Загрузка документа…
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-мартындагы № 119 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын калкынын психикалык саламаттыгын сактоо боюнча 2018-2030-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ПРОГРАММАСЫ
1. Киришүү
2001-жылдан 2010-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасында психикасы бузулган адамдарга жардам көрсөтүү системасын өзгөртүү, психикалык саламаттыкты сактоонун бирдиктүү кызматын түзүү, ошондой эле коомдун психикалык саламаттыкка жана психикалык оорулууларга мамилесин өзгөртүү боюнча ырааттуу мамлекеттик саясат жүргүзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 13-июлундагы № 344 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында калктын психикалык саламаттыгын сактоону өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" улуттук программанын негизги багыттары болуп төмөнкүлөр аныкталган:
- психиатриялык жана наркологиялык кызматтын уюмдарын бириктирүү жолу менен реструктуризациялоо, психикалык саламаттыктын бирдиктүү кызматын түзүү;
- республикалык психикалык саламаттык борборун түзүү;
- биринчи медициналык-санитардык жардам көрсөтүү дарыгерлерин, үй-бүлөлүк дарыгерлерди психикалык саламаттык кызматынын ишине тартуу;
- психикалык саламаттык боюнча адистерди даярдоо системасын өркүндөтүү;
- күндүзгү стационарлар тармагын кеңейтүү;
- райондук жана шаардык ооруканаларда кризистик стационарларды ачуу;
- психикалык оорулууларга жардам көрсөтүүнүн альтернативдик формаларын өнүктүрүү;
- психикалык оорулууларды укуктук коргоону жана социалдык колдоону күчөтүү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-майындагы № 309 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоонун 2012-2016-жылдарга карата "Ден соолук" улуттук программасына да психикалык саламаттыкты сактоо программасын иштеп чыгууну караштырган иш-чаралар киргизилген.
Ошентип Кыргыз Республикасынын калкынын психикалык саламаттыгын сактоо боюнча 2017-2030-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын (мындан ары - Программа) иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселеси азыркы учурда өтө актуалдуу болуп саналат.
Ушул Программа Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго кырк кадам" программасынын негизги артыкчылыктарына ылайык иштелип чыккан.
Калктын психикалык саламаттыгын сактоо маселелери Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөлөрү тарабынан Саммитте кабыл алынган 2030-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарында чагылдырылган, анда 17 максаттын бири сергек жашоо мүнөзүн камсыздоо жана кайсы курак болбосун бардыгы үчүн бакубаттыкка көмөк көрсөтүү болуп саналат.
Программа 2030-жылга чейин психикалык саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүүнүн максаттарын жана маселелерин аныктайт.
2. Программанын максаты, негизги принциптери, артыкчылыктуу багыттары жана ишке ашыруу этаптары
Ушул Программанын максаты психикалык саламаттыкты чыңдоо, психикалык жактан жабыркоону болтурбоо, жеткиликтүү медициналык жардамды камсыздоо жана жергиликтүү деңгээлде психикалык саламаттыкты сактоо боюнча ылдам, комплекстүү кызматтарды көрсөтүү системасын өнүктүрүү, адам укугун сактоо, психикасы бузулган адамдардын айыгып кетүүсүн тездетүү, өлүмгө учуроолорун, ооруга чалдыгуусун жана майып болушун төмөндөтүү болуп саналат.
Программанын негизги принциптери:
- баардыгын медициналык-санитардык, социалдык кызмат көрсөтүүлөр менен камсыздоо;
- адам укугун сактоо;
- далилдик маалыматтарга таянуучу практика;
- адамдын жашоо циклинин баардык этаптарында медициналык-социалдык керектөөлөргө карата мамиле;
- Кыргыз Республикасынын калкынын психикалык ден соолугун коргоо жаатындагы көп сектордук ыкма;
- теңсиздикти жана адилетсиздикти жоюу;
- психикасы бузулган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоо.
Программанын негизги артыкчылыктуу багыттары:
- психикалык саламаттыкты сактоо жаатында натыйжалуу лидерлик жана башкаруунун механизмдерин жакшыртуу;
- илимий негизделген ыкмаларды эске алуу менен, жергиликтүү деңгээлде сапаттуу, комплекстүү, интеграцияланган, өзгөрүүлөргө туура чара көрүүчү медициналык-санитардык жана социалдык жардамдарды көрсөтүү;
- психикалык саламаттыкты чыңдоо жана психикалык саламаттык жаатында алдын алуу;
- психикалык саламаттык жаатында маалыматтык системаны жана изилдөөлөрдү күчтөндүрүү.
Программанын сунушталган чаралары психикалык саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү проблемаларды чечүүгө карата комплекстүү, секторлор аралык интеграцияланган системалуу мамилеге багытталган.
Программа үч этапта ишке ашырылат:
Биринчи этапты ишке ашыруу мөөнөтү: 2018-2022-жылдар. Бул этапта Кыргыз Республикасынын калкынын психикалык саламаттыгын сактоо системасын андан ары өнүктүрүү үчүн шарттар жана негиз түзүлөт.
Экинчи этапты ишке ашыруу мөөнөтү: 2023-2027-жылдар. Биринчи этаптын жыйынтыктарынын негизинде Кыргыз Республикасынын калкынын психикалык саламаттыгын сактоо жаатында кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга жана аларды алууну жакшыртууга багытталган инновациялык моделдерди, механизмдерди, ыкмаларды ишке киргизүү пландалууда.
Үчүнчү этапты ишке ашыруу мөөнөтү: 2027-2030-жылдар. Үчүнчү этапта психикалык саламаттыкты сактоо жана Программанын узак мөөнөттүү натыйжаларына жетүү боюнча ыкчам, интеграцияланган жана комплекстүү кызматтарды көрсөтүү системасын түзүү боюнча алдыга коюлган милдеттерди аткаруу каралууда.
3. Психикалык саламаттыкты сактоо жаатында натыйжалуу лидерлик жана башкаруунун механизмдерин жакшыртуу
3.1. Психикалык саламаттыкты сактоо маселелерин чечүү үчүн ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү
Учурдагы кырдаалды талдоо.
Кыргыз Республикасынын жарандарынын саламаттыгын сактоо, абийирин жана ар намысын коргоо, басмырлабоо, жарандардын саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык жардам кызматтарына болгон кепилденген укуктары Кыргыз Республикасынын Конституциясында айтылган.
Психикалык саламаттыкты сактоо маселелери билим берүү, саламаттык сактоо, эмгек жана иш менен камсыздоо, социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү көптөгөн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, укук коргоо жана сот органдарынын иштерине тиешелүү.
1999-жылы Кыргыз Республикасында "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алган. Ошондой эле психикалык саламаттыкты сактоо жаатында кызматтарды көрсөтүүнү жөнгө салуучу бир катар ченемдик укуктук актылар кабыл алынган, алар Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси, "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө", "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө", "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө", "Билим берүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдары.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 44 Жарлыгы менен бекитилген Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында саламаттык сактоо, социалдык коргоо жана билим берүү стратегиялык артыкчылыктар болуп аныкталган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоону өнүктүрүүнүн 2015-2017-жылдарга карата программасында мамлекеттин күчү реформалоого, турмуштук кыйын кырдаалдагы үй-бүлөлөрдү жана балдарды өз убагында аныктоого жана социалдык коштоого, медициналык-социалдык эксперттик комиссияны реформалоого, социалдык төлөмдөрдү берүүгө, социалдык кызматтарды көрсөтүүгө багытталган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылы 23-мартындагы № 201 токтому менен бекитилген 2012-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясында атайын жана көмөкчү мектептерде инклюзивдик билим берүү жана кызматтарды көрсөтүү маселелери көтөрүлгөн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылы 18-декабрындагы № 678 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга карата программасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүүнүн негизги багыттары жана келечектери каралган. Муну менен бирге Кыргыз Республикасынын калкынын психикалык ден соолугун коргоо маселелери билим берүү, социалдык өнүктүрүү, эмгек жана иш менен камсыздоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаларда жетишсиз чагылдырылган. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын деңгээлинде психикалык саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү башкаруу түзүмү фрагментардык мүнөзгө ээ, саламаттык сактоо, социалдык коргоо жана билим берүү органдарында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде психикалык саламаттыкты сактоо жаатындагы кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучулардын муктаждыктарын координацияланган башкарууга жана жалпысынан көрө билүүгө эмес, ведомстволук каржылоого жана отчеттуулукка көбүрөөк негизделген психикалык саламаттыкты сактоонун параллель системалары бар. Психикалык саламаттыкты сактоо жаатындагы кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучулардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн аныкталган артыкчылыктарына жана керектөөлөрүнө эмес, каржылоо мүмкүнчүлүктөрүнө негизделген коммерциялык эмес уюмдар менен психикалык саламаттык кызматынын өз ара аракеттенүүсү чектелген. Психологиялык кызматтын статусу аныкталган эмес, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы психиатриялык кызматтын башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык коргоо, балдарды коргоо, жергиликтүү деңгээлде психикалык социалдык кызматтарды көрсөтүү уюмдары менен өз ара аракеттенүү механизми начар регламенттелген. Психикалык бузулуулардын жайылышын илимий изилдөө, кызмат көрсөтүүлөргө канааттануунун, натыйжалуу жардам көрсөтүүнүн деңгээлин баалоо, ошондой эле программанын ишке ашырылышына мониторинг жана баалоо жүргүзүлбөйт.
Психикалык саламаттыкты сактоо жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча милдеттер:
- психикалык саламаттыкты сактоо жаатындагы мыйзамдарды шайкеш келтирүү жана аларды адам укугун сактоонун жана басмырлоону болтурбоо принциптерин, психикалык саламаттыкты сактоо жаатындагы кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучулардын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн керектөөлөрүн, колдонуудагы ченемдик укуктук актыларды ишке ашыруудагы проблемаларды эске алуу менен кайра карап чыгуу;
- психикалык саламаттыкты сактоо жаатындагы кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучулардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн керектөөлөрүн эске алуу менен секторлор аралык мамиленин негизинде психикалык саламаттыкты сактоо жаатындагы макулдашылган мамлекеттик саясатты түзүү.
Жогоруда айтылган милдеттерди ишке ашыруу боюнча чаралар төмөнкүдөй аспекттерди камтыйт:
1. Психикалык саламаттыкты сактоо маселесин жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны инвентаризациялоону жана баалоону аны кийин адам укугун сактоону эске алып шайкеш келтирүү менен жүргүзүү.
2. Психикалык саламаттыкты сактоо маселесин жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны талдоонун жыйынтыктары боюнча адам укугун сактоо, басмырлоону болтурбоо принциптерин, психикалык саламаттыкты сактоо жаатындагы кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучулардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн керектөөлөрүн эске алуу менен аны өркүндөтүү максатында "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү.
3. Психикалык саламаттыкты сактоо маселесин иштелип чыгуучу улуттук, мамлекеттик, секторлук өнүктүрүү программаларына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы координациялык органдардын (кеңештердин, комитеттердин), мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине киргизүү боюнча чараларды көрүү.
4. Социалдык коргоо, саламаттык сактоо, билим берүү органдарынын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын психикасы бузулган адамдарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө сапаттуу, комплекстүү, интеграцияланган кызматтарды көрсөтүү боюнча өз ара аракеттенүү механизмдерин күчтөндүрүү.
3.2. Психикалык саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоо системасын жана материалдык-техникалык базаны оптималдаштыруу
Учурдагы кырдаалды талдоо.
2016-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги мамлекеттик бюджеттин каражатынан психикалык саламаттыкты сактоо боюнча кызматтарды көрсөтүүчү үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарын алардын инфратүзүмүнө жараша каржылаган.
Бюджет баалардын жогорулашына оңдоо киргизүү менен өткөн жылдын бюджетинин негизинде пландалган жана сметанын ар бир беренесинин долбоору түрүндө ишке ашырылган. Психиатриялык кызматты каржылоого чыгымдар жыл сайын көбөйтүлгөнүнө карабастан алардын саламаттык сактоого чыгымдардын жалпы бюджетиндеги үлүшү тескерисинче багытта болуп, 2007-2014-жылдар мезгилинде иш жүзүндө эки эсе азайган (2,8%дан 1,4%га чейин).
Саламаттык сактоо секторун каржылоо системасын өркүндөтүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-мартындагы № 209 "Адистештирилген жардам берген саламаттык сактоо уюмдарын Бирдиктүү төлөөчү системасындагы каржылоого которуу жөнүндө" токтому кабыл алынган.
2016-жылдан тартып психикалык саламаттык кызматын Бирдиктүү төлөөчү системасына интеграциялоо психикалык саламаттыкты сактоо кызматын реформалоонун башталгыч этаптарынын бири болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-мартындагы № 104-б буйругуна ылайык, калкты социалдык коргоо чараларын өркүндөтүү максатында саламаттык сактоонун психиатриялык уюмдарын кошкондо адистештирилген медициналык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоонун 11 мамлекеттик уюмунда базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу пилоттук сыноодон өткөрүлгөн.
2006-жылдан тартып психикасы бузулган пациенттерди финансылык коргоону жогорулатуунун алкагында бир катар психотроптук каражаттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 28 токтому менен бекитилген Мамлекеттик кепилдиктер программасы жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы боюнча амбулатордук деңгээлде калкты жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо жөнүндө жобого ылайык Жашоо үчүн маанилүү дары-дармек каражаттарынын тизмесине киргизилген. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган пациенттер Амбулатордук деңгээлде дары-дармек менен камсыз кылууга карата милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы боюнча жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо программасын пайдалана алышат. Бирок аталган программанын алкагында дары каражаттарын сатып алууга бөлүнүүчү ресурстардын чектелиши (орточо алганда акыркы 5 жылда 12%) психиатриялык кызматтын пациенттери үчүн дары каражаттарынын жеткиликтүүлүгүнө кечеңдетүүчү таасир көрсөтөт.
Финансылык ресурстарды жана материалдык-техникалык базаны пайдалануу жана пландоо чөйрөсүндөгү милдеттер:
- психикалык саламаттыкты сактоо жаатындагы каржылоонун колдонуудагы принциптерин андан ары жаңы ыкмаларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү менен кайра кароо;
- стационардык психиатриялык жардам көрсөтүүчү жана психикасы бузулган адамдарды багуучу саламаттык сактоо уюмдарынын жана социалдык мекемелердин материалдык-техникалык базасын натыйжалуу пайдалануу механизмдерин түзүү;
- саламаттык сактоодо жана ушул маселеге тиешеси бар башка секторлордо психикалык саламаттыкты сактоо жаатындагы кызмат көрсөтүүлөргө чыгымдардын мониторинг механизмдерин түзүү.
Жогоруда аталган милдеттерди ишке ашыруу боюнча чаралар:
1. Секторлор аралык контекстте психикалык саламаттыкты сактоо жаатындагы кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоо жана стационардык психиатриялык жардам көрсөтүүчү жана психикасы бузулган адамдарды багуучу саламаттык сактоо уюмдарынын жана социалдык мекемелердин материалдык-техникалык базасын инвентаризациялоо жолу менен болгон ресурстар боюнча учурдагы кырдаалга комплекстүү талдоо жүргүзүү.
2. Жергиликтүү деңгээлде жарым стационардык шарттарда социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү туруктуу каржылоо механизмдерин жана стандарттарын иштеп чыгуу.
3. Стационардык психиатриялык жардам көрсөтүүчү жана психикасы бузулган адамдарды багуучу саламаттык сактоо уюмдарынын жана социалдык мекемелердин материалдык-техникалык базасын оптималдаштыруудан каражаттарды реинвестициялоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
4. Психикалык саламаттыкты сактоо маселелери боюнча натыйжалуулук индикаторлорун Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана башка кызыкдар министрликтердин жана ведомстволордун программалык бюджеттерине киргизүү механизмдерин иштеп чыгуу.
3.3. Психикалык саламаттыкты сактоо жаатындагы кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучулардын, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ролун жана потенциалын күчөтүү
Учурдагы кырдаалды талдоо.
Психикалык саламаттыкты сактоо жаатында психикасы бузулган адамдарды, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн стигмалоо жана басмырлоо, алардын кызыкчылыктарын жана укуктарын көрсөтүүчү жана коргоочу коммерциялык эмес уюмдардын аздыгына, ченемдик укуктук документтерди, мамлекеттик программаларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын программаларын иштеп чыгууда, ишке ашырууда, мониторинг жүргүзүүдө жана баалоодо ушул уюмдардын көп тартылбагандыгы менен байланышкан бир катар проблемалар бар. Ким экендигин ырастоочу документтерин жоготуп алууда же жок болгондо психикасы бузулган адамдардын маалымат алышынын жана укуктук сабаттуулугунун төмөн деңгээлде болушу алардын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жетишин кыйындатат, бул болсо алардын абалын ого бетер татаалдатат.
Психикалык саламаттыкты сактоо жаатындагы кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучулардын, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ролун жана потенциалын күчөтүү боюнча милдеттер:
- психикасы бузулган адамдардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын жана укуктарын көрсөтүүчү жана коргоочу коммерциялык эмес уюмдардын потенциалын бекемдөө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, мамлекеттик программаларды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын программаларын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин, ошондой эле алар көрсөтүүчү кызматтарды иштеп чыгуу, ишке ашыруу, мониторинг жүргүзүү жана баалоо процессинде психикасы бузулган адамдардын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ролун жана катышуусун күчөтүү;
- психикасы бузулган адамдардын жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо, саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык камсыздандыруу, эмгек, жумушка орноштуруу, социалдык өнүктүрүү кызматтарына жана ким экендигин ырастоочу документтерин тариздөөгө жетүүсүн кеңейтүү.
Жогоруда аталган милдеттерди ишке ашыруу боюнча чаралар:
1. Стратегиялык пландоо, бюджеттөө, мониторинг жүргүзүү жана баалоо, адам укуктары, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү маселелери, мамлекеттик жана муниципалдык социалдык заказдын жол-жоболору боюнча республикалык жана региондук деңгээлде психикасы бузулган адамдардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын жана укуктарын коргогон жана көрсөткөн коммерциялык эмес уюмдардын иштерин колдоо.
2. Психикалык саламаттыкты сактоо жаатындагы кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучуларды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн мамлекеттик программаларды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун программаларын, ошондой эле алардын өкүлчүлүктөрүн квоталоо аркылуу алар көрсөтүүчү кызматтарды иштеп чыгууга, ишке ашырууга, мониторинг жүргүзүүгө жана баалоого катышууга тартуу.
3. Психикалык саламаттыкты сактоо жаатындагы кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучуларды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн психиатриялык стационарлардагы пациенттердин укуктарын коргоо кызматында 30%дан кем эмес деңгээлде пациенттердин укуктарын коргоо кызматынын ишин жөнгө салуучу документтерди иштеп чыгууга тартуу.
4. Пенитенциардык система мекемелериндеги психикасы бузулган адамдардын укуктарын коргоо механизмдерин караган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу.
5. Психикасы бузулган адамдарды ким экендигин ырастоочу документтер менен камсыздоо.
6. Психикасы бузулган адамдардын туулгандыгын мамлекеттик каттоо, саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык камсыздандыруу, эмгек, жумушка орноштуруу, социалдык өнүктүрүү жана ким экендигин ырастоочу документтерин ырастоо кызмат көрсөтүүлөрүнө жетүү маселелери боюнча маалыматтык түшүндүрүү компанияларын жүргүзүү.
4. Жергиликтүү деңгээлде комплекстүү, интеграцияланган, медициналык-санитардык жана социалдык жардам көрсөтүү
4.1. Жергиликтүү деңгээлде жарым стационардык шарттарда социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү
Учурдагы кырдаалды талдоо.
Жергиликтүү деңгээлде калкка кызмат көрсөткөн борборлордун иштери ар түрдүү жана кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкүдөй кеңири спектрин камтыйт: күндүз жана убактылуу болуп дарылануу борборлору, кризистик борборлор, реабилитациялык борборлор, социалдык жардам борборлору, өз ара жардамдашуу топтору, үй-бүлөлүк типтеги үйлөр. Мурда эл аралык уюмдардын колдоосунда жарым стационардык шарттарда социалдык кызматтарды көрсөткөн коммерциялык эмес уюмдар донордук колдоо аяктаганда жана мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан колдоо көрсөтүү жок болгон шарттарда өз иштерин токтотушкан. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ушул борборлорду жана мекемелерди бир жылдын ичинде каржылоо каралган. 2015-жылы мамлекеттик социалдык заказдын 36 социалдык долбоорун каржылоо суммасы 22431,4 миң сомду түзгөн.
Жергиликтүү жамааттардын керектөөлөрүн эске албастан эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдардын долбоорлорунун алкагында кызматтардын айрым түрлөрү көрсөтүлгөн учурлар жана практикасы бар.
2017-жылы "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган, анын алкагында 1 жылдан 5 жылга чейинки мезгилге республикалык бюджеттин каражатынан жогоруда аталган борборлордун иштерин каржылоо каралган.
Жергиликтүү деңгээлде жарым стационардык шарттарда социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү чөйрөсүндөгү милдеттер:
- Кыргыз Республикасынын бардык райондорунда жергиликтүү деңгээлде жарым стационардык шарттарда социалдык кызматтарды көрсөткөн уюмдардын маалымат базасын түзүү;
- жергиликтүү деңгээлде психикалык саламаттыкты сактоо жаатындагы жарым стационардык шарттарда социалдык кызматтарды көрсөтүүчү уюмдардын иштерин камсыздоонун туруктуу механизмдерин түзүү.
Жогоруда аталган милдеттерди ишке ашыруу боюнча чаралар:
1. Психикалык саламаттыкты сактоо жаатында жарым стационардык шарттарда социалдык кызматтарды көрсөткөн уюмдар жөнүндө маалыматтарды чогултуу, талдоо, маалыматтар базасын түзүү боюнча программалык камсыздоо жана социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасын түзүү.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү механизмдерин пайдалануу менен психикасы бузулган адамдардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн муктаждыктарын жана керектөөлөрүн баалоонун негизинде социалдык кызмат көрсөтүүлөр рыногун туруктуу өнүктүрүү үчүн ченемдик укуктук база түзүү.
3. Каржылоонун кошумча булактары менен үй-бүлөлүк мээримге жакындатылган шарттарда психикасы бузулган адамдарды сутка бою кароону кошкондо жергиликтүү деңгээлде психикалык саламаттыкты сактоо жаатында жарым стационардык шарттарда социалдык кызматтарды көрсөтүүчү борборлорду түзүү боюнча чараларды көрүү.
4.2. Биринчи медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде психикалык саламаттык чөйрөсүндө комплекстүү, интеграцияланган кызматтарды көрсөтүү
Учурдагы кырдаалды талдоо.
Өлкөдө биринчи медициналык-санитардык жардам төмөнкү саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлөт: үй-бүлөлүк медицина борборлору - 65, жалпы дарыгердик практика борборлору - 28, үй-бүлөлүк дарыгерлердин топтору - 709 (алардын ичинен 17си юридикалык өз алдынча), фельдшердик-акушердик пункттар - 1056, булар өлкөнүн бүткүл аймагы боюнча ар бир райондо иштейт.
Биринчи медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде 1706 үй-бүлөлүк дарыгер, орто билимдүү 10549 адис иштейт, алардын ичинен 6191и үй-бүлөлүк медициналык айымдар. Орто медициналык персоналдын ставкалары толугу менен комплекттелген.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматтарына ылайык үй-бүлөлүк медицина борборлорунда бүткүл республика боюнча психиатр дарыгерлердин жана клиникалык психологдордун 137 ставкасы каралган. Алардын ичинен психотерапевттердин 9,25 ставкасы жана клиникалык психологдордун 29 ставкасы гана иштеп жатат, бул болсо аталган адистердин олуттуу жетишсиздигин айтып турат. Психикалык саламаттык кызматын биринчи медициналык-санитардык жардамга интеграциялоо максатында Республикалык психикалык саламаттык борборунун жана Ош облустук психикалык саламаттык борборунун психиатриялык кабинеттери Бишкек жана Ош шаарларынын үй-бүлөлүк медицина борборлоруна өткөрүп берилген.
Үй-бүлөлүк медицина борборлорун, үй-бүлөлүк дарыгерлер топторун жана фельдшердик-акушердик пункттарды каржылоо каттоодо турган калктын санына жараша киши башына карата принцип боюнча жүргүзүлөт. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, психикалык бузулууларды өз убагында аныктоо жана тиешелүү медициналык жардам көрсөтүү үчүн үй-бүлөлүк дарыгерлердин билиминин жана көндүмдөрүнүн деңгээли төмөн.
Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда психиатр врачтардын 87 ставкасы бар, врач психиатрлар менен комплекттелгени 77 пайызды түзөт.
Ар бир Үй-бүлөлүк медицина борборунда ден соолукту чыңдоо кабинеттери иштейт, бирок аталган кабинеттердин иши психикалык саламаттыкты сактоо маселелерин камтыбайт.
2006-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду психикасы бузулган адамдар үчүн амбулатордук деңгээлде Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча дары-дармектер менен жеңилдетип камсыздоону ишке киргизгенине карабай, алыскы айыл региондорунда дары каражаттарынын жетишсиздиги, дары-дармек программаларынын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө начар маалымдалганы белгиленүүдө. Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун бардыгы эле жеңилдетилген психотроптук дарыларды жазып берүүнү практикалашпайт. Психикасы бузулган адамдарды дары-дармектер менен камсыз кылууга арналган финансы каражаттарын толук өздөштүрбөгөн жерлер бар жана ар кандай калктуу конуштарда жана саламаттык сактоо уюмдарында бирдей эмес, бул психотроптук дары каражаттарын саткан дарыкана тармагы жетишсиз өнүккөндүгүнө, өлкөбүзгө психотроптук дары каражаттарын ташып келүүлөр үзгүлтүккө учурагандыгына байланыштуу.
Психотроптук дары каражаттарынын жеткиликтүүлүк маселелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-июлундагы № 376 токтому менен бекитилген 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасында чагылдырылган.
2016-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2012-2018-жылдарга саламаттык сактоону реформалоонун "Ден соолук" улуттук программасынын кошумча каржылоосунун алкагында биринчи медициналык санитардык жардамдын деңгээлинде интеграцияланган комплекстүү психикалык социалдык кызматтарды психикасы бузулган адамдарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө көрсөтүү, аларга мобилдүү командалар менен үйүнөн жардам көрсөтүү, консультация берүү апробацияланууда.
Учурда психикалык саламаттыкты сактоо маселелери биринчи медициналык санитардык жардамдын ишинин артыкчылыктуу багыттарына кирбейт жана үй-бүлөлүк медицина борборлорунун ишинин сапатын жана натыйжалуулугун баалоо көрсөткүчтөрүнө камтылган эмес.
Биринчи медициналык санитардык жардамдын деңгээлинде психикалык саламаттык чөйрөсүндө комплекстүү, интеграцияланган кызматтарды көрсөтүү боюнча милдеттер:
- психикалык саламаттык сактоо маселелери боюнча биринчи медициналык санитардык жардамдын бардык түзүмдүк бөлүнүштөрүн координациялоо, өз ара аракеттенүү жана дайыма методикалык колдоо көрсөтүү жолу менен кеңири тараган психиканын бузулушунун алдын алууну жана өз убагында аныктоону кошо алганда психикалык саламаттыкты сактоодо биринчи медициналык санитардык жардамдын ролун күчөтүү;
- биринчи медициналык санитардык жардамдын альтернативдик стационардык психиатриялык жардамына интеграцияланган комплекстүү медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү;
- калктын, өзгөчө алыскы, жетүүгө кыйын, бийик тоолуу калктуу конуштарда жашагандардын психотроптук дары каражаттарына жетүүсүн жакшыртуу;
- биринчи медициналык санитардык жардам менен социалдык коргоо органдарынын өз ара аракеттенүү механизмдерин жакшыртуу.
Жогоруда аталган милдеттерди ишке ашыруу боюнча чаралар:
1. Эң көп тараган психикалык бузулууларды аныктоо, алдын алуу маселелери боюнча биринчи медициналык санитардык жардамдын ишиндеги психикалык саламаттыкты сактоо маселелерин приоритеттештирүү.
2. Пилоттоштуруунун натыйжаларын баалоонун негизинде биринчи медициналык санитардык жардамга интеграцияланган, стационардык психиатриялык жардамга альтернативдүү комплекстүү, психикалык социалдык кызмат көрсөтүү боюнча моделдерди киргизүү.
3. Психикасы бузулган адамдарга медициналык жана социалдык жардам көрсөтүү маселелери боюнча өз ара аракеттенүүлөрүн жана координациялоону жакшыртуу үчүн биринчи медициналык санитардык жардамга интеграцияланган комплекстүү, психикалык социалдык кызмат көрсөтүүнү эске алуу менен биринчи медициналык санитардык жардамды көрсөтүү боюнча адистердин кызматтык милдеттерин кайрадан карап чыгуу.
4. Психотроптук дары каражаттарынын жеткиликтүүлүк маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды кийин тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен талдоо.
5. Мамлекеттик кепилдиктер программасына жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун психикасы бузулган адамдарды дары-дармек менен камсыздоо боюнча кошумча программасынын дары-дармек пакетине кирген дары каражаттарынын тизмесин кайрадан карап чыгуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
6. Биринчи медициналык санитардык жардамды көрсөтүү боюнча адистердин социалдык коргоо органдары менен психикалык саламаттык маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнүн тартибин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү.
4.3. Психиатриялык кызматтарды көрсөткөн саламаттык сактоо уюмдарынын жана социалдык стационардык мекемелердин ишин оптималдаштыруу
Учурдагы кырдаалды талдоо.
Кыргыз Республикасында психиатриялык стационарлар (дарылоочу жана социалдык) саламаттык сактоо, социалдык өнүктүрүү, билим берүү системаларында жана пенитенциардык системада иштейт.
Кыргыз Республикасында стационардык адистештирилген психиатриялык жардам төмөнкү курамдагы стационардык бөлүмдөр тарабынан көрсөтүлөт (2015-жылдагы маалымат боюнча бардыгы болуп 1759 койка бар): психикалык саламаттык борборлору (Республикалык психикалык саламаттык борбору - 460 койка, Ош облустук психикалык саламаттык борбору - 170 койка, Жалал-Абад облустук психикалык саламаттык борбору - 70 койка), Чым-Коргон (600 койкалуу) жана Кызыл-Жар айылдарындагы (325 койкалуу) психиатриялык ооруканалар, Ивановка айылындагы (40 койкалуу) Республикалык балдардын психиатриялык ооруканасы; аймактык жана облустук ооруканалардын түзүмүндөгү психонаркологиялык бөлүмдөр (94 койкалуу). 2001-жылдан баштап саламаттык сактоонун экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги адистештирилген психиатриялык уюмдарындагы психиатриялык койкалардын жалпы саны 69 пайызга кыскарган. Стационардык дарылоо жардамы 35 койкага эсептелген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 47 мекемесинин психиатриялык бөлүмүндө да көрсөтүлөт.
Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча улуттук борборунун маалыматы боюнча 2016-жылы психиатриялык стационарлардын бейтаптарына соматикалык ооруларды дарылоо боюнча медициналык кызматтар талап кылынган деңгээлде көрсөтүлбөйт.
2016-жылдын 1-январына карата бейтаптын стационардын койкасында жатышынын орточо узактыгы 59,5 күндү түзөт. Ошону менен бирге бейтаптардын психиатриялык стационарларда 6 жылдан 10 жылга чейин айрыкча узак болгон учурлары да белгиленген.
Психикасы бузулган өспүрүмдөргө стационардык психиатриялык жардамды уюштуруу боюнча көйгөй да чечилбей калууда.
40-70-жылдары курулган Кыргыз Республикасынын психиатриялык стационарларынын имараттарынын инфратүзүмү эскирген, аларды күтүү олуттуу чыгымдарды талап кылат.
Стационардык социалдык кызматтар Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин карамагында болгон психоневрологиялык стационардык социалдык мекемелерде көрсөтүлөт, мында жалпы пландык кубаттуулугу 1784 адамды түзөт.
Укук коргоо органдары жүргүзгөн (2004-жылы) "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруунун мониторингинин жыйынтыгы боюнча психиатриялык ооруканалар сыяктуу эле социалдык стационардык мекемелер да Кыргыз Республикасынын Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча улуттук борборунун кызматкерлери алдын ала барып туруучу уюмдардын реестрине киргизилген. Бул мониторингдин жыйынтыгы боюнча аныкталгандай, социалдык стационардык мекемелерде узак убакытка чейин жашаган адамдардын өздөрүнүн күндөгү жашоосун контролдоо маселелери чектелип, көбүнчө үй-бүлөсүнөн бөлүнүп калгандыгы алардын социалдык көндүмдөрүн жоготуусуна жана майыптыктын күчөшүнө алып келет, ал эми айрым социалдык стационардык мекемелерде кармоонун шарттары катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлайт, бул анда жашаган адамдардын укуктарынын системалуу түрдө бузулушуна шарттарды түзөт.
Психиатриялык кызмат көрсөткөн саламаттык сактоо уюмдарын жана социалдык стационардык мекемелерди оптималдаштыруу боюнча милдеттер:
- психиатриялык медициналык кызмат көрсөткөн саламаттык сактоо уюмдарынын ишин оптималдаштыруу;
- психикасы бузулган адамдарды багуу боюнча социалдык стационардык мекемелердин ишин оптималдаштыруу;
- стационардык мекемелерде психикасы бузулган адамдардын соматикалык ооруларын дарылоонун сапатын жогорулатуу.
Жогоруда аталган милдеттерди ишке ашыруу боюнча чаралар:
1. Психикасы бузулган адамдардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн керектөөлөрүн жана муктаждыктарын эске алуу менен психиатриялык кызмат көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарынын ишин оптималдаштыруунун планын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү.
2. Психикасы бузулган адамдардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн керектөөлөрүн жана муктаждыктарын эске алуу менен психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелерди оптималдаштыруунун планын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү.
3. Өлүмдүн себептерин дайыма контролдоо менен стационардык мекемелерде психикасы бузулган адамдардын соматикалык ооруларын дарылоонун сапатын жогорулатуунун механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү.
4. Психикасы бузулган өспүрүмдөр үчүн стационардык жардам көрсөтүүнүн муктаждыгын иликтөө.
4.4. Психикалык саламаттык жана өзгөчө кырдаалдарда психикалык социалдык колдоо көрсөтүү
Учурдагы кырдаалды талдоо
Өзгөчө кырдаалдарга жарандык коргонуунун аспектисинде төмөнкүлөр кирет: куралдуу кагылыштар жана локалдуу согуштар, техногендик авариялар жана табигый кырсыктар.
Жалпысынан республика боюнча ар кандай тыгыздыкта региондорго бөлүштүрүлгөн 14 миң коркунучтуу участок жана зоналар, табигый кырсыктардын булактары бар. Анын ичинде 74 калктуу конушта жашаган республиканын калкынын 75% интенсивдүүлүгү 9 баллга чейин жетүүчү жер титирөө очокторунун активдешүүсү мүмкүн болгон зонада жашашат.
2006-жылдан 2015-жылга чейинки мезгилде 2719 өзгөчө кырдаал болгон. Алардын көбү табигый мүнөздөгү кырсыктар. Мында аталган мезгилде курман болгон адамдардын саны 1136 түзгөн.
Социалдык жана табигый катаклизмдердин көбөйүшү, бир жагынан, жана экстремалдуу кырдаалда жүрүм-турумдун көндүмдөрүн колдонууга мүмкүн эместиги экинчи жагынан, калктын психикалык травма алышынын көбөйүшүн аныктады, бул калктын психикалык саламаттыгына терс таасир тийгизбей койбойт. Медициналык психиатриялык жардам көрсөтүүнүн жүрүшүндө өзгөчө кырдаалдардын шартында калктын муктаждыгына шайкеш жооп кайтарууга жөндөмдүү болгон таасирдүү интеграцияланган психикалык социалдык жардамдын жоктугу аныкталды. Табигый кырсык жана өзгөчө кырдаал болгон райондордо жардам көрсөтүп жаткан персоналга базалык психологиялык жардам көрсөтүү каралган эмес.
Ушул Программанын алкагында өзгөчө кырдаалда калкка психикалык социалдык колдоону камсыздоо боюнча коомдук, медициналык жана социалдык мекемелерди шашылыш жана өзгөчө режимде иштөөгө даярдоо боюнча милдеттерди аткаруу болжолдонот.
Өзгөчө кырдаалдарда калкка психикалык социалдык колдоо жана психикалык саламаттыкты сактоо маселелери боюнча милдеттер:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде психологиялык кызматты түзүү;
- өзгөчө кырдаалдардын шартында жабыркагандарга психологиялык жардам көрсөтүү маселелери боюнча Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасындагы адистердин потенциалын жогорулатуу боюнча туруктуу механизмдерди түзүү;
- өзгөчө кырдаалдардын шартында психикалык саламаттыкты сактоо маселелери боюнча саламаттык сактоо уюмдары менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматтарын координациялоонун жана алардын өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуу механизмдерин түзүү.
Жогоруда аталган милдеттерди ишке ашыруу боюнча чаралар:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин азыркы түзүмүндө тиешелүү кадрдык, материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоо менен Психологиялык жардам көрсөтүү боюнча борборду түзүүнү караштыруу.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун ишине өзгөчө кырдаалдардын шартында психикалык саламаттыкты сактоо маселелери боюнча билим берүү программаларын, окуу-методикалык китептерди, колдонмолорду иштеп чыгуу жана киргизүү.
3. Өзгөчө кырдаалдар шарттарында психикалык саламаттыкты сактоо маселелери боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматтарынын потенциалын жана мүмкүнчүлүктөрүн иликтөөнүн негизинде аталган түзүмдөрдү координациялоонун жана алардын өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү.
4.5. Кадрдык ресурстарды өнүктүрүү
Учурдагы кырдаалды талдоо.
Кадрдык ресурстардын тартыштыгы медициналык жардам көрсөтүүнүн бардык деңгээлинде белгиленүүдө. 2015-жылы психиатрлар менен камсыздоо 10 миң калкка 0,24 же 114 психиатрды, анын ичинде 8 балдар психиатрын түзгөн. Психикалык саламаттыкты сактоо кызматында 24 медициналык психолог иштейт, алар психикалык саламаттыкты сактоо борборлорунда гана топтолгон.
Алыскы региондор адистерге (психиатрларга, психологдорго) айрыкча муктаж болууда. Алсак Жалал-Абад облусунда аталган категориядагы адистерге муктаждык - 48, Ош облусу боюнча - 32, Ысык-Көл облусу боюнча - 28 адисти түзөт. Психикалык саламаттыкты сактоо маселелери боюнча жок дегенде кыска мөөнөттүү окуудан өткөн үй-бүлөлүк дарыгерлердин саны болгону 28 пайызды түзөт.
Баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү деңгээлинде психиатр адистердин же психотерапевттердин, психологдордун жоктугунан улам адистештирилген консультацияны жана жардамды башка адистиктеги медиктер (терапевттер, гинекологдор, неврологдор ж.б.) көрсөтүшүүдө.
Психиатр дарыгеринин баркы кыйла төмөндөдү, жаш адистердин "писхиатрия" адистигин тандоого кызыгуусу жок. 2016-жылы интернатураны жана клиникалык ординатураны 1342 адам аяктады, анын ичинен "психиатр дарыгери" адистигин болгону 5 гана адам тандаган.
Психикалык саламаттыкты сактоо жаатында кызмат көрсөтүүнүн заманбап формаларын башкарууда саламаттык сактоонун уюштуруучуларынын потенциалын жогорулатууга болгон муктаждыктын көбөйүшү белгиленүүдө.
Саламаттык сактоо системасында, анын ичинде адистештирилген психиатриялык жардам көрсөтүүдө медициналык кадрлардын жумушта токтобой жатышы белгиленүүдө.
Азыркы мезгилде психологдорду жана дефектологдорду билим берүүнүн ар кандай уюмдары даярдашууда, ошону менен бирге аларды даярдоо системасы аталган адистерге болгон муктаждыктарды жана тиешелүү мамлекеттик бюджеттик колдоону эске албастан өнүгүүдө. Жергиликтүү деңгээлде заманбап практикалык билимге жана жарым-жартылай стационардык шарттарда социалдык кызмат көрсөтүү тажрыйбасына ээ болгон кадрдык ресурстардын жетишсиздиги белгиленүүдө. Психикалык саламаттыкты сактоо маселелери социалдык коргоо адистеринин жана социалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча учурдагы программаларда артыкчылыктуу болуп саналбайт.
Психикалык саламаттык жаатында квалификацияны жогорулатуу, үзгүлтүксүз билим берүү системасы психикалык саламаттыкты сактоо кызмат көрсөтүүлөрүнө муктаж болгондорго жана аларды пайдалануучуларга кызмат көрсөтүүчү башка секторлордун (социалдык коргоо, укук коргоо, сот органдары, өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү кызматтары) керектөөлөрүн эске албайт.
Кадрдык ресурстарды өнүктүрүү чөйрөсүндөгү милдеттер:
- адистерге болгон муктаждыктарды эске алуу менен психикалык саламаттыкты сактоо системасына кадрдык ресурстарды кызыктыруу жана тартуу;
- орто медициналык персоналдын ролун жогорулатууну эске алып жана аларды дипломго чейинки, дипломдон кийинки жана үзгүлтүксүз билим берүү программаларына киргизүү менен саламаттык сактоонун бардык деңгээлдеги уюмдары үчүн медициналык жардам көрсөтүүнүн стандарттарын өркүндөтүү;
- психикалык саламаттыкты сактоо боюнча ишке тартылган башка секторлордун адистерине үзгүлтүксүз билим берүү системаларын интеграциялоо жана алардын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу.
Жогоруда аталган милдеттерди ишке ашыруу боюнча чаралар:
1. Муктаждыктарды изилдөө жана илимий негизделген ыкмаларды пайдалануу менен психикалык саламаттыкты сактоо боюнча ишке тартылган түрдүү секторлордун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо системасына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү.
2. Саламаттык сактоо уюмдарынын, орто, жогорку, дипломго чейинки, андан кийинки жана үзгүлтүксүз кесиптик билим берүүнүн бардык деңгээлдери үчүн стандарттарды, клиникалык колдонмолорду, протоколдорду иштеп чыгуу жана киргизүү.
4.6. Психикалык саламаттыктын медициналык-социалдык, соттук-медициналык экспертизаларын уюштурууну өркүндөтүү жана өткөрүү
Учурдагы кырдаалды талдоо.
Кыргыз Республикасында соттук-психиатриялык экспертизалардын бардык түрлөрү (амбулатордук, стационардык, каза болгондон кийинки, жашы жете электерге жана башка экспертиза) "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө", "Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экинчи жана үчүнчү деңгээлдердеги мамлекеттик психиатриялык уюмдарда өткөрүлөт.
Статистикалык маалыматтарга ылайык 2015-жылы өлкөдө комплекстүү жана комиссиялык экспертизаларды кошуп алганда, 2939 соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзүлгөн, бул 2013-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп (1551). Соттук-психиатриялык экспертизанын негизги бөлүгү Психикалык ден соолуктун республикалык борборунун (1829 (62,2%) жана Психикалык ден соолуктун Ош облустук борборунун - 889 (30,2%) психиатр-эксперттери тарабынан жүргүзүлөт. Чым-Коргон жана Кызыл-Жар айылдарындагы Республикалык психиатриялык ооруканаларында 2015-жылы 91 (3,1%) жана 130 (4,4%) соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзүлгөн.
Республика боюнча Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар айылындагы Республикалык психиатриялык оорукананын соттук-эксперттик бөлүмүндө гана стационардык соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзүлөт. Ушул эле бөлүмдө сот тарабынан мажбурлап дарылануу дайындалган бейтаптар да бар.
Соттук-психиатриялык экспертизадан өтүп жаткан адамдарды жана медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулган бейтаптарды бир бөлүмгө жайгаштыруу психиатриялык жардам көрсөтүү жана психиатриялык жардам көрсөтүүдө жарандардын укуктарынын кепилдиги жаатындагы мыйзамдарды бузгандык болуп саналат. Ошону менен бирге аталган категориядагы адамдарды гендердик белгилер боюнча өзүнчө бөлүү каралган эмес.
Медициналык-социалдык экспертиза жарандардын эмгекке жарамдуулугун жоготуу даражасын, майыптык себептерин жана топторун, ошондой эле реабилитациялоо менен кошо жарандарды социалдык коргоо чараларын аныктоо максаттарында Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин медициналык-эксперттик комиссиялары тарабынан жүргүзүлөт. Психикалык саламаттык чөйрөсүндө бардык региондордун калкын тейлөөчү төрт медициналык-социалдык эксперттик комиссия түзүлгөн.
Соттук-психиатриялык жана медициналык-социалдык экспертизаларды уюштурууну өркүндөтүү жана өткөрүү чөйрөсүндөгү милдеттер:
- илимий негизделген ыкмалардын жана адам укуктарын сактоонун негизинде соттук-психиатриялык жана медициналык-социалдык экспертизаларды жүргүзүү маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү;
- соттук-психиатриялык жана медициналык-социалдык экспертизаларды уюштуруу жана жүргүзүү системасын өркүндөтүү;
- соттук-психиатриялык жана медициналык-социалдык экспертизаларды жүргүзүү маселелери боюнча эксперттердин кесиптик даярдыгын, кайра даярдыгын жана квалификациясын жогорулатуу.
Жогоруда аталган милдеттерди ишке ашыруу боюнча чаралар:
1. Илимий негизделген ыкмалардын жана адам укуктарын сактоонун негизинде соттук-психиатриялык жана медициналык-социалдык экспертизаларды жүргүзүү маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды талдоо жана аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү.
2. Адам укуктарын сактоонун негизинде психикалык саламаттыкты сактоо кызматтарынын түзүмдүк бөлүмдөрүн кайра уюштуруу аркылуу күзөткө алынган соттук-психиатриялык жана мажбурлап дарылоо бөлүмдөрүнүн ишин камсыздоо боюнча чараларды кабыл алуу.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 132 "Кыргыз Республикасындагы соттук-эксперттик иштин айрым маселелери жөнүндө" токтомуна ылайык сот эксперттеринин компетенттүүлүгүн сертификациялоо маселеси боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы эксперттик-квалификациялык комиссиялардын ишин түзүү жана уюштуруу.
4.7. Психикалык саламаттыкты сактоо жаатында кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик эмес сектор үчүн шарттарды түзүү, аккредитациялоо жана лицензиялоо маселелери
Учурдагы кырдаалды талдоо.
Жекече социалдык кызмат көрсөтүүчүлөрдү мамлекеттик колдоо маселелери "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жарым-жартылай жөнгө салынган. Бул мыйзамда социалдык-тиричилик, социалдык-укуктук, медициналык-социалдык, реабилитациялык, психикалык-социалдык жана башка кызмат көрсөтүүлөргө мамлекеттик колдоо жана каржылоо каралган.
"Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында психиатриялык жардамды лицензия алган жеке мамлекеттик, мамлекеттик эмес психиатриялык жана психоневрологиялык мекемелер же жеке иштөөчү врач-психиатрлар көрсөтүшөт деп белгиленген.
Саламаттык сактоо уюмдарын аккредитациялоо жана жекече социалдык кызмат көрсөтүүчүлөрдү лицензиялоо жол-жоболору ведомстволук таандыгы боюнча айырмаланат.
Ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен аккредитациялоо жана жекече социалдык кызмат көрсөтүүчүлөрдү лицензиялоо маселелерин жөнгө салуу психикалык саламаттыкты сактоо жаатында кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик эмес сектор үчүн шарттарды түзүү боюнча, аккредитациялоо жана лицензиялоо маселелери боюнча милдеттерден болуп саналат.
Жогоруда аталган милдеттерди ишке ашыруу боюнча чаралар:
1. Жекече кызмат көрсөтүүчүлөрдү лицензиялоо маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарды талдоо.
2. Психикалык саламаттыкты сактоо жаатында мамлекеттик жана жекече кызмат көрсөтүүлөр үчүн бирдей шарттарды түзүү.
5. Психикалык саламаттыкты чыңдоо жана алдын алуу маселелери
5.1. Психикалык саламаттыкты чыңдоо жана психикалык бузулууларды алдын алуу
Учурдагы кырдаалды талдоо.
Ырайымсыз мамиле, этибар албоо, жагымсыз турмуштук шарттар, жабыркатуучу окуялар, психикалык активдүү заттарды колдонуу, миграция жана жайланышпагандык, эркиндигин чектөө жана башка ушул сыяктуу терс социалдык көрүнүштөр психологиялык жана физикалык факторлор менен бирге психикалык бузулуулардын өнүгүшүнүн жана көбөйүшүнүн себептери болууда. Психикасы бузулган адамдарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө карата стигматизациялоо жана басмырлоо фактылары алардын абалын начарлатып, медициналык жардамга кеч кайрылышына жана натыйжада майыптыгына алып келүүдө. Ушуга байланыштуу, психикалык бузулуулардын күчөп кеткен формаларын дарылоого жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды социалдык колдоого мамлекеттин сарптаган чыгымдары көбөйүүдө.
Зомбулук, өзүн өзү өлтүрүү фактыларын чагылдыруу менен психикалык саламаттык маселелери боюнча маалыматтык-билим берүү кампанияларын жүргүзүү коомдун психикалык бузулууларды кабыл алуусуна терс таасирин тийгизүүдө.
Адистештирилген кызматтардын кызматкерлери (укук коргоо органдарынын, өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүчү кызматтардын, саламаттык сактоонун психиатриялык уюмдарынын кызматкерлери, медициналык жана социалдык кызматкерлер) үчүн алдын алуу жардам көрсөтүү системасы жетиштүү түрдө өнүккөн эмес.
Психикалык саламаттыкты чыңдоо жана психикалык бузулууларды алдын алуу боюнча милдеттер:
- секторлор аралык өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугунун негизинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саламаттык сактоо уюмдарынын, социалдык кызматтардын ишиндеги калктын психикалык саламаттыкты чыңдоо жана алдын алуу маселелерине артыкчылык берүү;
- психикасы бузулган адамдар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн стигмасыз жана басмырлоосуз жагымдуу чөйрөнү түзүү;
- жалпыга маалымдоо каражаттарында жана коомдо психикалык саламаттыктын баалуулуктарын кеңири пропагандалоо жана психикалык саламаттык маселелерин түшүндүрүү иштери боюнча кампанияларды жүргүзүү.
Жогоруда аталган милдеттерди ишке ашыруу боюнча чаралар:
1. Калктын психикалык саламаттыгын чыңдоо жана алдын алуу маселелерин ден соолукту чыңдоо, коомдук саламаттык сактоо, социалдык коргоо, билим берүү, ювеналдык юстиция, гендердик теңдик жана башка иштелип чыгуучу жана колдонулуп жаткан мамлекеттик программаларга киргизүү.
2. Азыркы инновациялык технологияларды пайдаланып, психикалык саламаттыкты сактоо жагындагы кызматты пайдалануучуларды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн тартуу менен стигманы жана дискриминацияны азайтуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү кампанияларын туруктуу негизде жүргүзүү.
5.2. Суициддердин алдын алуу
Учурдагы кырдаалды талдоо. Суициддер адамзаттын психикалык саламаттыктын да, коомдун социалдык бакыбаттыгынын да индикатору болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, суициддер эң көп жасалган учур 2012-жылы болгон - 100 миң адамга 9,49 учур, 2015-жылы бул көрсөткүч азайып, 100 миң адамга 6,93 учур болгон. Суицидге аракет боюнча тенденция да ушундай эле, 2012-жылы 100 миң адамга 27,9 учур болсо, 2015-жылы - 19,3кө чейин азайган. Балдардын, өспүрүмдөрдүн арасындагы суициддердин саны 2015-жылы дээрлик 1,5 эсе көбөйүп, суициддердин жалпы санынын 7,19%ын түзгөн. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча 2015-жылы өспүрүмдөрдүн арасында суицид жасоого 90 аракет катталган; 18ден 22 жашка чейинки адамдардын арасында суицидге аракеттердин 22,63%ы жасалган.
Суициддердин жана суицид жасоого аракеттердин таралуу көрсөткүчтөрүнүн убакыт диапазонунда, жаш курактык жана региондук жактары боюнча аз же көптүгү бул проблеманы изилдөөгө илимий негизделген мамиле жасоону талап кылат.
Министрликтер менен ведомстволордун жана суицид болгон учурларды жана суицидге аракеттерди каттоо кызматтарынын иш жүзүндөгү маалыматтары орчундуу айырмаланышат, ага байланыштуу аларды каттоо боюнча бир база түзүү зарылдыгы жаралууда.
Балдар жана жаштар арасында суициддердин алдын алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 22-мартындагы № 120-б буйругу менен 2016-2018-жылдарга карата Кыргыз Республикасында жаштардын жана балдардын арасында укук бузууларды жана кылмыштарды, суициддерди алдын алуу боюнча ведомстволор аралык иш-чаралар планы кабыл алынган. Бул Ведомстволор аралык иш-чаралар планы калктын айрым бир категориясын камтыйт. Ошого байланыштуу суицид проблемасын чечүү жаш курактык, маданий жана этностук өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен комплекстүүрөөк чараларды көрүүнү талап кылат.
Суициддердин алдын алуу боюнча милдеттер:
- суициддердин алдын алуу боюнча мамлекеттин иш-чаралар планын түзүү;
- суициддик аракеттердин эсебин алуу системасын өркүндөтүү;
- суицид проблемалары жана ага алып келүүчү факторлор боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатуу.
Жогорудагы милдеттерди ишке ашыруу боюнча чаралар:
1. Суициддерди алдын алуу боюнча ведомстволор аралык иш-аракеттер планын иштеп чыгуу жана бекитүү.
2. Саламаттык сактоо уюмдарынын адистеринин суициддердин алдын алуу жана суицидде жардам көрсөтүүгө байланышкан маселелер боюнча потенциалын жогорулатуу (өзгөчө баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде).
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин деңгээлинде да, ошондой эле улуттук деңгээлде да суициддерди каттоонун жана эсепке алуунун бирдиктүү методологиясын иштеп чыгуу жана киргизүү.
4. Региондук, жаш курактык, гендерлик, маданий, этностук, диний өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен суицид проблемалары жана ага алып баруучу факторлор боюнча эл арасында маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү.
6. Психикалык саламаттык жаатында маалыматтык системаны чыңдоо жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү
Учурдагы кырдаалды талдоо.
Маалыматтын жеткиликтүүлүгү калкты кыйла сапаттуу жана өз убагында медициналык кызмат көрсөтүүлөр менен камсыздоо ишинде ийгиликтин негизги фактору болуп саналат.
Психикалык саламаттык жаатындагы маалыматтык системалар өнүкпөгөн жана координацияланган эмес. Бул системалар ар кайсы ведомстволордо чачыранды, улуттук статистика системасына бириктирилген эмес, ал эми психикалык саламаттык жагында бир түргө келтирилбеген статистикалык көрсөткүчтөрдү пайдалануу андан ары талдоо жана пландоо үчүн туура маалымат чогултууда кыйынчылыктарды жаратууда. Электрондук саламаттык сактоонун, анын ичинде телемедицина боюнча технологиялардын өнүгүшү диагностикалык жабдууларды пайдалануунун, эл үчүн анын кайсыл жерде жашаганына карабастан медициналык жардамдын ар кыл түрлөрүн алуунун камсыздалышын жакшыртууга тийиш.
Сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүнү андан ары өнүктүрүү туура маалыматтарга жана илимий негизделген ыкмаларга негизделүүгө тийиш.
Азыркы учурда психикалык саламаттык жагындагы илимий изилдөөлөрдү пландоо саясатында анын приоритеттүүлүгү жок, жаш адистердин андай изилдөөлөрдү жасоого кызыгуусу аз.
Психикалык саламаттык жаатында маалыматтык системаны чыңдоо жана изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча милдеттер:
- психикалык саламаттыкты сактоо кызматынын ишинде комплекстүү интеграцияланган маалыматтык системаны түзүү жана анын ишине заманбап информациялык технологияларды киргизүү;
- пландоо жана каржылоо саясатында психикалык саламаттыкты сактоо жаатындагы илимий иштерге жана изилдөөлөргө артыкчылык берүү, анын ичинде жаш адистерди тартуу;
- илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн улуттук этикалык жагдайларын адамдын укугун сактоо жагындагы эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү.
Жогоруда аталган милдеттерди аткаруу боюнча чаралар:
1. Психикалык саламаттыкты сактоо кызматынын ишинде комплекстүү интеграцияланган маалыматтык системаны түзүү жана анын ишине заманбап информациялык технологияларды киргизүү.
2. Психикалык саламаттыкты сактоо маселелерин жалпы улуттук изилдөөлөргө, саламаттык сактоонун, билим берүүнүн, эмгектин жана социалдык өнүктүрүүнүн, социалдык камсыздандыруунун, укук коргоо органдарынын маалыматтык системаларына киргизүү.
3. Психикалык саламаттыкты сактоо жаатындагы артыкчылыктуу багыттар боюнча илимий изилдөөлөрдү толук каржылоо шартында, эл аралык стандарттарга ылайык этикалык ченемдерди жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн принциптерин сактоо менен жүргүзүү.
7. Программанын күтүлүүчү натыйжалары
Программаны аткаруу төмөнкүдөй натыйжаларга жетишүүгө мүмкүндүк берет:
Кыска мөөнөттүү натыйжалар:
- психикалык саламаттыкты сактоо маселелери улуттук, мамлекеттик, сектордук, жергиликтүү программаларды иштеп чыгууда жана ишке ашырууда артыкчылыктуу болушат;
- адам укугун сакталган жана басмырлоо болбогон, психикалык саламаттыкты сактоо жагындагы кызматтан пайдалануучулардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн керектөөлөрү жана муктаждыктары эске алынуучу принциптерде психикалык саламаттыкты сактоо маселесин жөнгө салуучу, шайкеш келтирилген ченемдик укуктук база түзүлөт;
- психикалык саламаттыкты сактоо жагындагы кызматтан пайдалануучулардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ролу, катышуусу жана потенциалы күчөтүлөт.
Орто мөөнөттүү натыйжалар:
- психикалык саламаттыкты сактоо жагында жарым-жартылай стационардык шартта сапаттуу социалдык кызмат көрсөтүүчү, реабилитациялык кызмат көрсөтүүчү борборлордун, мекемелердин, уюмдардын тармагы түзүлөт;
- кыйла көп таралган психикалык бузулуусу бар адамдарды баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде аныктоо көбөйөт;
- психикасы бузулган адамдарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө комплекстүү медициналык жардам, альтернативдүү стационардык жардам көрсөтүүнүн жаңы ыкмалары баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде кеңири киргизилет;
- медициналык-санитардык эксперттик комиссиялардын ишине саламаттыктын бузулуу даражасын баяндоо жана ченөө үчүн Функциянын иштөөсүнүн эл аралык классификациясы киргизилет;
- психикасынын мандеми бар адамдардын 95%ынын ким экендигин ырастаган документтери болот;
- психикалык саламаттыкты сактоо жаатында кызматтарды көрсөтүүчү уюмдарды каржылоонун жаңы механизмдери киргизилет.
Узак мөөнөттүү натыйжалар:
- ооруканага жаткыруу деңгээли, анын ичинен кайталап жаткыруу 20%га азаят;
- суициддерден өлүмгө учуроо 100 миң адамга карата 5 учурга чейин азаят;
- психиатриялык стационарларда болуунун орточо узактыгы 20%га азаят;
- психикасы бузулган адамдардын жашоосунун орточо узактыгы көбөйөт;
- психикалык саламаттыкты сактоо жаатында комплекстүү интеграцияланган маалыматтык система түзүлөт;
- калктын психикалык саламаттыкты сактоо кызматтарына, анын ичинде өзгөчө кырдаалдардын шарттарында жеткиликтүүлүгү жакшырат;
- саламаттык сактоодо жана башка бул маселеге тиешеси бар секторлордо психикалык саламаттыкты сактоого кеткен чыгымдарды мониторингдөө механизмдери түзүлөт;
- Кыргыз Республикасынын калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү адистер үчүн психикалык саламаттыкты сактоо маселеси боюнча даярдоо үчүн даярдоонун бардык деңгээлдериндеги (дипломдук, дипломдон кийинки жана үзгүлтүксүз) окутуучу программалар киргизилет.
8. Программаны ишке ашырууну мониторингдөө жана баалоо системасы
Ушул Программанын аткарылышын мониторингдөө жана баалоо Кыргыз Республикасынын калкынын психикалык саламаттыгын сактоо боюнча 2017-2030-жылдарга карата мамлекеттик программаны аткаруунун иш-чаралар планына ылайык жүргүзүлөт.
Индикаторлор боюнча маалыматтарды чогултуу маалымат булактарынын эки түрүнө негизделет:
- адаттагы булактар - мында көрсөткүчтөр расмий бекитилген статистикалык формаларга ылайык үзгүлтүксүз жана чогултулат;
- баалоочу изилдөөлөр - Программаны ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги аныктоочу багыттар боюнча жыл сайынкы баалоочу изилдөөлөр.
Индикаторлордун пакети өзүнө 2030-жылга карата базалык жана максаттык көрсөткүчтөрдү камтыйт (2015-жылдагы маалыматтардын негизинде) жана ал Программаны ишке ашыруу боюнча кийинки иш-чаралар планын иштеп чыгуу процессинде кайра каралышы мүмкүн.
Ушул Программаны ишке ашыруунун натыйжаларына мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун бүткүл процессин координациялоо бардык кызыкдар мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык эмес уюмдардын, психикалык саламаттыкты сактоо жагындагы кызматтарды пайдалануучулардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн катышуусу менен секторлор аралык мониторинг жүргүзүүчү жумушчу топ тарабынан ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Программанын утурумдук натыйжалары жалпыланат жана отчеттук жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, ошондой эле өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө жана башка кызыкдар тараптарга ар жылдык негизде берилип турат.
Бул Программаны мониторингдөө жана баалоо мониторинг жүргүзүү жана баалоо жаатындагы потенциалды жогорулатууну көздөйт. Ушул максатта психикалык саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө мониторинг жана баалоо жүргүзүүгө тартылган адистер жана чечим кабыл алуучу адамдар үчүн үзгүлтүксүз окутуучу иш-чаралар пландалган.
Коммерциялык эмес уюмдар үчүн Программага мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча методикалык колдонмону иштеп чыгуу, ошондой эле ошол методикалык колдонмонун негизинде аларды окутуу каралган.
Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун стратегиясын ишке ашырууда бардык кызыкдар мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык эмес уюмдардын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн ортосунда тыгыз кызматташтык болушу зарыл, бул Психикалык саламаттыкты сактоо боюнча программаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо процессинин зарыл болгон объективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыздоого мүмкүндүк берет.
9. Ресурстарга болгон керектөөлөрдү финансылык баалоо
Программанын финансылык чыгымдарды талап кылган иш-чараларын аткаруу республикалык бюджеттин, донорлук жардамдын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен камсыздалат.
Финансылык керектөөнү баалоо Программанын артыкчылыктуу багыттарынын негизинде жүргүзүлгөн.
Программаны аткаруу боюнча иш-чаралардын алгачкы планы 2018-2022-жылдарга карата иштелип чыккан, финансылык баасы 242,9 млн. сомду түзөт.
Финансылык эсептөөлөр баалоочу мүнөздө жана зарыл болсо ушул Программаны аткаруунун жүрүшүндө оңдоо киргизилиши мүмкүн.