Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-ноябры № 541
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Назаров А.К., Туманбаева Р.М., Узакбаев А.О., Нышанов С.К., Жапаров А.Ү. тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2018-жылдын 22 ноябры
№ 541 токтому менен
жактырылган
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары Назаров А.К., Туманбаева Р.М., Узакбаев А.О., Нышанов С.К., Жапаров А.Ү. тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүдөй корутундуга келди.
Аталган Мыйзамдын долбоорунун концепциясы “өлкөнүн аймактарында мамлекеттик аймактык башкаруудагы жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ролун бекемдөөнү” карайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда аталган Мыйзам долбоорун карап чыгып, жалпысынан Мыйзамдын долбоорунун концепциясын, максаттарын жана милдеттерин колдойт.
Ошол эле мезгилде Мыйзамдын долбоору төмөнкүлөрдү эске алуу менен кайра иштеп чыгууну талап кылаарын белгилейт.
1. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн “б)” пунктчасы менен Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 3-пунктунун бешинчи абзацы жаӊы редакцияда берилген, ага ылайык, “айылдык аймактардын жана райондук маанидеги шаарлардын чектеринде мамлекеттик менчиктеги жерлерди башкарууну жергиликтүү мамлекеттик администрация, ал эми облустук жана республикалык маанидеги шаарларда Кыргыз Республикасы тарабынан ыйгарым укук берилген атайын мамлекеттик орган жүзөгө ашырат”.
Мында Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 11-беренесине ылайык Кыргыз Республикасында мамлекеттик токой фондусун менчиктөө укугун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана токой чарбасын башкаруучу мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары белгилеген компетенциянын чегинде ишке ашырышат экенин эске алуу керек.
2. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 5-бөлүгүнүн “б)” пунктчасы менен Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 15-беренесинин 5-пункту жаңы редакцияда баяндалат, ага ылайык “жерди сарамжалдуу пайдалануу, кыртыштын асылдуулугун жогорулатуу боюнча программаларды иштеп чыгуу жана жергиликтүү кеңеш менен макулдашуу жана аткаруу мамлекеттик администрациянын карамагына кирет”.
Мыйзамдын долбоорунун бул сунушталган редакциясында ал программаларды жергиликтүү кеңештердин баарысы менен макулдашуу керекпи жана макулдашуу процедурасы кандай ишке ашырылаары, эгер айрым жергиликтүү кеңештер иштелип чыккан программанын мазмунуна макул болбогон учурда эмне болоору анык эмес экендигин билдиребиз.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 15-беренесинде райондук мамлекеттик администрациянын мамлекеттик менчикте турган жер мамилелерин жөнгө салуу жагындагы компетенциясы белгиленгендиктен, Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 5-бөлүгүнүн “б)” пунктчасындагы иштелип чыккан программаларды жергиликтүү кеңештер менен макулдашуу жөнүндө ченемин алып салууну сунуш кылабыз.
3. Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин 3-бөлүгүнүн бешинчи абзацы менен “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч жылда бир жолудан кем эмес жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын түздөн-түз карамагына жана баш ийүүсүнө өткөрүлүп берилүүчү жана алардын түзүмүнө тиешелүү каржылоосу менен кошулууга тийиш министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун аймактык бөлүнүштөрдү аныктайт” деген өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган.
Ошондой эле, Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин 5-бөлүгүнүн төртүнчү абзацында “ушул Мыйзамдын 4-беренeсинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн аймактык кызматтар жергиликтүү мамлекеттик администрациянын түзүмүнө киргизилет” деп каралган.
Мындан тышкары, Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн “а)” пунктчасынын үчүнчү абзацы менен “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 2-бөлүгүн жаӊы редакцияда берүү сунушталган, ага ылайык “жергиликтүү мамлекеттик администрация - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан мамлекеттик башкарууну жана тиешелүү аймакта Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын макулдашылган ишин, алардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттешүүсүн камсыздаган жана өкүлдөнгөн функцияларды жана ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылышы үчүн мамлекеттик контролду жүзөгө ашырган аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы” болот.
Ал эми “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү мамлекеттик администрация райондун тиешелүү аймагында министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун аймактык бөлүмдөрүнүн макулдашылган иштерин камсыз кылат.
Ошол эле учурда, мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүштөрүнүн мамлекеттик башкаруу функциялары аталган конституциялык мыйзам менен жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга бекитилген эмес.
Мында айта турган нерсе, мамлекеттик органдар, атап айтканда министрликтер, мамлекеттик комитеттер же администрациялык ведомстволор өзүнүн компетенциясынын чегинде максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруучу конкреттүү тармактык (тармактар аралык) функцияларды жүзөгө ашырышат.
Азыркы мезгилде жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн тиешелүү функцияларын жана милдеттерин ишке ашыруу механизмдери жок же жетишсиз деӊгээлде түзүлгөн, ошондуктан бул мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн ишине баа берүү мүмкүндүгүн жокко чыгарышы ыктымал.
Ошону менен бирге эле, Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин 3-бөлүгүнүн алтынчы абзацында “жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын карамагына жана түздөн-түз башкаруусуна мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү өткөрүлүп берилбейт: улуттук коопсуздук; экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү; Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистикасы; коргоо.” деп каралган.
Бул жерде айта турган нерсе, Мыйзамдын долбооруна ылайык ички иштер органдарынын, бажы кызматынын жана салык кызматынын аймактык бөлүмдөрүн жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын карамагына өткөрүп берүүдө, ал органдардын кызматкерлери жергиликтүү мамлекеттик администрациянын кызматкерлери болуп калышат жана аларды кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу борбордук мамлекеттик органдын жетекчисинен эмес, райондук мамлекеттик администрация башчысынан – акимден (мындан ары – аким) көз каранды болуп калат.
Ушуга байланыштуу, төмөнкүдөй маселелер пайда болушу мүмкүн.
Мисалы, аймактык бөлүнүштөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын баш ийүүсүнө өткөрүп берилүүчү министрликтердин тизмесине Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигин укук коргоо органы катары кошуу укук коргоо органынын аймактык бөлүмдөрү тийиштүү штаты жана каржылоосу менен бирге жергиликтүү мамлекеттик администрациянын түзүмүнө кошулуп калган кырдаалга алып келиши мүмкүн. Мындан, ички иштер органдарынын штаттык саны жашыруун мүнөздөгү маалымат экенин, ал эми жергиликтүү мамлекеттик администрациянын штаттык саны ачык маалымат экенин эске алуу зарыл.
Ошондой эле, мындай болгон учурда ички иштер органдарынын иши конкреттүү оперативдик абалды аныктоодон турган максаттар менен милдеттерге жараша эмес, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жетекчисинин муктаждыктарынан жана талаптарынан келип чыккан маселелерди чечүү менен аныкталган кырдаалдардын пайда болушуна алып келиши мүмкүн.
Ички иштер органдары тарабынан жүзөгө ашырылуучу иштин өзгөчөлүгү изин суутпай издөө ишин, уюшкан кылмыштуулукка, экстремизм жана терроризм көрүнүштөрүнө каршы турууну жүзөгө ашыруу менен байланышкан маселелерди чечүүнү болжолдойт, бул Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын аймактык бөлүнүштөрүнүн жетекчилерин жана кызматкерлерин дайындоого ыйгарым укуктуу адамдардын ички иштер органдарындагы тиешелүү иш тажрыйбасын жана стажынын болуусун талап кылат. Акимде мындай тажрыйбанын жоктугу кызматка компетенттүүлүгү жок кызматкерлерди дайындоо жана региондордогу ички иштер органдарынын кадрдык потенциалынын начарлашына, ошондой эле криминалдын жергиликтүү бийлик менен биригүүсү үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн кеӊейүү коркунучун өзүнө жүктөйт.
Ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 351-беренесинин 8-пунктуна ылайык (2017-жылдын 30-декабрындагы № 223 (28) Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган) бажы органдарынын системасы жана бажы органдарында кызмат өтөө шарттары мүчө мамлекеттердин мыйзамдары менен белгиленет.
«Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисин жана анын орун басарларын кошпогондо бажы органдарынын кызматкерлери бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
«Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 264-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын жогорку мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин органдарынан сырткары, бажы органдарынын компетенциясын козгоочу чечимдерди кабыл алууга, алардын функцияларын тийиштүү уруксатсыз аткарууга же өзгөртүүгө, аларга кошумча тапшырмаларды жүктөөгө же ушул органдардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келген иш-аракетине башка түрдө кийлигишүүгө укуксуз.
Ушуну менен катар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы белгилегендей Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 47-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүнө ылайык салык органдары жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына баш ийбейт. Салык кызматынын органдары, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген өз ыйгарым укуктарын ишке ашырууда алардын ишине мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кийлигишүүсүнө тыюу салынат.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык адамдын укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын жогорку баалуулуктарына кирет. Кыргыз Республикасынын конституциясынын 45-беренесинде белгиленген билим алууга болгон укук инсандын фундаменталдык укуктарынын бири болуп саналат.
«Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык билим берүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын приоритеттүү стратегиялык багыты болуп саналат.
Аталган Мыйзамдын 34-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык билим берүү системасын башкаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүн мамлекеттик башкаруунун борбордук жана региондук органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
Баяндалгандарды эске алып, Мыйзамдын долбоорунун мазмуну Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарынын чөйрөсүн козгогондуктан, ал эми Мыйзамдын долбоорунда сунушталган өзгөртүүлөр колдонуудагы мыйзамдарга карама-каршы келгендиктен, бир катар тармактык мыйзамдарга тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүүнү же алардын ортосундагы карама-каршылыктарды жоюуну талап кылат.
4. Мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 8-бөлүгүнүн «а)» пунктчасынын онунчу абзацында «аким мыйзамда белгиленген учурларда жана тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчысын ээлеген кызматынан бошотот, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүү жүргүзүүгө, эгерде мындай текшерүү жазык-процесстик мыйзам тартибинде жүргүзүлбөсө, макулдук берет» деп белгилөө сунушталган.
Ошону менен бирге «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык шаарлардын мэриялары, айыл өкмөттөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары болуп саналат.
Ошол эле учурда «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 6-бөлүгүндө белгиленген учурларда шаардын мэри Премьер-министр тарабынан ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн, ошондой эле жогоруда аталган Мыйзамдын 49-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызмат ордунан аким тарабынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
Ошондой эле «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-главасында прокуратура органдары менен текшерүүлөрдү макулдашуунун тартиби аныкталгандыгын эске алууну сунуштайбыз.
5. Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин 8-бөлүгүнүн «в)» пунктчасында «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесин 21-бөлүк менен толуктоо каралган, ага ылайык «тиешелүү министрликтин, мамлекеттик комитеттин же административдик ведомствонун жетекчиси аймактык кызматтын жетекчисин дайындоо же бошотуу жөнүндө акимдин чечимине Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине даттанууга укуктуу, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин чечими чечүүчү болуп эсептелет.».
Ушуну менен бирге «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесинин 2-бөлүгүнүн 15-27-пункттарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындаган жана бошоткон адамдардын тизмеги аныкталган.
6. Мыйзамдын долбоорунун 5-беренесинин 4-бөлүгүнүн тогузунчу абзацында өкүлдүн, ыйгарым укуктуунун жергиликтүү коомдоштуктун иштерин убактылуу башкарууга бир катар ыйгарым укуктарды белгилөө сунушталууда, анын арасында түз мамлекеттик башкаруу киргизилген учурда жергиликтүү кеӊештин бюджетин (эгерде ал тиешелүү жылга бекитилбесе) бекитүү боюнча ыйгарым укуктар каралган.
Бирок Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 13-беренесине ылайык жергиликтүү бюджет - айылдык аймактын жана шаардын жергиликтүү жамаатынын бюджети, аны түзүүнү, бекитүүнү, аткарууну жана контролдоону жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүзөгө ашырат. Жергиликтүү бюджеттер жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актылары менен бекитилет.
Мыйзамдын долбоорунун 5-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган жоболор аталган Кодекстин ченемдери менен карама-каршы келгендигин эске алып, карама-каршылыктарды жоюуну сунуштайбыз.
7. Мыйзамдын долбоорунун 5-беренесинин 15-бөлүгүнүн «б)» пунктчасында «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 46-беренесинин 6-бөлүгүн жаӊы редакцияда берүү сунушталган, ага ылайык «айыл өкмөтүнүн түзүмү жана штаттык расписаниеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген типтүү ченем менен аныкталат. Айыл өкмөтүнүн түзүмүнө участкалык врач, ветеринардык врач, ички иштер органдарынын кызматкери (участкалык инспектор) милдеттүү түрдө кирүүгө тийиш.
Мыйзамдын долбоорунун аталган ченеми «Ветеринария жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 3-бөлүгүнө каршы келет, анткени аталган Мыйзамга ылайык мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдары өз ишинде көз карандысыз болуп саналышат жана Кыргыз Республикасынын ветеринария жагындагы мыйзамдарынын талаптарын жетекчиликке алышат.
Мындан тышкары, «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык ички иштер органдарында кызмат өтөөнүн тартиби жана шарттары ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө жобо тарабынан регламенттелет.
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөөнүн тартибинин жана шарттарынын укуктук жана уюштуруучулук негиздерин, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктук абалын (статусун) жана социалдык камсыздоо кепилдиктерин аныктаган, укук коргоо органдарына кызматка орношууга, кызмат өтөөгө жана аны токтотууга байланышкан мамилелерди жөнгө салган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2018-жылдын 25-июнундагы № 300 токтому) «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин кароосунда тургандыгын маалымат иретинде билдиребиз.
Жалпысынан Мыйзамдын долбоорун «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын талаптарына ылайык жеткире иштеп чыгууну сунуштайбыз.