Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 30-июлу № 4
Бишкек шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 26-майындагы № 32, 2022-жылдын 16-декабрындагы № 59, 2023-жылдын 31-январындагы № 65, 2023-жылдын 16-мартындагы № 72, 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 79, 2023-жылдын 27-декабрындагы № 98 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө" мыйзамдарын жана Бишкек шаардык кеңешинин регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын чечимдеринин негизинде менен, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын туруктуу комиссияларынын төрагалары жана төрагаларынын орун басарлары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бишкек шаардык кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын:
2018-жылдын 21-ноябрындагы № 78 "Бишкек шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө";
Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 12-февралындагы № 86 "Бишкек шаардык кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пуктунун 5-пунктчасы;
2019-жылдын 28-майындагы № 102 "Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 21-ноябрындагы № 78 "Бишкек шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө" токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө";
2019-жылдын 28-июнундагы № 109 "Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 21-ноябрындагы № 78 "Бишкек шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө" токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө";
2019-жылдын 23-октябрындагы № 114 "Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 21-ноябрындагы № 78 "Бишкек шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө" токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө";
2020-жылдын 14-январындагы № 127 "Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 21-ноябрындагы № 78 "Бишкек шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө" токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө";
2020-жылдын 2-декабрындагы № 169 "Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 21-ноябрындагы № 78 "Бишкек шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө" токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө".
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.
Бишкек шаардык Кеңешинин төрагасы |
К.К. Конгантиев |
| Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 4 токтомунун тиркемеси |
Бишкек шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарлары
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 26-майындагы № 32, 2022-жылдын 16-декабрындагы № 59, 2023-жылдын 31-январындагы № 65, 2023-жылдын 16-мартындагы № 72, 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 79, 2023-жылдын 27-декабрындагы № 98 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссия:
төрага - Сурапбаев Таалайбек Каримжанович;
төраганын орун басары - Дайырбеков Таалайбек Эсенбекович.
2. Экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссия:
төрага - Досиев Эдик Шарипович;
төраганын орун басары - Чалов Ильяз Алмазович.
3. Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия:
төрага - Кенжебаева Светлана Козубаевна;
төраганын орун басары - Давыдов Эрмырза Давыдович.
4. Муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссия:
төрага - Усеналиев Бекжан Бактыбекович;
төраганын орун басары - Жакыпов Таалайбек Маматович.
5. Турак жай-коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссия:
төрага - Аматов Рысбай Аматович;
төраганын орун басары - Досалиев Эльмир Акуналыевич.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссия:
төрага - Абдиев Бактыбек Кемелович;
төраганын орун басары - Усубалиев Таалайбек Болотбекович.
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчисинин милдеттерин убактылуу аткаруучу |
Т.Токоева |