Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 22-октябры № 499

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жарандык авиация чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-мартындагы № 68, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

Жарандык авиацияда учуулардын коопсуздугун камсыздоо үчүн сертификаттоо жана көзөмөлдөө функцияларынын натыйжалуулугун жана майнаптуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 4-пунктунда:

үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын ишин жөнгө салуучу жоболорду жана колдонмолорду, ошондой эле аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча;";

- төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

3. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-мартындагы № 68 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-декабрындагы № 584 "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропортторунда тикелей аэропорттук жыйымдар жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июлундагы № 511 "Эл аралык аба жолдорунда жүргүнчүлөрдү, жол жүктү, жүктү жана почтаны үзгүлтүксүз ташууда Кыргыз Республикасынын авиаташуучуларынын кызмат көрсөтүү укугуна ачык конкурс өткөрүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

М. Абылгазиев

 

Тиркеме