Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-октябрындагы № 620 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-майы № 247
Аскер кызматчыларына, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик турак жайларды берүү жана аларды пайдалануу тартибинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-ноябрындагы № 624 , КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 105 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Аскер кызматчыларын, укук коргоо органдарынын кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн турак жай менен камсыздоону тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 57-беренесине, "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине, "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине, "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-ноябрындагы № 624, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 105 токтомдорунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аскер кызматчыларына, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик турак жайларды берүү жана аларды пайдалануу тартибинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-ноябрындагы № 624, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 105 токтомдорунун редакциясына ылайык)
2. Ушул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар тийиштүү жылга бекитилген мамлекеттик органдардын каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |