Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 8-декабры № 599
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы № 100 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө жободо:
- 7-пунктунун элүү төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- салык төлөөчүнүн, жеке жактын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча алардын Кыргыз Республикасынын салыктык статусун (резиденттигин) ырастоо берет;".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жөнүндө жободо:
- 7-пунктунун 1-пунктчасынын жыйырма биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин кирешеге жана капиталга кош салык салууну болтурбоо (четтетүү) жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө ченемдерин колдонуу тууралуу салык төлөөчүлөрдүн суроо-талаптарына жазуу жүзүндөгү жоопторду берүү боюнча ишти жүргүзөт;".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 551 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык салууну четтетүү жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндөгү макулдашууларын аткаруу тартиби тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык салууну четтетүү жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндөгү макулдашууларын аткаруу тартиби тууралуу жободо:
- 16-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16. Салыктык макулдашуунун жоболорун колдонуу максатында чет мамлекеттеги киреше булагынан киреше алган Кыргыз Республикасынын резиденти ушул Жобонун 1-тиркемесинде каралган, бекитилген форма боюнча арыз менен Кыргыз Республикасынын салыктык статусун (резиденттигин) ырастаган документти алуу үчүн ыйгарым укуктуу салык органына кайрылууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын резидентинин арызына төмөнкүдөй документтер тиркелет:";
- 17-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17. Кыргыз Республикасынын салыктык статусун (резиденттигин) ырастоочу документ ушул Жобонун 2-тиркемесинде каралган форма боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын фирмалык бланкында (кагаз жүзүндө) таризделет жана мындай документ берилген календардык жылдын ичинде колдонулат. Ыйгарым укуктуу салык органы арызды алууда Кыргыз Республикасынын резидентинен кандайдыр-бир кошумча документтерди берүүнү талап кылууга укугу жок жана салыктык статус (резиденттик) жөнүндө документти арыз алынган датадан тартып он жумуш күндүн ичинде арыз ээси тарабынан арызда көрсөтүлгөн санда берүүгө милдеттүү. Салыктык милдеттенмелер боюнча карыздын болушу салыктык статус (резиденттик) жөнүндө документти берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналбайт.";
- жогоруда аталган Жобонун 1-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган Жобонун 2-тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүшсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 5-январындагы № 1 (3180) жарыяланды
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
А.Э. Новиков |
|
| 1-тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык салууну четтетүү жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндөгү макулдашууларын аткаруу тартиби тууралуу жобонун 1-тиркемеси |
Форма
Кыргыз Республикасынын салыктык статусун (резиденттигин) ырастоо жөнүндө АРЫЗ
Кимге: _____________________________________________________________________________________
(ыйгарым укуктуу салык органынын жетекчиси)
___________________________________________________________________________________________
(юридикалык жактын толук аталышы, жеке ишкердин, жеке жактын аты-жөнү)
ИСН: ______________________________________________________________________________________
Юридикалык дареги: _________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________
Телефон: ___________________________________________________________________________________
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен ________________________________________________________
__________________________________________________________________________________ Өкмөтүнүн
(Макулдашуу түзүлгөн чет мамлекеттин аталышы)
ортосундагы Кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык салууну болтурбоо (четтетүү) жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну колдонуу максатында Кыргыз Республикасынын салыктык статусун (резиденттигин) ырастоо үчүн сертификат берүүнү өтүнөм.
Сертификаттардын суралган саны ______________________________________________________________
(1ден 5ке чейинки цифраларды көрсөтүңүз)
Тиркелген документтер (көчүрмөлөр):
£ Юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк
£ Жеке ишкердин күбөлүгү
£ Салык төлөөчүнүн каттоо картасы
£ Идентификациялык карта (ID-карта)
£ Чет өлкөлүк жарандын паспорту же ким экендигин ырастоочу документ жана Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу же туруктуу турган жерин же туруктуу жашаган жерин ырастоочу документтер.
Арыз ээси берилген документтерде камтылган маалыматтар анык экендигин ырастайт.
________________________________________________ | (Мөөрү, эгер болсо) | ____________________________ |
(Юридикалык жактын жетекчисинин, жеке ишкердин же жеке жактын аты-жөнү) | (колу)". |
|
| 2-тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык салууну четтетүү жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндөгү макулдашууларын аткаруу тартиби тууралуу жобонун 2-тиркемеси |
Форма
Кыргыз Республикасынын салыктык статусу (резиденттиги) жөнүндө СЕРТИФИКАТ
_______________________________________________________________________________ ушуну менен,
(ыйгарым укуктуу салык органынын аталышы)
___________________________________________________________________________________________
(юридикалык жактын аталышы, жеке ишкердин же жеке жактын-резиденттин аты-жөнү)
_________________________________________________________ идентификациялык салык номери (ИСН)
Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналат.
Резиденттикти ырастоочу ушул сертификат Кыргыз Республикасы менен _____________________________
(мамлекеттин аталышы)
ортосунда түзүлгөн Кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык салууну болтурбоо (четтетүү) жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуунун жоболорун колдонуу максатында _________________________________________________ салык органдарына көрсөтүү үчүн берилген.
(мамлекеттин аталышы)
Кыргыз Республикасынын резидентинин статусун ырастоочу сертификат _______________________ жылга чейин жарактуу.
__________________________________ | _____________________ | ___________________________________ |
(кызматы) | (колу) | (аты-жөнү) |
|
|
|
|
| М.О.". |