Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-октябрындагы № 620 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-ноябры № 624
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 247 "Аскер кызматчыларына, ички иштер, улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдар, жазык-аткаруу системасынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик турак жайларды берүү жана аларды пайдалануу тартибинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин жана эркин жалдануучу кызматкерлеринин турак жай укуктук мамилелерин укуктук жөнгө салуу жана социалдык колдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 247 "Аскер кызматчыларына, ички иштер, улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдар, жазык-аткаруу системасынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик турак жайларды берүү жана аларды пайдалануу тартибинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы жана 1-пунктундагы ", жазык-аткаруу системасынын" деген сөздөр "органдарынын, жазык-аткаруу системасынын, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- преамбуласы "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине" деген сөздөрдөн кийин ", Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине" деген сөздөр менен толукталсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аскер кызматчыларына, ички иштер, улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдар, жазык-аткаруу системасынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик турак жайларды берүү жана аларды пайдалануу тартибинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жободо:
- аталышындагы, 1-пунктунун биринчи абзацындагы ", жазык-аткаруу системасынын" деген сөздөр "органдарынын, жазык-аткаруу системасынын, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пунктунун жетинчи абзацындагы ", жазык-аткаруу системасынын органдарында" деген сөздөр "органдарында, жазык-аткаруу системасында, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-пунктундагы "жана жазык-аткаруу системасынын" деген сөздөр ", жазык-аткаруу системасынын жана экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жобонун 1-тиркемесиндеги ", жазык-аткаруу системасынын" деген сөздөр "органдарынын, жазык-аткаруу системасынын жана экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |