Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 51 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-октябры № 565
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка (финансы полициясына) кирүү үчүн конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүн ишке ашыруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка (финансы полициясына) кирүү үчүн конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 29-октябрындагы № 90 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |