Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-ноябрындагы № 514 токтомуна ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТОТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 17-марты № 132

Кыргыз Республикасындагы соттук-эксперттик иштин айрым маселелери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Соттук-эксперттик иш жөнүндө» Мыйзамын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын сот экспертинин компетенттүүлүк сертификатын берүүнүн, берүүдөн баш тартуунун, жарактуулугун токтото туруунун, токтотуунун жана ажырытуунун тартиби жана шарттары жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- Сот эксперттеринин компетенттүүлүгүн сертификациялоо маселеси боюнча мамлекеттик эксперттик-квалификациялык комиссия жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Сот эксперттеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартиби, 3-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасындагы Соттук-эксперттик изилдөөлөрдүн методикаларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби, 4-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасында соттук-эксперттик ишти жүргүзүүчү министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор ушул токтомду ишке ашыруу боюнча чараларды көрүшсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев