Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 30-июну № 129
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Тышкы миграция жөнүндө", "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө", "Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 7, 371-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) I бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 52-статья менен толукталсын:
"52-статья. Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутуму
Кыргыз Республикасында тышкы миграция процесстерин жөнгө салуу Кыргыз Республикасында Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутумун уюштуруу аркылуу жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасында Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутуму деп адамдардын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу кирүүсүн/чыгуусун эсепке алуу жана контролдоо, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек ишин жүзөгө ашыруу үчүн визаларды жана уруксаттарды, убактылуу жана туруктуу жашоо уруксаттарын берүү, ошондой эле аларды Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн (жашаган) жери боюнча каттоо жана Кыргыз Республикасынын нотариалдык документтеринин бирдиктүү электрондук базасынан келип түшкөн, жашы жете электердин Кыргыз Республикасынан чыгуусу үчүн алардын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан берилген, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн өтүнүчтөрдү эсепке алуу боюнча маалыматтык тутум түшүнүлөт.
Кыргыз Республикасында Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";
2) 15-статьянын 6-бөлүгүндө "миграция чөйрөсүндөгү" деген сөздөр "калкты каттоо чөйрөсүндөгү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) расмий тилдеги 32-статьяда:
а) биринчи бөлүктүн 6-пунктунда "гражданином которого он является" деген сөздөр "гражданином которого он (она) является" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төртүнчү бөлүктүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Если в Кыргызскую Республику переезжает только один из родителей, которого сопровождают дети в возрасте до 18 лет, он (она) должен (должна) представить нотариально удостоверенное заявление другого супруга о том, что он (она) не против проживания детей вместе с родителем-иммигрантом.";
4) расмий тилдеги 33-статьяда:
а) 2-пунктта "его супруга" деген сөздөр "его (ее) супруга (супруг)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-пунктта "супруга" деген сөз "супруг (супруга)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 35-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 65-статьянын экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене
"Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 1, 6-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьянын он бешинчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 3-статьянын экинчи бөлүгүндөгү "и" пунктчасында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 5-статьянын экинчи бөлүгүндө "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 6-статьянын үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 7-статьянын биринчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 11-статьянын төртүнчү бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 24-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
8) 31-статьянын экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене
"Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 68-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги текстинде:
а) аталышында жана бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмө формаларындагы "граждандар" жана "граждандыгы" деген сөздөр тиешелүү түрдө тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "жарандар" жана "жарандыгы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) ар кандай жөндөмө формаларындагы "граждан" жана "гражданин" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "жаран" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 11-статьяда:
а) статьянын аталышында жана текстинде ар кандай жөндөмө формаларындагы "чет өлкөлүк граждандар" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү-жетинчи бөлүктөр менен толукталсын:
"Жарандыгы жок адам - Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана кандайдыр бир чет мамлекеттин жарандыгына өзүнүн таандык экендигинин далилдери болбогон адам.
Жарандыгы жок адамга күбөлүк берилет, ал жарандыгы жок адамдын ким экендигин тастыктоочу жана статусун ырастоочу документ болуп саналат.
Жарандыгы жок адамдын күбөлүгү жарактуу жол кире документи болуп саналат.
Жарандыгы жок адамдын статусун аныктоо жана жарандыгы жок адамга күбөлүк берүү тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт.
Өзүн Кыргыз Республикасында жарандыгы жок адам деп таануу жөнүндө өтүнүч берген арыз ээсине анын өтүнүчүн каттоо жөнүндө күбөлүк берилет, ал арыз ээсинин ким экендигин ырастоочу документ жана Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу жүрүшү жана бул адамды жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоо үчүн негиз болуп саналат.";
3) 2-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-статья. Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалы
Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.";
4) 3-статьяда:
а) аталышында, экинчи жана төртүнчү бөлүктөрүндө ар кандай жөндөмө формаларындагы "чет өлкөлүк граждандар" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) үчүнчү бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Качкындарды жана качкын статусун берүү жөнүндө өтүнгөн адамдарды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарына жана эркиндиктерине атайын чектөөлөр киргизилген мамлекеттердин жарандарына карата улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти сактоо, калктын саламаттыгын жана адеп-ахлагын коргоо, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жооп иретиндеги чектөөлөр белгилениши мүмкүн.";
5) 4-статьяда ар кандай жөндөмө формаларындагы "чет өлкөлүк граждандар" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 5-статьянын биринчи бөлүгү "граждандыгы" деген сөздөн кийин "же болбосо качкындын статусу, же болбосо жарандыгы жок адамдын статусу" деген сөздөр менен толукталсын.";
7) 6-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-статья. Баш паанек берүү
Кыргыз Республикасы саясий жүйөлөр боюнча, ошондой эле адам укуктарын жана эркиндиктерин бузуу жүйөлөрү боюнча куугунтукталган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык баш паанек берет.";
8) 7-статьянын экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 10-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-статья. Социалдык камсыз кылуу
Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле убактылуу жашаган чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык пенсияларды, жөлөкпулдарды алууга жана социалдык камсыз кылуунун башка формаларына укуктуу.";
10) 19-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
11) 27-статьянын үчүнчү жана алтынчы бөлүктөрүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет, буга "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жашы жете электердин Кыргыз Республикасынан чыгуусу үчүн алардын мыйзамдуу өкүлдөрү берген, Кыргыз Республикасынын Нотариалдык документтеринин бирдиктүү электрондук базасынан келип түшкөн, нотариалдык күбөлөндүрүлгөн өтүнүчтөрдү эсепке алуу бөлүгүндөгү ченеми кирбейт, ал 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 7-июнулдагы № 54 (3503) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзамды ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |