Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 358 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 327 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында илимий-педагогикалык жана илимий кадрларды даярдоо жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
Илимий кадрлар - илимий-маалыматтык жана долбоордук-конструктордук иштерди кошкондо илимий билимдерин өндүрүшкө пайдаланууга жана практикада пайдалануу үчүн илимий жыйынтыктарын даярдоого түздөн-түз катышуучу кесипкөй даярдалган адистер.
Илимий-педагогикалык кадрлар - жогорку окуу жайдын кызматкерлеринин эки тобун: профессордук-окутуучулук курамды жана негизги иштеген жери боюнча жогорку окуу жайларда педагогикалык жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзгөн илимий кызматкерлерди бириктирген кесипкөй даярдалган адистер.
Илимий жана илимий-техникалык уюмдар - илимий-изилдөө, тажрыйба-конструктордук жана долбоордук-изденүүчүлүк жана башка илимий-техникалык иштерди жүргүзгөн юридикалык жактар.
Магистрдик программа - лицензиянын болушу менен ырасталган магистрлерди даярдоо боюнча толук жогорку кесиптик билим берүү программасы.
Окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңеши - жогорку окуу жайдын, илимий же илимий-техникалык уюмдун сунуштоочу коомдук-кесипкөй башкаруу органы.
2. Докторантура
1. Докторантура - илимий жана илимий-техникалык уюмдарда жана жогорку окуу жайларда (мындан ары - илимий уюмдар жана ЖОЖдор) жогорку квалификациялуу илимий-педагогикалык жана илимий кадрларды даярдоонун формасы.
2. Илимий уюмдарда жана ЖОЖдордо докторантура ачуу, ошондой эле анын ишин токтотуу илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен ишке ашырылат.
Докторантура ачуу же иштеп жаткан докторантурага жаңы илимий багыттарды жана адистиктерди киргизүү жөнүндө сунуштар илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга илимий уюмдардын жана ЖОЖдордун жетекчилери тарабынан жиберилет, анда илимий адистиктердин тизмеги, ар бир адистик боюнча илимий жетекчилердин курамы көрсөтүлөт, алардын илимий эмгектеринин тизмеги, докторантура ачууну же жаңы илимий адистиктерди киргизүүнү негиздеген өтүнүч каты, профессордук-окутуучулук курамдын штаттык тизмеси, илимий жана илимий-педагогикалык кадрлардын курамы, ошондой эле ЖОЖдун же илимий уюмдун окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңешинин чечими тиркелет.
Иштеп жаткан докторантурага кошумча илимий адистиктерди киргизүү илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен ишке ашырылат.
Илимий уюмдарда жана ЖОЖдордо докторантура ачуу, анын ишин токтотуу тиешелүү экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин жүзөгө ашырылат жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен таризделет.
Экспертиза илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген талаптарга ылайык жүзөгө ашырылат.
Илимий-методикалык жетекчиликти жана докторантуранын ишин контролдоону илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
Докторанттарды даярдоо күндүзгү формада ишке ашырылат.
3. Докторантурага илимдин кандидаты окумуштуулук даражасына ээ Кыргыз Республикасынын жарандары кабыл алынат. Философия доктору (PhD) академиялык даражасы бар адамдарга Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясында (мындан ары - ЖАК) философиянын доктору (PhD) диссертациясын экспертизалоо жана дипломду нострификациялоо жол-жобосунан өткөндөн кийин, илимдин тиешелүү тармагы боюнча илимдин кандидатынын диплому берилет.
Чет мамлекеттердин жарандары докторантурага Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде кабыл алынат.
Докторантурада даярдоо мөөнөтү 5 жыл.
4. Докторантурага кабыл алуу жөнүндө арыз илимий уюмдун же ЖОЖдун жетекчисинин атына жазылып, ага төмөнкү документтер тиркелет:
- илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы ыйгарылгандыгы тууралуу дипломунун көчүрмөсү;
- докторлук изилдөөсүнүн кеңейтилген планы;
- жарыяланган илимий эмгектеринин, ойлоп табууларынын жана патенттеринин тизмеси.
Илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы ыйгарылгандыгы тууралуу дипломун жана паспортун докторант жеке өзү көрсөтөт.
5. Докторантурага кабыл алуу конкурстук негизде жүргүзүлөт.
Илимий уюмдун же ЖОЖдун окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңеши илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен илимий кызматкерлердин адистиктеринин номенклатурасына ылайык илимий адистиктер боюнча докторантурага конкурстук негизде кабыл алууну жарыялайт. Илимий уюм же ЖОЖ ректордун (директордун) буйругу менен конкурстук комиссия (мындан ары - комиссия) түзөт, анын курамына илимий иштер боюнча проректор жана жетектөөчү окумуштуулар кирет. Документтерди берүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин, конкурстук тандоого катышкандардын бардыгынын документтери комиссиянын кароосуна берилет.
Документтерди кабыл алуунун мөөнөтү бүткөндөн кийин, эки жуманын ичинде комиссия берилген документтерди карайт.
Конкурстук тандоону ишке ашыруу үчүн негизги критерийлер болуп төмөнкүлөр саналат:
- илимий адистиктин диссертациялык изилдөөнү даярдоо болжолдонуучу ЖОЖдун же илимий уюмдун профилинин илимий адистигине туура келиши;
- диссертациянын берилген тематикасы мамлекеттик заказдын милдеттерине, илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди аткаруу боюнча түзүлгөн келишимдерге, ошондой эле аталган иштерди аткарууга гранттарды берүү жөнүндө келишимдерге (макулдашууларга) туура келиши;
- диссертациялык изилдөө планынын иштелип чыгуу даражасы;
- ЖОЖдордо жана илимий уюмдарда диссертациянын берилген планына ылайык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтык жана материалдык-техникалык ресурстардын болушу;
- талапкерде илимий жетишкендиктеринин болушу (илимий жана басып чыгаруу активдүүлүгү).
Берилген документтеринин жогоруда аталган критерийлерге шайкештигин кароонун жыйынтыгы боюнча комиссия ар бир талапкерге карата өзүнчө корутунду берет. Докторантурага кабыл алуу же баш тартуу жөнүндө чечим беш күндүк мөөнөттө, бирок окуу башталганга чейин эки жумадан кеч эмес маалымдалат. Комиссиянын чечими протокол менен таризделет.
Докторантурага кабыл алуу жөнүндө чечим илимий уюмдун же ЖОЖдун окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңеши тарабынан комиссиянын протоколунун негизинде диссертациянын планын, темасын жана докторанттын илимий консультантын бекитүү менен кабыл алынат.
Диссертациянын темасын тандоодо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасында илимди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын тизмегине шайкеш келген изилдөөлөргө артыкчылык берилет.
ЖАКтагы диссертациялык иштердин темаларынын реестрге киргизүү үчүн илимий уюмдардын жана ЖОЖдордун аспирантура (адъюнктура) жана докторантура бөлүмдөрү жыл сайын окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңеши тарабынан бекитилген докторлук диссертациялык изилдөөлөрдүн темаларын электрондук форматта ЖАКка жиберет.
Докторантурага кабыл алуу илимий уюмдун же ЖОЖдун жетекчисинин буйругу менен жүргүзүлөт.
Докторантурага кабыл алынган адамдар окуудан бош мезгилинде кошумча илимий жана педагогикалык иш жүргүзүүгө укуктуу.
Докторантурада даярдоо мөөнөтү илимий жана илимий-педагогикалык стажга киргизилет.
6. Докторантура изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы докторлук диссертация түрүндө тариздөө менен аякталат.
7. Докторант изилдөө ишин өз алдынча же илимий консультанттын - илимдин докторунун жетекчилигинде аткара алат. Илимий консультант катары башка илимий уюмдардын жетектөөчү окумуштуулары жана адистери тартылышы мүмкүн.
8. Докторант илимий уюмдардын жана ЖОЖдордун лабораторияларын, кабинеттерин, илимий китепканаларын, эксперименттик түзүлүштөрүн, ошондой эле окуу, илимий, дарылоо жана башка бөлүмдөрүн, алардын уставында аныкталган тартипте акысыз пайдаланат.
9. Докторант жыл сайын окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңешинде жасаган иштери жөнүндө отчетун берет.
10. Өздүк планды убагында аткарбаган докторант илимий уюмдун же ЖОЖдун жетекчисинин буйругу менен докторантурадан чыгарылат.
11. Окуу мөөнөтү аяктаганга чейин докторантурадан чыгарылган докторант өздүк планын жетиштүү көлөмдө аткарган учурда окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңешинин чечими боюнча илимий уюмдун же ЖОЖдун жетекчисинин буйругу менен окутуунун калган мөөнөтүнө калыбына келтирилет.
12. Докторлук диссертацияны аяктоо үчүн чыгармачылык өргүү, ошондой эле докторантуранын мөөнөтү аяктагандан кийин кошумча убакыт берилбейт.
13. ЖОЖдордо жана илимий уюмдарда адистиктер боюнча докторантурага республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен берилүүчү орундардын санын илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт. Докторантурага кабыл алуу Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун жана илимий уюмдарынын юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерине ылайык акы төлөмө негизде да жүргүзүлөт.
14. Докторанттарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген өлчөмдө мамлекеттик стипендия төлөнөт. ЖОЖдордун жана илимий уюмдардын жетекчилери докторанттардын стипендияларына кошумча төлөмдөрдү бюджеттен сырткары каражаттардын эсебинен төлөшөт.
15. Докторанттардын илимий консультанттарынын эмгегине бир докторант үчүн жылына 50 саат эсебинде төлөнөт.
Докторанттардын илимий консультанттарына кошумча төлөөлөрдү ЖОЖдордун жана илимий уюмдардын жетекчилери ЖОЖдордун жана илимий уюмдардын бюджеттен сырткары каражаттарынын эсебинен жүргүзүшөт.
16. Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен даярдоодон өтүүчү докторанттарды ата мекендик жана чет мамлекеттердин алдыңкы илимий борборлоруна командировкага жиберүүгө байланышкан чыгымдарды ЖОЖдор жана илимий уюмдар чет өлкөлөрдүн окуу жайлары жана илимий борборлору менен кызматташуу боюнча түзүлгөн келишимдерге ылайык төлөшөт.
17. Докторантурада даярдоодон өтүүчү адамдар үчүн социалдык кепилдиктер жана жеңилдиктер Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамына ылайык аныкталат.
3. Докторлук диссертацияны аяктоо үчүн ЖОЖдордун окутуучуларын илимий кызматкер кызмат ордуна которуу
18. ЖОЖдордун илимдин кандидаты окумуштуулук даражасына ээ окутуучулары (мындан ары - ЖОЖдун окутуучулары), эгерде жетектөөчү уюмда керектүү илимий-изилдөө базасы жок болсо, докторлук диссертациясын аяктоо үчүн 2 жылга чейинки мөөнөткө илимий кызматкер кызмат ордуна которулууга укуктуу.
19. Илимий кызматкер кызмат ордуна талапкер болгон ЖОЖдордун окутуучулары штаттык окутуучулук кызмат орду боюнча ЖОЖдун ректорунун атына арыз берет, ага докторлук диссертациясынын кеңейтилген планы, аткаруу мөөнөтү жана жарыяланган илимий эмгектеринин тизмеси тиркелет.
20. ЖОЖдун окутуучусун докторлук диссертациясын аяктоо үчүн илимий кызматкер кызмат ордуна которуу жөнүндө чечим тиешелүү кафедранын чечиминин негизинде окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңеши тарабынан кабыл алынат.
21. Илимий кызматкер (мындан ары - илимий кызматкер) кызмат ордуна которулганына байланыштуу педагогикалык иштен бошотулган ЖОЖдордун окутуучулары илимий изилдөө жүргүзүү үчүн башка илимий уюмдарга же ЖОЖдорго макулдашуу боюнча командировкага жиберилиши мүмкүн.
22. Жыл сайын илимий кызматкерлер окуу жайдын окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңешине диссертациясы боюнча отчет берип турат, анын жыйынтыгы боюнча окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңеши тиешелүү чечим кабыл алат.
23. Башка ЖОЖдорго жана илимий уюмдарга командировкага жиберилген адамдар командировкада болгон жериндеги окуу жайдын же илимий уюмдун окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңешине илимий отчет берет. Окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңешинин корутундусу илимий кызматкер штатында турган ЖОЖго жиберилет.
24. Илимий кызматкерлерге илимий кызматкер кызмат ордунда болуу мөөнөтү аяктагандан кийин ЖОЖго өзүнүн педагогикалык ишине кайтып келүү укугу сакталат.
25. ЖОЖдун окутуучуларын илимий кызматкер кызмат ордуна которуу тиешелүү келишимди түзүүнүн негизинде ректордун буйругу менен таризделет.
26. Илимий кызматкер кызмат ордуна которулган илим кандидаттарынын кызматтык маяналары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-январындагы № 18 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттары жөнүндө жобого жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык аныкталат.
ЖОЖдор бюджеттен сырткары каражаттардын эсебинен илимий кызматкерлердин кызматтык маяналарына кошумча үстөк белгилөөгө укуктуу.
27. Башка ЖОЖдорго же илимий уюмдарга изилдөөлөрдү аткаруу үчүн командировкага жиберилген илимий кызматкерлердин эмгек акысы жана командировкалык чыгымдары негизги иштеген жери боюнча мыйзамда белгиленген тартипте төлөнөт.
Илимий кызматкер илимий-изилдөө ишинин планын аткарбаган учурда окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңешинин чечиминин негизинде илимий кызматкер кызмат ордуна которуу келишимине ылайык, ЖОЖдун илимий кызматка которууга байланышкан чыгымдарын төлөп берет.
4. Аспирантура (адъюнктура)
28. Аспирантура (адъюнктура) - илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоонун негизги формасы болуп эсептелет.
Аспиранттарды даярдоо илимдин тармактары жана илимий адистиктер боюнча, илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген илимий кызматкерлердин адистиктеринин номенклатурасына ылайык жүргүзүлөт.
29. Аспирантура (адъюнктура), магистрдик программанын деңгээлинен төмөн эмес билим берүү ишин жүргүзүү укугуна лицензиясы бар жана билим берүү жана лицензиялоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык аккредитациядан (аттестациядан) өткөн ЖОЖдордо, ошондой эле мамлекеттик үлгүдөгү сертификат менен тастыкталган мамлекеттик аккредитациядан өткөн илимий уюмдарда ачылат.
Илимий уюмдарда жана ЖОЖдордо аспирантураны (адъюнктураны) ачуу же анын ишин токтотуу тиешелүү экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин ишке ашырылат жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен таризделет.
Экспертиза илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген талаптарга ылайык жүзөгө ашырылат.
Аспирантура (адъюнктура) ачуу жөнүндө же кошумча илимий адистиктерди киргизүү жөнүндө сунуштар илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга илимий уюмдардын же ЖОЖдордун жетекчилери тарабынан жиберилет, илимий адистиктердин тизмеси, илимий эмгектеринин тизмеси көрсөтүлгөн ар бир илимий адистик боюнча илимий жетекчилердин курамы, аспирантура ачууга негиздеме же кошумча илимий адистиктерди киргизүү тууралуу өтүнүч кат, профессордук-окутуучулук курамдын штаттык расписаниеси, ошондой эле ЖОЖдун же илимий уюмдун окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңешинин чечими тиркелет.
Илимий уюмдагы жана ЖОЖдогу аспирантуранын ишин илимий-методикалык жетектөө жана контролдоо ведомстволук тиешелүүлүгүнө карабастан илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
Аспирантурада (адъюнктурада) окуу күндүзгү жана сырттан окуу формаларында ишке ашырылат.
30. Аспирантурага (адъюнктурага) адистин же магистрдин диплому менен ырасталган жогорку кесиптик билими бар Кыргыз Республикасынын жарандары конкурстук негизде кабыл алынат.
Башка өлкөлөрдүн жарандары аспирантурага (адъюнктурага) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде кабыл алынат.
Мурда аспирантурада (адъюнктурада) окуунун толук курсунан өткөн же ассистентура - стажировканы аяктаган адамдардын кайрадан аспирантурада окуганга укугу жок.
31. Аспирантурага (адъюнктурага) кабыл алуу тууралуу арыз ЖОЖдун ректорунун же илимий уюмдун жетекчисинин атына жазылып, ага төмөнкү документтер тиркелет:
- жогорку кесиптик билими тууралуу адистин же магистрдин дипломунун көчүрмөсү (чет элдик жарандар үчүн - билими жөнүндөгү алардын документтеринин эквиваленттүүлүгү тууралуу күбөлүк);
- жарыяланган илимий эмгектеринин, ойлоп табууларынын (болгон учурда) тизмеси;
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
- окуунун мыкты бүтүрүүчүлөрү үчүн окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңешинин же мамлекеттик аттестациялык комиссиянын сунуштамалары;
- кандидаттык экзамендерди тапшыргандыгы жөнүндө күбөлүк (болгон учурда).
Паспорт жана жогорку окуу жайын бүтүргөндүгү тууралуу дипломун жеке өзү көрсөтөт.
32. Аспирантурага (адъюнктурага) кабыл алуу жыл сайын илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген мөөнөттө жүргүзүлөт. Аспирантурага (адъюнктурага) кабыл алууну уюштуруу үчүн келечектеги аспиранттардын илимий жетекчилерин камтыган жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрлардан турган ЖОЖдун ректорунун (проректорунун) же илимий уюмдун жетекчисинин (жетекчисинин орун басарынын) төрагалыгында кабыл алуу комиссиясы түзүлөт.
33. Аспирантурага (адъюнктурага) тапшыруучу адамдар сунушталган илимий жетекчиси менен алдын ала аңгемелешүүдөн өтүшөт, ал аңгемелешүүнүн жыйынтыктыгы жөнүндө кабыл алуу комиссиясына маалымдайт.
Аспирантурага (адъюнктурага) тапшыруучу адамдар төмөнкү сабактар боюнча кирүү экзамендерин тапшырышат:
- адис же магистр үчүн колдонулуудагы программанын көлөмүндө атайын сабактан;
- аспирантка диссертациялык ишин аткарууда керек болгон, ЖОЖ же илимий уюм тарабынан аныкталган чет тили (англис, немец, француз, кытай жана башка тилдер);
- тарых жана илимдер философиясы;
- кыргыз тили.
Сабактар боюнча кирүү экзамендерин тийиштүү комиссиялар кабыл алышат, алардын курамына экзамен алынып жаткан адистиктер боюнча профессор менен илим доктору кирет.
Чет тили же чыгармачыл адистиктери боюнча комиссиялар окумуштуулук даражасы жана илимий наамы жок квалификациялуу окутуучулардан турушу мүмкүн.
Кирүү экзамендерин кайрадан тапшырууга жол берилбейт.
Кандидаттык экзамендерди тапшырган адамдар аспирантурага (адъюнктурага) кирүүдө тиешелүү кирүү сынагынан бошотулат.
34. Кабыл алуу комиссиясы кирүү сыноолорунун жыйынтыктары боюнча ар бир тапшыруучуга карата өзүнчө чечим кабыл алат.
Аспирантурага (адъюнктурага) кабыл алуу же баш тартуу жөнүндө чечим тапшыруучу адамга 5 күндүк мөөнөттө, бирок окуу башталганга чейин 2 жумадан кем эмес убакытта маалымдалат.
Аспирантурага (адъюнктурага) кабыл алуу ЖОЖдун же илимий уюмдун жетекчисинин буйругу менен таризделет.
Аспирантуранын (адъюнктуранын) күндүзгү бөлүмүнүн окуу мөөнөтү 3 жыл, сырттан окуу бөлүмүндө - 4 жыл.
Аспирантурада (адъюнктурада) күндүзгү жана сырткы окуу убактысы илимий жана илимий-педагогикалык стажга эсептелет.
35. Аспирант аспирантурада (адъюнктурада) окуп жаткан мезгилинде төмөнкүлөргө милдеттүү:
- жеке окуу планын толук көлөмдө аткарууга;
- бардык кандидаттык экзамендерди (чет тили, тарых жана илимдер философиясы, диссертациянын темасына ылайык атайын сабак, мамлекеттик тил) тапшырууга;
- диссертациялык ишин аяктоого жана аны аткарган жеринде талкуулоодон өткөрүүгө.
36. Аспиранттардын диссертациялык иштеринин темалары, илимий жетекчилери жана жеке окуу пландары ЖОЖдун же илимий уюмдун окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңеши тарабынан бир мезгилде бекитилип, окуу башталгандан кийин 3 айдын ичинде жетекчинин буйругу менен таризделет.
Диссертациянын темасын тандоодо артыкчылык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасында илимди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын тизмегине туура келген изилдөөчүлөргө берилет.
Кандидаттык диссертациялык изилдөөлөрдүн темалары ЖАКтагы диссертациялык иштердин темаларынын реестрине киргизүү үчүн ЖОЖдордун жана илимий уюмдардын аспирантура (адъюнктура) жана докторантура бөлүмдөрү тарабынан жыл сайын ЖАКка электрондук форматта жиберилип турат.
37. Аспиранттардын илимий жетекчилери катары тиешелүү же жакын адистиктер боюнча илимдин доктору бекитилет.
ЖОЖдун же илимий уюмдун окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 578 токтому менен бекитилген Окумуштуулук даражаларды берүү тартиби жөнүндө жобого ылайык тиешелүү адистиктеги илим кандидаты аспиранттарга илимий жетекчиликке тартылышы мүмкүн.
Бир илимий жетекчиге бир учурда бекитилген аспиранттардын (изденүүчүлөрдүн) жалпы саны 5 адамдан ашпоосу керек.
Эки адистиктин тогошуусунда илимий-изилдөө жүргүзгөн аспирантка эки илимий жетекчинин жетекчилиги менен иш аткарууга уруксат берилет.
Илимий жетекчи аспиранттын бекитилген жеке окуу планынын аткарылышын контролдойт.
38. Аспирант жыл сайын кафедрага (бөлүм, сектор, лаборатория) отчет берет. Аспиранттын бардык отчеттору аспирантурада окуган мезгилинде сакталат жана диссертациялык иши менен бирге берилет. Белгиленген мөөнөттө жеке окуу планын аткарбаган аспирант ЖОЖдун же илимий мекеменин жетекчисинин буйругу менен аспирантурадан чыгарылат.
39. Аспиранттар тандалган тема боюнча илимий изилдөөлөрүн жүргүзүү үчүн ЖОЖдун жана илимий мекеменин илимий-педагогикалык жана илимий кызматкерлери менен бирдей укукта жабдууларды, илимий лабораторияларды, кабинеттерди, китепканаларды пайдалана алат, ошондой эле чет өлкөлүк окуу жана илимий борборлорго командировкага чыгууга жана экспедицияларга катышууга укуктуу ж.б.
40. Аспиранттарды бир ЖОЖдон же илимий уюмдан башка жакка которуу, ошондой эле күндүзгү бөлүмдөн сырттан окуу бөлүмүнө жана тескерисинче которуу, окуу мөөнөтү аяктай электе аспирантурадан (адъюнктурадан) чыгарылган аспирантты калыбына келтирүү окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңешинин чечими менен ишке ашырылат. Аспирантты даярдоонун тиешелүү адистигиндеги илимий уюмга же ЖОЖго аспирантты которуу жана калыбына келтирүү анын жеке арызы боюнча жүргүзүлөт.
Аспиранттарды даярдоо программасына кандидаттык минимум тапшырылуучу сабактардан сырткары "Педагогикалык чеберчиликтин мектеби" жана "Илимий изилдөөнүн методологиясы жана методдору" сабактары киргизилет.
Аспирантуранын бүтүрүүчүлөрүнө бирдиктүү үлгүдөгү тиешелүү сертификат берилет, анын кошумча барагында илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген талаптарга ылайык окулган сабактардын тизмеги, сааттык көлөмү жана алган баалары көрсөтүлөт.
41. Күндүзгү бөлүмдө окуган аспиранттар жеке даярдоо планын өз убагында аткарган учурда акы төлөнүүчү илимий, педагогикалык иштерди аткарууга укуктуу.
42. Аспирантура (адъюнктура) жана докторантура бөлүмдөрү жана илимий жетекчилер квартал сайын ЖОЖдун же илимий уюмдун окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңешине отчет берип турат.
43. Аспирантурадагы (адъюнктурадагы) ЖОЖдун же илимий уюмдун адистиктер боюнча республикалык бюджеттен каржылануучу орундардын саны илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
Аспирантуранын (адъюнктуранын) күндүзгү бөлүмүндө бюджеттик негизде окуган аспиранттарга мамлекеттик стипендия төлөнөт, ал аспирантурага (адъюнктурага) кирген күндөн тартып эсептелет.
Аспиранттарга ошондой эле мамлекеттик жана ЖОЖдун же илимий уюмдун энчилүү стипендиялары да белгиленген тартипте дайындалат.
ЖОЖдор же илимий уюмдар бюджеттен тышкары каражаттардын эсебинен аспиранттардын стипендиясына үстөк белгилешет.
44. ЖОЖдордо жана илимий уюмдарда аспиранттарды акы төлөмө негизде даярдоо жеке жана юридикалык жактар менен түзүлгөн келишимдерге ылайык жүргүзүлөт. Аспирантурада (адъюнктурада) акы төлөмө негиздеги орундардын саны илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
45. Аспирантуранын (адъюнктуранын) күндүзгү бөлүмүн аяктаган жана ушул Жобонун 35-пунктунда баяндалган талаптарды аткарган адамдарга бир айлык өргүү берилет.
46. Илимий жетекчинин эмгегине 2 илимий жетекчи бекитилген учурду кошкондо бир аспирант үчүн жылына 50 саат эсебинде акы төлөнөт.
Аспиранттардын илимий жетекчилерине бюджеттен тышкары каражаттардын эсебинен үстөк төлөө белгиленет.
47. Аспирантуранын (адъюнктуранын) күндүзгү бөлүмүндө окуган аспиранттарга жыл сайын эки айлык каникул берилет.
48. Ишканалар, мекемелер, уюмдар менен түзүлгөн келишимдерге ылайык ЖОЖдор жана илимий уюмдар зарыл болгон учурда аспирантурага (адъюнктурага) тапшыруучу адамдарды узактыгы 12 айга чейинки алдын ала стажировкага жибериши мүмкүн.
49. Аспирантурага (адъюнктурага) тапшырган жана окуган адамдар үчүн социалдык кепилдиктер жана жеңилдиктер Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык аныкталат.
5. Диссертациясын өз алдынча жазып жүргөн, окумуштуулук даражасын изденүүчүлөр жөнүндө
50. Доктордук диссертациянын өз алдынча жазып жүргөн окумуштуулук даражасын изденүүчү (мындан ары - изденүүчү) илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы бар адам болушу мүмкүн. Философия доктору (PhD) академиялык даражасына ээ адамдар ЖАКта диссертациясын экспертизалоо жана философия доктору (PhD) дипломун нострификациялоо жол-жобосун өткөрүп, илимдин тиешелүү тармагы боюнча илимдин кандидаты дипломун алуусу зарыл.
Кандидаттык диссертациясын өз алдынча жазып жүргөн окумуштуулук даражасын изденүүчү адистин же магистрдин диплому менен ырасталган жогорку кесиптик билими бар адамдар болушу мүмкүн.
Илимий уюмдарда жана ЖОЖдордо изденүүчүлүк институтун ачуу, анын ишин токтотуу илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
51. Илимдин доктору окумуштуулук даражасын изденип алууга диссертация даярдоо үчүн изденүүчүлөр илимий-изилдөө, эксперименттик базалары жана жогорку квалификациялуу илимий кадрлары бар ЖОЖдорго жана илимий уюмдарга беш жылдан кем эмес мөөнөткө бекитилет.
52. Илимдин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алууга диссертация даярдоо үчүн изденүүчү катары ЖОЖдордун жана илимий уюмдардын үч жылдан кем эмес үзгүлтүксүз стажы бар штаттык кызматкерлери, тиешелүү адистеги аспирантурасы, илимий-изилдөө, эксперименттик базалары жана жогорку квалификациялуу илимий кадрлары бар илимий уюмдарга бекитилет.
Илимдин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алууга диссертацияны даярдоо үчүн изденүүчүлүк институтунда окуу мөөнөтү 3 жылды түзөт. Изденүүчүлүк институтунда окуу мөөнөтү илимий жана илимий-педагогикалык стажга эсептелет.
Изденүүчүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 578 токтому менен бекитилген Окумуштуулук даражаларды ыйгаруу тартиби жөнүндө жобого ылайык кандидаттык экзамендерди тапшырышат.
53. Изденүүчү катарында бекитүү үчүн ЖОЖдун же илимий уюмдун жетекчисинин атына арыз жазылат жана ага төмөнкү документтер тиркелет:
- илимдин кандидаты дипломунун көчүрмөсү;
- кандидаттык окумуштуулук даражасын изденип алуучулар үчүн жогорку кесиптик билими тууралуу дипломунун көчүрмөсү (магистратура, адистик);
- кандидаттык экзамендерди тапшыргандыгы тууралуу күбөлүк (эгерде болсо).
54. Изденүүчү институтуна кабыл алуу конкурстук негизде жүргүзүлөт.
Илимий уюмдун же ЖОЖдун окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңеши илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен илимий кызматкерлердин адистиктеринин номенклатурасына ылайык илимий адистиктер боюнча окумуштуулук даражаны изденип алууга конкурстук негизде кабыл алууну жарыялайт. Документтерди кабыл алуу мөөнөтү аяктагандан кийин, конкурстук тандоого баардык катышуучулардын документтери изденүүчүлүк институтуна талапкерлерди тандоо боюнча комиссиянын кароосуна берилет. Илимий уюм же ЖОЖ ректордун (директордун) буйругу менен конкурстук комиссия (мындан ары - комиссия) түзөт, анын курамына мекеменин илимий иштер боюнча проректору жана жетектөөчү окумуштуулары кирет.
Документтерди кабыл алуунун белгиленген мөөнөтү бүткөндөн кийин, комиссия 2 жуманын ичинде берилген документтерди карайт.
Конкурстук тандоону ишке ашыруу үчүн негизги критерийлер болуп төмөнкүлөр саналат:
- диссертациялык изилдөө жүргүзүлүүчү илимий адистиктин ЖОЖдун же илимий уюмдун профилинин илимий адистигине туура келиши;
- диссертациянын тематикасынын мамлекеттик заказдын милдеттерине, илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди аткаруу боюнча түзүлгөн келишимдерге, ошондой эле аталган иштерди аткарууга гранттарды берүү жөнүндө келишимдерге (макулдашууларга) туура келиши;
- диссертациялык изилдөө планынын иштелип чыгуу даражасы;
- ЖОЖдордо жана илимий уюмдарда диссертациянын берилген планына ылайык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык ресурстарынын болушу;
- талапкердин илимий жетишкендиктеринин болушу (илимий жана жарыялап чыгаруу активдүүлүгү).
Берилген документтердин жогорудагы аталган критерийлерге шайкештигин кароонун жыйынтыгы боюнча комиссия ар бир талапкер боюнча өзүнчө корутунду чыгарат. Кабыл алуу же баш тартуу жөнүндө чечим талапкерге беш күндүк мөөнөттө, бирок окуу башталганга чейин эки жумадан кем эмес убакытта билдирилет. Комиссиянын чечими протокол менен таризделет. Протоколдун негизинде кабыл алуу жөнүндө чечим чыгарылган учурда комиссия кабыл алуу жөнүндө буйрук чыгарат.
Изденүүчүнү бекитүү чечими диссертациянын планын, темасын жана илимий жетекчисин бекитүү менен бирге илимий уюмдун же ЖОЖдун окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңеши тарабынан комиссиянын протоколунун негизинде чыгарылат.
ЖОЖдун же илимий уюмдун жетекчиси окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңешинин чечиминин негизинде изденүүчүнү бекитүү жөнүндө мөөнөтүн белгилөө менен буйрук чыгарат.
Изденүүчүлөр эки айлык мөөнөттө кафедранын (бөлүм, сектор, лабораториянын) кароосуна илимий жетекчиси (консультант) менен макулдашылган жеке иш планын берет.
Изденүүчүлөрдүн илимий жетекчиси (консультанты) болуп илимдин доктору окумуштуулук даражасы бар адамдар дайындалат. ЖОЖдун же илимий уюмдун окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 578 токтому менен бекитилген Окумуштуулук даражаларды ыйгаруу тартиби жөнүндө жобого ылайык изденүүчүлөргө илимий жетекчиликке тиешелүү адистеги илимдин кандидаты тартылышы мүмкүн.
Докторлук диссертация изденүүчү тарабынан илимий жетекчиси (консультанты) жок даярдалышы мүмкүн.
Изденүүчүлөр жыл сайын окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңешине отчет беришет. Жеке иш планын белгиленген мөөнөттө аткара албаган изденүүчүлөр окуудан чыгарылат.
55. Изденүүчүлөр бекитилген жеринде зарыл болгон жабдууларды, кабинеттерди, китепканаларды ж.б. пайдаланышат. Изденүүчүлөр иштеген ЖОЖдун же илимий уюмдун жетекчилери диссертация жазуу үчүн керектүү шарттарды түзүүгө жардамдашат.
56. ЖОЖдун же илимий уюмдун жетекчилерине изденүүчүлөрдүн илимий жетекчисинин (консультантынын) эмгек акыларын ар бир изденүүчү үчүн бекитилген мөөнөттүн ичинде 25 сааттан ашпаган өлчөмдө төлөөгө уруксат берилет.
57. Илимий жетекчилердин (консультанттын) эмгегине акы төлөө боюнча чыгымдар республикалык бюджеттин жана/же ЖОЖдун же илимий уюмдун бюджеттен тышкары каражаттарынын эсебинен төлөнөт.