Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 13-ноябры № 3
Жер пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына ("Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө", "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 767-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) экинчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 13-пункт менен толукталсын:
"13) төмөнкүдөй жер участокторуна:
а) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө", "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулган;
б) айыл чарба өндүрүшүндө пайдаланууга жараксыз же жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылары бар.";
б) бешинчи бөлүктө:
- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 12 жана 13-пункттары төмөнкүлөргө жайылтылбайт:";
- 4-пункт "ыйгарым укуктуу" деген сөздөрдөн мурда "сот," деген сөз менен толукталсын.
2-берене.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- эки айлык мөөнөттө ушул Мыйзамдан келип чыккан чараларды көрсүн;
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучу |
С.Н. Жапаров |
2020-жылдын 4-ноябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |