Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-январы № 10
Кыргыз Республикасынын электр байланыш тармактарын номерлештирүү улуттук системасын жана планын бекитүү жана номерлештирүү ресурсунун бирдиги үчүн акынын өлчөмүн белгилөө жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-апрелиндеги № 157 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик номерлештирүү ресурсунун бирдиги үчүн экономикалык негизделген жана социалдык ылайыктуу акынын өлчөмүн белгилөө жана ишке ашыруу максатында, "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4 жана 9-2-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын электр байланыш тармактарын номерлештирүү улуттук системасы жана планы, 1-тиркемеге ылайык;
- Номерлештирүү ресурсунун бирдиги үчүн акынын өлчөмү, 2-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 26-январында N 7 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын электр байланыш тармактарын номерлештирүү улуттук системасы жана планы
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-апрелиндеги № 157 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын электр байланыш тармактарын номерлештирүү улуттук системасы жана планы сан, тамга, символдук белгилердин түзүмүнө же номерлештирүү ресурсунун түзүмүн калыптандырууда мындай белгилердин комбинациясына коюлуучу талаптарды, ошондой эле номерлештирүү зоналарын, байланыш тармактарын жана электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн номерлештирүү коддорун жана ресурсун дайындоону белгилейт, ошондой эле номерлештирүү ресурсун бөлүп берүү, пайдалануу, кайра каттоо жана алып коюу тартибин жөнгө салат.
2. Кыргыз Республикасында номерлештирүү ресурсун пайдалануу "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын электр байланыш тармактарын номерлештирүү улуттук системасында жана планында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
3. Кыргыз Республикасынын электр байланыш тармактарын, номерлештирүү улуттук системасында жана планында пайдаланылуучу түшүнүктөр жана аныктамалар:
абоненттик терминал/соңку каражат - электр байланыш тармагына түздөн-түз туташтырылган техникалык каражат, пайдалануучу менен коммутациялоочу системанын өз ара аракеттенүүсүнө мүмкүнчүлүк берет;
автоматтык телефон станциясы (АТС) - абоненттик терминалдардын ортосунда автоматтык түрдө байланыштыруу үчүн арналган коммутациялоочу жабдык;
электр байланыш кызмат көрсөтүүчүнү тандоо - абонент үчүн электр байланыш кызмат көрсөтүүчүсүн тандап алууга мүмкүндүк берген процесс;
номерлештирүү ресурсун бөлүп берүү - белгилүү бир номерлештирүү диапазонун колдонууга уруксат берүү үчүн байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аткарыла турган административдик иш аракет/процедуралардын комплекси;
географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасы - жалпы пайдалануудагы телефон байланыш тармагында уюшулган жана белгилүү бир административдик аймакка байланышкан номерлештирүү зонасы;
географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зонасы - Кыргыз Республикасынын электр байланыш тармагында уюштурулган жана белгилүү бир административдик аймакка байланыштырылбаган номерлештирүү зонасы;
глобалдык байланыш тармактары - планетанын бардык булуң-бурчуна үн байланышын жана жогорку ылдамдыктагы маалымат жиберүүнү камсыз кылуучу спутниктик байланыш тармактары;
жабык номерлештирүү системасы - кандай болбосун (жергиликтүү, тармактар аралык, шаар аралык) телефон байланыштыруунун түрлөрүнө бирдей сандагы белгилер териле турган номерлештирүү системасы;
номерлештирүү зонасы - "АВ" же "DE" ("DEF") коду менен аныкталып, электр байланыш тармагына, электр байланыш тармагынын бир бөлүгүнө же электр байланыш кызматына дайындалган саны чектелүү көптөгөн номерлер;
зоналык (ички зоналык) байланыш тармагы - бир географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасында жайгашкан, бирок ар башка административдик райондордун калктуу конуштардагы өз ара шаар аралык коммутациялык борбору (ШКБ) аркылуу байланышкан жергиликтүү телефон байланыш тармактарынын жыйындысы;
зоналык (ички зоналык) телефон номери - Кыргыз Республикасынын бир географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасынын чегиндеги жергиликтүү телефон байланыш тармагынын соңку (пайдалануучу) каражатты дал өзүн аныктоочу номер;
интеллектуалдык байланыш тармагы (ИБТ) - кошумча телекоммуникациялык кызмат көрсөтүүлөрдү, ошону менен бирге кардар башкара турган кызмат көрсөтүүлөрдү берген электр байланыш тармагы;
"AB" географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасынын коду - Кыргыз Республикасынын чегиндеги географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасын идентификациялоочу код;
"ab" коду - географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасынын бир бөлүгүн идентификациялоочу код;
"DE" ("DEF)" географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зонасынын коду - Кыргыз Республикасынын конкреттүү бир административдик аймагына байланыштырылбаган номерлештирүү зонасын идентификациялоочу код;
сигнализация пунктунун (түйүнүн) коду - эл аралык жана улуттук сигнализация пунктун (түйүнүн) идентификациялоочу жана жалпы каналдык сигнализация (ЖКС № 7) тармагында сигналдык билдирүүлөрдү түзүү үчүн колдонулган, уникалдуу 14-бит форматтагы сан;
тармактын коду - Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы телефон электр байланыш тармагынын географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зонасындагы электр байланыш тармагын дал өзүн аныктаган ондук сандардын ырааттуулугу;
контент-кызмат көрсөтүүлөр - электр байланыш оператору же кызмат көрсөтүүчү абоненттерге өзүнчө тариф боюнча медиа элементтерди жана/же маалыматтарды (графикалык жана музыкалык файлдар, тексттик билдирүү, SMS, WAP-баракчалар ж.б.) жайгашкан орду жөнүндө маалыматты, оозеки билдирүүлөрдү берүү, телефон аркылуу маалыматтарды чогултуу жана/же берүү менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөр;
корпоративдик байланыш тармагы - юридикалык жактардын ички өндүрүштүк жана башкаруу жумуштарын ишке ашыруу үчүн колдонулган жана жалпы пайдалануудагы телефон байланыш тармагына кошулган, байланыш тармактары;
эл аралык коммутациялоо борбору (ЭАКБ) - Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы электр байланыш абоненттери менен башка өлкөлөрдүн абоненттерин байланыштыруучу коммутациялык станция;
шаар аралык коммутациялоо борбору (ШКБ) - бир географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасынын ар башка жергиликтүү телефон байланыш тармагынын абоненттерин байланыштырууга, ар башка географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасынын жергиликтүү телефон байланыш тармагынын абоненттерин байланыштырууга, ошондой эле туруктуу жана көчмө телефон байланыш тармактарынын абоненттерин байланыштырууга арналган коммутациялоочу станция;
эл аралык телефон номери - дүйнөлүк байланыш тармактарындагы соңку (пайдалануучу) телефон каражаттарды дал өзүн аныктоочу номер;
ШКБ/АТС - бир жергиликтүү телефон байланыш тармагынын абоненттеринин байланыштырууга, бир географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасынын ар башка жергиликтүү телефон байланыш тармагынын абоненттерин байланыштырууга, ар башка географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасынын жергиликтүү телефон байланыш тармагынын абоненттерин байланыштырууга, ошондой эле туруктуу жана көчмө телефон байланыш тармактарынын абоненттерин байланыштырууга арналган коммутациялоочу станция;
улуттук телефон байланыш тармагы (жалпы пайдалануудагы телефон байланыш тармагы) - жергиликтүү туруктуу, ички зоналык, шаар аралык телефон байланыш жана көчмө телефон байланыш тармактарынын жыйындысы;
улуттук телефон номери - улуттук телефон байланыш тармагынын чегиндеги соңку (пайдалануучу) телефон каражатынын дал өзүн аныктоочу номер;
абоненттин номери - көчмө же туруктуу абонент терминалынын электр байланышынын белгилүү бир операторуна таандыктыгын даана аныктоочу он белгиден турган цифралардын ырааттуулугу;
ИБТ кызматынын абонентинин номери - ИБТ кызмат көрсөтүүнүн абонентин (сурануучуну) түздөн-түз идентификациялоочу, ИБТ х3х4х5...хn кызматтын номеринин бир бөлүгү;
маршруттоо номери - сакталган номерге чакырыкты маршруттоо максатында, жөнгө салуучу көчмө байланыш тармагынын операторуна бекитип берген өзгөчө кошумча номер;
номерлештирүү - байланыш тармагын жана (же) анын түйүндүк же соңку элементтерин, байланыш кызматтарын дал өзүн идентификациялоого арналган сандык, тамгалык, символдук белгилер же ушундай белгилердин комбинациялары;
электр байланыш оператору - өзүнө тиешелүү болгон электр байланыш тармагын иштетүүчү жана электр байланыш жаатындагы иштин тиешелүү түрүнө лицензиясы бар юридикалык же жеке жак;
номерлештирүүнүн ачык системасы - жергиликтүү телефон байланыш тармагынын абонентинин номерин тергенде жергиликтүү телефон байланыштыруу жүргүзүлө турган номерлештирүү системасы, ал эми ички зоналык жана шаар аралык байланыштыруу - абоненттин улуттук номерине улуттук префикс (Пн) колдонулуп терилгенде жүргүзүлөт;
көчмө (мобилдик) телефон байланыш тармагы - соңку терминалдардын аймактык туруктуу жайгашкан орду болбогон же орун которуп жүрүүгө мүмкүн болгон телефон байланыш тармагы;
Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы көчмө телефон байланыш тармагы - бардык абонент/пайдалануучулар пайдалана ала турган, бири-бирине тыгыз байланышкан телефон байланыш тармактарынын жыйындысы;
пайдалануучу - абонент же абонент болбогондугуна карабастан, электр байланыш кызматтарын пайдаланган жеке же юридикалык жак;
электр байланыш кызматтарын көрсөтүүчү (кызмат көрсөтүүчү) - өз тармагы же электр байланыш операторунун тармагы аркылуу электр байланыш кызматын көрсөткөн жеке же юридикалык жак;
префикс - тармактын ар кандай тибин, номерди терүүнүн форматын, тейлөөнү тандап алууга мүмкүнчүлүк берүүчү бир же бир нече сандан турган индикатор;
эл аралык префикс (Пэа) - өзүнөн кийинки турган номер эл аралык номер экендигин көрсөткөн сандардын айкалышы;
улуттук префикс (Пу) - өлкөнүн ичиндеги абонентке же кызматка телефон чалынып жаткандыгын көрсөткөн сан;
жергиликтүү деңгээлде биригүү - бир жергиликтүү телефон тармагын башка тармак менен байланыштыруу, мында туташкан тармак белгиленген калктуу конуштун же административдик райондун жалпы пайдалануудагы жергиликтүү телефон тармагынын бир бөлүгү болуп калат;
шаар аралык деңгээлде байланыштыруу - туташуучу тармактарды ШКБнын ортосунда кошуу;
тармактар аралык деңгээлдеги байланыштыруу - көчмө байланыш тармагын коммутациялоочу борборлордун (ККБ) ортосундагы же көчмө байланыш тармагын коммутациялоочу борборлор менен туруктуу байланыш тармагын коммутациялоочу шаар аралык борборлордун (ШКБ) ортосундагы туташуу;
эл аралык деңгээлдеги байланыштыруу - байланыш тармактарынын эл аралык коммутациялоо борборлору аркылуу өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу;
номерлештирүү ресурсу - абоненттик номерлердин (номерлердин диапазондорунун), номерлештирүү зоналарынын коддорунун, тармактардын коддорунун, шаар аралык жана эл аралык коддордун жыйындысы, анын ичинде улуттук коддордун жана эл аралык сигналдык чекиттердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн коддорунун жана тармактарга жана кызмат көрсөтүүлөргө, мунун ичинен электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу коддорунун жыйындысы;
сервистик командалар - Оператордун кошумча кызматтарын кошкон/өчүргөн, Оператордун кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарификациясын өзгөртүүнү демилге кылат же абонентке тармактын ишине жана көрсөтүлүүчү кызматтарга байланыштуу сурап билүү маалыматтарын берген командалар;
атайын кызматтар - калктын муктаждыгын канааттандыруу үчүн ар кайсы мекемелер жана коммерциялык уюмдар тарабынан уюштурулган тейлөө жана сурап билүү кызматтары;
ички зоналык байланыш тармагы - өз ара жана/же шаар аралык коммутациялоо борбору менен байланышкан бир географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасына таандык болгон жергиликтүү телефон байланыш тармактарынын автоматтык телефон станцияларынын жыйындысы. Тармактар аталган географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасындагы жергиликтүү телефон байланыш тармактарынын абоненттеринин ортосундагы байланыштырууларды камсыз кылат;
телефон байланыш тармагы - бирдиктүү же бөлүштүрүлгөн башкаруу менен иштеген, коммутациялык станциялардын, линиялардын, байланыш каналдарынын жана соңку каражаттардын жыйындысы;
жергиликтүү телефон байланыш тармагы - белгилүү бир жердеги (калктуу конуш, административдик район) абоненттерди туруктуу телефон байланыш менен камсыз кылууга арналган телефон станциялардын, линиялардын, телефон байланыш тармагынын каналдарынын, соңку каражаттардын жыйындысы;
жалпы пайдалануудагы жергиликтүү телефон байланыш тармагы - белгилүү бир калктуу конушта же административдик райондо жергиликтүү телефон байланыш кызматын көрсөткөн электр байланыш операторлорунун бирдиктүү жергиликтүү телефон байланыш тармагына бириккен жыйындысы, ушул тармактардын каалагандай эки же бир нече абонент/пайдалануучулардын ортосунда байланыш уюштурууга мүмкүнчүлүк түзөт;
шаар аралык телефон байланыш тармагы - Кыргыз Республикасынын географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасында иштеген шаар аралык коммутация борборлорунун (ШКБ), ШКБ/АТС туруктуу телефон байланыш тармактарынын жана алардын ортосунда байланыш каналдарынын жыйындысы;
эл аралык байланыш тармагы - эл аралык коммутациялоо борборлорунун жана алардын ортосундагы эл аралык байланыш каналдарынын жыйындысы;
туруктуу телефон байланыш тармагы - соңку терминалдардын туруктуу аймактык жайгаштырылган орду бар жана абоненттин конкреттүү дареги боюнча орнотулган электр байланыш тармагы;
Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы туруктуу телефон байланыш тармагы - Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык абонент/пайдалануучулар колдонгон жергиликтүү, ички зоналык жана шаар аралык туруктуу телефон байланыш тармактарынын жыйындысы;
телематикалык байланыш кызмат көрсөтүүлөрү - оператордун/электр байланыш кызмат көрсөтүүчүнүн, электр байланыш тармактарын колдонуу менен көрсөтүлүүчү, үн уктуруу жана үнсүз кызматтардын серверлерин колдонуу мүмкүнчүлүгү боюнча, электрондук жана үн уктуруучу билдирүүлөрдү жөнөтүү/кабыл алуу боюнча, аудио жана видео конференцияларды, факсимилдик байланышты уюштуруу, аралыктагы объекттерге (телефония, телеграфтык кызмат көрсөтүүлөр жана маалымат берүүдөн тышкары) маалыматты талдоо жана жөнөтүү үчүн компьютердик жана башка терминалдар менен туташтыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрү. Телематикалык кызмат көрсөтүүлөргө пайдалануучулардын маалыматтарын талдоо жана сактоо кирет;
кошумча наркы менен кызмат көрсөтүүлөр - электр байланыш кызмат көрсөтүү үчүн белгиленген акынын үстүнө кошумча акыга кардардын каалоосу боюнча тандап ала турган оператордун/кызмат көрсөтүүчүнүн электр байланыш тармактарын колдонуу менен кошумча кызмат көрсөтүүлөр (сервистик, маалыматтык-сурап билүү тейлөө, телематикалык кызмат көрсөтүүлөр);
көчмө байланыш тармагын коммутациялоочу борбор (ККБ) - көчмө байланыш тармагынын абоненттерин бири-бири менен, ошондой эле көчмө тармактын абоненттери менен туруктуу тармактын абоненттеринин ортосундагы байланышты ишке ашырууга арналган коммутациялоочу станция;
кызматтарды интеграциялоочу санариптик тармак (КИСТ) - жалпы пайдалануудагы байланыш тармагынын коммутациялоочу телефондук каналдары аркылуу сөздү, маалыматты жана видеону жөнөтүүнү бириктирүүчү санариптик байланыш тармагы;
шашылыш ыкчам кызматтары - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитилген кызматтар жана адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирилген учурларда, кырсык, авария, өрт, коомдук тартип бузуу учурларында жана башка окуялар болгон жана өзгөчө кырдаалдар чыккан учурларда материалдык зыяндарды азайтуу үчүн калкка шашылыш жардам көрсөтүүнү камсыздоого арналган кызматтар.
4. Кыргыз Республикасынын электр байланыш тармактарын номерлештирүү улуттук системасында жана планында төмөнкүдөй аббревиатуралар колдонулат:
АТС | - | автоматтык телефондук станция; |
БЖО | - | бөлүп берилген жумушчу орун; |
ШТС | - | шаардык телефондук станция; |
ИБТ | - | интеллектуалдык байланыш тармагы; |
ТИ | - | тармактын индикатору; |
КЖК | - | кызмат көрсөтүүнү пайдалануу коду; |
СЖК | - | сигнализацияны пайдалануу коду; |
Кө | - | өлкөнүн коду; |
Ко | - | оператордун коду; |
Ки | - | глобалдык тармакты идентификациялоо коду; |
ШКБ | - | шаар аралык коммутациялоо борбору; |
ШКБ/АТС | - | АТС жана ШКБ функциясын аткарган телефондук станция; |
ЭАКБ | - | эл аралык коммутациялоо борбору; |
ЭЭУ-Т | - | эл аралык электр байланыш уюмунун стандартташтыруу сектору; |
СС | - | соңку станция; |
ЖКС № 7 | - | жалпы каналдык сигнализация; |
Пэа | - | эл аралык телефон байланыш тармагына чыгуучу префикс (эл аралык префикс); |
Пу | - | улуттук телефон байланыш тармагына чыгуучу префикс (улуттук префикс); |
СТС | - | айылдык телефондук станция; |
КИСТ | - | кызматтарды интеграциялоочу санариптик тармактар; |
ККБ | - | көчмө байланыш тармакты коммутациялоочу борбор; |
БС | - | борбордук станция; |
ТС | - | түйүн станциясы; |
Nзон | - | зоналык номер; |
Nэа | - | эл аралык номер; |
Nул | - | улуттук номер; |
IMSI | - | (International Mobile Subscriber Identity) - мобилдик абоненттин эл аралык идентификатору (абоненттин жеке номери); |
ISPC | - | (International Signalling Point Code) эл аралык сигнализация пунктунун (түйүндүн) коду; |
NSPC | - | (National Signalling Point Code) улуттук сигнализация пунктунун коду; |
MNC | - | (Mobile Network Code) мобилдик байланыш тармагынын коду. |
2. Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы телефон байланыш тармагын түзүү жана номерлештирүү ресурсун колдонуу принциптери
5. Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы электр байланыш тармагы, жалпы пайдалануудагы телефон байланыш тармактарынан, интеллектуалдык байланыш тармактарынан, маалымат берүү тармактарынан, Интернет тармагынын кыргыз сегментинен, телеграф байланыш тармактарынан жана телекөрсөтүү жана радио уктуруу тармактарынан турат.
6. Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы телефон байланыш тармагы жалпы пайдалануудагы туруктуу телефон байланыш тармактарынан, жалпы пайдалануудагы көчмө телефон байланыш тармактарынан, интеллектуалдык байланыш тармактарынан турат.
7. Жалпы пайдалануудагы туруктуу телефон байланыш тармагына төмөнкүлөр кирет:
а) жалпы пайдалануудагы жергиликтүү телефон байланыш тармактары;
б) ички зоналык байланыш тармактары;
в) шаар аралык байланыш тармактары;
г) эл аралык байланыш тармактары;
д) корпоративдик байланыш тармактары.
Шаар аралык байланыш тармактары ар башка географиялык аныкталуучу зоналарга таандык жергиликтүү телефон байланыш тармактарынын абоненттеринин ортосунда, ошондой эле туруктуу жана көчмө телефон байланыш тармактарынын абоненттеринин ортосунда байланыштырууларды камсыз кылат.
Эл аралык байланыш тармактары башка өлкөлөрдүн тармактарынын эл аралык коммутациялоо борборлору менен түздөн-түз байланыштырылуучу Кыргыз Республикасынын электр байланыш операторлорунун эл аралык коммутациялоо борборлорунан турат. Бул тармактар Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы телефон байланыш тармагынын абоненттери менен башка өлкөлөрдүн абоненттерин байланыштырууну камсыз кылат.
Корпоративдик байланыш тармактары бир же бир нече калктуу конуштарда жайгашкан жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы телефон байланыш тармагы менен туташтырылган, белгилүү бир ишкананы/анын филиалын туруктуу байланыш менен камсыз кылуу үчүн түзүлөт.
8. Жалпы пайдалануудагы көчмө телефон байланыш тармагы төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында көчмө телефон байланыш кызматын көрсөткөн, жана жалпы пайдалануудагы телефон байланыш тармагына туташылган операторлордун көчмө (радио телефон, спутниктик) телефон байланыш тармактары;
2) бир же бир нече калктуу конуштарда жайгашкан жана жалпы пайдалануудагы телефон байланыш тармагы менен туташтырылган, белгилүү бир ишкананы жана анын филиалын телефон байланыш менен камсыз кылуу үчүн түзүлгөн корпоративдик көчмө (радио телефон, спутниктик) телефон байланыш тармактары.
Корпоративдик тармак көчмө байланыш тармактын коммутациялоо борборлорунун (ККБ) өз ара байланышкан жыйындысынан турат жана көчмө телефон байланыш тармактардын абоненттерин байланыштырууну, ошондой эле көчмө телефон байланыш тармактарынын абоненттери менен туруктуу телефон байланыш тармактарынын абоненттерин байланыштырууну камсыз кылат.
9. Жалпы пайдалануудагы телефон байланыш тармагына туташа турган телефон байланыш тармактары, туташтырылгандан кийин жалпы пайдалануудагы телефон байланыш тармактын бир бөлүгү болуп калат.
10. Жалпы пайдалануудагы телефон байланыш тармагына биригүү деңгээлдери:
1) жергиликтүү деңгээлде туташтыруу бир эле калктуу конушта же административдик райондо жергиликтүү телефон байланыш кызматын көрсөткөн электр байланыш операторлорунун туруктуу телефон байланыш тармактарынын ортосунда ишке ашырылат. Туташтыруу жергиликтүү телефон байланыш тармактарынын АТС же ШКБ/АТС ортосунда ишке ашырылат.
Жалпы пайдалануудагы жергиликтүү телефон байланыш тармактарынын абоненттеринин ортосундагы телефон байланыштыруу жергиликтүү байланыш болуп саналат;
2) шаар аралык деңгээлде туташтыруу бир же ар башка географиялык аныкталуучу номерлештирүү зоналарынын калктуу конуштарынын ортосунда телефон байланыш кызматын көрсөткөн туруктуу телефон байланыш операторлорунун ортосунда ишке ашырылат. Туташтыруу шаар аралык телефон байланыш тармактарынын ШКБ же ШКБ/АТС ортосунда ишке ашырылат.
Бир же ар башка географиялык аныкталуучу номерлештирүү зоналарынын ар башка калктуу конуштарындагы/административдик райондорундагы абоненттердин ортосундагы телефон байланыштыруу шаар аралык байланыш болуп саналат;
3) тармактар аралык деңгээлде туташтыруу көчмө телефон байланыш тармактарынын ортосунда, көчмө телефон байланыш тармактарынын жана туруктуу телефон байланыш тармактарынын ортосунда ишке ашырылат. Туташтыруу көчмө байланыш ККБ тармактарынын ортосунда же көчмө байланыш ККБ тармактарынын жана туруктуу телефон байланыш ШКБ ортосунда ишке ашырылат.
Эки башка көчмө байланыш тармактарынын абоненттеринин ортосундагы, көчмө байланыш тармактарынын жана туруктуу байланыш тармактарынын абоненттеринин ортосундагы телефон байланыштыруу тармактар аралык байланыш болуп саналат;
4) эл аралык деңгээлдеги туташтыруу Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы телефон байланыш тармактарынын эл аралык коммутациялоо борборлорунун (ЭАКБ) ортосунда жана башка өлкөлөрдүн эл аралык коммутациялоо борборлорунун ортосунда ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын абоненттери менен башка өлкөлөрдүн абоненттеринин ортосундагы телефон байланыштыруу эл аралык байланыш болуп саналат.
11. Жалпы пайдалануудагы телефон байланыш тармагынын курамына кирген ар башка операторлордун тармактарынын ортосунда өз ара аракеттенүү учурунда төмөнкүлөр менен камсыз болуусу керек:
- өз ара аракеттенген тармактардын бардык абоненттерине жеткиликтүүлүк, абоненттин номеринин узактыгына карабастан;
- шашылыш ыкчам кызматтарга жеткиликтүүлүк;
- трафикти өткөрүү үчүн айланып өтүү маршруттары.
10. Телефон байланыш тармактарын түзүүдө төмөнкүдөй принциптер эске алынат:
1) көчмө телефон байланыш, анын ичинен көчмө спутниктик телефон байланыш тармактарынын коммутациялоо борборлору Кыргыз Республикасынын аймагында жайгаштырылат;
2) Кыргыз Республикасынын аймагында жайгаштырылган коммутациялоо борборлорун туташтыруу үчүн, Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу гана өткөрүлгөн байланыш линиялары же спутниктик байланыш колдонулат;
3) эл аралык байланыш кызматын көрсөткөн Кыргыз Республикасынын электр байланыш операторлорунун эл аралык коммутациялоо борборлору башка өлкөлөрдүн экиден кем эмес эл аралык коммутациялоо борборлору же Кыргыз Республикасында жайгашкан бир ЭАКБ жана башка өлкөнүн бир ЭАКБ менен түздөн-түз туташтырылышы керек;
4) шашылыш ыкчам жана атайын кызматтарга жеткиликтүүлүк туруктуу жана көчмө телефон байланыш тармактарында уюштурулат. Шашылыш ыкчам жана атайын кызматтарга жеткиликтүүлүктү уюштурууда белгилүү бир жергиликтүү телефон байланыш тармагынын иштеген зонасында жайгашкан туруктуу телефон байланыш тармактарынын абоненттери жана көчмө телефон байланыш тармактарынын абоненттери үчүн тармактар аралык туташтыруу колдонулат;
5) жалпы пайдалануудагы телефон байланыш тармагына туташуучу корпоративдик АТСтер төмөнкүдөй биригүүлөрдүн түрлөрүн камсыз кылышы керек:
- туташкан АТС абоненттеринин ортосундагы (станция ичиндеги) байланыш;
- жалпы пайдалануудагы телефон байланыш тармагынын абоненттери менен (жергиликтүү, шаар аралык, тармактар аралык, эл аралык) байланышуулар;
- шашылыш ыкчам кызматтарга чалуулар.
13. Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы телефон байланыш тармагын номерлештирүү географиялык аныкталуучу жана географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зоналарынын негизинде ишке ашырылат.
14. Географиялык аныкталуучу номерлештирүү зоналары Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бөлүштүрүүлөрүнүн негизинде түзүлөт. Ар бир облуска географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасы "АВ" коду ыйгарылат. Бул учурда географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасынын ресурстары башка географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасынын аймагында же көчмө радио телефон байланышынын тармагында колдонулбашы керек.
Географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасынын ичинде номерлештирүү, административдик-аймактык бөлүштүрүүлөргө жараша берилген: облустук борборго, административдик районго, шаарга. Ар бир административдик районго жана шаарга өзүнүн жүз миңдик номерлер тобунун "ab" коду ыйгарылат. Эгер бир "ab" коду административдик райондун/шаардын телефон байланыш тармагы үчүн аздык кылса ага дагы бир "ab" коду ыйгарылат.
15. Географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зоналары көчмө телефон байланыш тармактарын, ошондой эле туруктуу телефон байланыш тармактарын колдонуу үчүн түзүлөт, алардын операторлору бир нече калктуу конуштарда жергиликтүү телефон байланыш кызматын көрсөтүшөт жана алардын ортосундагы өздөрүнүн шаар аралык байланыш тармагын жана ИБТ түзүшөт.
Ар бир географиялык аныкталбай турган номерлештирүү аймакка "DE" коду ыйгарылат, ал эми ИБТ кызматтарына "DEF" коду ыйгарылат.
16. Бир жергиликтүү же ички аймактык телефон байланыш тармагынын алкагында, ошол калктуу конушта/административдик райондо жергиликтүү же ички зоналык телефон байланыш кызматын көрсөткөн бардык байланыш операторлору үчүн номерди терүүнүн бирдиктүү планы колдонулат. Жалпы пайдалануудагы туруктуу телефон байланыш тармагынын ар бир абоненттик терминалына уникалдуу улуттук телефон номери ыйгарылат.
Географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зонасы үчүн ага таандык болгон бир нече номерди (бир тармактын ичинде) бир эле абоненттик терминалга чалуу үчүн колдонууга жол берилет.
17. Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген бөлүнгөн байланыш тармактары үчүн түйүндүк жана соңку элементтерди идентификациялоо талаптары, анын ичинде номердин белгилеринин саны ошол байланыш тармактарынын операторлору тарабынан өз алдынча колдонуудагы ченемдик документтердин жоболоруна ылайык белгиленет.
3. Кыргыз Республикасынын электр байланыш тармактарын номерлештирүү улуттук системасын жана планын түзүүнүн негизги принциптери
18. Кыргыз Республикасынын электр байланыш тармактарын номерлештирүү улуттук системасы байланыш тармактарында колдонула турган номерлештирүүнүн негизги жоболорун белгилейт (номерлештирүүнүн тиби - ачык же жабык, номерлердин кабыл алынган форматы, префикстер, жергиликтүү, шаар аралык, тармактар аралык, эл аралык байланыштыруулардагы номерди терүүнүн форматын, номерлештирүүнү колдонуу боюнча мүмкүн болгон чектөөлөрдү).
19. Номерлештирүү планы номерлештирүү зоналарын, электр байланыш тармактарын жана электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрү жана номерлештирүү менен электр байланыш тармактарында көрсөтүлгөн башка кызматтарды номерлештирүү коддорун жана ресурсун дайындоону белгилейт.
20. Кыргыз Республикасынын аймагында уюштурулган жалпы пайдалануудагы телефон байланыш тармагынын номерлештирүү системасын түзүүнүн негизги принциби катары, өлкөнүн бирдиктүү Кө=996 коду колдонулат.
21. Кыргыз Республикасынын Жалпы пайдалануудагы телефон байланышынын электр байланыш тармактарын номерлештирүү улуттук системасы номердин бирдиктүү форматы, б.а. жалпы пайдалануудагы телефон байланыш тармагындагы, жаңы операторлор түзгөн байланыш тармактарындагы, интеллектуалдык байланыш тармактарында жана кызматтарды интеграциялаган санариптик тармактардагы (КИСТ) бирдиктүү номерлештирүү менен мүнөздөлөт.
22. Эл аралык номердин түзүлүшү Nэа: Кө АВ (DE) Nаб,
мында:
Кө - өлкөнүн коду;
АВ (DE) - географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасынын же географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зонасынын коду (2 ондук белги);
Nаб - географиялык аныкталуучу же географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зонасындагы абоненттин номери (7 ондук белги).
Эл аралык номердеги эң көп белгинин саны 15 болушу мүмкүн (Е-164 рекомендациясы - жалпы пайдалануудагы электр байланышынын эл аралык номерлештирүү планы ЭЭУ-Т).
21. Улуттук номердин түзүлүшү Nул:
1) географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зонасы үчүн:
DE Nаб,
мында:
DE - географиялык аныкталбай турган номерлештируү зонасынын коду;
Nаб - географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зонасындагы абоненттин номери;
2) географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасы үчүн:
АВ Nзон,
мында:
АВ - географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасынын коду;
Nзон - географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасындагы абоненттин номери (зоналык номер).
24. Зоналык номердин түзүлүшү (7 ондук белги):
Nзон = ab х1х2х3х4х5,
мында:
ab - географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасындагы калктуу конуштун коду же жергиликтүү телефон байланыш тармагынын абоненттеринин жүз миңдик тобунун коду;
х1х2х3х4х5 - жергиликтүү телефон байланыш тармагынын абонентинин номери.
25. Жергиликтүү телефон байланыш тармагынын абонентинин номери 3төн 7ге чейинки ондук белгиден турушу мүмкүн жана зоналык телефон номердеги белгилердин санына дал келиши керек.
Географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зонасындагы абоненттердин номери жети белгиден турат: х1х2х3х4х5х6х7.
26. Номердин сакталуучулугу кызмат көрсөтүүсүн уюштуруу үчүн маршруттук номер колдонулат.
Маршруттук номер электр байланыш тармагында техникалык байланыш каражаттардын жардамы менен түзүлөт жана мамлекеттик номерлештирүү ресурсунун бөлүгү болуп саналбайт. Маршруттук номердин түзүмү жана маршруттук номерлердин диапазону байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен аныкталат жана ар бир мобилдик байланыш операторуна бекитип берилет.
27. Туруктуу жана көчмө байланыш тармактарынын абоненттерине, шашылыш ыкчам кызматтарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн 3 белгиден турган, х1х2х3 форматтагы номер колдонулат, мында х1 = 1.
28. Байланыштыруу жүргүзүлүп жаткан учурда белгилүү бир калктуу конушта же административдик райондо болгон туруктуу жана көчмө телефон байланыш тармактардын абоненттерине, ушул калктуу конуштагы/административдик райондогу маалыматтык-сурап билүү жана башка атайын кызматтарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылууда, ушул калктуу конушта/административдик райондо колдонулган номерлештирүү планына ылайык, х1х2х3 же х1х2х3х4 форматтагы номер пайдаланылат, мында х1 = 1, ал эми х2 "2" барабар болбойт.
Туруктуу жана көчмө телефон байланыш тармактарынын абоненттерине Кыргыз Республикасынын бүткүл аймактарында же бир нече калктуу конушунда көрсөтүлгөн, маалыматтык-сурап билүү жана башка атайын кызматтарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылууда, х1х2х3х4 форматтагы номерлер колдонулат, мында х1 = 1, х2 = 2.
Аталган диапазондогу номерлерди, кошумча акы төлөнүүчү жана кошумча акы төлөнбөгөн кызматтарды уюштуруу үчүн башка диапазондорго бөлүштүрүүнү байланыш боюнча ыйгарым укуктуу орган ишке ашырат.
29. Географиялык аныкталбай турган номерлештирүү аймакта иштеген операторлор, өздөрүнүн тармактарынын абоненттерине маалыматтык-сурап билүү жана башка атайын кызматтарды берүү үчүн, аларга географиялык аныкталбай турган номерлештирүү аймактын кодунда бөлүп берилген кыска номерлерди колдоно алышат. Мындай учурда географиялык аныкталбай турган номерлештирүү аймактын номерлештирүү ресурсундагы номерлер колдонулат:
х1х2, х1х2х3, х1х2х3х4, х1х2х3х4х5, х1х2х3х4х5х6, мында
х1х2, х1х2х3, х1х2х3х4, х1х2х3х4х5, х1х2х3х4х5х6, - кызматтын телефон номери.
Ушул номерлерди терүү форматында * жана/же # белгилери колдонулат, бирок сервистик командалардан тышкары, х1 "0 жана 1" барабар болбошу керек. Сервистик командалар, USSD-комбинация формасында же кыска номерге SMS жиберүү формасында болушу керек, мындай учурда USSD-комбинациясы үчүн номер каалаган сандагы сандардан туруп, милдеттүү түрдө "#", "*" белгилер колдонулат. SMS-номерлер үчүн "#", "*" белгилер колдонулган сандардын комбинациясы жана жалаң гана сандардан турган комбинация колдонула берет.
Бул кыска номерлерди электр байланыш операторлору өз алдынча түзүшөт.
Ушул кызматтарга башка операторлордун тармактарынан тармактар аралык биригүү боюнча байланыштыруу камсыз кылынбайт.
Үчүнчү жактар (кызмат көрсөтүүчү) көчмө байланыш тармактарынын абоненттери үчүн үн уктуруу байланышы, SMS-билдирүүлөрү же башка технологиялар колдонулган маалыматтык-сурап билүү жана кошумча тейлөө кызматтарды түзүүдө географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зонасынын номерлештирүү ресурсунан номерлерди колдоно алышат:
х1х2х3х4, мында х1 "0 жана 1" барабар келбейт.
Бул кызматтарга тармактар аралык жетүү Кыргыз Республикасынын башка көчмө байланыш операторлорунун тармактарынан гана берилиши мүмкүн.
Мындай кызматтарды уюштуруу үчүн, электр байланыш операторуна кыска номерлер ресурсун байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бөлүп берет.
30. Географиялык аныкталуучу номерлештирүү аймактын кодунда иштеген, туруктуу телефон байланыш операторунун тармагында уюштурулган кошумча тейлөө кызматтарына байланышуу үчүн абоненттерге, өз тармагынын абоненттерине жеткиликтүүлүктү камсыздоодо төмөнкүдөй кыска номерлер колдонулат х1х2, х1х2х3, х1х2х3х4.
Мындай учурда * жана/же # белгилер колдонулбашы керек, ал эми х1 "0, 1" барабар келбеши керек.
Бул кыска номерлерди электр байланыш операторлору өз алдынча түзө алышат. Ушул кызматтарга башка операторлордун тармактарынан тармактар аралык биригүү боюнча байланыштыруу камсыз кылынбайт.
31. Кыргыз Республикасынын байланыш тармактары менен дүйнөлүк жамаатташ өлкөлөрдүн тармактарынын өз ара аракеттенүүсү эл аралык номерди колдонуу менен ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын аймагында ар башка номерлештирүү зоналарынын өз ара аракеттенүүсү, улуттук номерлерди колдонуу менен ишке ашырылат.
Ар башка "ab" коддоруна тиешелүү болгон, бир географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасындагы ар башка жергиликтүү телефон байланыш тармактарынын абоненттеринин ортосундагы өз ара аракеттенүү, улуттук номерди колдонуу менен ишке ашырылат.
Бир географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зонасынын телефон байланыш тармактарынын абоненттеринин ортосундагы өз ара аракеттенүү улуттук номерди колдонуу менен ишке ашырылат.
Географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасындагы бир жергиликтүү телефон байланыш тармагынын абоненттеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүсү абоненттик номерди колдонуу менен ишке ашырылат.
32. Эл аралык телефон байланышты түзүү үчүн эл аралык телефон байланыш тармагына чыгуучу префикс Пэа колдонулат, ал "00" мааниден турган эки ондук белгиден түзүлөт.
Географиялык аныкталуучу номерлештирүү аймактагы шаар аралык, ички аймактык телефон байланыштыруу үчүн, географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зонасында ички тармактык, тармактар аралык телефон байланыштыруу үчүн улуттук телефон байланыш тармагына чыгуучу Пу префикс колдонулат, ал "0" мааниден турган бир ондук белгиден түзүлөт.
33. Кыргыз Республикасынын туруктуу телефон байланыш тармактарында ачык номерлештирүү системасы колдонулат.
Кыргыз Республикасынын көчмө телефон байланыш тармактарында жабык номерлештирүү системасы колдонулат.
34. Байланыш операторун тандоо ыкмасы менен эл аралык телефондук байланыштырууда, ар бир чакырык сайын кызмат көрсөтүүнү тандоо коду (КЖКэа) жана эл аралык байланыш тармагынын операторун тандоо коду (Ко) колдонулат, булардан мурда улуттук Пу префикси колдонулат.
35. Байланыш операторун тандоо ыкмасы менен шаар аралык телефондук байланыштырууда ар бир чакырык сайын кызмат көрсөтүүнү тандоо коду (КЖКм) жана шаар аралык байланыш тармактын операторду тандоо коду (Ко) колдонулат, булардан мурда улуттук Пу префикси колдонулат.
36. Телефон байланыш каражаттары колдонулган кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууда, эл аралык жана улуттук кызмат көрсөтүүлөр коду (DEF) колдонулат.
Эл аралык кызмат көрсөтүүлөр коду ITU рекомендацияларына ылайык аныкталат.
Улуттук кызмат көрсөтүүлөр коду (DEF) төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:
1) ИБТ кызматтардын эриш-аркак коддору:
800 - чакыруучу абонент үчүн акысыз кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууда (чалуу кызмат көрсөтүүчү тарабынан төлөнөт);
803 - теледобуш берүү кызмат көрсөтүүнү уюштуруу үчүн;
809 - кошумча наркы менен кызмат көрсөтүүнү уюштуруу үчүн.
Ушул ИБТ кызматынын номерлеринин форматы: 800 х1х2х3х4х5х6х7 803 х1х2х3х4х5х6х7 809 х1х2х3х4х5х6х7, мында
х1х2 - ИБТ оператордун коду;
х3х4х5х6х7 - кызмат көрсөтүүчүнү идентификациялоо үчүн берилген логикалык номер.
2) маалыматтык-коммуникациялык кызмат көрсөтүү үчүн эриш-аркак эмес коддор (DEF):
801ден 879га чейин жана 890дон 899га чейин (803төн жана 809дан тышкары);
Номерлердин форматы: DEF х1х2,
мында:
DEF - маалыматтык-коммуникациялык кызмат көрсөтүү үчүн электр байланыш операторуна берилген код;
х1х2 - кызмат көрсөтүүчүнү идентификациялоо үчүн берилген логикалык номер
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-апрелиндеги № 157 токтомунун редакциясына ылайык)
37. № 7 жалпы каналдык сигнализация системасындагы телефон байланыш тармагынын түйүндүк элементин идентификациялоо үчүн, 2ден экилик белгиден турган тармактын индикатору колдонулат жана 14 экилик белгиден турган сигнализация пунктунун коду колдонулат.
38. Эл аралык телефон байланыш тармактары үчүн "00" мааниден турган тармактын индикатору менен бирге колдонулган сигнализация пунктунун коду, сандык белгилердин комбинациясынан түзүлөт (№ сигнализация системасынын талаптарынын МСЭ Q.704, оперативдик бюллетень, өлкөлөрдүн эл аралык коддору, коддордун жана номерлердин тизмеси Q.708 рекомендацияларына ылайык):
"00" NML К - D СВА
мында:
NML - дүйнөлүк географиялык сигнализация зонасынын коду - 3 экилик белги;
К - D - сигнализация тармагын идентификациялоо коду (өлкөнүн) - 8 экилик белги;
СВА - тармактагы сигнализация пунктун идентификациялоочу код - 3 экилик белги.
39. "10" деген мааниге ээ болгон тармактын индикатору менен бирге колдонулуучу сигнализация пунктунун коду шаар аралык жана жергиликтүү байланыш тармактардын өз ара аракеттенүүсү үчүн 14 экилик белгиден турган комбинациянын жардамы менен уюштурулат:
"10" хххххххххххххх.
40. "11" деген мааниге ээ болгон тармактын индикатору менен бирге колдонулуучу сигнализация пунктунун коду, ички тармактык өз ара аракеттенүү үчүн, 14 экилик белгиден турган комбинациянын жардамы менен уюштурулат:
"11" хххххххххххххх.
"01" мааниге ээ болгон индикатор резервдик болуп саналат.
41. Бир коммутациялык станция эл аралык байланыш тармагындагы бирден ашык сигнализация пункту боло албайт, ошого жараша бирден ашык ISFC (International Signalling Point Code) кодун ала албайт. Ошондой эле, бир коммутациялык станция улуттук байланыш тармагындагы бирден ашык сигнализация пункту боло албайт, ошого жараша бирден ашык NSPC (National Signalling Point Code) кодун ала албайт.
42. Эгер коммутациялык станция бир нече түрдөгү тармактар үчүн (эл аралык, шаар аралык, жергиликтүү) коммутация борбору болсо, ага бир нече сигналдык түйүн ыйгарылып, ар бирине бирден: "00", "10", "11" индикатор берилет.
43. Көчмө байланыш тармагынын соңку элементтерин идентификациялоо үчүн МСЭ Е-212 (Е-212 - Жалпы пайдалануу тармактары үчүн эл аралык идентификациялоо планы) рекомендацияларына ылайык цифралык белгилөөлөрдүн айкалышы пайдаланылат:
- көчмө байланыш өлкөсүнүн коду (МСС) - 3 ондук белгиге чейин. Кыргыз Республикасынын мобилдик байланыш тармактары үчүн МСС = 437;
- көчмө байланыш тармагынын коду (MNC) - 2 ондук белги (өлкөнүн ичиндеги көчмө байланыш тармагын идентификациялоо үчүн);
- абоненттик станциянын номери (MSIN) - 10 ондук белгиге чейин (абоненттик станция туташтырылган көчмө байланыш тармагынын чегинде абоненттик станцияны идентификациялоо үчүн).
44. Көчмө байланыш тармагы, абоненттик станциянын таануучу номерлери көчмө байланыш тармактарындагы абоненттик станцияны идентификациялоо үчүн пайдаланылуучу абоненттик станциянын эл аралык номерин (IMSI) түзгөн учурда байланыштын көчмө тармагында өлкөнүн кодун ырааттуу белгилөө. Эл аралык номериндеги (IMSI) ондук белгилердин эң көп саны 15 болушу керек.
4. Кыргыз Республикасынын электр байланыш тармактарын номерлештирүү системасы
45. Эл аралык байланыштырууларды жүргүзүүдөгү терүү форматтары:
1) чыгуучу байланышта эл аралык номерди терүү форматы:
Пэа - Кө Nул,
мында:
Пэа - эл аралык телефон байланыш тармагына чыгуучу префикс;
Кө - чакырык багытталган өлкөнүн коду;
Nул - чакырык багытталган өлкөнүн абонентинин улуттук номери;
2) Кыргыз Республикасынын географиялык аныкталуучу номерлештирүү зоналарынын байланыш тармагынын абоненттерине кирүүчү эл аралык байланышта номерди терүү форматы:
Пэа - Кө АВ Nайм,
мында:
Пэа - байланыштын эл аралык телефон тармагына чыгуучу префикс;
Кө - Кыргыз Республикасынын эл аралык телефондук коду;
АВ - Кыргыз Республикасындагы географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасынын коду;
Nайм = ab х1х2х3х4х5 - географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасынын абонентинин зоналык номери;
ab - географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасындагы калктуу конуштун коду же ШТС абоненттеринин жүз миңдик тобунун коду;
х1х2х3х4х5 - абоненттин телефон номери;
3) Кыргыз Республикасынын географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зоналарынын абоненттерине кирүүчү байланышта номерди терүү форматы:
Пэа - Кө DE Nаб,
мында:
Пэа - эл аралык телефон байланыш тармагына чыгуучу префикс;
Кө - Кыргыз Республикасынын эл аралык телефондук коду;
DE - Кыргыз Республикасынын географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зоналарынын коду;
Nаб = х1х2х3х4х5х6х7 - географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зонасындагы абонентинин номери.
46. Шаар аралык байланыштыруулардагы терүү форматтары:
1) шаар аралык (анын ичинен бир географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасынын ар башка административдик райондорунун ар башка пункттарынын ортосундагы) телефондук байланыштыруулардагы терүү форматы:
Пу - АВ ab х1х2х3х4х5,
мында:
Пу - улуттук телефон байланыш тармагына чыгуучу префикс;
АВ - географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасынын коду;
ab х1х2х3х4х5 - абоненттин зоналык номери;
2) географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасында 7 белгиден турган номерлештирүүнү киргизүүдө ушул номерлештирүү зонасына тиешелүү болгон бир же ар башка пункттардын абоненттеринин ортосундагы байланыштыруудагы терүү форматы:
х1х2х3х4х5х6х7,
мында:
х1х2х3х4х5х6х7 - абоненттин номери.
Ар башка географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасына тиешелүү болгон пункттардын абоненттеринин ортосундагы байланыштыруу форматы:
Пу - АВ ab х1х2х3х4х5 же Пн - АВ х1х2х3х4х5х6х7, мында:
Пу - улуттук телефон байланыш тармагына чыгуучу префикс;
АВ - географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасынын коду;
ab х1х2х3х4х5 - абоненттин зоналык номери (чакыруучу абоненттин номери 5 белгиден турса);
х1х2х3х4х5х6х7 - абоненттин зоналык номери (чакыруучу абоненттин номери 7 белгиден турса);
3) тармактар аралык байланыштырууда географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зоналарынын абоненттеринин ортосундагы терүү (форматы:
Пу - DE х1х2х3х4х5х6х7, мында:
Пу - улуттук телефон байланыш тармагына чыгуучу префикс;
DE - географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зонасынын коду;
х1х2х3х4х5х6х7 - географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зонасындагы абоненттин телефонунун номери;
4) географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зонасынын абоненттери менен географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасынын абоненттеринин ортосундагы байланыштырууда терүү форматы:
- эгер байланышка чыгуучу географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасынын абоненти болсо:
Пу - DE х1х2х3х4х5х6х7, мында:
Пу - улуттук телефон байланыш тармагына чыгуучу префикс;
DE - географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зонасынын коду;
х1х2х3х4х5х6х7 - географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зонасынын абонентинин номери;
- эгер байланышка чыгуучу географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зонасынын абоненти болсо:
Пу - АВ ab х1х2х3х4х5 же Пу - АВ х1х2х3х4х5х6х7, мында:
Пу - улуттук телефон байланыш тармагына чыгуучу префикс;
АВ - географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасынын коду;
ab х1х2х3х4х5 - абоненттин зоналык номери;
х1х2х3х4х5х6х7 - абоненттин номери;
5) бир географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зонасынын же бир географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зонасындагы тармактын абоненттеринин ортосундагы байланыштыруудагы терүү форматы:
Пу - DE х1х2х3х4х5х6х7,
мында:
Пу - улуттук телефон байланыш тармагына чыгуучу префикс;
DE - географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасынын коду;
х1х2х3х4х5х6х7 - географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зонасындагы абонентинин номери.
"А" же "D" тамга символунун ордуна 2ден 9га чейинки цифралар, "В" же "Е" символунун ордуна каалаган цифралар колдонулушу мүмкүн.
47. Жергиликтүү телефон байланыш тармактарында номерлештирүү, жергиликтүү байланыштыруудагы терүү форматы:
1) жергиликтүү байланыштагы шаардык телефон станцияларында номерлештирүүнүн жабык системасы колдонулат. ШТСнын сыйымдуулугуна, колдонулган жабдууларга жана тармакты өнүктүрүүнүн келечегине жараша беш, алты жана жети белгиден турган төмөнкүдөй номерлештирүү колдонулушу мүмкүн: х1х2х3х4х5, х1х2х3х4х5х6, х1х2х3х4х5х6х7.
Жергиликтүү телефон байланыш тармагынын абоненттик номеринин биринчи белгиси катары "0" жана"1" цифраларын колдонууга болбойт;
2) айылдык телефон станцияларында жана корпоративдик станцияларда номерлештирүүнүн ачык жана жабык системасы колдонулушу мүмкүн.
Чыгуучу префикси жок ачык номерлештирүүнү колдонууда, өзүнүн соңку станциясынын, түйүндүк станциясынын чегиндеги байланыш кыскартылган үч белгиден (4 белгиден) турган номердин жардамы менен жүргүзүлөт, ал эми борбордук станцияга чыгууга жана ал аркылуу айылдык телефон станциясынын чегиндеги башка станцияларга чыгууга, ошондой эле борбордук станциянын чегиндеги башка станцияларга чыгууга 5 белгиден турган (келечекте 7 белгиден турган) номер колдонулат. Мындай учурда борбордук станция үчүн дайыма жабык номерлештирүү колдонулат.
Чыгуучу префикси бар ачык системаны колдонууда, өзүнүн байланыш бөлүмдөрүндө (ББ), байланыш түйүндөрүндө (ВТ) байланыштыруу кыскартылган номердин жардамы менен жүргүзүлөт, ал эми борбордук станцияга чыгууга жана ал аркылуу айылдык телефон станциянын чегиндеги башка станцияларга чыгууга - чыгуучу префикс жана 5 белгиден турган номер колдонулат. Мындай учурда борбордук станция (БС) үчүн дайыма жабык номерлештирүү колдонулат.
Жергиликтүү тармакка чыгуучу префикс катары "9" цифрасы колдонулат.
48. Атайын кызматтарды номерлештирүү жана шашылыш ыкчам жана атайын кызматтарга номерди терүү форматтары:
1) Кыргыз Республикасында атайын кызматтардын телефондоруна 3 белгиден жана 4 белгиден турган номерлештирүү колдонулат.
100-119 номерлери шашылыш ыкчам кызматтар үчүн арналат. Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы телефон байланыш тармактарына кирген бардык телефон тармактарында бир эле шашылыш ыкчам кызматтар үчүн окшош бир эле номер колдонулат.
130-199 номерлери бир райборбордо, облустун борборунда же шаарда кызмат көрсөткөн атайын кызматтар үчүн бардык облустук жана райондук борборлордо колдонулат.
130-199 жана 1300-1999 номерлери Бишкек шаарында кызмат көрсөткөн атайын кызматтар үчүн Бишкек шаарында колдонулат. 3 белгиден турган кыска номерден 4 белгиден турган номерге өткөндө 4 белгиден турган номерлердин диапазону бошогон 3 белгиден турган номерлердин базасында түзүлөт. 3 белгиден жана 4 белгиден турган номерлердин диапазондору кайчылаш келбеши керек.
120-129 номерлеринин диапазону 4 белгиден турган диапазонго которулат.
1200-1299 номерлердин диапазону бир нече калктуу конуштун көчмө жана туруктуу телефон байланыш тармактарынын абоненттерине же Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы телефон байланыш тармагынын бардык абоненттерине кызмат көрсөткөн атайын кызматтар үчүн бөлүнөт;
2) калктуу конуштун/административдик райондун жергиликтүү телефон байланыш абоненттери үчүн, ошол калктуу конушта/административдик райондо уюштурулган шашылыш ыкчам кызматтардын номерин жана байланыш түзүлгөн учурда ошол калктуу конушта же административдик райондо болгон көчмө телефон байланыш тармагынын абоненттери үчүн шашылыш ыкчам кызматтардын телефон номерин терүү форматы: х1х2х3;
3) байланыш түзүлгөн учурда ошол калктуу конушта же административдик райондо болгон, жергиликтүү телефон байланыш тармагынын жана көчмө телефон байланыш тармагынын абоненттери үчүн, калктуу конушта/административдик райондо кызмат көрсөткөн атайын кызматтардын телефон номерин терүү форматы:
х1х2х3 жана/же х1х2х3х4 ушул калктуу конуштагы/административдик райондогу жергиликтүү телефон байланыш тармактарынын кыска номерлерин номерлештирүү планына жараша;
4) башка калктуу конуштун/административдик райондун жергиликтүү телефон байланыш тармактарынын абоненттери үчүн жана байланыш түзүлгөн учурда башка калктуу конуштун же административдик райондун аймагында болгон көчмө байланыш абоненттери үчүн калктуу конушта/административдик райондо кызмат көрсөтүү үчүн уюшулган атайын кызматтардын телефон номерин терүү форматы:
Пу АВ ав Nатай, мында:
Пу - телефон байланышынын улуттук тармагына чыгуучу префикс;
АВ - географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасынын коду;
ав - "АВ" кодундагы айрым бир жергиликтүү телефон байланыш тармагынын коду;
Naтай - атайын кызматтын телефон номери.
Башка калктуу конуштун/административдик райондордун аймагындагы атайын кызматтарга жетүү кызмат көрсөтүүчүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу менен ишке ашырылат;
5) туруктуу жана көчмө жана телефон байланышы тармагынын абоненттери үчүн телефон чалуунун бирдиктүү номери менен бир нече калктуу конуштагы же Кыргыз Республикасынын бардык аймагындагы көчмө жана туруктуу телефон байланыш тармагынын абоненттерине кызмат көрсөткөн атайын кызматтардын телефон номерин терүү форматы: х1х2х3х4;
6) шашылыш ыкчам жана атайын кызматтарга жетүү, бирдиктүү телефон чалуу номери менен Кыргыз Республикасынын бардык аймагында же бир бөлүгүндө кызмат көрсөткөн кызматтарды кошкондо, башка өлкөлөрдүн көчмө жана туруктуу телефон байланыш тармактарынын абоненттерине көрсөтүлбөйт, буга Кыргыз Республикасынын көчмө телефон байланышы тармагындагы ушундай абоненттердин роуминги учурлары кирбейт.
49. Жарым автоматтык байланыштыруудагы номерди терүү форматтары:
1) Кыргыз Республикасынын ЭАКБ (ШКБ) эл аралык кызматтарынын телефонисттеринин башка өлкөлөрдүн абоненттеринин номерин терүү форматы:
Пэа - Кө Nул,
мында:
Пэа - эл аралык телефон байланышы тармагына чыгуучу префикс;
Кө - чыгуучу өлкөнүн коду;
Nул - чыгуучу өлкөнүн абонентинин улуттук номери;
2) Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы телефон тармагынын абоненттеринин номерин башка өлкөлөрдүн ЭАКБ (ШКБ) эл аралык кызматтарынын телефонисттеринин терүү форматы:
Пэа Кө Nул,
мында:
Пэа - эл аралык телефон байланыш тармагына чыгуучу префикс;
Кө - Кыргыз Республикасынын эл аралык телефон коду;
Nул - Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы телефон байланышы тармагынын абонентинин улуттук номери;
3) Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы телефон байланышы тармагынын абоненттеринин номерин Кыргыз Республикасынын ЭАКБ (ШКБ) телефонисттеринин терүү форматы:
Пу Nул, мында:
Пу - улуттук телефон байланыш тармагына чыгуучу префикс;
Nул - улуттук телефон байланышы тармагынын абонентинин номери.
50. ШКБ кызматтарына туташтыруудагы терүү форматтары:
1) ШБК же райондук байланыш түйүнүнүн заказ берилүүчү жана маалыматтык-сурап билүү кызматтарына абоненттердин жетиши жергиликтүү телефон байланышы тармагындагы пайдаланылган номерлештирүүгө жараша жергиликтүү телефон байланышы тармагынын кыска үч орундуу номери боюнча же жергиликтүү телефон байланышы тармагынын телефон номери (5-6 орундуу) боюнча ишке ашырылат;
2) шаар аралык, эл аралык, ЭАКБ (ШКБ) сурап билүү кызматынын телефонисттерин Кыргыз Республикасынын облустук борборлорунун, райондук борборлорунун телефонисттеринин терүү форматы:
Пу АВ 82,
мында:
Пу - улуттук телефон байланыш тармагына чыгуучу префикс;
АВ - географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасынын коду;
82 - ЭАКБ (ШКБ) операторуна жетүү номери;
3) облустук борбордун, райондук борбордун ШКБ шаар аралык кызматынын телефонисттерин ЭАКБ (ШКБ) шаар аралык телефонисттеринин терүү форматы:
Пу АВ 81,
мында:
Пу - улуттук телефон байланыш тармагына чыгуучу префикс;
АВ - географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасынын коду;
81 - шаар аралык кызматтын ВРМ телефонистине жетүү номери;
же Пу АВ ab 22222,
мында:
Пу - улуттук телефон байланыш тармагына чыгуучу префикс;
АВ - географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасынын коду;
ab - ички зоналык код;
22222 - ШКБ шаар аралык кызматтын ВРМ телефонистине жетүү үчүн, жергиликтүү телефон байланышы тармагынын телефон номери. Бул номер 2 түрдө: х 2222, хх 222 болушу мүмкүн;
4) башка өлкөлөрдүн ЭАКБ эл аралык кызматтарынын телефонисттерин Кыргыз Республикасынын ЭАКБ кызматтарынын телефонисттеринин терүү форматы:
а) Пэа Кө L 11;
мында:
Пэа, - эл аралык телефон байланыш тармагына чыгуучу префикс;
Кө - чыгуучу өлкөнүн коду;
L - тилдин коду:
L = 1 - француз
L = 2 - англис
L = 3 - немис
L = 4 - орус
L = 5 - испан;
11 - токтоосуз тейлөө системасынын телефонисттеринин жумуш орундарына чыгуучу код;
5) Пэа Кө L 12, мында:
Пэа - эл аралык телефон байланыш тармагына чыгуучу префикс;
Кө - чыгуучу өлкөнүн коду;
L - тилдин коду;
12 - жайлатылган тейлөө системасынын ЭАКБ телефонисттеринин жумуш орундарына чыгуучу код;
в) Пэа Кө ABC (АВ) 81 (82),
мында:
Пэа - эл аралык телефон байланыш тармагына чыгуучу префикс;
Кө - чыгуучу өлкөнүн коду;
ABC (АВ) - географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасынын коду;
81 (82) - токтоосуз тейлөө системасынын телефонисттеринин жумуш орундарына чыгуучу код;
5) башка өлкөлөрдүн ЭАКБ телефонисттеринин чыгуу коддору:
а) Кыргыз Республикасынын ЭАКБ кызматтарынын телефонисттерине:
Пэа Кө L 11 же 12,
мында:
Пэа - эл аралык телефон байланыш тармагына чыгуучу префикс;
Кө - Кыргыз Республикасынын эл аралык телефон коду;
L - тилдин коду;
11 же 12 - Кыргыз Республикасынын ЭАКБ телефонисттеринин жумуш ордуна жетүү номери;
б) облустук борборлордун эл аралык кызматтарынын телефонисттерине:
Пэа Кө АВ 82 (81),
мында:
Пэа - эл аралык телефон байланышы тармагына чыгуучу префикс;
Кө - Кыргыз Республикасынын эл аралык телефон коду;
АВ - географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасынын коду;
82 (81) - облустук борбордун ШКБ телефонистинин жумуш ордуна жетүү номери.
51. Кызматтарды интеграциялоо менен байланыштын санариптик тармактарына (КИСТ) номерлештирүү жана терүү форматтары:
1) КИСТ номерлештирүү планы жалпы пайдалануудагы телефон байланышы тармагынын иштеп жаткан номерлештирүү планынын базасына жана Эл аралык электр байланыш уюмунун Е-164 (жалпы пайдалануудагы электр байланышын номерлештирүүнүн эл аралык планы) рекомендацияларына ылайык негизделет жана өнүгөт;
2) КИСТ номери төмөнкүдөй болушу мүмкүн:
- эл аралык;
- улуттук;
- зоналык;
- жергиликтүү (абоненттик);
3) КИСТ абоненттик номери деп жалпы пайдалануудагы телефон байланышы тармагындагы КИСТ колдонуучунун терминалын кошуу түйүнүн бир маанилүү идентификациялоочу номер түшүнүлөт.
КИСТ номерлеринин жалпы пайдалануудагы телефон байланышы тармагынын башка номерлеринен айырмаланган өзгөчөлүгү болуп тармактын аяктаган түзүлүшүнө бир же бир нече терминалдын (ведомстволук АТС же корпоративдик байланыш тармагы) туташтырылышы мүмкүн экендиги эсептелет, аларга бир же көптөгөн КИСТ номерлери ыйгарылышы мүмкүн;
4) КИСТ абоненттери үчүн номердик сыйымдуулукту дайындоо жалпы пайдалануудагы телефон байланышы тармагынын номерлештирүү ресурсунан ишке ашырылат.
КИСТ үчүн ички зоналык код - "ab", АТС индекси - "ab x1", АТС номердик сыйымдуулугунун бөлүктөрү - х1х2х3х4х5 көлөмүндөгү номердик сыйымдуулук бөлүнүшү мүмкүн. КИСТ номердик сыйымдуулугу жана Кыргыз Республикасынын аймагын камтуу белгиленген чекке жеткен учурда КИСТ үчүн "DE" коду бөлүнүшү мүмкүн;
5) бир КИСТ үчүн бир нече номер же номерлер диапазону дайындалышы мүмкүн, бул номерлер абоненттер кошумча кызмат көрсөтүүлөргө заказ берүүдө колдонулат;
6) абонент "Көптөгөн абоненттик жетүү" кошумча кызмат көрсөтүүсүнө заказ берген учурда абоненттик түзүлүштүн бир нече терминалдарынын бирине кирүүчү чакырык туташтырылат, алардын ар бири өз номери менен идентификацияланат;
7) КИСТке корпоративдик байланыш тармагынын АТСин кошууда кошуу интерфейсине КИСТ номерлер диапазону бөлүнүшү мүмкүн. Бул учурда ведомстволук же корпоративдик байланыш тармагынын конкреттүү АТС абонентин тандоо мүмкүнчүлүгү үчүн "номерди түз терүү" кошумча кызмат көрсөтүүсү колдонулат, мында номердин аягындагы белгилер номердин бөлүгү формасында АТСке жиберилет, АТС болсо талап кылынган абонентке туташтырат. Номердин бөлүгүнүн пайдаланылган белгилеринин саны ведомстволук же корпоративдик тармактын АТС сыйымдуулугуна жана КИСТ номерлештирүү планына жараша болот;
8) "так даректөө" кошумча кызмат көрсөтүүсү кошумча даректик сыйымдуулукту керектейт, ал КИСТ номерлештирүү планына кирбейт. КИСТ номеринен кийин так даректи түзүүчү 40ка чейин цифра болушу мүмкүн, ал абонентке орнотулган жабдууга жиберилет. КИСТ так дареги айрым бир терминалды тандоо же терминалдагы айрым бир процессти демилгелөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.
КИСТ дарегинин түзүмү:
Өлкөнүн коду | Чыгуучу өлкөнүн улуттук коду | КИСТ абонентинин зоналык номери | КИСТ так дареги |
| КИСТ улуттук номери
|
| |
| КИСТ эл аралык номери
|
| |
| КИСТ дареги
|
| |
9) КИСТ абонентинин эл аралык номери: Nэа = Кө NDC Nайм, мында:
Кө - Кыргыз Республикасынын эл аралык телефон коду;
NDC - "АВ" географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасынын кодуна туура келүүчү чыгуучу өлкөнүн улуттук коду;
Nайм - КИСТ абонентинин зоналык коду;
10) КИСТ абонентинин улуттук номери - чыгуучу өлкөнүн улуттук коду менен зоналык номердин жыйындысы төмөнкүнү түзөт: Nул = АВ Nайм.
Эл аралык телефон байланышы тармактарында 15 белгиден турган номерлештирүү кабыл алынгандыгына байланыштуу КИСТ абонентинин улуттук номери 12 чейинки белгиден турушу мүмкүн;
11) КИСТ абоненттеринин өз ара, ошондой эле жалпы пайдалануудагы телефон байланыш тармактарынын абоненттери менен өз ара аракеттенүүсү Кыргызстандын телефон тармагынын колдонулуудагы номерлештирүүсүнө ылайык ишке ашырылууга тийиш.
КИСТ улуттук номеринин түзүмү:
NDC чыгуучу өлкөнүн улуттук коду | Абоненттин зоналык номери | КИСТ так дареги |
| ||||
АВ | ab хх | ххх Номердин бөлүгү
|
|
| |||
|
|
Номердин бөлүгү жана так дареги
|
| ||||
52. Спутниктик көчмө байланыш тармактарындагы номерлештирүү:
1) спутниктик көчмө телефон байланышынын тармактарындагы абоненттерди номерлештирүү системасы төмөнкүлөрдү камтыйт:
- көчмө телефон байланышынын глобалдык спутниктик тармактарынын абоненттерин номерлештирүү;
- көчмө телефон байланышынын улуттук спутниктик тармактарынын абоненттерин номерлештирүү;
2) көчмө телефон байланышынын глобалдык спутниктик тармагынын абоненттерин номерлештирүү Е-164 ЭЭУ-Т рекомендациясынын 6.2.3-пунктуна ылайык түзүлөт (жалпы пайдалануудагы электр байланышын номерлештирүүнүн эл аралык планы) жана узундугу 15 белгиге чейинки абоненттин эл аралык номерин карайт;
3) көчмө телефон байланышынын глобалдык спутниктик тармагынын абонентинин эл аралык номеринин түзүмү төмөнкүдөй:
Сүрөт.
мында:
Кө - ЭЭУ-Т бөлүп берүүчү (тармактар үчүн өлкөнүн коду) жана эл аралык электр байланыш тармагын аныктоо үчүн идентификациялоо коду менен шайкеш колдонулуучу үч белгиден турган глобалдык тармактар үчүн өлкөнүн коду;
Ки - глобалдык тармакты идентификациялоо коду, тармактар үчүн өлкөнүн кодунан кийин жазылат, ал кайсы бир эл аралык электр байланыш тармагын бир маанилүү аныктайт;
Nаб - глобалдык тармактын абонентинин номери, ушул тармактын абонентин бир маанилүү идентификациялайт;
4) терүү форматы:
- көчмө байланыштын глобалдык спутниктик тармактарынын абоненттерин өз ара байланыштырууда: Nаб (абоненттин номери);
- көчмө байланыштын глобалдык спутниктик тармактарынын абоненттерин Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы туруктуу телефон байланыш тармагынын абоненттери менен байланыштырууда:
Пэа - Кө АВ ab х1х2х3х4х5, мында:
Пэа - эл аралык телефон байланышы тармагына чыгуучу префикс;
Кө - Кыргыз Республикасынын эл аралык телефон коду;
АВ - географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасынын коду;
ab х1х2х3х4х5 - географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасындагы абоненттин зоналык номери;
- көчмө байланыштын глобалдык спутниктик тармактарынын абоненттерин Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы көчмө телефон байланыш тармагынын абоненттери менен байланыштырууда:
Пэа Кө DE х1х2х3х4х5х6х7, мында:
Пэа - эл аралык телефон байланыш тармагына чыгуучу префикс;
Кө - Кыргыз Республикасынын эл аралык телефон коду;
DE - географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зонасынын коду;
х1х2х3х4х5х6х7 - географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зонасындагы абоненттин номери;
5) Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы телефон байланыш тармагынын абоненттери менен көчмө байланыштын глобалдык спутниктик тармактарынын абоненттерин байланыштыруудагы терүү форматтары:
Пэа - Кө Ки Nаб, мында:
Пэа - эл аралык телефон байланыш тармагына чыгуучу префикс;
Кө - глобалдык тармактар үчүн өлкөнүн коду;
Ки - глобалдык тармакты идентификациялоочу код;
Nаб - глобалдык спутниктик байланыш тармагынын абонентинин номери;
6) көчмө байланыштын улуттук спутниктик тармактарынын абоненттерин номерлештирүү жана Кыргыз Республикасынын улуттук спутниктик көчмө байланыш тармактарынын абоненттерин өз тармактарынын абоненттери менен, Кыргыз Республикасынын географиялык аныкталуучу жана географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зоналарынын абоненттери менен, ошондой эле башка өлкөлөрдүн абоненттери менен байланыштыруудагы терүү форматтары, Ушул Улуттук системанын 46-пунктунда жана Кыргыз Республикасынын электр байланыш тармактарын номерлештирүү планында баяндалган географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зонасынын абоненттери үчүн номерлештирүү жана терүү форматтарына окшош.
Кыргыз Республикасынын көчмө байланышынын улуттук спутниктик тармактарынын абоненттерин улуттук жана эл аралык телефон байланышы тармактарынын абоненттеринин терүү форматтары Кыргыз Республикасынын географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зоналарынын абоненттерин терүүдө колдонгон форматтарына окшош.
53. Интеллектуалдык байланыш тармактарын терүү форматтары:
1) интеллектуалдык байланыш тармактарынын кызмат көрсөтүүлөрүнө эл аралык же улуттук номерлер кызмат көрсөтүүнүн эл аралык (глобалдык) же улуттук деңгээлине жараша ыйгарылат. Ушуга жараша, абонент интеллектуалдык байланыш тармагынын кызмат көрсөтүүсүн терүүдө кызмат көрсөтүүнүн кодунан мурда Пу же Пэа префиксин терет;
2) ИБТ эл аралык кызмат көрсөтүүсүнүн терүү форматы:
Пэа DEF х1... хn, мында:
Пэа - эл аралык телефон байланыш тармагына чыгуучу префикс;
DEF - ИБТ кызмат көрсөтүүнүн коду (МСЭ-ТЕ 164 жалпы пайдалануудагы электр байланыш номерлөөсүнүн эл аралык планынын рекомендациясы боюнча өлкөлөрдүн коддорунун тизмесинен географиялык эмес эл аралык код);
х1... хn - ИБТ кызмат көрсөтүүнүн логикалык номери.
Логикалык номер - бул каттоо учурунда ИБТ кызмат көрсөтүүсүнө ыйгарылган номер. Кызмат көрсөтүүнүн логикалык номеринде ИБТ операторунун коду (x1, х2) жана башка маалымат камтылат. ИБТ кызмат көрсөтүүнүн номери 15ке чейинки белгиден турат;
3) улуттук телефон байланыш тармагы аркылуу улуттук ИБТ кызматын терүү форматы:
Пу DEF х1х2х3х4х5х6х7, мында:
Пу - улуттук телефон байланыш тармагына чыгуучу префикс;
DEF - ИБТ кызмат көрсөтүүнүн шайкеш келтирилген коддору (800, 803, 809);
х1х2 - ИБТ операторунун коду;
х3х4х5х6х7 - кызмат көрсөтүүчүгө идентификациялоо үчүн бөлүнүүчү логикалык номер;
4) улуттук телефон байланыш тармагы аркылуу абоненттердин маалыматтык-коммуникациялык кызмат көрсөтүүлөрдү терүү форматы:
Пу DEF х1х2, мында:
Пу - улуттук телефон байланыш тармагына чыгуучу префикс;
DEF - маалыматтык-коммуникациялык кызмат көрсөтүү коду;
х1х2 - кызмат көрсөтүүчүгө идентификациялоо үчүн бөлүнүүчү логикалык номер;
5) эл аралык телефон байланыш тармагы аркылуу абоненттердин улуттук ИБТ кызматын терүү форматы:
Пэа DEF х1х2х3х4х5х6х7, мында:
Пэа - эл аралык телефон байланыш тармагына чыгуучу префикс;
DEF - ИБТ кызмат көрсөтүүлөрүнүн шайкеш келтирилген коду;
х1х2 - оператордун коду;
х3х4х5х6х7 - кызмат көрсөтүүчүгө идентификациялоо үчүн бөлүнүүчү логикалык номер;
6) эл аралык телефон байланыш тармагы аркылуу абоненттердин маалыматтык-коммуникациялык кызмат көрсөтүүлөрдү терүү форматы:
Пэа 996 DEF х1х2, мында:
Пэа - эл аралык телефон байланыш тармагына чыгуучу префикс;
996 - Кыргыз Республикасынын эл аралык телефон коду;
DEF - маалыматтык-коммуникациялык кызмат көрсөтүү коду;
х1х2 - кызмат көрсөтүүчүгө идентификациялоо үчүн бөлүнүүчү логикалык номер.
54. Интернет тармагына кирүү.
Жалпы пайдалануудагы телефон байланыш тармагынын абоненти Интернет тармагына коммутациялык жол менен кирүүсү төмөнкүдөй терүү менен ишке ашырылат:
Пу КДУин DEF х1х2, мында
Пу - улуттук телефон байланыш тармагына чыгуучу префикс;
КДУин - Интернет тармагынын кызмат көрсөтүүлөрүнө кирүү коду (Кыргыз Республикасында КЖКин - 1508);
DEF - байланыш операторунун/кызмат көрсөтүү провайдеринин коду;
х1х2 - кызмат көрсөтүүгө кирүү серверинин коду.
55. Абоненттин шаар аралык же эл аралык байланыш операторун тандоосу:
1) абоненттин шаар аралык же эл аралык байланыш операторун тандоосу эки ыкма менен ишке ашырылат:
- операторду алдын ала тандоо, абонент кызмат көрсөтүүлөрдү белгилүү бир келишим түзүлүп шаар аралык же эл аралык байланыш учурунда колдонот. Мында абонент шаар аралык жана эл аралык байланыш номерди стандарттык терүү форматын колдонот, ал эми телефон байланыш тармагынын оператору абоненттин чакырыгын абонент тандаган шаар аралык жана/же эл аралык телефон байланыш тармагынын операторуна кайра даректейт;
- операторду ар бир чакырыкта тандоо. Эл аралык телефон байланышы түзүлгөндө, мындай ыкмада индикатор колдонулат, ал төрт ондук белгиден турган: эки ондук белгиден турган - "операторду тандоо" кызмат көрсөтүүсүнүн коду жана эки ондук цифрадан турган - шаар аралык жана/же эл аралык телефон байланыш тармагынын операторунун коду;
2) ар бир чакырыкта эл аралык телефон байланыш тармагынын операторун тандоодогу терүү форматы:
Пу КДУэа Ко Nэa, мында:
Пу - улуттук телефон байланыш тармагына чыгуучу префикс;
КДУэа - "ар бир чакырыкта эл аралык байланыш операторун тандоо" кызмат көрсөтүүсүнө кирүү коду;
Ко - оператордун коду;
Nэа - чакырылуучу абоненттин эл аралык номери;
3) ар бир чакырыкта шаар аралык байланыш операторун тандоодогу терүү форматы:
Пу КДУш Ко Nул, мында:
Пу - улуттук телефон байланыш тармагына чыгуучу префикс;
КДУш - "ар бир чакырыкта шаар аралык байланыш операторун тандоо" кызмат көрсөтүүсүнө кирүү коду;
Ко - оператордун коду;
Nул - чакырылуучу абоненттин улуттук номери;
4) "эл аралык байланыш операторун алдын ала тандоо" кызмат көрсөтүүсүн жана IP-телефонияны пайдалануудагы терүү форматы:
Пу КДУэа ip Nэа, мында:
Пу - улуттук телефон байланыш тармагына чыгуучу префикс;
КДУэа ip - эл аралык IP-телефонияга кирүү коду;
Nэа - чакырылуучу абоненттин эл аралык номери;
5) "шаар аралык байланыш операторун алдын ала тандоо" кызмат көрсөтүүсүн жана IP-телефонияны пайдалануудагы терүү форматы:
Пу КДУш ip Nул, мында:
Пу - улуттук телефон байланыш тармагына чыгуучу префикс;
КДУш ip - шаар аралык IP-телефонияга кирүү коду;
Nул - чакырылуучу абоненттин улуттук номери;
6) IP-телефония колдонуу менен ар бир чакырыкта "эл аралык байланыш операторун тандоо" кызмат көрсөтүүсүн пайдалануудагы терүү форматы:
Пу КДУэа Ко КДУэа ip Nэa, мында:
Пу - улуттук телефон байланыш тармагына чыгуучу префикс;
КДУэа - "эл аралык байланыш операторун тандоо" кызмат көрсөтүүсүнө кирүү коду;
Ко - оператордун коду;
КДУэа ip - эл аралык IP-телефонияга кирүү коду;
Nэa - чакырылуучу абоненттин эл аралык номери;
7) IP-телефонияны колдонуу менен ар бир чакырыкта "шаар аралык байланыш операторун тандоо" кызмат көрсөтүүсүн пайдалануудагы терүү форматы:
Пу КДУш Ко КДУш ip Nул, мында:
Пу - улуттук телефон байланыш тармагына чыгуучу префикс;
КДУш - "шаар аралык байланыш операторун тандоо" кызмат көрсөтүүсүнө кирүү коду;
Ко - оператордун коду;
КДУш ip - шаар аралык IP-телефонияга кирүү коду;
Nул - чакырылуучу абоненттин улуттук номери;
8) эл аралык же шаар аралык байланыш кызматтарын көрсөткөн оператордун коду номердин курамына кирбейт, чыгуучу станцияга (ШКБ, ЭАКБ) гана жиберилет жана андан ары тармакка жиберилбейт;
9) кирүүчү байланышта эл аралык (шаар аралык) станциядан келген оператордун тармагын тандоо жергиликтүү тармактардын абоненттерине кирүүчү трафиктин багыты боюнча операторлордун ортосундагы макулдашууларга ылайык ишке ашырылат.
5. Кыргыз Республикасынын жалпы пайдаланылуудагы телефон байланыш тармактарын номерлештирүү планы
56. Кыргыз Республикасынын жалпы пайдаланылуудагы телефон байланыш тармактарын номерлештирүү планы коддорду жана номерлештирүү ресурсун географиялык аныкталуучу номерлештирүү зоналары, географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зоналары, телефон байланыш тармактары, электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрү үчүн бөлүштүрүүнү белгилейт, ошондой эле жаңы технологияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүү үчүн номерлештирүү резервин 1-таблицага ылайык аныктайт.
Эл аралык электр байланыш уюму бөлүп берген Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы телефон байланышы тармактары үчүн эл аралык коддор 2-таблицада көрсөтүлө берилген.
Номерлештирүү ресурсун номерлештирүү зоналарына, тармактарга жана кызматтарга бекитип берүү:
1) "АВ", "ab" коддору менен идентификациялануучу географиялык аныкталуучу номерлештирүү зоналарына, 3, 4-таблицаларга ылайык;
2) электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө кирүү коддорун, 5-таблицага ылайык;
3) ОКС N 7 сигналдаштыруу пункттарынын коддорун, 6-таблицага ылайык;
4) жергиликтүү телефон байланыш тармактарынын шашылыш-ыкчам жана атайын кызматтарына жетүү үчүн номерлер, 7-таблицага ылайык.
1-таблица
Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы телефон байланыш тармактарын номерлештирүү планы
A/B D/E | 0 | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | Эскертүү |
0 | Эл аралык префикс | Колдонулбайт | 0 - улуттук префикс | ||||||||
1 | 3 орундуу шашылыш ыкчам кызматтар (100-119) | 12хх атайын кызматтар | 3 жана 4 орундуу атайын кызматтар (130-199, 1300-1999) | Терүү форматы: ххх(х) | |||||||
1 | Кызмат көрсөтүүлөрдүн 2 орундуу коддору (ККК) | Кызмат көрсөтүүлөрдүн 4 орундуу коддору (15хх) | Резерв | Терүү форматы: 1) 0 - ККК - кош. маал. коду | |||||||
2 | Географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зоналарынын коддору | Терүү форматы: 0 DE ххххххх | |||||||||
3 | Географиялык коддордун резерви | Чүй облусу | Ош облусу | Географиялык коддордун резерви | Талас облусу | Нарын облусу | Баткен облусу | Жалал-Абад облусу | Географиялык коддордун резерви | Ысык-Көл облусу | Терүү форматы: 0 ABab ххххх |
4 | Келечектүү технологиялар үчүн коддордун резерви |
| |||||||||
5 | Географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зоналарынын коддору |
| |||||||||
6 | Географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зоналарынын коддору |
| |||||||||
7 | Географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зоналарынын коддору |
| |||||||||
8 | Географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зонасынын коду "88 xxxxxxx" | Терүү форматы: 0 DE xxxxxxx | |||||||||
8 | ИБТ коддору (800-879, 890-899) | Терүү форматы: 0 - DEF - кош. маал. | |||||||||
8 | Кызмат көрсөтүү коддорунун резерви (80х-86х) | Интернетке коммутациялоочу 3 орундуу коддор (870-879 и 890-899) | Терүү форматы: 0 - КДУ - DEF - кош. маал. | ||||||||
9 | Резерв | Географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зоналарынын коду |
| ||||||||
Эскертүү: Географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зоналарындагы код менен иштеген операторлордун тармактарында x1x2x3x4 форматтагы кыска номерлер колдонулат, мында x1 "0 жана 1" барабар эмес.
2-таблица
Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы телефон байланыш тармагы үчүн Электр байланышынын эл аралык союзу бөлүп берген эл аралык коддор
№ | Коддун багыты | Өлкөнүн коду ӨК |
1 | Жалпы пайдалануудагы байланыштын телефон тармактары үчүн өлкөнүн коду (ЭЭУ Е.164 сунуштарына ылайык) | 996 |
2 | МСС байланышынын көчмө тармактарын идентификациялоо үчүн өлкөнүн коду (ЭЭУ Е.212 сунуштарына ылайык) | 437 |
3 | MNC мобилдик тармактын коду (ЭЭУ Е.212 сунуштарына ылайык) | 01-99 |
4 | Системанын идентификатору (SID) (CDMA) | 21 550 - 21 566 |
3-таблица
"АВ" коддору менен идентификацияланган номерлештирүүнүн географиялык аныкталуучу зоналары
№ | Номерлештирүүнүн географиялык аныкталуучу зонасынын аталышы | "AB" кодунун мааниси |
1 | Чүй облусу | 31 |
2 | Ош облусу | 32 |
3 | Талас облусу | 34 |
4 | Нарын облусу | 35 |
5 | Баткен облусу | 36 |
6 | Жалал-Абад облусу | 37 |
7 | Ысык-Көл облусу | 39 |
8 | Резервдик коддор | 30, 33, 38 |
4-таблица
"ab" коддору менен идентификацияланган номерлештирүүнүн географиялык аныкталуучу зоналары
№ | Административдик райондун аталышы | Райондук борбордун аталышы | Райондук борбордун коду/ШТС абоненттеринин 100 миңдик тобунун "ab" коду |
Чүй облусу "AB" - 31 | |||
1 | Бишкек ш. |
| 2 |
2 | Аламүдүн | Лебединовка а. | 39 |
3 | Ысык-Ата | Кант ш. | 32 |
4 | Чүй-Токмок | Чүй-Токмок ш. | 38 |
5 | Кемин | Кемин к. | 35 |
6 | Сокулук | Сокулук а. | 34 |
7 | Москва | Беловодское а. | 31 |
8 | Жайыл | Кара-Балта ш. | 33 |
9 | Панфилов | Кайыңды к. | 37 |
Талас облусу "AB" - 34 | |||
1 | Талас ш. |
| 22 |
2 | Кара-Бyура | Кызыл-Адыр а. | 56 |
3 | Бакай-Ата | Бакай-Ата а. | 57 |
4 | Манас | Покровка а. | 59 |
5 | Талас | Көк-Ой а. | 58 |
Жалал-Абад облусу "AB" - 37 | |||
1 | Жалал-Абад ш. |
| 22 |
2 | Ала-Бука | Ала-Бука а. | 41 |
3 | Аксы | Кербен ш. | 42 |
4 | Базар-Коргон | Базар-Коргон а. | 36 |
5 | Кара-Көл ш. |
| 46 |
6 | Тогуз-Торо | Казарман а. | 38 |
7 | Ноокен | Маасы а. | 34 |
8 | Сузак | Сузак а. | 48 |
9 | Майлуу-Суу ш. |
| 44 |
10 | Taш-Көмүр ш. |
| 45 |
11 | Токтогул | Токтогул к. | 47 |
12 | Чаткал | Каныш-Кыя а. | 49 |
Нарын облусу "AB" - 35 | |||
1 | Нарын ш. |
| 22 |
2 | Ат-Башы | Ат-Башы а. | 34 |
3 | Ак-Талаа | Баетов а. | 37 |
4 | Жумгал | Чаек а. | 36 |
5 | Кочкор | Кочкор а. | 35 |
Ысык-Көл облусу "AB" - 39 | |||
1 | Каракол ш. |
| 22 |
2 | Балыкчы ш. |
| 44 |
3 | Жети-Өгүз | Кызыл-Суу а. | 46 |
4 | Түп | Түп а. | 45 |
5 | Тоң | Бөкөнбаев а. | 47 |
6 | Ак-Суу | Теплоключенка а. | 48 |
7 | Ысык-Көл | Чолпон-Ата ш. | 43 |
Ош облусу "AB" - 32 | |||
1 | Ош ш. |
| 22 |
2 | Араван | Араван а. | 31 |
3 | Алай | Гүлчө а. | 34 |
4 | Кара-Суу | Кара-Суу ш. | 32 |
5 | Өзгөн | Өзгөн ш. | 33 |
6 | Ноокат | Ноокат ш. | 30 |
7 | Чоң-Алай | Дароот-Коргон а. | 37 |
8 | Кара-Кулжа | Кара-Кулжа ш. | 39 |
Баткен облусу "AB" - 36 | |||
1 | Баткен ш. |
| 22 |
2 | Лейлек | Исфана ш. | 56 |
3 | Кадамжай | Пүлгөн а. | 55 |
4 | Кызыл-Кыя ш. |
| 57 |
5 | Сүлүктү ш. |
| 53 |
5-таблица
Электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн коддору
№ | Электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн коддору/ИБТ | Электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн аталышы |
1 | 1508 | Интернетке коммутациялык туташтыруу коду |
2 | 800 | Акысыз чакырык (FPHРРН - Freephone) |
3 | 803 | Теледобуш берүү (VOT - Televoting) |
4 | 809 | Кошумча акыга кызмат көрсөтүүлөр (PRM - Premium rate) |
5 | 801, 802, 804, 805, 806, 807, 808, 810-879, 890-899 | Маалыматтык-коммуникациялык кызмат көрсөтүүлөр |
6 | 870-879, 890-899 | Интернетке коммутациялык туташтыруу кызмат көрсөтүүлөрүнүн операторлордун/провайдерлердин коду |
6-таблица
ЖКС № 7 сигнализация пункттарынын коддору
Жалпы пайдалануудагы байланыш телефон тармактарынын сигнализация пункттары | Сигнализация пунктунун кодунун форматы | Сигнализация пунктунун кодунун форматы диапазондорду эске алуу менен (ондук эсепте) | Сигнализация пунктунун коддорунун диапазону (ондук эсепте) |
Эл аралык телефон байланыш тармагынын сигнализация пункттары (ИСмн = 00) | Эл аралык формат NML K-D CBA (3 бит - 8 бит - 3 бит) | 4-078-0 дөн 4-078-7 чейин 4-079-0 дөн 4-079-7 чейин 4-167-0 дөн 4-167-7 чейин | 8816 дан 8823 чейин 8824 төн 8831 чейин 9528 ден 9535 чейин |
Шаар аралык жана жергиликтүү телефон байланыш тармагынын сигнализация пункттары (ИСмг = 10) | Улуттук формат КПС (14 бит) | 0 дөн 16383 чейин | 0 дөн 16383 чейин |
Телефон байланыш тармагынын ички сигнализация пункттары (ИСмг = 11) | Улуттук формат КПС (14 бит) | 0 дөн 16383 чейин | 0 дөн 16383 чейин |
мында:
ТИ - тармактын индикатору
СПК - сигнализация пунктунун коду
"01" маанидеги индикатор резервдик болуп саналат.
7-таблица
Байланыштын жергиликтүү телефон тармактарынын шашылыш-ыкчам жана атайын кызматтарына жетүү номерлери
№ | Кызматтын номери | Кызматтын аталышы |
1 | 100 |
|
2 | 101 | Өрт коопсуздугунун кызматы |
3 | 102 | Тартип сактоо кызматы (милиция) |
4 | 103 | Медициналык тез жардам |
5 | 104 | Авариялык газ кызматы |
6 | 105 |
|
7 | 106 |
|
8 | 107 |
|
9 | 108 |
|
10 | 109 |
|
11 | 110 |
|
12 | 111 |
|
13 | 112 | Бирдиктүү мамлекеттик нөөмөт-диспетчердик кызмат |
14 | 113 |
|
15 | 114 |
|
16 | 115 |
|
17 | 116 |
|
18 | 117 |
|
19 | 118 | Бирдиктүү шашылыш линия |
20 | 119 |
|
21 | 12000-12999 | Атайын кызматтар |
22 | 130-199,1300-1999 | Атайын кызматтар (3-белгиден жана 4-белгиден турган номерлердин диапазондору кесилишпейт) |
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-апрелиндеги № 157 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Электр байланыш тармактарын өнүктүрүү жана номерлештирүү ресурсун кеңейтүү
57. Электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө, ошондой эле ага байланышкан сервистик жана маалыматтык кызматтарга болгон талап такай өсүп жаткандыгына байланыштуу жаңы технологиялардын келиши менен Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы телефон байланыш тармагы тез өнүгүп келе жаткандыктан номерлештирүү ресурсуна муктаждык көбөйүүдө.
Номерлештирүүнүн жетиштүү ресурсун камсыз кылуу жана электр байланыш тармактарында кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү үчүн этап-этабы менен төмөнкүдөй иштер аткарылат:
а) бардык облустук борборлордо, административдик райондордо калктуу конуштарда жана географиялык аныкталуучу номерлештирүү зоналарындагы жергиликтүү телефондук байланыш тармактарын жети белгиден турган номерлештирүүгө өткөрүү. Мында жергиликтүү телефондук байланыш тармагынын телефондорунун номерлери ички зоналык номерлер менен дал келет.
Жергиликтүү телефондук байланыш тармагынын телефон номеринин форматы өзгөрөт (х1х2х3х4х5 ден х1х2х3х4х5х6х7 болуп өзгөрөт, мындай которулганда калктуу конуштагы иштеген х1х2 коду "ab" кодуна дал келет).
Туруктуу айылдык телефон байланышында жана корпоративдик байланыш тармактарында колдонулуучу номерлерди кыскартып терүү корпоративдик байланыш тармактарындагы ички байланыштыруу түзүлгөндө, ошону менен бирге виртуалдык АТС колдонулганда гана пайдаланылат.
8-таблица
Кыргыз Республикасынын телефон тармактарындагы телефондук номерлердин форматы жана номерлерди терүү форматы
Тармактын аталышы/байланыштыруу | Номердин форматы | Номерди терүү форматы | ||
Колдонулган | Пландалган | Колдонулган | Пландалган | |
Жергиликтүү/Жергиликтүү; | х1х2х3; х1х2х3х4; х1х2х3х4х5; х1х2х3х4х5х6 | х1х2х3х4х5х6х7 | х1х2х3; х1х2х3х4; х1х2х3х4х5; х1х2х3х4х5х6 | х1х2х3х4х5х6х7 |
Корпоративдик/ички тармактык | х1х2х3; х1х2х3х4; х1х2х3х4х5 | х1х2х3; х1х2х3х4; х1х2х3х4х5 | х1х2х3; х1х2х3х4; х1х2х3х4х5 | х1х2х3; х1х2х3х4; х1х2х3х4х5 |
Ички зоналык/Ички зоналык | ab х1х2х3х4х5 | х1х2х3х4х5х6х7 | Пу AB ab х1х2х3х4х5 | х1х2х3х4х5х6х7 |
Шаар аралык/Шаар аралык | AB ab х1х2х3х4х5 | AB х1х2х3х4х5х6х7 | Пу ABab х1х2х3х4х5 | Пу AB х1х2х3х4х5х6х7 |
Көчмө/Ички тармактык | DE х1х2х3х4х5х6х7 | DE х1х2х3х4х5х6х7 | Пу DE х1х2х3х4х5х6х7 | Пу DE х1х2х3х4х5х6х7 |
Көчмө/Тармактар аралык | DE х1х2х3х4х5х6х7 | DE х1х2х3х4х5х6х7 | Пу DE х1х2х3х4х5х6х7 Пу AB ab х1х2х3х4х5 | Пу DE х1х2х3х4х5х6х7 Пу AB х1х2х3х4х5х6х7 |
Эл аралык/Эл аралык | Кө AB ab х1х2х3х4х5 Кө DE х1х2х3х4х5х6х7 | Кө AB х1х2х3х4х5х6х7 Кө DE х1х2х3х4х5х6х7 | Пэа Кө AB ab х1х2х3х4х5 Пэа Кө DE х1х2х3х4х5х6х7 | Пэа Кө AB х1х2х3х4х5х6х7 Пэа Кө DE х1х2х3х4х5х6х7 |
б) бардык облустук борборлордо, административдик райондордо жана калктуу конуштардагы жергиликтүү телефондук байланыш тармактарынын кыска номерлерин 4 белгиден турган номерлештирүүгө өткөрүү. Мында шашылыш ыкчам кызматтарды уюштуруу үчүн берилген 100-119 номерлештирүү диапазону ошол бойдон калат, ал эми 1300-1999 жана 1200-1299 номерлеринин диапазондору атайын кызматтарда колдонулат.
Кыска номерлердин 3 белгиден турган номеринен 4 белгиден турган номерлештирүүсүнө өтүү Бишкек шаарында 2018-жылдын 1-декабрына чейин аякталышы керек.
- бир нече калктуу конуштарда же Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында абоненттерге кызмат көрсөткөн атайын кызматтарды уюштуруу үчүн кыска номерлерди (1200-1299) киргизүү;
- географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зоналарынын коддорунда иштеген электр байланыш операторлору колдонуучу кыска номерлердин номерлештирүүсүн ушул Улуттук системанын 29-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын электр байланыш тармактарын номерлештирүү планына ылайык келтирүү;
3) бириккен шашылыш ыкчам кызматына чалуунун бирдиктүү номерин киргизүү (куткаруу кызматы - 112);
4) Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы телефондук байланыш тармагынын бирдиктүү сурап билүү кызматына чалуунун бирдиктүү номерин киргизүү;
5) уюлдук принцип менен түзүлгөн радиого жетүү туруктуу телефондук байланыш тармактарын географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зоналардын коддоруна которуу;
6) пакеттик коммутация технологиясы боюнча түзүлгөн туруктуу телефондук байланыш тармактарын географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зоналарында өздүк коддорго которуу;
7) эл аралык байланыш операторун тандоо кызмат көрсөтүүсүн эки ыкма менен киргизүү:
- операторду алдын ала тандоо, мында абонент кызматтарын колдоно турган операторду алдын ала тандап, тиешелүү келишимди түзөт;
- ар бир чакырыкта эл аралык жана/же шаар аралык операторду тандоо.
Кыргыз Республикасынын электр байланыш тармактарында номерлештирүүнүн жогоруда аталган өзгөрүүлөрү, ошондой эле аталган өзгөрүүлөр киргизиле турган мөөнөт ар бир учурда байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен өз алдынча аныкталат.
9-таблица
Кыргыз Республикасынын электр байланыш тармактарын номерлештирүүнүн келечектүү планы
А/В | 0 | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | Эскертүү | |
0 | Эл аралык префикс | Колдонулбайт | 0 - улуттук префикс | |||||||||
1 | 2 орундуу кызмат көрсөтүү коддору (10-14) | кызмат көрсөтүү коддору 15хх | Резерв | Терүү форматы: 1) 0 - ККК - Ко - кошум. маал. | ||||||||
1 | 3 орундуу шашылыш ыкчам кызматтардын номерлери (10х-19х) | Атайын кызматтардын 4 орундуу номерлери 1200-1299 | атайын кызматтардын 4 орундуу номерлери (13хх-19хх) | Терүү форматтары: ххх, хххх ххххх | ||||||||
2 | Географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зоналарынын коддору | Терүү форматтары: 0 DE ххххххх | ||||||||||
3 | Резерв | Географиялык аныктала турган номерлештирүү зоналарынын коддору | Резерв | Географиялык аныктала турган номерлештирүү зоналарынын коддору | Резерв | Географиялык зонанын коду | Терүү форматы: 0 АВ ххххххх | |||||
4 | Келечектүү технологиялар үчүн коддордун резервдери |
| ||||||||||
5 | Географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зоналарынын коддору | Терүү форматы: 0 DE ххххххх | ||||||||||
6 | Резерв |
| ||||||||||
7 | Географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зоналарынын коддору | Терүү форматы: 0 DEF - кош. маал. | ||||||||||
8 | Географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зоналарынын коддору "88 xxxxxxx" | Терүү форматы: 0 DE xxxxxxx | ||||||||||
8 | Маалыматтык-коммуникациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана ИБТ кызмат көрсөтүүлөрүнүн коддору 800-879, 890-899) | Терүү форматы: 0 DEF - кош. маал. | ||||||||||
8 | Кызмат көрсөтүүлөр коддорунун резерви (80х-86х) | Интернетке коммутациялык туташтыруучу операторлорунун 3 орундуу коддору (870-879 и 890-899) | Терүү форматы: 0 - КДУ - DEF - кош. маал. | |||||||||
9 | Резерв | Географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зоналарынын коду | Терүү форматы: 0 DE xxxxxxx | |||||||||
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-апрелиндеги № 157 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Кыргыз Республикасынын электр байланыш тармактарынын номерлештирүү ресурсун башкаруу
58. Кыргыз Республикасынын электр байланыш тармактарын номерлештирүү ресурсу эл аралык электр байланыш тармагын номерлештирүү ресурсунун бөлүгү болуп саналат жана жалпы пайдалануудагы телефондук байланыш тармагын номерлештирүү ресурсунан, телематикалык кызматтардан, ошондой эле электр байланыш тармактарын идентификациялоонун кызматтык коддорунан, алардын элементтеринен жана соңку түзүлүштөрүнөн турат.
59. Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы электр байланыш тармактарын номерлештирүү ресурсун башкаруу мамлекеттин гана укугу болуп саналат. Электр байланыш тармактары үчүн номерлештирүү ресурсун бөлүп берүү, номерлештирүү ресурсунун чектелүүлүгүн аныктоо, бөлүп берилген номерлештирүү ресурсун өзгөртүү, толугу менен же жарым-жартылай алып коюу, номерлештирүү ресурсун бөлүп берүү чечимин кайра тариздөө иштерин байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аткарат.
60. Электр байланыш тармагында байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бөлүп берген номерлештирүү ресурсу гана колдонулат.
Электр байланыш тармагына кайра киргизилген номерлештирүү ресурсуна жетүүгө аталган ресурсту электр байланыш операторуна бөлүп берүү жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын билдирүүсүн алгандан кийин, же болбосо номерлештирүү ресурсун бөлүп берүү жөнүндө буйрук байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жарыялангандан кийин уруксат берилет.
61. Номерлештирүү ресурсу ээликтен ажыратылбайт: сатылбайт, башка операторго ижарага берилбейт, байланыш ишканалары жана электр байланыш тармактары кайра уюшулганда же жоюлганда, сатылып кеткенде байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуусуз укук улантуучусуна өткөрүп берилбейт.
62. Кыргыз Республикасынын Интернет тармагынын сегментин номерлештирүү ресурсу (IP-даректер) байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жөнгө салынбайт.
8. Кыргыз Республикасынын электр байланыш тармактарын номерлештирүү ресурстары
63. Кыргыз Республикасынын электр байланыш тармактарын номерлештирүү ресурсу төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) жалпы пайдалануудагы телефондук байланыш тармагынын географиялык аныкталуучу номерлештирүү зоналарынын "AB" коду;
2) жалпы пайдалануудагы телефондук байланыш тармагынын географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зоналарынын "DE", "DE х1х2"" коддору;
3) интеллектуалдык байланыш тармагынын кызмат көрсөтүүлөрүнө, маалыматтык-коммуникациялык кызмат көрсөтүүлөргө, Интернет тармагына жана башка электр байланыш кызматтарына жетүү үчүн бөлүп берилүүчү "DEF" коддору, интеллектуалдык байланыш тармагынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн (ИБТ) коддорундагы операторлордун коддору;
4) географиялык аныкталуучу номерлештирүү зоналарынын идентификациялоочу бөлүгү болгон "ab" коддору, жергиликтүү телефондук байланыш тармактарынын "abx1", "х1х2" индекстери, жергиликтүү телефондук байланыш тармактарынын телефондорунун номерлери;
5) шашылыш ыкчам жана атайын кызматтарды уюштуруу үчүн колдонулуучу жергиликтүү телефондук байланыш тармактарынын кыска номерлери жана географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зоналарынын коддорунда иштеген электр байланыш тармактарында атайын кызматтарды уюштуруу жана кошумча кызмат көрсөтүү үчүн колдонулган кыска номерлер (атайын кызматтарга кызмат көрсөтүүнү уюштуруу үчүн кыска номерлерди пайдалануу ушул Улуттук системанын 2-тиркемесинде жана Кыргыз Республикасынын электр байланыш тармактарын номерлештирүү планында чагылдырылды);
6) электр байланыш кызматын көрсөткөн операторлорду тандоо коддору;
7) жалпы каналдык сигнализация (ЖКС № 7) тармактарынын сигнализация пункттарынын эл аралык жана улуттук коддору (ISPC, NSPC);
8) көчмө (мобилдик) байланыш тармактарынын коддору (NMC);
9) байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө жетүү коддору.
9. Номерлештирүү ресурсун бөлүп берүү жана колдонуу критерийлери
64. Номерлештирүү ресурсу операторго электр байланыш кызматын көрсөтүү үчүн берилген лицензиянын колдонуу мөөнөтүнө лицензиялык келишимдин шарттарына ылайык бөлүп берилет.
Байланыштын корпоративдик тармактарынын номерлештирүү ресурсун тармакка байланыштырган оператор бөлүп берет.
65. Географиялык аныкталуучу номерлештирүү зоналарынын "AB" коду, кызматка жетүү коддору (КЖК), ИБТ кызматынын 800, 803, 809 коддору, конкреттүү алуучулары жок жана алар белгилүү аймакка же байланыштын кызмат көрсөтүүсүнүн түрүнө бекитилип берилет.
66. Географиялык аныкталуучу ab х1х2х3х4х5, b х1х2х3х4х5 номерлештирүү зоналарынын "AB" коддорунун же "AB ab" коддорундагы - х1х2х3х4х5 номерлештирүү ресурсу жергиликтүү телефондук байланыш кызматын көрсөтүүгө электр байланыш жаатындагы ишке лицензиясы бар операторлорго бөлүп берилет.
67. Географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зоналарынын "DE", "DE х1х2" коддорундагы номерлештирүү ресурсу төмөнкүлөргө бөлүп берилет:
- көчмө радио телефондук байланыш кызматын көрсөтүүгө электр байланыш жаатындагы ишке лицензиясы бар Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы электр байланыш тармактарынын операторлоруна;
- бир нече калктуу конуштардын аймагында жергиликтүү жана шаар аралык телефондук байланыш кызматын көрсөтүүгө электр байланыш жаатындагы ишке лицензиясы бар жана ошол калктуу конуштардын ортосунда өзүнүн шаар аралык байланыш тармагын уюштуруучу туруктуу телефондук байланыш тармактарынын операторлоруна.
68. Жергиликтүү телефондук байланыш тармактарынын "AB" кодунда "DE" кодун же "DE" кодунда номерлештирүү диапазонун, "ab х1", "ab х1х2" индекстерин алган электр байланыш операторлору номерлештирүү ресурсун бөлүштүрүүнү өздөрү иштеп чыккан конкреттүү тармактардын номерлештирүү пландарына ылайык өз алдынча жүргүзүшөт.
69. Жергиликтүү телефондук байланыш тармактарынын номерлештирүү ресурсунан 100дөн 119га чейинки кыска номерлер шашылыш ыкчам кызматтарды уюштуруучуларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча бөлүп берилет жана конкреттүү шашылыш ыкчам кызматына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитилет.
70. Кошумча нарксыз кызмат көрсөткөн атайын кызматтарды уюштуруу үчүн колдонулуучу жергиликтүү телефондук байланыш тармактарынын номерлештирүү ресурсунан кыска номерлер ошол калктуу конушта/административдик райондо жергиликтүү телефондук байланыш кызматын көрсөткөн электр байланыш операторлоруна бөлүп берилет.
Электр байланыш операторлору кызматты бир калктуу конушта/административдик райондо кошумча нарксыз көрсөткөн кызмат көрсөтүүчүлөргө кыска номерлерди бөлүп беришет.
Тармагында кошумча нарксыз кызмат көрсөтүүчү кызматты уюштурган оператор 5 жумуш күндүн ичинде жалпы пайдалануудагы телефондук байланыш тармагынын башка операторлоруна бул тууралуу билдирүү жиберет. Абоненттерине кызмат көрсөтүүлөр жеткиликтүү болгон тармактардын тизмесин кызмат көрсөтүүчү аныктайт.
Жалпы пайдалануудагы телефондук байланыш тармагынын операторлору өзүнүн тармактарынын абоненттери үчүн ушул атайын кызматка тармактар аралык байланыштыруу аркылуу кызматты уюштуруу тууралуу билдирүү алгандан кийин 10 күндүн ичинде жетүүсүн камсыздоого милдеттүү.
71. Маалыматтык-коммуникациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн коддору жана маалыматтык-коммуникациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн коддорундагы номерлештирүү, операторлордун коддору жана ИБТ коддорундагы номерлештирүүнүн ресурсу жалпы пайдалануудагы телефондук байланыш тармагынын абоненттерине кошумча наркы менен тармагында кызмат көрсөтүүчү атайын кызматтар уюшулган операторлорго бөлүп берилет.
Электр байланыш операторлору ИБТ коддорундагы жана маалыматтык-коммуникациялык коддордогу номерлерди бир же бир нече калктуу конуштарда/административдик райондордо же Кыргыз Республикасынын бардык аймагындагы жалпы пайдалануудагы телефондук байланыш тармагынын абоненттерине кошумча наркы менен кызматты көрсөткөн кызмат көрсөтүүчүлөргө бөлүп берет.
Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен аныкталган жана Кыргыз Республикасынын бардык аймагында же бир бөлүгүндө кошумча наркы менен кызмат көрсөткөн атайын кызматтарды уюштуруу үчүн колдонула турган кыска номерлердин диапазондору ошол калктуу конуштарда/административдик райондордо телефондук байланыш кызматын көрсөткөн электр байланыш операторлоруна бөлүп берилет.
Электр байланыш операторлору аталган кыска номерлерди бир нече калктуу конуштарда/административдик райондордо же Кыргыз Республикасынын бардык аймагында кошумча наркы менен кызматын көрсөткөн кызмат көрсөтүүчүлөргө бөлүп берет.
Географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зоналарынын коддорундагы кыска номерлер тармагында кошумча наркы менен кызматын көрсөткөн атайын кызматтар уюшулган көчмө байланыш тармактарынын операторлоруна бөлүп берилет.
Электр байланыш операторлору 4 белгиден турган кыска номерлерди Кыргыз Республикасынын көчмө байланыш тармагынын абоненттерине кошумча наркы менен кызматын көрсөткөн кызмат көрсөтүүчүлөргө бөлүп берет.
Тармагында кошумча наркы менен кызмат көрсөтүү уюшулган оператор 5 жумуш күндүн ичинде бул тууралуу жалпы пайдалануудагы телефондук байланыш тармагынын башка операторлоруна билдирүү жиберет.
Жалпы пайдалануудагы телефондук байланыш тармагынын операторлору тармагына кызмат уюштурулган оператор менен тармактар аралык келишимге кошумча макулдашууну түзгөндө жана атайын кызматты уюштуруу жөнүндө билдирүүнү алгандан кийин тармактар аралык байланыштыруу аркылуу ушул атайын кызматка өзүнүн абоненттерин кошот. Абоненттерин кошкон кызматтардын тармактарынын тизмесин кызмат көрсөтүүчү аныктайт.
Географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зоналарынын ресурсунан кыска номерлерди колдонуу менен уюшулган кошумча наркы менен кызмат көрсөтүүгө жетүү тармактар аралык байланыштыруу аркылуу көчмө байланыш тармагынын абоненттерине гана камсыз кылынат.
72. Географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зоналарынын жана географиялык аныкталуучу номерлештирүү зоналарынын коддорунда иштеген операторлор өздөрүнүн маалыматтык-сурап билүү жана кошумча кызмат көрсөтүүлөрүн (анын ичинен SMS жана башка технологияларды колдонууну) өз тармагынын абоненттерине уюштуруу жана ошол кызматтарды көрсөтүү үчүн жергиликтүү телефондук байланыш тармагынын кыска номерлери менен дал келбеген кыска номерлерди колдонушат. Ушул кыска номерлерди операторлор өз алдынча түзүшөт.
Ушул номерлерге башка операторлордун тармактарынан тармактар аралык байланыштыруу камсыз кылынбайт.
73. Эл аралык сигнализация пунктунун (ISPC) коду эл аралык байланыш кызматын көрсөтүүгө электр байланыш жаатындагы ишке лицензиясы бар операторлорго бөлүп берилет.
74. Улуттук сигнализация пунктунун (NSPC) коду жергиликтүү телефондук байланыш, шаар аралык телефондук байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө же болбосо телематикалык кызмат көрсөтүүгө электр байланыш жаатындагы ишке лицензиясы бар операторлорго бөлүп берилет.
75. Көчмө (мобилдик) байланыш тармактарынын (MNC) коддору көчмө радио байланыш кызматын көрсөтүүгө электр байланыш жаатындагы ишке лицензиясы бар операторлорго бөлүп берилет.
76. Шаар аралык жана/же эл аралык байланыш операторлорун тандоо коддору шаар аралык жана/же эл аралык байланыш кызматын көрсөтүүгө электр байланыш жаатындагы ишке лицензиясы бар операторлорго бөлүп берилет.
77. Интернетке коммутациялык жетүүнү уюштуруу коддору маалымат жиберүү кызматын көрсөтүүгө лицензиясы бар операторлорго бөлүп берилет.
78. Электр байланыш кызматын көрсөтүүчүгө жергиликтүү телефондук байланыш тармагынын телефондорунун номерин, географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зоналарынын коддорундагы, ИБТ коддорундагы номерлештирүүнү, маалыматтык-коммуникациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн коддорундагы номерлештирүүнү тармагына кызмат көрсөтүүчүнүн жабдуусу туташтырылган жалпы пайдалануудагы телефондук байланыш тармагынын операторуна бөлүп берет.
79. Географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасынын ресурсу өзүнө бөлүп берилген географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасынын аймагында гана колдонулат.
Географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зонасынын ресурсу өзүнө бөлүп берилген тармакта гана колдонулат.
10. Номерлештирүү ресурсун бөлүп берүүнүн тартиби
80. Электр байланыш тармагын иштетүү үчүн номерлештирүү ресурсун алуучу болуп байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте берилген электр байланыш кызматынын тиешелүү түрүн көрсөтүүгө электр байланыш жаатындагы ишке лицензиясы бар оператор саналат.
81. Номерлештирүү ресурсун алуу үчүн байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Кыргыз Республикасынын Электр байланыш тармактарын номерлештирүүнүн улуттук системасынын жана планынын 1-тиркемесине ылайык толтурулган документтердин топтому жөнөтүлөт.
82. Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз берүүчү көрсөткөн документтерди эске алуу менен колдонуудагы номерлештирүү ресурсуна суралган аймакта номерлештирүү ресурсунун чектелүүлүгүн аныктоого жана номерлештирүү ресурсун бөлүп берүүгө техникалык мүмкүнчүлүккө талдоо жүргүзөт.
83. Номерлештирүү ресурсу бардык документтери менен бирге арыз келгенден кийин 30 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бөлүп берилет. Кабыл алынган чечим тууралуу арыз ээсине жазуу жүзүндө билдирилет.
84. Колдонуудагы электр байланыш тармактарын өнүктүрүүдө байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган оператордун арызына ылайык кошумча номерлештирүү ресурсун бөлүп берүү мүмкүнчүлүгүн караштырат. Мындай учурда мурда бөлүп берилген номерлештирүү ресурсу канчалык деңгээлде иштеп жаткандыгы жана анын иштешинин темпи эске алынат.
85. Эгерде географиялык аныкталуучу, географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зонасынын, же номерлештирүү суралып жаткан жергиликтүү телефондук байланыш тармагынын номерлештирүү ресурсу чектелүү болсо, байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган номерлештирүү ресурсун көбөйтүү тууралуу чечим кабыл алат.
86. Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Кыргыз Республикасынын электр байланыш тармактарынын номерлештирүү планына өзгөртүү киргизиле тургандыгы жөнүндө чечими, анын себептери жана ишке ашырыла турган мөөнөтү тууралуу операторлорго бир жыл мурда билдирилет, байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн алуу коддорун өзгөртүүгө тиешелүү болгон, ал эми электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн алуунун аталган коддорун колдонгон электр байланыш операторлору ушул өзгөртүүлөргө каршылыгын билдирбеген учурлардан тышкары, мындай чечим бир айдан ашык эмес убакыттын ичинде операторлорго кабарланат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-апрелиндеги № 157 токтомунун редакциясына ылайык)
87. Эгерде бардык байланыш операторлоруна бөлүп берилген же номерлештирүү ресурсун бөлүп берүү жөнүндө түшкөн арыздарда суралган номерлештирүүнүн көлөмү ушул аймакта же географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зонасынын номерлештирүү ресурсунун ушул кодунда жеткиликтүү көлөмүнүн 70 пайызын түзсө, географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасынын же географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зонасынын конкреттүү аймактагы номерлештирүү ресурсу чектелүү болуп саналат.
88. Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүдөй негиздердин ичинен бири гана орун алган учурда номерлештирүү ресурсун бөлүп берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу:
1) номерлештирүү ресурсун бөлүп берүү жөнүндө арызы жана ага тиркелген документтер туура келбегенде;
2) документтер толук берилбегенде;
3) арыз ээси берген документтерде чындыкка дал келбеген же бурмаланган маалыматтар болгондо;
4) арыз ээси көрсөткөн номерлештирүү ресурсундагы суралган муктаждыктын орнотулуучу жабдуунун сыйымдуулугуна дал келбегенде;
5) Кыргыз Республикасынын ошол аймагында номерлештирүү ресурсу чектелүү болгондо;
6) мурда бөлүп берилген номерлештирүү ресурсу натыйжасыз (70%дан азыраак) колдонулганда;
7) суралган номерлештирүү ресурсу Кыргыз Республикасынын Электр байланыш тармактарын номерлештирүүнүн улуттук системасына жана планына дал келбегенде.
89. Электр байланыш операторлорунун тармактарына географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зоналарынын "DE" коду ыйгарылгандан кийин аларга географиялык аныкталуучу "AB" номерлештирүү зоналарында колдонуу үчүн мурда бөлүп берилген "abx1", "abx1x2" коддору, эгер "DE" кодун бөлүп бергенден кийин ушул коддордогу номерлештирүү ресурсун оператор 12 айдын ичинде 20%га чейин эле колдонгон болсо, байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайтарып берилет.
90. Бөлүп берилген тармак менен жалпы пайдалануудагы телефондук байланыш тармагы кошулганда бөлүп берилген тармак жалпы пайдалануудагы телефондук байланыш тармагы категориясына өтөт, бул тармак үчүн тармактын кодун же "abх1" АТС индексин байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бөлүп берет.
91. Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча операторлор алынган номерлештирүү ресурсун колдонуу тууралуу маалыматты берүүгө милдеттүү.
11. Номерлештирүү ресурсун алып коюу жана өзгөртүү
92. Бөлүп берилген номерлештирүү ресурсун алып коюу тууралуу чечимди байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкү учурларда кабыл алат:
1) электр байланыш операторунун ага бөлүп берилген номерлештирүү ресурсунан толугу менен же жарым-жартылай баш тартуу тууралуу жазуу жүзүндөгү арызы боюнча;
2) электр байланыш операторуна берилген электр байланыш жаатындагы ишке лицензияны колдонуу токтотулганда;
3) электр байланыш оператору номерлештирүү ресурсун бөлүп берилген күндөн тартып 2 жылдын ичинде 20 пайызга чейин эле колдонгондо, колдонулбаган номерлештирүү ресурсунун 80% кайра алынат. Оператордо калган 80% номерлештирүү ресурсун ишке киргизүүдө, оператор байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кошумча номерлештирүү ресурсун бөлүп берүү суранычы менен кайрыла алат;
4) электр байланыш оператору номерлештирүү ресурсун ушул Кыргыз Республикасынын Электр байланыш тармактарын номерлештирүүнүн улуттук системасын жана планын бузуп колдонгондо, эгерде ага карата байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мындай аракеттерин токтотуу тууралуу мурда чечим кабыл алган болсо, бирок оператор ал чечимди аткарбаган учурда.
Кайра алына турган номерлештирүү ресурсун операторлор блок менен төмөнкүдөй тартипте кайтарып беришет:
а) географиялык аныкталуучу номерлештирүү зоналарынын коддорунда:
- номерлештирүү ресурсунан бир AB кодунда 100000 номер бөлүп берилгенде - 10000 номерлик блоктор менен;
- номерлештирүү ресурсунан бир ABab кодунда 10000 номер бөлүп берилгенде - 1000 номерлик блоктор менен;
- номерлештирүү ресурсунан бир АВав кодунда 1000 номер бөлүп берилгенде - 100 номерлик блоктор менен;
б) географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зоналарынын коддорунда:
- номерлештирүү ресурсунан бир коддо 10000000 номер бөлүп берилгенде - 1000000 номерлик блоктор менен;
- номерлештирүү ресурсунан бир коддо 1000000 номер бөлүп берилгенде - 100000 номерлик блоктор менен;
- номерлештирүү ресурсунан бир коддо 100000 номер бөлүп берилгенде - 10000 номерлик блоктор менен;
- номерлештирүү ресурсунан бир коддо 10000 номер бөлүп берилгенде - 1000 номерлик блоктор менен;
- номерлештирүү ресурсунан бир коддо 1000 номер бөлүп берилгенде - 100 номерлик блоктор менен.
93. Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган номерлештирүү ресурсун алып коюу чечими тууралуу, электр байланыш операторуна алып коюу мөөнөтү келгенге чейин 30 күн мурда себептерин түшүндүрүп кат жүзүндө билдирет.
94. Номерлештирүү ресурсу 80% кем эмес колдонулганда толук колдонулду деп эсептелинет. Электр байланыш операторунун кайрылуусу менен, байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кошумча номерлештирүү ресурсун бөлүп берүү жөнүндө маселени карайт.
95. Кыргыз Республикасынын электр байланыш тармактарын номерлештирүүнүн улуттук системасы жана планы өзгөртүлгөн учурда байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, электр байланыш операторлоруна бөлүп берилген номерлештирүү ресурсун, ошондой эле конкреттүү алуучусу болбогон номерлештирүү ресурсун өзгөртүү тууралуу чечим кабыл алат.
Мындай учурларда, электр байланыш операторлоруна, өзгөртүлүп жаткан учурдагы номерлештирүү ресурсуна бирдей болгон номерлештирүү ресурсу берилет.
12. Номерлештирүү ресурсун өткөрүп берүү жана кайра тариздөө
96. Электр байланыш оператору өзүнө бөлүп берилген номерлештирүү ресурсун башка электр байланыш операторуна байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен гана өткөрүп берүүгө укуктуу.
Электр байланыш операторлору башка электр байланыш операторуна номерлештирүү ресурсун өткөрүп берүүгө макулдук алуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга арыз менен кайрылышат.
Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эгер электр байланыш операторунан арыз келген күндө суралган аймактагы номерлештирүү ресурсу чектелүү болсо, мурда бөлүп берилген номерлештирүү ресурсун же анын бир бөлүгүн өткөрүп берүүгө макулдук бербей коюуга укуктуу. Мындай учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз ээлерине жүйөлүү себептерин түшүндүрүп, баш тарткандыгын билдирет.
97. Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, номерлештирүү ресурсун бөлүп берүү чечимин төмөнкүдөй учурларда кайра тариздейт:
- юридикалык жак аралашуу, кошуу, сатуу формасында кайра уюшулганда кайра түзүлгөндө - укук мураскорунун арызы менен;
- юридикалык жак бөлүнүү же бөлүү формасында кайра уюшулганда - укук мураскорунун арызы менен. Башка укук мураскорлор менен номерлештирүү ресурсун пайдаланууга кызыкдар укук мураскорунун укугун талашканда, тараптардын ортосундагы талаш сот аркылуу чечилет.
13. Номерлештирүү ресурсун кеңейтүү
98. Эгер номерлештирүү ресурсу географиялык аныкталуучу "AB" номерлештирүү аймагында колдонулуп бүткөн болсо, анда байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өз чечими менен, ушул аймакта башка "AB" коду берилген дагы бир номерлештирүү аймагын уюштурат.
Эгер жалпы пайдалануудагы жергиликтүү телефон байланыш тармагынын бардык "х1" индекстери ишке киргизилген болсо, байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өз чечими менен, ушул жергиликтүү телефон байланыш тармагына кошумча "ab" кодун бөлүп берет.
Эгер облустук борбордун же шаардын бөлүп берилген жалпы пайдалануудагы жергиликтүү телефон байланыш тармагынын номерлештирүү ресурсу 70% көбүрөөк пайдаланылган болсо байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өз чечими менен ушул тармактагы 5 белгиден турган номерлештирүүнү 6 белгиден турган, же 6 белгиден турган номерлештирүүнү 7 белгиден турган номерлештирүүгө өткөрөт.
Эгер калктуу конуштун жалпы пайдалануудагы жергиликтүү телефон байланыш тармагынын кыска (3 белгиден турган) номерлер ресурсу 70 пайызга пайдаланылган болсо, байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өз чечими менен, ушул тармакты 3 белгиден кыска номерлүү 4 белгидеги номерлештирүүгө өткөрөт.
Эгер номерлештирүү ресурсу "DE" географиялык аныкталбай турган номерлештирүү аймагында пайдаланылып бүткөн болсо, анда байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул "DE" кодунда номерлештирүү ресурсу бар болгон операторлорго, башка "DE" кодунда кошумча номерлештирүү ресурсун бөлүп берүү маселесин карайт.
14. Номерлештирүү ресурсун эсепке алуу
99. Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган номерлештирүү ресурсун эсепке алуу ишин уюштуруп, пайдалануу боюнча маалымат базасын түзөт жана ал боюнча иш жүргүзөт, ал базада төмөнкүлөр камтылат:
а) бөлүп берилген номерлештирүү ресурстары жөнүндө маалыматтар;
б) бош номерлештирүү ресурстары жөнүндө маалыматтар;
в) электр байланыш операторлору тууралуу, номерлештирүү ресурсун бөлүп берүү, өзгөртүү, алып коюу жөнүндө чечим кабыл алынган же номерлештирүү ресурсун бөлүп берүү чечимин кайра тариздөө жөнүндө, төмөнкүлөрдү камтыган маалыматтар:
- электр байланыш операторунун аталышы;
- бөлүп берилген номерлештирүү ресурсунун көлөмү;
- номерлештирүү ресурсу берилген датасы жана бөлүп берүү (өзгөртүү, толук бойдон же бир бөлүгүн алып коюу) чечимин каттоо номери, бөлүп берүү чечими кайра таризделген датасы.
100. Электр байланыш операторлоруна номерлештирүү ресурсун бөлүп берүү, өзгөртүү, толук бойдон же бир бөлүгүн алып коюу жөнүндө маалымат байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат.
|
| Кыргыз Республикасынын электр байланыш тармактарын номерлештирүү улуттук системасына 1-тиркеме |
Номерлештирүү ресурсун бөлүп берүүгө арыздын формалары
1-форма
Географиялык аныкталуучу номерлештирүү зоналарынын кодунда номерлер диапазонун бөлүп берүүгө АРЫЗ
1. Юридикалык жактын аталышы (фирмалык аталышы):
_____________________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________
2. Юридикалык жактын жайгашкан жери (почта дареги):
_____________________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________
3. Номерлештирүү ресурсу суралган, электр байланыш кызматын көрсөтүүгө берилген лицензиянын номери жана аталышы:
_____________________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________
4. Суралган номерлештирүү ресурсу жана пайдаланылуучу аймак
_____________________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________
(Калктуу конуш/административдик райондун аталышы көрсөтүлөт)
Зонанын коду, зонанын ичиндеги код, суралган диапазон жана номерлердин саны таблицада көрсөтүлөт.
Географиялык код | Суралган диапазон | Номерлердин саны (миң даана) | |
Зоналык код | Зонанын ичиндеги код | ||
АВ | ав | ||
|
|
|
|
_____________________________________________________________________________________
Ар бир калктуу конуш/административдик район боюнча номерлердин диапазону төмөнкү таблицада көрсөтүлөт
_____________________________________________________________________________________
Географиялык код | Суралган диапазон | Номерлердин саны (миң даана) | |
Зоналык код | Зонанын ичиндеги код | ||
АВ | ав | ||
|
|
|
|
5. Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы телефон байланыш операторлору менен, номерлештирүү ресурсу суралган ар бир калктуу конуш/административдик район боюнча тармактар аралык туташтыруу ниети жөнүндө протоколдордун бар болуусу:
___________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________
(эгер номерлештирүү ресурсу тармакты өнүктүрүү үчүн суралса, толтурулбайт)
___________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________
6. Мурда бөлүп берилген номерлештирүү ресурсу ишке киргизилгендиги тууралуу маалыматтар (эгер номерлештирүү ресурсу жаңы тармак үчүн суралса, толтурулбайт):
___________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________
кошумча номерлештирүү суралган ар бир калктуу конуш/тармактын коду боюнча бөлүп берилген номерлердин саны/ишке киргизилген номерлердин саны көрсөтүлөт
___________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________
7. Коммутациялоочу жабдуунун тиби жана өндүрүүчү фирманын аталышы (эгер коддор жана/же номерлештирүү жаңы тармакка бөлүп берилсе толтурулат):
___________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________
Ыйгарым укуктуу адамдын кызмат орду жана аты-жөнү
___________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________
Датасы
Байланыш телефону:
Эскертүү:
1. Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
а) номерлештирүү ресурсу суралган арыз ээсинин тармагынын түзүлүш схемасы. Кыргыз Республикасынын башка электр байланыш операторлорунун тармактары менен, эл аралык байланыш тармактары менен туташуу байланыштары кошо көрсөтүлөт (эгер, номерлештирүү ресурсу жаңы тармак үчүн суралган болсо);
б) номерлештирүү ресурсу суралган, арыз ээсинин тармагынын түзүлүш схемасы, тармактын негизги элементтерин көрсөтүп жана орнотууга пландаштырылып жаткан жабдуунун Кыргыз Республикасынын башка электр байланыш операторлорунун тармактары менен, эл аралык байланыш тармактары менен туташуу байланыштары кошо көрсөтүлөт (эгер номерлештирүү ресурсу тармакты кеңейтүү үчүн суралган болсо).
Схемадагы эскертүүдө, бардык пайдаланылган аббревиатуралар чечмеленип жана схемада көрсөтүлгөн бардык жабдуунун колдонуу багыты көрсөтүлүшү керек.
2-форма
Географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зоналарында код жана/же номерлердин диапазонун бөлүп берүүгө АРЫЗ
1. Юридикалык жактын аталышы (фирмалык аталышы):
______________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________
2. Юридикалык жактын жайгашкан жери (почта дареги):
______________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________
3. Лицензиянын номери жана аталышы:
______________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________
4. Суралган номерлештирүү ресурсу (тандаган түрүнө белги коюлат):
□ Географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зонасынын коду
Географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зонасынын кодундагы номерлердин диапазону жана саны таблицада көрсөтүлөт
Географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зонасынын коду | Суралган номерлештирүү диапазону | Номерлердин саны (миң даана) | |
| |||
DE | ав |
| |
□ Мурда бөлүп берилген географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зонасынын кодундагы кошумча номерлештирүү:
Географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зонасынын коду | Суралган номерлештирүү диапазону | Номерлердин саны (миң даана) | |
| |||
DE | ав |
| |
5. Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы телефон байланыш операторлору менен, номерлештирүү ресурсу суралган ар бир калктуу конуш/административдик район боюнча тармактар аралык туташтыруу ниети жөнүндө протоколдордун бар болуусу:
______________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________
(эгер номерлештирүү ресурсу тармакты өнүктүрүү үчүн суралса, толтурулбайт)
______________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________
6. Мурда бөлүп берилген номерлештирүү ресурсу ишке киргизилгендиги тууралуу маалыматтар (эгер номерлештирүү ресурсу жаңы тармак үчүн биринчи жолу суралса, толтурулбайт):
______________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________
7. Коммутациялоочу жабдуунун тиби жана өндүрүүчү фирманын аталышы (эгер коддор жана/же номерлештирүү жаңы тармакка бөлүп берилсе толтурулат):
______________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________
Ыйгарым укуктуу адамдын кызмат орду жана аты-жөнү
______________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________
Датасы
Байланыш телефону:
Эскертүү:
1. Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
а) номерлештирүү ресурсу суралган арыз ээсинин тармагынын түзүлүш схемасы, Кыргыз Республикасынын башка электр байланыш операторлорунун тармактары менен, эл аралык байланыш тармактары менен туташуу байланыштары кошо көрсөтүлөт (эгер, номерлештирүү ресурсу жаңы тармак үчүн суралган болсо);
б) номерлештирүү ресурсу суралган, арыз ээсинин тармагынын түзүлүш схемасы, тармактын негизги элементтерин көрсөтүп жана орнотууга пландаштырылып жаткан жабдуунун Кыргыз Республикасынын башка электр байланыш операторлорунун тармактары менен, эл аралык байланыш тармактары менен туташуу байланыштары кошо көрсөтүлөт (эгер номерлештирүү ресурсу тармакты кеңейтүү үчүн суралган болсо).
Схемадагы эскертүүдө, бардык пайдаланылган аббревиатуралар чечмеленип жана схемада көрсөтүлгөн бардык жабдуунун колдонуу багыты көрсөтүлүшү керек.
3-форма
Эл аралык жана улуттук сигнализация пункттарынын ЖКС № 7 (ISPC, NSPC) коддорун бөлүп берүүгө АРЫЗ
1. Юридикалык жактын аталышы:
___________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________________
2. Юридикалык жактын жайгашкан жери (почта дареги):
___________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________________
3. Лицензиянын номери жана аталышы:
___________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________________
4. Суралган код (тандаган түрүнө белги коюлат):
□ ISPC суралган коддордун саны
□ NSPC суралган коддордун саны
ISPC | NSPC |
|
|
|
|
код алуу максаты:
___________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________________
жаңы байланыш тармагында туруктуу колдонуу, тестирлөө, кошумча станцияларды орнотуу ж.б.
___________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________________
код суралган коммутациялоочу жабдуунун арналышы жана орнотулуучу орду:
___________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________________
эл аралык коммутациялоо борбору, көчмө телефон байланыш тармагынын коммутациялоо борбору ж.б.
___________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________________
коммутациялоочу жабдуунун тиби, өндүрүүчү фирманын аталышы:
___________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________________
6. Суралган сигналдык түйүндөрдүн кодун колдонуу пландаштырылып жаткан байланыш кызматынын кыскача баяндамасы:
___________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________________
Ыйгарым укуктуу адамдын кызмат орду жана аты-жөнү
___________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________________
Датасы
Байланыш телефону:
Эскертүү:
1. Арызга, арыз ээсинин тармагынын түзүлүш схемасы тиркелет, схемада коддор суралган станциялар көрсөтүлүп жана ЖКС № 7 боюнча Кыргыз Республикасынын башка электр байланыш операторлорунун тармактары менен, эл аралык байланыш тармактары менен туташуу байланыштары кошо көрсөтүлөт.
Схемадагы эскертүүдө, бардык пайдаланылган аббревиатуралар чечмеленип жана схемада көрсөтүлгөн бардык жабдуунун арналышы көрсөтүлүшү керек.
4-форма
Көчмө электр байланыш тармагы үчүн мобилдик байланыш тармагынын (MNC, SID) кодун бөлүп берүүгө АРЫЗ
1. Юридикалык жактын аталышы (фирмалык аталышы):
___________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________________
2. Юридикалык жактын жайгашкан жери (почта дареги):
___________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________________
3. Лицензиянын номери жана аталышы:
___________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________________
4. Суралган тармактын коду (тандаган түрүнө белги коюлат):
□ MNC
□ SID
Арыз ээсинин тармагында пайдаланылуучу, көчмө (мобилдик) байланыштын стандарты:
___________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________________
Коммутациялоочу жабдуунун тиби жана орнотулуучу орду, өндүрүүчү фирманын аталышы:
___________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________________
Ыйгарым укуктуу адамдын кызмат орду жана аты-жөнү
___________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________________
Датасы
Байланыш телефону:
Эскертүү:
1. Арызга арыз ээсинин код суралган тармагынын түзүлүш схемасы тиркелет, Кыргыз Республикасынын башка электр байланыш операторлорунун тармактары менен, эл аралык байланыш тармактары менен байланышуулары кошо көрсөтүлөт.
Схемадагы эскертүүдө, бардык пайдаланылган аббревиатуралар чечмеленип жана схемада көрсөтүлгөн бардык жабдуунун арналышы көрсөтүлүшү керек.
5-форма
ИБТ кодундагы оператордун кодун бөлүп берүүгө АРЫЗ
1. Юридикалык жактын аталышы (фирмалык аталышы):
___________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________________
2. Юридикалык жактын жайгашкан жери (почта дареги):
___________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________________
3. Лицензиянын номери жана аталышы:
___________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________________
4. Суралган номерлештирүү ресурсу (тандаган түрүнө белги коюлат):
ИБТ кодунда оператордун коду □ 800 □ 803 □ 809 □
ИБТ кодунда оператордун коду | Оператордун кодунда номерлер диапазону | Номерлердин саны |
|
|
|
маалыматтык-коммуникациялык кызмат көрсөтүүнүн коду (МКК)
5. Мурда бөлүп берилген номерлештирүү ресурсун суралган коддордо ишке киргизүү (эгер ИБТ/МКК кодунда номерлештирүү ресурсу биринчи жолу бөлүп берилсе, толтурулбайт):
___________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________________
ИБТ/МКК ар бир коду боюнча бөлүп берилген номерлердин саны, ИБТ/М К К ар бир коду боюнча колдонулган номерлердин саны:
___________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________________
6. Коммутациялоочу жабдуунун тиби жана орнотуучу орду, өндүрүүчү фирманын аталышы (эгер коддор жана/же номерлештирүү ресурсу биринчи жолу бөлүп берилсе толтурулат):
___________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________________
Ыйгарым укуктуу адамдын кызмат орду жана аты-жөнү
___________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________________
Датасы
Байланыш телефону:
Эскертүү: арызга арыз ээсинин код суралган тармагынын түзүлүш схемасы тиркелет, Кыргыз Республикасынын башка электр байланыш операторлорунун тармактары менен, эл аралык байланыш тармактары менен байланышуулары кошо көрсөтүлөт.
Схемадагы эскертүүдө бардык пайдаланылган аббревиатуралар чечмеленип жана схемада көрсөтүлгөн бардык жабдуунун арналышы көрсөтүлүшү керек.
6-форма
Маалыматтык-коммуникациялык кызмат көрсөтүүлөр кодун, Интернетке коммутациялоочу кирүү кодун, "шаар аралык же эл аралык байланыш операторун тандоо" кызмат көрсөтүүсү үчүн оператордун кодун бөлүп берүүгө АРЫЗ
1. Юридикалык жактын аталышы (фирмалык аталышы):
___________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________________
2. Юридикалык жактын жайгашкан жери (почта дареги):
___________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________________
3. Лицензиянын номери жана аталышы:
___________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________________
маалыматтык-коммуникациялык кызмат көрсөтүүлөр коду (МКК)
суралган МКК кодунда номерлештирүү ресурсу
Операторго бөлүп берилген МКК коду | Операторго бөлүп берилген МКК номерлер диапазону | Номерлердин саны |
|
|
|
4. Мурда бөлүп берилген номерлештирүү ресурсун суралган коддордо ишке киргизүү (эгер ИБТ/МКК кодунда номерлештирүү ресурсу биринчи жолу бөлүп берилсе толтурулбайт):
___________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________________
ИБТ/МКК ар бир коду боюнча бөлүп берилген номерлердин саны, ИБТ/МКК ар бир коду боюнча колдонулган номерлердин саны
___________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________________
5. Коммутациялоочу жабдуунун тиби жана орнотулуучу орду, өндүрүүчү фирманын аталышы (эгер коддор жана/же номерлештирүү ресурсу биринчи жолу бөлүп берилсе толтурулат):
___________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________________
Ыйгарым укуктуу адамдын кызмат орду жана аты-жөнү
___________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________________
Датасы
Байланыш телефону:
Эскертүү: арызга арыз ээсинин код суралган тармагынын түзүлүш схемасы тиркелет. Кыргыз Республикасынын башка электр байланыш операторлорунун тармактары менен, эл аралык байланыш тармактары менен байланышуулары кошо көрсөтүлөт.
Схемадагы эскертүүдө, бардык пайдаланылган аббревиатуралар чечмеленип жана схемада көрсөтүлгөн бардык жабдуунун арналышы көрсөтүлүшү керек.
7-форма
Атайын кызматтарды уюштуруу үчүн кыска номерлерди бөлүп берүүгө АРЫЗ
1. Юридикалык жактын аталышы (фирмалык аталышы):
___________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________________
2. Юридикалык жактын жайгашкан жери (почта дареги):
___________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________________
3. Лицензиянын номери жана аталышы:
___________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________________
4. Суралган номерлештирүү ресурсу жана пайдаланылуучу аймак (тандаган түрүнө белги коюлат):
□ Жергиликтүү телефондук байланыш тармагынын кыска номерлери
Кыска номер | Кайсы калктуу конуштун/административдик райондун аймагында пайдаланылат | Кайсы кызматты уюштурууга арналган |
|
|
|
|
|
|
Ар бир калктуу конуш/административдик район боюнча суралган номерлердин саны көрсөтүлөт.
□ Бир нече калктуу конуштарда же Кыргыз Республикасынын бардык аймагында колдонулуучу кыска номерлер:
Кыска номер | Кайсы калктуу конуштун/административдик райондун аймагында пайдаланылат | Кайсы кызматты уюштурууга арналган |
|
|
|
|
|
|
4. Мурда бөлүп берилген номерлештирүү ресурсу ишке киргизилгендиги тууралуу маалыматтар (эгер номерлештирүү ресурсу жаңы тармак үчүн суралса толтурулбайт):
___________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________________
кошумча номерлештирүү суралган, ар бир калктуу конуш/тармактын коду боюнча бөлүп берилген номерлердин саны/ишке киргизилген номерлердин саны көрсөтүлөт
_________________________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________________
Ыйгарым укуктуу адамдын кызмат орду жана аты-жөнү
_________________________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________________
Датасы
Байланыш телефону:
Эскертүү:
1. Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
а) номерлештирүү ресурсу суралган, арыз ээсинин тармагынын түзүлүш схемасы, Кыргыз Республикасынын башка электр байланыш операторлорунун тармактары менен, эл аралык байланыш тармактары менен туташ байланыштары кошо көрсөтүлөт (эгер, номерлештирүү ресурсу жаңы электр байланыш тармагы үчүн суралган болсо);
б) номерлештирүү ресурсу суралган арыз ээсинин тармагынын түзүлүш схемасы, тармактын негизги элементтери жана орнотуу пландаштырылып жаткан жабдуу көрсөтүлөт жана Кыргыз Республикасынын башка электр байланыш операторлорунун тармактары менен, эл аралык байланыш тармактары менен туташуучу байланыштары кошо көрсөтүлөт (эгер номерлештирүү ресурсу тармакты кеңейтүү үчүн суралган болсо).
Схемадагы эскертүүдө, бардык пайдаланылган аббревиатуралар чечмеленип жана схемада көрсөтүлгөн бардык жабдуунун арналышы көрсөтүлүшү керек.
|
| Кыргыз Республикасынын электр байланыш тармактарын номерлештирүү улуттук системасына 2-тиркеме |
Атайын кызматтардын кызмат көрсөтүүлөрүн уюштуруу үчүн кыска номерлердин пайдаланылышы
| Кызмат көрсөтүү аймагы | Туруктуу жана көчмө байланыш тармактарынын операторлору өз абоненттери үчүн түзүүчү кызматтар | |||
Бир калктуу конушта | Бир нече калктуу конушта | Кызматка жеткиликтүүлүк | |||
Кошумча нарксыз кызмат көрсөтүүлөр | Географиялык аныкталуучу номерлештирүү зоналарынын коддорунда иштеген тармактар үчүн | 1х2х3/1х2х3х4, мында х2 "2" менен барабар эмес | 12х3х4 | Тармактар аралык кошуу боюнча бардык тармактардан милдеттүү түрдө | * х1х2 # * х1х2х3 # * х1х2х3х4 # ж.б. |
Кошумча нарксыз кызмат көрсөтүүлөр | Географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зоналарынын коддорунда иштеген жергиликтүү байланышка лицензиясы бар тармактар үчүн | 1х2х3/1х2х3х4, мында х2 "2" менен барабар эмес | 12х3х4 | Тармактар аралык кошуу боюнча бардык тармактардан милдеттүү түрдө | * х1х2 # * х1х2х3 # * х1х2х3х4 # ж.б. |
Кошумча наркы менен кызмат көрсөтүүлөр | Номерлештирүү географиялык аныкталуучу жана географиялык аныкталбай турган зоналардын коддорунда иштеген тармактар үчүн | ИБТ коду/МКК коду | ИБТ коду/МКК коду же 12х3х4 | Тармактар аралык биригүү боюнча бардык тармактардан кошумча макулдашуу боюнча | * х1х2 # * х1х2х3 # * х1х2х3х4 # ж.б. |
Кошумча наркы менен кызмат көрсөтүүлөр | Географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зоналарынын коддорунда иштеген тармактар үчүн | х1х2х3х4, мында х1 "0 жана 1" менен барабар эмес | х1х2х3х4, мында х1 "0 жана 1" менен барабар эмес | Көчмө байланыш тармагынын ортосунда гана тармактар аралык биригүү үчүн кошумча макулдашуу боюнча | * х1х2 # * х1х2х3 # * х1х2х3х4 # ж.б. |
Кызмат ким тарабынан көрсөтүлөт |
| Кызмат көрсөтүүчү | Кызмат көрсөтүүчү |
| Оператор |
Эскертүү |
| Номерлештирүүнү МТБМК алдындагы МБА операторго бөлүп берет | Номерлештирүүнү МТБМК алдындагы МБА операторго бөлүп берет |
| Номерлештирүүнү оператор аныктайт. Башка тармактардын абоненттерине жеткиликтүүлүк камсыздылбайт |
МКК - маалыматтык-коммуникациялык кызматтар.
2-тиркеме
Мамлекеттик номерлештирүү ресурсунун бирдиги үчүн акынын ӨЛЧӨМҮ
№ | Төлөмдүн түрүнүн аталышы | Төлөө мөөнөтү | Төлөмдүн өлчөмү, сом |
1 | Географиялык номерлештирүү зоналарынын кодунда номерлештирүүнүн бирдиги үчүн | Жыл сайын | 0,5 |
2 | Географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зоналарынын кодунда номерлештирүүнүн бирдиги үчүн | Жыл сайын | 0,75 |
3 | Кыргыз Республикасынын корпоративдик жана башка телекоммуникациялар тармактарында көчмө радиотелефон байланышы үчүн географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зоналарынын кодунда бөлүп берилген "DE" коддорунун бирдиги үчүн | Жыл сайын | 10000 |
4 | Документалдык электр байланыш тармактарынын кызматтарына, Интернет тармагына ж.б. кирүүнү камсыз кылуу максатында ИБТ кызмат көрсөтүүлөрү үчүн "DEF" коддорунун бирдиги үчүн | Жыл сайын | 1000 |
5 | Документалдык электр байланыш тармактарынын кызматтарына, Интернет тармагына ж.б. кирүүнү камсыз кылуу максатында ИБТ кызмат көрсөтүүлөрү үчүн "DEF" кодунда номерлештирүүнүн бирдиги үчүн | Жыл сайын | 0,75 |
6 | "DEF" кодунда оператордун кодунун бирдиги үчүн (800, 803, 809) | Жыл сайын | 1000 |
7 | "DEF" кодунда оператордун кодунун номерлештирүү бирдиги үчүн (800, 803, 809) | Жыл сайын | 0,75 |
8 | Операторду тандоо коддорунун бирдиги үчүн | Жыл сайын | 1000 |
9 | Жалпы каналдык сигнализация тармактарынын сигнализация пункттарынын (ЖКС № 7) NSPC улуттук коддорунун бирдиги үчүн | Жыл сайын | 10000 |
10 | Жалпы каналдык сигнализация тармактарынын сигнализация пункттарынын (ЖКС № 7) ISPC эл аралык коддорунун бирдиги үчүн | Жыл сайын | 1000 |
11 | Кыргыз Республикасында мобилдик тармактарды (NMC, SID) идентификациялоо коддорунун бирдиги үчүн | Жыл сайын | 1000 |