Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 51 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-октябрындагы № 565 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка (финансы полициясына) кирүү үчүн конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1.1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка (финансы полициясына) (мындан ары - ЭККМК) кирүү үчүн конкурс өткөрүүнүн шарттарын жана тартибин аныктайт.
1.2. Конкурс жарандар үчүн ЭККМКга кызматка кирүүгө бирдей мүмкүндүктү камсыздоо, даярдыгы бар талапкерди тандап алуу максатында өткөрүлөт жана ЭККМКнын кадрдык курамын жаңы квалификациялуу адистер менен бекемдөө, улуу муундагы кызматкерлерди жаш курамга алмаштырууну камсыздоо зарылдыгы менен шартталат.
1.3. Өтө турган конкурс жөнүндө жарыялоо үчүн негиз болуп кадрлардын резервине кирген (мындан ары - резервдегилер) 10дон ашпаган жаран калдыгында болсо, мурунку конкурстун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн кадрлардын резервиндегилерди ишке орноштуруу шартында бош кызмат орундун болушу саналат.
1.4. ЭККМКга кызматка кирүү үчүн конкурс ЭККМКнын расмий сайтына тийиштүү маалыматты жайгаштыруу жолу менен жарыяланат.
1.5. Конкурс жөнүндө жарыя ушул Жобонун 1.3-пунктунда каралган негиздерге ылайык эки жуманын ичинде жайгаштырылууга тийиш.
1.6. Өтө турган конкурс жөнүндө жарыя төмөнкүдөй маалыматты камтышы керек:
- кызмат орундун аталышы, жайгашкан жери;
- документтерди кабыл алуу убактысы, жери жана мөөнөтү;
- конкурска катышуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги;
- конкурска катыша турган талапкерлерге (мындан ары - талапкер) коюлган квалификациялык талаптар.
1.7. Документтер ЭККМКга кызматка кирүү үчүн конкурс жөнүндө жарыя жарыяланган күндөн тартып 14 календардык күндүн ичинде кабыл алынат. Эгерде документтерди кабыл алуунун акыркы күнү дем алыш күнүнө туура келсе, анда документтерди кабыл алуунун акыркы күнү болуп дем алыш күнүнөн кийинки биринчи жумуш күн эсептелет.
1.8. ЭККМКга кызматка кирүү үчүн конкурс төмөнкү этаптардан турат:
- компьютердик тестирлөө;
- ушул Жобонун тиркемесине ылайык дене бойлук даярдыкты баалоо;
- контролдук жат жазуу (конкурстук тандоого киргизилген талапкердин каалоосу боюнча мамлекеттик же расмий тилде);
- маектешүү.
Компьютердик тестирлөө теоретикалык билим, интеллектуалдык жөндөм, логикалык ой жүгүртүү деңгээлин аныктоо максатында, ошондой эле талапкердин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерин жана башка ченемдик укуктук актыларды билүүсүн текшерүү үчүн өткөрүлөт.
Дене бойлук даярдыкты баалоо ар кандай курактагы талапкерлердин дене бойлук даярдыгынын деңгээлин, алардын атайын көнүгүүлөрдү жасоосунун натыйжасында ден соолугунун ар кандай абалын аныктоо максатында өткөрүлөт.
Контролдук жат жазуу мамлекеттик (кыргыз) же расмий (орус) тилдеринде жазуу эрежелерин жана тыныш белгилерин коюуну билүү деңгээлин текшерүү максатында жүргүзүлөт. Жат жазуунун тексти катары көркөм чыгармалардын үзүндүлөрү колдонулушу мүмкүн.
Маектешүү конкурстук комиссиянын мүчөлөрү менен конкурстун катышуучуларынын ортосунда эркин сүйлөшүү түрүндө өткөрүлөт. Маектешүүнүн максаты - талапкердин кызыкчылыктарын, жеке, моралдык, кесиптик сапаттарын, анын тилегин, умтулуусун, ошондой эле талапкердин ЭККМКда кызмат өтөөгө даярдыгын аныктоо.
2. Документтерди кабыл алуу жана кароо
2.1. Конкурска катышуу үчүн жарандар төмөнкү документтерди тапшырат:
- жеке арыз (мамлекеттик же расмий тилде);
- анкета (мамлекеттик же расмий тилде);
- кол менен жазылган өмүр баян (мамлекеттик же расмий тилде);
- нике жөнүндө, баланын туулгандыгы жөнүндө, атын, атасынын атын, фамилиясын өзгөрткөндүгү жөнүндө күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрү;
- 1 сүрөт 9х12 см кызыл фондо;
- талапкердин жана жубайынын паспортунун көчүрмөсү (түп нускасы конкурстун этаптарына келгенде көрсөтүлөт);
- жогорку билими жөнүндө дипломдун нотариус күбөлөндүргөн көчүрмөсү;
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
- аскер билетинин көчүрмөсү жана түп нускасы;
- мурунку жумуш ордунан, окуусунан же кызматынан мүнөздөмө;
- жашаган жери боюнча 3 кошунанын күбөлөндүрүлгөн пикири;
- соттолбогондугу жөнүндө, жашаган жеринен, даректик бюродон, милициянын аймактык инспекторунан (абийирин кетирген материалдардын жоктугу тууралуу) маалым каттар.
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандар конкурска катышууга киргизилбейт.
Конкурстук тандоодон өтпөй калган талапкерлердин документтери кадр бөлүмүндө алты айга чейин сакталат, ушул мезгилдин ичинде ээсинин талабы боюнча алар кайтарылып берилиши мүмкүн. Талап кылынбаган документтер алты ай өткөндөн кийин жок кылынат.
Резервдегилердин документтери кадр бөлүмүндө, кийин өздүк ишинин материалдарына тиркөө үчүн сакталып турат.
2.2. Тапшырылган документтерге талдоо жүргүзүүнүн негизинде ушул жобонун талаптарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 176 токтому менен бекитилген ЭККМКда кызмат өтөө жөнүндө жобонун белгиленген талаптарына туура келсе, конкурстук комиссия талапкерлерге конкурска катышууга мүмкүндүк берүү жөнүндө протоколдук чечимди кабыл алат.
3. Конкурс өткөрүүнү уюштуруу
3.1. ЭККМКга кызматка кирүү үчүн конкурс өткөрүүнү уюштуруу кадр бөлүмүнө жүктөлөт, алар төмөнкү функцияларды аткарышат:
- ЭККМКга кызматка кирүү үчүн өтө турган конкурс жөнүндө жарыя берүү, ошондой эле конкурс өтүүчү жер, аны өткөрүү этаптарынын убактысы жөнүндө кошумча жарыялоо;
- резервдегилердин өздүк иштерин документтерди кабыл алуу, алардын толуктугун жана коюлган талаптарга туура келгендигин текшерүү жолу менен алгач түзүү;
- конкурстук комиссиянын мүчөлөрү үчүн документтерди иштеп чыгуу жана даярдоо;
- конкурстун ар бир этабына катышууга талапкерлердин тизмесин түзүү;
- резервдегинин жана анын жакын туугандарынын соттолбогондугу жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн талаптарды жөнөтүү;
- документтери коюлган талаптарга туура келген талапкерлердин тизмесин түзүү;
- конкурстун этаптарын уюштуруу жана өткөрүү, ошондой эле анын жыйынтыгын тийиштүү документтерге киргизүү;
- өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы жөнүндө жыйынтыктоо протоколун, ошондой эле конкурстан ийгиликтүү өткөн адамдарды кадрлардын резервине киргизүү жөнүндө буйруктун долбоорун түзүү.
3.2. Кадр бөлүмү документтерди кабыл алуунун жыйынтыгы менен талапкерге ЭККМКда кызмат өтөөгө ден соолугунун абалы боюнча жарактуулугун аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын аскердик-дарыгердик комиссиясынан өтүү үчүн жолдомо берет.
4. Конкурстук комиссия
4.1. ЭККМКнын төрагасынын буйругу менен конкурстук комиссиянын курамы түзүлөт.
Конкурстук комиссия жыйынды конкурстук комиссиянын 2/3 кем эмес курамы келгенде өткөрүүгө ыйгарым укуктуу. Келбей калган конкурстук комиссиянын мүчөлөрүн алмаштырууга жол берилбейт.
4.2. Конкурстук комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
1) комиссиянын төрагасы - ЭККМКнын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
2) комиссиянын катчысы - кадр бөлүмүнүн кызматкери;
3) комиссиянын мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тейлөөчү түзүмдүк бөлүмүнүн өкүлү (макулдашуу боюнча);
- ЭККМКнын этика боюнча комиссиясынын төрагасы;
- ЭККМКнын Штабынын начальниги;
- ЭККМКнын ички териштирүү жана коопсуздук бөлүмүнүн начальниги;
- ЭККМКнын ыкчам бөлүмүнүн начальниги;
- ЭККМКнын тергөө бөлүмүнүн начальниги;
- ЭККМКнын кадр бөлүмүнүн начальниги;
- ЭККМКнын атайын даярдыктагы бөлүмүнүн начальниги;
- ЭККМКнын аймактык бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча);
4) ЭККМКнын Коомдук кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү байкоочу катары катыша алат.
4.3. Конкурстук комиссиянын чечими катышып жаткан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүгү менен кворум болгондо кабыл алынат. Добуштар тең болуп калганда конкурстук комиссиянын төрагасы добуш берген чечим кабыл алынат.
4.4. Конкурстук комиссия:
- конкурска катышууга талапкерлерди киргизүүдөн баш тартуу же киргизүү жөнүндө чечимди кабыл алат;
- конкурстун катышуучулары менен маектешүү өткөрөт;
- конкурстук тандоонун этаптарынан өткөн айрым талапкерлерди ЭККМКнын кадрлар резервине киргизүү жөнүндө ЭККМКнын төрагасына сунуш берет.
5. Конкурс өткөрүүнүн шарттары жана тартиби
5.1. Аттестацияланган курамдын бош кызмат орду пайда болгон учурда, ЭККМКнын төрагасы ушул Жобонун 1.3-пунктунда каралган негиздер болгондо, конкурсту жарыялоо тууралуу чечимди кабыл алышы керек.
5.2. Конкурска Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 176 токтому менен бекитилген ЭККМКда кызмат өтөө жөнүндө жободо белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алышат.
5.3. Компьютердик тестирлөөдөн өтүү күнүнө карата аскердик-дарыгердик комиссиядан өтпөй калган, ошондой эле конкурстук тандоонун этаптарынын биринен өтпөй калган талапкерлер конкурска мындан ары катышпайт, бирок бош кызмат орду боюнча квалификациялык талаптарга ылайык жалпы негизде кийинки конкурска катыша алышат.
5.4. Компьютердик тестирлөө документтер кабыл алынып бүткөн күндөн тартып 10 жумуш күндөн кийин өткөрүлүшү керек.
5.5. Компьютердик тестирлөөнүн жүрүшүндө 60 мүнөттүн ичинде конкурстун катышуучусуна жалпы суроолордун ичинен компьютер менен тандалып алынган 60 суроого жооп берүү сунушталат. Тесттер үчүн суроолор ЭККМКнын тийиштүү бөлүмдөрү тарабынан иштелип чыгат. Ар бир туура жооп үчүн 1 балл берилет. 40 жана андан көп балл алган талапкер компьютердик тестирлөөдөн өттү деп эсептелет.
5.6. Дене бойлук даярдыкты баалоо тестирлөө аяктаган күндөн тартып 10 жумуш күндөн кеч эмес өткөрүлүүгө тийиш.
Дене бойлук даярдыкты баалоо атайын даярдыктагы бөлүмдүн жана ички териштирүү жана коопсуздук бөлүмүнүн кызматкерлерин тартуу менен, төмөнкү көнүгүүлөр боюнча курактык категория эске алынып, ушул Жобонун тиркемесине ылайык жүзөгө ашырылат:
- күчтү аныктоо үчүн - турниктен тартылуу (аялдар үчүн - чалкасы менен жаткан абалда тулку боюн көтөрүү);
- ылдамдыкты аныктоо үчүн - 100 метрге чуркоо;
- тездик жана шамдагайлыкты аныктоо үчүн - ары-бери чуркоо 10x10 метр (эркектер үчүн гана);
- чыдамкайлыкты аныктоо үчүн - 3 километрге чуркоо (аялдар үчүн - 1 километрге чуркоо).
ЭККМКнын атайын даярдыктагы бөлүмүнүн бош кызмат ордуна талапкерлер курагына карабастан биринчи курактык категориялар үчүн дене бойлук даярдыктын ченемдерин аткаруу керек.
Бир көнүгүү боюнча да ченемди аткарбаган, канааттандырарлык эмес деген бааны алган талапкер бул этаптан өткөн жок деп эсептелип, кийинки этаптарга киргизилбейт.
Дене бойлук даярдык боюнча ченемдерди тапшырууга аскердик-дарыгердик комиссиядан өткөн талапкерлер гана киргизилет.
Дене бойлук даярдыгын баалоо төмөнкү критерийлер боюнча жүргүзүлөт:
1) 5 балл ыйгарыла турган "5 - эң жакшы" деген баага татыктуу жогорку деңгээл;
2) 4 балл ыйгарыла турган "4 - жакшы" деген баага татыктуу орточо деңгээл;
3) 3 балл ыйгарыла турган "3 - канааттандырарлык" деген баага татыктуу канааттандырарлык деңгээл.
5.7. Контролдук жат жазууну кадр бөлүмүнүн кызматкерлери өткөрөт.
Контролдук жат жазууну баалоо төмөнкү критерийлер боюнча ишке ашырылат:
1) 5 балл ыйгарыла турган "5 - эң жакшы" деген баага татыктуу жогорку деңгээл:
- катасыз иш;
- бир орфографиялык жана эки пунктуациялык катаны камтыган иш;
- үчтөн ашпаган пунктуациялык катаны камтыган иш;
2) 4 балл ыйгарыла турган "4 - жакшы" деген баага татыктуу орточо деңгээл:
- үчтөн ашпаган орфографиялык катаны камтыган иш;
- бир орфографиялык жана үч пунктуациялык катаны камтыган иш;
- бештен ашпаган пунктуациялык катаны камтыган иш;
3) 3 балл ыйгарыла турган "3 - канааттандырарлык" деген баага татыктуу канааттандырарлык деңгээл:
- бештен ашпаган орфографиялык катаны камтыган иш;
- үч орфографиялык жана алтыдан ашпаган пунктуациялык катаны камтыган иш;
- жетиден ашпаган пунктуациялык катаны камтыган иш;
4) "2 - канааттандырарлык эмес" деген баага татыктуу төмөнкү деңгээл:
- алты орфографиялык катаны камтыган иш;
- төрт орфографиялык катаны жана жети пунктуациялык катаны камтыган иш;
- сегиз жана андан көп пунктуациялык катаны камтыган иш.
Бирдей орфографиялык каталар, тагыраак айтканда ошол эле сөздүн бирдей ката менен жазылышы бир орфографиялык ката деп эсептелет. Бирдей типтүү пунктуациялык каталар, тагыраак айтканда бирдей сөздөргө тыныш белгилерди туура эмес коюу бир пунктуациялык ката болуп эсептелет.
Контролдук жат жазуудан канааттандырарлык эмес деген баа алган талапкер конкурстун кийинки этабына киргизилбейт.
"ЧУА" МБ эскертүүсү: Берилген Жобонун 5.7-пунктундагы абзацтарынын саны расмий тилдеги тексттин 5.7-пунктундагы абзацтарынын санына дал келбейт.
5.8. Конкурстук комиссия маектешүүнү жүргүзүүдө конкурстун мурунку жыйынтыгын карайт.
Ошол эле кызмат орундун талапкерлерине бирдей суроолор берилет. Бош орунду ээлөө маселесине тийиштүү башка жагдайларды билүү зарылдыгы болсо, кошумча суроолор берилет.
Маектешүүнү өткөрүү видео тасмага жазылат, ал алты ай бою кадр бөлүмүндө сакталат. Конкурстун катышуучусунун жазуу жүзүндөгү кайрылуусу боюнча ага тийиштүү маектешүүнүн видео жазуусунун көчүрмөсү берилиши мүмкүн.
Маектешүүнүн жыйынтыгы боюнча балл менен баа коюлбайт.
6. Корутунду жоболор
6.1. Конкурстук тандоонун жыйынтыгы протокол менен таризделет, ага жыйынга катышкан конкурстук комиссиянын төрагасы, катчысы жана мүчөлөрү кол коюшат.
6.2. Эгерде конкурс өткөрүүнүн натыйжасында коюлган талаптарга жооп берген талапкерлер тандалып алынбаса, ЭККМКнын төрагасы 30 жумуш күндүн ичинде кайрадан конкурс өткөрүү жөнүндө чечимди кабыл алат.
6.3. Конкурстук комиссиянын чечими талапкердин катышуусуз кабыл алынат. Конкурстун жыйынтыгы маектешүү аяктагандан кийин дароо жарыяланат.
6.4. Кадрлардын резервине киргизүүгө сунушталбаган талапкерлер конкурстан өткөн жок деп эсептелет.
6.5. Талапкерлерди кадрлардын резервине киргизүү ЭККМКнын төрагасынын буйругу менен конкурстук комиссиянын тийиштүү сунушунун негизинде ишке ашырылат. Кадрлардын резервине кирген талапкерлерди кийин дайындоо бош кызмат ордуна коюлган квалификациялык талаптар эске алынып, талапкер конкурстун ар бир этабында алган баллдын суммасын эске алганда кезек-кезеги менен жүргүзүлөт.
6.6. Кадрлардын резервиме киргизилген талапкерлердин тизмеси ЭККМК сайтында жарыяланышы керек.
6.7. Конкурстук тандоонун жыйынтыгына сот тартибинде даттанууга мүмкүн.
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка (финансы полициясына) кирүү үчүн конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобого тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка (финансы полициясына) кирүү үчүн дене бойлук даярдыктын ЧЕНЕМДЕРИ
Курактык топ | Эркектер | Аялдар |
I | 25 жашка чейин кошо алганда | 25 жашка чейин кошо алганда |
II | 26 жаштан 30 жашка чейин кошо алганда | 26 жаштан 30 жашка чейин кошо алганда |
III | 31 жаштан 35 жашка чейин кошо алганда | 31 жаштан 35 жашка чейин кошо алганда |
IV | 36 жаштап 40 жашка чейин кошо алганда | 36 жаштан 40 жашка чейин кошо алганда |
V | 41 жаштан 45 жашка чейин кошо алганда | 41 жаштан 45 жашка чейин кошо алганда |
VI | 46 жаштан 50 жашка чейин кошо алганда | 46 жаш жана андан улуу |
VII | 51 жаш жана андан улуу |
|
Эркектер:
Көнүгүү | Баа | Курактык топ | ||||||
I | II | III | IV | V | VI | VII | ||
Күч | ||||||||
Турниктен тартылуу | эң жакшы | 14 | 12 | 11 | 9 | - | - | - |
жакшы | 12 | 10 | 9 | 7 | - | - | - | |
канааттанарлык | 10 | 9 | 7 | 5 | - | - | - | |
Ылдамдык | ||||||||
100 метрге чуркоо (секунда менен) | эң жакшы | 13.20 | 14.00 | 15.00 | 15.50 | - | - | - |
жакшы | 13.50 | 14.50 | 15.30 | 16.30 | - | - | - | |
канааттанарлык | 14.50 | 15.00 | 16.00 | 17.00 | - | - | - | |
Тездик жана шамдагайлык | ||||||||
Ары-бери чуркоо 10x10 (сек.) | эң жакшы | 25 | 26 | 29 | 32 | 34 | 37 | - |
жакшы | 26 | 27 | 30 | 33 | 35 | 38 | - | |
канааттанарлык | 27 | 28 | 31 | 34 | 36 | 39 | - | |
Чыдамкайлык | ||||||||
3 км чуркоо (минута жана секунда менен) | эң жакшы | 12.10 | 13.30 | 14.30 | 15.00 | 17.30 | 18.00 | 18.30 |
жакшы | 13.10 | 13.50 | 15.00 | 15.30 | 18.00 | 19.30 | 20.00 | |
канааттанарлык | 13.30 | 14.30 | 15.30 | 16.30 | 18.30 | 20.00 | 20.30 | |
Аялдар:
Көнүгүү | Баа | Курактык топ | ||||||
I | II | III | IV | V | VI | VII | ||
Күч | ||||||||
Чалкасы менен жаткан абалда тулку боюн көтөрүү | эң жакшы | 40 | 35 | 30 | 25 | 20 | - | - |
жакшы | 35 | 30 | 25 | 20 | 15 | - | - | |
канааттанарлык | 30 | 25 | 20 | 14 | 10 | - | - | |
Ылдамдык | ||||||||
100 метрге чуркоо (секунда менен) | эң жакшы | 15.50 | 16.50 | 17.50 | 18.00 | - | - | - |
жакшы | 16.00 | 17.20 | 18.20 | 18.50 | - | - | - | |
канааттанарлык | 17.00 | 18.00 | 19.00 | 20.00 | - | - | - | |
Чыдамкайлык | ||||||||
3 км чуркоо (минута жана секунда менен) | эң жакшы | 4.15 | 4.20 | 4.40 | 5.00 | 5.30 | - | - |
жакшы | 4.30 | 4.40 | 4.55 | 5.20 | 6.00 | - | - | |
канааттанарлык | 4.45 | 5.10 | 5.30 | 6.00 | 6.30 | - | - | |