Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ | ||
|
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 551 токтомуна |
Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык салууну четтетүү жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндөгү макулдашууларын аткаруу тартиби тууралуу ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-декабрындагы № 599 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жобо
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасында мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык салууну четтетүү жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндөгү макулдашууларды (мындан ары - Салыктык макулдашуулар) аткаруу тартибин аныктайт.
2. Салыктык макулдашуулар эл аралык келишимдерге кирет жана Салыктык макулдашуулардын өзүндө жана ушул Жободо каралган тартипте аткарылууга тийиш.
3. Салыктык макулдашуулардын негизги милдеттери макулдашуучу мамлекеттердин ортосунда салык салуу укугун бөлүштүрүү, кирешеге же мүлккө кош салык салууну четтетүү, бир мамлекеттин резидентин экинчи макулдашуучу мамлекетте басмырлоочу салык салуудан коргоо, салык салуудан качууну же Салыктык макулдашуулардын жоболорун кыянаттык менен пайдаланууну болтурбоо, Салыктык макулдашуулардын жоболорун аткарууну камсыздоо үчүн макулдашуучу мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосунда өз ара маалымат алмашуу болуп саналат.
4. Кыргыз Республикасы менен чет мамлекеттердин ортосунда түзүлгөн Салыктык макулдашуулардын жоболору Кыргыз Республикасынын резиденттери, ошондой эле Салыктык макулдашуулар түзүлгөн чет мамлекеттин резиденттери үчүн да бирдей даражада колдонулат.
5. Ушул Жободо колдонулуучу терминдер тиешелүү Салыктык макулдашууларда көрсөтүлгөн мааниде колдонулат.
6. Ушул Жобону колдонуу максатында Кыргыз Республикасында компетенттүү орган деп Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, ыйгарым укуктуу салык органы деп - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы таанылат.
7. Салыктык макулдашуулардын жоболоруна түшүндүрмө берүү максатында колдонулуучу кирешеге жана капиталга кош салык салуудан качуу жөнүндө Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (мындан ары - ЭКӨУ) конвенциясынын Типтүү моделине карата комментарийлерде баяндалган ЭКӨУнун принциптери сунуштама мүнөзүнө ээ.
8. Салыктык макулдашуулар киреше салыгына, капитал, анын ичинде кыймылдуу же кыймылсыз мүлк салыгына карата колдонулат. Колдонулган Салыктык макулдашуунун шарттарына жараша кирешеге салык жана капиталга салык катары кирешенин жалпы суммасынан, капиталдын жалпы суммасынан же болбосо кирешенин же капиталдын айрым элементтеринен алынуучу салыктар, анын ичинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратууда алынган киреше салыгы, эмгек акыдан, маянадан жана жалданып иштөөдөн алынган башка ушул сыяктуу сыйакылардан алынуучу салык, капиталдын өсүшүнүн суммасынан алынуучу салык, ошондой эле чет мамлекеттин резидентинин мүлкүнө салынуучу салык таанылат, эгерде мындай мүлк мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасында катталса.
9. Кыргыз Республикасында Салыктык макулдашуулар колдонулган салыктар юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин пайдасына жана кирешесине салык, жеке жактардан алынуучу киреше салыгы жана мүлк салыгы деп эсептелет. Салыктык макулдашууларга кол коюлган күндөн тартып Кыргыз Республикасында колдонуудагы салыктарга кошумча катары же алардын ордуна алына турган ушул сыяктуу жана маңызы боюнча ага окшош бардык салыктарга карата колдонулат.
10. Чет мамлекеттин резиденти Кыргыз Республикасындагы булактардан алган кирешесине салык салуу тартиби чет мамлекеттин резидентинин алдында карызды жоюунун эсебине киреше төлөнгөн жерине карабастан чет мамлекеттин резиденти Кыргыз Республикасындагы булактардан алган кирешелерине карата колдонула турган Салыктык макулдашуулардын беренесинин тиешелүү пункту жана тиешелүү беренеси менен жөнгө салынат.
11. Кыргыз Республикасынын резиденти чет мамлекеттеги булактан алган кирешесине салык салуу тартиби Кыргыз Республикасынын резидентинин алдында карызды жоюунун эсебине киреше төлөнгөн жерине карабастан Кыргыз Республикасынын резиденти чет мамлекеттеги булактардан алган кирешелерине карата колдонула турган Салыктык макулдашуулардын беренесинин тиешелүү пункту жана тиешелүү беренеси менен жөнгө салынат.
12. Кыргыз Республикасында катталган кыймылдуу жана/же кыймылсыз мүлк түрүндөгү чет мамлекеттин резидентинин капиталы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган тартипте мүлккө салык болуп алынат.
13. Эгерде чет мамлекеттин резиденти туруктуу мекеме түзүү аркылуу Кыргыз Республикасында ишин жүзөгө ашырууга ниеттенсе же Салыктык макулдашуунун шарттарына ылайык Кыргыз Республикасында туруктуу мекеме түзүүнүн белгилери пайда болсо, анда чет мамлекеттин бул резиденти туруктуу мекемени салыктык максаттарда Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө жана тартипте каттоого милдеттүү. Кыргыз Республикасында туруктуу мекеме түзүү аркылуу ишин жүзөгө ашыруучу чет мамлекеттин резидентинин пайдасына Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген тартипте, атап айтканда ушундай туруктуу мекемеге тиешелүү пайдага салык салынат.
14. Чет мамлекеттин резиденти Кыргыз Республикасында туруктуу мекеме түзүү аркылуу ишин жүзөгө ашырууда салыктык милдеттемелерди аткаруу, ошондой эле салыктык карыздарды жоюу боюнча милдет тиешелүү Салыктык макулдашуулардын шарттары менен аныкталган туруктуу мекеменин белгилерине айланган учурдан тартып мындай иш жүргүзүүчү субъектке жүктөлөт.
15. Эгерде чет мамлекеттин резиденти Кыргыз Республикасынын салык кызматынын аракеттери анын кирешесине тиешелүү Салыктык макулдашуунун жоболоруна каршы салык салууга алып келип жатат деп эсептесе, анда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген коргоо каражаттарына карабастан, ал резидент болуп саналган чет мамлекеттин компетенттүү органынын кароосуна өз ишин берүүгө укуктуу.
2-глава. Салыктык макулдашууну колдонуу максатында Кыргыз Республикасынын резидентинин жана чет мамлекеттин резидентинин статусун ырастоо
16. Салыктык макулдашуунун жоболорун колдонуу максатында чет мамлекеттеги киреше булагынан киреше алган Кыргыз Республикасынын резиденти ушул Жобонун 1-тиркемесинде каралган, бекитилген форма боюнча арыз менен Кыргыз Республикасынын салыктык статусун (резиденттигин) ырастаган документти алуу үчүн ыйгарым укуктуу салык органына кайрылууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын резидентинин арызына төмөнкүдөй документтер тиркелет:
- юридикалык жак же жеке ишкер үчүн - салык төлөөчүнүн мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана каттоо картасы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- жеке жак үчүн - идентификациялык картанын - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун (ID-картанын) көчүрмөсү;
- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына жооп берген чет мамлекеттин жараны болуп эсептелген адамды резидент деп таануу үчүн - чет өлкөлүк жарандын паспортунун көчүрмөсү жана Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу же туруктуу турган жерин же туруктуу жашаган жерин ырастоочу документтер;
- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына жооп берген жарандыгы жок адамды резидент деп таануу үчүн - ким экендигин тастыктоочу документ жана убактылуу же туруктуу турган жерин же Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жерин ырастоочу документтер.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-декабрындагы № 599 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Кыргыз Республикасынын салыктык статусун (резиденттигин) ырастоочу документ ушул Жобонун 2-тиркемесинде каралган форма боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын фирмалык бланкында (кагаз жүзүндө) таризделет жана мындай документ берилген календардык жылдын ичинде колдонулат. Ыйгарым укуктуу салык органы арызды алууда Кыргыз Республикасынын резидентинен кандайдыр-бир кошумча документтерди берүүнү талап кылууга укугу жок жана салыктык статус (резиденттик) жөнүндө документти арыз алынган датадан тартып он жумуш күндүн ичинде арыз ээси тарабынан арызда көрсөтүлгөн санда берүүгө милдеттүү. Салыктык милдеттенмелер боюнча карыздын болушу салыктык статус (резиденттик) жөнүндө документти берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-декабрындагы № 599 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Кыргыз Республикасындагы булактан киреше алган жана Салыктык макулдашуунун жоболорун колдонууну каалаган Кыргыз Республикасында туруктуу мекеме түзбөстөн ишин жүзөгө ашырган чет мамлекеттин резиденти салык агенттигине анын салыктык статусун (резиденттигин) ырастоочу документтин түп нускасын мындай документ берилген мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан белгиленген форма боюнча берүүгө милдеттүү.
19. Чет мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан берилген жана Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга арналган чет мамлекеттин резидентинин салыктык статусу (резиденттиги) жөнүндө документ "Апостиль" штампын коюу менен ушул документ мыйзамдаштырылган учурда же чет мамлекет 1961-жылдын 5-октябрында Гаага шаарында түзүлгөн Чет өлкөлүк расмий документтерди мыйзамдаштыруу талабын жокко чыгаруучу конвенциясынын мүчөсү болуп саналгандыгына же саналбагандыгына жараша консулдук мыйзамдаштыруу аткарылган учурда Кыргыз Республикасында кабыл алынат. Мыйзамдаштыруу жөнүндө аталган талап документти мыйзамдаштырууну жокко чыгаруучу жана/же бошотуучу Кыргыз Республикасы менен чет мамлекеттин компетенттүү органынын ортосунда түзүлгөн колдонуудагы эки тараптуу жана/же көп тараптуу эл аралык келишими бар чет мамлекеттин компетенттүү органы берген салыктык статус (резиденттик) жөнүндө документке карата колдонулбайт. Эгерде чет мамлекеттин резидентинин салыктык статусу (резиденттик) жөнүндө документи чет тилде жазылган болсо, анда ал анын мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу менен бирге салык агентине берилет.
20. Салыктык макулдашуунун жоболорун колдонуу максатында Кыргыз Республикасындагы булактан киреше алган жак ушул жактын салыктык статусу (резиденттиги) жөнүндө документте көрсөтүлгөн мезгилдин аралыгында Кыргыз Республикасы менен Салыктык макулдашуу түзүлгөн чет мамлекеттин резиденти болуп таанылат. Эгерде салыктык статус (резиденттиги) жөнүндө документте убакыт мезгили көрсөтүлбөгөн болсо, мындай жак документ чет мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан берилген бардык календардык жылдын аралыгында Кыргыз Республикасы менен Салыктык макулдашуу түзүлгөн чет мамлекеттин резиденти болуп таанылат.
3-глава. Кыргыз Республикасында туруктуу мекеме түзбөстөн ишин жүзөгө ашыруучу чет мамлекеттин резидентинин кирешесине салык салуу
21. Салыктык макулдашуулардын тиешелүү пункттарында колдонулуучу "салык салынышы мүмкүн" жана "ошондой эле салык салынышы мүмкүн" деген сөз айкаштары Кыргыз Республикасында туруктуу мекеме түзбөстөн ишин жүзөгө ашырган чет мамлекеттин резидентинин (мындан ары - чет мамлекеттин резиденти) аталган сөз айкаштары колдонулган кирешелери колдонулуучу Салык макулдашууларында белгиленген, бирок төлөм булагынан салык агенти тарабынан кирешелердин ушундай түрлөрүнө салык салуу үчүн Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган ставкадан жогору эмес Кыргыз Республикасында салык салынууга тийиш дегенди билдирет. Эгерде Салыктык макулдашуу менен жагдайларда колдонулуучу салыктын ставкасы белгиленбеген болсо, анда Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген салык ставкасы колдонулат.
22. Ушул Жобонун 21-пунктун аткарууда Салыктык макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасында салык салууга тийиш болгон чет мамлекеттин резидентинин кирешесине салык кирешени төлөө учурунда салык агенти тарабынан эсептелет жана кармалат. Чет мамлекеттин резидентинин кирешесинен кармалган салыкты төлөө боюнча салыктык милдеттенме Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген тартипте жана мөөнөттө салык агенти тарабынан аткарылат. Салык агентинин Салыктык макулдашууга ылайык төлөм булагынан салык кармап калуу милдеттенмесине байланыштуу чет мамлекеттин резидентинен киреше салыгы ушул салык агенти тарабынан кармалбаса же толук эмес кармалса, анда салык агенти кармалбаган салыктын суммасын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык эсептелген туум айыпты жана салыктык санкцияларды төлөөгө милдеттүү.
23. Чет мамлекеттин резидентинин кирешесинен салык агенти кармап калган салыгы колдонулуучу Салыктык макулдашууда жана резиденттин чет мамлекетинин салыктык мыйзамдарында белгиленген эсепке алуу методуна ылайык чет мамлекеттин резиденти тарабынан эсепке алынууга тийиш.
24. Салыктык макулдашуулардын тиешелүү пункттарында колдонулуучу "гана салык салынат", "гана салынат" "гана салык салынышы керек", "гана салык салынууга тийиш", "гана салык салынат", "гана салыктар салынышы мүмкүн" деген сөз айкаштары чет мамлекеттин резидентинин аталган сөз айкаштары колдонулган кирешелерине Салыктык макулдашуулар түзүлгөн чет мамлекетте гана жана ошол чет мамлекеттин салыктык мыйзамдарына ылайык салык салынууга тийиш экендигин билдирет, эгерде Салыктык макулдашуунун беренесинин тиешелүү пунктунан тикелей башка нерсе чыкпаса.
4-глава. Кыргыз Республикасында туруктуу мекеме аркылуу ишин жүзөгө ашыруучу чет мамлекеттин резидентинин пайдасына салык салуу
25. Кыргыз Республикасында туруктуу мекеме түзүү менен ишин жүзөгө ашыруучу чет мамлекеттин резидентинин пайдасына Кыргыз Республикасында пайдага салык салынат. Мында туруктуу мекеменин пайдасы Кыргыз Республикасында туруктуу мекеме болуп саналган чет мамлекеттин резидентинен толук көз карандысыз жана мындай же ушул сыяктуу шарттарда иштеген ушундай же ушул сыяктуу иш менен алектенген өз алдынча жана өзүнчө ишкана болуу менен ал алып кете ала турган ушундай туруктуу мекемеге кирген бөлүгүнө гана салык салынат. Туруктуу мекеменин пайдасын аныктоодо колдонулуучу Салыктык макулдашууда каралгандардан башканы эсепке алуу менен туруктуу мекеменин максаттары, анын ичинде башкаруучулук жана/же жалпы администрациялык чыгымдары үчүн чет мамлекеттин резиденти тарткан чыгымдарды эсептен чыгарууга жол берилет.
5-глава. Кош салык салууну четтетүү. Чет мамлекетте туруктуу мекеме түзбөстөн иш жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын резидентинин кирешесине салык эсептөө методун колдонуу
26. Ар бир учур үчүн кош салык салууну четтетүү каралып жаткан жагдай үчүн колдонулуучу Салыктык макулдашууда көрсөтүлгөн тартипке жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык жүзөгө ашырылат.
27. Салыктык макулдашууну аткарууга байланыштуу эсептөө методун колдонуу чет мамлекетте төлөнгөн Кыргыз Республикасынын резидентинин кирешесине салыктын суммасы ушундай эле резиденттин Кыргыз Республикасындагы пайдасына салык же киреше салыгы боюнча салыктык милдеттенмелерди эсептөөдө эсепке алына турган жол-жобону түшүндүрөт.
28. Чет мамлекетте төлөнгөн Кыргыз Республикасынын резидентинин киреше салыгы мындай резиденттин пайдага салык же киреше салыгы боюнча салыктык милдеттенмелерин аныктоодо (анын салыктык статусуна карабастан) бир эле мезгилде төмөнкү шарттар сакталганда эсепке алынат:
- Кыргыз Республикасынын резидентинин мындай кирешеси иш жүзүндө Салыктык макулдашуунун жоболоруна жана тиешелүү чет мамлекеттин салыктык мыйзамдарына ылайык төлөм булагынан чет мамлекетте салык салынууга тийиш болсо, жана;
- мындай киреше Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жоболоруна ылайык Кыргыз Республикасындагы резиденттин жылдык жыйынды кирешесинин бир бөлүгү болуп таанылса, жана;
- Кыргыз Республикасынын резиденти жалпы салыктык режимди пайдалануу менен пайдага салык боюнча өзүнүн салыктык милдеттенмелерин аныктаса, же
- Кыргыз Республикасынын резиденти киреше салыгы боюнча жалпы салык режимин колдонуу менен өзүнүн салыктык милдеттенмелерин аныктаса, же;
- Кыргыз Республикасынын резиденти өзүнүн салыктык милдеттенмелерин киреше салыгы боюнча аныктаса.
29. Чет мамлекетте төлөнгөн Кыргыз Республикасынын резидентинин кирешесине салыктын суммасын эсепке алуу үчүн негиз кирешесинин түрү, киреше алынган календардык жылы, Кыргыз Республикасынын резидентинин чет мамлекетте алган кирешесине салыктын суммасы жана чет мамлекетте салык төлөгөн күнү (мезгили) көрсөтүлгөн чет мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан берилген же күбөлөндүрүлгөн документ болуп саналат. Чет тилде түзүлгөн документ мамлекеттик же расмий тилдеги нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу менен бирге берилет.
30. Кыргыз Республикасынын резидентинин чет мамлекетте төлөнгөн кирешесине салык салыктык жыл аяктаганда Кыргыз Республикасынын резиденти тиешелүү салыктык мезгил үчүн бирдиктүү салык декларациясын түзгөн учурда эсепке алынат, анда Кыргыз Республикасынын резидентинин чет мамлекетте алган кирешеси да, чет мамлекетте төлөнгөн, эсепке алууга тийиштүү салыктын суммасы да көрсөтүлөт. Кыргыз Республикасынын резидентинин чет мамлекетте төлөнгөн кирешесине салыктын эсепке алынган суммасынын өлчөмүн аныктоодо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чет мамлекетте салык төлөнгөн күнгө карата белгиленген курсу колдонулат.
31. Салыктын эсепке алынган суммасы төмөнкүлөр менен чектелет:
а) пайдага салык же киреше салыгы боюнча салыктык милдеттенмелерди аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык белгиленген салыктын ставкасын пайдалануу менен Кыргыз Республикасынын резидентинин кирешесине карата чет мамлекетте эсептелиши мүмкүн болгон салыктын суммасы; жана
б) чет мамлекеттеги киреше булагынан кирешени камтыган салыктык мезгилде пайданын жалпы суммасына же кирешенин жалпы суммасына карата Кыргыз Республикасында колдонулуучу салыктын ставкасы менен эсептелген пайдага салык же киреше салыгы боюнча Кыргыз Республикасынын резидентинин салыктык милдеттенмесинин суммасы.
32. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жоболоруна ылайык эсептен чыгарылууга тийиш болгон Кыргыз Республикасынын резидентинин чыгымдарынын өлчөмү чет мамлекеттеги киреше булагынан кирешени камтыган жылдык жыйынды кирешенин суммасынан ашып кеткен учурда, мындай резидент эсепке алуу методун колдонууга укуктуу эмес.
33. Чет мамлекетте төлөнгөн салыктын суммасын эсепке алуу методун колдонуу менен Кыргыз Республикасында пайдага салыкты (киреше салыгын) эсептөөнүн мисалдары:
№ 1 мисал
Салыктык жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын резиденти:
- Кыргыз Республикасында 20 млн. сом суммасында киреше алган;
- чет мамлекетте пайыздар боюнча 100 миң евро суммасында киреше алган, ал Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - КРУБ) курсу боюнча 8 млн. сомду түзөт;
- киреше алуу менен байланыштагы тарткан чыгымы 15 млн. сомду түзөт.
Салык макулдашуусунун жоболоруна жана чет мамлекеттин салык мыйзамдарына ылайык чет мамлекетте төлөм булагынын пайызынан алынган салык 10%ды түзөт. Кирешеге төлөнгөн салыктын суммасы 100 миң еврону түзөт х 10% = 10 миң евро.
Кыргыз Республикасында пайдага салыктын ставкасы 10%ды түзөт, ошондуктан Кыргыз Республикасында эсепке алынган салыктын өлчөмүн аныктоо үчүн колдонулуучу салыктын ставкасы боюнча чектөө да 10%ды түзөт жана иш жүзүндөгү эсепке алуу 10 миң евродон ашык эмес суммага жүргүзүлүшү мүмкүн, бул чет мамлекетте салык төлөнгөн күнгө карата белгиленген КРУБ курсу боюнча 800 миң сомду түзөт.
Бирдиктүү салык декларациясын түзүүдө:
- жылдык жыйынды киреше 20 млн. сом + 8 млн. сом = 28 млн. сомду түзөт;
- эсептен чыгарууга тийиш болгон чыгымдар 15 млн. сомду түзөт;
- салык салынуучу пайда 28 млн. сом - 15 млн. сом = 13 млн. сомду түзөт.
- чет мамлекетте төлөнгөн салык боюнча эсепке алуу методун колдонууга чейинки пайдага салык: 13 млн. сом х 10% = 1,3 млн. сомду түзөт;
- чет мамлекетте төлөнгөн салыкты эсепке алууга 800 миң сом суммасында жол берилет;
- чет мамлекетте төлөнгөн салыкты эсепке алуу методун колдонуу менен пайдага салык боюнча жыйынтык милдеттенме 1,3 млн. сом - 800 миң сом = 500 миң сомду түзөт.
№ 2 мисал
№ 1 мисалдын шарттарынан улам, эгерде чет мамлекетте төлөм булагынан алынган салык 5%ды түзсө, пайдага салык боюнча салыктык милдеттенмелерди эсептейбиз.
Бул учурда Кыргыз Республикасында эсепке алынган салыктын өлчөмүн аныктоо үчүн колдонулуучу салыктын ставкасы боюнча чектөө 5%ды түзөт жана иш жүзүндөгү эсепке алуу 5 миң евродон ашык эмес суммага жүргүзүлүшү мүмкүн, бул чет мамлекетте салык төлөнгөн күнгө карата белгиленген КРУБ курсу боюнча 400 миң сомду түзөт. Чет мамлекетте төлөнгөн салыкты эсепке алуу методун колдонуу менен пайдага салык боюнча жыйынтык милдеттенме өзгөрөт жана: 1,3 млн. сом - 400 миң сом = 900 миң сомду түзөт.
№ 3 мисал
№ 1 мисалдын шарттарынан улам, эгерде чет мамлекетте төлөм булагынан алынган салык 15%ды түзсө, пайдага салык боюнча салыктык милдеттенмелерди эсептейбиз.
Бул учурда Кыргыз Республикасында эсепке алынган салыктын өлчөмүн аныктоо үчүн колдонулуучу салыктын ставкасы боюнча чектөө 10%ды түзөт жана иш жүзүндөгү эсепке алуу 10 миң евродон ашпаган суммага жүргүзүлүшү мүмкүн, бул чет мамлекетте салык төлөнгөн күнгө карата белгиленген КРУБ курсу боюнча 800 миң сомду түзөт. Чет мамлекетте төлөнгөн салыкты эсепке алуу методун колдонуу менен пайдага салык боюнча жыйынтык милдеттенме өзгөрөт жана: 1,3 млн. сом - 800 миң сом = 500 миң сомду түзөт.
№ 4 мисал
№ 1 мисалдын шарттарынан улам, эгерде кирешени алуу менен байланышкан жана эсептен чыгарууга тийиш болгон чыгымдар 25 млн. сомду түзсө, пайдага салык боюнча салыктык милдеттенмелерди эсептейбиз.
Бирдиктүү салык декларациясын түзүүдө:
- жылдык жыйынды киреше 20 млн. сом + 8 млн. сом = 28 млн. сомду түзөт;
- эсептен чыгарууга тийиш болгон чыгымдар 25 млн. сомду түзөт;
- салык салынуучу пайда 28 млн. сом - 25 млн. сом = 3 млн. сомду түзөт;
- чет мамлекетте төлөнгөн салык боюнча эсепке алуу методун колдонууга чейинки пайдага салык: 3 млн. сом х 10% = 300 миң сомду түзөт.
Чет мамлекетте төлөнгөн салыктын суммасы эсепке алуу методун колдонууга чейинки эсептелген пайдага салыктын суммасынан жогору болгондуктан, салыкты эсепке алууга эсепке алуу методун колдонууга чейинки эсептелген пайдага салыктын суммасынан ашпаган суммада жол берилет, башкача айтканда 300 миң сомду түзөт.
Чет мамлекетте төлөнгөн салыкты эсепке алуу методун колдонуу менен пайдага салык боюнча жыйынтык милдеттенме: 300 миң сом - 300 миң сом = 0 миң сомду түзөт.
6-глава. Кош салык салууну четтетүү. Чет мамлекетте туруктуу мекеме аркылуу иш жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын резиденти тарабынан төлөнгөн салыкты эсепке алуу методун колдонуу
34. Чет мамлекетте туруктуу мекеме аркылуу иш жүргүзгөн (мындан ары - туруктуу мекеме) Кыргыз Республикасынын резидентинин пайдасына бул чет мамлекеттин салыктык мыйзамдарынын жоболоруна ылайык ошол чет мамлекетте салык салынат.
35. Туруктуу мекеме тарабынан төлөнгөн салык Кыргыз Республикасында пайдага салык боюнча ушундай резиденттин салыктык милдеттенмелерин аныктоодо эсепке алынат.
36. Бирдиктүү салык декларациясын даярдоодо Кыргыз Республикасынын резиденти бирдиктүү салык декларациясына туруктуу мекеме тарабынан алынган кирешелерди жана туруктуу мекемеге тиешелүү чыгымдарды киргизет (туруктуу мекеменин салыгы боюнча чыгымдарды кошпогондо). Чет мамлекеттеги Кыргыз Республикасынын резидентинин туруктуу мекемеси катталган жери боюнча берилген салык декларациясы (же чет мамлекетте колдонулуучу салыктык отчёттун башка документи) бирдиктүү салык декларациясындагы кирешелерди жана чыгымдарды таануу үчүн негиз болуп саналат. Туруктуу мекеменин кирешелерин жана чыгымдарын бирдиктүү салык декларациясында чагылдыруу үчүн салыктык жылдын 31-декабрына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы белгилеген расмий курсу колдонулат, Кыргыз Республикасынын резиденти аны менен бирдиктүү салык декларациясын берет.
37. Туруктуу мекеме тарабынан төлөнгөн салык салыктык жыл аяктаганда Кыргыз Республикасынын резиденти бирдиктүү салык декларациясын түзүүдө эсепке алынат, анда чет мамлекетте төлөнгөн туруктуу мекеменин салык боюнча эсепке алынууга тийиштүү суммасы көрсөтүлөт. Эсепке алынууга тийиштүү салыктын өлчөмүн белгилөө үчүн ушул Жобонун 31 жана 32-пункттарында аталган чектөөлөр колдонулат. Туруктуу мекеменин салык боюнча эсепке алынган суммасынын өлчөмүн аныктоодо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чет мамлекетте салык төлөнгөн күнгө карата белгиленген курсу колдонулат.
38. Чет мамлекеттеги туруктуу мекеме тарабынан төлөнгөн Кыргыз Республикасынын резидентинин салыгынын суммасын эсепке алуу үчүн төмөнкү документтер негиз болуп эсептелет:
- чет мамлекеттеги Кыргыз Республикасынын резидентинин туруктуу мекемеси тарабынан чет мамлекетте салык салынуучу киреше алынган календардык жылды, салыктын суммасын жана чет мамлекетте анын төлөнгөн күнүн көрсөтүү менен чет мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан берилген же күбөлөндүрүлгөн документ; же болбосо
- чет мамлекеттеги Кыргыз Республикасынын резидентинин туруктуу мекемеси тарабынан түзүлгөн чет мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан күбөлөндүрүлгөн салык декларациясынын (же чет мамлекетте колдонулуучу салыктык отчёттун башка документинин) көчүрмөсү, анда салыктык мезгилдеги туруктуу мекеменин салык боюнча салыктык милдеттенмеси болуп таанылган суммасы көрсөтүлөт; жана
- чет мамлекеттеги туруктуу мекеме тарабынан салык төлөнгөндүгүн ырастоочу Кыргыз Республикасынын резиденти тарабынан күбөлөндүрүлгөн төлөм документинин көчүрмөсү.
39. Чет мамлекеттеги туруктуу мекеме тарабынан төлөнгөн салыктын суммасын эсепке алуу методун колдонуу менен Кыргыз Республикасында пайдага салыкты эсептөөнүн мисалы:
Салыктык жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын резиденти:
- Кыргыз Республикасында 20 млн. сом суммасында киреше алган;
- туруктуу мекеменин чет мамлекетте алынган жана туруктуу мекеменин салык боюнча декларациясында чагылдырылган 200 миң евро өлчөмүндөгү же Кыргыз Республикасынын резиденти тарабынан бирдиктүү салык декларациясы берилген салыктык жылдын 31-декабрына карата КРУБ курсу боюнча 16 млн. сом кирешеси;
- кирешени алуу менен байланышкан чыгым тарткан, ал 15 млн. сом суммасын түзөт;
- туруктуу мекеменин салык боюнча декларациясында чагылдырылган туруктуу мекеменин чыгымдары 100 миң еврону же салыктык жылдын 31-декабрына карата КРУБ курсу боюнча 8 млн. сомду түзөт;
- чет мамлекеттеги туруктуу мекеменин пайдасынан алынган салыктын ставкасы 15%ды түзөт;
- чет мамлекеттеги туруктуу мекеменин салык салынуучу кирешеси 200 миң евро - 100 миң евро = 100 миң еврону түзөт;
- туруктуу мекеменин төлөгөн салыгы 100 миң евро х 15% = 15 миң еврону түзөт.
Кыргыз Республикасында пайдага салыктын ставкасы 10%ды түзөт, ошондуктан Кыргыз Республикасында эсепке алынган салыктын өлчөмүн аныктоо үчүн колдонулуучу салыктын ставкасы боюнча чектөө да 10%ды түзөт жана иш жүзүндөгү эсепке алуу 10 миң евродон ашык эмес суммага жүргүзүлүшү мүмкүн, бул чет мамлекеттеги туруктуу мекеменин пайдасынан салыкты төлөө боюнча милдеттенмени аткаруу күнүнө карата белгиленген КРУБ курсу боюнча 800 миң сомду түзөт.
Бирдиктүү салык декларациясын түзүүдө:
- жылдык жыйынды киреше 20 млн. сом + 16 млн. сом = 36 млн. сомду түзөт;
- эсептен чыгарууга тийиш болгон чыгымдар 15 млн. сом + 8 млн. сом = 23 млн. сомду түзөт;
- салык салынуучу пайда 36 млн. сом - 23 млн. сом = 13 млн. сомду түзөт;
- чет мамлекетте төлөнгөн салык боюнча эсепке алуу методун колдонууга чейинки пайдага салык: 13 млн. сом х 10% = 1,3 млн. сомду түзөт;
- чет мамлекеттеги туруктуу мекеме тарабынан төлөнгөн салыкты эсепке алууга 800 миң сом суммасында жол берилет;
- чет мамлекеттеги туруктуу мекеме тарабынан төлөнгөн салыкты эсепке алуу методун колдонуу менен Кыргыз Республикасында пайдага салык боюнча жыйынтык милдеттенме 1,3 млн. сом - 800 миң сом = 500 миң сомду түзөт.
7-глава. Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттик резиденттин кирешесинен салык агенти тарабынан кармалып, төлөнгөн салыгын кайтарып берүү
40. Салыктык агент тарабынан киреше төлөм булагынан салыктын кармалышына макул болбогон же тиешелүү Салыктык макулдашууда каралган салыктын төмөндөтүлгөн ставкасын колдонууга талапкер болгон чет мамлекеттин резиденти төлөнгөн салыкты же анын бөлүгүн кайтаруу максатында, өз алдынча же салык өкүлү аркылуу аракеттенүү менен салык агентинин салыктык катталган жери боюнча салык органына ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык формада төлөнгөн салыкты (анын бөлүгүн) кайтаруу жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. Арыз Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген салыктык милдеттенме боюнча доонун эскирүү мөөнөтүндө берилиши мүмкүн, доонун эскирүү мөөнөтү салык агентине салык төлөө үчүн белгиленген салыктык мезгил аяктагандан кийинки күндөн тартып эсептелет. Доонун эскирүү мөөнөтү аяктагандан кийин берилген арыздар каралбайт.
Чет мамлекеттин резиденти арыз менен бирге төмөнкү документтерди берет:
а) төлөнгөн салыкты же анын бөлүгүн дивидендден кайтарууга арыз берилген учурда - салыктык (резиденттик) статус жөнүндө документ, акционерлердин реестринен көчүрмө же юридикалык жактын мүлкүндөгү чет мамлекеттин резидентинин үлүшүнүн өлчөмүн ырастоочу нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн же жетекчинин колу коюлган жана юридикалык жактын мөөрү басылган уюштуруучулук документтердин көчүрмөлөрү, ошондой эле төлөнүүгө тийиштүү дивиденддердин өлчөмүн аныктоо жөнүндө маселе боюнча протоколдон (чечимден) көчүрмө, чет мамлекеттин резиденти тарабынан дивиденд түрүндөгү киреше алгандыгын ырастоочу бухгалтердик эсептин баштапкы документтеринин көчүрмөлөрү;
б) башка учурларда - салыктык (резиденттик) статус жөнүндө документ, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн же жетекчинин колу коюлган жана юридикалык жактын мөөрү басылган тиешелүү контракттардын (келишимдердин, макулдашуулардын) көчүрмөлөрү, чет мамлекеттин резидентинин Кыргыз Республикасындагы киреше булагынан киреше алгандыгын ырастоочу бухгалтердик эсепке алуучу баштапкы документтердин көчүрмөлөрү.
Салык агенти тарабынан төлөнгөн салыкты кайтаруу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн башка документтерди талап кылууга жол берилбейт.
41. Салык органы төлөнгөн салыкты кайтаруу жөнүндө арыз келип түшкөндөн тартып он жумуш күндөн кечиктирбей аны карап чыгууга, төлөнгөн салыкты же анын бөлүгүн кайтарууну канааттандыруу же кайтаруудан баш тартуу жөнүндө чечим чыгарууга жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган тартипте чет мамлекеттин резидентине (салык өкүлүнө) чечимди берүүгө милдеттүү. Чет мамлекеттин резидентинин (салыктык өкүлүнүн) арызын канааттандыруу тууралуу чечимде чет мамлекеттин резидентинин киреше төлөм булагынан салык агенти тарабынан кармалып, салык агенти чет мамлекеттин резидентине кайтаруучу салыктын ашыкча төлөнгөн суммасы көрсөтүлөт.
42. Берилген документтерде (маалыматтарда) аталган жагдайларды ырастоо үчүн салык органы чет мамлекеттин салык органына жана (же) башка компетенттүү органына суроо-талап жиберүүгө укуктуу. Салыкты кайтаруу жөнүндө арызды карап чыгуу мөөнөтү чет мамлекеттин компетенттүү органынан жооп алганга чейин берилет, бирок арыз алынган күндөн үч айдан ашык болбоого тийиш.
43. Чет мамлекеттин резидентинин (салык өкүлүнүн) арызын канааттандыруу тууралуу чечим чет мамлекеттин резиденти үчүн салык агенти тарабынан киреше төлөм булагынан кармалып, салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын кайтарууну талап кылуу үчүн негиз болуп саналат. Чет мамлекеттин резиденти салык агентине кайтаруу тууралуу талапты жана төлөнгөн салыкты же анын бөлүгүн кайтаруу жөнүндө чет мамлекеттин резидентинин (салык өкүлүнүн) арызын канааттандыруу тууралуу салык органынын чечиминин көчүрмөсүн берет.
44. Салык агенти төлөнгөн салыкты же анын бөлүгүн кайтаруу жөнүндө чет мамлекеттин резидентинин (салык өкүлүнүн) арызын канааттандыруу тууралуу салык органынын чечиминин көчүрмөсүн алган учурда киреше төлөм булагынан салык агенти кармап калган такталган салык отчетун Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган тартипте салык органына берүүгө укуктуу.
45. Чет мамлекеттин резидентине ашыкча төлөнгөн сумманы кайтаруу салык агенти тарабынан жүргүзүлөт. Салык агенти ашыкча төлөнгөн сумманы кайтаруудан баш тартканда, же салык органынын чечиминде көрсөтүлгөндөн аз өлчөмдө кайтарган учурда чет мамлекеттин резиденти салык агентине ашыкча төлөнгөн сумманы өндүрүп алуу жөнүндө доо менен Кыргыз Республикасынын сотуна кайрылууга укуктуу.
46. Төлөнгөн салыкты же анын бөлүгүн кайтаруу жөнүндө чет мамлекеттин резидентинин арызын канааттандыруудан баш тартылган чечим Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген даттануу жол-жоболоруна ылайык чет мамлекеттин резиденти тарабынан даттанылышы мүмкүн.
8-глава. Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттик уюмдун туруктуу мекемеси же салык агенти тарабынан Кыргыз Республикасында туруктуу мекеме түзбөстөн иш жүргүзүүчү чет мамлекеттин резидентинин кирешесинен пайдага салык төлөнгөндүгүн ырастоо
47. Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттин резидентинин туруктуу мекемеси өз алдынча же салык өкүлү аркылуу туруктуу мекеменин салыктык катталган жери боюнча салык органына Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме тарабынан пайдага салык төлөнгөндүгүн ырастоочу документти берүү жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.
48. Салык агенти тарабынан Кыргыз Республикасында туруктуу мекеме түзбөстөн иш жүргүзгөн чет мамлекеттин резидентинин кирешесинен салык төлөнгөндүгүн ырастоо үчүн чет мамлекеттин мындай резиденти өз алдынча же салык өкүлү аркылуу тиешелүү документти берүү жөнүндө арыз менен салык агентинин салыктык катталган жери боюнча салык органына кайрылууга укуктуу.
49. Арыз ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык формада түзүлөт. Арыз Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген салыктык милдеттенме боюнча доонун эскирүү мөөнөтүндө берилиши мүмкүн, доонун эскирүү мөөнөтү салык агентине салык төлөө үчүн белгиленген салыктык мезгил аяктагандан кийинки күндөн тартып эсептелет. Доонун эскирүү мөөнөтү аяктагандан кийин берилген арыздар каралбайт.
50. Арызды алган учурда салык органынын арыз берүүчүдөй кандайдыр бир кошумча документтерди талап кылууга укугу жок жана Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеменин пайдасына салык төлөнгөндүгүн ырастоочу же салык агенти тарабынан Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттин резидентинин кирешесине салыктын төлөнгөндүгүн ырастоочу документти арыз алгандан кийин он күндүн ичинде берүүгө милдеттүү.
51. Салык органы ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык формада түзүлгөн документти (маалымкатты) берет. Документте салык салынуучу пайда же салык агенти тарабынын салык салынууга тийиштүү киреше алынган календардык жыл, пайдага салыктын суммасы же кирешеге салыктын суммасы жана пайдага же Кыргыз Республикасында кирешеге салык төлөө датасы (мезгили) көрсөтүлөт.
| Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык салууну четтетүү жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндөгү макулдашууларын аткаруу тартиби тууралуу жобонун 1-тиркемеси |
Форма
Кыргыз Республикасынын салыктык статусун (резиденттигин) ырастоо жөнүндө АРЫЗ
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-декабрындагы № 599 токтомунун редакциясына ылайык)
Кимге: _____________________________________________________________________________________
(ыйгарым укуктуу салык органынын жетекчиси)
___________________________________________________________________________________________
(юридикалык жактын толук аталышы, жеке ишкердин, жеке жактын аты-жөнү)
ИСН: ______________________________________________________________________________________
Юридикалык дареги: _________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________
Телефон: ___________________________________________________________________________________
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен ________________________________________________________
__________________________________________________________________________________ Өкмөтүнүн
(Макулдашуу түзүлгөн чет мамлекеттин аталышы)
ортосундагы Кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык салууну болтурбоо (четтетүү) жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну колдонуу максатында Кыргыз Республикасынын салыктык статусун (резиденттигин) ырастоо үчүн сертификат берүүнү өтүнөм.
Сертификаттардын суралган саны ______________________________________________________________
(1ден 5ке чейинки цифраларды көрсөтүңүз)
Тиркелген документтер (көчүрмөлөр):
£ Юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк
£ Жеке ишкердин күбөлүгү
£ Салык төлөөчүнүн каттоо картасы
£ Идентификациялык карта (ID-карта)
£ Чет өлкөлүк жарандын паспорту же ким экендигин ырастоочу документ жана Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу же туруктуу турган жерин же туруктуу жашаган жерин ырастоочу документтер.
Арыз ээси берилген документтерде камтылган маалыматтар анык экендигин ырастайт.
________________________________________________ | (Мөөрү, эгер болсо) | ____________________________ |
(Юридикалык жактын жетекчисинин, жеке ишкердин же жеке жактын аты-жөнү) | (колу) |
|
| Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык салууну четтетүү жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндөгү макулдашууларын аткаруу тартиби тууралуу жобонун 2-тиркемеси |
Форма
Кыргыз Республикасынын салыктык статусу (резиденттиги) жөнүндө СЕРТИФИКАТ
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-декабрындагы № 599 токтомунун редакциясына ылайык)
_______________________________________________________________________________ ушуну менен,
(ыйгарым укуктуу салык органынын аталышы)
___________________________________________________________________________________________
(юридикалык жактын аталышы, жеке ишкердин же жеке жактын-резиденттин аты-жөнү)
_________________________________________________________ идентификациялык салык номери (ИСН)
Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналат.
Резиденттикти ырастоочу ушул сертификат Кыргыз Республикасы менен _____________________________
(мамлекеттин аталышы)
ортосунда түзүлгөн Кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык салууну болтурбоо (четтетүү) жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуунун жоболорун колдонуу максатында _________________________________________________ салык органдарына көрсөтүү үчүн берилген.
(мамлекеттин аталышы)
Кыргыз Республикасынын резидентинин статусун ырастоочу сертификат _______________________ жылга чейин жарактуу.
__________________________________ | _____________________ | ___________________________________ |
(кызматы) | (колу) | (аты-жөнү) |
|
|
|
|
| М.О. |
|
| Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык салууну четтетүү жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндөгү макулдашууларын аткаруу тартиби тууралуу жобонун 3-тиркемеси |
Форма
Төлөнгөн салыкты (бөлүгүн) кайтаруу жөнүндө АРЫЗ
1. Чет мамлекеттин резидентинин толук аталышы:
_____________________________________________________________________________________
Резиденттик өлкө: _____________________________________________________________________
Жайгашкан жеринин юридикалык жана иш жүзүндөгү дареги: ________________________________
_____________________________________________________________________________________
Идентификациялык код: _______________________________________________________________
2. Салыктык өкүлдүн толук аталышы: ___________________________________________________
_____________________________________________________________________________________
Жайгашкан жеринин юридикалык жана иш жүзүндөгү дареги, байланыш маалыматтары: ________
_____________________________________________________________________________________
3. Киреше булагы тууралуу маалымат:
_____________________________________________________________________________________
(киреше төлөнгөн жактын толук аталышы, юридикалык дареги, ИСН)
4. Салык салуу объектиси тууралуу маалымат:
Пайыздар c Дивиденддер c Роялти c Башка кирешелер c
(Кыргыз Республикасындагы төлөм булагынан салык салуу объектисин көрсөтүңүз)
_____________________________________________________________________________________
(Кыргыз Республикасында киреше алган ай жана жылды көрсөтүңүз)
5. Чет мамлекеттин резидентинин Кыргыз Республикасында алган кирешесинин суммасы
_____________________________________________________________________________________
(салык салуу объектиси боюнча чет мамлекеттин резидентине киреше төлөнгөн күнүнө карата
белгиленген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча сом менен көрсөтүлөт)
6. Кыргыз Республикасы менен __________________________________________________________
(мамлекеттин аталышы)
ортосунда түзүлгөн Кош салык салууну четтетүү жөнүндө макулдашуунун
______________ беренесинин _________________ пунктуна ылайык же Кыргыз Республикасынын
Салык кодексинде белгиленген шарттар боюнча ____________% өлчөмүндө салыктын
ставкасын колдонуу менен чет мамлекеттин резидентинин кирешесинен Кыргыз Республикасында
кармалып калган жана төлөнгөн салыктын суммасы: _____________________________________________
(салык салуу объектиси боюнча чет мамлекеттин
резидентине киреше төлөнгөн күнүнө
карата белгиленген Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкынын курсу боюнча сом менен көрсөтүлөт)
7. Кыргыз Республикасы менен ____________________________________________________________
(мамлекеттин аталышы)
ортосунда түзүлгөн Кош салык салууну четтетүү жөнүндө макулдашуунун
______________ беренесинин _________________ пунктуна ылайык же Кыргыз Республикасынын
Салык кодексинде белгиленген шарттар боюнча _____________% өлчөмүндө салыктын
ставкасын колдонуу менен чет мамлекеттин резидентине кайтарууга тийиш болгон салыктын
суммасы __________________________________________________________________________________.
Арыз ээси берилген документтерде камтылган маалыматтар ишенимдүү экендигин тастыктайт.
Тиркелген документтер (көчүрмөлөрү):
c Жобонун 29-пунктунда көрсөтүлгөн документтер
c Жобонун 38-пунктунда көрсөтүлгөн документтер
________________________________________ (Юридикалык жактын жетекчисинин, жеке ишкердин же жеке жактын аты-жөнү) | (Мөөрү, эгер бар болсо) | _____________________ (Колу) |
8. Салык органынын чечими:
_____________________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________
Салык органынын кызмат адамы:
_____________________________________________________________________________________
(аты-жөнү жана кызматы)
М.О. | Колу: _____________________ |
|
| Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык салууну четтетүү жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндөгү макулдашууларын аткаруу тартиби тууралуу жобонун 4-тиркемеси |
Форма
Кыргыз Республикасында салыктын төлөнгөндүгүн ырастоо жөнүндө АРЫЗ
1. Кыргыз Республикасынын ____________________________________________________________
(Макулдашуу түзүлгөн чет мамлекеттин аталышы)
менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык салууну четтетүү жана салыктарды
төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндөгү макулдашууну колдонуу максатында
Кыргыз Республикасында салыктын төлөнгөндүгүн ырастап берүүңүздү өтүнөм.
2. Чет мамлекеттин резидентинин же Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттин резидентинин
туруктуу мекемесинин толук аталышы
_____________________________________________________________________________________
Резиденттик өлкө: _____________________________________________________________________
Жайгашкан жеринин юридикалык жана иш жүзүндөгү дареги ________________________________
_____________________________________________________________________________________
(Туруктуу мекеме үчүн Кыргыз Республикасындагы салыктык каттоо дареги көрсөтүлөт)
Идентификациялык коду: ______________________________________________________________
3. Салык өкүлүнүн толук аталышы (бар болсо)
_____________________________________________________________________________________
Жайгашкан жеринин юридикалык жана иш жүзүндөгү дареги, байланыш маалыматтары: ________
_____________________________________________________________________________________
4. Салык агенти жөнүндө маалыматтар (4-6-пункттары Кыргыз Республикасында туруктуу мекеме
түзбөстөн иш жүргүзгөн чет мамлекеттин резиденти тарабынан толтурулат):
_____________________________________________________________________________________
(киреше төлөөчү жактын толук аталышы, юридикалык дареги, ИНН)
5. Салык салуу объекти тууралуу маалымат:
Пайыздар c Дивиденддер c Роялти c Башка кирешелер c
(Кыргыз Республикасындагы төлөм булагынан салык салуу объектин көрсөткүлө)
_____________________________________________________________________________________
(Кыргыз Республикасында киреше алган ай жана жылды көрсөтүңүз)
6. Чет мамлекеттин резидентинин Кыргыз Республикасында алган кирешесинин суммасы _______
______________________________________________________________________________________
(Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын салык салуу объектине карата чет мамлекеттин
резидентине киреше төлөнгөн күнү белгиленген курсу боюнча сом менен көрсөтүлөт)
7. Кыргыз Республикасынын ____________________________________________________________
(чет мамлекеттин аталышы)
менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык салууну четтетүү жана салыктарды
төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндөгү макулдашуунун _______-беренесинин ______-пунктунун
шарттарында _______________ % өлчөмүндөгү же Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде
белгиленген салыктын ставкасын колдонуу менен чет мамлекеттин резидентинин кирешесинен
Кыргыз Республикасында салык агенти тарабынан кармалып, төлөнгөн салыктын суммасы
______________________________________________________________________________________
(Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын салык салуу объектине карата салык
төлөнгөн күнү белгиленген курсу боюнча сом менен көрсөтүлөт)
8. ________-жылы бирдиктүү салык декларациясында көрсөтүлгөн жана Кыргыз Республикасынын
бюджетине төлөнгөн пайдага салык боюнча милдеттенменин өлчөмү жөнүндө маалымат
______________________________________________________________________________________
(Кыргыз Республикасында туруктуу мекеме аркылуу иш жүргүзгөн чет мамлекеттин
резиденти толтурат):
Бирдиктүү салык декларациясынын маалыматтары | Сап | Мааниси (сом) |
Салык салынуучу пайда |
|
|
мезгил ичинде төлөнгөн аванстык төлөмдөрдү кошкондо, пайдага салык боюнча салыктык милдеттенме |
|
|
Пайдага салыктын төлөнгөн суммасы |
|
|
________________________________________ (Юридикалык жактын жетекчисинин, жеке ишкердин же жеке жактын аты-жөнү) | (Мөөрү, эгер бар болсо) | _____________________ (Колу) |
9. Салык органынын чечими:
_____________________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________
Салык органынын кызмат адамы:
_____________________________________________________________________________________
(аты-жөнү жана кызматы)
М.О. | Колу: _____________________ |
|
| Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык салууну четтетүү жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндөгү макулдашууларын аткаруу тартиби тууралуу жобонун 5-тиркемеси |
Форма
Кыргыз Республикасында резидент эмес жактын пайдага (кирешеге) салыкты төлөгөндүгү жөнүндө МААЛЫМДАМА
1. Мамлекеттик салык кызматынын органы:
_____________________________________________________________________________________
(мамлекеттик салык кызматынын органынын толук аталышы көрсөтүлөт)
пайдага (кирешеге) салык Кыргыз Республикасында төлөнгөндүгүн ырастайт: ________________
_____________________________________________________________________________________
(чет мамлекеттин резидентинин же Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттин
резидентинин туруктуу мекемесинин толук аталышы көрсөтүлөт)
Резиденттик өлкө: ____________________________________________________________________
Жайгашкан жеринин юридикалык жана иш жүзүндөгү дареги _______________________________
_____________________________________________________________________________________
(туруктуу мекеме үчүн Кыргыз Республикасындагы салыктык каттоо дареги көрсөтүлөт)
Резиденция өлкөсүндөгү чет мамлекеттин юридикалык (жеке) жагынын идентификациялык
коду (номери) (бар болсо): ____________________________________________________________
2. Салык мезгили: айы ____________ жылы ___________
Салык салуу объекти (киреше/пайда) |
|
Пайыздар | c |
Дивиденддер | c |
Роялти | c |
Башка киреше _________________________ | c |
(кирешенин түрү көрсөтүлөт) |
|
Салык салынуучу пайда (туруктуу мекеме үчүн) | c |
Чет мамлекеттин резидентинин Кыргыз Республикасында алынган кирешесинин/пайдасынын
суммасы ___________________________________________________________________________
(цифра менен көрсөтүлөт)
3. Кирешеге төлөнгөн салыктын (пайдага салыктын) суммасы _________________________ сом
(цифра менен көрсөтүлөт)
________________________________________________________________________________ сом
(жазуу түрүндө көрсөтүлөт)
4. Салык агенти жөнүндө маалымат: ___________________________________________________
____________________________________________________________________________________
(киреше төлөөчү жактын толук аталышы, юридикалык дареги, ИСН)
5. Кыргыз Республикасынын __________________________________________________________
(чет мамлекеттин аталышы)
менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык салууну четтетүү жана салыктарды
төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндөгү макулдашуунун _____-беренесинин _____-пунктунун
шарттарында ________________ % өлчөмүндөгү же Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде
белгиленген салыктын ставкасын колдонуу менен Кыргыз Республикасында чет мамлекеттин
резидентинин кирешесинен салык кармалды.
6. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жоболоруна ылайык _________ % өлчөмүндөгү
салыктын ставкасын колдонуу менен Кыргыз Республикасында туруктуу мекеме аркылуу
иш жүргүзгөн чет мамлекеттин резидентинин пайдасына салык салуудан Кыргыз Республикасында
пайдага салык төлөндү.
Салык органынын кызмат адамы
_______________________________________________________________________________________
(аты-жөнү жана кызматы)
М.О. Колу _________________