Загрузка документа…
КР 2025-жылдын 26-июнундагы № 127 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 26-сентябры № 154
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө
(КР 2022-жылдын 5-июлундагы № 57, 2023-жылдын 23-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
(КР 2023-жылдын 23-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
"Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 79-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 3-статьянын төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
2.16-статьяда:
1-бөлүктүн 6-пункту күчүн жоготту деп табылсын;
2-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын органдары," деген сөздөр алып салынсын.
3-берене.
(КР 2022-жылдын 5-июлундагы № 57 Мыйзамына ылайык күчүн жоготот)
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |