлекеттик ишкана же мекеме баланс кармоочу болгон учурда, мамлекеттик мүлктү ижарага берүү ведомстволук карамагында ушундай ишкана же мекеме иштеген тейлөөчү мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.
16. Баланс кармоочу тоорукка катышууга талапкерлердин талабы боюнча техникалык абалын карап чыгуусу үчүн ижара объектисине кирүүсүнө шарт түзөт, ошондой эле таанышуу үчүн электрондук соода аянтчасында жайгаштырылган мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн типтүү келишимин сунуштайт.
17. Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук соода аянтчасында электрондук аукцион өткөрүү боюнча баланс кармоочудан арыз түшкөн күндөн тартып 7 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу орган:
- берилген материалдарды карап чыгат, ижара акынын баштапкы өлчөмү туура эсептелгендигин текшерет;
- электрондук соода аянтчасында электрондук аукцион өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүнүн текстин даярдайт;
- минимумдук өлчөмү ижара төлөмүнүн баштапкы өлчөмүнөн 10 пайыздан кем болбогон "аукциондук кадамдын" өлчөмүн аныктайт;
- мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук аукцион өткөрүү жөнүндө "жеке кабинети" аркылуу электрондук соода аянтчасында билдирүү жайгаштырат.
Электрондук аукцион, шарттары менен электрондук аукцион өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүү электрондук соода аянтчасында жайгаштырылууга, ошондой эпе баланс кармоочунун расмий интернет-сайтында (бар болсо) электрондук аукцион өткөрүлгөн күнгө чейин 30 (отуз) календардык күндөн кечиктирбестен жарыяланууга тийиш.
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-декабрындагы № 674 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Электрондук аукцион өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүнү жарыялоого кеткен чыгымдар баланс кармоочунун каражаттарынын эсебинен жабылат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-декабрындагы № 674 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Электрондук соода аянтчасыпын оператору регламентке ылайык төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
1) электрондук соода аянтчасында аукциондун катышуучуларын каттоо мүмкүндүгүн, алар идентификациялаган маалыматтарды ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча киргизүүнү камсыздайт;
2) электрондук соода аянтчасында талапкерлерди каттоо тартибин аныктайт;
3) электрондук аукционго катышуучулардын өтүнмөлөрүн, алар бардык беттерин толтурган шартта берүүнү камсыздайт, ошондой эле электрондук форматта мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук аукцион өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн, кабыл алуу мөөнөтү өткөндө өтүнмөлөрдү берүүнү токтотот;
4) электрондук форматта мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук аукционго катышуучу же катышууга уруксат берилбегендиги жөнүндө талапкерлерге билдирет;
5) мамлекеттик мүлктү ижарага берүү жол-жоболоруна катышуучулардын бирдей жетүүсүн, электрондук соода аянтчасында колдонулуучу программалык-аппараттык каражаттарынын ишенимдүү иштешин камсыздайт;
6) ушул Жобого ылайык электрондук форматта мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук аукционду өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө маалыматты электрондук соода аянтчасында жайгаштырууну камсыздайт;
7) ыйгарым укуктуу органга электрондук документтерди жөнөткөн учурдан тышкары, электрондук аукциондун талапкерлери жана катышуучулары жөнүндө маалыматтардын купуялуулугун камсыздайт;
8) ушул Жобого ылайык башка функцияларды аткарат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-декабрындагы № 674 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Электрондук соода аянтчасынын оператору жыл сайын 30-январга чейин ыйгарым укуктуу органга жана монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга өзүнүн иши жөнүндө жылдык отчетун берет.
20. Электрондук соода аянтчасынын оператору төмөнкүлөргө жооптуу:
1) электрондук соода аянтчаларына талапкерлердин жана катышуучулардын жетүүсүн камсыз кылууга;
2) түшкөн өтүнмөлөрдүн жана аларга тиркелген документтердин, ошондой эле өтүнмөлөрдү берген жактар жөнүндө маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууга, буга өтүнмөлөрдү кабыл алуунун жыйынтыгы жөнүндө маалыматты электрондук соода аянтчасында жайгаштырууга чейин ыйгарым укуктуу органдын ушул Жободо каралган өтүнмөлөргө жана документтерге жетүүгө укуктуу болгон учурлары кирбейт;
3) электрондук соода аянтчасынын ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү регламенттин талаптарына ылайык келүүсү;
4) электрондук соода аянтчасынын толук иштөөсү жана техникалык бузулуулар.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-декабрындагы № 674 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Электрондук соода аянтчасынын оператору мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук аукционду өткөрүүнү электрондук соода аянтчасынын программалык-аппараттык каражаттары белгилеген технологиялык бузулуу учурунда бир суткадан ашык эмес токтотуп турат. Электрондук аукционду өткөрүү кайсы учурда токтогон болсо, ошол учурдан тартып улантылат.
Электрондук аукциондун өткөрүлүшү токтотулган убакыттан тартып бир сааттын ичинде электрондук соода аянтчасынын оператору мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук аукционду токтотуунун себептери, электрондук аукциондун токтотулган жана кайта улантылган убакыты жөнүндө маалыматты электрондук соода аянтчасында жайгаштырат, бул тууралуу катышуучуларга кабарлайт, ошондой эле аталган маалыматты ыйгарым укуктуу органга жиберет.
3. Электрондук форматта мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук аукционду өткөрүү
22. Электрондук кол коюу менен же 2017-жылдагы үлгүдөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) менен күбүлөндүрүлгөн маалымаггык билдирүүдө көрсөтүлгөн документтердин электрондук үлгүлөрүнүн тиркемеси менен өтүнмө, ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык электрондук соода аянтчасынын ачык бөлүгүндө жайгаштырылган анын электрондук формасын толтуруу жолу менен берилет.
Бир адам бир өтүнмө берүүгө укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-декабрындагы № 674 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Талапкерлердин өтүнмөсүн кабыл алууда электрондук соода аянтчасынын оператору өтүнмөлөрдүн жана ага тиркелген документтердин каттоосун камсыздайт. Ар бир өтүнмөгө кабыл алынган датасын жана убактысын көрсөтүү менен номер ыйгарылат.
Өтүнмө түшкөн убакыттан бир сааттын ичинде электрондук соода аянтчасынын оператору катталган өтүнмөнүн жана ага тиркелген документтердин электрондук көчүрмөлөрүн тиркеп, билдирүү жиберүү жолу менен анын түшкөнү жөнүндө талапкерге кабарлайт.
24. Маалыматтык билдирүүдө белгиленген мөөнөттү бузуу менен берилген өтүнмөлөр жана ага тиркелген документтер, ошондой эле баа жөнүндө сунуштар электрондук соода аянтчасында катталбайт.
25. Талапкер өтүнмөлөрдү кабыл алуу бүтө турган күндөн кечикпей электрондук соода аянтчасына өтүнмөнү чакырып алуу тууралуу билдирүүнү жиберүү жолу менен өтүнмөнү чакыртып алганга укуктуу.
Талапкер ушул Жободо белгиленген тартипте өтүнмөнү чакырып алган учурда, өтүнмөнү чакыртып алуу тууралуу билдирүү бир сааттын ичинде ыйгарым укуктуу органдын "жеке кабинетине" түшөт, бул жөнүндө талапкерге тиешелүү билдирүү жөнөтүлөт.
Талапкерден түшкөн кепилдик төгүм өтүнмөнү чакырып алуу тууралуу билдирүү түшкөн күндөн 10 банктык күндүн ичинде кайтарып берилүүгө тийиш.
26. Электрондук соода аянтчасында электрондук документтерди түзүү, алуу жана жөнөтүү убактысы, ошондой эле мамлекеттик мүлктү ижарага берүү жол-жобосун жүргүзүү убактысы электрондук аянтчасы иштеген жергиликтүү убакытка шайкеш келет.
27. Электрондук аукционго, шарттары менен электрондук аукционго катышууга электрондук кол коюу же 2017-жылдагы үлгүдөгү Кыргыз Республикасынын жаранынып идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) менен күбүлөндүрүлгон өтүнмөнү жана ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык докуменггердин электрондук үлгүлөрүн берген, электрондук соода аянтчалары тарабынан катышуучу болуп таанылган жактарга уруксат берилет. Катышуучулар электрондук кол коюунун же 2017-жылдагы үлгүдөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын идентификациялык картасынын - паспортунун (ID-карта) жардамы менен электрондук соода аянтчасына кирет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-декабрындагы № 674 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Электрондук аукционго катышуу үчүн талапкер маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн жарыялапган баштапкы ижара өлчөмүнүн төмөнкүдөй өлчөмүндөгү кепилдик төгүмдү төгүүгө тийиш:
- 400 майыз 30 квадрат метрге чейим;”;
- төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү - сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
- 300 пайыз 70 квадрат метрге чейин ;
- 200 пайыз 200 квадрат метрге чейин;
- 100 пайыз 200 квадрат метрден ашык;
- 100 пайыз Чүй, Ысык-Кол жана Жалал-Абад облустары;
- 300 пайыз - Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык объекттеринип (пансионатгар, санаториялар) аймагында жайгашкан обьекттер.
Электрондук аукциондун бардык талапкерлерине жана катышуучуларына кепилдик төгүмү, жеңүүчүнү кошпогондо, алар электрондук соода аянтчасында катталууда көрсөткөн банк эсептерине электрондук аукциондун жыйынтыгы тууралуу протоколго кол коюлган күндөн тартып он банктык күндүн ичинде кайтарылат.
Электрондук аукциондун жеңүүчүсүнө кепилдик төгүм ижара акысын төлөө катары эсептелет. Электрондук тооруктун жыйынтыктары тууралуу протоколго кол коюудан же болбосо ижара келишимин түзүүдөн баш тарткан учурда электрондук аукциондун жеңүүчүсүнө кепилдик төгүм кайтарылып берилбейт.
Жеңүүчү электрондук аукциондун жыйынтыктары боюнча электрондук соода аянтчасынын ички регламентине ылайык электрондук соода аянтчасынын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы төлөп берет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-декабрындагы № 674 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Электрондук форматта мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук соода аянтчасында электрондук аукцион өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүдө төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
- баланс кармоочунун аталышы;
- ижара объектисинин аталышы, жайгашкан жери жана багыты;
- ижара объектисинин аянты жана техникалык абалы;
- электрондук соода аянтчасында электрондук аукционго катышуу үчүн өтүнмөлөрдү кабыл алган жери, күнү, убакыты;
- электрондук аукционду өткөрүү тартиби тууралуу маалымат;
- электрондук аукционго катышуу үчүн талапкерлер бере турган документтердин тизмеги;
- ижаранын баштапкы өлчөмү;
- кепилдик төгүмдүн суммасы жана берүү мөөнөтү, ошондой эле ал которула турган эсептин реквизиттери;
- ижаранын мөөнөтү;
- ыйгарым укуктуу органдын кароосу боюнча башка маалымат.
30. Эгерде баланс кармоочунун өзү же башка мамлекеттик уюм тарабынан ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук аукцион жарыяланган мамлекеттик мүлктү колдонуу зарылчылыгы пайда болсо, ыйгарым укуктуу орган электрондук соода аянтчасында электрондук аукционду өткөрүү жөнүндө өтүнмөсүн чакырып алат.
Электрондук аукционду өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүдө башкасы каралбаса, ыйгарым укуктуу орган электрондук соода аянтчасында электрондук аукциондун өткөрүлүшүн ар убакта, бирок аны өткөрө турган күндөн кеминде беш күн мурда, электрондук соода аянтчасынын операторуна билдирүү аркылуу токтото алат, ал өз кезегинде электрондук аукциондун катышуучуларына үч күн мурда билдирет.
Ыйгарым укуктуу орган электрондук аукционду өткөрүүдөн баш тартканда, талапкерлер төккөн кепилдик төгүмдөр он банктык күндүн ичинде кайтарылууга тийиш.
31. Электрондук соода аянтчасынын оператору "жеке кабинети" аркылуу ыйгарым укуктуу органдын талапкерлер берген өтүнмөлөргө жана документтерге, ошондой эле өтүнмөлөрдү кабыл алуу журналына жетүүсүн камсыздайт.
32. Электрондук соода аянтчасынын системасы электрондук аукцион, шарттары менен электрондук аукцион өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүү жарыялапган күндөн тартып электрондук аукционго катышууга өтүнмөлөрдү кабыл алуу аяктаган убакка чейин аукционго катышуу үчүн электрондук өтүпмө толтурган талапкерлерге уруксат берет.
Мында, элекгрондук аукционго, шарттары менен электрондук аукционго катышууга өтүнмөлөрдү кабыл алуу аякталуучу күн маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-декабрындагы № 674 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Ыйгарым укуктуу орган талапкерлерге катышууга жол ачкандан кийин 3 күндүн ичинде электрондук соода аянтчасы аркылуу аларды электрондук аукциондун катышуучулары деп таануу жөнүндө же болбосо электрондук аукциондун катышуучусу деп таануудан баш тартуу жана аны негиздөө менен билдирүү жиберет. Электрондук аукционго катышууга уруксат берилбеген талапкерлер жөнүндө маалымат, электрондук соода аянтчасынын ачык бөлүгүндө, Интернет тармагынын расмий сайттарында жайгаштырылат.
34. Электрондук соода аянтчасынын оператору электрондук аукциондун катышуучуларын ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча каттоого алат.
35. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-декабрындагы № 674 токтомуна ылайык күчүн жоготту).
36. Электрондук аукционду өткөрүү жол-жобосу электрондук аукционду өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн күндө жана убакытта, катышуучулар баштапкы сатуу баасын "аукциондун кадамына" теңдеш чоңдукка ырааттуу жогорулатуу жолу менен өткөрүлөт.
"Аукциондун кадамын" ыйгарым укуктуу орган баштапкы сатуу баасынан он пайыздан кем болбогон суммада белгилейт жана электрондук аукциондун жүрүшүндө өзгөртүлбөйт.
37. Электрондук аукционду өткөрүү жол-жобосу жүрүп жаткан мезгилде электрондук соода аянтчасынын оператору катышуучулардын электрондук соода аянтчасынын жабык бөлүгүнө жетүүсүн жана электрондук аукционго коюлган объекттин ижарасынын баасы жөнүндө алар тараптан сунуш берүү мүмкүндүгүн камсыздайт.
38. Электрондук аукционду өткөрүү жол-жобосу башталган убакыттан тартып электрондук соода аянтчасынын оператору төмөнкүлөрдү жайгаштырат:
1) электрондук соода аянтчасынын ачык бөлүгүндө - мүлктүн аталышын, баштапкы баасын жана учурдагы "аукциондун кадамын" көрсөтүү менен электрондук аукционду өткөрүү жол-жобосунун башталышы жөнүндө маалыматты;
2) электрондук соода аянтчасынын жабык бөлүгүндө - электрондук соода аянтчасынын ачык бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтан тышкары, мүлктүн ижарасынын баштапкы баасы жөнүндө сунуштарды жана анын түшкөн убактысын, мүлктүн ижарасынын баштапкы баасы жөнүндө сунуштарды кабыл алуунун аякташына чейин калган убактысын.
39. Электрондук соода аянтчасынын программалык каражаттары менен төмөнкүлөр камсыздалат:
а) "аукцион кадамынын" чоңдугуна учурдагы бааны көбөйтүүгө туура келбеген мүлктүн баасы жөнүндө сунуштарды катышуучулар менен берүү мүмкүндүгүн болтурбоо;
б) эгерде мүлктүн баасы тууралуу бул катышуучунун сунушу мурдагы катышуучу берген сунушка окшош болгондугуна байланыштуу кабыл алууга мүмкүн болбогон учурларда бул тууралуу катышуучуга билдирүү.
40. Жеңүүчү болуп ижара объектисине эң жогорку бааны берген катышуучу таанылат.
41. Электрондук аукционду, шарттары менен электрондук аукционду өткөрүүнүп жүрүшү электрондук соода аянтчасынын оператору тарабынан электрондук базада белгиленет, ал электрондук аукциондун, шарттары менен электрондук аукциондун жыйынтыгын чыгаруу үчүн мүлктүн баасы жөнүндө супуштарды кабыл алуу аяктаган убактан тартып электрондук аукциондун, шарттары менен электрондук аукциондун жыйынтыктары тууралуу протокол түрүндө чагылдырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-декабрындагы № 674 токтомунун редакциясына ылайык)
42. Жеңүүчү сунуштаган бааны көрсөтүү менен өткөрүлгөн аукцион жана ижара объектиси жөнүндө маалыматты камтыган электрондук аукциондун, шарттары менен эдектрондук аукциондун жыйынтыгы тууралуу протокол жеңүүчүнүн мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимин түзүүгө укугун күбөлөндүрөт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-декабрындагы № 674 токтомунун редакциясына ылайык)
43. Электрондук аукциондун, шарттары менен электрондук аукциондун жол-жобосу жеңүүчү мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимине кол койгон убакыттан тартып аяктаган болуп эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-декабрындагы № 674 токтомунун редакциясына ылайык)
44. Электрондук аукцион төмөнкү учурларда өткөрүлбөгөн болуп таанылат:
1) катышууга бир дагы өтүнмө түшпөсө же бир дагы талапкер катышуучу болуп таанылбаса;
2) бир гана талапкерди катышуучу деп таануу тууралуу чечим кабыл алынса.
45. Электрондук аукционду өткөрүлгөн жок деп таануу жөнүндө чечим электрондук аукциондун жыйынтыгы тууралуу протокол менен таризделет.
46. Электрондук аукциондун жыйынтыгы тууралуу протоколго кол коюлган убакыттан тартып бир сааттын ичинде жеңүүчүгө ушул протоколду тиркөө менен аны жеңүүчү деп таануу тууралуу билдирүү жиберилет, ошондой эле электрондук соода аянтчасынын ачык бөлүгүндө төмөнкүдөй маалымат жайгаштырылат:
а) мүлктүн аталышы жана аны жекелештирүүгө мүмкүндүк берген башка маалыматтар (лоттун спецификациясы);
б) мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн наркы;
в) жеке жактын аты-жөнү же жеңүүчүнүн - юридикалык жактын аталышы.
47. Электрондук аукциондун, шарттары менен электрондук аукциондун жыйынтыктары чыккан күндөн тартып төрт жумуш күндүн ичинде баланс кармоочу менен жеңүүчү протоколдун негизинде электрондук форматта, жазуу жүзүндө мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимин түзөт. Тараптар кол койгон ижара келишими ижарага берүүчүнүн расмий катына ылайык ыйгарым укуктуу органга берилет. Ыйгарым укуктуу орган төрт жумуш күндүн ичинде берилген материалдарды карайт жана төмөнкү чечимдердин бирии кабыл алат:
- ижара келишимин каттоо жөнүндө;
- ушул Жобого ылайык келбеген учурда ижара келишимин толук иштеп чыгууга кайтаруу жөнүндө.
Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишими ушул Жобо боюнча белгиленген өзгөчөлүктөрү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобонун ченемдерине ылайык түзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-декабрындагы № 674 токтомунун редакциясына ылайык)
48. Жеңүүчү белгиленген мөөнөттө мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимин түзүүдөн четтесе же баш тартса, ыйгарым укуктуу орган эки жумуш күндүн ичинде экимчи орунду ээлеген (бир кадам төмөн) катышуучуга жеңиш ыйгарылгандыгы тууралуу билдирүүнү жиберет, ал билдирүү түшкөн күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде сатып алуу-сатуу келишимине кол коюуга тийиш.
Катышуучуну, экинчи орунду ээлеген катышуучуну жеңүүчү дел таануу жөнүндө билдирүү электрондук соода аянтчасы, электрондук почта, телефон байланышы аркылуу ишке ашырылат.
Жеңүүчү мамлекеттик мүлктү сатып алуу-сатуу келишимин түзүүдөн четтеген же баш тарткан учурда баланс кармоочу төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүү жиберет:
- экинчи орунду ээлеген (бир кадам төмөн) катышуучуга жеңишти ыйгаруу жөнүндө;
-электрондук аукциондун жыйынтыктарын жокко чыгаруу жана кайрадан аукцион өткөрүү жөнүндө маалыматты жайгаштыруу жөнүндө.
Сатып алуу-сатуу келишимин түзүүдөн баш тарткан жеңүүчүлөргө (эн, чоң сумманы сунуштаган, экинчи орунду ээлеген жана жеңишти ыйгаруу тууралуу билдирүүнү алган) кепилдик төгүмү кайтарып берилбейт жана республикалык бюджеттин кирешесине жөнөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-декабрындагы № 674 токтомунун редакциясына ылайык)
49. Жеңүүчү деп таанылган жана эки жолу ижара келишимин түзүүдөп баш тарткан электрондук аукциондун катышуучусу (жеке же юридикалык жак) баш тарткан учурдан тартып бир жылдын ичинде бардык электрондук аукциондорго катышуу укугун жоготот жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишенимсиз талапкерлердин тизмесине киргизилет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-декабрындагы № 674 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматтагы пилоттук аукциондорду өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
|
| "МАКУЛДАШЫЛДЫ" _______________________________ (баланс кармоочу тейлөөсүндө турган мамлекеттик органдын жетекчисинин аты-жөнү, колу, күнү) __________________________ 20__-ж. "__" ______________ |
Форма
Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугун аукционго коюу жөнүндө АРЫЗ
|
| Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кимден: ______________________________ юридикалык жактын (баланс кармоочунун) толук аталышы, уюштуруу-укуктук формасы, жайгашкан (катталган) дареги: ______________________________ ______________________________ юридикалык жактын (баланс кармоочунун) жайгашкан жери |
_____________________________________________________________________________________
(мамлекеттик мүлктүн аталышы)
(мүнөздөмөсү, техникалык абалы)
(жалпы аянты, жайгашкан жери)
_____________________________________________________________________________________
ижарага берүү келишимин түзүү укугуна аукционго коюуга өтүнөбүз.
Мамлекеттик мүлктүн максаттуу багыты:
_____________________________________________________________________________________
Сунушталган ижаранын мөөнөтү:
_____________________________________________________________________________________
Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү зарылдыгынын негиздемеси:
_____________________________________________________________________________________
Тиркеме:
1) ижара акысынын баштапкы өлчөмүнүн эсеби;
2) мамлекеттик мүлккө техникалык паспортунун жана башка техникалык документтеринин көчүрмөсү.
Юридикалык жактын аталышы, Жетекчинин аты-жөнү |
| (колу) |
|
|
|
Күнү |
| М.О. |
Кабыл алынды:
________________________________________________________________________________
(кызматкердин аты-жөнү, кызматы, кабыл алган күн)
|
| Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматтагы пилоттук аукциондорду өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Форма
Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна аукционго катышууга ӨТҮНМӨ
Өтүнмөнү берүүчү:
Жеке жактар үчүн:
Мен ____________________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
________________________________________________________________________________________
(ким экендигин ырастоочу документтин түрү, сериясы, номери, ким тарабынан жана качан берилген),
____________________________________________________________ дареги боюнча жашайм
(шаар, айыл, көчө, үйдүн жана квартиранын №),
________________________________________________________________________________________
(жеке ишкерлер үчүн: ишкердик иш менен алектенген жеке жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн реквизиттери же патенти)
Юридикалык жактар үчүн
Мен ____________________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
________________________________________________________________________________________
(ким экендигин ырастоочу документтин түрү, сериясы, номери, ким тарабынан жана качан берилген),
________________________________________________________________________________________
(юридикалык жактын толук аталышы, дареги жана банктык реквизиттери),
________________________________________________________________________________________
атынан, _________________________________________________________________________________
(ишеним каттын реквизиттери)
ишеним каттын негизинде аракет жасап,
________________________________________________________________________________________
(мамлекеттик мүлктүн аталышы, лоттун номери, жайгашкан орду, мүнөздөмөсү)
_____________________________________________________________________ күнү өтүүчү
(аукцион өтүлүүчү убактысы)
ижарага берүү келишимин түзүү укугуна аукционго катышуу ниетимди билдирем.
Көрсөтүлгөн мүлктү төмөнкүлөр үчүн пайдалануу сунушталат:
_________________________________________________________________________________________
(пайдалануу максаты)
Ушул ниетибизге ылайык __________________________ сом өлчөмүндө кепилдик төгүмдү төлөдүк.
Эгерде ушул тооруктан жеңип чыксам, төмөнкүлөргө милдеттенем:
- электрондук аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюуга;
- аукциондун жыйынтыктарын чыгаргандан кийин 14 иш күндөн кечикпей, мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимине кол коюуга.
Бул арызга төмөнкүлөр тиркелет:
1. Жеке жактар үчүн - адамды күбөлөгөн документтин сканерленген көчүрмөсү.
Жеке ишкерлер үчүн - ишкердик иш менен алектенген жеке жактын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндөгү күбөлүгүнүн же патенттин сканерленген көчүрмөсү; адамды күбөлөгөн документтин сканерленген көчүрмөсү.
Юридикалык жактар үчүн - юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн жана юридикалык жактын атынан чыгып, тиешелүү бүтүмдөрдү жасоого ыйгарым укук берилген өкүлүнүн атына ишеним каттын сканерленген көчүрмөсү, ошондой эле өкүлдүн өзүн күбөлөгөн документинин сканерленген көчүрмөсү.
2. Кепилдик төгүм берилгендигин ырастаган төлөм документинин сканерленген көчүрмөсү.
Эгерде мен (биз) тооруктун жеңүүчүсү болуп таанылсам (таанылсак) жана электрондук аукциондун жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюудан же ижара келишимин түзүүдөн баш тартсам (тартсак), мен (биз) тараптан берилген кепилдик төгүмдүн суммасы кайтарып берилбестигине жана ыйгарым укуктуу органда кала тургандыгына макулмун (макулбуз).
Өтүнмө ээсинин (ыйгарым укуктуу адамдын) колу:
__________________________________
20__-жылдын "__" _________________
|
| Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматтагы пилоттук аукциондорду өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна аукциондун катышуучуларын каттоо ВЕДОМОСТУ
Ижара объектинин (лоттун) аталышы
Каттоо № | Электрондук аукциондун катышуучусунун табличкасынын № | Катышуучунун - юридикалык жактын аталышы | Юридикалык жактын - катышуучунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аты-жөнү | Жеке жактын - катышуучунун аты-жөнү | Адамды ырастоочу документтин түрү, сериясы, номери, берилген күнү жана жери | Мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгүнүн номери жана күнү, каттоого алган органдын аталышы (юридикалык жактар үчүн) | Ишкердик иши менен алектенген жеке жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн же патенттин реквизиттери (жеке ишкерлер үчүн) | Алдын ала берген каражатын кайтарып алуу үчүн банктын реквизиттери жана эсептик номери | Колу |
20__-ж. "__" __________________