Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 16-апрели № 83
"Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2001-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча "аткаруу бийлигинин" деген сөздөр алып салынсын.
2. 1-берененин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
3. 2-берененин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
4. 3-берененин экинчи абзацында "түзүлгөн эл аралык келишимдерде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 4-берененин 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацындагы "эл аралык макулдашуулардын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 6-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-берене. Ишкердиктин субъекттерин мамлекеттик каттоо
Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо юридикалык жактарды каттоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
Юридикалык жакты түзбөстөн жеке жактарды мамлекеттик каттоо, ошондой эле патенттик негизде жүргүзүлүүчү иш салык органдарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Ишкердик субъекттерин мамлекеттик каттоодон баш тартуу сотко даттанылышы мүмкүн.".
7. 7-берене күчүн жоготту деп таанылсын.
8. 9-беренеде "түзүлгөн эл аралык келишимдерди" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
9. 10-беренеде "Башкаруунун борбордук органдары, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары" деген сөздөр "Мамлекеттик органдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
10. 15-берене төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- рынокто монополисттик ишти жана атаандаштыкка каршы көрүнүштөрдү болтурбоо.".
11. 20-берененин 1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү" деген сөздөр "мамлекеттик менчикти менчиктештирүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
12. 24-берененин 3-бөлүгүндө "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр "керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- 1991-жылдын 20-декабрындагы 683-XII "Кыргыз Республикасында менчикти мамлекеттен ажыратуунун, приватташтыруунун жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1991-ж., № 22, 694-ст.);
- 1992-жылдын 6-мартындагы № 876-XII "Кыргыз Республикасында менчикти мамлекеттен ажыратуунун, приватташтыруунун жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Законуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1992-ж., № 3, 144-ст.);
- 1992-жылдын 2-июлундагы № 939-XII "Кыргыз Республикасында менчикти мамлекеттен ажыратуунун, приватташтыруунун жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Законуна толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- 1993-жылдын 8-майындагы № 1229-XII "Кыргыз Республикасында менчикти мамлекеттен ажыратуунун, приватташтыруунун жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведөмосттору, 1993-ж., № 6, 170-ст.);
- 1994-жылдын 12-январындагы № 1382-XII "Кыргыз Республикасында менчикти мамлекеттен ажыратуунун, приватташтыруунун жана ээлик кылуучулуктун жалпы башталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 89-ст.);
- 1994-жылдын 16-апрелиндеги № 1501-XII "Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын III бөлүмү (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 5, 165-ст.);
- 1995-жылдын 23-июнундагы № 5-1 "Кыргыз Республикасында менчикти мамлекеттен ажыратуунун, приватташтыруунун жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1995-ж., № 7, 251-ст.);
- 1995-жылдын 28-сентябрындагы жана 1995-жылдын 11-октябрындагы № 30-1 "Кыргыз Республикасында менчикти мамлекеттен ажыратуунун, приватташтыруунун жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1995-ж., № 10, 400-ст.);
- 1998-жылдын 12-сентябрындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 3, 83-ст.);
- 2002-жылдын 21-июнундагы № 106 "Кыргыз Республикасында менчикти мамлекеттен ажыратуунун, приватташтыруунун жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 8, 371-ст.);
- 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 2-бөлүгү (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 923-ст.);
- 2012-жылдын 25-июлундагы № 123 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2734-ст.).
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |
|
|
|