Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 242 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 578 токтому менен бекитилген |
Окумуштуулук даражаларды берүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июлундагы № 425, 2015-жылдын 30-июлундагы № 542, 2017-жылдын 28-февралындагы № 125 , 2020-жылдын 9-мартындагы № 137 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо илимий жана илимий-педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын баалоодогу укуктук негиздерди жана окумуштуулук даражаны изденүүгө коюлган диссертациялар жооп бере турган критерийлерди аныктайт, илимдин доктору жана кандидаты окумуштуулук даражаларын берүүнүн тартибин белгилейт.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы (мындан ары - Комиссия) эксперттик жана диссертациялык кеңештер аркылуу илимий жана илимий-педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын баалоону ишке ашырат, окумуштуулук даражаны изденүү үчүн коюлган диссертациялардын ушул Жобо менен белгиленген критерийлерге туура келерлигин аныктайт жана жогорку квалификациядагы илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды мамлекеттик аттестациялоо жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзөт.
3. Диссертациялык кеңештер жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо системасынын негизги звеносу болуп эсептелет жана алар билимдин тиешелүү тармактарындагы өзүнүн жетишкендиктери менен таанымал болгон жогорку окуу жайларында жана башка мамлекеттик илимий мекемелерде ошол мекеменин өтүнүч каттарынын негизинде, белгиленген тартипте Комиссиянын президиумунун чечими боюнча түзүлөт.
4. Докторантура жана аспирантуранын, аккредитациянын, илимий мектептеринин жана илимий-изилдөө базаларынын болушу - жогорку окуу жайларынын жана башка мамлекеттик илимий мекемелердин тигил же бул илим тармагында кеңири таанымал болуу критерийин аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июлундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Илимдин доктору окумуштуулук даражасы - илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы бар изденүүчүлөргө, эл алдында диссертациясын коргоонун жыйынтыктары боюнча кабыл алынган диссертациялык кеңештин өтүнүч катынын жана Комиссиянын эксперттик кеңешинин корутундусунун негизинде Комиссиянын президиуму тарабынан берилет.
6. Илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы - толук жогорку билими же магистр академиялык даражасы бар изденүүчүлөргө, эл алдында диссертациясын коргоонун жыйынтыктары боюнча кабыл алынган диссертациялык кеңештин өтүнүч катынын жана Комиссиянын эксперттик кеңешинин корутундусунун негизинде Комиссиянын президиуму тарабынан берилет.
7. Өз ишинде мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды пайдаланган адамдарга окумуштуулук даражаларды берүү тартиби Комиссиянын илимдин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн мамлекеттик сырды түзгөн диссертацияны коргоо боюнча диссертациялык кеңештин иши жөнүндө жобосу жана Комиссиянын токтому менен бекитилген окумуштуулук даражаларды берүү тартиби менен аныкталат.
2. Окумуштуулук даражаны изденүүгө коюлган диссертацияларга талаптар жана баалоо критерийлери
8. Диссертация жеке илимий-квалификациялык иш болуп эсептелет жана ал изденүүчүнүн жеке өзү тарабынан жазылышы керек, анда эл алдында коргоо үчүн автор тарабынан сунуш кылынган жаңы илимий жыйынтыктардын жана жоболордун жыйындысы камтылып, ички биримдикке ээ болуп жана талапкердин илимге кошкон жеке салымы күбөлөндүрүлүшү керек. Изденүүчүнүн жыйынтыктарды алуудагы конкреттүү жеке салымын аныктоодо диссертацияда жана авторефератта изденүүчүгө таандык идея, гипотеза жана алардын эксперименттик ырастоосу, иштелип чыккан методикасы жана аппараты, алынган натыйжаларынын теориялык жактан иштелип чыгышы, илимий жоболорунун формулировкасы ж.б.у.с. сөзсүз көрсөтүлүшү керек.
9. Илимдин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертация - бул мазмуну төмөндөгү квалификациялык белгилердин бирине туура келген жеке илимий-квалификациялык иш:
- жаңы илимий багытты иштеп чыгуу же жыйындысы тиешелүү илимдин тармагындагы ири жетишкендик катары эсептеле турган актуалдуу илимий багыттын бирин жана негизинен жаңы натыйжалардын мазмунун концептуалдуу өнүктүрүү;
- тиешелүү илим тармагындагы илим чөйрөсүнө жана тематикасына жараша өнүгүүгө жана илимий-техникалык прогрессти тездетүүгө зор салым кошо турган илимий жактан жаңы негизделген техникалык, социалдык-экономикалык жана технологиялык методдорду иштеп чыгуу жолу менен илимий ири проблемаларды чечүү.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 125 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Илимдин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертация атайын даярдалып, кол жазма түрүндө сунуш кылынган жеке илимий-квалификациялык иш болушу керек жана анын мазмуну төмөндөгү квалификациялык белгилердин бирине туура келиши керек:
- билимдин тийиштүү тармагы үчүн олуттуу мааниси бар маселелердин чечилиши;
- илимдин чөйрөсүнө жана тематикага жараша өлкөнүн экономикасы үчүн зор мааниге ээ болгон илимий жактан негизделген техникалык, социалдык-экономикалык же технологиялык иштеп чыгуулар берилиши керек.
11. Доктордук жана кандидаттык диссертациялар коргоого бир же эки адистик боюнча коюлушу мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 125 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Медициналык илимдер боюнча илимдин доктору жана кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн диссертацияны коргоого адистин же магистрдин диплому менен ырасталган жогорку медициналык билими бар, ветеринардык илимдер боюнча - адистин же магистрдин диплому менен ырасталган жогорку ветеринардык билими бар, ал эми юридикалык илимдер боюнча - адистин же магистрдин диплому менен ырасталган жогорку юридикалык билими бар адамдарга жол берилет.
Кандидаттык диссертацияны коргоого аспирантураны окуп бүтүргөн адамдарга, ошондой эле тиешелүү жогорку билимге ээ, кандидаттык экзамендерди берүү жана аларды андан ары ачык коргоого сунуштоо менен диссертацияны даярдоо үчүн илимий-изилдөө жана эксперименттик базасы бар жогорку окуу жайларына жана/же илимий уюмдарга бекитилген изденүүчүлөргө уруксат берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-мартындагы № 137 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Диссертациянын ичинде жазылгандардын толуктугу жана жыйынтыктарынын аныктыгы үчүн изденүүчү жеке өзү, илимий жетекчи (консультант), ошондой эле диссертациялык кеңештин мүчөлөрүнөн түзүлгөн эксперттик комиссия жооп беришет.
Изденүүчү кандидаттык диссертациясын коргогондо алып чыккан илимий жыйынтыктарын, макалаларын жана жоболорун докторлук диссертациясын коргоодо алып чыгууга болбойт.
Кандидаттык диссертациясында колдонулган материалдарды докторлук диссертациясында колдонууга уруксат берилет, бирок ал жалпы материалдын 20 пайызынан ашык болбошу керек.
Илимий диссертациянын сапатын жогорулатуу максатында изденүүчүлөр үчүн кандидаттык жана докторлук диссертацияларды коргоонун ортосуна 5 жылдан кем эмес убактылуу интервал белгиленет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-мартындагы № 137 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Изденүүчү кандидаттык диссертациясын коргогондо алып чыккан илимий жыйынтыктарын, макалаларын жана жоболорун докторлук диссертациясын коргоодо алып чыгууга болбойт. Диссертациянын ичинде жазылгандардын толуктугу жана жыйынтыктарынын аныктыгы үчүн изденүүчү жеке өзү, диссертациялык кеңештин төрагасы жана окумуштуу катчысы, ошондой эле, диссертациялык кеңештин мүчөлөрүнөн түзүлгөн эксперттик комиссия жооп беришет.
Илимий диссертациянын сапатын жогорулатуу максатында изденүүчүлөр үчүн кандидаттык жана докторлук диссертацияларды коргоонун ортосуна 5 жылдан кем эмес убактылуу интервал белгиленет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июлундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Диссертациянын автору тарабынан сунуш кылынган жаңы чечимдер автор тарабынан өтө так аргументтелиши жана расмий оппоненттер, диссертациялык кенештин, ошондой эле, эксперттик кеңештин мүчөлөрү тарабынан башка белгилүү чечимдерге салыштырмалуу сын көз менен бааланышы керек.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 125 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Прикладдык (практикалык) мааниси бар диссертацияда сандык жана сапаттык жаңы көрсөткүчтөрдү ишке киргизүү жөнүндө документтер менен тастыкталган автор тарабынан алынган жыйынтыктарды колдонуу, сунуш кылынган технологиялардын, продукциянын, материалдардын үлгүлөрүнүн артыкчылыгы жөнүндөгү маалыматтар келтирилиши керек. Ал эми теориялык мааниси бар диссертацияда илимий жыйынтыктар жана натыйжаларды пайдалануу жөнүндө сунуштар келтирилиши керек.
Өндүрүшкө киргизүү актыларынын түп нускалары иш жүзүнө ашырылган мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилиши жана персоналдарды башкаруунун тиешелүү бөлүмү тарабынан тастыкталышы керек.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 125 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Докторлук диссертациянын негизги илимий жыйынтыктары Комиссиянын президиуму тарабынан бекитилүүчү Илимий басылмалардын тизмегине кирген илимий мезгилдүү басылмаларда жарыяланышы керек. Баллдын тийиштүү өлчөмү Комиссиянын президиумунун чечими менен белгиленет. Изденүүчүнүн Scopus же Web of Science системалары аркылуу индекстелүүчү илимий мезгилдүү басылмаларда 2ден кем эмес макаласынын болушу милдеттүү болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-мартындагы № 137 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Гезиттик макалалар, депонирленген кол жазмалар, докладдын тезистери жарыяланган эмгектердин тизмесине кирбейт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 542 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы бар, республиканын эл чарбасынын өнүгүшүнө илимий-практикалык салым кошкон жана илимдин тийиштүү тармагында ири жетишкендиктерге ээ болгон окумуштууларга жана өндүрүштүн көрүнүктүү адистерине эрежеден сырткары, илимий доклад түрүндөгү докторлук диссертацияны коргоо укугу берилет.
19. Илимий доклад түрүндөгү доктордук диссертацияны коргоо үчүн жеке өзүнүн монографиясы жана Scopus же Web of Science системалары аркылуу индекстелүүчү илимий мезгилдүү басылмаларда 12ден кем эмес макаласы болушу керек.
Илимий доклад түрүндө сунуш кылынган доктордук диссертацияга коюлуучу талаптар, анын коргоосун өткөрүү тартиби Диссертациялык кеңеш жөнүндө жобо менен аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 125, 2020-жылдын 9-мартындагы № 137 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
20. Кандидаттык диссертациянын негизги илимий жыйынтыктары Рецензиялануучу илимий басылмалардын тизмегине кирген илимий басылмаларда жарыяланышы керек. Баллдын тийиштүү өлчөмү Комиссиянын президиумунун чечими менен белгиленет.
Нөлдөн жогору импакт-фактору менен РИНЦ же Scopus, Web of Science системалары аркылуу индекстелүүчү илимий басылмаларда 2ден кем эмес макаланын болушу милдеттүү болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 542, 2020-жылдын 9-мартындагы № 137 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
21. Басма органынын бир санына изденүүчүнүн 2ден көп эмес макаласы жарыяланса болот.
22. Акыркы макалалар диссертацияны диссертациялык кеңешке сунуш кылаардан 3 ай мурун жарыяланышы керек.
23. Диссертациянын негизги илимий жыйынтыктарын чагылдырган иштерге: ачылыш жасагандыгы үчүн берилген дипломдор; ойлоп табууларга берилген патенттер; пайдалуу моделге берилген күбөлүк; өндүрүштүк үлгүгө берилген патенттер; компьютердик программалар; интегралдык микросхемалардын топологиясы, ошондой эле илимий конференцияларда, симпозиумдарда, форумдарда баяндалган жана толук көлөмдө басылып чыккан докладдар киргизилет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-мартындагы № 137 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Диссертациянын таризделиши Комиссиянын президиумунун чечими менен бекитилүүчү Диссертацияны жана авторефератты тариздөө боюнча нускамада аныкталган талаптарга ылайык келиши керек.
25. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык диссертация мамлекеттик же расмий тилдерде жазылат.
26. Диссертациянын темалары илимий мекемелердин, ЖОЖдордун негизги илимий-изилдөө иштеринин багыттары менен байланыштуу болушу жана алардын окумуштуулар кеңештери тарабынан ар бир изденүүчүгө жекече бекитилиши керек жана негизги иштеген жери боюнча жетекчилик менен макулдашылышы керек.
Докторлук диссертациялык иштердин темалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген илимди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу илимий багыттары менен байланыштуу болушу керек.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июлундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Докторлук диссертация илимий кеңешчинин жетекчилиги менен аткарылат. Докторлук диссертацияга илимий кеңешчи катары илимдин доктору тартылат.
Докторлук диссертация эки адистик боюнча аткарылган учурда экинчи илимий кеңешчини - илимдин докторун дайындоого уруксат берилет.
Докторлук диссертациянын темасы жана илимий кеңешчи изденүүчүгө илимдин кандидаты окумуштуулук даражасын ыйгаруу кийин, диссертация даярдалган илимий мекеменин же жогорку окуу жайларынын окумуштуулар кеңешинин чечими менен диссертация диссертациялык кеңешке тапшырганга чейин 5 жылдан кем эмес убакытта бекитилет.
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-мартындагы № 137 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Докторлук диссертация изденүүчү тарабынан жеке, илимий кеңешчисиз аткарылса да болот.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июлундагы № 425, 2015-жылдын 30-июлундагы № 542, 2017-жылдын 28-февралындагы № 125, 2020-жылдын 9-мартындагы № 137 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
28. Кандидаттык диссертациянын илимий жетекчилигине адистиги боюнча авторефератка, же чектеш адистик боюнча шайкеш келген илимдин доктору дайындалат. Эки илимий жетекчинин дайындалышына эгер, кандидаттык диссертация эки илимдин же эки адистиктин кошулушунда аткарылган учурда гана уруксат берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июлундагы № 425, 2017-жылдын 28-февралындагы № 125 токтомдорунун редакциясына ылайык)
29. Комиссиянын уруксаты менен (Комиссиянын эксперттик кеңешинин чечиминин негизинде) илимий жетекчиликке илимий жана илимий-педагогикалык стажы, 5 жылдан кем эмес доцент же улук илимий кызматкер окумуштуулук наамы бар, Комиссиянын президиуму тарабынан бекитилүүчү Илимий басылмалардын тизмегине кирген мезгилдүү илимий басылмаларда, Scopus же Web of Science системалары индекстеген мезгилдүү илимий басылмаларда жарыяланган макалалары болгон илимдин кандидаты тартылышы мүмкүн.
Илимий жетекчилик кылуу үчүн жарыялаган эмгектердин, баллдын тийиштүү өлчөмү жана мезгилдүү илимий басылмалардын талап кылынуучу импакт-факторунун деңгээли Комиссиянын президиумунун чечими менен белгиленет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-мартындагы № 137 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Кандидаттык диссертация боюнча тема жана илимий жетекчи диссертация даярдалган илимий мекеменин же жогорку окуу жайларынын окумуштуулар кеңешинин чечими менен диссертация диссертациялык кеңешке тапшырылганга чейин 3 жылдан кем эмес мөөнөттө бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 542, 2020-жылдын 9-мартындагы № 137 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
31. Эгер бир жетекчинин же кеңешчинин жетекчилиги менен аткарылган эки диссертацияга диссертациялык кеңеш же Комиссиянын президиуму тарабынан терс чечим чыгарылса, илимий жетекчи же кеңешчи аспиранттардын жана окумуштуулук даражаны изденүүчүлөрдүн диссертациялык иштерине жетекчилик кылуудан Комиссиянын чечими боюнча үч жылдык мөөнөткө четтетилет.
32. Изденүүчү диссертациясын жазууда материалдарды же айрым жыйынтыктарды алып жаткан авторго жана анын эмгегине шилтеме берүүгө милдеттүү.
33. Изденүүчү диссертациясында авторлошторунун идеяларын же иштеп чыгууларын пайдаланган учурда, ошол эмгектерге жана иштеп чыгууларга кошкон конкреттүү жеке салымын сөзсүз көрсөтүү менен диссертациясында жана авторефератында алардын салымын да көрсөтүүгө милдеттүү.
Ошону менен бирге, Комиссияга тапшырылган диссертация плагиаттын бар же жок экендигин аныктоо үчүн "Антиплагиат" компьютердик программасы боюнча текшерилет. Диссертацияда авторуна жана өздөштүрүлгөн булакка шилтеме жасабастан башка бирөөнүн ишин колдонуу, окумуштуулук даражаны изденүүчү менен авторлоштукта аткарылган илимий иштин натыйжаларын авторлошторуна шилтеме жасабастан жана жеке өз иши катары берүү плагиат деп таанылат. Мындай диссертация кайрадан коргоо укугу берилбестен четке кагылат. Четке кагылган диссертация жөнүндө маалымат Комиссиянын жана диссертациялык кеңеш түзүлгөн мекеменин сайттарына жайгаштырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июлундагы № 425 2017-жылдын 28-февралындагы № 125 токтомдорунун редакциясына ылайык)
34. Автордоштукта алынган илимий жыйынтыктар авторлоштордун бирөөнүн гана диссертациясына толугу менен киргизилет. Илимий жыйынтыктарды толук же жарым-жартылай пайдалануу үчүн негизги авторлошторунан жазуу жүзүндө макулдугун алышы керек. Ал диссертациялык кеңешке жана Комиссияга жиберилчү аттестациялык документтерге тиркелет.
3. Кандидаттык экзамендер
35. Кандидаттык экзамендер изденүүчүлөрдүн кандидаттык диссертацияларын даярдоодогу аттестациялоонун бир бөлүгү болуп эсептелет. Экзамендердин максаты - изденүүчүнүн кесиптик билиминин деңгээлин, өз алдынча илимий-изилдөөчүлүк ишке даярдыгынын даражасын аныктоо. Изденүүчүнүн диссертациясын коргоого жиберүү үчүн кандидаттык экзамендерди тапшыруу милдеттүү болуп эсептелет.
Изденүүчү кандидаттык экзамендерин тапшыруу үчүн жогорку окуу жайын өз алдынча тандайт.
36. Илимдин кандидатынын окумуштуулук даражасын изденүүчү төмөндөгү дисциплиналар боюнча:
- илимдин тарыхы жана философиясы;
- чет тили;
- мамлекеттик тилден;
- (бешинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 542 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
"Философия" дисциплинасы боюнча кандидаттык экзамендин баасы, экзамен тапшырылган күндөн 10 жыл өтүп кетпеген болсо, "илимдин тарыхы жана философиясы" дисциплинасы боюнча алынган баа катары эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 542 токтомунун редакциясына ылайык)
37. Жогорку билими диссертация даярдалган илимдин тийиштүү тармагына туура келбеген илимдин кандидатынын окумуштуулук даражасын изденүүчүлөр кошумча кандидаттык экзаменди диссертация коргоого кабыл алынган адистикке ылайык дисциплина боюнча тапшырат.
38. Кандидаттык экзамендер мекемелердин же жогорку окуу жайлардын жетекчилеринин уруксаты боюнча бир жылда эки жолу (май-июнь, октябрь-ноябрь) сессия түрүндө кабыл алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 542 токтомунун редакциясына ылайык)
39. Диссертациялык ишти диссертациялык кеңешке койгон учурда атайын дисциплина боюнча кандидаттык экзамен сессиянын мөөнөтүнөн тышкары убакта алынып калышы мүмкүн.
40. Атайын дисциплина боюнча кандидаттык экзамендер коргоо боло турган жерде тапшырылат.
41. Чет өлкөлүк изденүүчүлөр үчүн (КМШ өлкөлөрүнүн жарандарынан башка) кандидаттык экзамендер чет тили катары кыргыз же орус тили боюнча белгиленет.
42. Эгер диссертация эки адистиктин кошулган чегинде аткарылган болсо, изденүүчү кандидаттык экзамендерди ар бир адистик боюнча өз-өзүнчө ар башка күндөрү тапшырат.
43. Атайын дисциплина боюнча кандидаттык экзамен эки бөлүктөн: типтүү программадан - тийиштүү тармактагы алдыңкы жогорку окуу жайлар жана илимий мекемелер тарабынан иштелип чыккан адистик боюнча минимум жана тийиштүү кафедра (бөлүм, сектор, лаборатория) тарабынан иштелип чыгуучу кошумча программа боюнча тапшырылат.
Кошумча программа ошол илимдин жаңы бөлүмдөрүн жана изденүүчүнүн илимий изилдөөлөрүнүн багыты менен байланышкан бөлүмдөрдү киргизиши, ошондой эле, илимдин ошол тармагындагы акыркы жетишкендиктерди жана жаңы адабияттарды эсепке алышы керек.
44. Илимдин тарыхы жана философиясы жана чет мамлекеттик тилдери боюнча кандидаттык экзамендер Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарында иштелип чыгуучу жана бекитилүүчү программалар боюнча тапшырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 125 токтомунун редакциясына ылайык)
45. Илимдин тарыхы жана философиясы боюнча кандидаттык сынакты өз алдынча философия кафедралары бар жогорку окуу жайларында жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын институттарында тапшырууга уруксат берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июлундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
46. Чет жана мамлекеттик тилдер боюнча кандидаттык сынакты тиешелүү багыты боюнча илимдин кандидаттары жана докторлору иштеген жогорку окуу жайларында жана илимий мекемелерде тапшырууга жол берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июлундагы № 425, 2015-жылдын 30-июлундагы № 542 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
47. Кыргыз жана чет тилдери боюнча адис адамдар ошол адистик боюнча аспирантурасы бар жогорку окуу жайларында жана илимий мекемелерде мамлекеттик жана чет тилдери боюнча кандидаттык экзамен беришет.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 125 токтомунун редакциясына ылайык)
48. Чет тилдери боюнча адистешпеген адамдар үчүн чет тили боюнча кандидаттык экзамендерди кабыл алуучу комиссиясынын курамына квалификациялуу адис-чет тилин окутуучулар, ошондой эле, аспиранттын адистиги боюнча кафедранын жана илимий мекеменин бөлүмдөрүнүн окумуштуулук даражалары бар жана тиешелүү чет тилинде эркин сүйлөй алган өкүлдөрү да комиссиянын курамына киргизилет.
49. Тиешелүү адистик боюнча аспирантурасы бар жогорку окуу жайлар жана илимий мекемелер башка уюмдардын аспиранттарынан жана изденүүчүлөрүнөн кандидаттык экзамендерди ала алышат. Ар бир дисциплина боюнча кандидаттык экзамендерди кабыл алуу комиссиясы жогорку окуу жайлардын же илимий мекеменин жетекчисинин буйругу менен дайындалат. Анын курамында төрага (проректор же директордун орун басары), квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кызматкерлердин ичинен эки-үч мүчөлөрү болот.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 125 токтомунун редакциясына ылайык)
50. Эгер, комиссиянын жыйынында кабыл алынып жаткан экзамендердин профили боюнча экиден кем эмес адис, анын ичинде илимдин бир доктору катышып отурса, ушул Жобонун 48-пунктунда көрсөтүлгөн учурлардан тышкары, кандидаттык экзамендерди алууга толук укуктуу.
51. Кандидаттык экзамендерди кабыл алып жаткан учурда ошол экзамен алынып жаткан уюмдун диссертацияларды коргоо боюнча тийиштүү кеңешинин мүчөлөрү, мекеменин ректору (директору), проректору (директорунун орун басары), Комиссиянын, ошол уюм баш ийген министрликтин, ведомствонун же башка мамлекеттик органдын өкүлдөрү катыша алышат.
52. Кандидаттык экзаменди тапшыргандыгы жөнүндө белгиленген формадагы күбөлүк берилет, ал эми акыркы экзаменди тапшырган жери боюнча мурунку кандидаттык экзамендерди бергендиги жөнүндөгү күбөлүгү бирдиктүү жаңы күбөлүккө алмаштырылат.
53. Жогорку окуу жайлардын ректорлоруна, илимий мекемелердин жетекчилерине жана алардын орун басарларына (проректорлорго, директордун орун басарларына) негизги иштеген жеринен кандидаттык экзамендерди тапшырууга уруксат берилбейт.
54. Кандидаттык экзамендерди өткөрүүнүн бекитилген тартиби бузулган учурда, Комиссия экзамендерди тапшыргандыгы жөнүндөгү документти кабыл албайт.
55. Кандидаттык экзамендер тапшырылган күндөн он жыл өткөнгө чейин жарактуу деп эсептелет.
4. Диссертациянын коюлушу жана корголушу
56. Изденүүчү диссертациялык ишин Комиссиянын чечими боюнча түзүлгөн диссертациялык кеңештин кайсынысына болсо да коюуга укугу бар. Бирок, диссертациянын адистиги диссертациялык кеңешке коргоо өткөрүү укугу берилген адистикке туура келиши керек.
57. Жогорку окуу жайлардын ректорлоруна жана проректорлоруна, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине, орун басарларына алар жетектеген уюмдарда жана мекемелерде түзүлгөн диссертациялык кеңештерде диссертацияларын коргоого коюуга тыюу салынат.
58. Мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери, орун басарлары, Комиссиянын аппаратынын кызматкерлери өздөрү иштеп жаткан же ошол органга баш ийген уюмдардагы диссертациялык кеңештерге диссертацияларын коргоого коюуга уруксат берилбейт.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 125, 2020-жылдын 9-мартындагы № 137 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
59. Кандидаттык кеңеште докторлук диссертацияларды коргоого уруксат берилбейт.
60. Диссертациялык кеңеш кандидаттык диссертацияны коргоо үчүн бардык зарыл документтер изденүүчү тарабынан берилген күндөн үч айдан кеч эмес, ал эми докторлук диссертацияны төрт айдан кеч эмес убакытта диссертацияны коргоого кабыл алат же болбосо талапкерге көрсөтүлгөн мөөнөттө диссертацияны коргоого алуудан баш тартуу жөнүндө жүйөлүү корутунду берет.
61. Диссертациялык кеңештин уруксаты менен кол жазма укугунда доктордук диссертация үчүн эки басма табакка чейин жана кандидаттык диссертация үчүн бир басма табак көлөмүндө мамлекеттик жана расмий тилдерде автореферат чыгарылышы керек. Гуманитардык илимдер жаатындагы доктордук жана кандидаттык диссертациялар боюнча авторефераттын көлөмү 2,5 жана 1,5 басма табакка чейин көбөйтүлүшү мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 125 токтомунун редакциясына ылайык)
62. Диссертацияны коргоого кабыл алгандан жана диссертациялык кеңештин диссертациянын авторефератын чыгарууга берген уруксатын алгандан кийин, диссертациянын коргоо датасы жөнүндө жарыя, изденүүчүнүн PDF форматындагы диссертациянын тексти жана авторефераты Комиссиянын жана диссертациялык кеңеш иштеп жаткан мекеменин сайттарына жайгаштырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 125 токтомунун редакциясына ылайык)
63. Мамлекеттик тилде жазылган диссертациялардын илимий жетишкендиктерин үгүттөө жана тышкы экспертиза жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү үчүн автореферат орус тилинде да басылышы керек.
Авторефераттын мукабасынын экинчи бетине диссертациялык кеңеш иштеп жаткан жана диссертациянын коргоосу өтө турган мекеменин сайтынын дареги сөзсүз түрдө көрсөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 542, 2017-жылдын 28-февралындагы № 125 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
(КР Өкмөтүнүн токтомунун редакциясына ылайык)
64. Авторефератта диссертациянын негизги идеялары жана жыйынтыктары жазылышы, жүргүзгөн изилдөөлөрүнө автордун кошкон салымы, жаңылыгынын даражасы жана изилдөөнүн жыйынтыктарынын практикалык баалуулугу көрсөтүлүшү керек. Диссертациянын темасы боюнча гана жарык көргөн иштеринин тизмеси келтирилет. Диссертациянын авторефераты типографиялык ыкма менен диссертациялык кеңеш тарабынан аныкталуучу сан боюнча басылат.
65. Авторефераттагы резюме (аннотация) мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде берилет. Резюменин тексти кыскача түрдө изилдөөнүн объектисин жана предметин, иштин максатын, изилдөөнүн методун, алынган жыйынтыктарды жана алардын жаңылыгын, пайдалануунун даражасын же пайдалануу боюнча сунуштарды, колдонуу тармагын чагылдырышы керек. Резюменин көлөмү бир беттен ашпашы керек жана ал авторефераттын көлөмүнө кирбейт.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 125 токтомунун редакциясына ылайык)
66. Автореферат диссертациялык кеңештин мүчөлөрүнө диссертацияны коргоого чейин бир айдан кеч калтырылбай окумуштуу катчы тарабынан жөнөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-мартындагы № 137 токтомунун редакциясына ылайык)
67. Коргоого кабыл алынган диссертациянын бир нускасы жана авторефераттын эки нускасы диссертациялык кеңеш түзүлгөн уюмдардын китепканаларына коргоого чейин бир айдан кеч эмес убакта берилип, ал жерде кол жазма укугунда сакталат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-мартындагы № 137 токтомунун редакциясына ылайык)
68. Диссертациялык кеңештер диссертациялык ишке илимдин тийиштүү тармактарындагы компетенттүү окумуштуулардын ичинен, алардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен расмий оппоненттерди дайындайт. Расмий оппоненттер башка мамлекеттердин окумуштууларынан да дайындалышы мүмкүн.
69. Докторлук диссертацияга илимдин доктору даражасы бар үч расмий оппонент дайындалат, бирок алардын бирөө гана диссертацияны коргоого кабыл алган диссертациялык кеңештин мүчөсү болушу мүмкүн.
70. Кандидаттык диссертацияга эки расмий оппонент дайындалат, алардын бирөө илимдин доктору, ал эми экинчиси илимдин доктору же кандидаты болушу керек жана расмий оппоненттердин бирөө гана диссертацияны коргоого кабыл алган диссертациялык кеңештин тиешелүү адистиктин шифры боюнча мүчөсү болушу мүмкүн.
Эки адистиктин кошулушунда аткарылган диссертациялар жакталган учурда расмий оппоненттер эки адистик боюнча дайындалат.
Диссертациялык кеңеш түзүлгөн мекеме оппоненттердин эмгек акысын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-январындагы N 30 "Бюджеттик каржылоодогу мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда окуу сабактарын өткөрүүгө тартылган кызматкерлердин эмгек акысын төлөөнүн шарттарын жана эмгек акыны саатына төлөөнүн ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык төлөп берет.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 125 токтомунун редакциясына ылайык)
71. Президиумдун, эксперттик кеңештердин мүчөлөрү жана Комиссиянын аппаратынын кызматкерлери, диссертацияны коргоого кабыл алган диссертациялык кеңештин төрагасы, төраганын орун басары жана окумуштуу катчысы, изденүүчүнүн илимий жетекчилери (консультанттары), диссертациянын темасы боюнча жарыяланган иштер боюнча изденүүчүнүн авторлоштору, изденүүчүнүн илимий жетекчисинин же илимий консультантынын жетекчилигинин алдында диссертациялык иштерди аткарышкан адистер расмий оппонент боло алышпайт.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июлундагы № 425, 2020-жылдын 9-мартындагы № 137 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
72. Диссертация аткарылган жана изденүүчү же илимий жетекчиси иштеген жогорку окуу жайлардын ректорлору жана проректорлору, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери, алардын орун басарлары, кафедранын, лабораториялардын, секторлордун, мекеменин бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлери, ошондой эле изденүүчү заказчы же аткаруучу (бирге аткаруучу) болуп, илимий изилдөө иштер жүргүзүп жаткан жерден да оппонент алууга болбойт. Расмий оппоненттер ар башка уюмдардын кызматкерлери болушу керек.
73. Расмий оппонент диссертацияны жана диссертациянын темасы боюнча жарыяланган иштерди иликтөөнүн негизинде диссертациялык кеңешке жазуу түрүндө квалификациялуу пикир берет. Анда тандалып алынган теманын актуалдуулугу, диссертацияда берилген илимий жоболордун, жыйынтыктардын жана сунуштардын негизделиш даражасы, алардын тууралыгы жана жаңылыгы, илимий жана практикалык маанилүүлүгү, ошондой эле, диссертациянын ушул Жободо белгиленген критерийлерге ылайык келе тургандыгы жөнүндө корутунду берилет.
74. Расмий оппонент өзү даярдаган пикиринин калыстыгы жана сапаты, ошондой эле, аны диссертациялык кеңеш тарабынан белгиленген берүү мөөнөтүн сактагандыгы үчүн жооп берет. Диссертациялык кеңеш расмий оппонентке Жобонун талаптарына ылайык келбеген пикирди кайра иштөө үчүн берүүгө укуктуу. Расмий оппоненттердин пикирлеринин көчүрмөлөрү диссертацияны коргоого чейин 10 календарлык күн мурун талапкердин колуна берилет.
Эки диссертация боюнча оң пикир берип, бирок алар Комиссиянын президиуму тарабынан четке кагылган учурда, Комиссиянын президиумунун чечими менен расмий оппоненттер диссертацияга оппоненттик кылуу укугунан эки жылдык мөөнөткө убактылуу ажыратылат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-мартындагы № 137 токтомунун редакциясына ылайык)
75. Диссертациялык кеңештер диссертациялар боюнча жетектөөчү (оппоненттик кылуучу) уюмдарды (илимий, илимий-изилдөө, илимий-өндүрүштүк, өндүрүштүк уюмдар, мекемелер, жогорку окуу жайлары), анын ичинде республикадан тышкары турган, тийиштүү илимдин же экономиканын, укуктун ж.б. тармагында өзүнүн ири жетишкендиктери менен белгилүү болгон, диссертациянын илимий жана практикалык баалуулугун калыс аныктай ала турган уюмдарды дайындашат. Жетектөөчү уюмдун кызматкерлери расмий оппонент боло алышпайт.
Жетектөөчү уюм катары диссертациялык кеңештердин негиздөөчү уюмдары дайындалбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июлундагы № 425, 2015-жылдын 30-июлундагы № 542 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
76. Жетектөөчү уюм катары сунуш кылынган уюмдардын тизмеси Комиссия тарабынан белгиленет жана анын расмий сайтына жайгаштырылат.
77. Жетектөөчү уюмдун пикиринде диссертациянын автору тарабынан алынган жыйынтыктардын илим жана өндүрүш үчүн маанилүүлүгү чагылдырылат. Прикладдык мүнөздөгү иштер жөнүндөгү пикирде да, диссертациянын жыйынтыктарын жана натыйжаларын пайдалануу боюнча конкреттүү сунуштар камтылышы керек.
Диссертациялык кеңеш белгиленген талаптарга жооп бербеген пикирин жетектөөчү уюмга кайтарып берүүгө укуктуу.
78. Жетектөөчү уюмдун пикири адистердин кеңири катышуусунда талкууланып, анын жетекчиси же жетекчисинин орун басары тарабынан бекитилет. Жетектөөчү уюмдун пикиринин көчүрмөсү изденүүчүгө диссертацияны коргоого 10 календардык күн калганга чейин берилет.
79. Жетектөөчү уюмдун же расмий оппонеттердин бир терс пикири болгон учурда изденүүчүнүн каалоосу боюнча диссертациялык кеңеш диссертациянын коргоосун дайындашы мүмкүн.
80. Жетектөөчү уюмдун же расмий оппонеттердин эки пикири тең терс болгон учурда диссертациялык кеңеш диссертациянын коргоосун дайындай албайт.
81. Диссертацияны кароодон алып салуу жөнүндө чечим кабыл алган Диссертациялык кеңеш бир айдын ичинде Комиссияга кабарлоого милдеттүү.
82. Диссертациялык кеңештин жыйынына эгер, анын ишине курамга киргендердин үчтөн экиси катышып отурса укуктуу деп эсептелет. Окумуштуу катчы, ошондой эле диссертациялык кеңештин башка мүчөлөрү илимдин кандидаттары болушса, алар илимдин доктору окумуштуулук даражасын берүү, ажыратуу жана калыбына келтирүү маселелер боюнча добуш берүүгө катышпайт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-мартындагы № 137 токтомунун редакциясына ылайык)
83. Докторлук диссертацияны коргоодо жыйынга каралуучу диссертациянын шифры боюнча илимдин жок дегенде үч доктору, ал эми кандидаттык диссертацияны коргоодо экиден кем эмес илимдин доктору коргоого коюлган диссертацияларды квалификациялуу талкуулоо үчүн сөзсүз катышуусу керек.
84. Илимдин докторунун же кандидатынын окумуштуулук даражасын берүү маселеси боюнча диссертациялык кеңештин чечими эгер, жыйынга катышкан жана добуш берүүгө укуктуу кеңештин мүчөлөрүнүн үчтөн экиси ал үчүн добуш берген болсо оң чечилди деп эсептелет.
85. Диссертациянын эл алдында корголушу илимий дискуссия мүнөзүндө жана жогорку талап коюучулуктун, принциптүүлүктүн жана илимий этиканы сактоонун шартында өтүшү керек, ошол эле учурда диссертацияда берилген бардык жыйынтыктардын, илимий жана практикалык мүнөздөгү сунуштардын чындыгы жана негиздүүлүгү кенен-кесири талдоого алынышы керек.
86. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык диссертациянын корголушу мамлекеттик же расмий тилде өткөрүлүшү мүмкүн.
87. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-мартындагы № 137 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
88. Диссертацияга терс пикир берген расмий оппонент келбей калган учурда диссертациянын коргоосу өткөрүлбөйт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-мартындагы № 137 токтомунун редакциясына ылайык)
89. Диссертациянын коргоосу бүткөндөн кийин диссертациялык кеңеш окумуштуулук даража берүү жөнүндөгү маселе боюнча жашыруун добуш берүүнү өткөрөт. Калган жол-жоболор Диссертациялык кеңеш жөнүндө жобого ылайык өткөрүлөт.
90. Корутундуда изденүүчүнүн жеке өзү тарабынан алынган эң орчундуу илимий жыйынтыктары, алардын тууралыгына жана жаңылыгына берилген баа, алардын теория жана практика үчүн мааниси, диссертациялык изилдөөнүн жыйынтыктарын пайдалануу жөнүндө сунуштар чагылдырылат жана аткарылган иштин квалификациялык белгилери көрсөтүлөт.
Мында диссертациянын квалификациялык белгилери ушул Жобонун 9, 10-пункттарында келтирилген формулировкаларга так ылайык келтирилиши керек.
Диссертациянын классификациялык белгилери Диссертациялык кеңеш жөнүндө жобого ылайык келтирилет.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 125 токтомунун редакциясына ылайык)
91. Коргоонун жыйынтыктары боюнча чечим оң чыккан учурда, диссертациялык кеңеш коргоо өткөндөн кийин бир айдын ичинде Комиссияга изденүүчүнүн аттестациялык делосун, диссертациясынын жана авторефератынын (электрондук версиясы менен) нускаларын жиберет. Окумуштуулук даражаны ыйгаруу боюнча аттестациялык делонун экинчи нускасы жана изденүүчүнүн диссертациясы диссертациялык кеңеш түзүлгөн мекемеде 5 жыл сакталат.
Диссертациялык кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтү бүткөндө изденүүчүлөрдүн аттестациялык иштерин сактоо боюнча жоопкерчилик изденүүчүнүн диссертациясынын коргоосу өткөн диссертациялык кеңешти уюштуруучу мекеменин жетекчисине жүктөлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 125 токтомунун редакциясына ылайык)
92. Изденүүчүнүн аттестациялык делосун тариздөө Комиссия белгилеген тартипте жүргүзүлөт.
93. Диссертациянын коргоосунун жыйынтыгы боюнча терс чечим чыгарылган учурда изденүүчүгө диссертациялык кеңеш тарабынан документтерин кайра берүүнүн тартиби жана Комиссияга жиберилүүчү документтердин тизмеси Диссертациялык кеңеш жөнүндөгү жобо менен аныкталат.
94. Коргоонун жыйынтыгы боюнча диссертациялык кеңеш тарабынан терс чечим чыгарылган диссертация 2 жылдан кийин гана кайрадан иштелип чыккан түрдө кайра коргоого коюлушу мүмкүн. Кайрадан коргоого Комиссиянын уруксаты талап кылынбайт. Кайрадан коргоодо расмий оппоненттердин курамы толугу менен алмаштырылат да, жаңы жетектөөчү уюм дайындалат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июлундагы № 425, 2017-жылдын 28-февралындагы № 125 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Диссертациялардын Комиссияда каралышы
95. Диссертациялык кеңештердин ишине жана диссертациялардын ушул Жобо менен аныкталган критерийлерге туура келишин контролдоо, ошондой эле, Комиссиянын президиумуна сунуштарды даярдоо Комиссиянын эксперттик кеңештери жана аттестациялык бөлүмдөрү тарабынан ишке ашырылат. Эксперттик кеңештердин иш тартиби Эксперттик кеңеш жөнүндөгү жобо менен аныкталат.
96. Диссертациялык кеңеш диссертация боюнча өзүнүн чечиминин сапаты жана калыстыгы үчүн жооп берет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-мартындагы № 137 токтомунун редакциясына ылайык)
97. Диссертациянын экспертизасы диссертациялык кеңеш тарабынан сапатсыз жүргүзүлгөндүгү эксперттик кеңеш тарабынан аныкталса, Комиссия ошол эксперттик кеңештин сунушу боюнча диссертацияны аттестациялык делосу менен бирге ушул Жобо менен аныкталган критерийлерге анын туура келиши жөнүндө кошумча корутунду (жамааттык рецензия) алыш үчүн диссертациянын профили боюнча башка диссертациялык кеңешке же иштин ошол чөйрөсүндө компетенттүү көз карандысыз уюмга, ИИИлерге же лабораторияларга жибере алат.
98. Кошумча корутундуга (жамааттык рецензияга) жиберилген диссертацияны кароо учурунда диссертациялык кеңештин жыйынын өткөрүү жол-жобосу Диссертациялык кеңеш жөнүндөгү жобо менен аныкталат.
99. Зарыл учурда эксперттик кеңеш өзүнүн жыйынына изденүүчүлөрдү, диссертациянын коргоосу өткөрүлгөн же диссертациялык кеңештин кошумча корутундусу даярдалган диссертациялык кеңештин жетекчилерин, расмий оппоненттерин, илимий жетекчилерин жана илимий кеңешчилерин, жетектөөчү уюмдардын өкүлдөрүн, ошондой эле кошумча корутунду (жамааттык рецензия) даярдалган башка диссертациялык кеңештин өкүлдөрүн же адистерин чакырат. Эгер изденүүчү себепсиз келбей калса, эксперттик кеңеш диссертацияны анын катышуусуз эле карай берет.
100. Комиссиянын эксперттик кеңешинин жана диссертациялык кеңештин пикирлеринин ортосунда ажырым чыгып калса, чечимди Комиссиянын президиуму кабыл алат.
101. Изденүүчү эксперттик кеңештин терс корутундусу менен таанышууга акысы бар, анын көчүрмөсү изденүүчүгө анын өтүнүчү боюнча жазуу жүзүндө Комиссиянын президиумунун чечими чыккандан кийин бир айдын ичинде берилет.
102. Илимдин доктору окумуштуулук даражасын берүү боюнча диссертацияларды жана аттестациялык делолорду Комиссияда кароонун мөөнөтү 4 айдан ашык эмес, ал эми илимдин кандидаты окумуштуулук даражасын берүү боюнча диссертацияларды жана аттестациялык делолорду кароонун мөөнөтү 3 айдан ашык эмес убакытты түзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-мартындагы № 137 токтомунун редакциясына ылайык)
103. Экспертиза өткөрүү үчүн узагыраак мөөнөт талап кылынган өзгөчө жагдай түзүлүп калган кезде (диссертацияны кошумча корутундуга, тышкы экспертизага жиберүү, келип түшкөн даттанууларды, аппеляцияларды кароо үчүн комиссия түзүү зарылдыгы жаралган учурда) мөөнөттү узартуу жөнүндөгү маселе Комиссиянын президиуму тарабынан чечилет.
104. Диссертацияларды жана авторефераттарды Комиссияда кароо процессинде табылган кемчиликтерди оңдоого жол берилбейт.
105. Изденүүчү диссертациясын кароонун кайсы этабында болсо да: диссертациялык кеңеште - жашырын добуштун башталышына чейин, ал эми Комиссияда - изденүүчү тарабынан бирөөнүн материалын авторуна шилтемесиз жана алган булактарын көрсөтпөгөндүгү диссертациялык кеңеш же Комиссия тарабынан аныкталган кезден башка учурларда, президиум тарабынан окумуштуулук даражаны берүү жөнүндө маселе боюнча чечим кабыл алынганга чейин алдырып таштоого укугу бар.
106. Изденүүчүнүн жазган арызы боюнча диссертацияны коргоодон алып таштоо жөнүндөгү Комиссиянын чечими акыркы чечим болуп эсептелет. Диссертацияны кароодон алып салгандан кийин, ал кайрадан коргоого жалпы негизде Комиссиянын чечими чыккан күндөн баштап бир жылдан кийин гана коюлушу мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июлундагы № 425, 2017-жылдын 28-февралындагы № 125 токтомунун редакциясына ылайык)
107. Диссертацияны коргоонун жол-жобосу бузулган учурда Комиссия диссертацияны кайрадан коргоого жиберет, ал Комиссиянын президиумунун чечими кабыл алынган мөөнөттөн тартып 1 жылдан кийин өткөрүлүшү мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-мартындагы № 137 токтомунун редакциясына ылайык)
108. Окумуштуулук даража берилген изденүүчүлөрдүн диссертациялары жана авторефератынын бир нускасы дайыма сакталып туруш үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасына жиберилет.
6. Аттестациялык документтерди нострификациялоо жана илимий жана илимий-педагогикалык кызматкерлерди кайрадан аттестациялоо
109. Кыргыз Республикасы менен окумуштуулук даражаларды таануу жана алардын эквиваленттүүлүгү жөнүндө келишим (макулдашуу) түзгөн мамлекеттерде берилген окумуштуулук даражаларды берүү жөнүндөгү мамлекеттик үлгүдөгү документтерди нострификациялоо (теңештирүү) жөнүндөгү чечим изденүүчүнүн арызы же изденүүчү иштеген уюмдун өтүнүч каты боюнча Комиссиянын президиуму тарабынан кабыл алынат.
110. Нострификациялоо үчүн Комиссияга берилген диссертация "Антиплагиат" компьютердик программасы боюнча текшерилет. Диссертациялык иште плагиат болбосо же дал келүүлөр Комиссиянын буйругу менен бекитилген Диссертациялык иштерде плагиаттын бар же жок экендигин компьютердик программадан текшерүү боюнча нускамага ылайык белгиленген жол берилүүчү пайызда болсо, диссертация Комиссиянын эксперттик кеңешинин кароосуна берилет.
Дал келүүлөр Комиссиянын буйругу менен бекитилген Диссертациялык иштерде плагиаттын бар же жок экендигин компьютердик программадан текшерүү боюнча нускамага ылайык белгиленген жол берилүүчү чектен пайызы ашып кеткендиги аныкталган учурда диссертациянын ар бир барагы текшерилет, анын натыйжасы эксперттик кеңештин кароосуна берилет. Эксперттик кеңеш Комиссиянын жетекчилигине изденүүчүнү илимдин доктору же кандидаты окумуштуулук даражасына кайра аттестациялоо же кайра аттестациялоодон баш тартуу боюнча сунушун даярдайт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-мартындагы № 137 токтомунун редакциясына ылайык)
111. Чет мамлекеттерде берилген философиянын доктору (РhD) академиялык даражалар Кыргыз Республикасынын аймагында илимдин тиешелүү тармагы боюнча илимдин кандидаты окумуштуулук даражасына диссертацияны экспертизадан өткөргөндөн кийин жана дипломдорун Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы N 16 "Чет мамлекеттерде берилген философиянын доктору (РhD) академиялык даражаларынын дипломдорун Кыргыз Республикасында нострификациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунда аныкталган тартипте кайрадан аттестациядан өткөргөндөн кийин эквиваленттүү деп табылат.
Чет мамлекеттерде берилген хабилитация доктору (Dr.Habil.) жогорку академиялык даражалары Кыргыз Республикасынын аймагында илимдин тиешелүү тармагы боюнча илимдин доктору окумуштуулук даражасына диссертацияны экспертизадан өткөргөндөн кийин жана дипломдорун Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерге ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 671 "Чет мамлекеттерде берилген хабилитация доктору (Dr.Habil.) дипломдорун Кыргыз Республикасында нострификациялоо жөнүндө жобосун бекитүү тууралуу" токтому менен аныкталган тартипте кайрадан аттестациядан өткөргөндөн кийин эквиваленттүү деп таанылышы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 125 токтомунун редакциясына ылайык)
112. Илимдин кандидаты/доктору окумуштуулук даражасына эквиваленттүү деп таануу үчүн Комиссияга тапшырылган философиянын докторунун (PhD), хабилитация докторунун (Dr.Habil.) диссертациясы плагиат бар же жок экендигин аныктоо үчүн "Антиплагиат" компьютердик программасы боюнча текшерүүдөн өткөрүлөт. Плагиат жок болсо же дал келүү жол берилген пайызда болсо, Комиссия диссертацияны андан ары Комиссиянын эксперттик кеңешинде кароого уруксат берет.
Комиссиянын президиуму менен бекитилген Диссертациялык иштерде плагиаттын бар же жок экендигин компьютердик программадан текшерүү боюнча нускамага ылайык белгиленген жол берилүүчү чектен дал келүү материалынын пайызы кыйла ашып кеткендиги аныкталган учурда диссертациянын ар бир барагы текшерилет, анын натыйжасы эксперттик кеңештин кароосуна берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июлундагы № 425, 2017-жылдын 28-февралындагы № 125, 2020-жылдын 9-мартындагы № 137 токтомдорунун редакциясына ылайык)
113. Чет мамлекеттерде берилген философиянын доктору (РhD) академиялык даражалары жөнүндөгү квалификациялык документтер нострификациялоо жол-жобосунан өткөрүлөт жана изденүүчүгө мамлекеттик үлгүдөгү философиянын доктору (РhD) диплому берилет, бул диплом алардын ээлерине Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында кесиптик ишин жүргүзүүгө укук берет.
114. Чет мамлекеттерде берилген хабилитация доктору (Dr.Habil.) жогорку академиялык даражасынын, философиянын доктору (PhD) академиялык даражасынын окумуштуулук даражалар дипломдорун нострификациялоо жана кайрадан аттестациялоо үчүн изденүүчү Комиссияга ушул Жобонун 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн тизмедеги документтерди жөнөтөт.
Илимдин доктору окумуштуулук даражасынын, хабилитация доктору (Dr.Habil.) жогорку академиялык даражасынын диссертацияларын жана аттестациялык делолорун кайрадан аттестациялоону Комиссияда кароонун мөөнөтү 4 ай, ал эми илимдин кандидатынын окумуштуулук даражасынын, философиянын доктору (PhD) диссертацияларын жана аттестациялык делолорун кайрадан аттестациялоону кароонун мөөнөттөрү - 3 ай.
Илимдин доктору жана кандидаты окумуштуулук даражалары үчүн изденүүчүгө кошумча акы башка мамлекеттерде берилген окумуштуулук даражалар жөнүндөгү дипломдору Комиссиядан нострификациялангандан жана кайрадан аттестациялангандан кийин негизги иштеген жери боюнча төлөнүп берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 125 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Дипломдорду тариздөө жана берүү
115. Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы жөнүндө жобого ылайык Комиссия белгиленген тартипте илимдин докторунун жама кандидатынын дипломун тариздейт жана берет.
116. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 16 токтому менен бекитилген чет мамлекеттерде берилген философиянын доктору (РhD) академиялык даражаларынын дипломдорун Кыргыз Республикасында нострификациялоо жөнүндө жобого ылайык Комиссия белгиленген тартипте тиешелүү илимдин тармагы боюнча илимдин кандидатынын дипломун тариздейт жана берет.
117. Дипломун таануу жана нострификациялоо жөнүндө философиянын доктору (PhD) өтүнүч кат менен кайрылганда, Комиссия изденүүчүгө тиешелүү адистик боюнча мамлекеттик үлгүдөгү философиянын доктору (PhD) дипломун берет.
Дипломун таануу жана нострификациялоо жөнүндө хабилитация доктору (Dr.Habil.) өтүнүч кат менен кайрылганда, Комиссия изденүүчүгө тиешелүү адистик боюнча илимдин доктору дипломун берет.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 125 токтомунун редакциясына ылайык)
118. Окумуштуулук даражаны берүү жөнүндө чечим Комиссиянын президиумунун чечими кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
119. Комиссия тарабынан берилген дипломдорун жоготуп жиберген адамдарга, жаңы катар номер коюлган алардын дубликаттары берилиши мүмкүн.
120. Фамилиясы, аты же атасынын аты өзгөрүлгөн учурда дипломдор жаңыга алмаштырылбайт, бул учурда алардын дубликаттары мурун берилген дипломдорго толук ылайык келгендей кылып берилет.
8. Окумуштуулук даражалардан ажыратуу (калыбына келтирүү)
121. Окумуштуулук даражалардан ажыратуу (калыбына келтирүү) жөнүндөгү маселени кароо жол-жобосу ушул Жободо белгиленет.
122. Окумуштуулук даражалар белгиленген тартипти бузуу менен же жаңылыш берилип калган учурда бул даражалардан Комиссиянын президиуму тарабынан диссертация корголгон диссертациялык кеңештердин уюмдардын жана мекемелердин, ошондой эле жарандардын өтүнүч катынын негизинде ажыратылышы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июлундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
123. Окумуштуулук даражаларынан ажыратылган адамдарга мурун өзү коргоого чыккан диссертациялык кеңештердин өтүнүч каты боюнча окумуштуулук даражалардан ажыратылган болсо да, кийин кайра ошол кеңештердин өтүнүч катынын негизинде жетишээрлик негиз болгондо президиум тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн.
124. Көрсөтүлгөн диссертациялык кеңештер ишин токтоткон кезде, окумуштуулук даражадан ажыратуу (калыбына келтирүү) жөнүндө өтүнүчтү козгоо боюнча маселе Комиссиянын тапшыруусу боюнча башка диссертациялык кеңештер тарабынан каралат.
125. Окумуштуулук даражадан ажыратуу (калыбына келтирүү) жөнүндөгү маселе каралып жаткан диссертациялык кеңештин жыйыны, анын ишине кеңештин мүчөлөрүнүн үчтөн экиси катышкан учурда укуктуу деп эсептелет.
126. Окумуштуулук даражадан ажыратуу (калыбына келтирүү) жөнүндө диссертациялык кеңештин чечими, эгер жашырын добуш берүүнүн жыйынтыгында ал үчүн жыйынга катышкан кеңештин мүчөлөрүнүн үчтөн экиси добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет.
127. Окумуштуулук даражаны берүүнүн (ажыратуунун) негиздүүлүгү жөнүндө маселелер үч жылдан ашып кетсе, Комиссия тарабынан каралбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 542 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Комиссиянын президиумунун чечимине Апелляцияларды кароо тартиби
128. Окумуштуулук даражаларды берүү жана ажыратуу (калыбына келтирүү) жана илимий жана илимий-педагогикалык кызматкерлерди кайрадан аттестациялоо маселеси боюнча Комиссиянын президиумунун чечимине болгон апелляция изденүүчү, уюмдар жана башка адамдар тарабынан Комиссияга берилет.
129. Окумуштуулук даражаны берүү жана ажыратуу (калыбына келтирүү) жана илимий жана илимий-педагогикалык кызматкерлерди кайрадан аттестациялоо маселеси боюнча Комиссиянын президиумунун чечимине болгон апелляция чечим чыгарылган күндөн тартып үч жылдан кеч эмес убакытта берилиши мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июлундагы № 542 токтомунун редакциясына ылайык)
130. Комиссиянын президиумунун чечимдерине болгон апелляцияны кароо мөөнөтү докторлук диссертация боюнча 6 ай, кандидаттык диссертация боюнча 4 айды түзөт.
131. Комиссиянын президиумунун чечимине болгон апелляция эксперттик кеңештердин жана илимдин тийиштүү тармактары боюнча адистердин корутундусун эсепке алуу менен Комиссия тарабынан каралат.
132. Апелляцияны кароо үчүн Комиссиянын жетекчилигинин чечими боюнча апелляциялык комиссия түзүлөт.
Апелляциялык комиссиянын курамына Комиссиянын президиумунун мүчөлөрү, каралып жаткан диссертациянын профили боюнча эксперттик кеңештин мүчөлөрү, ошондой эле - башкы окумуштуу катчы жана тиешелүү аттестациялык бөлүмдүн жетекчиси киргизилет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июлундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
133. Апелляциялык комиссия апелляция диссертацияны авторефераты менен кошо тышкы пикир алууга КМШ өлкөлөрүнүн жогорку (улуттук) аттестациялык комиссияларына же диссертациянын профили боюнча Кыргызстандан тышкаркы алдыңкы илимий мекемелерге жиберет. Кыргыз тил илими, кыргыз адабиятын таануу, кыргыз тилинин жана адабиятынын методикасы жаатында аткарылган диссертациялар Кыргыз Республикасынын профилдик мекемелерине жөнөтүлөт.
134. Тышкы эксперттен же илимий уюмдун пикирин алган учурда, апелляциялык комиссия 10 күндүк мөөнөт ичинде өзүнүн жыйынында каралып жаткан диссертация боюнча чечим чыгарат.
135. Апелляциялык комиссиянын жыйынынын протоколу Комиссиянын төрагасы тарабынан бекитилип жана Комиссиянын президиумуна кайрадан кароого берилет.
136. Аппеляция маселеси боюнча Комиссиянын президиумунун чечими акыркы чечим болуп саналат.
|
| Окумуштуулук даражаларды берүү тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Илимий жетекчиликке уруксат алуу үчүн илимдин кандидаттары берүүчү документтердин ТИЗМЕСИ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 125 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Документтердин тизмеси.
2. Уюмдун өтүнүч каты.
3. Жогорку окуу жайдын (илимий мекеменин) окумуштуулар кеңешинин жыйынынын илимдин кандидатына илимий жетекчилик кылууга уруксат алууга көрсөтүү жөнүндөгү протоколу.
4. Иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн, сүрөтү менен кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракчасы (1 нуска).
5. Жогорку билими, окумуштуулук даражасы, окумуштуулук наамы жөнүндө дипломдордун нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү (1 нуска).
6. Белгиленген форма боюнча илимий эмгектердин тизмеси.
7. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 125 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
|
| Окумуштуулук даражаларды берүү тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Кайрадан аттестациялоо үчүн Жогорку аттестациялык комиссияга берилүүчү документтердин ТИЗМЕСИ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 125, 2020-жылдын 9-мартындагы № 137 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Документтердин тизмеси.
2. Уюмдун изденүүчүнүн арызы же өтүнүч каты.
3. Иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн сүрөтү менен кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракчасы (1 нуска).
4. Жогорку билими, окумуштуулук даражасы жөнүндө дипломдордун же окумуштуулук наамы жөнүндө аттестаттын, философиянын доктору (Ph.D) даражасы же хабилитацияланган доктор (Dr.Habil) даражасы берилгендиги жөнүндө документтеринин нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү жана алардын мамлекеттик же расмий тилдеги котормолору (1ден нуска).
5. Изденүүчүнүн колу коюлган жана иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн илимий эмгектеринин тизмеси (1 нуска).
6. Диссертация жана анын электрондук версиясы.
7. Диссертациянын авторефераты (3 нуска) жана анын электрондук версиясы.
8. Диссертациянын авторефератынын мамлекеттик, расмий жана англис тилдериндеги аннотациясы (1ден нуска).
9. Паспортунун көчүрмөсү.