Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-ноябрындагы № 514 токтомуна |
Кыргыз Республикасынын сот экспертинин компетенттүүлүк сертификатын берүүнүн, берүүдөн баш тартуунун, колдонулушун токтото туруунун, токтотуунун жана ажыратуунун тартиби жана шарттары жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомнун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо сот экспертинин компетенттүүлүгүн сертификациялоонун тартибин, сертификатты берүүнүн, берүүдөн баш тартуунун, колдонулушун токтото туруунун, токтотуунун жана ажыратуунун шарттарын аныктайт.
2. Компетенттүүлүктү сертификациялоо тийиштүү эксперттик адистик (багыт) боюнча соттук-эксперттик иште иштөөнү чечкен талапкердин (мындан ары - талапкер) кесиптик даярдыгынын деңгээлин баалоо болуп саналат.
3. Компетенттүүлүктү сертификациялоо төмөнкү максаттарга жетүү үчүн жүргүзүлөт:
а) талапкердин компетенттүүлүгүн аныктоо;
б) талапкердин белгиленген талаптарга шайкештигин көз карандысыз жана квалификациялуу баалоону уюштуруу жана өткөрүү.
4. Сот экспертинин компетенттүүлүк сертификаты (мындан ары - сертификат) тийиштүү эксперттик адистик боюнча талапкердин соттук-эксперттик ишти жүргүзүүгө квалификациясын тастыктоочу документ болуп саналат.
5. Талапкерлерге төмөнкү талаптар коюлат:
а) тиешелүү чөйрөдөгү билим;
б) иш стажы жана тажрыйбасы;
в) конкреттүү эксперттик адистик боюнча такшалуудан өтүү.
6. Компетенттүүлүктү сертификациялоо соттук-эксперттик иш чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында түзүлгөн эксперттик-квалификациялык комиссия (мындан ары - Комиссия) тарабынан жүргүзүлөт.
7. Сертификаттын колдонуу мөөнөтү 5 жылды түзөт.
8. Сертификат алган сот эксперттери жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын Сот эксперттеринин мамлекеттик реестрине киргизилет.
2-глава. Компетенттүүлүктү сертификациялоонун тартиби жана шарттары
9. Компетенттүүлүктү сертификациялоо төмөнкү этаптардан турат:
а) талапкерлер берген документтерди кароо;
б) квалификациялык экзамен өткөрүү.
10. Компетенттүүлүктү сертификациялоо талапкерлердин берген өтүнмөсү боюнча жүргүзүлөт.
11. Өтүнмөгө талапкерлер төмөнкү документтерди тиркейт:
а) паспорттун көчүрмөсүн;
б) билими жөнүндө документтердин нотариуста күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн;
в) өтүнмө берүүчүнүн жашаган жериндеги Кыргыз Республикасынын наркологиялык жана психиатриялык саламаттык сактоо мекемелери тарабынан Комиссияга тапшырганга чейин бир айдан ашык эмес убакытта берилген медициналык маалымкаттарды, укук коргоо органдарынын эксперттеринен тышкары;
г) соттуулугу жоктугу жөнүндө маалымкат, укук коргоо органдарынын эксперттеринен тышкары.
12. Сертификатты алууга талапкерлигин биринчи жолу койгондор өтүнмөгө кошумча төмөнкүлөрдү тиркейт:
а) экспертизанын тийиштүү чөйрөсүндөгү адис катары талапкердин ишин баалоо менен такшалманын жетекчиси кол койгон пикир:
б) соттук-эксперттик иш чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан бекитилген даярдоо программаларына ылайык аткарылган контролдук тапшырмалары боюнча бештен кем эмес окуу корутундулары;
в) такшалманын планы.
13. Мурда сертификат алган талапкерлер өтүнмөгө кошумча сертификациялануучу адистик боюнча акыркы жылы эксперт тарабынан аткарылган экспертизалардын тизмесин (реестрин) берет.
14. Сертификат алуу үчүн берилген документтерди Комиссия он күндүк мөөнөттө карайт.
Документтер аларда камтылган маалыматтардын толуктугу жана тууралыгы жагынан каралат. Документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча Комиссия талапкерлерди квалификациялык экзаменге киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат. Кабыл алынган чечимдин жыйынтыгы жөнүндө талапкерлер эки иш күндүн аралыгында кабарланат.
15. Квалификациялык экзамен талапкердин билимин жана кесиптик даярдыгын белет алуу формасы боюнча аныктоо жол-жобосунан турат.
Квалификациялык экзаменге сертификациялоо маселеси каралып жаткан талапкер, ошондой эле такшалманын жетекчиси чакырылат, такшалманын жетекчиси Комиссиянын жыйынында талапкердин даярдык деңгээли жөнүндө баяндайт. Мындан тышкары, Комиссия сертификациялоону жүргүзгөн тиешелүү тармактагы эксперттик адистик боюнча билимге ээ болгон жана 5 жылдан кем эмес иш стажы бар 2 ден кем эмес добуш берүү укугу менен тажрыйбалуу адистер чакырылат.
Комиссия жыйындын процессинде кароого берилген материалдарды изилдейт, талапкерге конкреттүү эксперттик адистик, соттук экспертизанын теориялык негиздери, процесстик мыйзамдардын ченемдери жана эксперттик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар боюнча суроолорго жооп берүүнү сунуштайт.
16. Компетенттүүлүгүн сертификациялоонун жыйынтыгы боюнча Комиссия талапкерге сертификатты берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Сертификациялоо маселеси чечилип жаткан талапкер добуш берүүдө катышпайт.
17. Сертификат ушул Жобонун тиркемесине ылайык форма боюнча берилет. Сертификатка Комиссиянын төрагасы кол коёт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Кыргыз Республикасынын сот эксперттеринин мамлекеттик реестрине киргизүүдө сертификатка каттоо номери ыйгарылат. Сертификат Комиссиянын жыйыны өткөн күндөн тартып он иш күндүн ичинде берилет.
Сертификаттын анык датасы болуп ал берилген күн эсептелет. Сертификаттардын бланктары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын каражатынын эсебинен жасалат.
18. Тийиштүү эксперттик адистик боюнча сертификаты бар сот эксперти ушул главада белгиленген тартипте башка дагы эксперттик адистик боюнча сертификат алууга укуктуу.
19. Талапкердин каалоосу боюнча компетенттүүлүктү сертификациялоо ушул главада белгиленген тартипте бир эле убакта эксперттик адистиктин бардык же бир нече түрлөрү боюнча өткөрүлүшү мүмкүн.
20. Сертификат жоголгон, бузулган учурда соттук эксперт сертификаттын дубликатын алууга укуктуу.
Жоголгон, бузулган сертификаттар сот эксперти Комиссияга жазуу жүзүндө арыз берген күндөн баштап жараксыз деп эсептелет.
Сертификаттын дубликатын Комиссия берет. Сертификаттын дубликатына жаңы каттоо номери ыйгарылат, мында бланктын оң жагындагы жогорку бурчуна "Дубликат" деген штамп басылат.
3-глава. Компетенттүүлүк сертификатын берүүдөн баш тартуунун, колдонулушун токтото туруунун, токтотуунун жана ажыратуунун негиздери
21. Сертификатты берүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат, эгерде талапкер же сот эксперти:
а) ушул Жобонун 11, 12 жана 13-пункттарына ылайык талап кылынуучу бардык документтерди тапшырбаса;
б) ушул Жобонун 5-пунктунда белгиленген талаптарга жооп бербесе;
в) жоюлбаган же алып салынбаган соттуулугу бар болсо;
г) мамлекеттик кызматчы болсо, укук коргоо органдарынын бөлүктөрүнүн эксперттеринен тышкары;
д) акыркы 3 жыл аралыгында соттук-эксперттик ишти жүргүзүүгө компетенттүүлүк сертификатынан ажыратылган болсо.
22. Компетенттүүлүгүн сертификациялоодон баш тартылган учурда, чечимде Комиссиянын сертификатты берүүдөн баш тартуусунун жүйөлөрү көрсөтүлүп жана сунуштамалар берилиши керек. Компетенттүүлүктү сертификациялоо жөнүндө маселе Комиссиянын сунуштамалары аткарылгандан кийин 6 айдан кем эмес убакыт өткөндө кайра каралышы мүмкүн.
23. Сот экспертине карата кызматтык териштирүү же тергөө жүргүзүлгөн учурда анын сертификатынын колдонулушу токтотулуп турат.
24. Сертификаттын колдонулушу төмөнкү учурларда токтотулат:
а) компетенттүүлүк сертификатын алгандан кийин беш жыл өткөндө;
б) адамды аракетке жөндөмсүз, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү, өлгөн же дайынсыз жоголгон деп таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
в) жарандыгын жоготкондо;
г) сот эксперти сертификаттын колдонулушун токтотуу жөнүндө арыз бергенде.
25. Сот эксперти сертификаттан төмөнкү учурларда ажыратылат:
а) сот экспертине карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
б) адам соттук-эксперттик ишти аткарууда мыйзамдарды бир нече жолу одоно бузса жана ал соттук-эксперттик уюмдун жетекчисинин сунуштамасынын, соттун жеке аныктамасынын же прокурордун сунуштамасынын негизинде жүргүзүлгөн кызматтык териштирүүнүн корутундусу менен ырасталган болсо.
26. Сот экспертин сертификатынан ажыратуу маселеси боюнча Комиссиянын жыйынынын протоколунун ырасталган көчүрмөлөрү сунуштаманы киргизген органдын (адамдын) дарегине жиберилет.
27. Сертификатты колдонуу токтотулгандан кийин сот экспертине сот экспертизасын жүргүзүү укугу компетенттүүлүктү сертификациялоодон кайталап өткөндөн кийин кайрадан берилиши мүмкүн (ушул Жобонун 24-пунктунун "б" жана "в" пунктчаларында каралгандан башка учурларда).
Сот экспертинин сертификатынын колдонулушун токтото туруу, токтотуу жана ажыратуу маселеси боюнча Комиссиянын жыйынынын протоколунан күбөлөндүрүлгөн көчүрмө кызыкдар жактын арызы боюнча берилет.
28. Сертификаттын колдонулушун токтото туруу, токтотуу жана ажыратуу жөнүндө маселе Комиссиянын жыйынында каралат.
29. Сот экспертинин сертификатынын колдонулушун токтото туруу, токтотуу жана ажыратуу жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын Сот эксперттеринин мамлекеттик реестрине киргизилет.
30. Сертификаттан ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алынган соттук эксперттин сертификаты Комиссияга тапшырылууга тийиш.
31. Комиссиянын чечими административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда аныкталган тартипте даттанылышы мүмкүн.
|
| Кыргыз Республикасынын сот экспертинин компетенттүүлүк сертификатын берүүнүн, берүүдөн баш тартуунун, колдонулушун токтото туруунун, токтотуунун жана ажыратуунун тартиби жана шарттары жөнүндө жобого тиркеме |
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомнун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын сот экспертинин компетенттүүлүк сертификатынын формасы
№ _____ СЕРТИФИКАТ
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын эксперттик-квалификациялык комиссиясынын чечими менен
_______________________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
_______________________________________________________________________________________
(эксперттик адистиктин аталышы)
эксперттик адистиги боюнча соттук-эксперттик ишти жүргүзүүгө квалификациясын тастыктаган ушул компетенттүүлүк сертификаты берилди.
Берилген датасы:
Эксперттик-квалификациялык комиссиянын төрагасы