Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-октябрындагы № 620 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 247 токтому менен бекитилген |
Аскер кызматчыларына, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик турак жайларды берүү жана аларды пайдалануу тартибинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-октябрындагы № 553, 2019-жылдын 22-ноябрындагы № 624, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 105 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Аскер кызматчыларына, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик турак жайларды берүү жана аларды пайдалануу тартибинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жободо (мындан ары - Жобо) колдонулуучу негизги терминдер:
башка маанилүү жагдайлар - бул аскер кызматчыларын/кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүк органдарына шайлоого жана сот кызматына шайлоого же дайындоого байланыштуу аларды бошотуу негиздери;
ведомстволук турак жай фонду - мамлекеттик органдын карамагында турган мамлекеттик турак жай фондунун турак жайларынын жыйындысы, анын ичинде:
1) бюджеттик каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен, же турак жай мамилелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларына ылайык тийиштүү мамлекеттик органдын карамагына берилген;
2) турак жай мамилелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларына ылайык жеке жана юридикалык жактардан алынган;
3) турак жай катары пайдалануу үчүн жарактуу кайра жабдылган имараттар жана курулмалар;
кызмат өтөгөн жылдары - офицердик курамдагы, прапорщиктердин жана контракттык аскер кызматындагы адамдардын, укук коргоо органдарында кызматта турган башкаруучу жана катардагы курамда аскердик кызматта болгон мөөнөтүнүн жыйындысы;
турак жай (тиричилик) комиссиясы - аскер кызматчыларынын/кызматкерлердин, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана кызматтан бошотулган адамдардын эсебин жүргүзүү, турак жай менен камсыздоо, аларды эсептен чыгаруу, кезектигин түзүү жана турак жайды бөлүштүрүү маселелерин, ошондой эле мамлекеттик органдын, анын аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин ведомстволук турак жай фондун пайдалануу маселелерин объективдүү калыс жана ар тараптуу кароо максатында түзүлүүчү, туруктуу иштеген кеңеш берүүчү орган;
аскер бөлүгүнүн (мекеменин) турак жай фонду - мамлекеттик органдын аскер бөлүгүнүн (мекеменин) аймагында жайгашкан жана аскер кызматчыларынын/кызматкерлердин, жумушчулардын жана кызматчылардын жашоосу үчүн арналган ведомстволук турак жай фондунун курамдык бөлүгү;
туруктуу турак жай - ведомстволук турак жай фондунун, ошондой эле мамлекеттик турак жай фондунан (ведомстволук турак жай фондуна тиешеси жок), муниципалдык турак жай фондунан бөлүнгөн, эмерек жана телефон байланышы менен камсыздалган, кызматтык милдетин аткаруу мезгилинде айрым кызмат адамдары кирип жашоо үчүн арналган өзүнчө бирдик (жекече үй, көп кабаттуу үйдөгү батир, жатаканадагы/мейманкана тибиндеги үйдөгү бөлмө), алардын тизмегин мамлекеттик органдын жетекчиси аныктайт;
турак жай фондунун резерви - мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими боюнча аскер кызматчыларын/кызматкерлерин турак жай менен камсыздоого арналган турак жай фондунун 5 пайызынан көп эмес өлчөмдөгү турак жайлардын жыйындысы;
үй-бүлө мүчөлөрү - никеде турган жубайлар жана бирге жашаган жашы жете элек балдар, ошондой эле бирге жашаган аскер кызматчыларынын/кызматкердин жашка жеткен балдары, алардын менчигинде турак жай жок болгон учурда.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-октябрындагы № 553, 2019-жылдын 22-ноябрындагы № 624 , КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 105 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Аскер кызматчыларына/кызматкерге берилген турак жайларды менчиктештирүүгө уруксат берилет (туруктуу турак жайларда, жатаканада/мейманкана тибиндеги үйлөрдө жана жабык аскер шаарчаларында турган турак жайлардан тышкары, ошондой эле буга чейин башка калктуу конушта жекече турак үйдү курууга жер участогу же турак жай берилген адамдардан тышкары).
1) (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-октябрындагы № 553 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2) (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-октябрындагы № 553 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3) (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-октябрындагы № 553 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Турак жайды буга чейин менчиктештирген же акысыз алган аскер кызматчылары/кызматкерлер эсептен чыгарылат жана турак жайды жакшыртууга муктаж болгон адамдардын эсебине кабыл алынбайт, алар менен аскер кызматчыларын/кызматкерлерди жана жарандарды мамлекеттик турак жай менен камсыздоого байланышкан мындан кийинки укуктук мамилелер токтотулат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-октябрындагы № 553 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ведомстволук турак жай фондун пайдалануу, анын сакталышын камсыздоо, турак жайды пайдалануу эрежелерин аткарууну контролдоо боюнча жалпы иш-чараларды карамагында ведомстволук турак жай фонду бар мамлекеттик органдын батир-эксплуатациялоочу (чарба) органдары (мындан ары - батир-эксплуатациялык (чарба) органы) ишке ашырат.
Аскер бөлүктөрүнүн (мекемелердин) турак жай фондун пайдалануу боюнча иш-чараларды аскер бөлүктөрүнүн командирлери (мекемелердин башчылары) жүзөгө ашырат.
4. Турак жай комиссияларынын иш тартибин турак жай (тиричилик) комиссиялары жөнүндө типтүү жобого (ушул Жобонун 1-тиркемеси) ылайык мамлекеттик органдын жетекчиси аныктайт.
5. Жабык аскер шаарчаларынын тизмегин карамагында мындай шаарчалар болгон мамлекеттик органдардын жетекчилери аныктайт.
2. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон аскер кызматчыларын/кызматкерлерди эсепке алуу жана эсептен чыгаруу, кызматтык турак жайларды берүү жана пайдалануу
6. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон аскер кызматчыларын/кызматкерлерди эсепке кабыл алуу үчүн негиздер, аларды эсепке алуу жана эсептен чыгаруу, кезектигин аныктоо жана мамлекеттик турак жайларды берүү, ошондой эле аларды колдонуу же пайдалануу тартиби мыйзамдарга ылайык жана кызматтын өзгөчөлүгүн эске алуу менен ведомстволук турак жай фонду карамагында болгон мамлекеттик органдын чечими боюнча аныкталат (мындан ары - мамлекеттик орган).
Аскердик кызматтын календардык узактыгы 20 жылды жана андан ашыкты түзгөн, аскердик кызматтан бошотулган учурга карата турак жай менен камсыздалбаган офицердик курамдагы аскер кызматчылары жана прапорщиктер иштеп жаткан аскер кызматчылары камсыздалган тартипте камсыз кылынат.
Курагы, кызмат өтөгөн жылдары, ден соолугунун абалы, штаттын кыскарышы боюнча кызматтан бошотулган жана 20 жылдан кем эмес кызмат өтөгөн, бошотулган учурга карата турак жай менен камсыздалбаган кызматкер бошотуулардын алдындагы акыркы кызмат өтөгөн жери боюнча турак жай алууга (тиричилик шарттарын жакшыртууга) кезекте тургандардын тизмесинен өзүнүн макулдугусуз чыгарылбайт жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык турак жай менен камсыздалат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-ноябрындагы № 624, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 105 токтомдорунун редакциясына ылайык)
7. Өзгөчө учурларда мамлекеттик органдын жетекчиси резервдик турак жай фондунан кызматтык турак жай бөлмөсүн берүү жөнүндө чечимди кабыл алат.
Өзгөчө учурлар деп ээлеген кызмат ордуна же жогорку күжүрмөн даярдыкты колдоо жана мамлекеттик органга жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн милдеттердин мүнөзүнө байланыштуу, ошондой эле берилген участокто күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыкта кызматтык ишинде жогорку натыйжаларды көрсөткөн аскер кызматчыларын/кызматкерлерди демилгелөө үчүн, эгер аскер кызматчылары/кызматкер буга чейин мамлекеттик турак жай фондунан мамлекеттик турак жай менен камсыздалбаган жана турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгондордун эсебинде турган шартта адамдарды мамлекеттик турак жай менен камсыздоо зарылчылыгы түшүнүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 105 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Аскер кызматчыларынын/кызматкерлердин ипотекалык программага катышуусу турак жай менен камсыздоонун альтернативалык укугу катары ыктыярдуу негизде жүзөгө ашырылат.
Ыктыярдуу негизде ипотекалык программага катышкан, турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон аскер кызматчылары/кызматкерлер турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж адамдардын эсебинен чыгарылат жана алар менен аскер кызматчыларын/кызматкерлерди жана аскер кызматынан/укук коргоо органдарындагы кызматтан бошотулган жарандарды мамлекеттик турак жай менен камсыздоого байланыштуу мындан аркы укуктук мамилелер, анын ичинде башка калктуу конуштарда башка кызмат (иш) ордуна которгондо турак жайды жалдоо үчүн компенсация укугу токтотулат.
Аскер кызматчылары/кызматкерлер кызмат өтөө мезгилинде ипотекалык программага катышкан учурда жана ипотекалык кредитти (займды, ссуданы) тындырууга чейин аларга турак жайды жалдоо үчүн акчалай компенсациянын суммасына барабар өлчөмдө акча каражаттары төлөнөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 105 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Турак жайдан чыгаруу
9. Аскер кызматчылары/кызматкерлер ээлеген турак жайдан бирге жашаган адамдар менен кошо башка кызматтык турак жай берилүүсүз төмөнкү учурларда чыгарылат:
1) аскер кызматчылары/кызматкер жана анын үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан турак жайды мүлктүк жалдоо келишиминин талаптарын системалык түрдө (үч жолудан көп) аткарбаганда жана ушул келишимде каралган башка негиздер боюнча башка кызматтык турак жай берүүсүз;
2) кызматтык турак жайды максаттуу багыты боюнча колдонбогондо;
3) урап калуу коркунучу бар турак жайда жашаса;
4) ал жеткис күчтүн таасиринин натыйжасында жашоо үчүн жараксыз кызматтык турак жайда жашаса.
Аскер кызматчыларын/кызматкерлерди мындан аркы кызмат/укук коргоо органдарындагы кызмат өтөө үчүн турак жай фонду бар башка жерге же аскер бөлүгүнө жибергенде, аскер кызматчынын/кызматкердин үй-бүлөсү анын мурунку кызмат/укук коргоо органдарындагы кызмат өтөгөн жери боюнча жашап калган учурлардан тышкары, мурунку кызмат/укук коргоо органдарындагы кызмат өтөгөн жери боюнча ээлеген турак жайды үч айлык мөөнөттүн ичинде бошотуп берүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 105 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Туруктуу кызматтык турак жай конкреттүү кызматы боюнча милдеттерин аткарган мезгилге берилет, андан бошогондон кийин, ал кызматтык турак жай бир айдын ичинде башка турак жай берилүүсүз анда жашаган бардык адамдардан бошотулуп берилүүгө тийиш.
11. Ушул жобонун 9-пунктунда каралган учурлардан тышкары, башка кызматтык турак жай берилүүсүз кызматтык турак жайдан төмөнкүлөр чыгарылбайт:
1) кызмат өтөгөн мезгилде жарадар, контузия же мертинүүнүн айынан майып болгон аскер кызматчылары/кызматкерлер;
2) кызмат өтөгөн убагында кызматтык турак жай берилип, кызматтан бошотулган, бирок кызматтык турак жай берген мамлекеттик орган менен эмгектик мамилелерин токтотпогон адамдар;
3) жабык аскер шаарчаларында кызматтык турак жайды ээлеген, аскер кызматынын/укук коргоо органдарындагы кызматтын милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматчыларынын/кызматкерлердин үй-бүлө мүчөлөрү (багуучусун жоготкон үй-бүлөлөр);
4) аскер кызматчыларын дискредитациялабаган негиздер боюнча аскер кызматынан запаска же отставкага бошоткон учурларда жабык аскер шаарчаларында кызматтык турак жайды ээлеген календардык 20 жыл жана андан көп кызмат өтөгөн аскер кызматчылары, алардын үй-бүлө мүчөлөрү;
4-1) кызматкерлерди дискредитациялабаган негиздер боюнча кызматтан запаска же отставкага бошоткон учурларда кызматтык турак жайды ээлеген 20 жылдан кем эмес кызмат өтөгөн кызматкерлер, алардын үй-бүлө мүчөлөрү;
5) кызматта 10 календардык жылдан кем эмес кызмат өтөгөн аскер кызматчылары/кызматкерлер ден-соолугу боюнча же аскер кызматында/укук коргоо органдарындагы кызматта курагы боюнча чектелген жашка чыкканда штатты кыскартуудан жумуштан бошотулганда.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 105 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Ушул жобонун 9-пунктунда каралган учурлардан тышкары, башка кызматтык турак жай берилүүсүз кызматтык турак жайдан төмөнкүлөр чыгарылбайт:
1) кызмат өтөгөн мезгилде жарадар, контузия же мертинүүнүн айынан майып болгон аскер кызматчылары/кызматкерлер;
2) кызмат өтөгөн убагында кызматтык турак жай берилип, кызматтан бошотулган, бирок кызматтык турак жай берген мамлекеттик орган менен эмгектик мамилелерин токтотпогон адамдар;
3) жабык аскер шаарчаларында кызматтык турак жайды ээлеген, аскер кызматынын милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматчыларынын/кызматкерлердин үй-бүлө мүчөлөрү (багуучусун жоготкон үй-бүлөлөр);
4) аскер кызматчыларын дискредитациялабаган негиздер боюнча аскер кызматынан запаска же отставкага бошоткон учурларда жабык аскер шаарчаларында кызматтык турак жайды ээлеген календардык 20 жыл жана андан көп кызмат өтөгөн аскер кызматчылары/кызматкерлер, алардын үй-бүлө мүчөлөрү;
5) кызматта 10 календардык жылдан кем эмес кызмат өтөгөн аскер кызматчылары/кызматкерлер ден-соолугу боюнча же аскер кызматында курагы боюнча чектелген жашка чыкканда штатты кыскартуудан жумуштан бошотулганда.
12. Кызматтык турак жайды бузган же кызматтык турак жай турак эмес жайга кайра жабдылган учурда, ошондой эле эгер кызматтык турак жай урап калуу коркунучунда болсо, анда жашаган аскер кызматчыларына/кызматкерлерге жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө башка турак жай берилет.
13. Кызматтык турак жайды өзүм билемдик менен ээлеп алган аскер кызматчылары/кызматкерлер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, аларга башка кызматтык турак жай берилүүсүз чыгарылат.
4. Мамлекеттик турак жайларды менчикке берүү
14. Ээлеген мамлекеттик турак жай курагы, ден соолугу боюнча запаска же отставкага чыккан, штатты кыскартуу же үй-бүлөлүк жана башка маанилүү жагдайлар боюнча бошотулган жана 20 календардык жыл жана андан ашык кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына жана адамдарга менчикке акысыз берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-октябрындагы № 553, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 105 токтомдорунун редакциясына ылайык)
141. Ээлеген мамлекеттик турак жайды менчикке берүү курагы, ден соолугунун абалы боюнча запаска же отставкага, штатты кыскартуу же үй-бүлөлүк жана башка маанилүү жагдайлар боюнча бошотулган жана 20 жылдан кем эмес кызмат өтөгөн кызматкерлерге жана адамдарга акысыз жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 105 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Ээлеген кызматтык турак жайды менчикке өткөрүп берүү аларды төмөнкү категориядагы адамдарга түз сатуу жолу менен Кыргыз Республикасынын турак жай мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт:
1) кызмат өтөгөн мезгилде алган мертинүүнүн (жарадар болуунун, жаракат, контузия алуунун) же ооруга чалдыгуунун кесепетинен майып болгон жана ушундан улам кызматтан бошотулган I жана II топтогу майыптыгы бар аскер кызматчыларына/кызматкерлерине (иштеген жылдарына карабастан);
2) кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгонуна байланыштуу өздүк курамдын тизмесинен чыгарууда аскер кызматчыларына/кызматкерлерине (эгерде аскер кызматчысы же кызматкер менен бирге жашаган үй-бүлө мүчөлөрү же мураскорлору болсо), кызмат өтөгөн жылдарына карабай;
3) I жана II топтогу майыптыгы бар балдарды тарбиялаган аскер кызматчыларына/кызматкерлерге;
4) мамлекеттик же муниципалдык турак жай фондунан кызматтык турак жайды менчикке алуунун башка негиздери жок, кызматтык турак жайда жыйырма жылдан кем эмес жашаган, жашы жете элек беш жана андан көп балдарды тарбиялаган аскер кызматчынын/кызматкердин үй-бүлөсүнө;
5) жыйырма жылдан кем эмес кызматтык турак жайда жашаган, кызмат өтөгөн мезгилде каза болгон аскер кызматчыларынын/кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө;
6) аскердик кызматтан/укук коргоо органдарындагы кызматтан бошотулган, жыйырма жылдан кем эмес кызматтык турак жайда жашаган, 10 календардык жылдан кем эмес кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына/кызматкерлерге;
7) аскер кызматчыларына, эгерде алар 20 календардык жыл жана андан ашык кызмат өтөсө жана ушул Жобонун 14-пунктунун шарттарына кабылбаса;
8) кызматкерлерге, эгерде алар 20 жылдан кем эмес кызмат өтөсө жана ушул Жобонун 14-1-пунктунун шарттарына туура келбеген шартта.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-октябрындагы № 553, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 105 токтомдорунун редакциясына ылайык)
16. Кызматтык турак жайды аскер кызматчыларына/кызматкерлерге менчикке тариздөө үчүн турак батир-эксплуатациялык (чарба) органына төмөнкүдөй документтер берилет:
1) рапорт (арыз) (эркин формада);
2) турак жайын мүлктүк жалдоо келишими;
3) кадр органдары (пенсия органдары, аскер комиссариаты) тарабынан берилген жана аскер кызматчынын/кызматкердин жеке делосунда көрсөтүлгөн маалыматтарга негизделген календардык кызмат өтөө жылы, үй-бүлөсүнүн курамы жана бошотуунун негиздери жөнүндө маалыматты камтыган объективдүү-маалым кат;
4) акыркы беш жылдын ичинде менчигинде болгон турак жайын алдырып койгондуктан өзүнүн турак жай шартынын начарлашына алып келген жарандык-укуктук аракеттерди жасабаган аскер кызматчынын/кызматкердин же анын жубайынын менчигинде турак жайдын бар же жоктугу жөнүндө кыймылсыз мүлк укугун каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат-маалымкаты;
5) аскер кызматчынын/кызматкердин жана жубайынын паспортторунун көчүрмөлөрү;
6) нике жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү (нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн);
7) балдардын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү (нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн);
8) ушул Жобонун 14 жана 15-пункттарында каралган негиздерди ырастоочу башка документтер.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-октябрындагы № 553, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 105 токтомдорунунредакциясына ылайык)
17. Кызматтык турак жайды менчикке берүү мамлекеттик органдардын чечимдери менен таризделет.
5. Ведомстволук турак жай фондун эсепке алуу
18. Турак жай фонду бар ар бир мамлекеттик органда, аскер бөлүгүндө ведомстволук турак жай фондун эсепке алуу ведомстволук турак жай фондун эсепке алуу китебинде жүргүзүлөт, ага нумерация коюлат, тигилет, мөөр менен бекитилет жана иш жүргүзүү боюнча китептерди эсепке алуу журналында катталат. Жаңы китепти тариздеген учурда, ал мурунку китептин уландысы болуп эсептелет.
Китептин тышында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) мамлекеттик органдын аталышы;
2) китептин аталышы;
3) китептин номери;
4) китептерди эсепке алуу журналында китепти каттоо номери жана күнү;
5) башталган күнү;
6) барактардын саны.
Аскер кызматчысын/кызматкерди турак жайга киргизүү жана андан чыгаруу турак жайды пайдаланууну эсепке алуу карточкасында эсепке алынат. Бир эсепке алуу карточкасы толтурулган учурда жаңысы ачылат, ал биринчиге тиркелет, мурунку карточканын уландысы болуп эсептелет жана дайыма сакталууга тийиш.
Ушул главада көрсөтүлгөн ведомстволук турак жай фондун эсепке алуу китебинде, кызматтык турак жайды пайдаланууну эсепке алуу карточкасында тазалап оңдоого жол берилбейт. Оңдоолор, ошондой эле документтердин негизинде киргизилүүчү өзгөрүүлөр батир-эксплуатациялык (чарба) органынын жооптуу адамы тарабынан күбөлөндүрүлөт.
19. Батир-эксплуатациялык (чарба) органы кызматтык турак жайларды пайдаланууну жана кармоону, алардын жашоочуларынын мыйзамдуу жашап жаткандыгын жыл сайын текшерет.
Мүлктүк жалдоо келишиминин шарттарын бузуу (биринчи) фактылары табылган учурда, келишимдин шарттарын бузуу жөнүндө акт же протокол түзүлөт (эркин формада) жана батир-эксплуатациялык (чарба) органдары кызматтык турак жайды ээлеген аскер кызматчыга/кызматкерге (адамга) келишимдин шарттарын бузууларды жоюу тууралуу эскертме беришет. Келишимдин шарттарын бузууну жойбогон учурда, батир-эксплуатациялык (чарба) органдары кызматтык турак жайды мүлктүк жалдоо келишимин жокко чыгаруу жана колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерине ылайык чара көрүү жөнүндө маселени турак жай комиссиясына киргизишет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 105 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| Аскер кызматчыларына, ички иштер, улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдар органдарынын, жазык-аткаруу системасынын жана экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик турак жайларды берүү жана аларды пайдалануу тартибинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Турак жай комиссиялары жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-ноябрындагы № 624 , КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 105 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Аскер кызматчыларын/кызматкерлерди, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн жана кызматтан бошотулган адамдарды эсепке алуу, турак жай менен камсыздоо, аларды эсептен чыгаруу, кезекти түзүү жана турак жайларды бөлүштүрүү, ошондой эле мамлекеттик органдын, анын аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин ведомстволук турак жай фондун пайдалануу, башка социалдык-тиричилик мүнөзүндөгү маселелерди объективдүү, калыс жана ар тараптуу кароо максатында туруктуу негизде иштеген турак жай (тиричилик) комиссиялары (мындан ары - турак жай комиссиясы) түзүлөт.
Турак жай комиссиясы өз ишинде мамлекеттик органдын өзгөчө милдеттери менен кошо коомчулуктун ой-пикирин эске алып жана кеңири айкындуулукту камсыздоо менен бирге турак жай мыйзамдарынын ченемдерин, социалдык адилеттүүлүк принциптерин жетекчиликке алат.
2. Турак жай комиссиясы (эреже катары үчтөн кем эмес добуш берүүчүнүн санында) мамлекеттик органда жана анын аскер бөлүктөрүндө, мекемелеринде түзүлөт.
Турак жай комиссиясы түзүлүүчү аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелердин тизмегин, ошондой эле мамлекеттик органдын турак жай комиссиясы тарабынан бөлүштүрүү үчүн түзүлүп жаткан турак жай фондунун тизмегин мамлекеттик органдын жетекчилиги аныктайт.
3. Турак жай комиссиясы командирлердин (жетекчилердин жана начальниктердин) буйруктары менен, эреже катары төмөнкүдөй курамда түзүлөт:
1) комиссиянын төрагасы;
2) комиссиянын төрагасынын орун басары;
3) комиссиянын катчысы (турак жай-пайдалануу кызматынын өкүлү);
4) комиссиянын мүчөлөрү (эреже катары юридикалык, кадрдык, медициналык, финансылык кызматтардын, тарбиялык иштердин, профсоюздун (зарылдыгына жараша) өкүлдөрү жана башка кызмат адамдары).
4. Турак жай комиссиясы кабыл алуучу негизги документ болуп турак жай комиссиясынын протоколу эсептелет.
2. Турак жай комиссияларынын негизги милдеттери, функциялары жана укуктары
5. Турак жай комиссияларынын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) аскер кызматчыларын/кызматкерлерди турак жай менен камсыздоо маселелерин кароо;
2) турак жайларды бөлүштүрүү маселелери боюнча чечимдерди кабыл алууда мыйзамдуулукту, адилеттүүлүктү, өз убагында чечим кабыл алууну жана айкындуулукту камсыздоо;
3) турак жай менен камсыздоо маселелери боюнча аскер кызматчыларынын/кызматкерлердин суроо-талаптарына жоопторду даярдоо;
4) бөтөн адамдарга жетүү мүмкүнчүлүгү жок жерлерде кезектегилердин тизмесин жайгаштыруу;
5) аскер кызматчыларынын/кызматкерлердин башка социалдык-тиричилик маселелерин чечүү.
6. Жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн турак жай комиссиялары төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж адамдардын тизмесин түзүү жана бекитүү;
2) турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж адамдардын тизмесине кошуу, кезегин которуу жана тизмеден алып салуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
3) турак жайларды бөлүштүрүү (кайра бөлүштүрүү) маселелери боюнча чечимдерди кабыл алуу;
4) жазуу жүзүндөгү кайрылуулар боюнча аскер шаарчасынын алкагында турак жайларды алмаштыруу чечимин кабыл алуу;
5) турак жай-пайдаланууну камсыздоо органдары же аскер комиссариаттары түзгөн турак жай шарттарын изилдөө актыларын кароо;
6) турак жай маселелери боюнча аскер кызматчыларынын/кызматкерлердин кайрылууларын кароо;
7) мамлекеттик же муниципалдык фонддун турак жайларын аскер кызматчыларына/кызматкерлерге берүү менен байланышкан маселелерди чечүүдө аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү;
8) Кыргыз Республиканын мыйзамдарына жана мамлекеттик органдардын ведомстволук актыларына ылайык башка функцияларды ишке ашыруу;
7. Милдеттерди жана функцияларды ишке ашырууда турак жай комиссиясы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) аскер кызматчыларынан/кызматкерлерден зарыл документтерди суратып алууга;
2) зарыл документтер берилгенге чейин же маселени кошумча жеке тартипте изилдөө үчүн чечим кабыл алууну кийинкиге калтырууга;
3) маселелерди арыз ээсинин катышуусунда кароого;
4) объективдүүлүктү камсыздоо максатында турак жайларды бөлүштүрүүдө техникалык каражаттарды (лототрондорду) колдонууга;
5) зарыл учурда кайрылуучулардын турак жай шарттарын изилдөөгө;
6) аскер кызматчылары/кызматкерлер берген документтерде камтылган маалыматтардын толуктугун жана тууралыгын текшерүүгө;
7) зарыл корутундуларды берүү үчүн тийиштүү уюмдардын адистерин тартууга;
8) берилген маалыматтарды ырастоо үчүн тийиштүү уюмдардан жана мамлекеттик органдардан керектүү документтерди суроого.
3. Турак жай комиссиясынын жыйналыштарын уюштуруу
8. Турак жай комиссиясынын жыйналыштары төмөнкүдөй шарттарда өткөрүлөт:
1) зарылдыгына жараша же турак жай комиссиясынын төрагасынын сунушу боюнча;
2) бардык кызыкдар адамдарды милдеттүү түрдө алдын ала маалымдоо менен;
3) турак жай комиссиясынын төрагасы аныктаган тийиштүү убакта (жерде).
Жыйналышка турак жай комиссиясынын 2/3ден ашык курамы катышса, ал укуктуу болуп эсептелет. Жыйналыштарда турак жай комиссиясынын төрагасынын чечими боюнча аудио жана/же видео жазуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
9. Турак жай комиссиясын төрага жетектейт, ал комиссиянын ишин уюштурат жана жетектейт, өз компетенциясынын алкагында комиссиянын бардык мүчөлөрүнө милдеттүү болгон тапшырмаларды жана көрсөтмөлөрдү берет, турак жай комиссиясынын жыйналышын алып барат.
Турак жай комиссиясынын төрагасы жок учурда, анын функциясын турак жай комиссиясынын төрагасынын орун басары аткарат.
10. Рапортторду жана аларга тиркелүүчү документтерди турак жай комиссиясынын катчысы кабыл алат. Рапорттор, тиркелүүчү документтер, журналдар жана турак жай комиссиясынын чечимдери турак жай комиссиясынын катчысын дайындаган түзүмдүк бөлүмдүн иш кагаздарында сакталат.
11. Турак жай комиссиясынын жыйналыштарын өткөрүү үчүн анын катчысы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) турак жай комиссиясынын жыйналышынын күн тартибин, анын ичинде турак жай комиссиясынын төрагасынын жана мүчөлөрүнүн сунуштары боюнча даярдоого;
2) күн мурунтан, бир суткадан кечиктирбей анын бардык мүчөлөрүнө, ошондой эле жыйналышка чакырылган башка адамдарга турак жай комиссиясынын жыйналышын өткөрүү датасы, убагы жана орду жөнүндө кабарлоого (маалымдоого);
3) турак жай комиссиясынын төрагасына, мүчөлөрүнө жана жыйналышка катышкан башка адамдарга кароо үчүн күн тартибине киргизилген материалдарды жеткирүүгө;
4) турак жай комиссиясынын жыйналышынын протоколун түзүүгө.
12. Турак жай комиссиясынын чечимдери күн тартибинин ар бир маселеси боюнча көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.
Добуштардын тең чыгуусунда турак жай комиссиясынын төрагасынын добушу чечүүчү болуп эсептелет. Добуш берүүдө турак жай комиссиясынын ар бир мүчөсү бир добушка ээ. Добуш берүү ачык түрдө жүргүзүлөт. Турак жай комиссиясынын чечимин сырттан добуш берүү жолу менен кабыл алууга жол берилбейт.
Турак жай комиссиясынын катчысы чечим кабыл алууда добуш берүү укугуна ээ эмес.
Негиздүү себептер боюнча жыйналышка катышпаган турак жай комиссиясынын мүчөсү жыйналыштын башталышына чейин каралуучу маселелер боюнча өз пикирин жазуу жүзүндө баяндоого укуктуу, аны турак жай комиссиясынын катчысы жарыялайт, добуш берүүдө ал эске алынат жана протоколго тиркелет.
13. Турак жай комиссиясынын чечими протокол менен таризделет, турак жай комиссиясынын төрагасы жана катышкан бардык мүчөлөрү өз позицияларына ылайык кол коёт, ошондой эле кызыкдар жактар милдеттүү түрдө парафирлейт (акыркы барактан тышкары, ар бир барактын арткы бетине кол коюлат).
14. Турак жай комиссиясынын кабыл алынган чечими менен макул болбогон учурда турак жай комиссиясынын мүчөлөрү милдеттүү түрдө жыйналыштын протоколуна тиркелүүчү өзгөчө ой-пикирин жазуу жүзүндө баяндоого тийиш.
15. Турак жай комиссиясынын жыйналышынын протоколу жыйналыш өткөрүлгөндөн кийинки 3 күндүк мөөнөттө таризделет, андан кийин мекеменин башчысына бекитүүгө жиберилет.
16. Турак жай комиссиясынын протоколунда:
1) протоколдун күнү жана номери;
2) турак жай комиссиясынын катышкан мүчөлөрү;
3) күн тартиби; турак жай комиссиясынын төрагасынын жана мүчөлөрүнүн, ошондой эле арыз ээлеринин (зарылдыгына жараша) ой-пикирлери жана сүйлөгөн сөздөрү;
4) ар бир каралуучу маселе боюнча турак жай комиссиясынын чечими;
5) "макул", "каршы" добуш бергендердин саны;
6) ар бир каралуучу маселе боюнча турак жай комиссиясынын мүчөлөрүнүн өзгөчө ой-пикири (болсо) көрсөтүлөт.
17. Комиссиянын катчысы арыз ээсин турак жай комиссиясы кабыл алган чечим жөнүндө он күндүн ичинде жазуу жүзүндө маалымдайт.
Аскер кызматчылары/кызматкерлер турак жай комиссиясынын чечимине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даттанууга укуктуу.