Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-декабры № 578
Мамлекеттик органдардын фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды берүү боюнча ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы № 376 "Кыргыз Республикасынын Карантиндик фитосанитардык эрежелерин жана Фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды берүү тартиби жөнүндө жободо:
- 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- карантиндик фитосанитардык талаптар жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө өлкөлөр жана башка импорттоочу өлкөлөр белгилеген фитосанитардык карантиндик чектөөлөр жөнүндө кызыкдар жактарды маалымдоо боюнча иш-чараларды өткөрүү;";
- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Фитосанитардык сертификациялоо схемасы карантинге алынган продукциянын ар бир түрү, түрлөрүнүн тобу же категориясы үчүн импорттоочу өлкөнүн суроо-талабы жана шарттары боюнча белгиленет.";
- 7-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- карантинге алынган продукциянын партияларын маркалоодо көрсөтүлгөн маалыматка аныктыгын, карантинге алынган продукциянын ар бир таңгакталуучу бирдигине же транспорттук таңгагына түшүрүлүүчү милдеттүү маркировкалоонун болушун текшерүү;";
- 16-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мында товарды коштоочу документтердин, өздүк күбөлүктүн көчүрмөлөрү жана ар бир таңгактоочу бирдикке же транспорттук таңгагына түшүрүлүүчү маркалоонун үлгүсү берилет.";
- 26-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- карантинге алынган продукциянын Евразия экономикалык бирлигинин жана башка импорттоочу өлкөлөрдүн маркалоо бөлүгүндөгү талаптарына шайкеш келбестиги;";
- 8-главасынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды берүү боюнча иштерди жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдын жана кызмат адамдын жоопкерчилиги";
- төмөнкүдөй мазмундагы 45-пункт менен толукталсын:
"45. Карантинге алынган продукциянын ар бир кайтаруу факты же импорттоочу өлкөлөрдүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынан келип түшкөн нотификация боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси кызматтык териштирүүнү дайындайт. Ушул Жобонун талаптарын бузууга жол берген кызмат адамы, кызматтык териштирүү жүрүп жаткан учурда өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруудан четтелет.
Кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы тартип комиссиясы тарабынан каралат.".
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги 2018-жылы жана кийинки жылдарга республикалык бюджеттен каралган каржылоонун алкагында бир айлык мөөнөттө:
- республиканын региондорунда ишкерлерге продукцияны экспорттоодо фитосанитардык сертификациялоо жана маркалоо жол-жоболору жөнүндө түшүндүрмө берүү жана маалымдоо боюнча маалымат түйүндөрүн түзсүн;
- "Чоң-Капка", "Чалдовар", "Ак-Тилек" өткөрүү пункттарында Евразия экономикалык бирлигинин тиешелүү мүчө мамлекетинин аймагына ташып чыгаруучу карантинге алынган продукцияга, карантинге алынган продукциянын таңгагына жана мындай таңгакты маркалоого, карантинге алынган продукцияны ташуу ыкмаларына коюлуучу карантиндик фитосанитардык талаптар боюнча маалымат стенддерин жайгаштырсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жана агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |