Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-июну № 412
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолор тиркемеге ылайык киргизилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С. Жээнбеков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна ТОЛУКТООЛОР
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
- "Изилдөө, талдоо, баалоо жана экспертиза тармагында" IV бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 30-бап менен толукталсын:
"
30. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Жеке жана юридикалык жактардын билдирүүсү боюнча ветеринардык дары-дармек каражаттарынын натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна экспертиза жүргүзүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 5-бап, 38-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Агроөнөр жай комплекси, анын ичинде мал чарба, балык чарба (аквакультура), өсүмдүк өстүрүү, өсүмдүктөрдүн карантини, жерди мелиорациялоо, жердин күрдүүлүгү, жер жана суу ресурстары, ирригациялык жана мелиорациялык инфраструктура, тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай чөйрөлөрүндө мамлекеттик саясатты жүргүзгөн аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган), ветеринардык дары-дармек каражаттарын, тоют жана тоют кошулмаларын сертификаттоо жана ветеринардык дары-дармек каражаттарын жана тоют кошулмаларын каттоо боюнча функцияларды ишке ашырган ведомстволук бөлүм (мындан ары - Борбор). Байланыш маалымат жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты Борбордун маалымат такталарына жака агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жеке жана юридикалык жактар: - ветеринардык адистер; - фермерлер; - мал, канаттуулар, балык, аары ээлери; - жеке ветеринардык практика менен иштегендер; - ветеринардык дары-дармек каражаттарын даярдоочулар жана/же пайдалануучулар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (3, 17-19, 22-беренелери); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" (14-тиркеме); - 2013-жылдын 5-августундагы № 444 "Ветеринардык дары каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу" (3-бап, 19, 22-27-пункттары, 1, 4, 7-тиркемелери); - 2005-жылдын 30-декабрындагы № 639 "Продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө"; - 2006-жылдын 11-январындагы № 8 "Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон продукцияларды Кыргыз Республикасынын аймагына жүгүртүү үчүн алып келүүнүн тартиби жана Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары алынган продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоонун натыйжаларын таануу жөнүндө" |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Сыноо протоколун берүү |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген имаратта; - жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга тоскоолдуксуз кируүсү (ажаткана, жуунуучу бөлмөлөр), анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн (мындан ары - ДМЧА), кармагыч, пандустар менен жабдылган имарат, жайлар; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттарда күтүү үчүн жерлер, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияга кошулууга мүмкүн болбосо - короо ичиндеги), жылуусу, суу түтүктөрү жана телефон болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алууга чектелген убакыт - 20 мүнөт. Ветеринардык препараттарга экспертиза жүргүзүүгө чектелген убакыт - 4 ай. Акыркы жыйынтык берүүгө чектелген убакыт - 20 мүнөт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндөгү маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтынан: www.agroprod.kg; - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмдөрүндө, Борбордо, керектөөчү (расмий ыйгарым укуктуу өкүлү) жеке кайрылганда; - оозеки түрдө (телефон боюнча, жеке сүйлөшүүдө); - маалымат такталарынан, брошюралардан, буклеттерден. Жарандар кайрылган күнү кабыл алынат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү, маалымат сайттары); - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайты: www.agroprod.kg; - маалымат такталары, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланышуу; - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректери, телефон номерлери, электрондук почтанын даректери жана иштөө режимдери, мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты менен бирге Борбордун тактасында, агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана Борбордо кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктерине маалымат тактача илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген табличкалары (бейдж) болот. Керектөөчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак-ниет, сыпайы, чыдамдуу, принциптүү, коюлган маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешкен адамын уга билүү, анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, жарандарга карата кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар үчүн (ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада берилет |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Арыз ээси жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкүлөрдү берүү керек: I. Ветеринардык дары-дармек каражатын (мындан ары - ВДК) мамлекеттик каттоо үчүн: - белгиленген форма боюнча сунуштама кат; - ВДКны мамлекеттик каттоо үчүн белгиленген форма боюнча арыз. Арызга төмөнкүдөй документтер тиркелет: 1) өндүрүлгөн өлкөдө жана башка өлкөлөрдө ВДКнын катталгандыгы жөнүндө сертификат (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү); 2) ВДКга, субстанцияга жана кошумча заттарга шайкештик сертификаты; 3) GMP (Good Manufacturing Practice) сертификаты же сапат менеджменти системасы боюнча башка сертификаттар (өндүрүүчүдө бар болсо); 4) сапат контролун жүргүзүү үчүн пайдаланылган ченемдик документ; 5) дары-дармек каражатынын туруктуулугун изилдөө боюнча аналитикалык документтер; 6) сыноо-өндүрүштүк же технологиялык регламент (ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн); 7) маркалоо менен стандарттуу таңгактын үлгүсү; 8) ВДКнын жана/же товардык белгинин патенттик коргоосу болгон учурда - патенттин көчүрмөсү же дары-дармек каражатынын патенттик тазалыгын тастыктоочу патенттик формуляр же бул дары-дармек каражатынын патенттик тазалыгын текшерүүгө тийиш эместиги жөнүндө маалымкат; 9) товардык белгини каттоо жөнүндө тастыктаган документтин көчүрмөсү; 10) төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү менен колдонуу боюнча нускама: - өндүрүүчү фирма жөнүндө маалымат; - дары-дармек каражатынын аталышы; - курамы; - фармакотерапевттик топ; - көрсөтмөлөр жана каршы көрсөтмөлөр; - кыйыр таасирлер; - колдонуу ыкмалары; - сактоо шарттары; - ВДКны акыркы жолу киргизүү менен малды союуга чейинки мезгил көрсөтүлгөн маалыматтар; - микроорганизмдердин штаммдарынын касиеттерин сүрөттөө (вирустар, бактериялар, грибдер жана башкалар), аларды культивациялоонун ыкмалары, биологиялык каражаттын иммуногендигин, анын авируленттигин, зыянсыздыгын, эффективдүүлүгүн, мөөнөтүн жана мал азыктарын пайдалануудан кийинки тартибин изилдөө; 11) ветеринардык практикада ВДК колдонуу коопсуздугу жана натыйжалуулугу боюнча эксперименттик маалыматтар; 12) шайкештик сертификаты менен 3 жолку анализ жүргүзүү үчүн ВДК үлгүлөрү (үлгүлөрдү тандап алуу схемасына жараша); 13) референс-стандарттар, өндүрүүчүнүн шайкештик сертификаты менен ветеринардык дары-дармек каражаттарынын үлгүлөрү жана алардын аралашмалары; 14) спецификалык реактивдер (зарылдыгына жараша). Көрсөтүлүп жаткан документтердин тизмеси ВДК түрү жана касиетине жараша болот. Каттоо документтери мамлекеттик же расмий тилде, "Times New Roman" 14-шрифти менен, A4 форматындагы кагаздын бир бетинде, үч нускада басылат, алардын бири түп нуска болушу керек. Ошондой эле, документтин электрондук варианты CD дискте же USB-флеш-топтоочуда көрсөтүлөт. II. ВДК сертификаттоо үчүн: - коштоочу кат (директордун атына эркин формада); - ВДК сертификаттоо үчүн табыштама. Табыштамага төмөнкү документтердин тизмеси тиркелет: 1) ВДКга сапат сертификаты (сапат паспорту, анализдин сертификаты); 2) товар менен коштолуучу документтер [жүк бажы декларациясы, эсеп-фактура, ВДК сатуу-сатып алуу жөнүндө контракт (келишим же макулдашуу), таңгактоочу баракча, өндүрүш сертификаты (СТ1), ташып киргизүүгө уруксат жана маалымдама]; 3) ВДК каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү; 4) шайкештик сертификаты (декларация); 5) арыз ээсинин уюмунун мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү. (ЖЧК, ЖИ); 6) ветеринардык препараттардын үлгүлөрү. Ошондой эле, кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкүлөрдү көрсөтүү керек: - кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция; - инсандыгын тастыктоочу документтин (паспорт) көчүрмөсү, салыштыруу үчүн түп нускасын көрсөтүү керек. Юридикалык жактар анын өкүлүнүн ыйгарым укугун тастыктаган документти (ишеним кат) кошумча берет. Керектөөчү тарабынан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн иш-аракеттердин тартиби, ошондой эле талап кылынган бардык документтердин үлгүлөрү жана формалары Борбордун маалымат такталарында жана агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жайгаштырылат жана өз убагында жаңыланып турат |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөөнүн негизинде көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигинин буйругу менен бекитилет. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы баалардын прейскурантында чагылдырылат, ал кызмат көрсөтүү жерлеринде маалымат такталарына жана агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат жана өз убагында жаңыланып турат |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн санатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, мүлк жана башка ынанымы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү электрондук форматта маалымат алмашуу жана даяр жыйынтык жөнүндө кабарлоо стадиясында гана жарым-жартылай көрсөтүлүшү мүмкүн |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет: - арыз ээсинин ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына шайкеш келбестиги; - керектөөчү ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди толук бербегенде; - продукциянын курамында Кыргыз Республикасында пайдаланууга тыюу салынган заттарды жана материалдарды колдонуу; - арыз ээси тарабынан анык эмес маалыматтар берилгенде; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы төлөнбөгөндө |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен Борбордун, агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун, датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт. Даттануулар жана дооматтар Борбордун, агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана арыз ээсине жоопту жиберүүнүн мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси Борбордун, агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес каралып туруусу керек |
";
- "Башка кызмат көрсөтүү тармагында" VI бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 6-бап менен толукталсын:
"
6. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Суу пайдалануучуларга суу берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 9-бап, 1-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Агроөнөр жай комплекси, анын ичинде мал чарба, балык чарба (аквакультура), өсүмдүк өстүрүү, өсүмдүктөрдүн карантини, жерди мелиорациялоо, жердин күрдүүлүгү, жер жана суу ресурстары, ирригациялык жана мелиорациялык инфраструктура, тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай чөйрөлөрүндө мамлекеттик саясатты жүргүзгөн аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган), Суу ресурстарын, ирригациялык жана мелиорациялык инфраструктура объекттерин башкаруучу, алардын абалына жана пайдаланылышына мониторинг жүргүзүүчү жана жөнгө салуучу, бирдиктүү мамлекеттик суу саясатын ишке ашыруу боюнча аткаруучу-тескөөчү жана координациялоочу функцияларды жүргүзүүчү Суу чарба жана мелиорация департаменти (мындан ары -Департамент) жана анын аймактык бөлүмдөрү. Аймактык бөлүмдөрдүн тизмеси, байланыш маалымат жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты Департаменттин, анын аймактык бөлүмдөрүнүн маалымат такталарына жана агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Сугат жерлерин пайдалануу укугуна акты бар жеке жана юридикалык жактар, суу пайдалануучулар, ошондой эле өнөр жай керектөөчүлөр жана энергетика секторунун ишканалары |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын Суу кодекси (5-бап); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" (4-тиркеме); - 2011-жылдын 6-июлундагы № 372 "Суу пайдалануучуларга мамлекеттик суу чарба системаларынан суу берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнүн 2011-жылга карата тарифтерин бекитүү жөнүндө" |
5 | Көpcөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Керектөөчүлөрдү сугат суу менен суу пайдалануу планына жана өтүнмөлөрдүн негизинде суунун талап кылынган көлөмүнө ылайык камсыздоо |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Суу берүү керектөөчүлөрдүн келишимдерине/өтүнмөлөрүнө ылайык түздөн-түз жеринде (ирригациялык тармактарда) жүзөгө ашырылат. Кызмат көрсөтүү (келишим, өтүнмө) төмөнкүдөй шарттарда таризделет: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген имаратта; - жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга тоскоолдуксуз кирүүсү (ажаткана, жуунуучу бөлмөлөр), анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн (мындан ары - ДМЧА), кармагыч, пандустар менен жабдылган имарат, жайлар; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттарда күтүү үчүн жерлер, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияга кошулууга мүмкүн болбосо - короо ичиндеги), жылуусу, суу түтүктөрү жана телефон болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Керектөөчүдөн өтүнмөнү кабыл алуу үчүн чектелген убакыт - 15 мүнөт. Өтүнмө таризделген күндөн тартып кызмат 3 жумушчу күндүн ичинде көрсөтүлөт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндөгү маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтынан: www.agroprod.kg; - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, Департаментке жана анын аймактык бөлүмдөрүнө жеке кайрылганда; - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, Департаменттин жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн маалымат такталарынан, брошюраларынан, буклеттеринен. Агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, Департаментте жана анын аймактык бөлүмдөрүндө жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты (www.agroprod.kg); - маалыматтык такта, брошюра, буклет; - жекече кайрылуу жана телефон аркылуу байланышуу; - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректери, телефон номерлери, электрондук почтанын даректери жана иштөө режимдери, мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты менен бирге Департаменттин жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн такталарына, агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, Департаментте жана анын аймактык бөлүмдөрүндө кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктерине маалымат тактача илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген табличкалары (бейдж) болот. Керектөөчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак-ниет, сыпайы, чыдамдуу, принциптүү, коюлган маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешкен адамын уга билүү, анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, жарандарга карата кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар үчүн (ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада берилет |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Арыз ээси жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат алуу үчүн вегетациялык мезгил башталганга чейин мамлекеттик суу чарба системаларынан суу берүү боюнча кызмат көрсөтүүгө типтүү келишим түзүп, төмөнкү документтерди көрсөтүү зарыл: - жер участогуна (үлүшкө) болгон жеке менчик укугу жөнүндө күбөлүгү; же - юридикалык жактын мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүгү; - инсандыгын тастыктаган документ (паспорт). Юридикалык жактар анын өкүлүнүн ыйгарым укуктарын тастыктаган документин (ишеним кат) берет. Суу алуу үчүн табыштама, кызмат көрсөтүүнү алганга чейин 3 жумуш күн эрте берилет. Табыштаманы тариздөөдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт: - мамлекеттик суу чарба системаларынан суу берүү боюнча кызмат көрсөтүүгө типтүү келишим; - кызмат көрсөтүү үчүн алдын ала акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция (алдын ала төлөмдүн пайызы келишимде көрсөтүлөт); - инсандыгын тастыктаган документ ( паспорт). Юридикалык жактар анын өкүлүнүн ыйгарым укуктарын тастыктаган документин (ишеним кат) берет. Кызмат көрсөтүү үчүн акы иш жүзүндө аткарылгандан кийин төлөнөт. Керектөөчү тарабынан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн иш-аракеттердин тартиби, ошондой эле зарыл болгон бардык документтердин үлгүлөрү жана формалары агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, Департаменттин жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн маалымат такталарына жана сайттарына жайгаштырылат жана өз убагында жаңыланып турат |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөөнүн негизинде көрсөтүлөт. Кызмат көрсөтүүнүн баасы (тарифтери) монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 40-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы жөнүндө маалымат кызмат көрсөтүү жерлеринде маалымат такталарына жана Департаменттин, агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат жана өз убагында жаңыланып турат |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, мүлк жана башка ынанымы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Көрсөтүлбөйт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет: - арыз ээсинин ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына шайкеш келбестиги; - керектөөчү ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди толук бербегенде; - суу алууга же башка адамдын атынан чыгууга укугу жок болгондо; - форс-мажор жагдайлар (сел агымдары, суу ташкындары; өрт өчүрүүдө, кургакчыл жана суу аз болгон жылдары белгиленген лимитке ылайык) |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен Департаменттин жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн, агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун, датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт. Даттануулар жана дооматтар Департаменттин жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн, агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана арыз ээсине жоопту жиберүүнүн мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси Департаменттин жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн, агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес каралып туруусу керек |
";
- "Коопсуздукту камсыз кылуу жана сактоо жаатында" VIII бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 12-бап менен толукталсын:
"
12. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоолорунда өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн, ошондой эле биостимуляторлордон биологиялык коргоо - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги) 8-бап, 3-пункт; |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Агроөнөр жай комплекси, анын ичинде мал чарба, балык чарба (аквакультура), өсүмдүк өстүрүү, өсүмдүктөрдүн карантини, жерди мелиорациялоо, жердин күрдүүлүгү, жер жана суу ресурстары, ирригациялык жана мелиорациялык инфраструктура, тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай чөйрөлөрүндө мамлекеттик саясатты жүргүзгөн аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган), Кыргызагробиоборбору жана анын аймактык бөлүмдөрү Аймактык бөлүмдөрдүн тизмеси, байланыш маалыматы жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты Кыргызагробиоборборунун маалымат такталарына жана агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | 18 жашка чыккан жеке жактар жана юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | "Өсүмдүктөрдү коргоо жана химиялаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (1, 10-беренелери); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө токтому (13-тиркеме) |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Зыянкечтерге, илдеттерге жана отоо чөптөргө каршы өсүмдүктөрдү дарылоо жана биоматериалды колдонуунун техникалык натыйжалуулугун эсептөө боюнча акт берүү |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү түзүлгөн келишимдин шартына ылайык айыл чарба жерлеринде, дачаларда жана башка өсүмдүктөр өскөн жерлерде керектөөчүлөргө көрсөтүлөт. Кызмат көрсөтүү (келишим) төмөнкүдөй шарттарда таризделет: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген имаратта; - жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга тоскоолдуксуз кирүүсү (ажаткана, жуунуучу бөлмөлөр), анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн (мындан ары - ДМЧА), кармагыч, пандустар менен жабдылган имарат жайлар; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттарда күтүү үчүн жерлер, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияга кошулууга мүмкүн болбосо - короо ичиндеги), жылуусу, суу түтүктөрү жана телефон болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Керектөөчүнү каттоо жана келишим түзүү үчүн чектелген убакыт - 30 мүнөт; Мамлекеттик кызмат көрсөтүү түздөн-түз талаада, айыл чарба өсүмдүктөрү зыянкечтерге жана илдеттерге чалдыккан участокто колдонулган коргоочу материалдарга жараша 1-30 күндүн ичинде жана дарылоодон кийин 30 күндүн ичинде байкоо жүргүзүлөт, кызмат көрсөтүүнүн убактысы жана мөөнөтү келишимде көрсөтүлөт. Биоматериалды колдонуунун техникалык натыйжалуулугун эсепке алуу боюнча актыны берүүгө чектелген убакыт - 30 мүнөт |
Кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндөгү маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтынан: www.agroprod.kg; - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, Кыргызагробиоборборуна жана анын аймактык бөлүмдөрүнө жеке кайрылганда; - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, Кыргызагробиоборборунун жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн маалымат такталарынан, брошюраларынан, буклеттеринен. Агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, Кыргызагробиоборборунда жана анын аймактык бөлүмдөрүндө жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты (www.agroprod.kg); - маалыматтык такта, брошюра, буклет; - жекече кайрылуу жана телефон аркылуу байланышуу; - агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректери, телефон номерлери, электрондук почтанын даректери жана иштөө режимдери, мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты менен бирге Кыргызагробиоборборунун жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн такталарына, агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, Кыргызагробиоборборунда жана анын аймактык бөлүмдөрүндө кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктерине маалымат тактача илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген табличкалары (бейдж) болот. Керектөөчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак-ниет, сыпайы, чыдамдуу, принциптүү, коюлган маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешкен адамын уга билүү, анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, жарандарга карата кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар үчүн (ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада берилет |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Арыз ээси жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу боюнча келишим түзүп, кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөө зарыл: Керектөөчү төмөнкүлөрдү берет: 1) жеке жактар үчүн - керектөөчүнүн (ыйгарым укуктуу адамдын) инсандыгын тастыктоочу документтин көчүрмөсүн, мында салыштырып текшерүү үчүн түп нускасы көрсөтүлөт же нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн; 2) юридикалык жактар үчүн - юридикалык жакты каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн, мында салыштырып текшерүү үчүн түп нускасы көрсөтүлөт же нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн; - кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнгөн фактысын тастыктоочу документ (квитанция, чек). Керектөөчүгө мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө келишимдин нускасы, коштомо кагаз жана кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция берилет. Керектөөчү тарабынан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн иш-аракеттердин тартиби, ошондой эле зарыл болгон бардык документтердин үлгүлөрү жана формалары Кыргызагробиоборборунун кызмат көрсөтүлүүчү жердеги маалымат такталарына жана агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайттарына жайгаштырылат жана өз убагында жаңыланып турат |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөөнүн негизинде көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигинин буйругу менен бекитилет. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы баалардын прейскурантында чагылдырылат, ал кызмат көрсөтүү жерлеринде маалымат такталарына жана агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат жана өз убагында жаңыланып турат. Акы төлөө накталай же которуу жолу менен жүргүзүлөт |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, мүлк жана башка ынанымы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу; жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Көрсөтүлбөйт |