Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 1-марты № 119
Калктын психикалык саламаттыгын сактоо максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго кырк кадам" программасынын алкагында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын калкынын психикалык саламаттыгын сактоо боюнча 2018-2030-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын калкынын психикалык саламаттыгын сактоо боюнча 2018-2030-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруунун алгачкы беш жылдык этабы катары Кыргыз Республикасынын калкынын психикалык саламаттыгын сактоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруунун 2018-2022-жылдарга карата иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы), 2-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор:
- Иш-чаралар планын аткаруу боюнча чараларды көрсүн;
- ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берип турсун.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С. Исаков |
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын калкынын психикалык саламаттыгын сактоо боюнча 2018-2030-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруунун алгачкы беш жылдык этабы катары Кыргыз Республикасынын калкынын психикалык саламаттыгын сактоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруунун 2018-2022-жылдарга карата ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Чаралар/иш-аракеттер | Аткаруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжа (продукт) | Жооптуу аткаруучулар жана өнөктөштөр | Каржылоо булагы |
1-глава. Ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү жана калктын психикалык саламаттыгын сактоо жаатында макулдашылган мамлекеттик чараларды түзүү | ||||||
1 | Адам укуктарын сактоо принциптерин эске алуу менен калктын психикалык саламаттыгын сактоо жаатында мыйзамдарды бири-бирине шайкеш келтирүү | 1.1. Кыргыз Республикасынын калкынын психикалык саламаттыгын сактоо жаатындагы мыйзамдарын инвентаризациялоо, тандоо жана өркүндөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү | 2018-жылдын II кварталы | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо, талдоо жана өркүндөтүү боюнча жумушчу органдын болушу | ССМ, ЭСӨМ, БИМ, ЮМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, ИИМ, ЖАМК, ӨКМ, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ |
1.2. Калктын психикалык саламаттыгын сактоо маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарды инвентаризациялоо жана талдоо | 2018-жылдын III-IV кварталдары | Мыйзам долбооруна киргизүү үчүн эл аралык стандарттарга ылайык жарандардын укуктарын коргоону жакшыртуу боюнча сунуштар камтылган аналитикалык отчет даярдалды | ССМ, ЮМ, ЭСӨМ, БИМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, ИИМ, ЖАМК, ӨКМ, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча), жождор | РБ, тартылган каражаттар | ||
1.3. Психикалык саламаттыкты сактоо маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук базага талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | 2018-2019-жылдар | Психикасы бузулган адамдардын, анын ичинде пенитенциардык системасында турган адамдардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоону жакшыртуу; эл аралык стандарттарга ылайык медицина кызматкерлеринин укуктарын коргоо боюнча "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыкты | ССМ, ЭСӨМ, БИМ, ЮМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, ИИМ, ЖАМК, ӨКМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар | ||
2 | Психикалык саламаттыкты сактоо жаатындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрүн жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн эске алуу менен психикалык саламаттыкты сактоо жаатындагы макулдашылган мамлекеттик чараларды түзүү | 2.1. Психикалык саламаттыкты сактоо маселелерин иштелип жаткан мамлекеттик жана сектор аралык өнүктүрүү программаларына, Кыргыз Республикасынын, Өкмөтүнүн, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы координациялык органдардын (кеңеш, комитет) ишине интеграциялоо боюнча чараларды көрүү | 2018-2022-жылдар | Калктын негизги тобунун жана КЭУнун катышуусунда сектор аралык өнөктөштүктүн алкагында мамлекеттик жана сектор аралык өнүктүрүү программалары иштелип чыкты | ССМ, ЮМ, ЭСӨМ, БИМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, ИИМ, ЖАМК, ӨКМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча), жождор | РБ, тартылган каражаттар |
2.2. 2023-2027-жылдарга Программаны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планынын долбоорун иштеп чыгуу үчүн сектор аралык жумушчу топ түзүү | 2022-жылдын II кварталы | Сектор аралык жумушчу тобу тарабынан Пландын долбоору иштелип чыкты | ССМ, БИМ, ЭСӨМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, КЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар | ||
2.3. 2018-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын психикалык саламаттыгын сактоо боюнча коммерциялык эмес уюмдар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасына (мындан ары -Программа) мониторинг жүргүзүү жана аткарылышын баалоо боюнча колдонмо иштеп чыгуу | 2019-жылдын III кварталы | Колдонмо иштелип чыкты, тираждалды, кызыкдар уюмдарга берилди | ССМ, ЮМ, ЭСӨМ, БИМ, КАУБ, КР Акыйкатчынын (Омбудсмени) Аппараты, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | Тартылган каражаттар | ||
2.4. Психикалык саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө мониторинг жана баалоо жүргүзүүгө тартылган адистер үчүн тренингдерди өткөрүү | 2022-жылдын IV кварталы - 2023-жылдын I кварталы | 5 окутуу тренинги өткөрүлдү, 20 адам окутулду | ССМ, жождор, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | Тартылган каражаттар | ||
2.5. Программаны ишке ашыруунун жүрүшүнө жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктарын ССМ сайтына жарыялоо | Мониторингдин жыйынтыктары боюнча, жыл сайын | Программаны ишке ашыруунун жүрүшүнүн мониторингинин жыйынтыгы боюнча ССМнын сайтына жарыяланган материал | ССМ | РБ | ||
2-глава. Психикалык саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоо системасын жана материалдык-техникалык базаны оптималдаштыруу | ||||||
3 | Психикалык саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө каржылоо системасын талдоо жана оптималдаштыруу, жаңы мамилелерди иштеп чыгуу жана андан ары киргизүү | 3.1. Психикасы бузулган адамдарга стационардык психиатриялык жардам көрсөткөн саламаттык сактоо уюмдарынын жана социалдык мекемелеринин материалдык-техникалык базасын инвентаризациялоо аркылуу сектор аралык жумуштун жана колдогу ресурстардын алкагында психикалык саламаттыкты сактоо жаатындагы кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоого комплекстүү талдоо жүргүзүү | 2018-жылдын II-III кварталдары | Талдоо жүргүзүлдү жана отчет даярдалды | ССМ, ЭСӨМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, ФМ, ЭУ (макулдашуу боюнча) | Донордук каражаттар |
3.2. Жергиликтүү деңгээлде жарым стационардык шарттардагы социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоонун механизмдерин жана стандарттарын иштеп чыгуу | 2018-жылдын IV кварталы | Чыгашалар беренесинде жарым стационардык шарттарга социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоо индикаторлору аныкталды | ЭСӨМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, ФМ, ЖӨБО, (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар | ||
4 | Стационардык психиатриялык жардам көрсөткөн саламаттык сактоо уюмдарынын жана социалдык мекемелердин материалдык-техникалык базасын натыйжалуу пайдалануу механизмдерин түзүү | 4.1. Стационардык психиатриялык жардам көрсөткөн саламаттык сактоо уюмдарынын жана социалдык мекемелердин материалдык-техникалык базасын инвентаризациялоо; инвентаризациялоонун жыйынтыгында аталган мекемелердин ишин оптималдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | 2018-жылдын III-IV кварталдары | 6 саламаттык сактоо уюмуна жана 9 социалдык мекемесине инвентаризация жүргүзүлдү, алардын ишин оптималдаштыруу боюнча сунуштар даярдалды | ССМ, ЭСӨМ, ММКФ | Донордук каражат, РБ, ММКнын каражаттары |
5 | Психикалык саламаттыкты сактоо жаатында калктын муктаждыктарына жараша программалык бюджеттерге сарпталган чыгымдарга мониторинг жана божомолдоо жүргүзүү механизмдерин түзүү | 5.1. ССМ, ММКФ, ЭСӨМ, БИМдин программалык бюджеттерине психикалык саламаттыкты сактоо маселелери боюнча натыйжалуулук индикаторлоруна киргизүү механизмдерин иштеп чыгуу | 2019-жылдын I кварталы | Программаны ишке ашырууга тартылган министрликтердин жана ведомстволордун чыгымдары эсептелди | ССМ, ММКФ, БИМ, ЭСӨМ | РБ, ММКнын каражаттары |
3-глава. Психикалык саламаттыкты сактоо жаатындагы кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучулардын, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ролун жана потенциалын күчөтүү | ||||||
6 | Психикасы бузулган адамдардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоочу жана кызыкчылыктарын көрсөтүүчү уюмдардын потенциалын чыңдоо | 6.1. Психикасы бузулган адамдардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоочу жана кызыкчылыктарын көрсөтүүчү уюмдардын ишине колдоо көрсөтүү | 2018-2022-жылдар | 10 жолугушуу, 10 консультация жана 10 семинар (жыл сайын) өткөрүлдү | ССМ, ЭСӨМ, БИМ, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | Тартылган каражаттар |
7 | Психикалык саламаттыкты сактоо жаатындагы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу, ишке ашыруу, мониторинг жана баалоо жүргүзүү процессине психикалык саламаттыкты сактоо жаатындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрүн жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн активдүү катыштыруу жана алардын маанисин жогорулатуу | 7.1. Психикасы бузулган адамдардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоочу уюмдардын өкүлдөрүн стратегиялык пландоо, бюджет түзүү, мониторинг жана баалоо жүргүзүү, адам укуктары боюнча окутуу | Жыл сайын | Психикасы бузулган адамдардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоочу уюмдардын 50 өкүлү окутулду; 10 семинар өткөрүлдү | ССМ, ЭСӨМ, БИМ, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | Тартылган каражаттар |
7.2. Психикасы бузулган адамдардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн катышуусунда ССМнын мамлекеттик социалдык заказынын алкагындагы программалардын аткарылышына коомдук мониторинг жүргүзүү | 2022-жылдын III-IV кварталдары | Психикасы бузулган адамдардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн катышуусунда (10%дан кем эмес) программалардын аткарылышына коомдук мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары ССМнын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сайттарына жарыяланды | ССМ, ЭСӨМ БИМ, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар | ||
7.3. Психикалык саламаттыкты сактоо жаатындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрүн жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн мамлекеттик программаларды иштеп чыгууга, аткарууга, мониторинг жана баалоо жүргүзүүгө тартуу | 2018-2022-жылдар | Кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү (10%дан кем эмес) мамлекеттик программаларды иштеп чыгууга, аткарууга, мониторинг жана баалоо жүргүзүүгө тартылды | ССМ, КАУБ (макулдашуу боюнча), КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар | ||
7.4. Психикасы бузулган адамдардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоочу уюмдардын мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин ишине катышуусун камсыздоо | Дайыма | Психикасы бузулган адамдардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоочу уюмдар мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин ишине 10%дан кем эмес тартылды | КРӨА, ССМ, БИМ, ЭСӨМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, ЖМА, КЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар | ||
7.5. Психикалык саламаттыкты сактоо жаатындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрүн жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн психиатриялык стационарларда дарыланган бейтаптардын укуктарын коргоочу кызматтардын ишин жөнгө салуучу нускамалардын жана жоболордун долбоорлорун иштеп чыгууга тартуу (30%дан кем эмес) | Дайыма | Психиатриялык стационарларда дарыланган бейтаптардын укуктарын коргоочу кызматтардагы психикасы бузулган адамдар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмени) Аппараты менен тыгыз өз ара аракеттенет | КР Акыйкатчынын (Омбудсмени) Аппараты (макулдашуу боюнча), КЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ | ||
8 | Психикасы бузулган адамдардын туулгандыгын мамлекеттик каттоо, ким экендигин ырастоочу документтерди алуу, саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык камсыздандыруу, эмгек, иш менен камсыз кылуу, социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануусун кеңейтүү | 8.1. Психикасы бузулган адамдардын ким экендигин ырастоочу документтерге болгон муктаждыгын талдоо | Жыл сайын | Мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарда каттоодо турган адамдардын жалпы санынан психикасы бузулган адамдардын 80%дан кем эмесинин кызмат көрсөтүүлөргө муктаждыгына талдоо жүргүзүлдү | ЭСӨМ, ССМ, БИМ, Мамкаттоо, ЖӨБ жана этностор агенттиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар |
8.2. Психикасы бузулган адамдарды ким экендигин ырастоочу документтер менен камсыздоо | Жыл сайын | Психикасы бузулган адамдардын 80%дан кем эмеси ким экендигин ырастоочу документтер менен камсыздалды | ЭСӨМ, ССМ, БИМ, Мамкаттоо, ЖӨБ жана этностор агенттиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар | ||
8.3. Психикасы бузулган адамдардын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгү боюнча калк арасында маалыматтык түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | Жыл сайын | Маалыматтык-түшүндүрүү кампаниялары өткөрүлдү; калк маалымдалды | ЭСӨМ, Мамкаттоо, ССМ, ММКФ, БИМ, СФ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар | ||
4-глава. Жергиликтүү коомчулуктун деңгээлинде жарым стационардык шарттарда социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү | ||||||
9 | Кыргыз Республикасында психикалык саламаттыкты сактоо жаатында жарым стационардык шарттарда социалдык кызматтарды көрсөткөн уюмдардын маалыматтар базасын түзүү | 9.1. Кыргыз Республикасында психикалык саламаттыкты сактоо жаатында жарым стационардык шарттарда социалдык кызматтарды көрсөткөн уюмдар жөнүндө маалыматтар базасын системалаштыруу | 2018-жыл | Жарым стационардык шарттарда социалдык кызматтарды көрсөткөн уюмдар жөнүндө бирдиктүү маалыматтык база түзүлдү | ЭСӨМ, ССМ, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар |
9.2. Кыргыз Республикасында психикалык саламаттыкты сактоо жаатында жарым стационардык шарттарда социалдык кызматтарды көрсөткөн уюмдардын маалыматтар базасын актуалдаштыруу боюнча программалык камсыздоону иштеп чыгуу, киргизүү жана Социалдык жардам көрсөтүүнүн корпоративдик маалыматтык системасына интеграциялоо | 2020-жыл | Программалык камсыздоо иштелип чыкты жана киргизилди, Социалдык жардам көрсөтүүнүн корпоративдик маалыматтык системасы интеграцияланды | ЭСӨМ, ССМ, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар | ||
10 | Жергиликтүү деңгээлде психикалык саламаттыкты сактоо жаатында жарым стационардык шарттарда социалдык кызматтарды көрсөткөн уюмдардын ишин камсыз кылуу боюнча туруктуу механизмдерди түзүү | 10.1. Жергиликтүү деңгээлде психикалык саламаттыкты сактоо жаатында жарым стационардык шарттарда социалдык кызматтарды көрсөткөн уюмдардын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга талдоо жүргүзүү жана аларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо | 2019-2020-жылдар | Жарым стационардык шарттарда социалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча аналитикалык отчет жана сунуштар даярдалды | ЭСӨМ, ССМ, БИМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар |
10.2. Жергиликтүү деңгээлде жарым стационардык шарттарда социалдык кызмат көрсөтүүлөргө болгон коомчулуктун муктаждыгын баалоо механизмдерин, жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү жана жакшыртуу үчүн психикалык саламаттык сактоо жаатындагы ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | 2020-жыл | Жергиликтүү деңгээлде жарым стационардык шарттарда социалдык кызмат көрсөтүүлөргө болгон коомчулуктун муктаждыгын баалоо механизмдерин, жол-жоболорун өркүндөтүү боюнча "Кыргыз Республикасында калкты социалдык тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жана "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору иштелип чыкты | ЭСӨМ, ССМ, БИМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар | ||
10.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистери жана муниципалдык кызматкерлери үчүн психикалык саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү жарым стационардык шарттарда социалдык кызматтарды көрсөткөн уюмдардын ишин пландоо жана камсыздоо маселелери боюнча билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана киргизүү | 2019-2020-жылдар | 4 билим берүү программасы иштелип чыкты жана бекитилди | ЭСӨМ, БИМ, жождор, КРПМБА, ЖӨБО, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар | ||
10.4. Психикалык социалдык жардам көрсөтүү боюнча заманбап ыкмаларды ҮМБнын жана ҮДТнын адистерин окутуу | 2020-жылдан тартып жыл сайын | 2022-жылга карата үй-бүлөлүк дарыгерлердин жалпы санына салыштырмалуу ҮМБ жана ҮДТнын окутулган адистеринин үлүшү 50%дан кем болбойт | ССМ, ЭСӨМ, БИМ, жождор, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар | ||
10.5. Жергиликтүү деңгээлде психикалык саламаттыкты сактоо жаатында жарым стационардык шарттарда социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоого кошумча каражаттарды тартуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | Жыл сайын | Чыгымдардын натыйжалуулугу жогорулатылды, кошумча адам ресурстары тартылды (мамлекеттик социалдык заказ боюнча КЭУ) | ЭСӨМ, ССМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар | ||
10.6. Психикалык саламаттык сактоо жаатында жарым стационардык шарттарда социалдык кызматтарды көрсөткөн үй-бүлөлүк шарттарга ыңгайлаштырылган, анын ичинде жергиликтүү деңгээлде Психикасы бузулган адамдарды күнү-түнү кароону камсыздоо боюнча борборлорду ачуу | 2020-2022-жылдар | Жарым стационардык шарттарда социалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча 5 борбор түзүлдү | ЭСӨМ, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар | ||
5-глава. Биринчи медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде психикалык саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ар тараптуу жана интеграцияланган кызматтарды көрсөтүү | ||||||
11 | Психикалык саламаттык сактоо маселелери боюнча БМСЖнын баардык түзүмдүк бөлүмдөрүнө тынымсыз методикалык жардам көрсөтүү, координациялоо жана өз ара аракеттенүү аркылуу кеңири тараган психикалык бузулуулардын алдын алуу жана өз убагында аныктоо, анын ичинде психикалык саламаттык сактоо боюнча БМСЖнын маанисин күчөтүү | 11.1. БМСЖнын деңгээлинде ММКФ менен саламаттык сактоо уюмдарынын ортосундагы келишимдерди кошуп алуу үчүн психикалык саламаттыкты баалоо индикаторлорун иштеп чыгуу | 2018-жылдын IV кварталы - 2019-жылдын I кварталы | 6 индикатор иштелип чыкты | ММКФ, ССМ, жождор, КЭУ (макулдашуу боюнча) | ММКнын каражаттары, РБ |
11.2. БМСЖнын деңгээлинде кыйла кеңири тараган психикалык бузулууларды аныктоо максатында изилдөө жүргүзүү | 2019-жыл | Изилдөө жүргүзүлдү, жыйынтыктары калкка психикалык социалдык кызматтарды көрсөтүүнү пландаштырууда пайдаланылды | ССМ, ЭСӨМ, жождор, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | Тартылган каражаттар | ||
11.3. Кыйла кеңири тараган психикалык бузулууларды аныктоо боюнча БМСЖнын деңгээлинде медициналык кызматкерлердин ишине дем берүү механизмин иштеп чыгуу | 2019-жылдын I-II кварталдары | ММКнын фондунун натыйжасына багытталган каржылоо системасында психиатриялык кызмат көрсөтүүлөр чагылдырылган | ССМ, ММКФ, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, ММКнын каражаттары, тартылган каражаттар | ||
12 | Стационардагы психиатриялык жардамга альтернативдүү БМСЖга интеграцияланган комплекстүү медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү | 12.1. Стационардагы психиатриялык жардамга альтернативдүү БМСЖга интеграцияланган комплекстүү медициналык кызмат көрсөтүүлөр боюнча моделди пилоттук сыноо | 2018-жылдын III-IV кварталдары | БМСЖнын деңгээлинде 8 пилоттук долбоор түзүлдү | ССМ, ММКФ, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | Донордук каражаттар, тартылган каражаттар |
12.2. Республиканын аймагында аталган моделди киргизүү боюнча стационардагы психиатриялык жардамга альтернативдүү БМСЖга интеграцияланган комплекстүү медициналык кызмат көрсөтүүлөр боюнча жоболорду, нускамаларды, методикалык сунуштамаларды иштеп чыгуу жана бекитүү | 2019-жылдын I-II кварталдары | Методикалык документтердин болушу | ССМ, ММКФ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Донордук каражаттар | ||
12.3. ҮМБнын үй-бүлөлүк дарыгерлеринин жана БМСЖнын деңгээлиндеги тар чөйрөнүн адистеринин (психиатрлардын) функциялык милдеттерин талдоо жана кайра кароо | 2018-жылдын III-IV кварталдары | Калкка психикалык социалдык комплекстүү жардам көрсөтүүдө БМСЖнын адистеринин функциялык милдеттери жөнүндө жобо иштелип чыкты | ССМ, ММКФ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар | ||
13 | Калктын психотроптук дары-дармек каражаттарына жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу | 13.1. Жашоого маанилүү дары-дармек каражаттарынын тизмесине киргизилген Психикасы бузулган адамдар үчүн арналган дары-дармек каражаттарынын тизмесин, Жарандарга медициналык-санитардык жардамды камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдик программасын жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасын, ошондой эле жүргүзүлгөн талдоонун негизинде дары-дармек каражаттарын сатып алууга сарпталган чыгымдардын ордун толтуруу механизмдерин кайра кароо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | 2020-жыл | Мамлекеттик кепилдик программасынын алкагында жашоого маанилүү дары-дармектердин тизмеси жаңыртылды | ССМ, ММКФ, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, ММКнын каражаттары, тартылган каражаттар |
14 | БМСЖ менен социалдык коргоо органдарынын өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүү | 14.1. БМСЖнын деңгээлиндеги саламаттык сактоо уюмдары менен социалдык коргоо органдарынын ортосунда калктын психикалык саламаттыгын сактоо маселелери боюнча кызматташуу системасына талдоо жүргүзүү | 2019-жылдын I-II кварталдары | Сектор аралык өз ара аракеттенүү жөнүндө жобо иштелип чыкты | ССМ, ЭСӨМ, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар |
6-глава. Медициналык психиатриялык кызматтарды көрсөткөн саламаттык сактоо уюмдарынын жана социалдык стационардык мекемелердин ишин оптималдаштыруу | ||||||
15 | Психиатриялык кызматтарды көрсөткөн саламаттык сактоо уюмдарынын ишин оптималдаштыруу | 15.1. Психиатриялык кызматтарды көрсөткөн саламаттык сактоо уюмдарынын ишине кырдаалдык талдоо жүргүзүү | 2018-жылдын III-IV кварталдары | Отчет түзүлдү жана сунуштар берилди | ССМ, ЭСӨМ, ММКФ, КЭУ (макулдашуу боюнча), жождор, ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар |
15.2. Психикасы бузулган балдар жана өспүрүмдөр үчүн стационардык жардам көрсөтүүгө муктаждыгын баалоо боюнча изилдөө жүргүзүү | 2019-жыл | Балдардын жана өспүрүмдөрдүн жалпы санынан 80%ы БМСЖнын деңгээлинде профилактикалык кароолор менен камтылды | ССМ, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар | ||
15.3. Жүргүзүлгөн талдоонун жана муктаждыгын баалоо боюнча изилдөөнүн негизинде психиатриялык кызматтарды көрсөткөн саламаттык сактоо уюмдарынын ишин оптималдаштыруу планын иштеп чыгуу, бекитүү жана киргизүү | 2020-жылдын I-II кварталдары | Оптималдаштыруу планы бекитилди, саламаттык сактоо уюмдарынын ишинин натыйжалуулугу жогорулатылды | ССМ, ЭСӨМ, ММКФ, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар | ||
16 | Психикасы бузулган адамдарды кароо боюнча социалдык стационардык мекемелердин ишин оптималдаштыруу | 16.1. Социалдык стационардык мекемелердин ишин оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү | 2020-жылдын I кварталы | Түзүлгөн жумушчу топ тарабынан социалдык стационардык мекемелердин ишин оптималдаштыруу боюнча талдоо жүргүзүлдү жана сунуштар берилди | ЭСӨМ, ССМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ |
16.2. Психикасы бузулган адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелерге кырдаалдык талдоо жүргүзүү жана жарым стационардык шарттарда социалдык кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыгын баалоо | 2020-жылдын II-III кварталдары | Кырдаалдык талдоо жана муктаждыгын баалоо боюнча отчет | ЭСӨМ, ССМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар | ||
16.3. Муктаждыгына жүргүзүлгөн талдоо жана баалоонун негизинде социалдык стационардык мекемелердин ишин оптималдаштыруу боюнча планды иштеп чыгуу жана бекитүү | 2020-жылдын IV кварталы | Оптималдаштыруу планы иштелип чыкты, саламаттык сактоо уюмдарынын ишинин натыйжалуулугу жогорулатылды | ЭСӨМ, ССМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар | ||
16.4. Психикасы бузулган адамдарды үй-бүлөлүк шарттарга ыңгайлаштырылган күнү-түнү кароо боюнча социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү эки пилоттук райондо сыноо | 2021-жылдын III кварталдары | Психикасы бузулган адамдарды күнү-түнү кароо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү 2 пилоттук райондо сыноо өткөрүлдү, отчет жана практикалык сунуштар берилди | ЭСӨМ, ССМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар | ||
17 | Стационардык мекемелерде психикасы бузулган адамдардын соматикалык ооруларын дарылоо сапатын жогорулатуу | 17.1. Стационардык мекемелерде психикасы бузулган адамдардын соматикалык ооруларын дарылоо сапатын баалоо | 2020-жыл | Стационардык мекемелерде психикасы бузулган адамдардын 80%ы жалпы практикадагы дарыгерлердин жана тар чөйрөнүн адистеринин кызмат көрсөтүүлөрү менен камсыздалды | ССМ, ЭСӨМ, ММКФ, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар |
17.2. Стационардык мекемелерде психикасы бузулган адамдардын соматикалык ооруларын дарылоо сапатын жогорулатуу механизмдерин иштеп чыгуу, киргизүү жана өлүмгө дуушар болуу себептерин тынымсыз контролдоо | 2020-жылдын IV кварталы | Стационардык мекемелерде жалпы практикадагы дарыгерлердин жана тар чөйрөнүн адистеринин медициналык жардам көрсөтүү тартиби жөнүндө нускама иштелип чыкты | ССМ, ММКФ, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар | ||
7-глава. Психикалык саламаттык жана өзгөчө кырдаалдарда психикалык социалдык колдоо көрсөтүү | ||||||
18 | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдында психологиялык кызмат түзүү | 18.1. Өзгөчө кырдаалдардын шарттарында психологиялык жардам көрсөтүү боюнча ченемдик укуктук актыларына талдоо жүргүзүү жана иштеп чыгуу үчүн сектор аралык жумушчу топ түзүү | 2018-жылдын II кварталы | Сектор аралык жумушчу топ талдоо жүргүзүп, сунуштарды берди | ӨКМ, ССМ, ЭСӨМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар |
18.2. Тиешелүү кадрдык, материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоо менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдында Психологиялык жардам көрсөтүү боюнча борбор ачуу | 2019-жыл | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдында Психологиялык жардам көрсөтүү боюнча борбор түзүлдү | ӨКМ, ФМ, ССМ, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар | ||
18.3. Өзгөчө кырдаалдардын шарттарында психологиялык жардам көрсөтүү стандарттарына ылайык психологиялык жардам көрсөтүүнүн негиздерин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине окутуу | 2019-жылдан тартып жыл сайын | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 30 кызматкери окутулду | ӨКМ, ССМ, КЭУ (макулдашуу боюнча), БИМ, жождор, ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар | ||
19 | Өзгөчө кырдаалдардын шарттарында жабыр тарткандарга психологиялык жардам көрсөтүү маселелери боюнча жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын адистеринин потенциалын күчөтүүнүн туруктуу механизмдерин калыптандыруу | 19.1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун ишине өзгөчө кырдаалдардын шарттарында психикалык саламаттык сактоо маселелери боюнча окутуу программаларын, окутуу-методикалык колдонмолорду иштеп чыгуу жана киргизүү | 2019-жыл | Өзгөчө кырдаалдардын шарттарында психикалык саламаттык сактоо маселелери боюнча 2 билим берүү программасы, 2 окутуу-методикалык колдонмо, 1 колдонмо иштелип чыкты жана бекитилди | ССМ, ӨКМ, БИМ, жождор, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар |
19.2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун кызматкерлери үчүн окутуу семинарларын өткөрүү | 2019-жылдан тартып жыл сайын | 8 семинар өткөрүлдү, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 80 кызматкери окутулду | ССМ, ӨКМ, КЭУ (макулдашуу боюнча), БИМ, жождор, ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар | ||
20 | Өзгөчө кырдаалдардын шарттарында психикалык саламаттык сактоо маселелери боюнча саламаттык сактоо уюмдары менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматтарынын ортосунда өз ара аракеттенүү жана координациялоо боюнча натыйжалуу механизмдерди түзүү | 20.1. Өзгөчө кырдаалдардын шарттарында психикалык саламаттык сактоо маселелери боюнча саламаттык сактоо уюмдары менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматтарынын потенциалына жана мүмкүнчүлүктөрүнө талдоо жүргүзүү | 2018-жылдын III-IV кварталдары | Аналитикалык отчет даярдалды жана сунуштар берилди | ӨКМ, ССМ, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар |
20.2. Өзгөчө кырдаалдардын шарттарында психикалык саламаттык сактоо маселелери боюнча саламаттык сактоо уюмдары менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматтарынын ортосунда өз ара аракеттенүүнүн ведомстволор аралык планын иштеп чыгуу | 2019-жылдын IV кварталы | Ведомстволор аралык план иштелип чыкты жана талкуулоого берилди | ӨКМ, ССМ, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар | ||
20.3. Өзгөчө кырдаалдардын шарттарында психикалык сактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын адистерин тартуу механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү | 2020-жылдын I-II кварталдары | Өзгөчө кырдаалдардын шарттарында сектор аралык өз ара аракеттенүү жөнүндө жобо иштелип чыкты жана бекитилди | ӨКМ, ССМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар | ||
8-глава. Кадрдык ресурстарды өнүктүрүү | ||||||
21 | Психикалык саламаттык сактоо системасына кадрдык ресурстарды тартууну, аларды жүйөлөштүрүүнү жогорулатуу жана адистерге болгон муктаждыкты баалоону эске алуу | 21.1. Психикалык саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү адистерди даярдоо жана кайра даярдоо маселелери боюнча сунуштарды даярдоо жана талдоо жүргүзүү, муктаждыктарды изилдөө жана илимий негизделген ыкмаларды пайдаланууну эске алуу | 2018-2019-жылдар | Программалар жаңыртылган клиникалык колдонмолорго жана протоколдорго ылайык кайра каралып чыкты; аттестациялык маселелерге карата коюлуучу талаптар кайра каралды жана жогорулатылды | ССМ, ЭСӨМ, БИМ, ӨКМ, ИИМ, жождор, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ |
22 | Ортоңку медициналык персоналдын маанисин күчөтүү менен саламаттык сактоо уюмдарынын баардык деңгээлдеринде медициналык жардам көрсөтүү стандарттарын өркүндөтүү жана дипломго чейинки, дипломдон кийинки жана тынымсыз окутуу деңгээлдериндеги программаларга андан ары киргизүү | 22.1. Ортоңку жана жогорку кесиптик билим берүүнүн саламаттык сактоо уюмдарынын баардык деңгээлдери үчүн стандарттарды, клиникалык колдонмолорду, протоколдорду иштеп чыгуу жана киргизүү | 2018-2022-жылдар | Саламаттык сактоонун баардык деңгээлдериндеги уюмдар үчүн 20 клиникалык колдонмо жана протокол иштелип чыкты жана бекитилди | ССМ, БИМ, жождор, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар |
22.2. Саламаттык сактоо уюмдарынын баардык деңгээлдери үчүн жаңыртылган клиникалык колдонмолорду жана протоколдорду эске алуу менен адистердин функциялык милдеттерин талдоо жана кайра кароо | 2019-жылдын I-II кварталдары | Адистердин функциялык милдеттерин кайра кароо менен БМСЖнын деңгээлинде комплекстүү психикалык социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө жобо иштелип чыкты | ССМ, ММКФ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар | ||
22.3. Иштелип чыккан стандарттардын, клиникалык колдонмолордун жана протоколдордун негизинде уюмдардын баардык деңгээлдеги ортоңку медициналык персоналдар үчүн окутуу семинарларын өткөрүү | 2019-2022-жылдар | Орто медициналык персоналга кирген 20 адам жылына 4 окутуу семинарынан өттү | ССМ, ЭСӨМ, жождор, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар | ||
23 | Психикалык саламаттык сактоого тартылган башка секторлордун адистерине тынымсыз билим берүүчү уюмдардын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу жана интеграциялоо | 23.1. Билим берүү системасын, социалдык коргоонун, жазаларды аткаруунун, укук коргоо жана сот органдарынын адистери үчүн психикалык саламаттык сактоо маселелери боюнча билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана киргизүү | 2019-2022-жылдар | Билим берүү, социалдык коргоо, жазаларды аткаруу, укук коргоо системасынын жана сот органдарынын адистери үчүн 5 билим берүү программасы иштелип чыкты жана бекитилди | ССМ, ЭСӨМ, БИМ, ӨКМ, ИИМ, ЖАМК, жождор, КЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар |
23.2. Жардам көрсөтүүгө тартылган медициналык эмес профилдеги адистер үчүн психикасы бузулган адамдар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү менен өз ара аракеттенүү көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча окутуу семинарларын өткөрүү | 2019-2022-жылдар | Психикасы бузулган адамдар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү менен иштөө көндүмдөрүнө адистер окутулду | ЭСӨМ, ССМ, БИМ, ӨКМ, ИИМ, КРПМБА, ЖАМК, жождор, КЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар | ||
9-глава. Психикалык саламаттыктын медициналык-социалдык, соттук-медициналык экспертизаларын уюштурууну өркүндөтүү жана өткөрүү | ||||||
24 | Илимий негизделген ыкмалардын жана адам укуктарын сактоонун негизинде психикалык саламаттыктын медициналык-социалдык, соттук-медициналык экспертизалары боюнча маселелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү | 24.1. Илимий негизделген ыкмалардын жана адам укуктарын сактоонун негизинде психикалык саламаттыктын медициналык-социалдык, соттук-медициналык экспертизалары боюнча маселелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга талдоо жүргүзүү жана өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2018-жылдын II-III кварталдары | Аналитикалык отчет жана сунуштар талкуулоого киргизилди | ССМ, ЭСӨМ, ЖАМК, ИИМ, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар |
24.2. Соттук-психиатриялык экспертиза жана мажбурлап дарылоо боюнча кайтарууга алынган бөлүмдөрдүн ишин камсыздоо боюнча тиешелүү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу | 2019-жыл | Соттук-психиатриялык экспертиза жана мажбурлап дарылоо боюнча кайтарууга алынган бөлүмдөрдүн ишин камсыздоочу ченемдик укуктук актынын долбоору иштелип чыкты | ССМ, ЖАМК, ИИМ, КАУБ, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар | ||
25 | Соттук-психиатриялык жана медициналык-социалдык экспертизаларды уюштуруу жана өткөрүү системасын өркүндөтүү | 25.1. Адам укуктарын сактоонун негизинде психикалык саламаттык кызматтарынын түзүмдүк бөлүмдөрүн кайра уюштуруу аркылуу соттук-психиатриялык экспертиза жана мажбурлап дарылоо боюнча кайтарууга алынган бөлүмдөрдүн ишин камсыздоо боюнча чараларды көрүү | 2020-жыл | Соттук-психиатриялык экспертиза жана мажбурлап дарылоо боюнча кайтарууга алынган бөлүм кайра уюштурулду | ССМ, КРӨА, ЖАМК, ИИМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар |
26 | Соттук-психиатриялык жана медициналык-социалдык экспертиза маселелери боюнча эксперттерди кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу | 26.1. Колдонуудагы окутуу стандарттарына талдоо жүргүзүү жана анын негизинде психикалык саламаттыктын медициналык-социалдык, соттук-медициналык экспертизалары маселелери боюнча окутуу программаларын иштеп чыгуу жана бекитүү | 2019-жылдын II-III кварталдары | 2 окутуу программасы иштелип чыкты жана бекитилди | ССМ, ЭСӨМ, ЖАМК, ИИМ, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар |
26.2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 132 "Кыргыз Республикасында соттук-эксперттик иштин айрым маселелери жөнүндө" токтомуна ылайык соттук-эксперттердин компетенттүүлүгүн сертификациялоо маселелери боюнча ССМнын алдындагы эксперттик-квалификациялык комиссияларды түзүү жана ишин уюштуруу | 2018-жылдын IV кварталы | Эксперттик-квалификациялык комиссиялар түзүлдү | ССМ | РБ | ||
10-глава. Психикалык саламаттыкты сактоо жаатында кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик эмес сектор үчүн шарттарды түзүү. Аккредитациялоо жана лицензиялоо маселелери | ||||||
27 | Кызматтарды көрсөткөн жеке менчик уюмдарды аккредитациялоо жана лицензиялоо маселелерин жөнгө салуу жана ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү | 27.1. Психикалык саламаттыкты сактоо жаатында кызматтарды көрсөткөн жеке менчик уюмдарды аккредитациялоо жана лицензиялоо маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу | 2018-2019-жылдар | Тиешелүү сунуштар даярдалды | ССМ, ММКФ, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар |
11-глава. Психикалык саламаттыкты чыңдоо жана психикалык бузууларды алдын алуу | ||||||
28 | Сектор аралык натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн негизинде мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саламаттык сактоо, билим берүү уюмдарынын, социалдык кызматтардын ишиндеги психикалык саламаттык сактоону чыңдоо жана алдын алуу маселелерине артыкчылык берүү | 28.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-июнундагы № 352 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуна мамлекеттик органдардын жана психикалык саламаттык чөйрөсүндөгү уюмдардын ишин координациялоо маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2018-жылдын II-III кварталдары | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңеште психикалык саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын жана уюмдардын ишин координациялоо маселелери боюнча ыйгарым укуктардын болушу | ССМ | РБ |
28.2. Жергиликтүү деңгээлде саламаттык сактоо жана социалдык маселелер боюнча координациялык кеңештердин ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга психикалык саламаттыкты сактоо жана чыңдоо маселелерин киргизүү | 2018-жылдын ичинде | Психикалык саламаттык сактоо жана чыңдоо маселелери жергиликтүү деңгээлдеги координациялык кеңештердин жыйындарында каралууда | ССМ, ЭСӨМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ | ||
28.3. Ден соолукту чыңдоо боюнча адистердин жана айылдык ден соолук комитеттеринин иш планына психикалык саламаттыкты сактоо жана чыңдоо маселелерин киргизүү | 2020-жылдын ичинде | Психикалык саламаттыкты сактоо маселелери айылдык ден соолук комитеттеринин жана ден соолук чыңдоо кабинеттеринин 70 пайызынын иш планына киргизилди | ССМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), АДК (макулдашуу боюнча), КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар | ||
29 | Психикасы бузулган адамдарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн басмырлоодон жана стигмадан эркин болгон жагымдуу чөйрөнү түзүү | 29.1. Психикалык саламаттык сактоо жаатында кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрүн тартуу менен психикасы бузулган адамдардын басмырлануусун жана стигмасын азайтуу маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрмө материалдарын иштеп чыгуу, бекитүү жана андан ары тираждоо | 2018-2019-жылдар | Маалыматтык- түшүндүрмө материалдары боюнча 6 буклет, 2 плакат иштелип чыкты жана бекитилди | ССМ, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар |
29.2. Психикалык саламаттыкты сактоо жаатында стигманын таралышын аныктоо үчүн калк арасында социалдык сурамжылоо жана изилдөө жүргүзүү | 2018-жылдын III кварталы, 2021-жылдын III кварталы | Изилдөө жүргүзүлдү, 1000ден кем эмес респондент суралды | Жождор, БИМ, ЭСӨМ, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | Тартылган каражаттар | ||
30 | Психикалык саламаттыктын баалуулугун үгүттөө боюнча маалыматтык кампания өткөрүү | 30.1. Психикалык саламаттыктын баалуулугун, анын ичинде эркиндигинен ажыратылган жайларда психикалык саламаттык көйгөйлөрү боюнча маалыматтык үгүттөө кампаниясынын планын иштеп чыгуу жана киргизүү | Жыл сайын | Жылына 2 жолудан кем эмес маалыматтык кампания өткөрүлдү | ССМ, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар |
30.2. Психикалык саламаттыкты сактоо маселелери боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн окутуу тренингдерин өткөрүү | Жыл сайын | Жылына 1 жолудан кем эмес жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн окутуу тренингдери өткөрүлдү | ССМ, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар | ||
12-глава. Суициддердин алдын алуу | ||||||
31 | Суициддердин алдын алуу боюнча мамлекеттин иш-аракеттер планын түзүү | 31.1. Кыргыз Республикасындагы суициддерге кырдаалдык талдоо жүргүзүү | Жыл сайын | Аналитикалык отчет жана конкреттүү сунуштар даярдалды | ССМ, ЭСӨМ, БИМ, ИИМ, жождор, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар |
31.2. Суициддердин алдын алуу жана ага таасир этүү маселелери менен алектенген мекемелердин ишин изилдөө жана ченемдик укуктук актыларга талдоо жүргүзүү | 2019-жылдын III кварталы | Суициддердин алдын алуу боюнча ведомстволор аралык иш-аракеттер планы иштелип чыкты | ССМ, ЭСӨМ, БИМ, ИИМ, жождор, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар | ||
31.3. Суициддердин алдын алуу боюнча ведомстволор аралык иш-аракеттер планын (анын ичинде балдар, өспүрүмдөр жана жаштар арасындагы суициддер) иштеп чыгуу жана бекитүү | 2020-жылдын I кварталы | 1 клиникалык колдонмо, 2 окутуу программасы, 1 методикалык колдонмо иштелип чыкты | ССМ, БИМ, жождор, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар | ||
32 | Суициддик иш-аракеттерди эсепке алуу системасын өркүндөтүү | 32.1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде суициддерди эсепке алуунун бирдиктүү методологиясын иштеп чыгуу жана бекитүү | 2019-жылдын I кварталы | Суициддерди эсепке алуу жана каттоонун бирдиктүү маалыматтар базасы иштелип чыкты | ССМ, ЭСӨМ, БИМ, ИИМ, УСК (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар |
33 | Суициддердин көйгөйлөрү жана ага өбөлгө болгон факторлор боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатуу | 33.1. Региондук, жаш курактык, жыныстык, маданий, этностук, диний өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен суициддердин көйгөйлөрү жана аларга өбөлгө болгон факторлор боюнча калк арасында маалыматтык-түшүндүрмө кампанияларын өткөрүү | 2022-жыл | 2022-жылга чейин суициддердин көрсөткүчтөрүн 100 миң калкка карата 8 учурга чейин кыскартуу | ССМ, БИМ, ЭСӨМ, ИИМ, жождор, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар |
13-глава. Психикалык саламаттык жаатында маалыматтык системаны жана изилдөөлөрдү чыңдоо | ||||||
34 | Комплекстүү интеграцияланган маалыматтык система түзүү жана психикалык саламаттык сактоо кызматынын ишине заманбап маалыматтык технологияларды киргизүү | 34.1. Психикалык саламаттык сактоо кызматынын ишине заманбап маалыматтык технологияларды киргизүү менен комплекстүү интеграцияланган маалыматтык система түзүү | Жыл сайын | 300дөн кем эмес онлайн-консультация жана 10дон кем эмес телеконференция өткөрүлдү | ССМ, ММКФ, ЭСӨМ, БИМ, ӨКМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, СФ, ИИМ, ЖАМК, УСК (макулдашуу боюнча), КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар |
34.2. Психикасы бузулган адамдарды каттоо, эсепке алуу жана эсептен чыгаруу тартибин өркүндөтүү | 2022-жыл | Психикасы бузулган адамдарды каттоо, эсепке алуу жана эсептен чыгаруу боюнча бирдиктүү электрондук маалыматтар базасы түзүлдү | ССМ | РБ, тартылган каражаттар | ||
34.3. Республиканын баардык региондорунда психикалык бузулуулардын жайылышын изилдөө | 2019-2020-жылдар | Изилдөө жүргүзүлдү, аналитикалык отчет даярдалды | ССМ, жождор, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | Тартылган каражаттар | ||
34.4. Психикалык саламаттык сактоо маселелерин калктын ден соолугун жалпы улуттук текшерүү ишине, саламаттык сактоонун, билим берүүнүн, эмгек жана социалдык өнүктүрүүнүн, социалдык камсыздандыруунун, укук коргоо органдарынын маалыматтык системаларына киргизүү | 2020-2022-жылдар | Психикалык саламаттык сактоо маселелери калктын ден соолугун жалпы улуттук текшерүү ишине киргизилди | ССМ, ММКФ, ЭСӨМ, БИМ, ӨКМ, СФ, ИИМ, ЖАМК, УСК (макулдашуу боюнча), жождор, КЭУ (макулдашуу боюнча), ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ | ||
35 | Жаш адистерди тартуу менен психикалык саламаттыкты сактоо жаатында илимий иштерди жана изилдөөлөрдү пландоо саясатына артыкчылык берүү | 35.1. Эл аралык стандарттарга ылайык илимий изилдөөнүн этикалык ченемдерин жана принциптерин сактоо менен толук кандуу каржылоо камсыздалган шартта психикалык саламаттык сактоо жаатындагы артыкчылыктуу багыттар боюнча илимий изилдөө жүргүзүү | 2018-2020-жылдар | 1ден кем эмес илимий изилдөө | ССМ, БИМ, ЭСӨМ, ФМ, УИА, жождор, ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар |
35.2. Конкурстук негизде жаш окумуштуулар үчүн өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча илимий иштерди жана изилдөөлөрдү жыл сайын каржылоону кароо | 2018-2022-жылдар | 3төн кем эмес илимий эмгек жана изилдөө каржыланды | ССМ, БИМ, ЭСӨМ, ФМ, жождор, ЭУ (макулдашуу боюнча) | РБ, тартылган каражаттар | ||
Кыскартуулардын тизмеси:
АДК | - | Айылдык ден соолук комитеттери |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
БМСЖ | - | биринчи медициналык-санитардык жардам |
ЖАМК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы |
ЖМА | - | жергиликтүү мамлекеттик администрациялар |
жож | - | жогорку окуу жайлары |
ЖӨБ жана этностор агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
КАУБ | - | Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору |
КРӨА | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты |
КРПМБА | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы |
КЭУ | - | коммерциялык эмес уюмдар |
Мамкаттоо | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы |
ММКнын каражаттары | - | милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражаттары |
ММКФ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду |
МСЭК | - | Медициналык-социалдык эксперттик комиссия |
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
РБ | - | республикалык бюджет |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
СФ | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
УИА | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы |
УСК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
ҮДТ | - | үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу |
ҮМБ | - | Үй-бүлөлүк медицина борбору |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ЭСӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги |
ЭУ | - | эл аралык уюмдар |
ЮМ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |