Загрузка документа…
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы № 376 токтому менен бекитилген |
Фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды берүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-декабрындагы № 578 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо өсүмдүктөрдүн партиясына, өсүмдүктөрдөн алынган продукцияларга жана башка карантинге алынган материалдарга (мындан ары - карантинге алынган продукция) фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды берүү боюнча иштерди уюштуруу тартибин белгилейт.
2. Ушул Жободо белгиленген фитосанитардык сертификациялоо системасына ылайык сертификатталган карантинге алынган продукция Кыргыз Республикасы жана/же импорттоочу өлкөлөр үчүн карантиндик мааниге ээ болгон зыяндуу организмдерден таза болууга жана импорттоочу өлкөлөрдүн улуттук фитосанитардык талаптарына жана/же фитосанитардык талаптарына шайкеш келүүсү тийиш.
2. Фитосанитардык сертификациялоо системасын маалыматтык жана методикалык камсыздоо
3. Фитосанитардык сертификациялоо системасын маалыматтык жана методикалык камсыздоо өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу боюнча аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан ишке ашырылат жана төмөнкү иш-чараларды камтыйт:
- ыйгарым укуктуу органдын жалпы фитосанитардык талаптар, ошодой эле импорттоочу өлкөлөр тарабынан белгиленген чектөөлөр жөнүндө маалыматтарды аныкташы, системалуу түрдө колдошу;
- импорттоочу өлкөлөрдүн карантин жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча улуттук уюмдары менен фитосанитардык чаралардын эквиваленттүлүгүн камсыздоо жана таза зоналарды таануу максатында консультацияларды жүргүзүү жана эки тараптуу протоколдорду иштеп чыгуу;
- карантиндик фитосанитардык талаптар жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө өлкөлөр жана башка импорттоочу өлкөлөр белгилеген фитосанитардык карантиндик чектөөлөр жөнүндө кызыкдар жактарды маалымдоо боюнча иш-чараларды өткөрүү;
- фитосанитардык сертификациялоо схемаларын, зарыл болгон жол-жоболорду жүргүзүү боюнча стандарттарды, методикалык көрсөтмөлөрдү жана жумушчу нускамаларды иштеп чыгуу.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-декабрындагы № 578 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Фитосанитардык сертификациялоо схемасы карантинге алынган продукциянын ар бир түрү, түрлөрүнүн тобу же категориясы үчүн импорттоочу өлкөнүн суроо-талабы жана шарттары боюнча белгиленет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-декабрындагы № 578 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Фитосанитардык сертификациялоо схемасына төмөнкү жол-жоболор киргизилет:
- Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып кетүү үчүн арналган карантинге алынган продукция өндүрүлгөн жердин же участоктун "Зыяндуу организмдерден таза" статусун белгилөө же ырастоо;
- карантинге алынган продукцияны, ал сакталган, кайра иштетилген жерди, транспорт каражаттарын карантиндик фитосанитардык зыянсыздандыруу;
- жүк жүктөлүүчү жерде карантинге алынган продукциянын партиясын жана транспорт каражатын кароо;
- карантинге алынган продукциянын үлгүлөрүнө (сынамдарына) лабораториялык экспертиза жүргүзүү.
6. Сертификациялоо схемасында Кыргыз Республикасында жана/же импорттоочу өлкөдө пайдаланууга жол берилген препараттарды көрсөтүү менен, үлгүлөрдү тандоо методдору, зыянсыздандыруу методдору да көрсөтүлөт.
7. Карантинге алынган продукцияны жана транспорт каражатын кароо алардын фитосанитардык абалын жана багытталуучу өлкөнүн улуттук жана/же импорттук карантиндик фитосанитардык талаптарына шайкештигин аныктоо максатында жүргүзүлөт жана төмөнкү иш-чараларды камтыйт:
- коштоочу документтерди текшерүү;
- карантиндик зыяндуу организмдерди аныктоого жана багытталган өлкөнүн улуттук жана/же импорттук талаптарынын карантинге алынган продукциянын ушул түрүнө же категориясына шайкеш келишин баалоого багытталган көрүнө текшерүү аркылуу транспорт каражатын кароо;
- карантинге алынган продукциянын партияларын маркалоодо көрсөтүлгөн маалыматка аныктыгын, карантинге алынган продукциянын ар бир таңгакталуучу бирдигине же транспорттук таңгагына түшүрүлүүчү милдеттүү маркировкалоонун болушун текшерүү;
- карантинге алынган продукциянын партиясынан үлгүлөрдү (сынамдарды) алуу;
- карантиндик зыяндуу организмдерди аныктоого багытталган карантинге алынган продукциянын партиясынын үлгүлөрүн (сынамдарын) көрүнө текшерүү;
- транспорт каражатынын жүк ташуучу бөлүгүнө кароо жол-жобосу аяктаганда пломба коюу;
- кароонун жыйынтыктары боюнча кароо актысын түзүү.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-декабрындагы № 578 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Фитосанитардык сертификациялоо схемалары ыйгарым укуктуу орган тарабынан иштелип чыгат, бекитилет жана карантинге алынган жүктөрдүн экспорттоочуларына, фитосанитардык тазалоолорду жүргүзүүчү ишканаларга жана талап боюнча карантинге алынган продукцияны импорттоочу өлкөлөрдүн карантин жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча улуттук уюмдарына берилет. Сертификациялоо схемалары ыйгарым укуктуу органдын Интернет тарамындагы расмий сайтына жайгаштырылат.
3. Фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик сертификаттардын арналышы
9. Фитосанитардык сертификат Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана импорттоочу өлкөнүн фитосанитардык талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары ташып кетүү үчүн арналган карантинге алынган продукциянын ар бир партиясына ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилет.
Фитосанитардык сертификаттар ушул Жобонун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн форма боюнча даярдалган бланктарда таризделет.
10. Реэкспорттук фитосанитардык сертификат чет мамлекеттен мурда Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген жана Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары ташып кетүү үчүн арналган карантинге алынган продукциянын партиясына ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилет. Реэкспорттук сертификаттар ушул Жобонун 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн форма боюнча даярдалган бланктарда таризделет.
11. Реэкспорттук сертификаттарды берүүнүн өзгөчөлүктөрү.
Реэкспорттук сертификат төмөнкү учурларда кошумча кароо жүргүзүлбөстөн берилет:
- карантинге алынган продукциянын партиясы кайра таңгакталганда;
- реэкспорттолуучу карантинге алынган продукция багытталган өлкөнүн талаптары бул фитосанитардык сертификатта камсыздалуучу талаптарга караганда кыйла катуу болгондо;
- багытталган өлкөнүн ыйгарым укуктуу орган аткара албаган өзгөчө талаптары болгондо (мисалы, өсүмдүктөрдүн вегетациясы мезгилинде контролдук фитосанитардык текшерүү), эгерде бул пункт алгачкы фитосанитардык сертификатка киргизилбесе же айда декларацияланбаса;
- карантинге алынган продукциянын партиясы бөлүктөргө бөлүштүрүлүп жана жыйынтыгында алынган жүктөр өз-өзүнчө экспорттолгондо, мындай учурда реэкспорттук фитосанитардык сертификаттар бул жүктүн ар бир бөлүгүнө өзүнчө берилет.
Мында, алгачкы фитосанитардык сертификаттын түп нускасы же анын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү карантинге алынган продукциянын реэкспорттук партиясын коштоого тийиш.
Карантинге алынган продукциянын реэкспорттук партиясына фитосанитардык сертификат багытталган өлкөнүн фитосанитардык талаптарын сактоо шарты менен төмөнкү учурларда берилет:
- партия зыяндуу организмдердин жугушуна же анын айынан бузулууга дуушар болгондо;
- партия өзүнүн бүтүндүгүн жана аныктыгын жоготкондо;
- партия карантинге алынган продукциянын табиятын өзгөртүү максатында тазалоого дуушар болгондо.
Мында фитосанитардык сертификатта реэкспорттолуучу жүк чыккан өлкө көрсөтүлүшү керек.
12. Карантиндик сертификат ыйгарым укуктуу орган тарабынан төмөнкүлөрдүн ар бир партиясына берилет:
- карантиндик сертификат милдеттүү түрдө коштолуучу продукциянын ошол түрү же категориясы үчүн белгиленген режим менен карантиндик фитосанитардык зонада өндүрүлгөн жогорку тобокелдиктеги карантинге алынган продукциянын;
- Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген үрөндүк жана отургузуучу материалдын;
- Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана жүгүртүлүүгө чыгарылган үрөндүк жана отургузуучу материалдын.
Карантиндик сертификаттар ушул Жобонун 3-тиркемесинде көрсөтүлгөн форма боюнча даярдалган бланктарда таризделет.
Карантиндик сертификат ал берилген күндөн тартып 15 күндүк мөөнөткө берилет, анын ичинде карантинге алынган жүк багытталган жерге чейин жеткирилүүгө тийиш.
13. Фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик сертификат так эсепке алынууга тийиш, зарыл болгон коргоо даражалары бар өтмө катар номерлүү бланктарда таризделет жана ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнүн тегерек мөөрү, ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынын колу жана номери бар мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
14. Фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык, карантиндик сертификат жана кароо актысы эки нускада таризделет: биринчи нускасы арыз ээсине берилет, экинчиси ыйгарым укуктуу органда калат жана так отчетко алынган документ катары сакталат.
15. Фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык же карантиндик сертификат мамлекеттик же расмий тилдерде же Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде белгиленген учурларда башка тилдерде толтурулат.
4. Фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды берүү боюнча иштерди уюштуруу тартиби
16. Фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык же карантиндик сертификаттарды алуу үчүн карантинге алынган продукциянын менчик ээси карантинге алынган продукциянын партиясы түзүлгөн региондогу ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнө электрондук форматта же офиске өзү келүү менен 5-тиркемеде көрсөтүлгөн форма боюнча өтүнмө берет.
Мында товарды коштоочу документтердин, өздүк күбөлүктүн көчүрмөлөрү жана ар бир таңгактоочу бирдикке же транспорттук таңгагына түшүрүлүүчү маркалоонун үлгүсү берилет.
Фитосанитардык сертификатты жана реэкспорттук фитосанитардык сертификаты алуу үчүн анын негизинде карантинге алынган продукция Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып кетилүүчү келишимдин (контракттан) аталган келишимди (контрактты) түзүүдө жана анда мындай талаптар болгондо карантинге алынган продукцияларга коюлуучу фитосанитардык талаптарга тиешелүү бөлүгүндө көчүрмөсү талап кылынат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-декабрындагы № 578 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик сертификаттар ыйгарым укуктуу органдын өндүрүлүүчү жерге "жөнгө салынуучу зыяндуу заттардан таза" статусун ыйгаруу жөнүндө чечиминин, карантиндик фитосанитардык зыянсыздандыруу актысынын, кароо актысынын, карантиндик фитосанитардык экспертизанын күбөлүгүнүн болушунун негизинде сертификациялоо схемасына жана импорттоочу өлкөнүн улуттук талаптарына жана талаптарына ылайык берилет.
18. Өндүрүлүүчү жерге же участокко "жөнгө салынуучу зыяндуу заттардан таза" статусун берүү ушул Жобонун 5-главасында белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишке ашырылат.
19. Эгерде, сертификациялоо схемасында карантинге алынган продукцияга, ал сакталган, кайра иштетилген жерге, транспорт каражаттарына карантиндик фитосанитардык зыянсыздандыруу жүргүзүү каралса, карантинге алынган продукциянын менчик ээси кароо жол-жобосу жүргүзүлгөнгө чейин зыянсыздандырууга тийиш.
20. Эгерде, сертификациялоо схемасында лабораториялык изилдөө жүргүзүү каралса, жүктүн тандалып алынган сынамдарынан орточо үлгү түзүлөт, атайын сейф-пакетке таңгакталат жана методикалык көрсөтмөлөргө таризделген этикетканын коштоосунда ыйгарым укуктуу органдын лабораториясына жиберилет.
Мындай учурда кароо актысы лабораториялык экспертизанын жыйынтыктары алынгандан кийин түзүлөт.
21. Эгерде, карантинге алынган продукцияны импорттоочу өлкө тарабынан сертификациялоо схемасы менен камсыз кылынбаган кошумча талаптар белгиленсе, мындай учурда кызмат адамы бул талаптарды камсыздоо үчүн чараларды көрөт.
22. Фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик сертификатты берүүгө өтүнмө ыйгарым укуктуу органдын аймактын бөлүнүшү тарабынан арыз берилген учурдан тартып 30 мүнөттүн ичинде каралат жана катталат.
Берилген документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү карантинге алынган продукциянын партиясына кароо жүргүзүү үчүн кызмат адамын дайындайт, ошондой эле кароо жүргүзүлүүчү күн жана убакыт белгилейт, же болбосо сертификатты берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди чыгарат.
23. Карантинге алынган жүккө кароо жүргүзүү боюнча кызмат 3 календарлык күндөн ашпаган мөөнөттө көрсөтүлөт.
24. Кароо жол-жобосу аяктагандан кийин карантинге алынган жүктүн менчик ээси ыйгарым укуктуу органдын аймактын бөлүнүшүнө ушул Жобонун 16 жана 17-пункттарында көрсөтүлгөн документтердин түп нускасын берет.
25. Ыйгарым укуктуу органдын карантинге алынган продукциянын фитосанитардык абалын аныктоо боюнча кызмат көрсөтүүсүнүн шарты мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тиешелүү стандартына ылайык белгиленет.
26. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкү негиздердин бири боюнча фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик сертификатты берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат:
- фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик сертификатты берүү үчүн зарыл болгон бир же бир нече документтер берилбесе;
- фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик сертификатты берүү үчүн зарыл болгон документтерде анык эмес же жалган маалыматтар берилсе;
- фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик сертификатты берүү үчүн зарыл болгон документтер туура эмес таризделип берилсе;
- карантинге алынган продукция багытталган өлкөнүн улуттук жана/же импорттук талаптарына шайкеш келбесе;
- карантинге алынган продукциянын Евразия экономикалык бирлигинин жана башка импорттоочу өлкөлөрдүн маркалоо бөлүгүндөгү талаптарына шайкеш келбестиги;
- Кыргыз Республикасынан карантинге алынган продукцияны ташып кетүүгө импорттоочу өлкө тарабынан киргизилген чектөө боюнча убактылуу фитосанитардык чараларда;
- өсүмдүктөрдүн карантинин камсыз кылуу эрежелеринде жана ченемдеринде каралган учурлардан тышкары, карантиндик объекттерде карантинге алынган продукциялар болсо;
- билдирилген продукцияга, ал даярдалган, сакталган жана кайра иштетилген жерлерге, ошондой эле аны ташуунун ыкмаларына тийиштүү өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы бузуулар болсо.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-декабрындагы № 578 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Карантинге алынган продукцияга кароо жана үлгүлөрүнө (сынамдарга) лабораториялык экспертиза жүргүзүүнү камтыган карантинге алынган продукциянын фитосанитардык абалын аныктоо боюнча мамлекеттик кызматтар ыйгарым укуктуу орган тарабынан акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт. Аталган кызмат көрсөтүүлөрдүн акысынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте бекитилген тарифтер менен аныкталат жана карантинге алынган продукциянын менчик ээси тарабынан төлөнөт.
Сертификаттардын бланктарын, кароо актыларын жана сейф-пакеттерди даярдоонун наркы мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн тарифине киргизилет.
28. Ата мекендик карантинге алынган продукцияга берилген фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды кайра тариздөө ыйгарым укуктуу органдын карантинге алынган продукциянын ташылуучу партиясы турган региондогу аймактык бөлүнүшү тарабынын 2 иш күндөн ашпаган мөөнөттө, бекер жүргүзүлөт, мында кошумча кароо талап кылынбайт.
29. Эгерде, карантинге алынган продукциянын партиясына Евразия экономикалык союзуна мүчө мамлекеттердин бири тарабынан берилген фитосанитардык сертификаттын импорттоочу өлкөнүн талаптарына ылайык аныкталган колдонулуу мөөнөтү Евразия экономикалык союзунун бажы чек арасынын кыргызстан участогунан өтүү учуруна бүтүп калса, ыйгарым укуктуу орган карантинге алынган продукциянын менчик ээсинин арызы боюнча карантинге алынган продукциянын бул партиясына кароо жол-жобосун жүргүзбөстөн, колдонулуу мөөнөтү бүткөн фитосанитардык сертификаттын түп нускасын тиркөө менен Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу ташып кетилүүчү карантинге алынган продукциянын партиясына жаңы фитосанитардык сертификатты тариздейт.
Мында карантинге алынган продукциянын бул партиясынын импорттоочу өлкөнүн талаптарына шайкеш келүүсү үчүн жоопкерчилик фитосанитардык сертификатты берген өлкөнүн ыйгарым укуктуу органына жүктөлөт.
30. Лабораториялык экспертизанын жыйынтыгында карантиндик зыяндуу организм жуккандыгы (булгангандыгы) аныкталган учурда:
транспорт каражаты карантиндик фитосанитардык зыянсыздандырылууга тийиш;
карантинге алынган продукция менчик ээсинин тандоосу боюнча карантиндик фитосанитардык зыянсыздандырылууга, карантиндик объекттердин жашоого жөндөмдүүлүгүнөн ажыратууну же жок кылууну камсыз кылуучу ыкмалар менен кайра иштетилүүгө тийиш.
Жогоруда аталган иш-чаралар аяктаганда ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы үлгүлөрдү (сынамдарды) алуу, зарыл болгон учурда аларга лабораториялык экспертиза жүргүзүү менен кайра кароо жүргүзөт.
5. Өндүрүлгөн жерге же участокко "жөнгө салынуучу зыяндуу организмдерден таза" статусун ыйгаруу тартиби
31. Эгерде, сертификациялоо схемасында өндүрүлгөн жерде же участокто "жөнгө салынуучу зыяндуу организмдерден таза" статусу милдеттүү түрдө болушу каралса, карантинге алынган объекттин менчик ээси ыйгарым укуктуу органдын бул карантинге алынган объект турган региондогу аймактык бөлүнүшүнө өсүмдүктөрдүн вегетациялык мезгили башталганга чейин Кыргыз Республикасынан ташып кетүү үчүн арналган продукциянын "жөнгө салынуучу зыяндуу организмдерден таза" статусун белгилөөгө өтүнмө берет.
32. Эгерде, жөнгө салынуучу зыяндуу организмдер өзүнүн биологиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша өндүрүлүүчү жерге же участокко кирүүгө жөндөмдүү болсо буфердик зона орнотулат.
33. Өндүрүлүүчү жерге же участокко "жөнгө салынуучу зыяндуу организмдерден таза" статусун ыйгаруу белгилүү бир мезгилдин аралыгында, бирок жөнгө салынуучу зыяндуу организмдердин биологиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша бир вегетациялык сезондон кем эмес мезгилде жүргүзүлүүчү карантиндик фитосанитардык текшерүүлөрдүн жыйынтыктарынын негизинде ишке ашырылат.
Карантиндик фитосанитардык текшерүүлөрдүн саны жана мезгилдүүлүгү жөнгө салынуучу зыяндуу организмдердин биологиялык өзгөчөлүктөрүнө ылайык аныкталат.
Ар бир карантиндик фитосанитардык текшерүүдө карантиндик зыяндуу организмдерди аныктоо боюнча методикалык көрсөтмөлөрдө көрсөтүлгөн форма боюнча карантиндик фитосанитардык текшерүү актысы түзүлөт.
34. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан өндүрүлүүчү жер же участок үчүн "жөнгө салынуучу зыяндуу организмдерден таза" статусун колдоо программасы иштелип чыгат, ага төмөнкүлөр камтылат:
1) өндүрүлүүчү жердин же участоктун чек аралары, зарыл болгон учурда буфердик зона жөнүндө маалыматты;
2) өндүрүлүүчү жерде же участокто өндүрүлүүчү карантинге алынган продукция үчүн импорттоочу өлкөнүн мыйзамдары менен жөнгө салынуучу зыяндуу организмдердин тизмеги;
3) ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлүүчү карантиндик фитосанитардык текшерүүлөрдүн планы;
4) өндүрүштүк контролдоо планы;
5) импорттоочу өлкөнүн мыйзамдары менен жөнгө салынуучу зыяндуу организмдердин өндүрүлүүчү жерге же участокко кирүүсүн алдын алуу боюнча иш-чаралар планын.
35. Карантинге алынган объекттин менчик ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) карантиндик фитосанитардык текшерүүлөрдүн планына ылайык өз убагында аларды жүргүзүүгө өтүнмөлөрдү берүүгө;
2) өндүрүштүк контроль жүргүзүүгө;
3) "өндүрүлүүчү жердин" аймагына жөнгө салынуучу зыяндуу организмдердин кирүүсүн алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;
4) жүргүзүлгөн статусту колдоо иш-чаралары боюнча документтерди жүргүзүүгө.
36. Өндүрүлүүчү жерге же участокко "жөнгө салынуучу зыяндуу организмдерден таза" статусун ыйгаруу, аны каттоо, ошондой эле андан ажыратуу ыйгарым укуктуу органдын чечими менен ишке ашырылат.
37. Өндүрүлүүчү жерди же участокту "жөнгө салынуучу зыяндуу организмдерден таза" статусунан ажыратуу төмөнкү негиздер боюнча ишке ашырылат:
- өндүрүлүүчү жерден же участоктон жөнгө салынуучу зыяндуу организмдер табылганда;
- ушул Эреженин 36-пунктунда аталган милдеттер системалуу түрдө (2 жолудан көп) бузулганда.
38. Карантиндик фитосанитардык текшерүүлөр боюнча кызматтар карантинге алынган объекттердин менчик ээлеринин өтүнмөсү боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт.
6. Ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдарынын квалификациясына карата талаптар
39. Ыйгарым укуктуу органдын фитосанитардык сертификациялоо жол-жоболоруна тартылган кызмат адамдары ээлеген кызматтарына шайкеш келген милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн компетенттүүлүктүн зарыл болгон деңгээлине ээ болуулары тийиш.
40. Фитосанитардык сертификациялоо үчүн зарыл болгон жол-жоболорду жүргүзүүгө окутулган жана төмөнкүлөр боюнча иш тажрыйбасы бар персоналга уруксат берилет:
- карантинге алынган продукцияга жана транспорт каражаттарына кароо жүргүзүү;
- өсүмдүктөрдү жана өсүмдүк продукцияларын идентификациялоо;
- зыяндуу организмдерди аныктоо;
- фитосанитардык сертификациялоо үчүн зарыл болгон карантиндик фитосанитардык текшерүүлөрдү жүргүзүү.
41. Фитосанитардык сертификациялоо жол-жоболорун ишке ашыруучу кызмат адамдары зарыл болгон жабдуулар, инструменттер жана байланыш каражаттары менен камсыз болууга тийиш.
7. Фитосанитардык сертификациялоо системасын кайра кароо
42. Ыйгарым укуктуу орган фитосанитардык сертификациялоо системасын жылына бир жолудан кем эмес талдоо жүргүзөт жана зарылдыгына жараша өзүнүн компетенциясынын чегинде өзгөртүүлөрдү киргизет.
43. Фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык, карантиндик сертификат менен коштолгон карантинге алынган продукциянын партиясынын карантиндик фитосанитардык талаптарга шайкеш эместиги жөнүндө импорттоочу өлкөлөрдөн, улуттук керектөөчүлөрдөн же мамлекеттик органдардан билдирүүлөр келип түшкөн учурда ыйгарым укуктуу орган тарабынан ар бир шайкеш эместик факты боюнча изилдөө жүргүзүлөт. Суроо-талап боюнча териштирүүнүн жыйынтыгы жөнүндө отчет билдирүү жиберген импорттоочу өлкөнүн ыйгарым укуктуу органына, улуттук керектөөчүгө же мамлекеттик органга берилиши керек.
8. Фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды берүү боюнча иштерди жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдын жана кызмат адамдын жоопкерчилиги
(Главанын аталышы КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-декабрындагы № 578 токтомунун редакциясына ылайык)
44. Ыйгарым укуктуу орган фитосанитардык сертификациялоо системасынын бардык аспекттеринин натыйжалуулугуна жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анык фитосанитардык (реэкспорттук, карантиндик) сертификаттарды берүүгө жооп берет.
45. Карантинге алынган продукциянын ар бир кайтаруу факты же импорттоочу өлкөлөрдүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынан келип түшкөн нотификация боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси кызматтык териштирүүнү дайындайт. Ушул Жобонун талаптарын бузууга жол берген кызмат адамы, кызматтык териштирүү жүрүп жаткан учурда өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруудан четтелет.
Кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы тартип комиссиясы тарабынан каралат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-декабрындагы № 578 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| Фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды берүү тартиби жөнүндө жобонун 1-тиркемеси |
Фитосанитардык сертификаттын ФОРМАСЫ
№ ______
Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча уюм ___________________________________________________
Кимге: Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча уюмга(дарга) ______________________________________
1. Жүктүн сыпатталышы
Экспортер жана анын дареги ____________________________________________________________
Өтүнгөн алуучу жана анын дареги ________________________________________________________
Орундардын саны жана таңгактын сыпатталышы ___________________________________________
Айырмалоочу белгилери (маркировка) ____________________________________________________
Чыккан жери _________________________________________________________________________
Ташуунун көрсөтүлгөн ыкмасы __________________________________________________________
Ташып келүүнүн көрсөтүлгөн пункту ______________________________________________________
Продукциянын аталышы жана көрсөтүлгөн саны ____________________________________________
Өсүмдүктөрдүн ботаникалык аталышы ____________________________________________________
Ушуну менен жогоруда сыпатталган өсүмдүктөр, өсүмдүктөрдөн алынган продуктулар же башка карантинге алынган материалдар тиешелүү расмий жол-жоболорго ылайык текшерилгенин жана талдангандыгын, ошондой эле импорттоочу макулдашылган тараптын карантиндик зыяндуу организмдерден таза деп тааныгандыгын жана импорттоочу макулдашылган тараптын колдонулуудагы фитосанитардык талаптарына, анын ичинде жөнгө салынуучу карантиндик эмес зыяндуу организмдер үчүн да талаптарга жооп бере тургандыгын күбөлөндүрөт.
Алар практикалык түрдө башка зыяндуу организмдерден таза деп саналат.
2. Кошумча декларация
3. Зыянсыздандыруу
Дата _________ Тазалоо ыкмасы ________________ Химикат (таасир этүүчү зат) _________________
Экспозиция жана температура ____________________________________________________________
Концентрация __________________________________________________________________________
Кошумча маалымат _____________________________________________________________________
| Берилүүчү жер __________________________________ | |
| Ыйгарым укуктуу инспектордун фамилиясы | |
(Уюмдун мөөрү) | _______________________________________________ | |
| Дата ______________ | ______________________ |
|
| (колу) |
Ушул сертификатка карата __________________________________________ (өсүмдүктөрдүн карантини боюнча уюмдун аталышы) же анын инспекторлорунун же өкүлдөрүнүн эч кимисине эч кандай финансылык милдеттенмелер жүктөлбөйт.
|
| Фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды берүү тартиби жөнүндө жобонун 2-тиркемеси |
Реэкспорттук фитосанитардык сертификаттын ФОРМАСЫ
№ ______
Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча уюм __________________________________________________
Кимге: Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча уюмдарга ________________________________________
1. Жүктүн сыпатталышы
Экспортер жана анын дареги ___________________________________________________________
Өтүнгөн алуучу жана анын дареги _______________________________________________________
Орундардын саны жана таңгактын сыпатталышы __________________________________________
Айырмалоочу белгилери (маркировка) ___________________________________________________
Чыккан жери ________________________________________________________________________
Ташуунун көрсөтүлгөн ыкмасы _________________________________________________________
Ташып келүүнүн көрсөтүлгөн пункту _____________________________________________________
Продукциянын аталышы жана көрсөтүлгөн саны ___________________________________________
Өсүмдүктөрдүн ботаникалык аталышы ___________________________________________________
Ушуну менен жогоруда сыпатталган өсүмдүктөр, өсүмдүктөрдөн алынган продуктулар же башка карантинге алынган материалдар Кыргыз Республикасына - (өндүрүлгөн макулдашуучу тараптан) № _____ фитосанитардык сертификат боюнча импорттолгондугун, *түп нуска □, ушул сертификатка тиркелүүчү түп нусканын □ күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; алар оригиналдуу □, *жаңы □ контейнерлерге таңгакталгандыгын □, кайра таңгакталгандыгын □, оригиналдуу фитосанитардык сертификаттын □ жана кошумча текшерүүнүн □ негизинде алар импорттоочу макулдашуучу тараптын колдонуудагы фитосанитардык талаптарына жооп бере тургандыгын жана Кыргыз Республикасында сактоо убагында жүк зыяндуу организмдердин жугушу боюнча тобокелдикке дуушар болбогондугун күбөлөндүрөт.
* Тиешелүү квадраттарды белгилөө керек □.
2. Кошумча декларация
3. Зыянсыздандыруу
Дата __________ Тазалоо ыкмасы ______________ Химикат (таасир этүүчү зат) _________________
Экспозиция жана температура ___________________________________________________________
Концентрация _________________________________________________________________________
Кошумча маалымат ____________________________________________________________________
| Берилүүчү жер _______________________________ | |
| Ыйгарым укуктуу инспектордун фамилиясы | |
(Уюмдун мөөрү) | ____________________________________________ | |
| Дата ___________ | _____________________ |
|
| (колу) |
|
| Фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды берүү тартиби жөнүндө жобонун 3-тиркемеси |
Карантиндик сертификаттын ФОРМАСЫ
№ ______
Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча уюм
____________________________________________________________________________________
(ыйгарым укуктуу органдын аталышы)
Жиберүү үчүн жарактуу: "__" _______________ 20__-ж.
____________________________________________________________________ ташып кетүү үчүн
(региондун, түшүрүлүүчү, сакталуучу пункттун аталышы)
__________________________________________________________________________ берилген
(жиберүүчү, дареги, телефон номери)
Экспортер жана анын дареги ___________________________________________________________
Өтүнгөн алуучу жана анын дареги _______________________________________________________
Орундардын саны жана таңгактын сыпатталышы __________________________________________
Айырмалоочу белгилери (маркировка) ___________________________________________________
Чыккан жери _________________________________________________________________________
Ташуунун көрсөтүлгөн ыкмасы __________________________________________________________
Жиберилүүчү станция (пункт) ___________________________________________________________
Багытталган станция (пункт) ____________________________________________________________
Продукциянын аталышы жана көрсөтүлгөн саны ___________________________________________
Өсүмдүктөрдүн ботаникалык аталышы ___________________________________________________
Карантинге алынган продукция (жүк, материал) багытталган пунктка келгенден тартып 3 күндүн ичинде карантиндик фитосанитардык кароо үчүн багытталган пункттагы ыйгарым укуктуу органга көрсөтүлүүгө тийиш. Продукцияны (жүктү, материалды) кароосуз пайдаланууга жана сатууга жол берилбейт.
____________________________________________________________ негизинде берилди.
(документтин аталышы жана номери)
| Берилүүчү жер ______________________________ | |
| Ыйгарым укуктуу инспектордун фамилиясы | |
(Уюмдун мөөрү) | ___________________________________________ | |
| Дата ___________ | ____________________ |
|
| (колу) |
Эскертүү:
1. Карантиндик сертификат карантинге алынган продукциянын, жүктүн, материалдын ар бир өзүнчө партиясына, транспорттук бирдикке, контейнерге, вагонго берилет жана түп нускасында гана жарактуу.
2. Сертификацияланган жүктү ыйгарым укуктуу органдын атайын уруксаты жок кайра даректөөгө тыюу салынат.
3. Карантиндик сертификатты берүү жүк жиберилгенге чейин 5 суткадан ашпаган убакытта жүргүзүлөт.
4. Карантиндик сертификат Кыргыз Республикасынын чегинде гана жарактуу.
5. Ушул сертификатка карата ____________________________________ (ыйгарым укуктуу органдын аталышы) же анын инспекторлорунун же өкүлдөрүнүн эч кимисине эч кандай финансылык милдеттенмелер жүктөлбөйт.