Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 58 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы № 303 токтомуна |
Кыргыз Республикасында баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка буюмдарын пробалоо жана эн тамгалоо тартиби жөнүндө
ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-августундагы № 422, 2020-жылдын 13-февралындагы № 80, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 634 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасында баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка буюмдары үчүн пробалардын түрлөрүн, пробалардын маанисинин минималдык өлчөмдөрүн жана Кыргыз Республикасында баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка турмуш-тиричилик буюмдарын пробалоо жана эн тамгалоо тартибин белгилейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй терминдер пайдаланылат:
баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка буюмдары - баалуу металлдардан жана алардын куймаларынан жасалган жана белгиленген минималдуу пробалардан кем эмес пробасы бар буюмдар, анын ичинде декоративдик иштетүүнүн ар кандай түрлөрүн пайдалануу менен асыл таштар, башка табигый же жасалма материалдар чөгөрүлгөн же аларсыз кооздуктар катары колдонулуучу, тиричиликтин буюмдары катары жана (же) табынууларды жана каадаларды аткаруу, ошондой эле эмиссиядан өткөн монеталарды жана статусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталган мамлекеттик сыйлыктарды кошпогондо, эстелик, юбилейлик жана башка белгилерди жана медалдарды жасоо үчүн колдонуучулар;
проба - баалуу металлдардын куймасынын миңдик бөлүктөрүнүн ичиндеги накта баалуу металлдын химиялык массалык үлүшүнүн саны;
мамлекеттик пробалык эн тамга - баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды өндүрүү, пайдалануу, жүгүртүү, эсепке алуу жана сактоо, Кыргыз Республикасынын аймагында аталган баалуулуктар менен операцияларды жүргүзүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка буюмдарына коюлуучу белгиленген үлгүдөгү жана мындай буюмдагы баалуу металлдын пробасын күбөлөндүрүүчү белги;
баалуу металлдын куймасы - жок дегенде алардын бири баалуу болуп саналган эки же андан көп металлдардын катуу аралашмасы;
баалуу металл менен каптоо (плакировкалоо) - баалуу металлдын же баалуу металлдын куймасынын катмары, ал бардык буюмга же анын бөлүгүнө химиялык, электрохимиялык, механикалык же башка физикалык ыкма аркылуу жалатылат;
пробалоо - баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка буюмдардын пробасын белгиленген КМС 1179:2009 мамлекеттик стандартында белгиленген метод менен аныктоо же ырастоо;
эн тамгалоо - баалуу металлдардан зергердик жана башка буюмдарына механикалык, лазердик жана электручкун методдору аркылуу мамлекеттик пробалоо эн тамгасынын изин түшүрүү;
негизги пробалык эн тамга - зергердик жана башка буюмдарына жалатууда өз алдынча мааниси бар эн тамга;
кошумча пробалык эн тамга - өз алдынча мааниси жок жана зергердик жана башка буюмдарын эн тамгалоодо негизги пробалык эн тамгалардын бири менен айкалыштырып колдонулуучу эн тамга;
энчилүү белги - изи даярдоочу тарабынан өзү даярдаган бардык баалуу металлдардан зергердик жана башка буюмдарына коюлуучу, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган жана шифрленген түрдө анын даярдоочусу жөнүндө маалыматты камтыган атайын белги;
талдоо - алардан буюмдар даярдалган баалуу металлдын жана анын куймасынын химиялык курамын, анын ичинде ал буюмду талкалоону караган методдорду колдонуу жолу менен аныктоо;
данакер - даярдалгандарды бириктирүү үчүн каңдоодо колдонулуучу жана эрүү температурасы бириктирилип жаткан металлдардыкынан төмөн болгон металл же куйма.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик пробалык эн тамганын сактоочусу жана пайдалануучусу болуп саналат.
4. Кыргыз Республикасында жасалган жана сатуу үчүн Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) кирбеген өлкөлөрдөн алынып келген баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка буюмдары ушул Жобонун 9-пунктунда белгиленген пробаларга ылайык келүүгө жана ушул Жобонун 1-тиркемесинде каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик пробалык эн тамгасы менен эн тамгаланууга тийиш.
ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн ташып киргизилген баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка буюмдарын сатуу үчүн алар товарларды ички керектөө үчүн чыгаруу бажы жол-жобосуна жайгаштыруу тастыктаган тиешелүү документтер алынган күндөн тартып 90 календардык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга пробалоого, талдоого жана эн тамгалоого тапшырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-августундагы № 422, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 634 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка буюмдарын пробалоого, талдоого жана эн тамгалоого кабыл алуу өтүнмөнүн (арыздын) жана алардын келип чыгышын ырастаган документтердин негизинде ишке ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка буюмдарын пробалоо, талдоо жана мамлекеттик пробалык эн тамга менен эн тамгалоо жана пробалык жыйым алуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 80, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 634 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка турмуш-тиричилик буюмдарын пробалоого, талдоого жана эн тамгалоого кабыл алуу өтүнмөнүн (арыздын) жана алардын келип чыгышын ырастаган документтердин негизинде ишке ашырылат.
6. Баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка турмуш-тиричилик буюмдарын пробалоо, талдоо жана мамлекеттик пробалык эн тамга менен эн тамгалоо жана пробалык жыйым алуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 80 токтомунун редакциясына ылайык)
7. ЕАЭБдин бажы аймагына алынып келген баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка буюмдарды пробалоого жана эн тамгалоого ушундай алып келүүнү ишке ашырган адам мамлекеттик контролдон өткөнүн ырастоочу жана ички колдонуу үчүн билдирилген бажы жол-жобосуна ылайык ЕАЭБ бажы аймагына товарларды чыгарууга тийиштүү документтерди көрсөткөндө гана кабыл алынат.
8. Баалуу металлдардан даярдалган куймалардын баалуулугу баалуу металлдан куйманын миңдик массалык үлүшүнө химиялык жактан таза баалуу металлдын массалык үлүшүнүн санын көрсөтүүчү проба менен аныкталат.
9. Кыргыз Республикасында зергердик жана башка буюмдар үчүн баалуу металлдардын төмөнкүдөй пробалары белгиленген:
1) платинадан:
950 (тогуз жүз элүүнчү);
900 (тогуз жүзүнчү);
850 (сегиз жүз элүүнчү);
585 (беш жүз сексен бешинчи);
2) алтындан:
999 (тогуз жүз токсон тогузунчу);
958 (тогуз жүз элүү сегизинчи);
916 (тогуз жүз он алтынчы);
875 (сегиз жүз жетимиш бешинчи);
750 (жети жүз элүүнчү);
585 (беш жүз сексен бешинчи);
583 (беш жүз сексен үчүнчү);
500 (беш жүзүнчү);
375 (үч жүз жетимиш бешинчи);
333 (үч жүз отуз үчүнчү);
3) күмүштөн:
999 (тогуз жүз токсон тогузунчу);
960 (тогуз жүз алтымышынчы);
925 (тогуз жүз жыйырма бешинчи);
875 (сегиз жүз жетимиш бешинчи);
830 (сегиз жүз отузунчу);
800 (сегиз жүзүнчү);
750 (жети жүз элүүнчү);
4) палладийден:
850 (сегиз жүз элүүнчү);
500 (беш жүзүнчү).
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Өздөрүнө тиешелүү алтын буюмдардан жеке адамдардын заказдары боюнча 583 пробадагы алтындан даярдалган буюмдарды кошпогондо, баалуу металлдардан жасалган буюмдар үчүн андай буюмдарда көрсөтүлгөн белгиленген пробадан терс четтөөгө жол берилбейт.
11. Баалуу металлдардан жасалган буюмдарды каңдоодо колдонулуучу данакерлер баалуу металлдардан даярдалуучу буюмдардын куймалары сыяктуу ошол эле баалуу металлдардын негизинде даярдалууга тийиш.
Платинадан, палладийден, алтындан жана күмүштөн жасалган буюмдар үчүн данакерлер буюмдардын негизги куймасындай эле пробасы болууга тийиш.
Платинадан жана палладийден жасалган зергердик жана башка буюмдарында ак алтындын 585 жана 750 пробадагы данакердин болушуна жол берилет.
Станок-автоматтарда даярдалган чынжырча, билерик, кольени каңдоо үчүн аталган буюмдардын белгиленген пробасы камсыздалган шартта баалуу металлдар камтылбаган атайын данакерди пайдаланууга жол берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка буюмдарында баалуу эмес металлдардан даярдалган бөлүктөр болбоого тийиш, буга төмөнкүлөр кирбейт:
- автокалем саптын, зажигалканын механизмдери жана ушуга окшош механизмдер, ошондой эле сааттардын заводдук корпустары жана механизмдери;
- бычак мизи, штопорлордун бурама бөлүктөрү жана башка буюмдардын ушундай бөлүктөрү (ашкана приборлору, дүрмөтсүз курал);
- пружиналар жана шарнирлердин огу, штифттер;
- брошка (көкүрөккө кадала турган кооз төөнөгүч) үчүн заколка (төөнөгүч), төш белги жана ушул сыяктуу күмүштөн жасалган буюмдар.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Эн тамгалоого баалуу металлдардын ажыроочу бөлүктөрүнүн жана (же) баалуу эмес металлдардын бөлүнүүчү бөлүктөрүнүн же болбосо баалуу эмес металлдардын бөлүктөрүнүн айкалышын билдирүүчү буюмдар эн тамгаланууга тийиш. Мындай буюмдардын баалуу эмес металлдардан жасалган бөлүктөрүндө "металл" же болбосо ушул сыяктуу ("мет", "дат баспоочу", "steel") же металлдын атайын белгилениши, механикалык түрдө чегилген же гравирленген белгинин изи болууга тийиш.
Баалуу эмес металлдардан жасалган бөлүктөрүндө "металл" деген белги (из) болбогон учурда, мындай буюмдар эн тамгаланууга тийиш эмес.
Баалуу металлдардан буюмдарды күчөтүү, оордотуу же толтуруу максатында баалуу эмес металлдарды пайдаланууга жол берилбейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Негизги куйма боюнча аларды эн тамгалоо шартында бир баалуу металлдын куймасы менен экинчи баалуу металлды каптоого жол берилбейт.
15. Баалуу металлдардан зергердик жана башка буюмдарды даярдоочу юридикалык жактарда менчигинин түрүнө карабастан, ошондой эле жеке ишкерлерде изи өзү жасаган бардык буюмдарга милдеттүү түрдө коюлуучу энчилүү белгиси болууга тийиш.
Өндүрүүчүлөрдүн энчилүү белгисин эсепке алууну (реестрин) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталбаган өндүрүүчүнүн энчилүү белгисин пайдаланууга тыюу салынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Ыйгарым укуктуу органда төмөнкүлөргө эн тамга коюлбайт:
- пробасы ушул Жободо белгиленген минималдык маанилерден төмөн болгон баалуу металлдардын куймаларынан даярдалган буюмдар;
- бүтпөгөн, чогултулбаган (кандайдыр-бир бөлүктөрү болбогон) түрдөгү буюмдар;
- баалуу металлдардан чала фабрикаттар жана уютмалар;
- баалуу чулу металлдар, анын ичинде баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка буюмдарында кооздук катары (чөгөрүү, чегелөө, асма, ж.б.у.с.) пайдаланылуучулар;
- сусалдык (жалатма) баалуу металлдар;
- жүгүртүүдөн алынгандарды кошкондо, эмиссиядан өткөн баалуу металлдардан тыйындар;
- мамлекеттик сыйлыктар;
- баалуу металлдар капталган баалуу эмес металлдардан жасалган буюмдар;
- автокалем саптар үчүн баалуу металлдардан учтар;
- тарыхый же археологиялык мааниге ээ болгон баалуу металлдардан жасалган буюмдар, ошондой эле орден, медалдар;
- куралдарда, вазаларда, табактарда, шкатулкаларда, диний сыйынуу предметиндеги алтын жана күмүш майда кесиктер (инкрустациялар);
- алтын тиш протездөө дисктери;
- баалуу металлдардан жана алардын куймаларынан жасалган жана илимий, өндүрүштүк, медициналык, стоматологиялык, ветеринардык жана атайын башка максаттар үчүн арналган приборлор, лабораториялык идиштер жана башка буюмдар.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Эн тамга түшүрүлүүчү баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка турмуш-тиричилик буюмдарына негизги талаптар
17. Юридикалык жактар жана жеке ишкерлер тарабынан берилген баалуу металлдардан жасалган жаңы жана реставрацияланган буюмдардын негизги бөлүгүндө энчилүү белгинин даана изи болууга тийиш.
Зергердик буюмдардын негизги бөлүгү болуп буюмдун арналышын аныктаган, мисалы, сөйкөлөрдө - швенза, шакектерде - шинка ж.б. эсептелет.
Энчилүү белгинин издери буюмду жасоочу тарабынан коюлат.
Пробалык эн тамганын изи буюмду жасоочунун энчилүү белгисинин изинин оң жагына коюлат.
18. Эн тамгалоо үчүн буюмдар кургатылган шилендилерден, кирден, майлуу тактардан кылдат тазаланууга, ошондой эле өң берүү үчүн ысытылып иштетилүүгө тийиш.
Баалуу металлдардан буюм жасоочулар буюмду бардык бөлүктөрү кураштырылып бүткөрүлгөн түрүндө гана эн тамгалоо үчүн тапшырууга милдеттүү. Буюмду кураштырылган боюнча эн тамгалоо мүмкүн болбогон учурда, буюмду жасоочуга бөлүктөргө ажыратылган буюмдарды, бардык бөлүктөрү менен эн тамгалоо үчүн тапшырууга уруксат берилет.
19. Пробалык эн тамгалоонун ачык жана рельефтүү изин алуу максатында пробалык эн тамганын изин басуу орду кылдат (жылмаланып) даярдалууга тийиш.
20. Пробалык эн тамганын жана энчилүү белгинин издери аяккы жасалгалоо учурунда майышып бузулууга тушукпоосу керек.
Пробалык эн тамганын издери жылмаланып жана майышып калган учурда кайра эн тамгалоо жалпы негиздерде жүргүзүлөт.
3. Эн тамгалоо тартиби
21. Баалуу металлдардан жасалган буюмдар бул буюмдарды пробалык ташта эн тамгалоодон же контролдук талдоо жүргүзгөндөн кийин гана эн тамгаланат. Кыргыз Республикасында пробалык эн тамгалоо изин басуу үчүн механикалык, лазердик жана электручкун методдору колдонулат.
22. Бардык ата мекендик өндүрүштөгү жаңы буюмдар тийиштүү металл жана пробанын "Б" литеринин эн тамгасы менен негизги бөлүгүнө эн тамгаланат.
Баалуу металлдардан жасалган буюмдардын негизги бөлүгүнө "Б" литеринин эн тамгасын коюу мүмкүн болбогондо, энчилүү белгинин жайгашкан жерине тийиштүү пробадагы "А" литеринин жана "Д" литеринин эн тамгасы коюлат. Баалуу металлдардан жасалган буюмдардын экинчи даражадагы жана кошумча бөлүктөрүнө (эгер алар ажыратылса) "Д" литеринин эн тамгасы коюлат. Экинчи даражадагы жана кошумча бөлүктөрдүн өлчөмдөрү жана жайгашуусу "Д" литеринин эн тамгасын коюуга мүмкүндүк бербеген учурда, баалуу металлдын курамы мындай бөлүктөрүндө пробалык эн тамганын коюлушу менен ырасталбайт жана куйманын бул бөлүктөрүндөгү проба үчүн жоопкерчиликти ушул буюмдун даярдоочусу тартат.
Бир куйманын каңдалган жана экинчи даражадагы кошумча бөлүктөрү бар ажырагыс буюмдары бирдиктүү бүтүн катары каралат жана буюмдун негизги бөлүгү гана эн тамгаланат.
23. Баалуу металлдардан жасалган буюмдар же алардын айрым бөлүктөрү эн тамгалоо үчүн берилген учурда коюлуучу пробага ылайык келбесе жана жол берилген четтөөнүн чегинен чыкса, аларга "НП" (пробага чыкпагандык) эн тамгасын койгондон кийин буюм даярдоочуларга кайтарылып берилет же даярдоочунун макулдугу менен белгиленген пробага жакын төмөнкү проба менен эн тамгаланат.
24. Белгиленген минималдык пробадан төмөн болгон пробадагы буюм баалуу металлдардан жасалган буюм катары эн тамгаланууга жана сатылууга тийиш эмес. Аталган буюмдарга "НП" литеринин эн тамгасы коюлат жана бижутерия катары сатылат.
|
| Кыргыз Республикасында баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка турмуш-тиричилик буюмдарын пробалоо жана эн тамгалоо жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Пробалык эн тамганын баяндалышы
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасында баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка турмуш-тиричилик буюмдары үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик пробалык эн тамга белгиси бекитилет.
2. Мамлекеттик пробалык эн тамганын элементтери төмөнкүлөр болуп саналат:
- ырастоо белгиси - түндүктүн сүрөттөлүшү;
- проба (үч орундуу сан) - баалуу металлдын куймасынын миң массалык үлүшүндөгү химиялык жактан таза баалуу металлдын массалык үлүшүнүн санын көрсөтүүчү белги.
Түндүк белгиси - тегерек күн дискасы түрүндөгү сүрөттөлүш, анын айланасындагы бири-биринен бирдей аралыкта жайгашкан кырк нур чачырап турат. Күн дискасынын ичине боз үйдүн түндүгүнүн сүрөттөлүшү символикалуу тартылган, ал тегерек алкактуу торчо түрүндө болот:
Сүрөт.
Кыргыз Республикасында эн тамгаланууга тийиш болгон баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка буюмдары үчүн белгиленген пробалардын төмөнкүдөй минималдык маанилери белгиленген:
585 - платина куймалары үчүн;
333 - алтын куймалары үчүн;
500 - палладий куймалары үчүн;
750 - күмүш куймалары үчүн.
3. Пробалык эн тамгалоонун түрлөрү:
- "А" литериндеги эн тамга (негизги) - ырастоо белгиси түндүктү сүрөттөө менен тегерек формада, "Д" литеринин эн тамгасы менен айкалышында жергиликтүү өндүрүштүн алтын, күмүш, платина жана палладий буюмдарын, ошондой эле экспертизадан өткөн буюмдарды эн тамгалоо үчүн арналган;
- "Б" литериндеги эн тамга (негизги), күрөк түрүндө, жергиликтүү өндүрүштөгү алтын буюмдарын эн тамгалоо үчүн арналган; төмөнкү белгиленген пробалардын биринин цифралык белгиленишинен турат: 375, 500, 583, 585, 750:
Сүрөт;
- "Б" литериндеги эн тамга (негизги) бурчтары кыркылган тик бурчтук түрүндө, платинадан жасалган жергиликтүү өндүрүштөгү буюмдарды эн тамгалоо үчүн арналган түндүктүн сүрөттөлүшүнөн жана пробанын 950 цифралык белгиленишинен турат:
Сүрөт;
"Б" литериндеги эн тамга (негизги) жогорку жана төмөнкү жактары томпок тик бурчтук түрүндө, жергиликтүү өндүрүштөгү күмүш буюмдарын эн тамгалоого арналган; түндүктүн сүрөттөлүшүнөн жана төмөнкүдөй белгиленген пробалардын биринин цифралык белгиленишинен турат: 800, 875, 925, 960:
Сүрөт;
- "Б" литериндеги эн тамга (негизги) кесилген сүйрү формада, жергиликтүү өндүрүштөгү палладий буюмдарын эн тамгалоо үчүн арналган түндүк белгисинен жана төмөнкүдөй белгиленген пробалардын биринин цифралык белгиленишинен турат: 500, 850:
Сүрөт;
- "Д" литериндеги эн тамга (кошумча), тик бурчтуу формада, чет өлкөлүк өндүрүштүн жана эски алтын буюмдарды эн тамгалоо үчүн арналган төмөнкүдөй белгиленген пробалардын биринин цифралык белгиленишинен турат: 375, 500, 583, 585, 750:
Сүрөт;
- "Д" литериндеги эн тамга (кошумча) бурчтары кесилген тик бурчтук формасында, чет өлкөлүк өндүрүштөгү жана платина буюмдарын жана эски буюмдарды эн тамгалоо үчүн колдонулат: 950 пробадагы цифралык белгилеништен турат:
Сүрөт;
- "Д" литериндеги эн тамга (кошумча) жогорку жана төмөнкү жактары томпок болгон тик бурч формасында, чет өлкөлүк өндүрүштөгү күмүш буюмдарын жана эски буюмдарды эн тамгалоо үчүн колдонулат; төмөнкүдөй пробалардын биринин цифралык белгиленишинен турат: 800, 875, 925, 960:
Сүрөт;
- "Д" литериндеги эн тамга (кошумча) тегерек формада, чет өлкөлүк өндүрүштөгү палладий буюмдарын жана эски буюмдарды эн тамгалоо үчүн колдонулат, белгиленген 500, 850 пробаларынын биринин цифралык белгиленишинен турат:
Сүрөт;
- "НП" литеринин эн тамгасы тик бурч формасында, ушул Жободо белгиленген пробаларга туура келбеген буюмдарды эн тамгалоо үчүн колдонулат:
Сүрөт.