Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 111 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 12-апрели № 203

"И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту" жогорку авиациялык окуу жайынын уставын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго - кырк кадам" программасын ишке ашыруу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту" жогорку авиациялык окуу жайынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 9-мартындагы № 103 "Кыргыз авиациялык колледжин түзүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-июлундагы № 458 "Кыргызстан аба жолдору" Улуттук авиакомпаниясы" акционердик коомунун башкармалыгынын структурасын өзгөртүп кайра түзүү жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун 8-абзацы.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

С. Исаков