МыйзамКүчүндө

КР 2020-жылдын 20-мартындагы № 28 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Үрөн жөнүндө», «Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө», «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы

Редакция20.03.2020 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2020-жылдын 20-марты № 28

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Үрөн жөнүндө", "Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө", "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2020-жылдын 13-февралында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

 

1-берене.

"Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 6, 231-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

12-статьянын 1-пунктунун он биринчи абзацында "административдик укук бузуулар жөнүндө" деген сөздөр "бузуулар жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2-берене.

"Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 5, 263-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 11-статья күчүн жоготту деп таанылсын;

2) 22-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"22-статья. Ушул Мыйзамды бузганы үчүн жоопкерчилик

Ушул Мыйзамдын бузулушуна күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.";

3) 23-статья күчүн жоготту деп таанылсын.

3-берене.

"Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 2015-ж., № 1, 2-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

14-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Ушул Мыйзамдын бузулушуна күнөөлүү жарандар жана кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылат.".

4-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 24-мартындагы № 30(3102) жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

С.Ш. Жээнбеков