Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 4-апрели № 157
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-январындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын электр байланыш тармактарын номерлештирүү улуттук системасын жана планын бекитүү жана номерлештирүү ресурсунун бирдиги үчүн акынын өлчөмүн белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4 жана 9-2-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-январындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын электр байланыш тармактарын номерлештирүү улуттук системасын жана планын бекитүү жана номерлештирүү ресурсунун бирдиги үчүн акынын өлчөмүн белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын электр байланыш тармактарын номерлештирүү улуттук системасында жана планында:
- 3-главасынын 36-пунктунун 2-пунктчасындагы экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"801ден 879га чейин жана 890дон 899га чейин (803төн жана 809дан тышкары);";
- 5-главасынын 56-пунктунда;
1-таблицасы ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
5-таблицасы ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- 6-главасынын 57-пунктунун 9-таблицасы ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- 10-главасынын 86-пункту "билдирет" деген сөздөн кийин ", байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн алуу коддорун өзгөртүүгө тиешелүү болгон, ал эми электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн алуунун аталган коддорун колдонгон электр байланыш операторлору ушул өзгөртүүлөргө каршылыгын билдирбеген учурлардан тышкары, мындай чечим бир айдан ашык эмес убакыттын ичинде операторлорго кабарланат" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 16-апрелиндеги N 29 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| 1-тиркеме |
"1-таблица
Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы телефон байланыш тармактарын номерлештирүү планы
A/B D/E | 0 | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | Эскертүү |
0 | Эл аралык префикс | Колдонулбайт | 0 - улуттук префикс | ||||||||
1 | 3 орундуу шашылыш ыкчам кызматтар (100-119) | 12хх атайын кызматтар | 3 жана 4 орундуу атайын кызматтар (130-199, 1300-1999) | Терүү форматы: ххх(х) | |||||||
1 | Кызмат көрсөтүүлөрдүн 2 орундуу коддору (ККК) | Кызмат көрсөтүүлөрдүн 4 орундуу коддору (15хх) | Резерв | Терүү форматы: 1) 0 - ККК - кош. маал. коду | |||||||
2 | Географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зоналарынын коддору | Терүү форматы: 0 DE ххххххх | |||||||||
3 | Географиялык коддордун резерви | Чүй облусу | Ош облусу | Географиялык коддордун резерви | Талас облусу | Нарын облусу | Баткен облусу | Жалал-Абад облусу | Географиялык коддордун резерви | Ысык-Көл облусу | Терүү форматы: 0 ABab ххххх |
4 | Келечектүү технологиялар үчүн коддордун резерви |
| |||||||||
5 | Географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зоналарынын коддору |
| |||||||||
6 | Географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зоналарынын коддору |
| |||||||||
7 | Географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зоналарынын коддору |
| |||||||||
8 | Географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зонасынын коду "88 xxxxxxx" | Терүү форматы: 0 DE xxxxxxx | |||||||||
8 | ИБТ коддору (800-879, 890-899) | Терүү форматы: 0 - DEF - кош. маал. | |||||||||
8 | Кызмат көрсөтүү коддорунун резерви (80х-86х) | Интернетке коммутациялоочу 3 орундуу коддор (870-879 и 890-899) | Терүү форматы: 0 - КДУ - DEF - кош. маал. | ||||||||
9 | Резерв | Географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зоналарынын коду |
| ||||||||
Эскертүү: Географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зоналарындагы код менен иштеген операторлордун тармактарында x1x2x3x4 форматтагы кыска номерлер колдонулат, мында x1 "0 жана 1" барабар эмес.".
|
| 2-тиркеме |
"5-таблица
Электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн коддору
№ | Электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн коддору/ИБТ | Электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн аталышы |
1 | 1508 | Интернетке коммутациялык туташтыруу коду |
2 | 800 | Акысыз чакырык (FPHРРН - Freephone) |
3 | 803 | Теледобуш берүү (VOT - Televoting) |
4 | 809 | Кошумча акыга кызмат көрсөтүүлөр (PRM - Premium rate) |
5 | 801, 802, 804, 805, 806, 807, 808, 810-879, 890-899 | Маалыматтык-коммуникациялык кызмат көрсөтүүлөр |
6 | 870-879, 890-899 | Интернетке коммутациялык туташтыруу кызмат көрсөтүүлөрүнүн операторлордун/провайдерлердин коду |
".
|
| 3-тиркеме |
"9-таблица
Кыргыз Республикасынын электр байланыш тармактарын номерлештирүүнүн келечектүү планы
А/В | 0 | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | Эскертүү | |
0 | Эл аралык префикс | Колдонулбайт | 0 - улуттук префикс | |||||||||
1 | 2 орундуу кызмат көрсөтүү коддору (10-14) | кызмат көрсөтүү коддору 15хх | Резерв | Терүү форматы: 1) 0 - ККК - Ко - кошум. маал. | ||||||||
1 | 3 орундуу шашылыш ыкчам кызматтардын номерлери (10х-19х) | Атайын кызматтардын 4 орундуу номерлери 1200-1299 | атайын кызматтардын 4 орундуу номерлери (13хх-19хх) | Терүү форматтары: ххх, хххх ххххх | ||||||||
2 | Географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зоналарынын коддору | Терүү форматтары: 0 DE ххххххх | ||||||||||
3 | Резерв | Географиялык аныктала турган номерлештирүү зоналарынын коддору | Резерв | Географиялык аныктала турган номерлештирүү зоналарынын коддору | Резерв | Географиялык зонанын коду | Терүү форматы: 0 АВ ххххххх | |||||
4 | Келечектүү технологиялар үчүн коддордун резервдери |
| ||||||||||
5 | Географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зоналарынын коддору | Терүү форматы: 0 DE ххххххх | ||||||||||
6 | Резерв |
| ||||||||||
7 | Географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зоналарынын коддору | Терүү форматы: 0 DEF - кош. маал. | ||||||||||
8 | Географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зоналарынын коддору "88 xxxxxxx" | Терүү форматы: 0 DE xxxxxxx | ||||||||||
8 | Маалыматтык-коммуникациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана ИБТ кызмат көрсөтүүлөрүнүн коддору 800-879, 890-899) | Терүү форматы: 0 DEF - кош. маал. | ||||||||||
8 | Кызмат көрсөтүүлөр коддорунун резерви (80х-86х) | Интернетке коммутациялык туташтыруучу операторлорунун 3 орундуу коддору (870-879 и 890-899) | Терүү форматы: 0 - КДУ - DEF - кош. маал. | |||||||||
9 | Резерв | Географиялык аныкталбай турган номерлештирүү зоналарынын коду | Терүү форматы: 0 DE xxxxxxx | |||||||||
".