Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-октябры № 705
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 6-ноябрындагы № 740 "Качкындардын ырастамасынын, качкындын статусу жөнүндөгү өтүнүч катты каттоо тууралуу күбөлүктүн бланкаларынын үлгүсүн бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунда:
Кыргыз Республикасындагы качкындын ырастамасынын бланкасынын үлгүсү ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
Өтүнүчтү каттоо жөнүндө күбөлүктүн бланкасынын үлгүсү ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
Качкындын ырастамасынын, Кыргыз Республикасында качкындын статусу жөнүндө өтүнүчтү каттоо тууралуу күбөлүктүн бланкаларынын баяндамасы ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык баяндалсын;
- 3-пунктундагы "Миграция жана иш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 4-апрелиндеги № 188 "Кыргыз Республикасындагы качкындар менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Качкындар менен иштөө жөнүндө жобо ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- Качкындар менен иштөө жөнүндө жобонун 1-тиркемеси ушул токтомдун 5-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- Качкындар менен иштөө жөнүндө жобонун 2-тиркемеси ушул токтомдун 6-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- Качкындар менен иштөө жөнүндө жобонун 3-тиркемеси ушул токтомдун 7-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- Качкындар менен иштөө жөнүндө жобонун 4-тиркемеси ушул токтомдун 8-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- Качкындар менен иштөө жөнүндө жобонун 5-тиркемеси ушул токтомдун 9-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- Качкындар менен иштөө жөнүндө жобонун 6-тиркемеси ушул токтомдун 10-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы алты айлык мөөнөттө ушул токтомду аткаруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С. Исаков |
1-тиркеме
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-октябрындагы № 705 токтому менен бекитилген |
Качкындын ырастамасынын бланкасынын үлгүсү Образец бланка удостоверения беженца
КАЧКЫНДЫН ЫРАСТАМАСЫ № ____ УДОСТОВЕРЕНИЕ БЕЖЕНЦА
| __________________________________________________________ (Фамилиясы/Фамилия) |
Сүрөт Фото | __________________________________________________________ (Аты/Имя) |
| __________________________________________________________ (Атасынын аты/Отчество) |
| _________________________________________________________ (Туулган жери жана күнү/Дата и место рождения). |
Жарандыгы/Гражданство ________________________________________________________
Ырасталат/Удостоверяется, что ___________________________________________________
______________________________________________________________________________
качкын деп таанылат жана Кыргыз Республикасы тарабынан корголот/признан(а) беженцем и находится под защитой Кыргызской Республики.
Ырастама/Удостоверение действительно: с _____________ дан/по ____________ чейин жарактуу.
Ырастаманы берилген күнү жана жери/Дата и место выдачи удостоверения _____________________________________________________________________________,
Ыйгарым укуктуу орган/Уполномоченный орган ____________________________________,
жетекчисинин ФАА/ФИО руководителя ___________________________________________,
колу/подпись ___________________, М.О./М.П.
2-бет/Стр.2
Ырастама узартылды/Удостоверение продлено: с ___________ дан/по __________ чейин.
Ыйгарым укуктуу орган/Уполномоченный орган _____________________________________,
жетекчисинин ФАА/ФИО руководителя ____________________________________________,
колу/подпись _____________________, М.О./М.П.
Ырастама узартылды/Удостоверение продлено: с ___________ дан/по __________ чейин.
Ыйгарым укуктуу орган/Уполномоченный орган _____________________________________,
Жетекчисинин ФАА/ФИО руководителя ____________________________________________,
колу/подпись ___________________, М.О./М.П.
Каттоо номери/Регистрационный номер ____________________________________________
Качкындын колу/Подпись беженца _________________________________________________
3-6-беттер/Стр.3-6
Ырастама узартылды/Удостоверение продлено: с ____________ дан/по __________ чейин.
Ыйгарым укуктуу орган/Уполномоченный орган ______________________________________,
жетекчисинин ФАА/ФИО руководителя _____________________________________________,
колу/подпись ___________________, М.О./М.П.
Ырастама узартылды/Удостоверение продлено: с ____________ дан/по __________ чейин.
Ыйгарым укуктуу орган/Уполномоченный орган ______________________________________,
Жетекчисинин ФАА/ФИО руководителя _____________________________________________,
колу/подпись __________________, М.О./М.П.
7-8-беттер/Стр.7-8
Качкындын үй-бүлө мүчөлөрү:/ Члены семьи беженца:
Фамилиясы/ Фамилия | Аты/Имя | Туугандык жайы/ Степень родства | Туулган жери жана күнү/ дата и место рождения |
|
|
|
|
9-бет/Стр.9
Өзгөчө белгилер/Особые отметки
______________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________".
2-тиркеме
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-октябрындагы № 705 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында качкын деп таануу жөнүндө Расмий өтүнүчтү каттоо жөнүндө күбөлүктүн үлгүсү
Образец бланка свидетельства о регистрации ходатайства о признании беженцем в Кыргызской Республике
Ыйгарым укуктуу орган аталышы/название уполномоченного органа
КҮБӨЛҮК СВИДЕТЕЛЬСТВО
2-бет/Стр.2
Ушул күбөлүк берилди: Настоящее свидетельство выдано:
Фамилиясы/Фамилия ___________________________________________________________
Аты/Имя ______________________________________________________________________
Атасынын аты/Отчество _________________________________________________________
Туулган жылы/Год рождения _____________________________________________________
Жарандыгы/Гражданство ________________________________________________________
Качкын деп таануу жөнүндө расмий өтүнүч ыйгарым укуктуу органда катталган./В том, что ходатайство о признании беженцем зарегистрировано уполномоченным органом _____________________________________________________________________________.
Каттоо/Регистрационный № _____ от "___" ______________ 200_ ж./г.
Күбөлүк/Свидетельство действительно: с ____________ дан/по __________ чейин жарактуу
_____________________________________________________________________________
(Күбөлүктүн берилген жери жана күнү/Дата и место выдачи свидетельства)
Жетекчисинин ФАА/ФИО руководителя ___________________________________________,
колу/подпись ___________________, М.О./М.П.
3-бет/Стр.3
ПВИБ каттоо/Регистрация УПВР
Сүрөт үчүн орун Место для фото |
Үй-бүлө мүчөлөрү/ Члены семьи:
Фамилиясы/ Фамилия | Аты/Имя | Туугандык жайы/ Степень родства | Туулган жери жана күнү/ дата и место рождения |
|
|
|
|
Ээсинин колу/Подпись владельца ______________________
4-бет/Стр.4
Күбөлүк/Свидетельство действительно: с ___________ дан/по __________ чейин жарактуу.
_____________________________________________________________________________
(Күбөлүктүн берилген жери жана күнү/Дата и место выдачи свидетельства).
Жетекчисинин ФАА/ФИО руководителя ____________________________________________,
колу/подпись _____________________, М.О./М.П.
ПВИБ каттоо/Регистрация УПВР
Күбөлүктүн ээсинин үй дареги/Домашний адрес владельца свидетельства
_____________________________________________________________________________".
3-тиркеме
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-октябрындагы № 705 токтому менен бекитилген |
Качкындын ырастамасынын, Кыргыз Республикасында качкындын статусу жөнүндө өтүнүчтү каттоо тууралуу күбөлүктүн бланкаларынын БАЯНДАМАСЫ
Качкындын ырастамасы
1. Кыргыз Республикасындагы качкындын ырастамасынын бланкы (мындан ары - ырастама) бардык реквизиттерин мамлекеттик жана расмий тилдерде көрсөтүү менен бирдей үлгү боюнча даярдалат.
2. Ырастаманын бланкасынын өлчөмү 84x126 мм жана бүткүл узуну боюнча жип менен тигилип, номерленген 14 барактан турат (мукабасыз).
3. Ырастаманын бланкасынын номери биринчи барактын төмөнкү сол бурчунда жайгашкан, 6 разряддан турган сандык белгилеништен турат.
4. Ырастаманын мукабасы көк түстөгү бышык материалдан даярдалат. Мукабанын сырткы бетинин жогорку жагына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү жайгашкан, ортосунда "ЫРАСТАМА" деген сөз баш тамгалар менен бир сапка жазылган.
Бул жазуулар жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү алтын түстө.
5. Ырастаманын биринчи бетинин жогорку жагында карайтылган шрифт менен басылган баш тамгалар менен бир сапка "КАЧКЫНДЫН ЫРАСТАМАСЫ № _________" деген сөз жазылат. Ылдыйраак, биринчи саптын сол жагында "Сүрөт" деген сөз жайгашкан, ал жерге ырастаманын ээсинин 3x4 см өлчөмүндөгү сүрөтү чапталат, анын үстүнө оң жактагы төмөнкү бурчуна гербдүү мөөр коюлат.
Ылдый жагына, биринчи саптын оң жагына ырастаманын төмөнкү реквизиттери өз-өзүнчө сапка жазылат: "Фамилиясы", "Аты", "Атасынын аты", "Туулган жери жана күнү".
Ушул сөздөрдүн ар биринин алдына ырастаманын ээсинин реквизиттерин толтуруу үчүн сап алдындагы сызыкча жайгашкан.
Биринчи барактын орто жерине, сол жагына өз-өзүнчө сапка төмөнкү сөздөр жайгашкан: "Жарандыгы", "____________" (сызыкча эки сапка), "качкын деп таанылды жана Кыргыз Республикасы тарабынан корголот" (бул сөздөр эки сапта жайгашкан). "Ырастама ________ дан _____________ чейин жарактуу", "Ырастаманын берилген күнү жана жери _____________", "Ыйгарым укуктуу орган _____________", "Жетекчинин Ф.А.А. ________________", "колу ________________."
Ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин колу коюла турган сызыкчанын алдында гербдүү мөөр коюлуучу "М.О." деген тамгалар менен белгиленген орун берилген.
6. 2-6-барактардын ар бир бетинин үстүңкү жана ортоңку бөлүгүндө эки жолудан "Ырастама узартылды, _________ дан _____________ чейин", "Ыйгарым укуктуу орган __________", "Жетекчинин Ф.А.А.", "колу", "М.О." деген сөздөр жазылган, андагы ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин коюлган колу гербдүү мөөр менен ырасталат.
Экинчи барактын төмөнкү бөлүгүндө да өз-өзүнчө сап менен, эки сапта "Каттоо номери ________________", "Качкындын колу _________________" деген сөздөр жайгашкан.
7. 7-8-беттерде 4 мамычадан жана 13 саптан турган таблица жайгашкан.
Ар бир мамычанын биринчи сабында: "Фамилиясы", "Аты", "Туугандык жайы", "Туулган жери жана күнү" деген сөздөр жайгашкан (3 сапта басылган).
7-8-беттердин бүктөлгөн жеринде, таблицанын үстүндө карайтылган шрифт менен бир сапка "Качкындын үй-бүлө мүчөлөрү" деген сөздөр жайгашкан.
9-14-беттердин үстүңкү бөлүгүндө бир сапка сызыкчанын үстүнө "Өзгөчө белгилер" деген сөздөр жайгашкан. Төмөн жагында ички иштер органдарынын ырастаманын ээсинин каттоодон өткөндүгү жөнүндө тиешелүү штамптары жана жазуулары үчүн бош жер калтырылат.
Качкын деп таануу жөнүндө өтүнүчтү каттоо тууралуу күбөлүк
1. Качкын деп таануу жөнүндө өтүнүчтү каттоо тууралуу күбөлүктүн (мындан ары - күбөлүк) бланкасы бардык реквизиттерин мамлекеттик жана расмий тилдерде көрсөтүү менен бирдей үлгү боюнча даярдалат.
2. Күбөлүктүн бланкасы 103x110 мм форматтагы, тыгыздыгы 150 болгон ак кагаздан даярдалат.
Бланк ортосунан тең бүктөлүп, күбөлүктүн тышкы жана ички бөлүктөрү төрт бетке жайгашкан.
Күбөлүктүн бланкасынын номери документтин сырткы бетине ыйгарым укуктуу органдын кызматкеринин колу менен жазылат.
3. Биринчи беттин үстүңкү бөлүгүнүн орто жеринде, үч сапта ыйгарым укуктуу органдын аталышы жайгашкан.
Төмөн жагына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү жана барактын орто жеринде "Күбөлүк" деген сөз жайгашкан.
4. Экинчи беттин үстүңкү бөлүгүнүн орто жерине бир сапка "Ушул күбөлүк берилди:" деген сөздөр жайгашкан.
Сол жакта, ылдыйраак өз-өзүнчө сапка: "Фамилиясы", "Аты", "Атасынын аты", "Туулган жылы", "Жарандыгы" деген реквизиттер көрсөтүлөт алардын тушуна маалыматтарды толтуруу үчүн орун калтырылат.
Андан төмөнүрөөк төрт сапка "Качкын деп таануу жөнүндө өтүнүч ыйгарым укуктуу органда катталган" деген сүйлөм жайгашкан.
Ал сөздөрдөн ылдый ортолотуп, өз-өзүнчө сапка карайтылган шрифт менен "Каттоо № _____________ 20___-ж. "___" ____________", "Күбөлүк ____________ дан ____________ чейин жарактуу", "Күбөлүктүн берилген жери жана күнү __________________________", "жетекчинин Ф.А.А._____________, "колу _________________" деген сөздөр жайгашкан. Сызыкчанын алдындагы "М.О." деп баш тамгалар менен жазылган жерге мөөр коюлат.
5. Үчүнчү беттин үстүңкү бөлүгүнүн орто жеринде карайтылган шрифт менен жазылган "ПВИБ каттоо" деген сөздөр жайгашкан, андан төмөн оң жакта документтин ээсинин катталганы жөнүндө ПВКБ штампы коюлуучу орун калтырылат.
Ылдыйраак, биринчи саптын оң жагында ээсинин 25-30 мм өлчөмүндөгү сүрөтүнө арналган алкак жайгашкан, алкактын ичине 3 сапта "Сүрөт үчүн орун" деген сөздөр жазылган.
Барактын ортосунда борбор тушка карайтылган шрифт менен "Үй-бүлө мүчөлөрү" деген сөздөр жазылып, анын астына 3 мамычадан жана 6 саптан турган таблица жайгашкан.
Ар бир мамычанын биринчи сабына: "Фамилиясы", "Аты", "Туугандык жайы" (эки сапта), "Туулган жери жана күнү" (үч сапта) деген сөздөр жазылган.
Барактан ылдыйкы бөлүгүндө карайтылган шрифт менен "Ээсинин колу ____________" деген сөздөр жайгашкан.
6. Төртүнчү беттин үстүңкү бөлүгүнүн орто жеринде карайтылган шрифт менен "Күбөлүк ___________________ дан ________________ чейин жарактуу", "Күбөлүктүн берилген жери жана күнү _____________________", "жетекчинин Ф.А.А. ____________________", "колу" деген сөздөр жайгашкан. Сызыкчанын алдына баш тамгалар менен жазылган "М.О." деген жерге мөөр коюлат.
Төмөнүрөөк ортолотуп карайтылган шрифт менен "ПВИБ каттоо" деген сөздөр жайгашкан, андан төмөн документ ээсинин каттоодон өткөндүгү жөнүндө ПВКБ штампын коюуга орун калтырылат.
Барактын ылдыйкы бөлүгүнө карайтылган шрифт менен "Күбөлүктүн ээсинин үй дареги ______________" деген сөздөр жайгашкан, анын тушуна маалыматтарды толтуруу үчүн орун калтырылат.".
4-тиркеме
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-октябрындагы № 705 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында качкындар менен иштөө жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында качкындар менен иштөө жөнүндө бул жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - "Качкындар жөнүндө" Мыйзам) жана эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине ылайык иштелип чыккан.
2. Кыргыз Республикасынын жараны болбогон, расасына, динине, улутуна, саясий көз карашына, кандайдыр бир социалдык топко тиешелүүлүк белгисине карата куугунтуктоолордун курмандагы болуу коркунучунун негиздүү себебинен, ошондой эле куралдуу жана улуттар аралык кагылышуулардын реалдуу коркунучуна кабылуунун жана ушундай коркунучтардын себебинен өз өлкөсүнүн коргоосунан пайдалана албагандыктан жана аны каалабагандыктан өзүнүн жарандык жактан таандык болгон өлкөсүнөн же өзүнүн туруктуу жашаган жеринен тышкары жүргөн, Кыргыз Республикасынан өзүн качкын деп таанууну расмий өтүнгөн адам качкын деп таанылат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-январындагы № 3 токтомунун редакциясына ылайык).
3. Качкын деп таануу жөнүндө өтүнүч берген адам - бул Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана "Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-статьясында каралган жагдайлар боюнча качкын деп таанууну каалагандыгы жөнүндө билдирген адам. ___
Кыргыз Республикасында качкындын статусун берүүнү суранган адамдын үй-бүлө мүчөлөрү, же качкындын үй-бүлө мүчөлөрү (мындан ары - үй-бүлө мүчөлөрү) - жубайы, алардын Кыргыз Республикасынын аймагында чогуу жашаган жашы жете элек балдары жана анын (жубайынын) багуусундагы башка туугандары.
4. Бул Жобо Кыргыз Республикасында качкын деп таануу жөнүндө өтүнүчтү (мындан ары - өтүнүч) берүүнүн, өтүнүчтү каттоонун, кароонун, качкын деп таануу жөнүндө чечимди кабыл алуунун жана качкын статусун жоготуунун тартибин аныктайт.
5. Кыргыз Республикасында адамды качкын деп таануу жана анын качкын статусун жокко чыгаруу жөнүндө чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укуктуу орган болуп, миграция саясатын жүзөгө ашырган жана качкындарга тиешелүү иштерди координациялаган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органы жана анын аймактык түзүмдөрү эсептелет.
Адамды качкын деп таануу жөнүндө чечим качкын статусун берүү жөнүндө расмий өтүнүч катталган күндөн тартып алты айдын ичинде кабыл алынат.
Эгерде адамды идентификациялоо же текшерүүнү талап кылуучу же фактыларды тактоо бүтө элек болсо, аларды тактаганга чейин акыркы чечимди кабыл алуу бир жылдан ашпаган мөөнөткө токтотулуп турат.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындардын иши боюнча жогорку комиссарынын башкармасы (БУУ КЖКБ), БУУнун КЖКБнын атынан чыгуучу, качкындар боюнча иштеген башка уюмдар менен кызматташышат жана качкындарга тиешелүү эл аралык актыларды колдонууда жана кабыл алууда милдеттерин аткаруу үчүн аларга көмөк көрсөтүшөт.
II. Кыргыз Республикасында качкын деп таануу жөнүндө өтүнүчтү берүү жана каттоо тартиби
6. Ушул токтомдун 5-тиркемесине ылайык форма боюнча Кыргыз Республикасында качкын деп таануу жөнүндө өтүнүч адам өзү келгенде же анын ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу ыйгарым укуктуу органга же анын аймактык түзүмүнө же Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүчү пункттарда иммиграциялык контролдоочу органдарга (мындан ары - иммиграциялык контролдоочу органдар) берилет:
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана анын аймактык түзүмдөрүнө өтүнүч Кыргыз Республикасынын аймагына келип жаткан адамдар тарабынан берилет;
- иммиграциялык контролдоочу органдарга өтүнүч Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүчү пункттарга кайрылган адамдар тарабынан берилет.
7. Өтүнүч арыз берүүчүнүн жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ким экенин билдирүүчү документтери болсо берилет. Эгерде өтүнүүчү өзүнүн ким экендигин ырастоочу документтери жок экендиги жөнүндө арыз берсе, анда ал түшүндүрмө берүүгө же документтери эмне үчүн жок экендигинин себебин түшүндүргөн документтерди көрсөтүүгө милдеттүү, жана ал жөнүндө маалыматтар анын айтып берүүсү боюнча жазылат.
Өтүнүчтү берүүчүнүн ким экендигин билдирүүчү документтеринин жоктугу расмий өтүнүчтү каттоодон баш тартуу үчүн себеп болбойт.
8. Келүүгө тийиштүү уруксаты, ким экендигин билдирүүчү документи жок же жасалма документ менен Кыргыз Республикасына келген адам өтүнүч берген учурда, өтүнүчтү кабыл алган иммиграциялык контролдоо органдары аны Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүчү пункттун убактылуу кармалуучу жайына төмөнкү максаттарда жайгаштырат:
- адамдын ким экендигин аныктоо жана идентификациялоо;
- качкын статусун берүү жөнүндө расмий өтүнүчтүн негизги себебин аныктоо;
- адамдын ким экендигин билдирүүчү документтерди жок кылган же жасалма документтерди пайдаланган учурларда териштирүүлөрдү жүргүзүү;
- улуттук коопсуздукту сактоо жана коомдук тартипти сактоо.
Ошол эле учурда иммиграциялык контроль органдары өтүнүч берген адамдын убактылуу кармалуучу жайда жайгаштырылганы жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же анын аймактык түзүмдөрүнө маалымдашат.
Убактылуу кармалуучу жайда болуу мөөнөтү 72 сааттан ашпоого тийиш.
9. Иммиграциялык контроль органына берилген өтүнүч документтердин көчүрмөсү менен бирге он иш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же анын жакын арадагы аймактык түзүмүнө жиберилет. Иммиграциялык контроль органынын кызмат адамдары арыз берүүчүлөргө өтүнүч жиберилген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын аймактык түзүмүнүн дарегин жана өтүнүч жөнөтүлгөн убакытты билдирүүгө милдеттүү.
10. Берилген өтүнүчтөрдү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же анын аймактык түзүмдөрү ушул токтомдун 6-тиркемесине ылайык форма боюнча Кыргыз Республикасында качкын статусун берүү жөнүндө өтүнүүчүлөрдүн эсебин алуучу журналга (мындан ары - эсеп журналы) каттайт.
Качкын статусун берүүнүн кийинки жол-жоболорун жүргүзүү үчүн арыз берүүчү адамдын паспортунун же ким экендигин билдирүүчү башка документтеринин көчүрмөлөрү жасалат. Башка түп нускасында көрсөтүлгөн документтер жана өтүнүчтүн негиздүүлүгүн далилдөөчү материалдар расмий өтүнүчкө тиркелет.
11. Өтүнүч менен кайрылган ар бир арыз берүүчүгө ыйгарым укуктуу орган тарабынан бир нускада, ал эми аймактык түзүмдөн эки нускада ушул токтомдун 7-тиркемесине ылайык форма боюнча Кыргыз Республикасында качкын деп таануу жөнүндө өтүнүч берген адамды эсепке алуунун каттоо карточкасы (мындан ары - эсепке алуу карточкасы) толтурулат. Эсепке алуу карточкасынын бир нускасы аймактык түзүм тарабынан ыйгарым укуктуу органга берилет.
12. Өтүнүчтү эсепке алуу журналына жана эсепке алуу карточкасына каттоодо тийиштүү белгилер коюлат, ал эми арыз берүүчүгө качкын деп таануу жөнүндө өтүнгөн адамдын ким экендигин ырастоочу өтүнүчтүн катталгандыгы жөнүндө күбөлүк (мындан ары - күбөлүк) жазып берилет, анын негизинде ал беш иш күндүн ичинде келген жериндеги Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында каттоого турууга тийиш. Күбөлүккө ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси же аймактык түзүмдүн начальниги кол коёт жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт.
13. Күбөлүк үч айлык мөөнөткө берилет, андан ары даттануу стадиясын кошкондо, акыркы чечим чыгарылганга чейин жарактуулук мөөнөтү узартылып турат.
14. Качкын деп таануу жөнүндө өтүнүч менен массалык түрдө адамдар өтө шашылыш келишсе, иммиграциялык контроль органдары ыйгарым укуктуу органга же аймактык түзүмгө токтоосуз түрдө билдиришет. Мындай билдирүүнү алгандан кийин ыйгарым укуктуу органдын же анын аймактык түзүмдүн кызматкерлери арыз берүүчүлөр келген жердеги иммиграциялык контроль органына барышат, ал жерден мындай адамдардын өтүнүчтөрүн катташат жана күбөлүк же качкындын белгиленген үлгүдөгү каттоо карточкасын беришет.
15. Ыйгарым укуктуу орган же анын аймактык түзүмдөрү өтүнүчтү каттагандан жана күбөлүктү бергенден кийин, арыз берүүчүнү анын өтүнүчүн кароонун жалпы тартиби, анын укуктары жана милдеттери менен тааныштырууга милдеттүү.
16. Денесинен майыптыгына, оорусуна же башка себептерге байланыштуу өтүнүчкө өзү кол коё албаган адам өтүнүч берген учурда, анын тапшырмасы боюнча анын жана өтүнүчтү кабыл алган кызмат адамынын катышуусу менен башка адам кол койсо болот. Кызмат адамы арыз берүүчүнүн ордуна анын катышуусунда башка адам кол койгондугу жөнүндө, эмне себептен өзү кол коё албагандыгынын себебин, ошондой эле өтүнүчкө кол койгон адамдын паспорттук маалыматтарын жана жашаган дарегин жазат.
17. Арыздануучу менен кошо келген он сегиз жашка толгон үй-бүлө мүчөлөрүнүн ар биринен өзүнчө өтүнүч берилет. Качкын деп таануу жөнүндө өтүнгөн он сегизге толо элек үй-бүлө мүчөлөрү жөнүндө маалыматтар ата-энесинин бирөөсүнүн өтүнүчүнө жазылат, ал эми ата-энеси жок болсо - алардын мыйзамдуу өкүлүнүн өтүнүчүнө же он сегиз жашка толгон жана алардын жүрүм-туруму, багуусу жана тарбияланышы үчүн өз эрки менен жоопкерчилик алган адамдын өтүнүчүнө жазылат. Бир үй-бүлөнүн мүчөлөрүнүн өтүнүчтөрү боюнча материалдар бир делого тиркелет.
18. Өтүнүчү катталган же качкын деп таанылган Кыргыз Республикасына өз алдынча келген күйөөсү (аялы), өтүнүч берген адамдын үй-бүлө мүчөсү болгон, никеге тура элек жашы жете элек балдары үй-бүлөсү менен кайта кошулуу максатында өтүнүч беришкенде үй-бүлөлүк байланышын далилдөөчү документтерди же башка далилдерди көрсөтүүгө тийиш. Өтүнүчтө өз өлкөсүн таштоосунун себеби катары "үй-бүлөнүн биригиши" деп көрсөтүлөт.
19. Он сегиз жашка толо элек, бирок никеге турган адамдар, өтүнүчтү жалпы негизде беришет.
20. Ден соолугуна байланыштуу же башка кандайдыр бир жөндүү себеп менен качкын статусун алууга өзү арыздана албаган адам үчүн өтүнүч менен анын ишенимдүү өкүлү кайрылса болот. Мындай учурда өтүнүчкө ал адамдын медициналык же башка актоочу документи жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн укуктарын далилдөөчү жана белгиленген тартипте нотариуста күбөлөндүрүлгөн ишеним каты тиркелет. Эсеп журналына арыз берүүчүнүн ысымынан кийин эскертүү түрүндө ыйгарым укуктуу өкүл жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт (аты, атасынын аты, жарандыгы, жашаган жери, телефону, анын атынан ким өкүл болот).
III. Качкын деп таануу жөнүндө өтүнүчтү кароо
21. Өтүнүчтү кароо жол-жобосу төмөнкүлөрдү караштырат:
- арыз берүүчү менен маек жүргүзүүнү;
- тапшырылган документтердин чындыгын жана алынган маалыматтардын тууралыгын текшерүүнү;
- өтүнүчтү кароонун жыйынтыгы боюнча корутунду даярдоону;
- качкын деп таануу жөнүндө чечим кабыл алууну.
22. Коштоочусу жок жалгыз жүргөн жашы жете элек адамдардын өтүнүчү алардын кызыкчылыгын камсыз кылууну эске алуу менен каралат.
Ыйгарым укуктуу орган жана анын аймактык түзүмдөрү БУУнун КЖКБсы менен бирдикте коштоочусу жок жалгыз жүргөн жашы жете элек адамдарды коргоодо көмөктөшөт жана аларды өз үй-бүлөсүнө кошуу максатында алардын ата-энесинин же башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн турган жерлерин тактоого жардам берет.
23. Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамдуу өкүлдөрүсүз (ата-энеси, багып алуучусу, камкорчусу, көзөмөлдүк кылуучусу) жана анын жүрүш-турушу, багылышы жана тарбияланышы үчүн ыктыярдуу жоопкерчиликти алган адамдарсыз өзү жалгыз келген он сегиз жашка толо элек адамды качкын деп таанууга себептер аныкталса ал арыз берүүчүнү камкордук жана көзөмөлдүк кылуучу органдарга өткөрүп берүү боюнча чаралар көрүлөт. Камкордук жана көзөмөлдүк кылуучу органдар жашы жете элек адамдардын ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык Кыргыз Республикасында болуусун камсыздашат, ошондой эле өтүнүчтүн каралышына тикеден-тике катышат жана арыз берүүчүнүн кызыкчылыгында чечим кабыл алынышына көмөктөшөт.
24. Аракетке жөндөмсүз деп белгиленген тартипте таанылган адамдардын ыйгарым укуктуу өкүлүнөн алынган өтүнүчтөр ал адамдын психикасынын бузулуусунун баяны жана даражасы жөнүндө маалыматта, психикалык абалына берилген бааны, анын өтүнүчүнө тиешелүү далилдерди түшүнүү жана туура кабыл алуу, маалыматтарды жана фактыларды айтып берүү жөндөмдүүлүгү жөнүндөгү маалыматтарды камтыган психиатриялык текшерүү жөнүндө медициналык корутундуну эске алуу менен каралат.
25. Адистештирилген дарылоочу-профилактикалык мекеменин корутундусу боюнча адамдын бир нерселерден коркуусу психиатриялык оорунун клиникалык көрүнүшү болгон арыз берүүчүнүн качкын деп таануу жөнүндө өтүнүчүн кароо үчүн башка маалымат булактары: туугандары, достору, тааныштары же эгер дайындалган болсо - мыйзамдуу өкүлү тартылат.
26. Эгерде адистештирилген дарылоочу-профилактикалык мекеме арыз берүүчүнү психиатриялык жактан текшергенде анын психикалык оорусу (психикасынын бузулушу) бар жана ал өзү жасаган ишине, жүрүш-турушуна жооп бере албайт деген корутунду чыгарылса, ошондой эле анын куугунтуктоонун курмандыгы болуу коркунучунун негиздүүлүгүн баалоо үчүн башка маалымат булактарын табууга мүмкүндүк болбосо ыйгарым укуктуу орган же анын аймактык түзүмдөрү бул адамдын өтүнүчүн кароону ал оорусунан айыкканга чейин токтото туруу жөнүндө жүйөсү баяндалган чечим кабыл алат. Эгерде мындай адам мыйзамдуу өкүлүнүн коштоосуз өзү жалгыз келсе, анын расмий өтүнүчүн кароо убактылуу токтотулганы жөнүндө маалымат жана аны психиатриялык текшерүүнүн медициналык корутундусунун көчүрмөсү ыйгарым укуктуу орган же анын аймактык түзүмдөрү тарабынан, Кыргыз Республикасынын аймагында бул адамдын укугун мындан ары коргоо максатында камкордук жана көзөмөлдүк кылуучу органдарга жөнөтүлөт.
27. Арыз берүүчү өтүнүчү каралып жаткан мезгилде анын өтүнүчү боюнча акыркы чечим чыгарылганга чейин Кыргыз Республикасынын аймаганда болууга укуктуу.
Эгерде арыз берүүчү чет мамлекетке туруктуу жашоо үчүн кетүүнү каалагандыгын билдирсе же өзү жараны болгон мамлекетке өз эрки менен кетмекчи болсо, ал өзүнүн өтүнүчүн андан ары кароону токтотуу жөнүндө арыз берүүсү зарыл.
Арыз берүүчү ыйгарым укуктуу органга же анын аймактык түзүмдөрүнө тийиштүү арыз менен кайрылып, убактылуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен сыртка алты айга чейин чыга алат.
Кыргыз Республикасынан сыртта убактылуу жашаган мезгил өтүнүчтү кароонун жалпы мөөнөтүнө кирбейт. Арыз берүүчү убактылуу чыгып кеткенден тартып Кыргыз Республикасына кайра келгенге чейин ыйгарым укуктуу орган же анын аймактык түзүмдөрү өтүнүчтү кароону токтотуп турат.
28. Болгон материалдарды жана документтерди анализдеп чыккандан кийин ыйгарым укуктуу органдын же анын аймактык түзүмдөрүнүн кызматкерлери арыз берүүчүнүн өтүнүчүн канааттандыруунун мүмкүн же мүмкүн эместиги жөнүндө анын себептерин көрсөтүү менен негиздүү корутунду даярдашат.
29. Ыйгарым укуктуу орган же анын аймактык түзүмдөрү өтүнүчтө көрсөтүлгөн материалдарды карап чыгып, арыз берүүчүнү качкын деп таануу же качкын деп таануудан баш тартуу жөнүндө чечимдин долбоорун даярдашат жана аны бул иштин материалдары менен бирге бекитүү үчүн ыйгарым укуктуу органдын жетекчисине же аймактык түзүмдүн начальнигине беришет.
30. Ыйгарым укуктуу орган же анын аймактык түзүмдөрү арыз берүүчүгө аны качкын деп таануу жөнүндө жазуу жүзүндө билдиришет.
31. Ыйгарым укуктуу орган же анын аймактык түзүмдөрү качкын деп таанылган адамга качкындын күбөлүгүн беришет, ошонун негизинде ал беш иш күндүн ичинде келген жериндеги Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында каттоого турууга тийиш. Ошону менен бирге эле качкын өтүнүчтү каттоо тууралуу күбөлүгүн анын өздүк делосуна тиркеп коюу үчүн өткөрөт.
32. Ыйгарым укуктуу орган же анын аймактык түзүмдөрү качкын деп таануудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып үч күндүк мөөнөттүн ичинде, ушул токтомдун 8-тиркемесине ылайык форма боюнча, баш тартуунун себебин жана кабыл алынган чечимдин үстүнөн даттануу тартибин көрсөтүү менен, тийиштүү чечимди жеке өзүнө кол койдуруп, арыз берүүчүгө тапшырууга тийиш.
IV. Кыргыз Республикасында качкын статусун алган адамдардын үй-бүлөсүндөгү балдарга билим берүү
33. Кыргыз Республикасынын аймагындагы качкындардын үй-бүлөсүндөгү балдар "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык билим алышат.
34. Мектептин аймагына таандык участокто жашап жатышкан качкындардын үй-бүлөсүндөгү мектеп жашындагы балдар алардын өздүк делосу бар же жоктугуна карабастан мектепке кабыл алынат.
35. Жалпы билим берүү мектептерде качкындардын үй-бүлөсүндөгү балдарга алардын социалдык жактан ыңгайлашуусу үчүн шарттар түзүлөт.
36. Качкындардын ичинен жетим балдар, көзөмөлсүз жана камкордуксуз калган балдар, ошондой эле өзгөчө муктаждыктары бар балдар белгиленген тартипте балдар үйлөрүнө жана тийиштүү интернат мектептерине орноштурулат.
V. Качкын деп таануу жөнүндө өтүнгөн адам менен маектешүү
37. Арыз берүүчү менен маектешүү качкын деп таануу жөнүндө арыздын негиздүү экендигин аныктоо, маалымат алуу максатында жүргүзүлөт.
38. Маектешүү өзүнчө бөлүнгөн бөлмөдө, тиешеси жок башка адамдарды кошпостон жүргүзүлөт. Эгерде арыз берүүчү мамлекеттик же расмий тилди билбесе же маектешүүчү адам арыз берүүчү түшүнгөн тилди билбесе, котормочу чакыруу жөнүндө маселе каралат.
39. Ыйгарым укуктуу орган же анын аймактык түзүмдөрү жиберген котормочуга ишеними болбосо, арыз берүүчү өз котормочусун алып келсе болот. Маектешип жаткан кызматкердин жана котормочунун катышуусунда арыз берүүчү ушул токтомдун 9-тиркемесине ылайык форма боюнча котормочуга ишеним көрсөтүү жөнүндө бланкты толтурат.
40. Маектешүүнүн жүрүшүндө алынган маалыматтарды ачыкка чыгарууга жана анын макулдугусуз арыз берүүчүнүн өлкөсүнүн бийликтерине же башка адамдарга берүүгө болбойт.
41. Арыз берүүчү толук жана туура маалымат берүүгө милдеттүү. Ал ошондой эле баш калка издөөгө негиз болгон себептерди толук айтып берүүгө тийиш. Жашаган жери, келген маршруту, башка өлкөлөрдө болгон жерлери жана убактысы жөнүндө маалыматтар милдеттүү деп эсептелет.
42. Ким экендигин билдирүүчү документтери жок арыз берүүчү менен маектешкенде арыз берүүчү анын ким экендигин далилдөөчү маалыматтарды берүүгө тийиш.
43. Маектешүү учурунда алынган маалыматтарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын аймактык түзүмүнүн кызматкери суроо баракчасына жазат.
44. Ыйгарым укуктуу органдын же анын аймактык түзүмүнүн кызматкери суроо баракчасын тариздегенден кийин анын мазмунун арыз берүүчүгө жеке өзү же котормочу, көзөмөлдүк жана камкордук кылуучу органдын өкүлү аркылуу тааныштырат. Эгер сүйлөшүү котормочу аркылуу болсо - котормочу, көзөмөлдүк жана камкордук кылуучу органдардын өкүлү катышса, таризделген суроо баракчасына арыз берүүчү жана ыйгарым укуктуу органдын же анын аймактык түзүмүнүн кызматкери маектешүү өткөрүлгөн күндү көрсөтүү менен кол коюшат.
45. Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамдуу өкүлдөрүсүз (ата-энеси, багып алуучусу, камкорчусу, көзөмөлдүк кылуучусу) жана анын жүрүш-турушу, багылышы жана тарбияланышы үчүн ыктыярдуу жоопкерчиликти алган адамдарсыз өзү жалгыз келген он сегиз жашка толо элек адам менен маектешүү жүргүзгөн учурда ыйгарым мамлекеттик орган же анын аймактык түзүмдөрү маектешүүгө катышуу үчүн көзөмөлдүк жана камкордук кылуучу органдын өкүлүн чакырышат.
46. Зарыл болсо арыз берүүчү менен кошумча маектешүү жүргүзүлөт. Маектешүү учурунда кошумча аңгемелешүүнүн протоколу толтурулат жана анын ар бир барагына арыз берүүчү, ыйгарым укуктуу органдын же анын аймактык түзүмүнүн кызматкери кол коюшат. Кошумча маектешүүнүн протоколу расмий өтүнүчтүн материалдарына тиркелет.
VI. Качкын статусун жоготуу
47. Кыргыз Республикасында качкын статусун жоготуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
48. Ыйгарым укуктуу орган же анын аймактык түзүмдөрү улуттук коопсуздук, ички иштер органдарынын сунушу боюнча, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жана Кыргыз Республикасында качкындын статусун жоготууга негиз болуучу шарттарды аныкташкан учурларда Кыргыз Республикасында анын качкын статусун жоюу жөнүндө чечим чыгарууга укуктуу.
Зарыл болсо сунушту жиберген органдан бул сунуштун негиздүүлүгүн далилдөөчү кошумча документтер же маалыматтар суралышы мүмкүн.
49. Ыйгарым укуктуу орган же анын аймактык түзүмдөрү берилген материалдарды карап чыккандан кийин, бирок качкын статусун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуудан бир айдан кем эмес мурда, Кыргыз Республикасында качкын статусун токтотушу мүмкүн болгон себептерди көрсөтүү менен качкынга ага байланыштуу түшкөн сунуш жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлашат. Бул кабарлоодо качкынга анын качкындык статусун жокко чыгаруу жөнүндө сунушту жиберген органдын мыйзамга ылайыксыз иштери жөнүндө ыйгарым укуктуу органга же анын аймактык түзүмдөрүнө жүйөөлүү себептерин көрсөтүү менен кат жүзүндөгү арыз берүүгө жана өзүнүн ою боюнча, качкын статусун жокко чыгаруу жөнүндө сунуштун материалдарын кароодо эске алынышы керек деп эсептеген документтерди көрсөтүүгө укуктуу экендиги көрсөтүлөт.
50. Ыйгарым укуктуу орган же анын аймактык түзүмдөрү качкын статусун жокко чыгаруу жөнүндө чечимдин долбоорун тийиштүү сунушту жана качкындын арызын эске алуу менен даярдашат жана аны ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине жана аймактык түзүмдүн башчысына кол коюуга беришет.
Сунушта адамдын Кыргыз Республикасындагы качкын статусун жокко чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мыйзамдык негиздер жок болсо, ыйгарым укуктуу орган жана анын аймактык түзүмдөрү улуттук коопсуздук, ички иштер органдарынын сунушун кабыл албаса болот жана бул органдарга анын себебин көрсөтүү менен билдирилет.
51. Ыйгарым укуктуу орган качкын статусу жокко чыгарылганы жөнүндө кабыл алынган чечим тууралуу чечимди кабыл алууга демилгечи болгон органга билдирет жана чечим кабыл алынган күндөн тартып үч күндүн ичинде качкын статусун жоготкон адамга кабыл алынган чечим жана качкын күбөлүгүн жараксыз деп таанылгандыгы жөнүндө ушул токтомдун 10-тиркемесине ылайык формадагы кабарлоону тапшырат же жиберет. Кабарлоодо качкын статусун жокко чыгаруу жөнүндө чечимди кабыл алуунун себептери жана анын үстүнөн даттануу тартиби көрсөтүлөт.
VII. Корутунду жоболор
52. Качкын деп таануудан баш тартуу жөнүндө, качкын статусун жокко чыгаруу жөнүндө чечимдердин үстүнөн сотто даттануу укугун пайдаланып жаткан адам Кыргыз Республикасынын аймагында апелляциялык соттун акыркы чечими чыкканга чейин болот.
53. Арызды кароого кабыл алуу жөнүндө соттун аныктамасынын негизинде ички иштер органдары ушул Жобонун 52-пунктунда көрсөтүлгөн адамын Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетүүсүн уюштурууну токтотуп турушат жана анын Кыргыз Республикасында болуу мөөнөтүн арызы сотто каралуучу мезгилге узартышат.".
5-тиркеме
"Ыйгарым укуктуу орган _______________________________________________________________
Кабыл алынды: ______________________________________________________________________
(күнү, Ф.А.А. жана кызматкердин колу)
ӨТҮНҮЧ
Мени Кыргыз Республикасынын аймагында качкын катары таанууңузду суранам.
Фамилиясы, аты, атасынын аты ________________________________________________________
Жарандыгы таандык мамлекет _________________________________________________________
Мурда жашаган өлкө (жарандыгы жок адамдар үчүн) _______________________________________
Туулган күнү жана жери _______________________________________________________________
Мени менен кошо (үй-бүлө мүчөлөрү жана туугандык жайы көрсөтүлөт):
1. __________________________________________________________________________________
2. __________________________________________________________________________________
3. __________________________________________________________________________________
4. __________________________________________________________________________________
5. __________________________________________________________________________________
6. __________________________________________________________________________________
7. __________________________________________________________________________________
8. __________________________________________________________________________________
9. __________________________________________________________________________________
10. _________________________________________________________________________________
11. _________________________________________________________________________________
12. _________________________________________________________________________________
"___" _________________ 20___-ж. Арыз берүүчүнүн колу _________________________________".
6-тиркеме
"Кыргыз Республикасында качкын деп таануу жөнүндө өтүнүч берген адамдардын ЭСЕП ЖУРНАЛЫ
№ | Ф.А.А. | Катталган күнү | Үй-бүлө мүчөлөрү | Жарандыгы, улуту | Паспорт № | Келүүчү өлкө | Эскертүү |
".
7-тиркеме
"Кыргыз Республикасында качкын деп таануу жөнүндө өтүнүч берген адамды эсепке алуунун КАТТОО КАРТОЧКАСЫ
Сүрөт |
|
| Делонун номери ___________ | Каттоо күнү _________________________ |
1. Ф.А.А. ____________________________________________________________________
2. Туулган күнү _______________________________________________________________
3. Туулган жери (өлкө, облус, шаар) _____________________________________________
4. Жарандыгы ________________________________________________________________
5. Улуту _____________________________________________________________________
6. Билими ___________________________________________________________________
7. Туулган өлкөдөн чыккан күнү _________________________________________________
8. Кыргыз Республикасына келгенге чейин болгон өлкө (дарегин көрсөтүү менен) ______
____________________________________________________________________________
9. Кыргыз Республикасына келген күнү ___________________________________________
10. Документтин тиби __________________________________________________________
11. Документтин сериясы, номери (ким тарабынан берилген) _________________________
12. Арыз берүүчүнү коштогон үй-бүлө мүчөлөрү жана туугандык жайы:
_____________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________
13. Кыргыз Республикасында жашаган туугандары (Ф.А.А.), дареги көрсөтүлөт: _________
_____________________________________________________________________________
14. Кыргыз Республикасында кепил болгон адамдын аты жана дареги _________________
_____________________________________________________________________________
15. Кыргыз Республикасындагы дареги ____________________________________________
16. Маектешкен күн: ___________________________________________________________
17. Арыз берүүчүнүн колу: ______________________________________________________
18. Кыргыз Республикасында Сизге качкын статусун берүү жөнүндө өтүнүүгө себеп
болгон негизги жагдайларды жана себептерди көрсөтүңүз:
_____________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________
19. Кызматтык белгилер (ыйгарым укуктуу органдын кызматкери толтурат):
20. Кызматкердин кызмат орду, аты, фамилиясы жана колу.".
8-тиркеме
"Ыйгарым укуктуу органдын аталышы, үч сапта
Ыйгарым укуктуу органдын бурчтуу мөөрү
Ф.А.А. __________________________________
Дареги _________________________________
Делонун № ______________________________
Ыйгарым укуктуу орган __________________________________________________________
Кыргыз Республикасына төмөнкүдөй үй-бүлө мүчөлөрү менен келген
____________________________________________ (мамлекеттин аталышы) жаранынын/же
жарандыгы жок адамдын __________________________________________ арыз берүүчүнүн
Ф.А.А. Кыргыз Республикасында качкын статусун берүү жөнүндө өтүнүч катын карап чыгып:
1. _________________________________________________________________________,
2. _________________________________________________________________________,
"Качкындар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык качкын статусун
берүүдөн баш тартты (эгерде аны качкын деп таануу жөнүндө өтүнүч берген адамда
1-беренеде каралган негиздер жок болсо, ал адам Кыргыз Республикасында качкын деп
таанылышы мүмкүн эмес).
Бул чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 айлык мөөнөттө арыз берүүчү тарабынан
сотко даттанылышы мүмкүн.
Ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин колу ____________________________________
Чечимдин көчүрмөсүн берген дата 20____-жылдын "___" __________________
Арыз берүүчүнүн колу ______________________________________________.".
9-тиркеме
"Ыйгарым укуктуу органдын аталышы, үч сапта
Ыйгарым укуктуу органдын бурчтуу мөөрү
20___-жылдын "___" ____________ № _________ дело боюнча
Кыргыз Республикасында качкын статусун берүү жөнүндө өтүнүч боюнча котормочуга ишеним 20___-жылдын "___" ____________ № _________
Мен, ___________________________________________________________________
дарегинде жашаган _______________________________________ (арыз берүүчүнүн
аты-жөнү) _____________________ (мамлекетинин) жараны же жарандыгы жок адам:
1. - өзүм сунуштаган;
- ыйгарым укуктуу орган сунуштаган ___________________________ (ыйгарым укуктуу
органдын аталышы) котормочуга толук ишенем (X белгисин коюңуз):
Котормочунун Ф.А.А. ______________________________________________________
Котормочунун жашаган дареги ______________________________________________
Котормочунун паспорттук маалыматтары _____________________________________;
2. Мен өзүм кол койгон Кыргыз Республикасында качкын статусун берүү жөнүндө өтүнүч
каттын жана 20___-жылдын "___" _________________ _____________________ ушул
документтин (Котормочуга ишеним) мазмуну мага белгилүү экендигин тастыктайм
(арыз берүүчүнүн колу жана дата).
3. Мен, котормочу _________________________________________________ (Ф.А.А.)
арыз берүүчү _______________________________________ (арыз берүүчүнүн аты-жөнү)
Котормочуга ишенимге 20___-жылдын "___" __________________ кол койгондугун
тастыктайм (котормочунун колу жана дата).
4. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкеринин Ф.А.А. _____________________________,
20___-жылдын "___" __________________ (кызматкердин колу жана дата).
Документ арыз берүүчү же котормочу тарабынан үч нускада толтурулат
(арыз берүүчүгө, котормочуга, ыйгарым укуктуу органга).".
10-тиркеме
"Ыйгарым укуктуу органдын аталышы, үч сапта
Ыйгарым укуктуу органдын бурчтуу мөөрү
Ф.А.А. __________________________________
Дареги _________________________________
Делонун № ______________________________
Ыйгарым укуктуу орган ___________________________________________________________
20___-жылдын "___" ________________ Кыргыз Республикасында качкын статусун
алган ____________________________________________ (мамлекеттин аталышы) жараны/же
жарандыгы жок адам ______________________________________________________________
арыз берүүчүнүн аты-жөнү
боюнча иштин жагдайын карап чыгып, төмөнкүдөй себептер боюнча "Качкындар жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде өзүнүн 20___-жылдын "___" ______________
чечими менен, аны качкын статусун жоготту деп эсептейт:
________________________________________________________________________________.
Бул чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 айлык мөөнөттө сотко даттанылышы мүмкүн.
Ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин колу _________________________________________
Чечимдин көчүрмөсү берилген дата 20___-жылдын "___" ________________
Качкындын колу ___________________.".