Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 242 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 22-августу № 578
Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июлундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
Жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатында мамлекеттик саясатты өркүндөтүү, Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Окумуштуулук даражаларды берүү тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Диссертациялык кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
- Окумуштуулук наамдарды берүү тартиби жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык;
- Эксперттик кеңеш жөнүндө жобо 4-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы жөнүндө жобонун 6-пунктунун он үчүнчү абзацындагы "илимдин кандидатынын дипломдорунун," деген сөздөрдөн кийин "философиянын доктору дипломунун (РhD)" деген сөздөр менен толукталсын".
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы:
- ушул токтомдон келип чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 27-майындагы № 231 "Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо маселелери" жөнүндө токтому;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2007-жылдын 8-июнундагы № 273 буйругу.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
|
|