Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-июну № 294
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна киргизилүүчү ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
- I бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 94-бап менен толукталсын:
"
94. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Медицина мекемелери тарабынан залдарды жана бөлмө-жайларды, ошондой эле жабдууларды, инвентарларды (профилдик жабдуулар менен инвентарлардан тышкары) берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 1-бап, 108-1-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук орган (мындан ары - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); Республикалык илимий медициналык китепкана (мындан ары - РИМК) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жеке жана юридикалык жактар, чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, ошондой эле чет элдик катышуусу бар юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө"; - "Китепкана иши жөнүндө" |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Ар кандай иш-чараларды, конференция, көргөзмө, тегерек столдор, семинарлар ж.б. уюштуруу жана өткөрүү |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - бардык адамдар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) кирүүгө тоскоолдугу жок пандус, кармоочтор менен жабдылган белгиленген стандарттык ченемдерге жооп берген имараттарда; Имарат күтүүчү орундар, ажаткана (борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулган), жылуулук, суу түтүгү, телефон менен камсыздалган. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Келишимди тариздөө убактысы - 30 мүнөткө чейин. Тейлөө кызматын көрсөтүүнүн узактыгы 1 күндөн 5 күнгө чейин (келишимдин шарттарына ылайык) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын коомдук кабылдамаларынан; - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.med.kg жана РИМКнын www.rnmb.med.kg сайттарынан; - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана РИМКга жеке кайрылуу аркылуу; - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын маалыматтык такталарынан, брошюралардан, буклеттерден. Жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана РИМКда жарандарды кабыл алуу, алар кайрылган күнү төмөнкү дарек боюнча: 720040, Бишкек ш., Тоголок Молдо көчөсү, 1, байланыш телефону 66-05-21; иштөө убактысы: дүйшөмбү-жума с. 9.00дөн с. 18.00гө чейин, түшкү тыныгуу с. 12.30дан c. 13.30га чейин, эс алуу күндөрү ишемби-жекшемби жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - жалпыга маалымдоо каражаттары (гезиттер, радио, телекөрсөтүү); - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.med.kg жана РИМКнын www.rnmb.med.kg расмий сайттары; - маалымат такталар, буклеттер жана брошюралар; - жеке жана телефон боюнча кайрылуу; - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын коомдук кабылдамалары; Даректер, телефон номерлери жана иш режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары менен кошо, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын такталарына жана сайттарына жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | РИМКнын кабинеттеринин эшиктеринде маалыматтык табличкалар болот. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, чыдамдуу, принциптүү болуу, коюлган маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешкен адамын уга билүү, анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, жарандарга карата кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчү төмөнкүлөрдү аткарышы зарыл: - РИМКнын директорунун атына белгиленген формадагы арыз жазууга; - паспорт берүүгө (жеке жак үчүн); - уюмдун атынан анын таламын көрсөтүүгө укук ырастоочу ишеним кат берүүгө, уюмдун мөөрүн өзү менен кошо алып жүрүүгө (юридикалык жак үчүн); - кызмат көрсөтүү тууралуу келишимди түзүүгө жана кол коюуга. Келишимге кол коюлгандан кийин, керектөөчү акы төлөшү керек. Акы Кыргыз Республикасынын каалаган банк мекемелеринде накталай эмес эсептешүү (же мекеменин кассасында накталай) боюнча төлөнөт |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөө негизинде көрсөтүлөт. РИМКнын бааларынын прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында чагылдырылат, ал жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын сайттарында жайгаштырылат |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулар жана сунуштар китебинин жеткиликтүү жерде болуусу |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүү ыкмалары, анын электрондук форматта кызмат көрсөтүү өзгөчөлүгү | Кызмат электрондук форматта, жарым-жартылай көрсөтүлөт: керектөөчүлөр hr@chsd.med.kg электрондук почтасы аркылуу өтүнмө калтыра алат |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга негиздер: - кызмат көрсөтүүгө кайрылган жактын, аны алууга укугунун же башка жактын атынан иштөөгө ыйгарым укугунун жоктугу; - тапшырылган документтердин ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга шайкеш келбестиги (керектүү документтердин толук берилбеген жана/же туура эмес толтурган учурда каталарды оңдоо жана документтерди чогултуу үчүн убакыт берүү); - керектөөчү каалаган убакытка жабдуулар, инвентарлар жана залдар бош болбогон учурда |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбеген учурда арыз ээси 30 календардык күндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын жетекчилигине кайрылууга укуктуу. Административдик даттануу төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: 1) даттануу берилген административдик органдын аталышын; 2) административдик даттанууну берүүчү адамдын аты-жөнүн, анын дарегин; 3) юридикалык жактын атынан административдик даттанууну берүүчү адамдын аты-жөнүн, анын кызматын жана юридикалык жактын турган ордун, юридикалык жактын толук аталышын; 4) административдик даттануунун маңызын; 5) административдик даттанууну берген адамдын талабын; 6) административдик даттанууга тиркелүүчү документтердин тизмегин; 7) административдик даттануу берилген күндү, айды жана жылды; 8) административдик даттанууну берген адамдын колун; 9) юридикалык жактын атынан административдик даттанууну берген адамдын колун жана юридикалык жактын мөөрүн (бар болсо). Эгерде административдик даттануу аталган талаптарга шайкеш келбесе, ошондой эле административдик даттануу тиешеси жок адам тарабынан даттануу тартибин сактабастан жана даттанууга берилген мөөнөт өтүп кеткенден кийин берилсе, административдик орган административдик даттанууну карабайт жана административдик даттанууну берген жакка даттанууга жалпы мөөнөттүн чектериндеги убакытка кемчиликтерди жоюу үчүн берет. Кемчиликтер жоюлбаган учурда, административдик даттануу жол берилгис деп таанылат жана канааттандырылбастан калтырылат. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 календардык күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт. Административдик даттануу жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын жетекчилиги тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте каралат. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты, үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек. Стандартта ошондой эле аны кайра кароонун кыска мөөнөттөрү каралышы мүмкүн |
";
- III бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 81-84-баптар менен толукталсын:
"
81. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Дары-дармек каражатына жана медицина багытындагы буюмга каттоо күбөлүгүнүн жуп нускасын берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги) 4-бап, 97-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук орган (мындан ары - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаменти (мындан ары - Департамент) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Дары каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды өндүрүүчүлөр (чет өлкөлүк жана ата мекендик), ошондой эле дары каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды иштеп чыгуучу уюмдун тапшырмасы боюнча арыз ээлери |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө"; - "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө". Техникалык регламенттер: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 137 токтому менен бекитилген "Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө"; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 74 токтому менен бекитилген "Медициналык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жөнүндө"; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 113 токтому менен бекитилген "Медициналык импланттардын коопсуздугу жөнүндө"; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 173 токтому менен бекитилген "Жасалма шарттарда (in vitro) лабораториялык дарт табуу үчүн медициналык жана ветеринардык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жөнүндө" |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Дары каражаттарына жана медициналык багыттагы буюмдарга каттоо күбөлүгүнүн жуп нускасы (мындан ары - ДК жана МББ) |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Департамент кызмат көрсөтүүнү "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча жүргүзөт. Имараттарда керектөөчүлөргө күтүү үчүн зарыл болгон шарттар түзүлгөн: гардероб, күтүүчү орундар, телефон, ажаткана, жуунуучу бөлмөлөр. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүнө телефон аркылуу адистер тарабынан алдын ала консультация берилүүсү мүмкүн. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, оорук эмгекчилери, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Керектөөчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат. Арыз ээлери өтүнмөнү электрондук форматта онлайн режиминде бере алышат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | а) Каттоо күбөлүгүнүн жуп нускасын алууга арыз берүү - 1 күн; б) каттоо күбөлүгүнун жуп нускасын берүү боюнча иштерди жүргүзүү - 1 күн, түшүндүрмө берүү жана акы төлөөгө эсепти коюу; в) каттоо күбөлүгүнүн жуп нускасын берүүнүн жалпы узактыгы - 1-2 күн |
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: Төмөнкү дарек боюнча Департаментте: 720044, Бишкек ш., 3-Линия көч., 25, байланыш телефондору: 21-92-71, 21-93-01; иштөө убактысы: дүйшөмбү-жума 8.30дан 17.30га чейин, түшкү тыныгуу: 12.00дөн 13.00гө чейин, эс алуу күндөрү - ишемби, жекшемби. Керектөөчүлөр үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө төмөнкүдөй түрдө маалымат берилет: - жазуу жүзүндө; - ооз эки түрдө (телефон аркылуу, адис менен жеке байланышуу менен). Арыздын үлгүлөрү жана кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат Департаменттин маалыматтык такталарында жайгашкан. Каттоо күбөлүгүнүн жуп нускасынын даярдыгы жөнүндө арыз ээсине электрондук түрдө билдирүү каралган |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - Департаменттин www.pharm.kg маалымат сайтынан; - Департаменттин маалыматтык тактасынан; - жазуу жүзүндө билдирүү аркылуу (жазуу жүзүндөгү суроо-талапка жооп); - оозеки түрдө: жеке кайрылуу, телефон аркылуу; - басма сөз аркылуу; - электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
3. Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, чыдамдуу, принциптүү болуу, коюлган маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө умтулуу, маектешкен адамын уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, жарандарга карата кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке маалыматтарды коргоонун жалпыга таанылган стандарттарын сактайт. Купуялуулуктун принциптерин сактоо юридикалык талаптарды, мамлекеттик органдардын, улуттук коопсуздуктун же коомдук кызыкчылыктардын талаптарын аткарууга зарыл болгон деңгээлде чектелүүсү мүмкүн. Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилет |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | ДКнын жана ММБнын каттоо күбөлүгүнүн жуп нускасын берүү жөнүндө өндүрүүчү заводдон же каттоо күбөлүгүн кармоочусунан арыз; - ДК жана МББ каттоо күбөлүгүнүн жуп нускасы үчүн акы төлөнгөндүгү тууралуу квитанция |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүү Департамент тарабынан Кыргыз Республикасынын монополияга каршы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган кызмат көрсөтүүнүн наркынын прейскурантына ылайык акы төлөмө негизинде көрсөтүлөт. Кызмат көрсөтүүнүн наркы жөнүндө маалымат Департаменттин www.pharm.kg сайтында, маалымат тактачасында жайгаштырылат, ошондой эле керектөөчүнү жеке кабыл алуу учурунда суроо-талабы боюнча, кат аркылуу суроо-талабы боюнча, телефон аркылуу берилет |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - колдонуучу үчүн актуалдуулугу; - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убагында болуусу; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы; - кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө зарыл болгон документтерди толтурууга жардам көрсөтүү жана консультация берүү |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүү ыкмалары, анын электрондук форматта кызмат көрсөтүү өзгөчөлүгү | Бул кызмат көрсөтүү электрондук форматта ДКнын жана ММБнын каттоо күбөлүгүнүн жуп нускасын берүү тууралуу арыздын негизинде көрсөтүлөт. Каттоо күбөлүгүнүн жуп нускасынын даярдыгы жөнүндө арыз ээсине электрондук формада билдирүү каралган |
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Каттоо күбөлүгүнүн дубликатын берүүдөн баш тартууга негиздер: - арыздын же ишеним каттын өндүрүүчү заводдун өзүнөн же каттоо күбөлүгүнүн кармоочусунан (башка жактан) берилбегендиги, арызда коюлган колдордун, мөөрдүн жоктугу; - акы төлөөдөн баш тартуу |
17 | Даттануу тартиби | ДКнын жана ММБнын каттоо күбөлүгүнүн жуп нускасын берүүдөн баш тартуу чечимине Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен бекитилген тартипте баш тартуу жөнүндө билдирмени алгандан кийин 30 жумуш күндүн ичинде даттанылышы мүмкүн. Административдик даттануу төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: 1) өндүрүүчүнүн же каттоо күбөлүгүн кармоочунун аталышын; 2) ДКнын ММБнын аталышын; 3) өндүрүүчүнүн же каттоо күбөлүгүн кармоочунун атынан административдик даттанууну берүүчү адамдын аты-жөнүн, анын кызматын жана юридикалык жактын турган ордун; 4) административдик даттануунун маңызын; 5) административдик даттанууга тиркелүүчү документтердин тизмегин; 6) административдик даттануу берилген күндү, айды жана жылды; - юридикалык жактын атынан административдик даттанууну берген адамдын колун, юридикалык жактын мөөрүн. Административдик даттануу баш тартуу жөнүндө чечимдин мыйзамдуулугуна ылайык каралат. Административдик даттанууну кароонун натыйжасы боюнча арызды канааттандыруу же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 137 "Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентке ылайык негиздөө менен баш тартуу жөнүндө чечимди өзгөртүүсүз калтыруу жөнүндө чечим кабыл алынат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты бузулган учурларда керектөөчүлөр түздөн-түз же өздөрүнүн өкүлдөрү аркылуу кызматкерлердин аракетин (аракетсиздигин) жазуу түрүндө жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, Департаментте даттанууга укуктуу. Мамлекеттик органдардын сотко чейинки кароо тартибинде кабыл алынган чечимдери канааттандырбаган учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрү сот органдарына кайрылууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолкудан кем эмес кайра каралат. Зарылдыгына жараша стандарт менен аны кайра кароонун кыска мөөнөттөрү каралышы мүмкүн |
82. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Дары-дармек каражаттарына жана медицина багытындагы буюмдарга шайкештик сертификатын берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 4-бап, 98-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында мамлекеттик саясат жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук орган (мындан ары жарандардын саламаттыгын сактоо боюнча укуктуу мамлекеттик орган); Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаменти (мындан ары - Департамент) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Дары каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды өндүрүү жана реализациялоо боюнча ишкердикти жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: - "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө"; - "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө"; - "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө"; - "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө". Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 2006-жылдын 11-январындагы № 8 "Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон продукцияларды Кыргыз Республикасынын аймагына жүгүртүү үчүн алып келүүнүн тартиби жана Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары алынган продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоонун натыйжаларын таануу жөнүндө"; - 2010-жылдын 25-мартындагы № 178 "Шайкештик сертификатынын жана шайкештик жөнүндө декларациянын бланктарынын жаңы үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө". Техникалык регламенттер: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 137 токтому менен бекитилген "Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө"; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 74 токтому менен бекитилген "Медициналык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жөнүндө"; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 173 токтому менен бекитилген "Жасалма шарттарда (in vitro) лабораториялык дарт табуу үчүн медициналык жана ветеринардык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жөнүндө"; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 113 токтому менен бекитилген "Медициналык импланттардын коопсуздугу жөнүндө" |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Сыноолорду өткөрүү менен шайкештик сертификаты, таануу жол-жобосун колдонуу менен шайкештик сертификаты |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Департамент кызмат көрсөтүүнү "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча жүргүзөт. Имараттарда керектөөчүлөргө күтүү үчүн зарыл болгон шарттар түзүлгөн: гардероб, күтүүчү орундар, телефон, ажаткана, жуунуучу бөлмөлөр. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүнө телефон аркылуу адистер тарабынан алдын ала консультация берилүүсү мүмкүн. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, оорук эмгекчилери, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Керектөөчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат. Арыз ээлери өтүнмөнү электрондук форматта онлайн режиминде бере алышат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Сертификациялоо боюнча иштин узактыгы төмөнкү убакытты түзөт: 1. Милдеттүү сертификациялоо жол-жоболору боюнча: а) өтүнмөлөрдү жана документтерди кабыл алуу - 1 күн (өтүнмөлөрдү кабыл алуу электрондук форматта онлайн режиминде); б) сертификациялоо боюнча иштерди жүргүзүү - 10 жумуш күн, үлгүлөрдү тандап алуу, сыноо үчүн жана арыз ээсинин суроо-талаптарына жооп берүүгө кетүүчү убакытты кошпогондо; в) шайкештик сертификатын берүүнүн жалпы узактыгы - 11 жумуш күнү. 2. Таануу жол-жобосу боюнча: а) табыштамаларды жана документтерди кабыл алуу - 1 күн (өтүнмөлөрдү кабыл алуу электрондук форматта онлайн режиминде); б) таануу жол-жобо иштери боюнча - 2 жумуш күнү, үлгүлөрдү тандап алуу, сыноо үчүн жана арыз ээсинин суроо-талаптарына жооп берүүгө кетүүчү убакытты кошпогондо; в) шайкештик сертификатын берүүнүн жалпы узактыгы - 3 жумуш күнү |
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: Төмөнкү дарек боюнча Департаментте: 720044, Бишкек ш., 3 - Линия көч., 25, байланыш телефондору: 21-92-71, 21-93-01; иштөө убактысы: дүйшөмбү-жума 8.30дан 17.30га чейин, түшкү тыныгуу: 12.00дөн 13.00кө чейин, эс алуу күндөрү - ишемби, жекшемби. Керектөөчүлөр үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө төмөнкүдөй түрдө маалымат берилет: - жазуу жүзүндө; - ооз эки түрдө (телефон аркылуу, адис менен жеке байланышуу менен). Арыздын үлгүлөрү жана кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат Департаменттин маалыматтык такталарында жайгашкан |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - Департаменттин www.pharm.kg маалымат сайтынан; - Департаменттин маалыматтык тактасынан; - жазуу жүзүндө билдирүү аркылуу (жазуу жүзүндөгү суроо- талапка жооп); - оозеки түрдө: жеке кайрылуу аркылуу, телефон аркылуу; - e-mail: os_dlo@bk.ru электрондук почтасы аркылуу; - электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
3. Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, чыдамдуу, принциптүү болуу, коюлган маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешкен адамын уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, жарандарга карата кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке маалыматтарды коргоонун , жалпыга таанылган стандарттарын сактайт. Купуялуулуктун принциптерин сактоо юридикалык талаптарды, мамлекеттик органдардын, улуттук коопсуздуктун же коомдук кызыкчылыктардын талаптарын аткарууга зарыл болгон деңгээлде чектелүүсү мүмкүн. Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилет |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Сертификациялоону жүргүзүү үчүн: - сертификациялоого табыштама (милдеттүү же ыктыярдуу); Дары каражаттарын сертификациялоого табыштамага төмөнкүдөй документтер тиркелет: - Кыргыз Республикасынын жүктүк бажы декларациясы; - ташылып келүүчү продукция үчүн товар коштоочу документтер (коштомо кагаз, эсеп-фактура, инвойс); - дары каражатынын сапатын тастыктаган документтер (сапат тастыктамасы, анализ тастыктамасы, аналитикалык паспорт, өндүрүүчүнүн талдоосунун протоколу); - ташып келүгө контракт (келишим) (зарыл болсо); - товардык-транспорттук коштомо кагаз (сактоонун өзгөчө шартын талап кылган дары каражаттары үчүн); - дары каражатына ченемдик документ (зарыл болсо); - өндүрүүчүнүн техникалык документтери - өндүрүштүн абалы талданган схемалар үчүн; - өндүрүшкө Good Manufakturing Practice -Талаптагыдай өндүрүштүк практика (GMP) тастыктама же сапат менеджменти системасына тастыктама (бар болсо); - шайкештик сертификаты же шайкештик жөнүндө декларация, эгерде дары каражаттары продукцияны берүүчүлөр тарабынан күбөлөндүрүлгөн, дары каражаттарынын шайкештигин милдеттүү сертификациялоо киргизилген өлкөлөрдөн алынып келсе же Кыргыз Республикасынан сырткары жактан алынган дары каражаттарынын шайкештигин милдеттүү сертификациялоонун жыйынтыктарын таануу жол-жобосун өткөргөн учурда - ушул документтин түп нускасын кармоочу, нотариус же ошол документти берген сертификаттоо боюнча орган тарабынан; - сериянын жыйынды протоколу (иммунобиологиялык препараттар үчүн) (түп нускасы же өндүрүүчү күбөлөндүргөн көчүрмөсү); - сертификациялоо боюнча кызмат көрсөтүүгө акы төлөнгөндүгү тууралуу квитанция |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Дары каражаттарынын шайкештигин сертификациялоо үчүн кызмат көрсөтүүнүн наркы Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен прейскуранта ылайык бекитилет. Шайкештик сертификатын берүү боюнча кызмат көрсөтүүнүн наркы жөнүндө маалымат Департаменттин www.pharm.kg сайтында, ошондой эле маалымат тактачасында жайгаштырылган |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, арыз ээлери үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги; - маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - кызмат көрсөтүүлөрдү алуучу адамдарды жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - бийликтен аша чаппоо, арыз ээлеринен кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүгө берилген убакыттарга ылайык өз убагында көрсөтүү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө зарыл болгон документтерди толтурууга жардам көрсөтүү жана консультация берүү; - жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу; - көрсөтүлүүчү кызматтардын жогорку сапатын камсыз кылган сапат системасынын иштеши жана дайыма өнүктүрүү |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүү ыкмалары, анын электрондук форматта кызмат көрсөтүү өзгөчөлүгү | Кызмат көрсөтүү электрондук форматта, онлайн режиминде Департаменттин дары каражаттары боюнча бирдиктүү маалымат системасында (мындан ары - Департаменттин ДДКБМС) өтүнмөлөрдү кабыл алуу жана кароо, берилген документтерди экспертизалоо бөлүгүндө көрсөтүлөт. Арыз ээси арыз боюнча маалыматты Департаменттин ДДКБМС жана электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан көрө алат |
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу төмөнкүдөй учурларда ишке ашырылышы мүмкүн: 1) ушул стандарттын 12-пунктунда келтирилген документтер көрсөтүлбөгөндө; 2) кызмат көрсөтүүгө акы төлөөдөн баш тарткан учурда; 3) Департаменттин аккредитация аймагындагы билдирилген продукциялардын жок болушунда |
17 | Даттануу тартиби | ДКга жана МББга шайкештик тастыктамасын берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен бекитилген тартипте баш тартуу жөнүндө билдирмени алгандан кийин 30 жумуш күндүн ичинде даттанылышы мүмкүн. Даттануу төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: - өндүрүүчүнүн же каттоо күбөлүгүн кармоочунун аталышы; - ДКнын ММБнын аталышы; - өндүрүүчүнүн же каттоо күбөлүгүн кармоочунун атынан административдик даттанууну берүүчү адамдын аты-жөнүн, анын кызматын жана юридикалык жактын турган ордун; - даттануу предметин; - даттануу берилген күндү, айды жана жылды көрсөтүү; - юридикалык жактын атынан даттанууну берген адамдын колун жана юридикалык жактын мөөрүн. Административдик даттануу баш тартуу жөнүндө чечимдин мыйзамдуулугуна ылайык каралат. Даттанууну кароонун натыйжалары боюнча арызды канааттандыруу же баш тартуу жөнүндө чечимди өзгөртүүсүз калтыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 137 "Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентке ылайык негизделген чечим кабыл алынат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары бузулган учурларда керектөөчүлөр түздөн-түз же өздөрүнүн өкүлдөрү аркылуу кызматкерлердин аракетин (аракетсиздигин) жазуу түрүндө жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда даттанууга укуктуу. Сотко чейинки тартипте каралган мамлекеттик органдардын чечимдери канааттандырылбаган учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрү сот органдарына кайрылууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолкудан кем эмес кайра каралат. Зарылдыгына жараша стандарт менен кайра кароонун кыска мөөнөттөрү каралышы мүмкүн |
83. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Дары-дармек каражаттарына жана медицина багытындагы буюмдарга шайкештик сертификатынын көчүрмөсүн берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги) 4-бап, 99-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында мамлекеттик саясат жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук орган (мындан ары - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаменти (мындан ары - Департамент) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Дары каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды өндүрүү боюнча ишкердикти жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасындагы юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: - "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө"; - "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө"; - "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө"; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 639 "Продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө" токтому; - КMC 40.15-98 "Кырг.СТ. сертификаттоо системасы. Шайкештик сертификаттарын берүү жана коргоо тартиби" |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Дары каражаттарына жана медициналык багыттагы буюмдарга шайкештик сертификатынын көчүрмөсү (мындан ары - ДК жана МББ) |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Департамент кызмат көрсөтүүнү "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча жүргүзөт. Имараттарда керектөөчүлөргө күтүү үчүн зарыл болгон шарттар түзүлгөн: гардероб, күтүүчү орундар, телефон, ажаткана, жуунуучу бөлмөлөр. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүнө телефон аркылуу адистер тарабынан алдын ала консультация берилүүсү мүмкүн. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, оорук эмгекчилери, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Керектөөчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат. Арыз ээлери өтүнмөнү электрондук форматта онлайн режиминде бере алышат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | 1) арызды кабыл алуу - 1 күн (электрондук почтага келип түшкөн арыздарды кабыл алуу - 1 күн) 2) шайкештик сертификатынын көчүрмөсүн берүү - 1 күн. 3) шайкештик сертификатынын көчүрмөсүн берүүнүн жалпы узактыгы - 1 күн |
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: Төмөнкү дарек боюнча Департаментте: 720044, Бишкек ш., 3 - Линия көч., 25, байланыш телефондору: 21-92-71, 21-93-01; иштөө убактысы: дүйшөмбү-жума 8.30дан 17.30га чейин, түшкү тыныгуу: 12.00дөн 13.00кө чейин, эс алуу күндөрү - ишемби, жекшемби. Керектөөчүлөр үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө төмөнкүдөй түрдө маалымат берилет: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (телефон аркылуу, адис менен жеке байланышуу менен). Арыздардын үлгүлөрү жана кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат Департаменттин маалыматтык такталарында жайгашкан. Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты ар бир кайрылган жакка берүү кепилденет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - Департаменттин wwv.pharm.kg маалымат сайтынан; - Департаменттин маалыматтык тактасынан; - жазуу жүзүндө билдирүү аркылуу (жазуу жүзүндөгү суроо-талапка жооп); - оозеки түрдө: жеке кайрылуу аркылуу, телефон аркылуу; - e-mail: os_dlo@bk.ru электрондук почтасы аркылуу; - электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
3. Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, чыдамдуу, принциптүү болуу, коюлган маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө умтулуу, маектешкен адамын уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, жарандарга карата кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Департамент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке маалыматтарды коргоонун жалпыга таанылган стандарттарын сактайт. Купуялуулуктун принциптерин сактоо юридикалык талаптарды, мамлекеттик органдардын, улуттук коопсуздуктун же коомдук кызыкчылыктардын талаптарын аткарууга зарыл болгон деңгээлде чектелүүсү мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсүнөн эркин формада, шайкештик сертификатынын суралган көчүрмөлөрүнүн саны көрсөтүлгөн арыз; - шайкештик сертификатынын көчүрмөсүнө акы төлөнгөндүгү тууралуу квитанция |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Дары каражаттарынын шайкештик сертификатынын көчүрмөсүн берүү кызмат көрсөтүүнүн наркы Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен прейскурантка ылайык бекитилет. Шайкештик сертификатынын көчүрмөсүн берүү боюнча кызмат көрсөтүүнүн наркы жөнүндө маалымат Департаменттин www.pharm.kg сайтында, ошондой эле маалымат тактачасында жайгаштырылган |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, арыз ээлери үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги; - маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - кызмат көрсөтүүлөрдү алуучу адамдарды жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - бийликтен аша чаппоо, арыз ээлеринен кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүгө берилген убакыттарга ылайык өз убагында көрсөтүү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө зарыл болгон документтерди толтурууга жардам көрсөтүү жана консультация берүү; - жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу, ишеним телефонунун линиясынын иштөөсү; - көрсөтүлүүчү кызматтардын жогорку сапатын камсыз кылган сапат системасынын иштеши жана дайыма өнүктүрүү |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүү ыкмалары, анын электрондук форматта кызмат көрсөтүү өзгөчөлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсүнөн арыз электрондук форматта www: os_dlo@bk.ru электрондук почтасына жөнөтүлүшү мүмкүн |
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу төмөнкүдөй учурларда ишке ашырылышы мүмкүн: 1) ушул стандарттын 12-пунктунда келтирилген документтер көрсөтүлбөгөндө; 2) кызмат көрсөтүүгө акы төлөөдөн баш тарткан учурда |
17 | Даттануу тартиби | ДКга жана МББга шайкештик сертификатынын көчүрмөсүн берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен бекитилген тартипте баш тартуу жөнүндө билдирмени алгандан кийин 30 жумуш күндүн ичинде даттанылышы мүмкүн. Даттануу төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: - өндүрүүчүнүн же каттоо күбөлүгүн кармоочунун аталышы; - ДКнын ММБнын аталышы; - өндүрүүчүнүн же каттоо күбөлүгүн кармоочунун атынан административдик даттанууну берүүчү адамдын аты-жөнүн, анын кызматын жана юридикалык жактын турган ордун; - даттануу предметин; - даттанууга тиркелүүчү документтердин тизмегин; - даттануу берилген күндү, айды жана жылды көрсөтүү; - юридикалык жактын атынан даттанууну берген адамдын колун жана юридикалык жактын мөөрүн. Даттануу баш тартуу жөнүндө чечимдин мыйзамдуулугуна ылайык каралат. Даттанууну кароонун натыйжалары боюнча арызды канааттандыруу же баш тартуу жөнүндө чечимди өзгөртүүсүз калтыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 137 "Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентке ылайык негизделген чечим кабыл алынат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары бузулган учурларда керектөөчүлөр түздөн-түз же өздөрүнүн өкүлдөрү аркылуу кызматкерлердин аракетин (аракетсиздигин) жазуу түрүндө жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, Департаментте даттанууга укуктуу. Сотко чейинки тартипте каралган мамлекеттик органдардын чечимдери канааттандырбаган учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрү сот органдарына кайрылууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолкудан кем эмес кайра каралат. Зарылдыгына жараша стандарт менен кайра кароонун кыска мөөнөттөрү каралышы мүмкүн |
84. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Дары-дармек каражаттарына жана медицина багытындагы буюмдарга шайкештик сертификатынын жуп нускасын берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги) 4-бап, 100-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук орган (мындан ары жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаменти (мындан ары - Департамент) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Дары каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды өндүрүү боюнча ишкердикти жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасындагы юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: - "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө"; - "Медициналык буюмдарды жугүртүү жөнүндө"; - "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө"; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 137 токтому менен бекитилген "Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламент |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Дары каражаттарына жана медициналык багыттагы буюмдарга шайкештик сертификатынын жуп нускасы (мындан ары - ДК жана МББ) |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Департамент кызмат көрсөтүүнү "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча жүргүзөт. Имараттарда керектөөчүлөргө күтүү үчүн зарыл болгон шарттар түзүлгөн: гардероб, күтүүчү орундар, телефон, ажаткана, жуунуучу бөлмөлөр. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүнө телефон аркылуу адистер тарабынан алдын ала консультация берилүүсү мүмкүн. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улүу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, оорук эмгекчилери, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Керектөөчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат. Арыз ээлери өтүнмөнү электрондук форматта онлайн режиминде бере алышат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | а) шайкештик сертификатынын жуп нускасын алууга арызды кабыл алуу - 1 күн (электрондук почтага келип түшкөн арыздарды кабыл алуу - 1 күн) б) шайкештик сертификатынын жуп нускасын берүү боюнча иштерди жүргүзүү - 1 күн, партиянын калдыктарынын санын тактоого, сактоо шарттарын текшерүүгө жана лабораториялык сыноолорду (зарыл болсо) жүргүзүүгө кетүүчү убакытты кошпогондо |
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: Төмөнкү дарек боюнча Департаментте: 720044, Бишкек ш., 3 - Линия көч., 25, байланыш телефондору: 21-92-71, 21-93-01; иштөө убактысы: дүйшөмбү-жума 8.30дан 17.30га чейин, түшкү тыныгуу: 12.00дөн 13.00кө чейин, эс алуу күндөрү - ишемби, жекшемби. Керектөөчүлөр үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө төмөнкүдөй түрдө маалымат берилет: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (телефон аркылуу, адис менен жеке байланышуу менен). Арыздардын үлгүлөрү жана кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат Департаменттин маалыматтык такталарында жайгашкан. Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты ар бир кайрылган жакка берүү кепилденет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - Департаменттин маалыматтык тактасынан; - жазуу жүзүндө билдирүү аркылуу (жазуу жүзүндөгү суроо-талапка жооп); - оозеки түрдө: жеке кайрылуу аркылуу, телефон аркылуу; - e-mail: os_dlo@bk.ru электрондук почтасы аркылуу; - электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
3. Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, чыдамдуу, принциптүү болуу, коюлган маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө умтулуу, маектешкен адамын уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, жарандарга карата кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Департамент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке маалыматтарды коргоонун жалпыга таанылган стандарттарын сактайт. Купуялуулуктун принциптерин сактоо юридикалык талаптарды, мамлекеттик органдардын, улуттук коопсуздуктун же коомдук кызыкчылыктардын талаптарын аткарууга зарыл болгон деңгээлде чектелүүсү мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсүнөн эркин формада, түп нусканын жоготуу/бузуу себептери көрсөтүлгөн арыз; - жалпыга маалымдоо каражаттарына ылайык шайкештик сертификатынын жоголгондугу тууралуу кулактандыруунун көчүрмөсү; - шайкештик сертификатынын жуп нускасына акы төлөнгөндүгү тууралуу квитанция |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Дарынын шайкештик сертификатынын көчүрмөсүн берүү боюнча кызмат көрсөтүүнүн наркы Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен прейскурантка ылайык бекитилет. Шайкештик сертификатынын көчүрмөсүн берүү боюнча кызмат көрсөтүүнүн наркы жөнүндө маалымат Департаменттин www.pharm.kg сайтында, маалымат тактачасында жайгаштырылган |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, арыз ээлери үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги; - маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - кызмат көрсөтүүлөрдү алуучу адамдарды жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - бийликтен аша чаппоо, арыз ээлеринен кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүгө берилген убакыттарга ылайык өз убагында көрсөтүү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө зарыл болгон документтерди толтурууга жардам көрсөтүү жана консультация берүү; - жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу, ишеним телефонунун линиясынын иштөөсү; - көрсөтүлүүчү кызматтардын жогорку сапатын камсыз кылган сапат системасынын иштеши жана дайыма өнүктүрүү |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүү ыкмалары, анын электрондук форматта кызмат көрсөтүү өзгөчөлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсүнөн арыз электрондук форматта www: os_dlo@bk.ru электрондук почтасына жөнөтүлүшү мүмкүн |
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу төмөнкүдөй учурларда ишке ашырылышы мүмкүн: 1) ушул стандарттын 12-пунктунда келтирилген документтер көрсөтүлбөгөндө; 2) кызмат көрсөтүүгө акы төлөөдөн баш тарткан учурда |
17 | Даттануу тартиби | ДКга жана МББга шайкештик тастыктамасынын жуп нускасын берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен бекитилген тартипте баш тартуу жөнүндө билдирмени алгандан кийин 30 жумуш күндүн ичинде даттанылышы мүмкүн. Даттануу төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: - өндүрүүчүнүн же каттоо күбөлүгүн кармоочунун аталышы; - ДКнын ММБнын аталышы; - өндүрүүчүнүн же каттоо күбөлүгүн кармоочунун атынан административдик даттанууну берүүчү адамдын аты-жөнүн, анын кызматын жана юридикалык жактын турган ордун; - даттануу предметин; - даттанууга тиркелүүчү документтердин тизмегин; - даттануу берилген күндү, айды жана жылды; - юридикалык жактын атынан даттанууну берген адамдын колун жана юридикалык жактын мөөрүн. Даттануу баш тартуу жөнүндө чечимдин мыйзамдуулугуна ылайык каралат. Даттанууну кароонун натыйжалары боюнча арызды канааттандыруу же баш тартуу жөнүндө чечимди өзгөртүүсүз калтыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 137 "Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламентке ылайык негизделген чечим кабыл алынат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары бузулган учурларда керектөөчүлөр түздөн-түз же өздөрүнүн өкүлдөрү аркылуу кызматкерлердин аракетин (аракетсиздигин) жазуу түрүндө жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, Департаментте даттанууга укуктуу. Сотко чейинки тартипте каралган мамлекеттик органдардын чечимдери канааттандырбаган учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрү сот органдарына кайрылууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолкудан кем эмес кайра каралат. Зарылдыгына жараша стандарт менен кайра кароонун кыска мөөнөттөрү каралышы мүмкүн |
";
IV бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 35-37-баптар менен толукталсын:
"
35. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Дары-дармек каражаттарына жана медицина багытындагы буюмдарга медициналык колдонуу үчүн экспертиза жүргүзүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги) 5-бап, 47-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында мамлекеттик саясат жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук орган (мындан ары - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаменти (мындан ары - Департамент) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Дары каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды өндүрүүчүлөр (чет өлкөлүк жана ата мекендик), ошондой эле дары каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды иштеп чыгуучу уюмдун тапшырмасы боюнча арыз ээлери |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө"; - "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө". Техникалык регламенттер: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 137 токтому менен бекитилген "Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө"; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 74 токтому менен бекитилген "Медициналык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жөнүндө"; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 113 токтому менен бекитилген "Медициналык импланттардын коопсуздугу жөнүндө"; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 173 токтому менен бекитилген "Жасалма шарттарда (in vitro) лабораториялык дарт табуу үчүн медициналык жана ветеринардык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жөнүндө" |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Дары каражатына жана медициналык багыттагы буюмга (мындан ары - ДК жана МББ) каттоо күбөлүгүн 5 жылдык мөөнөткө берүү |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Департамент кызмат көрсөтүүнү "Бирдиктүу терезе" принциби боюнча жүргүзөт. Имараттарда керектөөчүлөргө күтүү үчүн зарыл болгон шарттар түзүлгөн: гардероб, күтүүчү орундар, телефон, ажаткана, жуунуучу бөлмөлөр. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүнө телефон аркылуу адистер тарабынан алдын ала консультация берилүүсү мүмкүн. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, оорук эмгекчилери, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Керектөөчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат. Арыз ээлери өтүнмөнү электрондук форматта онлайн режиминде бере алышат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Дары каражаттарын мамлекеттик каттоо жүргүзүү процесси төмөнкүдөй этаптардан турат: 1) арыздар, ДК үлгүлөрү жана стандарттык үлгүлөр - 10 календардык күн; 2) алгачкы экспертиза - 10 календардык күн; 3) адистештирилген экспертиза - 60 календардык күн; 4) аналитикалык экспертиза - 60 календардык күн; 5) буйруктун негизинде каттоо күбөлүгүн арыз ээсине берүү - 3 күн. Жалпы мөөнөт - 180 календардык күндөн ашпайт. Медициналык багыттагы буюмдарды мамлекеттик каттоодо төмөнкүдөй жол-жоболор ишке ашырылат: 1) арыздар, МББ үлгүлөрү - 10 календардык күн; 2) алгачкы экспертиза - 10 календардык күн; 3) адистештирилген экспертиза - 60 календардык күн; 4) техникалык экспертиза - 60 календардык күн; 5) буйруктун негизинде арыз ээсине каттоо күбөлүгүн берүү - 3 күн. Жалпы мөөнөт - 90 календардык күндөн ашпайт |
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: Төмөнкү дарек боюнча Департаментте: 720044, Бишкек ш., 3 - Линия көч., 25, байланыш телефондору: 21-92-71, 21-93-01; иштөө убактысы: дүйшөмбү-жума 8.30дан 17.30га чейин, түшкү тыныгуу: 12.00дөн 13.00кө чейин, эс алуу күндөрү - ишемби, жекшемби. Керектөөчүлөр үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө төмөнкүдөй түрдө маалымат берилет: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (телефон аркылуу, адис менен жеке байланышуу менен). Арыздардын үлгүлөрү жана кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат Департаменттин маалыматтык такталарында жайгашкан. - арыз ээсине каттоо досьесиндеги жетишпеген маалыматтар тууралуу электрондук форматта кат жөнөтүү каралган; - арыздарды кабыл алуу, эсепти берүү, экспертизанын жыйынтыктары боюнча суроо-талаптар, каттоо күбөлүгүн берүү жөнүндө маалымдоо электрондук форматта каралган |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - Департаменттин www.pharm.kg маалымат сайтынан; - Департаменттин маалыматтык тактасынан; - жазуу жүзүндө билдирүү аркылуу (жазуу жүзүндөгү суроо-талапка жооп); - оозеки түрдө: жеке кайрылуу аркылуу, телефон аркылуу; - Департаменттин сайтында онлайн режиминде жаңыртылып турган Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген дары каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын реестри жайгаштырылган. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
3. Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, чыдамдуу, принциптүү болуу, коюлган маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө умтулуу, маектешкен адамын уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, жарандарга карата кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Департамент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке маалыматтарды коргоонун жалпыга таанылган стандарттарын сактайт. Купуялуулуктун принциптерин сактоо юридикалык талаптарды, мамлекеттик органдардын, улуттук коопсуздуктун же коомдук кызыкчылыктардын талаптарын аткарууга зарыл болгон деңгээлде чектелүүсү мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Каттоо үчүн төлөм жөнүндө квитанция; ДК каттоодо төмөнкү документтер берилет: 1. 1 бөлүк. Администрациялык маалыматтар: 1) арыз (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 137 токтому менен бекитилген формага ылайык); 2) дары препаратынын кыскача мүнөздөмөсү (SPC-процесстерди статистикалык башкаруу) англис тилинде, орусча котормосу менен (алыскы чет мамлекеттик даярдоочу заводдордон берилет); 3) чыгарган өлкөдө дары каражатын каттоо жөнүндө сертификат (түп нускасы же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү); 4) башка өлкөлөрдө дары каражатын каттоо жөнүндө сертификаттын/каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү; 5) Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (БСУ) тарабынан сунуштаган форматта фармацевттик продуктуга сертификат (ДК үчүн - алыскы чет мамлекеттик даярдоочу заводдордон берилет); 6) эркин сатууга уруксат берүүчү сертификат (алыскы чет мамлекеттик даярдоочу заводдордон берилет); 7) Дары каражаттарын талаптагыдай өндүрүштүк практика (мындан ары - ТӨП) шарттарында чыгарууну күбөлөндүрүүчү сертификат (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү); 8) жаныбарлардан алынган затына карата дары каражатынын коопсуздугун (приондук) ырастоочу сертификат; 9) микроорганизмдин штаммына сертификат (вакцина чыгарууда пайдаланылуучу); 10) Кыргыз Республикасынын коргоо документтеринин ээсинин өзгөчө укуктарын бузуулар жоктугун ырастоочу документтин көчүрмөсү; 11) каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү (дары каражатын кайра каттоодо); 12) активдүү фармацевттик ингредиенттин сапат сертификаты (чыгаруучудан субстанцияны талдоо сертификаты, референс стандарттык үлгүлөр, Фармакопея монографияларына шайкештик сертификаты, талдоо протоколу, аналитикалык паспорт ж.б.); 13) дары каражатынын чыгарылган үч сериясына сапат сертификаты же чыгарылган бир серияга бир сертификат милдеттенмени коштоо менен алар жеткиликтүү болоор замат эки башка серияга сертификаттар берилет (бардык сертификаттар өндүрүштүн ар бир билдирилген орду боюнча берилүүгө тийиш); 14) дары каражатын медициналык колдонуу боюнча нускаманын долбоору (кагазда жана электрондук форматта); 15) маркалоосу менен биринчилик жана экинчилик таңгактардын түстүү макеттери (кагазда жана электрондук форматта); 16) дары каражатынын үлгүсү (акыркы түздөн-түз (ички) жана экинчилик (тышкы) таңгактардагы нускасы). Мындан ары дары каражатынын сапатын талдоо методун макулдашуу үчүн чыгарылган күнүн, сактоо мөөнөтүн жана шарттарын кошкондо, серияга сертификат менен дары каражатынын үлгүлөрүнүн кошумча нускалары, референс стандарттык үлгүлөр суралышы мүмкүн. II бөлүк. Химиялык, фармацевттик жана биологиялык документтер: 1) дары препаратынын сапаттык жана сандык курамы (таасир этүүчү, көмөкчү заттар, таблетканын кабыкчасынын же капсуланын тулкусунун курамы); 2) даярдоо методу (технологиялык процесс схемасы же технологиялык регламент долбоору); 3) өндүрүштүк формула; 4) өндүрүштүк процесс; 5) чет өлкөлүк чыгаруучулар үчүн өндүрүштүк процесстерди валидациялоо (ата мекендик чыгаруучулар үчүн - өндүрүштү баалоо); 6) таңгактоочу материал (ички/тышкы таңгак) жана таңгактоочу материалдардын сапатын регламенттөөчү документтер; 7) таасир этүүчү затка контролдоо методдору (фармакопеялыктан башка); 8) аралыктык каражаттардын сапатын контролдоо методдору (зарыл учурда); 9) акыркы каражаттын сапатын контролдоо методдору; 10) активдүү субстанцияларды идентификациялоо жана сандык аныктоо үчүн методдор; 11) идентификациялоо жана эксципиенттерди аныктоо; 12) активдүү субстанциялардын туруктуулугун аныктоо методикасы; 13) даяр дары-дармек препаратынын туруктуулугун аныктоо методикасы; 14) узак мөөнөттүү сактоодо (же кыска мөөнөттүү сактоодо) фармацевттик каражаттарды каттоого техникалык талаптарын гармонизациялоо боюнча эл аралык конференциянын туруктуулукту изилдөө боюнча колдонмосунун талаптары сакталган шартта жаңы препараттар үчүн 3төн кем эмес өнөр жайлык сериянын туруктуулугун сыноо натыйжалары, ата мекендик чыгаруучулар үчүн аталган маалыматтар жок болгон учурда тездетип сактоонун натыйжаларын берүүгө жол берилет; 15) сапатты жана дары каражатынын коопсуздугун контролдоо боюнча бекитилген ченемдик-техникалык документ, ага түшүндүрмө кат, дары препаратын сыноолор методикасын валидациялоо (фармакопеялык мeтoдикaлаpдaн башка), кагаз жана электрондук булактарда; 16) эрүү профили жөнүндө маалыматтар (катуу дозаланган дары формалары үчүн); 17) химиялык, фармацевттик, биологиялык документтер боюнча эксперттик отчет жана/же сапатты ырастоочу башка кошумча маалымат. III бөлүк. Фармакологиялык жана токсикологиялык документтер: 1) Уулуулук: - бир жолу киргизүүдө уулуулукту изилдөө; - кайталап киргизүүдө уулуулукту изилдөө; 2) репродуктивдүү функция (фертилдүүлүк жана репродуктивдүү функциянын жалпы мүнөздөмөсү); 3) эмбриоуулуулукка жана тератогендүүлүккө тиешелүү маалыматтар; 4) мутагендик потенциал; 5) канцерогендик потенциал; 6) фармакодинамика (жалпы фармакодинамика жана сунушталган көрсөткүчтөргө карата фармакодинамикалык натыйжалар); 7) дары-дармектик өз ара аракеттер; 8) фармакокинетиканы изилдөө боюнча маалыматтар; 9) жергиликтүү чыдамдуулук; 10) аллергендерге тиешелүү маалыматтар ж.б.у.с.; 11) генетикалык жактан модификацияланган микроорганизмдерди (ГМО) камтыган препараттардын айлана-чөйрө үчүн мүмкүн болгон коркунучтарына тиешелүү маалыматтар; 12) жаныбарлардан алынуучу дары препараттары үчүн бөлүмдө төмөнкүдөй кошумча маалыматтар берилиши керек: - чийки зат алынган жаныбарлардын түрү, жашы, рациону жөнүндө маалыматтар; - дары каражатын чыгаруу үчүн чийки зат алынган ткандын мүнөзү (категориясы) жөнүндө маалыматтар, приондорду кармоого тиешелүү анын коопсуздук көз карашынан алганда; - экстрагенттерди, температуралык режимди жана башкаларды көрсөтүү менен чийки затты иштетүүнүн технологиялык схемасы; - акыркы чөйрөдө приондорду аныктоо методдорун кошкондо баштапкы чийки затты контролдоо методдору (зарыл учурда). IV бөлүк. Клиникалык документтер: 1) клиникалык фармакология (фармакодинамика, фармакокинетика); 2) клиникалык тажрыйба: - арыз берилген препаратка клиникалык сыноолор (натыйжалуулукту изилдөө жана коопсуздук жөнүндө отчеттор); - пострегистрациялык тажрыйба (эгер ушундай бар болсо); - клиникалык тажрыйбага тиешелүү жарыяланган жана жарыяланбаган маалыматтар; 3) биоэквиваленттүүлүк боюнча маалыматтар (кайра чыгарылган дары каражаттары үчүн); 4) коопсуздук боюнча мезгилдүү жаңылануучу отчет (PSUR) (кайра каттоодо) же постэмдөөдөн кийинки күчөп кетүүлөр жөнүндө маалыматтар (иммунобиологиялык препараттар үчүн). 2. Кайра чыгарылган генерикалык дары каражатын каттоо жөнүндө маселени кароо үчүн I, II, III, IV бөлүктөр сунушталат. 3. Иммунобиологиялык препараттарды (вакциналарды) каттоо жөнүндө маселени кароо үчүн I, II, III, IV бөлүктөргө кайрылуу керек жана кошумча төмөнкүлөрдү берүү зарыл: 1) микроорганизмдерди өстүрүү үчүн субстраттардын жана азыктандыруучу чөйрөнүн мүнөздөмөсү; 2) микроорганизмди жумушчу өстүрүү сериясын текшерүү протоколу; 3) даяр вакциналык массаны тестирлөөнүн натыйжалары (микроорганизмдин титри, стерилдүүлүккө тест); 4) акыркы каражатты тестирлөө натыйжалары: - аныктыгы; - пирогендүүлүгү; - микроорганизмдин концентрациясы (титр); - коопсуздукка тест; - иммуногендүүлүккө тест; - майда лабораториялык жаныбарларга жүргүзүлүүчү бөтөн агенттерге тест; - калдык нымдуулук; - толтурулган ампуланы көрүнө кароо. 4. Адам канынан чыгарылган вакциналар үчүн, мисалы, В гепатитинин вирусунун сырткы антигени, төмөнкүлөр кошумча талап кылынат: - ВИЧ инфекцияга донорлордун канын тестирлөө натыйжаларын; - башка вирустардын болушуна тестирлөө натыйжаларын; - антигендин болушуна жана жалпы белокко тестирлөө натыйжаларын; - антигендин тазалыгына тестирлөө натыйжаларын; - стерилдүүлүккө тестирлөө натыйжаларын. 5. Иммунобиологиялык препараттарды (сывороткаларды, иммуноглобулиндерди жана кан препараттарын) каттоо жөнүндө маселени кароо үчүн I, II, III, IV бөлүктөргө кайрылуу керек жана кошумча төмөнкүлөрдү берүү зарыл: - ВИЧ инфекцияга донорлордун канын тестирлөө натыйжаларын; - гепатит вирусуна донорлордун канын тестирлөө натыйжаларын; - акыркы каражатка тестирлөө натыйжаларын; - бир түрдүүлүктү; - пирогендүүлүктү; - коопсуздукка тестти; - калдык нымдуулугун; - толтурулган ампуланы көрүнө кароону. 6. Биосимилярларды каттоо жөнүндө маселени кароо үчүн I, II, III, IV бөлүктөр жана төмөнкү кошумча маалыматтар берилет: - ВИЧ инфекцияга донорлордун канын тестирлөө натыйжаларын; - салыштырмалуу мүнөздөгү клиникага чейинки изилдөөлөр жөнүндө отчеттор; - биосимилярдын иммуногендиги, натыйжалуулугу жана коопсуздугу боюнча клиникалык изилдөөлөрдүн отчеттору; - постмаркетингдик мезгилде пайда/тобокелдин өз ара катыштыгын баалоого жана кыйыр таасирине талаптагыдай мониторингди камсыз кылуу үчүн табышталып жаткан препараттарга фармакокөзөмөл жана тобокелдиктерди башкаруу боюнча (иштеп чыгуу процессинде аныкталган жана потенциалдуу) маалымат; - "Кайра өндүрүлгөн биологиялык дары каражаты болуп эсептелет" деп көрсөтүү менен медициналык колдонуу боюнча нускама. 7. Көк кан тамырга саюуга арналган иммуноглобулиндер үчүн кошумча төмөнкүлөр талап кылынат: - гипотензивдүү активдүүлүккө тестирлөө натыйжалары; - антиген комплиментардык активдүүлүккө тестирлөө натыйжалары; - гемагглютининдерге тестирлөө натыйжалары; - нормалдуу иммуноглобулиндердин активдүүлүгүн сыноо натыйжалары; - спецификалык иммуноглобулиндердин активдүүлүгүн сыноо натыйжалары; - стерилдүүлүккө тестирлөө натыйжалары; - pH аныктоо (водороддук көрсөткүч); - туруктуулук. 8. Гомеопатиялык каражаттарды каттоо жөнүндө маселени кароо үчүн төмөнкүлөр берилет: - каттоого арыз; - көмөкчү заттарды көрсөтүү менен толук курамы; - гомеопатиялык каражаттын курамын негиздөө; - гомеопатиялык каражаттын курамына кирүүчү ар бир компоненттин мүнөздөмөсү; - гомеопатиялык каражаттын жыйынды маалымдамасы (мүнөздөмөсү); - чыгаруучу өлкөдө жана башка өлкөлөрдө каттоо жөнүндө сертификат (орус жана түп нусканын тилинде нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү); - чыгаруучу фирманын өлкөсүнүн расмий ыйгарым укуктуу органынын чыгарууга, сактоого жана эркин сатууга документтер (сертификат GMP, сертификат Free Sale); - гомеопатиялык каражаттын сапатын контролдоодо пайдаланылуучу нормативдик документтер (чыгаруучу фирманын стандарты); - мамлекеттик жана/же расмий тилдерде колдонууга көрсөтмөлөрдү жана каршы көрсөтмөлөрдү көрсөтүү менен чыгаруучу иштеп чыккандарды колдонуу боюнча нускаманын долбоору (кагазда жана электрондук форматта); - мамлекеттик жана/же расмий тилдерде таңгактын макети (кагазда жана электрондук форматта); - гомеопатиялык каражаттын коопсуздугун ырастоочу маалыматтар; - билдирилген көрсөткүчтөр боюнча гомеопатиялык каражаттын натыйжалуулугун ырастоочу маалыматтар; - кыйыр натыйжалар жөнүндө маалыматтар; - технологиялык регламент же технологиялык нускама; - субстанциялардын сапат сертификаттары; - сапат сертификаты менен гомеопатиялык каражаттын үлгүлөрү (3 жолу анализ алуу үчүн). 10. Медициналык багыттагы буюмдарды мамлекеттик каттоо үчүн керектүү документтер: 1) медициналык багыттагы буюмдарды каттоого табыштаманы алуу; 2) эгерде арыз ээси медициналык багыттагы буюмду даярдоочунун өзү болбосо, ишеним кат же келишимдин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; 3) медициналык багыттагы буюмдардын ченемдик укуктук актылардын талаптарына шайкештигин тастыктаган документтер, (сертификаттар, протоколдор сыноолор, каттоо күбөлүктөрү); 4) медициналык багыттагы буюмду стандартташтыруу боюнча документ же аны алмаштыруучу документ (өндүрүшкө технологиялык регламент, спецификация); 5) медициналык багыттагы буюмду колдонуу боюнча колдонмо жана/же медициналык колдонуу боюнча нускама; 6) клиникалык сыноо же медициналык экспертизалоо жүргүзүү жөнүндө корутунду; 7) жергиликтүү өндүрүшчүлөр үчүн 4-5-пункттар боюнча документтердин долбоорлору берилет |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүүнүн наркы Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен прейскурантка ылайык төлөмө негизде бекитилет. ДК жана МББ каттоо боюнча кызмат көрсөтүүнүн наркы жөнүндө маалымат Департаменттин www.pharm.kg сайтында, маалымат тактачасында жайгаштырылат, ошондой эле керектөөчүнү жеке кабыл алуудагы суроо талабы боюнча, кат аркылуу суроо-талабы боюнча, телефон аркылуу берилет |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - колдонуучу үчүн актуалдуулугу; - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убагында болуусу; - жеткиликтүүлүк, жарандардын кызмат көрсөтүүнү алуусу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө зарыл болгон документтерди толтурууга жардам көрсөтүү жана консультация берүү |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүү ыкмалары, анын электрондук форматта кызмат көрсөтүү өзгөчөлүгү | ДКды жана МББды каттоого арыздын электрондук формасы www.pharm.kg сайтында жайгаштырылган, ошондой эле жеке кайрылууда берилет |
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Дары каражаттарын мамлекеттик каттоодон баш тартууга негиздер: 1) документтер пакетинин толук эмес берилиши; 2) Кыргыз Республикасында колдонууга тыюу салынган заттарды жана материалдарды продукциянын курамына пайдалануу; 3) арыз берүүчүнүн туура эмес маалыматтарды берүүсү; 4) каттоо маалыматтарын экспертизалоонун терс натыйжалары (б.а. каттоо материалдарын экспертизалоо учурунда дары-дармек каражаттарынын натыйжалуулугу, коопсуздугу жана сапаты жөнүндө жыйынтыктар ырасталбаганда); 5) каттоо материалдарына экспертиза жүргүзүү учурунда жаңы маалыматтар алынып, алар дары каражатын колдонуудагы коркунуч күтүлгөн пайдадан ашып түшөөрүн айгинелеген жаңы маалыматтардын билинүүсү; 6) арыз берүүчү дайындалган клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүүдөн баш тартуусу; 7) клиникалык изилдөөлөрдүн терс натыйжалары; 8) каттоо маалыматтары боюнча эксперттик корутундуларда баяндалган кемчиликтердин арыз берүүчү тарабынан жоюлбагандыгы; 9) Кыргыз Республикасынын патенти менен корголгон интеллектуалдык менчиктин мүлк укуктарын, анын ичинде дары-дармек каражаттарын чыгаруу, пайдалануу, сатуу процессинде эреже бузуулардын болушу. Медициналык багыттагы буюмдарды мамлекеттик каттоодон баш тартууга негиздер: 1) каттоо маалыматтарын экспертизалоонун терс натыйжалары; 2) арыз ээсинин дайындалган клиникалык сыноолорду жүргүзүүдөн баш тартуусу; 3) клиникалык сыноолордун терс натыйжалары; 4) каттоо маалыматтары боюнча эксперттик корутундуларда баяндалган кемчиликтердин арыз берүүчү тарабынан жоюлбагандыгы; 5) мамлекеттик каттоо процессинде да, ошондой эле медициналык колдонууда да олуттуу кыйыр реакциялардын аныкталуусу; 6) мамлекеттик каттоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөдөн баш тартуу. ДК жана МББ мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндө катты арыз ээси кагаз жана электрондук форматта ала алат |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбеген учурда арыз ээси 30 календардык күндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана Департаменттин жетекчилигине кайрылууга укуктуу. Административдик даттануу төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: - даттануу берилген административдик органдын аталышын; - административдик даттанууну берүүчү адамдын аты-жөнүн, анын дарегин; - юридикалык жактын атынан административдик даттанууну берүүчү адамдын аты-жөнүн, анын кызматын жана юридикалык жактын турган ордун, юридикалык жактын толук аталышын; - административдик даттануунун маңызын; - административдик даттанууну берген адамдын талабын; - административдик даттанууга тиркелүүчү документтердин тизмегин; - административдик даттануу берилген күндү, айды жана жылды; - административдик даттанууну берген адамдын колун; - юридикалык жактын атынан административдик даттанууну берген адамдын колун жана юридикалык жактын мөөрүн (бар болсо). Эгерде административдик даттануу ушул параграфта айтылган талаптарга шайкеш келбесе, ошондой эле административдик даттануу тиешеси жок адам тарабынан даттануу тартибин сактабастан жана даттанууга берилген мөөнөт өтүп кеткенден кийин берилсе, анда административдик орган административдик даттанууну карабайт жана административдик даттанууну берген жакка даттанууга жалпы мөөнөттүн чектериндеги убакытка кемчиликтерди жоюу үчүн берет. Кемчиликтер жоюлбаган учурда административдик даттануу жол берилгис деп таанылат жана канааттандырылбастан калтырылат. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 календардык күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт. Даттануулар жана дооматтар жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана Департаменттин жетекчилиги тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралат. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана Департаменттин чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолкудан кем эмес кайра каралат. Зарылдыгына жараша стандарт менен кайра кароонун кыска мөөнөттөрү каралышы мүмкүн |
36. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Дары-дармек каражаттарын жана медицина багытындагы буюмдарды каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүүдө экспертиза жүргүзүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги) 5-бап, 48-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында мамлекеттик саясат жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук орган (мындан ары - жарандардын саламаттыгын сактоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаменти (мындан ары - Департамент) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Дары каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды өндүрүүчүлөр (чет өлкөлүк жана ата мекендик), ошондой эле дары каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды иштеп чыгуучу уюмдун тапшырмасы боюнча арыз ээлери |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: - "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө"; - "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Техникалык регламенттери: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 137 токтому менен бекитилген "Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө"; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 74 токтому менен бекитилген "Медициналык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жөнүндө"; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 113 токтому менен бекитилген "Медициналык импланттардын коопсуздугу жөнүндө"; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 173 токтому менен бекитилген "Жасалма шарттарда (in vitro) лабораториялык дарт табуу үчүн медициналык жана ветеринардык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жөнүндө" |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды (мындан ары - ДК жана МББ) каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кагаз жана/же электрондук форматта жүргүзүлүүчү билдирүү катты берүү, ошондой эле зарыл болгон учурда жаңы каттоо күбөлүгүн берүү |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Департамент кызмат көрсөтүүнү "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча жүргүзөт. Имараттарда керектөөчүлөргө күтүү үчүн зарыл болгон шарттар түзүлгөн: гардероб, күтүүчү орундар, телефон, ажаткана, жуунуучу бөлмөлөр. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүнө телефон аркылуу адистер тарабынан алдын ала консультация берилүүсү мүмкүн. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, оорук эмгекчилери, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Керектөөчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат. Арыз ээлери өтүнмөнү электрондук форматта онлайн режиминде бере алышат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Дары каражаттарын каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү процесси 2 этапта жүргүзүлөт: 1) биринчи экспертизалоо - 10 календардык күн; 2) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө материалдарды экинчи (адистештирилген) экспертизалоо - 20 календардык күн; Жалпы мөөнөт - 30 календардык күндөн ашпайт. Катталган медициналык буюмдардын каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү төмөнкүлөрдү камтыйт: 1) каттоо досьесине киргизилген документтерди Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатында дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алуу; 2) каттоо күбөлүгүнө киргизүүчү өзгөртүүлөрдү экспертизалоо мөөнөтү 10 календардык күндөн ашпашы керек; 3) каттоо досьесине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү (киргизүүдөн баш тартуу) жөнүндө чечим кабыл алуу. Жалпы мөөнөт - 30 календардык күн. Арыз ээсине дары каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө жана жаңы каттоо күбөлүгүнүн даярдыгы жөнүндө электрондук форматта маалымдоо |
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: Төмөнкү дарек боюнча Департаментте: 720044, Бишкек ш., 3 - Линия көч., 25, байланыш телефондору: 21-92-71, 21-93-01; иштөө убактысы: дүйшөмбү-жума 8.30дан 17.30га чейин,түшкү тыныгуу: 12.00дөн 13.00кө чейин, эс алуу күндөрү - ишемби, жекшемби. Керектөөчүлөр үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө төмөнкүдөй түрдө маалымат берилет: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (телефон аркылуу, адис менен жеке байланышуу менен). Арыздардын үлгүлөрү жана кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат Департаменттин маалыматтык такталарында жайгашкан. Каттоо күбөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө же дары каражаттарына жана медициналык багыттагы буюмдарга жаңы каттоо күбөлүгүнүн даярдыгы жөнүндө арыз ээсине электрондук форматта билдирүү каралган |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - Департаменттин www.pharm.kg маалымат сайтынан; - Департаменттин маалыматтык тактасынан; - жазуу жүзүндө билдирүү аркылуу (жазуу жүзүндөгү суроо-талапка жооп); - оозеки түрдө: жеке кайрылуу аркылуу, телефон аркылуу; - басма сөз аркылуу. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
3. Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, чыдамдуу, принциптүү болуу, коюлган маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө умтулуу, маектешкен адамын уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, жарандарга карата кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Департамент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке маалыматтарды коргоонун жалпыга таанылган стандарттарын сактайт. Купуялуулуктун принциптерин сактоо юридикалык талаптарды, мамлекеттик органдардын, улуттук коопсуздуктун же коомдук кызыкчылыктардын талаптарын аткарууга зарыл болгон деңгээлде чектелүүсү мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мурда катталган дары каражатын каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүүдө арыз ээси каттоо бөлүмүнө экспертиза жүргүзүү үчүн бекитилген үлгүдөгү арыз, акы төлөнгөндүгү тууралуу квитанция тапшырат. Арызга төмөнкүлөр тиркелет: - өзгөртүүлөрдү киргизүүнү негиздөөчү материалдар; - арызга ылайык өзгөртүүлөр киргизилген материалдар; - өзгөртүүлөрдү эске алуу менен толукталган же жаңыланган эксперттик отчеттор (баяндамалар, жыйынтыктар) |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүүнүн наркы Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен прейскурантка ылайык төлөмө негизде бекитилет. ДК жана МББ каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кызмат көрсөтүүнүн наркы жөнүндө маалымат Департаменттин www.pharm.kg сайтында, маалымат тактачасында жайгаштырылат, ошондой эле керектөөчүнү жеке кабыл алуудагы суроо талабы боюнча, кат аркылуу суроо-талабы боюнча, телефон аркылуу берилет |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - колдонуучу үчүн актуалдуулугу; - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убагында болуусу; - жеткиликтүүлүк, жарандардын кызмат көрсөтүүнү алуусу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы; - кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө зарыл болгон документтерди толтурууга жардам көрсөтүү жана консультация берүү |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүү ыкмалары, анын электрондук форматта кызмат көрсөтүү өзгөчөлүгү | Каттоо күбөлүгүнүн колдонуу мезгилиндеги дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө арыздын электрондук формасы www.pharm.kg сайтында жайгаштырылган. Арыз ээси ДК жана МББ каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө өтүнмөнү электрондук же кагаз форматтарында берет |
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Каттоо досьесине өзгөртүү киргизүүдөн баш тартууга негиздер: 1) документтер пакетинин толук эмес берилиши; 2) Кыргыз Республикасында колдонууга тыюу салынган заттарды жана материалдарды продукциянын курамына пайдалануу; 3) арыз берүүчүнүн туура эмес маалыматтарды берүүсү; 4) каттоо маалыматтарын экспертизалоонун терс натыйжалары (б.а. каттоо материалдарын экспертизалоо учурунда дары-дармек каражаттарынын натыйжалуулугу, коопсуздугу жана сапаты жөнүндө жыйынтыктар ырасталбаганда); 5) каттоо материалдарына экспертиза жүргүзүү учурунда жаңы маалыматтар алынып, алар дары-дармек каражатын колдонуудагы коркунуч күтүлгөн пайдадан ашып түшөөрүн айгинелеген жаңы маалыматтардын билинүүсү; 6) арыз берүүчү дайындалган клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүүдөн баш тартуусу; 7) клиникалык изилдөөлөрдүн терс натыйжалары; 8) каттоо маалыматтары боюнча эксперттик корутундуларда баяндалган кемчиликтердин арыз берүүчү тарабынан жоюлбагандыгы; 9) Кыргыз Республикасынын патенти менен корголгон интеллектуалдык менчиктин мүлк укуктарын, анын ичинде дары-дармек каражаттарын чыгаруу, пайдалануу, сатуу процессинде эреже бузуулардын болушу. ДК жана МББ мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндө катты арыз ээси кагаз жана электрондук форматта ала алат |
17 | Даттануу тартиби | Каттоо досьесине каттоо күбөлүгүнүн жарактуу маалында өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн баш тартуу тууралуу чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн. Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбеген учурда арыз ээси 30 календардык күндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине кайрылууга укуктуу. Даттануу төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: - даттануу берилген административдик органдын аталышын; 2) административдик даттанууну берүүчү адамдын аты-жөнүн, анын дарегин; 3) юридикалык жактын атынан административдик даттанууну берүүчү адамдын аты-жөнүн, анын кызматын жана юридикалык жактын турган ордун, юридикалык жактын толук аталышын; 4) административдик даттануунун маңызын; 5) административдик даттанууну берген адамдын талабын; 6) административдик даттанууга тиркелүүчү документтердин тизмегин; 7) административдик даттануу берилген күндү, айды жана жылды; 8) административдик даттанууну берген адамдын колун; 9) юридикалык жактын атынан административдик даттанууну берген адамдын колун жана юридикалык жактын мөөрүн (бар болсо). Эгерде административдик даттануу аталган талаптарга шайкеш келбесе, ошондой эле административдик даттануу тиешеси жок адам тарабынан даттануу тартибин сактабастан жана даттанууга берилген мөөнөт өтүп кеткенден кийин берилсе, административдик орган административдик даттанууну карабайт жана административдик даттанууну берген жакка даттанууга жалпы мөөнөттүн чектериндеги убакытка кемчиликтерди жоюу үчүн берет. Кемчиликтер жоюлбаган учурда, административдик даттануу жол берилгис деп таанылат жана канааттандырылбастан калтырылат. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 календардык күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт. Административдик даттануу жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана Департаменттин жетекчилиги тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте каралат. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана Департаменттин чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолкудан кем эмес кайра каралат. Зарылдыгына жараша стандарт менен кайра кароонун кыска мөөнөттөрү каралышы мүмкүн |
37. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Дары-дармек каражаттарынын жана медицина багытындагы буюмдардын сапатын изилдөөчү лабораториялык анализдер (сыноолор) - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги) 5-бап, 49-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган борбордук мамлекеттик орган (мындан ары - жарандардын ден соолугун коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаменти (мындан ары - Департамент) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Юридикалык жана жеке жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: - "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө"; - "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө". Техникалык регламенттер: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 137 токтому менен бекитилген "Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө"; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы № 74 токтому менен бекитилген "Медициналык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жөнүндө"; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 113 токтому менен бекитилген "Медициналык импланттардын коопсуздугу жөнүндө"; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 173 токтому менен бекитилген "Жасалма шарттарда (in vitro) лабораториялык дарт табуу үчүн медициналык жана ветеринардык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жөнүндө" |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Дары каражаттарына жана медициналык багыттагы (мындан ары - ДК жана МББ) буюмдарга сыноо протоколу |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Департамент кызмат көрсөтүүнү "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча жүргүзөт. Имараттарда керектөөчүлөргө күтүү үчүн зарыл болгон шарттар түзүлгөн: гардероб, күтүүчү орундар, телефон, ажаткана, жуунуучу бөлмөлөр. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүнө телефон аркылуу адистер тарабынан алдын ала консультация берилүүсү мүмкүн. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, оорук эмгекчилери, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Керектөөчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат. Арыз ээлери өтүнмөнү электрондук форматта онлайн режиминде бере алышат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Департаменттин борбордук контролдук аналитикалык лабораториясы ДК жана МББ үлгүлөрүнө лабораториялык сыноолорду сапаты боюнча бекитилген ченемдик документтер боюнча алардын сапатын бекитүү үчүн жүргүзөт. Ченемдик документтерде сыноонун мөөнөтү көрсөтүлбөгөн учурда, кандайдыр бир көрсөтүүлөр боюнча сын пикирлер жок болгон учурда бул мөөнөт 30 жумуш күндөн ашпашы керек |
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: Төмөнкү дарек боюнча Департаментте: 720044, Бишкек ш., 3 - Линия көч., 25, байланыш телефондору: 21-92-71, 21-93-01; иштөө убактысы: дүйшөмбү-жума 8.30дан 17.30га чейин, түшкү тыныгуу: 12.00ден 13.00кө чейин, эс алуу күндөрү - ишемби, жекшемби. Керектөөчүлөр үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө төмөнкүдөй түрдө маалымат берилет: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (телефон аркылуу, адис менен жеке байланышуу менен). Арыздардын үлгүлөрү жана кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат Департаменттин маалыматтык такталарында жайгашкан. ДК жана МББ сапаты боюнча лабораториялык сыноолордун жыйынтыктары жөнүндө арыз ээсине электрондук формада билдирүү каралган |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - Департаменттин www.pharm.kg маалымат сайтынан; - Департаменттин маалыматтык тактасынан; - жазуу жүзүндө билдирүү аркылуу (жазуу жүзүндөгү суроо-талапка жооп); - оозеки түрдө: жеке кайрылуу аркылуу, телефон аркылуу; - www.ckal170@3gmail.com электрондук почтасы аркылуу. Арыз ээси ДК жана МББ сыноо протоколунун көчүрмөсүн кагаз жана электрондук форматта ала алат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
3. Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, чыдамдуу, принциптүү болуу, коюлган маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө умтулуу, маектешкен адамын уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, жарандарга карата кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Департамент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке маалыматтарды коргоонун жалпыга таанылган стандарттарын сактайт. Купуялуулуктун принциптерин сактоо юридикалык талаптарды, мамлекеттик органдардын, улуттук коопсуздуктун же коомдук кызыкчылыктардын талаптарын аткарууга зарыл болгон деңгээлде чектелүүсү мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | ДКга жана МББга талдоо (сыноо) жүргүзүү жөнүндө арыз; - ДК жана МББ сапаты боюнча ченемдик документ; - ДКдын МББдын үлгүлөрү, стандарттык үлгүлөр; - лабораториялык талдоо (сыноолор) үчүн акы төлөм тууралуу квитанция |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүү Департамент тарабынан Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган кызмат көрсөтүүнүн наркынын прейскурантына ылайык акы төлөмө негизинде көрсөтүлөт. ДК жана МББ талдоо (сыноо) жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүнүн наркы жөнүндө маалымат Департаменттин www.pharm.kg сайтында, маалымат тактачасында жайгаштырылат, ошондой эле керектөөчүнү жеке кабыл алуудагы суроо талабы боюнча, кат аркылуу суроо-талабы боюнча, телефон аркылуу берилет |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убагында болуусу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө зарыл болгон документтерди толтурууга жардам көрсөтүү жана консультация берүү; - жарандардын даттануулар жана сунуштар китебинин жеткиликтүү жерде болуусу |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүү ыкмалары, анын электрондук форматта кызмат көрсөтүү өзгөчөлүгү | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү сапаты боюнча лабораториялык сыноо жүргүзүүгө жана зарылдыкка жараша сыноолордун протоколунун көчүрмөсүн берүүгө арыз берүү бөлүгүндө каралат |
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга негиздер: 1) сапаты боюнча ченемдик документтердин, стандарттык үлгүлөрдүн, ДК жана МББга карата ченемдик документтер менен каралган зарыл болгон аппаратуралардын жоктугу; 2) кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөөдөн баш тарткан учурда |
17 | Даттануу тартиби | Каттоо досьесине каттоо күбөлүгүнүн жарактуу маалында өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн баш тартуу тууралуу чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн. Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбеген учурда арыз ээси 30 календардык күндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине кайрылууга укуктуу. Даттануу төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: - даттануу берилген административдик органдын аталышын; 2) административдик даттанууну берүүчү адамдын аты-жөнүн, анын дарегин; 3) юридикалык жактын атынан административдик даттанууну берүүчү адамдын аты-жөнүн, анын кызматын жана юридикалык жактын турган ордун, юридикалык жактын толук аталышын; 4) административдик даттануунун маңызын; 5) административдик даттанууну берген адамдын талабын; 6) административдик даттанууга тиркелүүчү документтердин тизмегин; 7) административдик даттануу берилген күндү, айды жана жылды; 8) административдик даттанууну берген адамдын колун; 9) юридикалык жактын атынан административдик даттанууну берген адамдын колун жана юридикалык жактын мөөрүн (бар болсо). Эгерде административдик даттануу аталган талаптарга шайкеш келбесе, ошондой эле административдик даттануу тиешеси жок адам тарабынан даттануу тартибин сактабастан жана даттанууга берилген мөөнөт өтүп кеткенден кийин берилсе, административдик орган административдик даттанууну карабайт жана административдик даттанууну берген жакка даттанууга жалпы мөөнөттүн чектериндеги убакытка кемчиликтерди жоюу үчүн берет. Кемчиликтер жоюлбаган учурда, административдик даттануу жол берилгис деп таанылат жана канааттандырылбастан калтырылат. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 календардык күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт. Административдик даттануу жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана Департаменттин жетекчилиги тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте каралат. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана Департаменттин чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолкудан кем эмес кайра каралат. Зарылдыгына жараша стандарт менен кайра кароонун кыска мөөнөттөрү каралышы мүмкүн |
";
- V бөлүмүндөгү 7-бап төмөнкүдөй мазмунда баяндалсын:
"
7. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Тематикалык библиографиялык тизме түзүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 6-бап, 13-пункт |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Интеллектуалдык менчикти коргоо жана инновацияларды өнүктүрүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - Кыргызпатент); Кыргызпатенттин алдындагы Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкана (мындан ары - МПТК); Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук орган (мындан ары - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); Республикалык илимий медициналык китепкана (мындан ары - РИМК) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жеке жана юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - "Китепкана иши жөнүндө"; - "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Тематикалык библиографиялык тизме |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген имаратта; - жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмөлөр) тоскоолдуксуз кирүүсү, анын ичинде угуусу, көрүүсү боюнча жана таяныч-кыймыл аппараты жагынан жабыркаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн (мындан ары - ДМЧА), кармагыч, пандустар менен жабдылган (имарат, жайлар); - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттарда күтүүчү жайлар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияларга кошулууга мүмкүн болбосо - короо ичиндеги), жылытуу, суу түтүктөрү, телефон болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөттөрү | Документтерди кабыл алуу жана кызмат көрсөтүүлөрдү алуу иш-аракеттерине чектелген убакыт - 5 мүнөткө чейин; кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - 5 саатка чейин; библиографиялык тизмени тариздөө жана берүүгө чектелген убакыт - 2 саатка чейин |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - Кыргызпатенттин, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын коомдук кабылдамаларынан; - Кыргызпатенттин (www.patent.kg) жана МПТКнын (www.gptb.patent.kg), жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (www.med.kg) жана РИМКнын www.rnmb.med.kg сайттарынан; - Кыргызпатентке, МПТКга, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана РИМКга жеке кайрылууда; - Кыргызпатентте, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана РИМКда маалымат такталардан, брошюралардан, буклеттерден. РИМКда төмөнкү адрес боюнча: 720040, Бишкек ш., Тоголок Молдо көчөсү, 1, байланыш телефону 66-05-21; иштөө убактысы: дүйшөмбү-жума, саат 9.00дөн 18.00гө чейин, түшкү тамактануу убактысы саат 12.30дан 13.30га чейин, эс алуу күндөрү ишемби-жекшемби. Жарандар Кыргызпатентте, МПТКда, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана РИМКда алар кайрылган күнү кабыл алынат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү); - Кыргызпатенттин, МПТКнын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын сайттары; - маалымат такталар, брошюралар, буклеттер; - жекече кайрылуу жана телефон аркылуу байланышуу; - Кыргызпатенттин, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын коомдук кабылдамалары. Даректер, телефон номерлери жана жумуш режими мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты менен кошо Кыргызпатенттин, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын такталарына, сайттарына жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Кыргызпатентте, МПТКда жана РИМКда кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин иш бөлмөлөрүнүн каалгаларына маалымат тактачалар жайгаштырылат. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген табличкалары (бейдждери) болушу керек. Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, чыдамдуу, принциптүү болуу, коюлган маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешкен адамын уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, жарандарга карата кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар үчүн (ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө берилет |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Арыз ээси жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчү төмөнкү документтерди көрсөтөт: - инсандыгын тастыктаган документ (туулгандыгы тууралуу күбөлүк, мектеп билети, паспорт, окурмандын билети); - төлөгөндүгү же МПТКнын, РИМКнын эсебине акча каражаттарынын түшкөндүгү жөнүндө квитанция |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө акы төлөнөт. Баалардын прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргызпатенттин жетекчисинин буйругу менен бекитилет. РИМКнын бааларынын прейскуранты жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында көрсөтүлөт, ал Кыргызпатенттин, РИМКнын маалымат такталарында жана расмий сайттарында жайгаштырылган |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүү болушу жана өз убагында аткарылышы; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - көрүнүктүү жерде жарандардын даттануулары жана сунуштары боюнча китептердин болушу |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүү ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Кызмат көрсөтүү электрондук форматта күнүмдүк китепканалык-маалыматтык тейлөө жөнүндө келишим болгон учурда керектөөчүнүн каалоосу боюнча толук көлөмдө көрсөтүлүшү мүмкүн. Китепканалардын электрондук почтасынын даректери расмий сайттарда, ошондой эле кызмат көрсөтүү жерлеринин маалымат такталарында жайгаштырылган. |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдөн баш тартууга негиздер: - кызмат көрсөтүү үчүн кайрылган адамда аны алууга укугу же башка адамдын атынан иш алып барууга ыйгарым укугу жок болсо; - документтердин ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга шайкеш эместиги (керектүү документтердин толук эмес тизмесин берген жана/же туура эмес толтурган учурда каталарды оңдоо жана документтерди чогултуу үчүн убакыт берүү) |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү 30 календардык күндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен Кыргызпатенттин, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын жетекчилигине кайрылууга укуктуу. Административдик даттануу төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: 1) даттануу берилүүчү административдик органдын аталышын; 2) административдик даттанууну берүүчү жеке жактын аты-жөнүн, анын дарегин; 3) юридикалык жактын атынан административдик даттанууну берүүчү адамдын аты-жөнүн, анын кызматын жана юридикалык жактын турган ордун, юридикалык жактын толук аталышын; 4) административдик даттануу предметин; 5) административдик даттанууну берген адамдын талабын; 6) административдик даттанууга тиркелүүчү документтердин тизмегин; 7) административдик даттануу берилген күндү, айды жана жылды; 8) административдик даттанууну берген адамдын коюлган колун; 9) юридикалык жактын атынан, административдик даттанууну берген адамдын коюлган колун жана юридикалык жактын мөөрүн (бар болсо). Эгерде административдик даттануу аталган талаптарга шайкеш келбесе, ошондой эле административдик даттануу тиешеси жок адам тарабынан даттануу тартибин сактабастан жана даттанууга берилген мөөнөт аяктагандан кийин берилсе, административдик орган административдик даттанууну кароосуз калтырат жана административдик даттануу берген жакка кемчиликтерди четтетүү үчүн даттануунун жалпы мөөнөтүнүн чегинде убакыт берет. Кемчиликтер четтетилбеген учурда, административдик даттануу жол берилгис деп таанылат жана канааттандырылбастан калтырылат. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 календардык күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жиберет. Административдик даттануулар Кыргызпатенттин, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын жетекчилиги тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралат. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси Кыргызпатенттин, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек. Стандарттар зарылдыгына жараша кыска мөөнөттөрдө кайра каралышы мүмкүн |
";
- V бөлүмүндөгү 18-бап төмөнкүдөй мазмунда баяндалсын:
"
18. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Китепканалардын фонддорунда артыкча ыңгайлуу шарттарда сакталып турган документтерди белгиленген стандарттардан тышкары убактылуу пайдаланууга берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 6-бап, 22-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук aталышы | Маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); Кыргыз Республикасынын мамлекеттик китепканалары; Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук орган (мындан ары - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); Республикалык илимий медициналык китепкана (мындан ары - РИМК). Мекемелердин тизмеси мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын маалымат такталарына жана расмий сайттарына жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жарактуу окурмандык билети бар Кыргыз Республикасынын 16 жаштан жогору жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - "Китепкана иши жөнүндө"; - "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Тапшырык кылынган документ |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - бeлгиленген санитардык ченемдерге жооп берген имаратта, имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмөлөр), анын ичинде угуусу, көрүүсү боюнча жана таяныч-кыймыл аппараты жагынан жабыркаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар (мындан ары - ДМЧА) үчүн тоскоолдуксуз кирүү, кармагыч, пандустар менен жабдылган (имарат, жайлар). Имараттарда күтүүчү жайлар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияларга кошулууга мүмкүн болбосо - короо ичиндеги), жылытуу, суу түтүктөрү, телефон болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери, ДМЧА, улгайган жарандар, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөттөрү | Телефон аркылуу билдирмени берүү убактысы - 10 мүнөткө чейин, электрондук почта аркылуу - 1 жумуш күнгө чейин. Кызмат көрсөтүү убактысы 2 жумуш күндөн ашык эмес. Бир документти издөө орточо эсеп менен 30 мүнөттү түзөт. Тапшырык кылынган документти берүү убактысы - 5 мүнөттөн ашык эмес. Документтер 5 күндөн ашпаган мөөнөткө берилет |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын коомдук кабылдамаларынан; - маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын сайттарынан; - маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана анын шаарлардагы жана райондордогу маданият бөлүмдөрүнө жана башкармалыктарына, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана РИМКга жеке кайрылуу аркылуу; - маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, шаарлардын жана райондордун маданият башкармалыктарында жана бөлүмдөрүндө, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана РИМКда маалымат такталарынан, брошюралардан, буклеттерден. Маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын шаарлардагы жана райондордогу маданият бөлүмдөрүнө жана башкармалыктарына, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана РИМКга жарандарды кабыл алуу, алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - жалпыга маалымдоо каражаттары (гезиттер, радио, телекөрсөтүү); - маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын расмий сайттары; - маалымат такталар, буклеттер жана брошюралар; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланышуу; - маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын коомдук кабылдамалары. Даректер, телефон номерлери жана жумуш режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен кошо маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын такталарына жана сайттарына жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, РИМКнын иш бөлмөлөрүнүн каалгаларына маалымат тактачалар жайгаштырылат. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, чыдамдуу, принциптүү болуу, коюлган маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешкен адамын уга билүү, анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, жарандарга карата кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар үчүн (ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө берилет |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууда керектөөчү тараптан окурмандын билетин көрсөтүп жана кызмат көрсөтүү акысын китепкананын кассасына төлөө талап кылынат. Эгерде керектөөчүнүн окурмандык билети жок болсо же колундагы билети жокко чыгарылган болсо окурмандык билетин алуу жол жобосунан өтүү керек. Бул үчүн: - ошол китепкана жайгашкан калктуу конушта же шаарда катталгандыгын аныктаган паспорт; - 3x4 см өлчөмүндөгү 1 сүрөт; - кассага окурмандык билеттин наркын төлөө зарыл. 16 жашка чейинки балдар үчүн окурмандык билетти берүү ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) катышуусунда, ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) экендигин тастыктаган документине карап берилет |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө акы төлөнөт. Баалардын прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет. РИМКнын бааларынын прейскуранты жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу менен бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында көрсөтүлөт, ал мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын такталарында, сайттарында жайгаштырылган |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүү болушу жана өз убагында аткарылышы; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - көрүнүктүү жерде жарандардын даттануулары жана сунуштары боюнча китептердин болушу |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүү ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Кызмат көрсөтүү электрондук форматта жарым-жартылай көрсөтүлөт. Керектөөчү кызмат көрсөтүү буйрутмасын электрондук почта аркылуу тариздей алат. Китепканалардын электрондук почтасынын даректери расмий сайттарда, ошондой эле кызмат көрсөтүлгөн мекемелердин маалымат такталарында жайгаштырылган |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдөн баш тартууга негиздер: - ушул стандарттын 3-пунктунда белгиленген параметрлерге ылайык келбесе; - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтер берилбесе; - эгерде китепкананын фондунда тапшырыкка берилген документ жок болсо, же ал документ архивдик фонддо, сейрек кездешүүчү жана өтө баалуу адабияттар фондунда болсо |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү 30 календардык күндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен жарандардын маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын жетекчилигине кайрылууга укуктуу. Административдик даттануу төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: 1) даттануу берилүүчү административдик органдын аталышын; 2) административдик даттанууну берүүчү жеке жактын аты-жөнүн, анын дарегин; 3) юридикалык жактын атынан административдик даттанууну берүүчү адамдын аты-жөнүн, анын кызматын жана юридикалык жактын турган ордун, юридикалык жактын толук аталышын; 4) административдик даттануу предметин; 5) административдик даттанууну берген адамдын талабын; 6) административдик даттанууга тиркелүүчү документтердин тизмегин; 7) административдик даттануу берилген күндү, айды жана жылды; 8) административдик даттанууну берген адамдын коюлган колун; 9) юридикалык жактын атынан, административдик даттанууну берген адамдын колун жана юридикалык жактын мөөрүн (бар болсо). Эгерде административдик даттануу аталган талаптарга шайкеш келбесе, ошондой эле административдик даттануу тиешеси жок адам тарабынан даттануу тартибин сактабастан жана даттанууга берилген мөөнөт өтүп кеткенден кийин берилсе, административдик орган административдик даттанууну кароосуз калтырат жана административдик даттануу берген жакка кемчиликтерди четтетүү үчүн даттануунун жалпы мөөнөтүнүн чегинде убакыт берет. Кемчиликтер четтетилбеген учурда, административдик даттануу жол берилгис деп таанылат жана канааттандырылбастан калтырылат. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 календардык күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жиберет. Административдик даттануулар жарандардын маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын жетекчилиги тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралат. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек. Стандарттар зарылдыгына жараша кыска мөөнөттөрдө кайра каралышы мүмкүн |
";
- V бөлүмүндөгү 19-бап төмөнкүдөй мазмунда баяндалсын:
"
19. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Библиографиялык маалыматтарды берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 6-бап, 23-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); Кыргыз Республикасынын мамлекеттик китепканалары; Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук орган (мындан ары - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); Республикалык илимий медициналык китепкана (мындан ары - РИМК). Мекемелердин тизмеси мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын маалымат такталарына жана расмий сайттарына жайгаштырылган |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Кыргыз Республикасынын 16 жаштан жогору жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - "Китепкана иши жөнүндө"; - "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Библиографиялык маалымат |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген имаратта, имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмөлөр), анын ичинде угуусу, көрүүсү боюнча жана таяныч-кыймыл аппараты жагынан жабыркаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар (мындан ары - ДМЧА) үчүн тоскоолдуксуз кирүү, кармагыч, пандустар менен жабдылган (имарат, жайлар). Имараттарда күтүүчү жайлар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияларга кошулууга мүмкүн болбосо - короо ичиндеги), жылытуу, суу түтүктөрү, телефон болушу керек. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Келишимге кол койбостон кызмат көрсөтүү: - билдирмени кабыл алуу - 10 мүнөткө чейин. Даярдоо убактысы тапшырыктын татаалдыгына жараша 2ден 5 күнгө чейин, кызмат көрсөтүүнү аткаруу керектөөчү менен макулдашылат жана тапшырыкты алуу убактысы белгиленет; - документти берүү убактысы - 10 мүнөткө чейин. Юридикалык жактарга кызмат көрсөтүү келишим боюнча берилген учурда: - билдирмени кабыл алуу, келишимди түзүү - 10 мүнөткө чейин; - кызмат көрсөтүүнүн узактыгы келишимдин шартына ылайык белгиленген убакта |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын коомдук кабылдамаларынан; - маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын сайттарынан; - маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана анын шаарлардагы жана райондордогу маданият бөлүмдөрүнө жана башкармалыктарына, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана РИМКга жеке кайрылуу аркылуу; - маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, шаарлардын жана райондордун маданият башкармалыктарында жана бөлүмдөрүндө, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана РИМКда маалымат такталарынан, брошюралардан, буклеттерден. Маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын шаарлардагы жана райондордогу маданият бөлүмдөрүнө жана башкармалыктарына, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана РИМКга жарандарды кабыл алуу, алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - жалпыга маалымдоо каражаттары (гезиттер, радио, телекөрсөтүү); - маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын расмий сайттары; - маалымат такталар, буклеттер жана брошюралар, жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланышуу; - маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын коомдук кабылдамалары. Даректер, телефон номерлери жана жумуш режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары менен кошо, маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын такталарына жана сайттарына жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, РИМКнын иш бөлмөлөрүнүн каалгаларына маалымат тактачалар жайгаштырылат. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, чыдамдуу, принциптүү болуу; коюлган маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешкен адамын уга билүү, анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, жарандарга карата кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө берилет |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн
|
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Жеке жак үчүн: - паспорт - жеке маалыматтарды берүү менен каттоо жол-жобосунан өтүү, окурмандын билетин жана контролдук баракчасын (бир жолку кирүүгө өткөрмө кагазы) тариздөө үчүн; - юридикалык жак үчүн - библиографиялык маалымкатты берүүгө келишим түзүү үчүн банктык реквизиттер, - келишимде мөөр менен күбөлөндүрүлгөн уюмдун жетекчисинин кол тамгасы |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө акы төлөнөт. Баалардын прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет. РИМКнын бааларынын прейскуранты жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу менен бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында көрсөтүлөт, ал мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын такталарында, сайттарында жайгаштырылган |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүү болушу жана өз убагында аткарылышы; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - көрүнүктүү жерде жарандардын даттануулары жана сунуштары боюнча китептердин болушу |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүү ыкмалары, анын электрондук форматта кызмат көрсөтүү өзгөчөлүгү | Кызмат көрсөтүү электрондук форматта - документтер китепканалардын электрондук почтасы аркылуу электрондук түрдө берилиши мүмкүн. Китепканалардын электрондук почтасынын даректери расмий сайттарда, ошондой эле кызмат көрсөтүлгөн мекемелердин маалымат такталарында жайгаштырылат |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдөн баш тартууга негиздер: - кызмат көрсөтүү үчүн кайрылган адамда аны алууга укугу же башка адамдын атынан иш алып барууга ыйгарым укугу жок болсо; - документтердин ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга шайкеш эместиги (керектүү документтердин толук эмес тизмесин берген жана/же туура эмес толтурган учурда каталарды оңдоо жана документтерди чогултуу үчүн убакыт берүү) |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү 30 календардык күндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен жарандардын маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын жетекчилигине кайрылууга укуктуу. Административдик даттануу төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: 1) даттануу берилген административдик органдын аталышын; 2) административдик даттанууну берүүчү адамдын аты-жөнүн, анын дарегин; 3) юридикалык жактын атынан административдик даттанууну берүүчү адамдын аты-жөнүн, анын кызматын жана юридикалык жактын турган ордун, юридикалык жактын толук аталышын; 4) административдик даттануу предметин; 5) административдик даттанууну берген адамдын талабын; 6) административдик даттанууга тиркелүүчү документтердин тизмегин; 7) административдик даттануу берилген күндү, айды жана жылды; 8) административдик даттанууну берген адамдын коюлган колун; 9) юридикалык жактын атынан, административдик даттанууну берген адамдын колун жана юридикалык жактын мөөрүн (бар болсо). Эгерде административдик даттануу аталган талаптарга шайкеш келбесе, ошондой эле административдик даттануу тиешеси жок адам тарабынан даттануу тартибин сактабастан жана даттанууга берилген мөөнөт өтүп кеткенден кийин берилсе, административдик орган административдик даттанууну кароосуз калтырат жана административдик даттануу берген жакка кемчиликтерди четтетүү үчүн даттануунун жалпы мөөнөтүнүн чегинде убакыт берет. Кемчиликтер четтетилбеген учурда, административдик даттануу жол берилгис деп таанылат жана канааттандырылбастан калтырылат. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 календардык күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жиберет. Административдик даттануулар жарандардын маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын жетекчилиги тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралат. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу. |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек. Стандарттар зарылдыгына жараша кыска мөөнөттөрдө кайра каралышы мүмкүн |
";
- VII бөлүмүндөгү 2-бап төмөнкүдөй мазмунда баяндалсын:
"
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Илимий-техникалык адабияттарды жана документацияны сканерлөө жана көчүрмөлөө - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 7-бап, 2-пункт
|
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Интеллектуалдык менчикти коргоо жана инновацияларды өнүктүрүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - Кыргызпатент); Кыргызпатенттин алдындагы Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкана (мындан ары - МПТК); Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук орган (мындан ары - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); Республикалык илимий медициналык китепкана (мындан ары - РИМК) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Жеке жана юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - "Китепкана иши жөнүндө"; - "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" |
5 | Берилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы натыйжасы | Илимий-техникалык, илимий-медициналык адабияттардын жана документтердин электрондук жана кагаз көчүрмөлөрү |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген имаратта; - жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмөлөр) тоскоолдуксуз кирүүсү, анын ичинде угуусу, көрүүсү боюнча жана таяныч-кыймыл аппараты жагынан жабыркаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн (мындан ары - ДМЧА), кармагыч, пандустар менен жабдылган (имарат, жайлар); - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттарда күтүүчү жайлар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияларга кошулууга мүмкүн болбосо - короо ичиндеги), жылытуу, суу түтүктөрү, телефон болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөттөрү | Документтерди кабыл алуу, жана кызмат көрсөтүүлөрдү алуу иш-аракеттери үчүн чектелген убакыт - 2 мүнөткө чейин; - бир бетти сканерлөөнүн жалпы мөөнөтү - 5 мүнөткө чейин; - бир бетти көчүрмөлөөнүн жалпы мөөнөтү - 1 мүнөткө чейин; - кызмат көрсөтүүнүн натыйжасын берүүгө чектелген убакыт - 3 мүнөткө чейин |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - Кыргызпатенттин, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын коомдук кабылдамаларынан; - Кыргызпатенттин (www.patent.kg), МПТКнын (www.gptb.patent.kg), жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (www.med.kg) жана РИМКнын www.rnmb.med.kg сайттарынан; - Кыргызпатентке, МПТКга, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана РИМКга жеке кайрылууда; - Кыргызпатентте, МПТКда, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана РИМКда маалымат такталарынан, брошюралардан, буклеттерден. Жарандар Кыргызпатентте, МПТКда, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана РИМКда алар кайрылган күнү кабыл алынат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды жайылтуунун ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү); - Кыргызпатент, МПТКнын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын сайттары; - маалымат такталар, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланышуу; - Кыргызпатенттин, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын коомдук кабылдамалары. Даректер, телефон номерлери жана иш режими, анын ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты Кыргызпатенттин, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын такталарына, сайттарына жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Кыргызпатентте, МПТКда жана РИМКда кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин иш бөлмөлөрүнүн каалгаларына маалымат тактачалар жайгаштырылат. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген табличкалары (бейдждери) болушу керек. Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниеттүү, сыпайы, чыдамкай, принциптүү, маселенин маани-маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, сүйлөшүп жаткан адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызыкчылыктардын талаш-тартыштарын болтурбоо үчүн жарандарга карата этикалык ченемдерди, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү сактоону камсыздоочу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербей турган кызмат орундук нускаманы жана (иш милдеттерин) профессионалдык-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаж болгон адамдар (ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуш жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен сүйлөшүү аларга түшүнүктүү болгондой жана кызмат жеткиликтүү формада көрсөтүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоонун ыкмалары | Арыз ээси жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчү төмөнкү документтерди көрсөтөт: - төлөгөндүгү же МПТКнын, РИМКнын эсебине акчалай каражаттардын түшкөндүгү жөнүндө квитанция; - китепканалык-маалыматтык тейлөө жөнүндө келишим (кат жүзүндө сурам болгон учурда) |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө акы төлөнөт. Баалардын прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргызпатенттин жетекчисинин буйругу менен бекитилет. РИМКнын бааларынын прейскуранты жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу менен бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында көрсөтүлөт, ал Кыргызпатенттин, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын маалымат такталарында жана расмий сайттарында жайгаштырылган |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүү болушу жана өз убагында аткарылышы; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - көрүнүктүү жерде жарандардын даттануулары жана сунуштары боюнча китептердин болушу |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүү ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Кызмат көрсөтүү керектөөчүнүн каалоосу боюнча толук көлөмдө электрондук форматта көрсөтүлүшү мүмкүн. Китепканалардын электрондук почтасынын даректери расмий сайттарда, ошондой эле кызмат көрсөтүлгөн мекемелердин маалымат такталарында жайгаштырылган |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдөн баш тартууга негиздер: - кызмат көрсөтүү үчүн кайрылган адамда аны алууга укугу же башка адамдын атынан иш алып барууга ыйгарым укугу жок болсо; - документтердин ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга шайкеш эместиги (керектүү документтердин толук эмес тизмесин берген жана/же туура эмес толтурган учурда каталарды оңдоо жана документтерди чогултуу үчүн убакыт берүү) |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү 30 календардык күндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен Кыргызпатенттин, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын жетекчилигине кайрылууга укуктуу. Административдик даттануу төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: 1) даттануу берилүүчү административдик органдын аталышын; 2) административдик даттанууну берүүчү адамдын аты-жөнүн, анын дарегин; 3) юридикалык жактын атынан административдик даттанууну берүүчү адамдын аты-жөнүн, анын кызматын жана юридикалык жактын турган ордун, юридикалык жактын толук аталышын; 4) административдик даттануу предметин; 5) административдик даттанууну берген адамдын талабын; 6) административдик даттанууга тиркелүүчү документтердин тизмегин; 7) административдик даттануу берилген күндү, айды жана жылды; 8) административдик даттанууну берген адамдын коюлган колун; 9) юридикалык жактын атынан административдик даттанууну берген адамдын колун жана юридикалык жактын мөөрүн (бар болсо). Эгерде административдик даттануу аталган талаптарга шайкеш келбесе, ошондой эле административдик даттануу тиешеси жок адам тарабынан даттануу тартибин сактабастан жана даттанууга берилген мөөнөт өтүп кеткенден кийин берилсе, административдик орган административдик даттанууну кароосуз калтырат жана административдик даттануу берген жакка кемчиликтерди четтетүү үчүн даттануунун жалпы мөөнөтүнүн чегинде убакыт берет. Кемчиликтер четтетилбеген учурда, административдик даттануу жол берилгис деп таанылат жана канааттандырылбастан калтырылат. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 календардык күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жиберет. Административдик даттануулар Кыргызпатенттин, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын жетекчилиги тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралат. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси интеллектуалдык менчикти коргоо жана инновацияларды өнүктүрүү тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзгөн органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек. Стандарттар зарылдыгына жараша кыска мөөнөттөрдө кайра каралышы мүмкүн |
";
- VII бөлүмүндөгү 3-бап төмөнкүдөй мазмунда баяндалсын:
"
3. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Жылдык пландан тышкары басма (профилдик) продукцияны басуу - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 7-бап, 3-пункт |
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Интеллектуалдык менчикти коргоо жана инновацияларды өнүктүрүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - Кыргызпатент); Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук органы (мындан ары - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); Республикалык илимий медициналык китепкана (мындан ары - РИМК) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Жеке (18 жаштан тартып) жана юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - "Китепкана иши жөнүндө"; - "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" |
5 | Берилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы натыйжасы | Даяр басма продукциясы, таризделген тапшырык менен берилген документ (китептер, журналдар ж.б. документтерден алынган илимий медициналык маалыматтар) |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген имаратта; - жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмөлөр) тоскоолдуксуз кирүүсү, анын ичинде угуусу, көрүүсү боюнча жана таяныч-кыймыл аппараты жагынан жабыркаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн (мындан ары - ДМЧА), кармагыч, пандустар менен жабдылган (имарат, жайлар); - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттарда күтүүчү жайлар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияларга кошулууга мүмкүн болбосо -короо ичиндеги), жылытуу, суу түтүктөрү, телефон болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөттөрү | Документтерди кабыл алуу жана кызмат көрсөтүүлөрдү алуу иш-аракеттерине чектелген убакыт - 10 жумуш күндүн ичинде; - кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - 3 жумуш күндөн 45 жумуш күнгө чейин (материалдын көлөмүнө жараша); - кызмат көрсөтүүнүн натыйжасын берүүгө чектелген убакыт - 30 мүнөткө чейин. Документтерди чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү жана кызмат көрсөтүүнүн натыйжасын берүүгө чектелген убакыт - 3 мүнөткө чейин; - жөнөкөй чыгаруунун бир бетинин жалпы мөөнөтү - 1 мүнөт; - түстүү чыгаруунун бир бетинин жалпы мөөнөтү - 2 мүнөт. Документтерди кабыл алуу жана кызмат көрсөтүүлөрдү алуу иш-аракеттерине чектелген убакыт - 20 мүнөткө чейин; - китепче чыгарууга тапшырык берүү - 2 мүнөт; - материалдарды кабыл алуу жана китепче чыгарууга даярдоо - 15 мүнөт; - кызмат көрсөтүүнүн натыйжасын берүүгө чектелген убакыт - 3 мүнөткө чейин |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - Кыргызпатенттин, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, РИМКнын коомдук кабылдамаларынан; - Кыргызпатенттин (www.patent.kg), МПТКнын (www.gptb.patent.kg), жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (www.med.kg) жана РИМКнын www.rnmb.med.kg сайттарынан; - Кыргызпатентке, МПТКга, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана РИМКга жеке кайрылууда; - Кыргызпатентте, МПТКда, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана РИМКда маалымат такталардан, брошюралардан, буклеттерден. Жарандар Кыргызпатентте, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана РИМКда алар кайрылган күнү кабыл алынат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү); - Кыргызпатенттин, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, РИМКнын сайттары; - маалымат такталары, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланышуу; - Кыргызпатенттин, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, РИМКнын коомдук кабылдамалары. Даректер, телефон номерлери жана иш режими, анын ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты Кыргызпатенттин, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, РИМКнын такталарында, сайттарында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Кыргызпатентте, РИМКда кызмат көрсөтүүчү кызматкерлердин иш бөлмөлөрүнүн каалгаларына маалыматтык тактачалар жайгаштырылат. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген табличкалары (бейдждери) болушу керек. Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, чыдамдуу, принциптүү болуу, коюлган маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешкен адамын уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, жарандарга карата кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар үчүн (ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө берилет |
11 | Купуялуулукту камсыздоонун ыкмалары | Арыз ээси жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн
|
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчү төмөнкү документтерди көрсөтөт: - эркин формада жазылган арыз; - кызмат көрсөтүүнүн акысын төлөгөндүгү жөнүндө квитанция. Жарыялоого тийиш болгон материал 1 нускада басылган жана электрондук түрдө (электрондук сактагычта же электрондук почта боюнча жөнөтүлүшү мүмкүн) берилиши керек, мында графикалык материал жана жарыялоонун сүрөттөрү 300 пикселден кем чыгарылбашы керек. Материалдын көлөмү 200 басма беттен ашпоого тийиш, шрифти - Times New Roman, кеглдин өлчөмү - 14, саптардын аралыгындагы интервал - бир жарым. Талаалар ар тарабынан 2 см ден. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн иш-аракеттери: - Кыргызпатент, РИМК менен келишим түзүү; - эгер басма продукциясы - китеп болгон учурда кызмат көрсөтүүнү алуучу алгачкы макет даяр болгондон кийин долбоор менен таанышууга милдеттүү |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө акы төлөнөт. Баалардын прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргызпатенттин жетекчисинин буйругу менен бекитилет. РИМКнын бааларынын прейскуранты жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу менен бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында көрсөтүлөт, ал Кыргызпатенттин, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, РИМКнын маалымат такталарында жана расмий сайттарында жайгаштырылган |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүү стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүү болушу жана өз убагында аткарылышы; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - көрүнүктүү жерде жарандардын даттануулары жана сунуштары боюнча китептердин болушу |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүү ыкмалары, аны электрондук форматта кызмат көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Кызмат көрсөтүүнү электрондук форматта алуу үчүн төмөндөгүлөр зарыл: 1. Электрондук почта боюнча жазуу түрүндөгү кайрылуу info@patent.kg, hr@chsd.med.kg. 2. Жарыяланууга тийиш болгон материалдарды жөнөтүү жана 3 жумуш күндүн ичинде жарыялоого макулдук же баш тартуу жөнүндө чечимди алуу. 3. Кызмат көрсөтүүнү алуучуга продукцияны чыгаруунун мөөнөтү жөнүндө маалымат жана продукциянын макети (долбоор) таанышуу жана оңдоолорду киргизүү үчүн электрондук почта аркылуу салынып жиберилиши мүмкүн |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануунун тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдөн баш тартууга негиздер: - кызмат көрсөтүү үчүн кайрылган адамда аны алууга укугу же башка адамдын атынан иш алып барууга ыйгарым укугу жок болсо; - документтердин ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга шайкеш эместиги (керектүү документтердин толук эмес тизмесин берген жана/же туура эмес толтурган учурда каталарды оңдоо жана документтерди чогултуу үчүн убакыт берүү); - арыз ээсинин ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына шайкеш эместиги; - эгерде материалдар басмырлоочу, саясий мүнөздө болсо же этностор аралык, диний, гендердик, расалык ж.б. айырмачылыктарды үгүттөсө; - эгерде керектүү материалдарды берүү боюнча келишимдин шарттары сакталбаса |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү 30 календардык күндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен Кыргызпатенттин, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын жетекчилигине кайрылууга укуктуу. Административдик даттануу төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: 1) даттануу берилүүчү административдик органдын аталышын; 2) административдик даттанууну берүүчү адамдын аты-жөнүн, анын дарегин; 3) юридикалык жактын атынан административдик даттанууну берүүчү адамдын аты-жөнүн, анын кызматын жана юридикалык жактын турган ордун, юридикалык жактын толук аталышын; 4) административдик даттануу предметин; 5) административдик даттанууну берген адамдын талабын; 6) административдик даттанууга тиркелүүчү документтердин тизмегин; 7) административдик даттануу берилген күндү, айды жана жылды; 8) административдик даттанууну берген адамдын коюлган колун; 9) юридикалык жактын атынан административдик даттанууну берген адамдын колун жана юридикалык жактын мөөрүн (бар болсо). Эгерде административдик даттануу аталган талаптарга шайкеш келбесе, ошондой эле административдик даттануу тиешеси жок адам тарабынан даттануу тартибин сактабастан жана даттанууга берилген мөөнөт өтүп кеткенден кийин берилсе, административдик орган административдик даттанууну кароосуз калтырат жана административдик даттануу берген жакка кемчиликтерди четтетүү үчүн даттануунун жалпы мөөнөтүнүн чегинде убакыт берет. Кемчиликтер четтетилбеген учурда, административдик даттануу жол берилгис деп таанылат жана канааттандырылбастан калтырылат. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 календардык күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жиберет. Административдик даттануулар Кыргызпатенттин, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын жетекчилиги тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралат. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси Кыргызпатенттин, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек. Стандарттар зарылдыгына жараша кыска мөөнөттөрдө кайра каралышы мүмкүн |
";
- VII бөлүмүндөгү 4-бап төмөнкүдөй мазмунда баяндалсын:
"
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
2 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Китепкана документациясын жана басма продукциясын, анын ичинде методикалык. библиографиялык окуу куралдарды, проспекттерди иштеп чыгуу жана басып чыгаруу - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 7-бап, 4-пункт |
2 | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); Кыргыз Республикасынын мамлекеттик китепканалары; Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук орган (мындан ары - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); Республикалык илимий медициналык китепкана (мындан ары - РИМК). Мекемелердин тизмеси мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын расмий сайттарында, маалыматтык стенддеринде жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Кыргыз Республикасынын 18 жаштан жогору жарандары, чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар жана юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - "Китепкана иши жөнүндө"; - "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" |
5 | Берилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы натыйжасы | Тапшырык документ (библиотекалык продукция, методикалык жана библиографиялык колдонмолор, басылма продукция) |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмөлөр) тоскоолдуксуз кирүүсү, анын ичинде угуусу, көрүүсү боюнча жана таяныч-кыймыл аппараты жагынан жабыркаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн (мындан ары - ДМЧА), кармагыч, пандустар менен жабдылган (имарат, жайлар). Имараттарда күтүүчү жайлар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияларга кошулууга мүмкүн болбосо - короо ичиндеги), жылытуу, суу түтүктөрү, телефон болушу керек. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөттөрү | Табыштама алуу убактысы - 10 мүнөттөн ашык эмес. Келишимди түзүү убактысы - 3 жумуш күнгө чейин. Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - теманын татаалдыгына жараша - 3 айга чейин. Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасын берүү убактысы - 10 мүнөттөн ашык эмес |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын коомдук кабылдамаларынан; - маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын сайттарынан; - маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана анын шаарлардагы жана райондордогу маданият бөлүмдөрүнө жана башкармалыктарына, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана РИМКга жеке кайрылуу аркылуу; - маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, шаарлардын жана райондордун маданият башкармалыктарында жана бөлүмдөрүндө, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана РИМКда маалымат такталарынан, брошюралардан, буклеттерден. Маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын шаарлардагы жана райондордогу маданият бөлүмдөрүнө жана башкармалыктарына, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана РИМКга жарандарды кабыл алуу, алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды жайылтуунун ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - жалпыга маалымдоо каражаттары (гезиттер, радио, телекөрсөтүү); - маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын сайттары; - маалымат такталар, буклеттер жана брошюралар; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланышуу; - маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын коомдук кабылдамалары. Даректер, телефон номерлери жана иш режими, анын ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты, маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын такталарына жана сайттарына жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, РИМКнын иш бөлмөлөрүнүн каалгаларына маалымат тактачалар жайгаштырылат. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, чыдамдуу, принциптүү болуу, коюлган маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешкен адамын уга билүү, анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, жарандарга карата кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Жеке жактар паспорту менен тапшырык документин түзүү жөнүндө келишим түзүшү керек. Юридикалык жактарга: - кызмат көрсөтүүчү органдын директорунун атына эркин формада жазылган коштомо катты берүү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү орган менен бирдикте кызмат көрсөтүүнүн шарттары каралган келишимди түзүү; - түзүлгөн келишимге кол коюу жана мекеменин мөөрүн коюу; - эгерде келишимге түзүлгөн жеринде кол коюлса, юридикалык жактын өкүлүндө паспорт, юридикалык жактын атынан аракет кылуу укугу көрсөтүлгөн ишеним кат жана юридикалык жактын мөөрү болушу керек. Кызмат көрсөтүүнүн акысы келишим түзүлгөндөн кийин накталай эсептешүү же банктык которуу аркылуу төлөнөт |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө акы төлөнөт. Баалардын прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет. РИМКнын бааларынын прейскуранты жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу менен бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында көрсөтүлөт, ал мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын такталарында, сайттарында жайгаштырылган |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүү болушу жана өз убагында аткарылышы; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - көрүнүктүү жерде жарандардын даттануулары жана сунуштары боюнча китептердин болушу |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүү ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Кызмат көрсөтүү электрондук форматта жарым-жартылай берилет. Керектөөчү кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгын электрондук почта аркылуу ала алат. Китепканалардын электрондук почтасынын даректери расмий сайттарда, ошондой эле кызмат көрсөтүлгөн мекемелердин маалымат такталарында жайгаштырылган |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдөн баш тартууга негиздер: - кызмат көрсөтүү үчүн кайрылган адамда аны алууга укугу же башка адамдын атынан иш алып барууга ыйгарым укугу жок болсо; - документтердин ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга шайкеш эместиги (керектүү документтердин толук эмес тизмесин берген жана/же туура эмес толтурган учурда каталарды оңдоо жана документтерди чогултуу үчүн убакыт берүү) |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү 30 календардык күндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен жарандардын маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын жетекчилигине кайрылууга укуктуу. Административдик даттануу төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: 1) даттануу берилген административдик органдын аталышын; 2) административдик даттанууну берүүчү адамдын аты-жөнүн, анын дарегин; 3) юридикалык жактын атынан административдик даттанууну берүүчү адамдын аты-жөнүн, анын кызматын жана юридикалык жактын турган ордун, юридикалык жактын толук аталышын; 4) административдик даттануу предметин; 5) административдик даттанууну берген адамдын талабын; 6) административдик даттанууга тиркелүүчү документтердин тизмегин; 7) административдик даттануу берилген күндү, айды жана жылды; 8) административдик даттанууну берген адамдын коюлган колун; 9) юридикалык жактын атынан административдик даттанууну берген адамдын колун жана юридикалык жактын мөөрүн (бар болсо). Эгерде административдик даттануу аталган талаптарга шайкеш келбесе, ошондой эле административдик даттануу тиешеси жок адам тарабынан даттануу тартибин сактабастан жана даттанууга берилген мөөнөт өтүп кеткенден кийин берилсе, административдик орган административдик даттанууну кароосуз калтырат жана административдик даттануу берген жакка кемчиликтерди четтетүү үчүн даттануунун жалпы мөөнөтүнүн чегинде убакыт берет. Кемчиликтер четтетилбеген учурда, административдик даттануу жол берилгис деп таанылат жана канааттандырылбастан калтырылат. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 календардык күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жиберет. Административдик даттануулар маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын жетекчилиги тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралат. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек. Стандарттар зарылдыгына жараша кыска мөөнөттөрдө кайра каралышы мүмкүн |
";
- VIII бөлүмүндөгү 5-бап төмөнкүдөй мазмунда баяндалсын:
"
5. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | УДК боюнча авторефераттарды, диссертацияларды (макалаларды) индексирлештирүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 9-бап, 6-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); Кыргыз Республикасынын мамлекеттик китепканалары; Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук орган (мындан ары - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); Республикалык илимий медициналык китепкана (мындан ары - РИМК). Мекемелердин тизмеси, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын маалымат такталарына жана расмий сайттарына жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Кыргыз Республикасынын 18 жаштан жогору жарандары, чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар жана юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - "Китепкана иши жөнүндө"; - "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | УОК (универсалдуу ондук сандардын классификациясы) боюнча документте индекс ыйгарылат |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген имаратта, имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмөлөр), анын ичинде угуусу, көрүүсү боюнча жана таяныч-кыймыл аппараты жагынан жабыркаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар (мындан ары - ДМЧА) үчүн тоскоолдуксуз кирүү, кармагыч, пандустар менен жабдылган (имарат, жайлар). Имараттарда күтүүчү жайлар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияларга кошулууга мүмкүн болбосо - короо ичиндеги), жылытуу, суу түтүктөрү, телефон болушу керек. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөттөрү | Документтерди кабыл алуу убактысы - 10 мүнөттөн ашык эмес. Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - 30 мүнөттөн ашык эмес. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүү убактысы - 10 мүнөттөн ашык эмес |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын коомдук кабылдамаларынан; - маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын сайттарынан; - маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана анын шаарлардагы жана райондордогу маданият бөлүмдөрүнө жана башкармалыктарына, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана РИМКга жеке кайрылуу аркылуу; - маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, шаарлардын жана райондордун маданият башкармалыктарында жана бөлүмдөрүндө, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана РИМКда маалымат такталарынан, брошюралардан, буклеттерден. Маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын шаарлардагы жана райондордогу маданият бөлүмдөрүнө жана башкармалыктарына, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана РИМКга жарандарды кабыл алуу, алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - жалпыга маалымдоо каражаттары (гезиттер, радио, телекөрсөтүү); - маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын расмий сайттары; - маалымат такталар, буклеттер жана брошюралар; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланышуу; - маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын коомдук кабылдамалары. Даректер, телефон номерлери жана жумуш режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары менен кошо маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын такталарына жана сайттарына жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, РИМКнын иш бөлмөлөрүнүн каалгаларына маалымат тактачалар жайгаштырылат. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, чыдамдуу, принциптүү болуу, коюлган маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешкен адамын уга билүү, анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, жарандарга карата кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн паспортту көрсөтүп, документти (диссертация, макала, авторефераттар) берүү керек |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө акы төлөнөт. Баалардын прейскуранты монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет. РИМКнын бааларынын прейскуранты жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу менен бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында көрсөтүлөт, ал мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын такталарында, сайттарында жайгаштырылган |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүү болушу жана өз убагында аткарылышы; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - көрүнүктүү жерде жарандардын даттануулары жана сунуштары боюнча китептердин болушу |
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүү ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Кызмат көрсөтүү жарым-жартылай электрондук форматта берилиши мүмкүн (электрондук почта аркылуу кат жазышуу). Китепканалардын электрондук почтасынын даректери расмий сайттарда, ошондой эле кызмат көрсөтүлгөн мекемелердин маалымат такталарында жайгаштырылган |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдөн баш тартууга негиздер: - кызмат көрсөтүү үчүн кайрылган адамда аны алууга укугу же башка адамдын атынан иш алып барууга ыйгарым укугу жок болсо; - документтердин ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга шайкеш эместиги (керектүү документтердин толук эмес тизмесин берген жана/же туура эмес толтурган учурда каталарды оңдоо жана документтерди чогултуу үчүн убакыт берүү); |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү 30 календардык күндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын жетекчилигине кайрылууга укуктуу. Административдик даттануу төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: 1) даттануу берилген административдик органдын аталышын; 2) административдик даттанууну берүүчү адамдын аты-жөнүн, анын дарегин; 3) юридикалык жактын атынан административдик даттанууну берүүчү адамдын аты-жөнүн, анын кызматын жана юридикалык жактын турган ордун, юридикалык жактын толук аталышын; 4) административдик даттануу предметин; 5) административдик даттанууну берген адамдын талабын; 6) административдик даттанууга тиркелүүчү документтердин тизмегин; 7) административдик даттануу берилген күндү, айды жана жылды; 8) административдик даттанууну берген адамдын коюлган колун; 9) юридикалык жактын атынан административдик даттанууну берген адамдын колун жана юридикалык жактын мөөрүн (бар болсо). Эгерде административдик даттануу ушул параграфта айтылган талаптарга шайкеш келбесе, ошондой эле административдик даттануу тиешеси жок адам тарабынан даттануу тартибин сактабастан жана даттанууга берилген мөөнөт өтүп кеткенден кийин берилсе, административдик орган административдик даттанууну карабайт жана административдик даттанууну берген жакка даттанууга жалпы мөөнөттүн чектериндеги убакытка кемчиликтерди четтетүү үчүн берет. Кемчиликтер четтетилбеген учурда, административдик даттануу жол берилгис деп таанылат жана канааттандырылбастан калтырылат. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 календардык күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жиберет. Административдик даттануулар маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын жетекчилиги тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралат. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана РИМКнын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек. Стандарттар зарылдыгына жараша кыска мөөнөттөрдө кайра каралышы мүмкүн |
";
- IX бөлүмүндөгү 5-баптын 1-пункту "кеңеш берүү-диагностикалык жардамды көрсөтүү" деген сөздөрдөн кийин ", медициналык кароолорду" деген сөздөр менен толукталсын;
- 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Акыркы жыйынтык төмөнкүлөрдүн бирөөсү же бир нечеси болушу мүмкүн: - консультация (кароо, текшерүү, дарылоону дайындоо, рецепт жазып берүү); - текшерүү, дарылоо сунуштары жана маалыматтары менен амбулатордук картадан көчүрмө (талап боюнча); - убактылуу эмгекке жарамсыздык барагы (талап боюнча); - башка саламаттык сактоо уюмдарына жолдомо (көрсөтмөлөр боюнча); - жаранды окуу жайына тапшыруу, жумушка орношуу, ооругандыгына же оорулууну карагандыгына байланыштуу жумуштан, окуудан убактылуу бошотуу, автомобиль айдоо укугун тастыктаган профессионалдык консультативдик дарыгердик корутунду |
".