Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-декабры № 839
"Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында аскердик-транспорттук милдет жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 10-апрелиндеги № 194 "Аскердик-транспорттук милдет жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С. Исаков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасында аскердик-транспорттук милдет жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Аскердик-транспорттук милдет жөнүндө ушул жобо мобилизациялоо жарыяланганда жана согуш убагында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө жана башка аскердик түзүлүштөрүнө (мындан ары - Куралдуу Күчтөр) берүүгө тийиш болгон транспорттук каражаттарды жана мүлктөрдү эсепке алуу, мурдатан даярдоого байланышкан иш-чараларды жүргүзүү тартибин аныктайт.
2. Аскердик-транспорттук милдет Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдыктын жана мобилизациянын курамдык бөлүгү болуп саналат жана мобилизациялоо жарыяланганда жана согуш убагында Куралдуу Күчтөрдү транспорттук каражаттар жана мүлктөр менен өз убагында жана толук камсыз кылуу үчүн белгиленет.
Аскердик-транспорттук милдеттин укуктук негизи болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы, "Аскердик абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын мобилизациялык даярдык жана мобилизациялоо жөнүндө" мыйзамдары, ошондой эле ушул Жобо эсептелет.
3. Ушул Жободо колдонулуучу негизги түшүнүктөр:
транспорттук каражаттар - автомобилдик, темир жол, суу, аба транспорттук каражаттары, ошондой эле тракторлор, жол-куруучу жана көтөрүүчү-транспорттук техникалар жана транспорттук каражаттардын ишин камсыздоочу башка механизмдер;
мүлктөр - ташылуучу резервуарлар, күйүүчү-майлоочу материалдарды жана атайын суюктуктарды сактоо үчүн идиштер, май куюучу жабдуулар, запастык бөлүктөрдүн жана керек-жарактардын комплекттери, өздүк курамды ташуу үчүн отургучтар, жарадарларды жана оорулууларды ташуу үчүн жабдуулар, кошумча жабдуулар, жүк ташуучу арабалардын ишин камсыздоочу жаныбарлар (аттар, эшектер ж.б.), ошондой эле мобилизациялоо мезгилинде жана согуш убагында Куралдуу Күчтөргө берүүгө пландалган транспорттук каражаттардын жана мүлктөрдүн, анын ичинде пристандардын, аэропорттордун, мунайбазалардын, күйүүчү майларды жыйып жөнөтүү базаларынын, май куюучу бекеттердин, оңдоочу уюмдардын базаларынын ишин камсыздоочу комплекстер;
мобилизациялык план - өлкөнүн экономикасын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчик формасына карабастан юридикалык жактардын иштерин согуш мезгилинин шартына которуунун жана ошондой эле Куралдуу Күчтөрдү согуш мезгилинин курамына которуу жана уюштуруу боюнча иш-чараларды өткөрүүнүн мазмунун, көлөмүн, тартибин жана мөөнөтүн аныктоочу мамлекеттик документ;
мобилизациялык керектөө - аскердик бөлүктөрдүн күнүмдүк пайдалануусунда турган анык транспорттук каражаттардын бардыгы жана аларды кайра бөлүштүрүүгө пландалган бөлүкчөлөрдүн ортосундагы кол тийбес камдык менен согуш мезгилинде штаттык-кызматтык керектелүүчү транспорт каражаттарынын ортосундагы айырма;
мобилизациялык тапшырма - мобилизациялоо мезгилинде жана согуш убагында мамлекеттин туруктуу иштөөсүн камсыздоо боюнча тапшырмаларды чечүүгө багытталган иш-чараларды аткарууга карата мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана менчик формасына карабастан юридикалык жактарга тапшырма;
мобилизациялык наряд - мобилизациялоо мезгилинде жана согуш убагында транспорттук каражаттарды жана мүлктөрдү Куралдуу Күчтөргө өткөрүп берүүгө мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчик формасына карабастан юридикалык жактарга жана жарандарга мобилизациялык тапшырманы белгилөөчү мобилизациялык документ;
мобилизациялык жазма буйрук - мобилизация жарыяланганда жана согуш убагында аскерге милдеттүүлөрдүн аныкталган мөөнөттө жана көрсөтүлгөн жерге келүүсүн талап кылган мобилизациялык документ.
4. Аскердик-транспорттук милдет жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчик формасына карабастан юридикалык жактарга жана транспорттук каражаттардын ээси болгон жарандарга (мындан ары - жарандар), ошондой эле портторго, пристандарга, аэропортторго, мунайбазаларына, күйүүчү майларды жыйып-жөнөтүү базаларына, автомобилге май куюу станцияларына, ремонттук ишканаларга жана транспорттук каражаттардын ишин камсыз кылуучу башка уюмдарга жайылтылат.
5. Аскердик-транспорттук милдет дипломатиялык өкүлчүлүктөргө жана чет мамлекеттердин консулдук мекемелерине, чет элдик жана эл аралык уюмдарга, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жайылтылбайт.
6. Куралдуу Күчтөрдүн курамына төмөнкүлөр өткөрүлбөйт:
1) медициналык тез жардамдын, кан куюу станцияларынын транспорттук каражаттары, атайын жабдуусу бар медициналык тез жардам транспорттук каражаттары;
2) почта транспорттук каражаттары;
3) инкассатордук транспорт каражаттары;
4) ветеринардык жардамдын транспорттук каражаттары;
5) троллейбус жана газ чарбасынын техникалык жардамдарынын транспорттук каражаттары;
6) завод ичиндеги транспорттук каражаттар;
7) электр тармактарын оңдоо жана тейлөө боюнча техникалык жардамдардын транспорттук каражаттары;
8) газ сымал отунда гана иштөөчү транспорттук каражаттардын бардык типтери жана маркалары.
7. Транспорттук каражаттардын жана мүлктөрдүн ээлери үчүн аскердик-транспорттук милдет аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары тарабынан анын ээлигиндеги транспорттук каражаттарды жана мүлктөрдү Куралдуу Күчтөргө өткөрүп берүү үчүн мобилизациялык наряд берилген учурдан башталат жана транспорттук каражатты аскердик бөлүккө анык өткөрүп берген учурдан баштап токтотулат.
8. Аскердик-транспорттук милдет төмөнкүлөрдө аткарылат:
1) тынчтык убакта - транспорттук каражаттарды жана мүлктөрдү эсепке алуу менен байланышкан иш-чараларды өткөрүү жолу менен жана аларды Куралдуу Күчтөргө берүү үчүн алдын ала даярдоо;
2) мобилизациялоо мезгилинде жана согуш убагында - Куралдуу Күчтөргө транспорттук каражаттарды, мүлктөрдү берүү жана алардын ишин мобилизациялык тапшырмаларга ылайык камсыздоо жолу менен.
9. Куралдуу Күчтөрдүн курамына транспорттук каражаттарды жана мүлктөрдү өткөрүп берүү боюнча мобилизациялык тапшырма транспорттук каражаттарды жеткирүүнүн толуктоо эсебинин негизинде коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары аркылуу алардын ээлерине жеткирилет.
10. Куралдуу Күчтөр тынчтык убагында мобилизациялык жайылтуу боюнча окууларды жана машыгууларды өткөрүүдө жана мобилизациялык тапшырмаларды аткаруу учурунда келишимдин негизинде транспорттук каражаттардын ээлеринин макулдугу боюнча транспорттук каражаттарды жана мүлктөрдү ала алышат.
2. Транспорттук каражаттарды жана мүлктөрдү каттоо
11. Транспорттук каражаттарды жана мүлктөрдү каттоонун милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- менчик формасына карабастан уюмдарда, мекемелерде жана ишканаларда транспорттук каражаттардын жана мүлктөрдүн болушун жана сапаттык абалы жөнүндө маалыматтарды өз убагында алуу;
- ведомстволук тиешелүүлүгүн жана техникаларды аймактык жайгаштырууну өздөштүрүү;
- техникаларды оңдоочу уюмдарды жана мобилизациялоо мезгилинде жана согуш убагында транспорттук каражаттардын тийиштүү типтерин жана маркаларын оңдоо жана техникалык тейлөө боюнча алардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүгүн аныктоо;
- мобилизация убагында жана согуш мезгилинде Куралдуу Күчтөрдүн курамына өткөрүлүп берилүүчү транспорттук каражаттардын тийиштүү запастык бөлүктөрүнүн комплекттерин, шанцтык шаймандар жана толтуруу инвентарлары, ошондой эле өздүк курамды ташып жеткирүү үчүн алынып коюлуучу отургучтар менен толук камсыздалгандыгын аныктоо;
- мобилизация убагында жана согуш мезгилинде Куралдуу Күчтөрдүн курамына өткөрүп берилүүчү транспорттук каражаттардын жана мүлктүн техникалык абалын жана даярдыгын пландык контролдоону камсыздоо.
12. Транспорттук каражаттарды жана мүлктөрдү каттоо төмөнкү маалыматтардын негизинде аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары тарабынан жүргүзүлөт:
- каттоо, кайра каттоо, каттоого тургузуу жана каттоодон алып салуу, кайра жабдуу, номердик белгилерди алмаштыруу жөнүндө транспорттук каражаттарды мамлекеттик каттоону ишке ашыруучу органдардан алынган маалыматтар;
- кодун көрсөтүү менен райондун (шаардын) аймагында жайгашкан уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын болушу жөнүндө министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын аталышы тууралуу мамлекеттик статистиканы жүргүзүүчү органдардан алынган маалыматтар;
- жүк ташуучу арабалардын ишин камсыздоочу жаныбарларды (аттарды, эшектерди ж.б.) каттоону жүргүзгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан алынуучу маалыматтар.
13. Каттоого алынуучу транспорттук каражаттардын түрлөрү:
1) жогорку өткөргүчтүү жеңил автомобилдер:
- "жолтандабас" классындагы 2500 см куб. жана андан жогорку жумушчу көлөмдөгү кыймылдаткычтуу маркалардын бардык түрлөрү жана типтери;
- "жеңил жүргүнчүлөрдү ташуучу" классындагы рулу сол жакта жайгашкан 7 жана андан көп жүргүнчү бата турган;
2) жүк көтөрүмдүүлүгү 1,5 тонна жана андан жогору жүк ташуучу (борттук) автомобилдер;
3) атайын автомобилдер:
- атайын жабдуу орнотулган;
- автосүйрөгүчтөр, чиркегичтер жана жарым-жартылай чиркегичтер, борттук жарым-жартылай чиркегичтүү ээрдүү сүйрөткүчтөр;
- автомобилдик кузовдор-фургондор;
- автоцистерналар, 1500 литр жана андан жогорку көлөмдөгү күйүүчү майларды толтургучтар;
4) 10 жана андан көбүрөөк жүргүнчүлөр батуучу автобустар жана микроавтобустар;
5) көп октуу оор дөңгөлөктүү сүйрөткүчтөр, транспортерлор-сүйрөткүчтөр;
6) дөңгөлөктүү жана каз тамандуу тракторлор, трактор чиркегичтери;
7) атайын деңгөлөктүү жана каз тамандуу шассилер;
8) техникалык тейлөөчү, оңдоочу жана эвакуациялоочу жүрүүчү каражаттар;
9) жол-куруучу техникалардын бардык типтери жана маркалары;
10) жүк көтөрүүчү-транспорттук техникалар (пневмодөңгөлөктүү шассидеги крандар, автожүктөгүчтөр, трактор жүктөгүчтөрү, электрожүктөгүчтөр, көчмө конвейерлер);
11) жумушчу көлөмү 500 куб. см жана андан ашкан мотоциклдер, квадроциклдер (жазган убакытка заводдон чыккан мезгили 10 жылдан ашпаган).
14. Аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары менчик формасына карабастан уюмдардагы, ишканалардагы, мекемелердеги техниканын болушун район (шаар) жана ведомстволук таандыгы боюнча бөлүү менен техниканын сапаттык абалы боюнча сандык жана иреттик каттоо жүргүзөт.
15. Иреттик каттоо Куралдуу Күчтөргө өткөрүп берүүгө дайындалган транспорттук каражаттарга гана техникалык абалы боюнча машиналардын жараксыз болуу мүмкүнчүлүгүнүн үстөгүн эске алуу менен жүргүзүлөт.
16. Сандык каттоого ушул Жобонун 13-пунктунда көрсөтүлгөн транспорттук каражаттар алынат.
Транспорттук каражаттарды жана мүлктөрдү сандык каттоо менчик формасына карабастан ар бир уюмга, мекемеге жана ишканага жалпы район (шаар) боюнча толугу менен жүргүзүлөт жана ушул уюмдардан, мекемелерден жана ишканалардан алынуучу маалыматтар боюнча аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары тарабынан такталат.
17. Райондо болгон Куралдуу Күчтөргө жеткирип берүүгө дайындалган мүлктөрдүн болушун жана пристандар, аэропорттор, нефтебазалар, күйүүчү майлардын которуп жөнөтүү базалары, май куюучу бекеттер, транспорт оңдоочу уюмдар, ишканалар, техникалык тейлөө бекеттери жана алардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн каттоо, аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарында жүргүзүлөт.
3. Транспорттук каражаттарды Куралдуу Күчтөргө жана башка аскердик түзүлүштөргө өткөрүп берүүгө даярдоо
18. Тынчтык убагында транспорттук каражаттар Куралдуу Күчтөрдүн тиешелүү аскер бөлүктөрүнө (түзүлүштөрүнө) кошумча жазылат.
19. Транспорттук каражаттардын ээлери болгон жарандарга жана алардын мүлктөрүнө транспорттук каражаттарды берүүгө мобилизациялык наряд тапшыруу аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары тарабынан жүргүзүлөт.
20. Куралдуу Күчтөргө берилүүчү транспорттук каражаттар жана мүлктөр техникалык жактан оң абалда жана мобилизациялоо боюнча тапшырмаларды аткарууга даяр болушу керек.
21. Өткөрүлүп берилүүчү транспорттук каражаттарга карата талаптарды коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт.
4. Куралдуу Күчтөргө өткөрүп берүүгө арналган транспорттук каражаттардын жана мүлктөрдүн мобилизациялык даярдыгын аныктоо жана изилдөө
22. Мобилизациялоо мезгилинде жана согуш убагында Куралдуу Күчтөргө берүүгө арналган транспорттук каражаттардын жана мүлктөрдүн техникалык абалын аныктоо максатында изилдөө өткөрүлөт.
23. Куралдуу Күчтөргө өткөрүп берилүүчү транспорттук каражаттардын жана мүлктөрдүн техникалык абалын изилдөө Куралдуу Күчтөрдүн аскердик бөлүктөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары тарабынан өткөрүлөт.
24. Куралдуу Күчтөргө өткөрүп берилүүчү транспорттук каражаттардын мобилизациялык даярдыгын изилдөө жана аныктоо мобилизациялык даярдоонун пландарына ылайык жүргүзүлөт.
25. Техникалардын мобилизациялык даярдыгы алардын техникалык оң абалда экендиги, даярдалган айдоочулардын бар болуусу, керектүү запастык бөлүктөр жана керек-жарактар менен толукталгандыгы боюнча аныкталат жана мобилизациялык пландын документтерин такай тактоо менен жетишилет.
5. Куралдуу Күчтөргө транспорттук каражаттарды жана мүлктөрдү өткөрүп берүү тартиби
26. Мобилизация жарыяланганда менчик формасына карабастан юридикалык жактарга жана жарандарга алардын ээлигиндеги транспорттук каражаттарды жана мүлктөрдү Куралдуу Күчтөргө өткөрүп берүү жөнүндө билдирүү коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен тартипте тиешелүү аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары тарабынан ишке ашырылат.
27. Мобилизациялоо мезгилинде жана согуш убагында транспорттук каражаттарды жана мүлктөрдү берүүчү менчик формасына карабастан юридикалык жактар жана жарандар белгиленген убакта мобилизациялык наряддар менен аныкталган пункттарга транспорттук каражаттарын жеткиришет.
28. Куралдуу Күчтөргө транспорттук каражаттар аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын мобилизациялык ресурстарды чогултуу жана жөнөтүү пункттары аркылуу жеткирилет.
29. Мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо максатында Куралдуу Күчтөргө өткөрүп берилүүчү транспорттук каражаттардын жана мүлктөрдүн наркы аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын чогултуу жана жөнөтүү пункттарында атайын түзүлгөн комиссиялар тарабынан бааланат.
Транспорттук каражаттарды жана мүлктөрдү баалоо боюнча комиссиянын курамы жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын чечимдери менен аныкталат.
30. Транспорттук каражатты жана мүлктү аскер бөлүгүнө өткөрүп берүүнү тастыктаган документ болуп мобилизациялык наряд жана транспорттук каражаттын техникалык абалы жөнүндө акт эсептелет.
Транспорттук каражаттарды кабыл алуу пунктунда аскер бөлүгүнүн командири дайындаган комиссия кабыл алынган техникага транспорттук каражаттардын техникалык абалы жөнүндө акт түзөт.
Транспорттук каражаттардын техникалык абалы жөнүндө актыда ээлери жөнүндө маалыматтар, техникалык абалы, баланстык наркы жана башка транспорттук каражаттарды идентификациялоого мүмкүнчүлүк берген маалыматтар көрсөтүлөт.
31. Транспорттук каражаттарды жеткирип берүү тартиби көрсөтүлгөн жеткирип берүүнүн мөөнөттөрүн, бөлүктөрдүн жайгашуусунун өзгөчөлүктөрүн жана аскерге милдеттүүлөрдү алардын дайындалган пункттарына жеткирүү үчүн берилүүчү техникаларды пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
6. Куралдуу Күчтөргө өткөрүлүп берилген транспорттук каражаттарды жана мүлктөрдү кайтарып берүү
32. Куралдуу Күчтөргө өткөрүлүп берилген транспорттук каражаттар жана мүлктөр аскердик кырдаал же согуштук абал жокко чыгарылганда жана мобилизациялык иш-чаралар аяктагандан кийин алардын ээлерине кайтарып берүүгө жатат.
33. Мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу кызыкчылыгында Куралдуу Күчтөргө өткөрүлүп берилген транспорттук каражаттар жана башка мүлк үчүн менчик формасына карабастан юридикалык жактарга жана жарандарга келтирилген зыяндын өлчөмү аскердик бөлүктөр кабыл алган күндөгү транспорттук каражаттар менен башка мүлктүн эскилигинин деңгээлин аныктоо менен колдонуудагы базар баасына ылайык аныкталат.
7. Мамлекеттик органдардын аскердик-транспорттук милдет жаатындагы ыйгарым укуктары
34. Мамлекеттик органдар:
1) ведомстволук уюмдар, мекемелер жана ишканалар тарабынан аскердик-транспорттук милдеттин аткарылышын камсыздашат;
2) аскердик-транспорттук милдеттин аткарылышын контролдошот жана өздөрүнүн карамагындагы уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын Куралдуу Күчтөргө транспорт каражаттарын өткөрүп берүү даярдыгына жоопкерчилик тартышат;
3) транспорт каражаттарынын болушу жана техникалык абалы жөнүндө маалыматтарды берет жана аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары менен аскердик-транспорттук милдеттеринин талаптарын сөзсүз түрдө аткаруусун камсыздоо боюнча такай байланышты кармашат.
35. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
1) райондун (шаардын) аймагында Куралдуу Күчтөрдүн муктаждыктары үчүн транспорттук каражаттардын жана мүлктөрдүн мобилизациялык даярдыгын камсыздашат;
2) шаардын (райондун) аймагында транспорттук каражаттардын жана мүлктөрдүн катталышын камсыздоо боюнча аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарына көмөк көрсөтүшөт;
3) шаардын (райондун) аймагында менчик формасына карабастан юридикалык жактардын жана жарандардын аскердик-транспорттук милдеттерин сөзсүз түрдө аткаруусун камсыздайт;
4) коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эсептерине жана наряддарына ылайык, аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары менен биргеликте резервди эске алып, Куралдуу Күчтөргө транспорттук каражаттарды алуунун эсептерин түзүшөт жана бекитишет;
5) Куралдуу Күчтөргө транспорттук каражаттарды жана мүлктөрдү өткөрүп берүүгө өздөрүнүн ведомстволук уюмдарынын даярдыгын контролдошот;
6) кеңешмелерде транспорттук каражаттардын жана мүлктөрдүн мобилизациялык даярдыгы жана райондо (шаарда) аскердик-транспорттук милдетти аткаруу маселелерин карашат;
7) аскердик-транспорттук милдетти уюштурууну жакшыртуу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, коргоо маселесин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга киргизишет;
8) тийиштүү аймактын чегинде юридикалык жактарга, жарандарга транспорттук каражаттарды жеткирүү жөнүндө өз убагында кабар берүүнү жана аларды дайындалган жыйын пункттарына же аскер бөлүктөрүнө белгиленген мөөнөттөрдө жеткирүүнү уюштурат жана камсыз кылат;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоо жаатындагы башка ыйгарым укуктарды ишке ашырышат.
36. Транспорттук каражаттарды мамлекеттик каттоону ишке ашыруучу органдар аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын суроо-талабынын негизинде, ушул Жобонун 15-пунктунда көрсөтүлгөн транспорттук каражаттардын катталышы, кайра катталышы, каттоого коюлушу жана каттоодон чыгарылышы, кайра жабдылышы, номердик белгилеринин алмаштырылышы жөнүндө маалыматтарды беришет.
37. Мамлекеттик статистиканы жүргүзүүчү органдар аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын суроо-талабынын негизинде министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, ведомстволордун аталышын жана кодун көрсөтүү менен райондун (шаардын) аймагында жайгашкан менчик формасына карабастан уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын бар болуусу жөнүндө маалыматтарды беришет.
38. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде мобилизациялык тапшырманын толук көлөмүндө Куралдуу Күчтөргө транспорттук каражаттарды жана мүлктөрдү өз убагында жеткирүүнү уюштурушат жана камсыздашат.
8. Аскердик-транспорттук милдеттин тартибинде транспорттук каражаттарды жана мүлктөрдү берүүчү уюмдардын жана жарандардын укуктары, милдеттери
39. Аскердик-транспорттук милдет тартибинде транспорттук каражаттарды берүүчү менчик формасына карабастан юридикалык жактар:
1) тиешелүү аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары жана аскер бөлүктөрүнүн өкүлдөрү менен биргеликте транспорттук каражаттарды жана мүлктөрдү алардын мобилизациялык арналышы үчүн тандоого катышууга укуктуу;
2) аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарына жана аскер бөлүктөрүнүн өкүлдөрүнө Куралдуу Күчтөргө берүүгө тийиш болгон транспорттук каражаттардын мобилизациялык даярдыгын аныктоого байланышка изилдөөнү жана маселелерди чечүү боюнча көмөк көрсөтөт;
3) аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын суроо-талабы боюнча транспорттук каражаттардын сандык жана сапаттык курамы жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле бул транспорттук каражаттар менен иштөөгө дайындалган айдоочулардын тизмесин берүүгө;
4) мобилизациялоо мезгилинде жана согуш убагында дайындалган чогултуу пункттарына же аскер бөлүктөрүнө белгиленген убакытта Куралдуу Күчтөргө бөлүнгөн транспорттук каражаттарды жеткирүүнү камсыз кылышат.
40. Аскердик-транспорттук милдеттин тартибинде транспорттук каражаттарды берүүчү жарандар согуш мезгилинде өлкөнү коргоо жана мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо максатында менчигинде болгон имараттарды, курулуштарды, транспорттук каражаттарды жана башка мүлктөрдү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте кийин чыгымын толтуруу менен берүүгө милдеттүү.
41. Менчик формасына карабастан юридикалык жактар жана жарандар - транспорттук каражаттардын ээлери, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте аскердик-транспорттук милдетти аткаруу менен байланышкан аскердик башкаруу органдарынын укуксуз чечимдерине жана аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууга укуктуу.
9. Аскердик-транспорттук милдетти аткарууну каржылоо
42. Мобилизациялоо мезгилинде аскердик-транспорттук милдетти аткаруу боюнча иш-чаралар мобилизациялоону өткөрүүгө бөлүнүүчү акча каражаттарынын эсебинен каржыланат.
43. Аскердик-транспорттук милдетти аткаруу боюнча иш-чаралар тынчтык мезгилинде тартылган министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана ведомстволордун тиешелүү жылга каралган каражаттарынын чегинде каржыланат.
44. Өлкөнү коргоо жана мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо максатында Куралдуу Күчтөргө өздөрүнүн менчигинде турган транспорттук каражаттарды жана башка мүлктөрдү берүүгө байланыштуу, юридикалык жактар жана жарандар тарткан чыгашалардын ордун мамлекет тарабынан толтуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жүзөгө ашырылат.
10. Контроль жана отчеттуулук
45. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчик формасына карабастан юридикалык жактар Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын жана коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүктөрүнүн суроо-талабы боюнча транспорттук каражаттардын бар болуусу жана техникалык абалы жөнүндө маалыматтарды беришет.
46. Куралдуу Күчтөргө берилүүчү транспорттук каражаттардын жана мүлктөрдүн даярдыгы мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, Куралдуу Күчтөрдүн кошуундарына, бөлүктөрүнө жана мекемелерине жүктөлөт жана аталган транспорттук каражаттардын жана мүлктөрдүн мобилизациялык даярдыгын текшерүүнүн жүрүшүндө жана аларды каттоону уюштурууда, ошондой эле мобилизациялык иш-чараларды өткөрүүнүн жүрүшүндө контролдонот.
11. Ушул Жобонун талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жана жарандардын жоопкерчиликтери
47. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчик формасына карабастан юридикалык жактардын кызмат адамдары аскердик-транспорттук милдет тартибинде Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык ушул Жобонун талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартышат.