Загрузка документа…
| КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-майындагы № 241 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ | 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 594 токтомуна) |
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын субъекттеринин өз ара аракеттешүү тартиби
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-декабрындагы № 587 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын субъекттеринин өз ара аракеттешүү тартиби (мындан ары - Тартип) "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы, башка уюмдардын жана адамдардын ортосундагы натыйжалуу кызматташууну уюштурууга багытталган.
2. Ушул тартиптин максаты жеке жактарга (мындан ары - арыз ээси/алуучу) мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды (мындан ары - МКЮЖ) ыкчам жана талаптагыдай көрсөтүү болуп саналат.
3. Тартип төмөнкү принциптерге негизденет:
1) мыйзамдуулук;
2) өз ара аракеттешүүгө ачыктык;
3) жеткиликтүүлүк;
4) компетенттүүлүк;
5) жоопкерчилик.
4. МКЮЖ системасынын субъекттери (мындан ары - субъекттер) катары төмөндөгүлөр эсептелет:
1) мамлекеттик органдар (мыйзам чыгаруучу орган, аткаруу жана сот бийлигинин органдары);
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
3) Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы;
4) мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер;
5) башка уюмдар жана жактар (адвокаттардын жардамчылары, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, юридикалык клиникалар жана жеке жактар).
5. Субъекттердин өз ара аракеттешүүсү төмөндөгү негизги багыттар боюнча ишке ашырылат:
1) арыз ээлерине консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү;
2) арыз ээлерине/алуучуга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү;
3) калкты укуктук агартуу боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүү;
4) өз ара аракеттешүүнүн чегинде тажрыйба жана маалымат менен алмашуу.
6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борбору (мындан ары - МКЮЖду координациялоо борбору) төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
1) ушул Тартиптин субъекттери тарабынан МКЮЖду көрсөтүүнүн бирдиктүү практикасын киргизет;
2) МКЮЖду көрсөтүүнүн чегинде субъекттерге зарыл болгон маалыматтарды алууга көмөктөшөт;
3) субъекттердин өз ара аракеттешүү маселелерин координациялайт;
4) ушул Тартиптин жоболорун ишке ашыруу боюнча субъекттерге методологиялык жардам көрсөтөт;
5) субъекттер тарабынан көрсөтүлгөн МКЮЖ боюнча статистикалык жана аналитикалык маалыматты жалпылайт;
6) МКЮЖду көрсөтүү системасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды топтойт жана талдайт;
7) МКЮЖдун субъекттеринин көрсөтүлгөн жардамы жөнүндө отчетунун формаларын бекитет;
8) зарыл болгон маселелер жөнүндө субъекттерди ыкчам маалымдоо максатында электрондук почтада, социалдык тармактарда жана башка тиркемелерде корпоративдик чаттарды жана кат алышуу топторун түзөт жана башкарат;
9) аныкталган багыт боюнча МКЮЖду көрсөтүү боюнча республикалык акцияларды, социалдык кампанияларды жарыялайт;
10) субъекттер үчүн төмөнкү маселелер боюнча окутуу иш-чараларын өткөрөт:
- консультациялык-укуктук жана квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү;
- МКЮЖдун алкагындагы иш жөнүндө актуалдуу маалыматты берүү;
- мыйзамдардагы жана укук колдонуу практикасындагы жаңылыктар жөнүндө маалымдоо;
11) өз компетенциясына кирген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
7. Субъекттер төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) ушул тартиптин талаптарын сактоону камсыз кылат;
2) талаптагыдай консультациялык-укуктук жана квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтөт;
3) МКЮЖду көрсөтүү системасын жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизет;
4) МКЮЖду көрсөтүү боюнча иш тажрыйба менен алмашат;
5) МКЮЖду координациялоо борбору аныктаган багыт боюнча калкты укуктук жактан агартуу, республикалык акциялар, социалдык кампаниялар жана акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларга катышат;
6) МКЮЖду координациялоо борборуна жарым жылдын жыйынтыгы боюнча көрсөтүлгөн жардам жөнүндө маалыматты жалпылоо үчүн жана МКЮЖду координациялоо борборунун ишин жакшыртуу боюнча сунуштарын, МКЮЖду координациялоо борбору тарабынан бекитилген формага ылайык киргизет.
8. Субъекттер коюлган маселени ыкчам чечүү үчүн маалыматтык жана коммуникациялык байланыштардын бардык жеткиликтүү формаларын колдонууга укуктуу.
9. Өз ара аракеттешүүнүн ыкчам системасын түзүү максатында субъекттер МКЮЖ системасын уюштуруу үчүн жооптуу адамдарды аныктайт жана субъекттердин арасында аталган адамдардын байланыш маалыматтарын таркатат.
2-глава. Консультациялык-укуктук жардам көрсөтүүнүн алкагында субъекттердин өз ара аракеттешүү тартиби
10. Консультациялык-укуктук жардам бардык субъекттер тарабынан оозеки, жазуу формаларында, ошондой эле башка жеткиликтүү коммуникациялык байланыштарды колдонуу аркылуу берилет.
11. Субъекттер консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча арыз ээлерин жеке кабыл алуу журналын колдонот, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) арыз ээсинин аты-жөнү;
2) арыз ээсин кабыл алган күн жана убакыт;
3) арыз ээси кайрылган маселенин кыскача сүрөттөлүшү;
4) көрсөтүлгөн жардамдын жыйынтыгы жана мөөнөтү (жардам толук көлөмдө көрсөтүлдү же арыз ээси ыйгарым укуктуу субъектке жиберилди);
5) эскертүү.
12. Эгер субъект арыз ээси тарабынан жеке жолугушууда коюлган маселе боюнча тийиштүү компетенцияга ээ болбосо жана толук жооп бере албаса, субъект арыз ээсине компетенттүү субъектке кайрылуу зарылдыгы жана тартиби жөнүндө түшүндүрөт жана аталган жакты коюлган маселе компетенциясына кирген субъектке кайра жиберет.
13. Кайра жиберүү арыз ээсине кайра жиберүү жөнүндөгү бланкты берүү аркылуу ишке ашырылат, анын формасы ушул Тартиптин тиркемесинде белгиленген.
Кайра жиберүү бланкы эки нускада толтурулат, анын бири арыз ээсине берилет, экинчиси - кайра жиберип жаткан субъекттин архивине өткөрүлөт.
Кайра жиберүү жөнүндөгү бланк ага арыз ээси кайра жиберилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманын талаптарына ылайык кирүүчү документация катарында субъект тарабынан каттоого алынат.
14. Кайра жиберилген адам бара турган компетенттүү орган 10 күндүн ичинде кайра жиберилген арыз ээсине жардам көрсөтүлгөндүгү тууралуу кайра жиберген органга билдирүүгө милдеттүү.
15. Эгер арыз ээсинин маселеси боюнча субъект тарабынан өз алдынча, өзүнүн компетенциясынын чегинде консультация көрсөтүлүшү мүмкүн болбосо, арыз ээсин башка субъектке кайра жиберүүгө жол берилбейт.
16. Консультациялык-укуктук жардам көрсөтүүнүн натыйжалуу системасын түзүү максатында субъекттер көп берилүүчү суроолордун ведомстволук тизмесин түзүшөт жана аны толуктап, өздөрүнүн расмий веб-сайттарына жайгаштырышат (эгер бар болсо), ошондой эле электрондук байланыш аркылуу бардык субъекттерге туруктуу негизде жиберип турушат.
17. Арыз ээси алыс жайгашкан административдик-аймактык бирдиктердеги субъекттерге кайрылган учурда, субъекттер консультациялык-укуктук жардамды өз алдынча же компетенттүү субъекттер менен аралыктан туруп алынуучу консультациялар аркылуу көрсөтүшөт.
3-глава. Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүнүн алкагында субъекттердин өз ара аракеттешүү тартиби
18. Квалификациялуу юридикалык жардам адвокаттар тарабынан көрсөтүлөт.
19. Адвокатты дайындоо МКЮЖду координациялоо борборунун координатору (мындан ары - координатор) тарабынан арыз ээсинин/алуучунун арызынын негизинде ишке ашырылат. Адвокаттар өздөрүнүн нөөмөт графигине ылайык Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча адвокаттардын мамлекеттик реестринен дайындалат. График адвокаттар менен макулдашылып, координатор тарабынан түзүлөт жана бекитилет.
20. Нөөмөт графиги маалымат үчүн тийиштүү аймактык укук коргоо жана сот органдарына координатор тарабынан жиберилет.
21. Ушул Тартиптин 25-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, адвокат аны дайындоо жөнүндө координатордун тиешелүү чечимисиз квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтө албайт.
Сот органдары жана жазыктык куугунтуктоо органдары мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында адвокатты дайындоо зарыл болгондо, эки күндүк мөөнөттө квалификациялуу юридикалык жардам алууга муктаж адамдын арызынын түп нускасын координаторго жиберет.
Сот органдары жана жазыктык куугунтуктоо органдары квалификациялуу юридикалык жардам алууга адамдын арызын факсимилдик байланыш аркылуу же байланыштын башка каражаттарын колдонуп, андан кийин квалификациялуу юридикалык жардам алууга адамдын арызынын түп нускасын жиберүү менен координаторго жөнөтүүгө укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-декабрындагы № 587 токтомунун редакциясына ылайык)
22. МКЮЖду көрсөтүү системасына катышкан адвокаттардын тизмеси облустардын жана Бишкек менен Ош шаарларынын аймактык адвокатуралары тарабынан жыл сайын МКЮЖду координациялоо борборунун аймактык бөлүмдөрүнө берилип турат.
23. МКЮЖду координациялоо борбору жыл сайын, отчеттук жылдын акыркы айынын 20сынан кечиктирбей, облустар жана Бишкек менен Ош шаарларындагы аймактык адвокатураларга төмөнкүлөрдү берип турат:
1) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча Мамлекеттик адвокаттар реестрине кирген адвокаттардын тизмесин;
2) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө келишим түзүлгөн адвокаттардын тизмесин.
24. Сот органдары жана жазыктык куугунтуктоо органдары, ушул Тартиптин 25-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, координатор аркылуу адвокаттардын катышуусун камсыз кылат.
25. Адам кылмыш жасаганына шектелип кармалган учурда координатордун катышуусуз эле, жазыктык куугунтуктоо органдары тарабынан адвокаттардын нөөмөт графигине ылайык адвокат менен камсыз кылынат.
Адам иш жүзүндө кармалгандан тартып эки күндүн ичинде жазыктык куугунтуктоо органдары бул тууралуу координаторго билдиришет жана кармалган адамдын квалификациялуу юридикалык жардам алууга арызынын түп нускасын жиберишет.
26. Алыскы административдик-аймактык бирдиктерде кармалган айыпталуучулар жана соттолгондор квалификациялуу юридикалык жардам алууга арыздарынын түп нускалары жаза аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чогултулуп алынат жана беш күндүк мөөнөттө адвокат менен камсыз кылуу үчүн координаторго жиберилет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-декабрындагы № 587 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Белгилүү бир административдик-аймактык бирдикте МКЮЖду көрсөтүү системасына катышкан адвокаттар жок болсо, аймактык адвокатуралар координаторлордун көмөктөшүүсү менен ошол же жакын жайгашкан административдик-аймактык бирдиктерден МКЮЖду көрсөтүү системасына адвокаттарды тартууну камсыз кылышат.
28. "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 1-бөлүгүндө аталган арыз ээлеринин/алуучулардын жылдык кирешесинин деңгээлин ырастоо үчүн координаторлор салык органдарына, социалдык фонддун органдарына жана социалдык коргоо органдарына, эгер арыз ээси/алуучу пенсиялык камсыздоо укугуна ээ болбосо, үч күндүн ичинде суроо-талаптарын жиберишет.
Суроо-талапка арыз ээсинин/алуучунун паспортунун же ким экенин ырастаган башка документинин көчүрмөсү, ошондой эле эгер арыз ээси/алуучу пенсиялык камсыздоо укугуна ээ болбосо, салык органдарынан, социалдык фонддун органдарынан жана социалдык коргоо органдарынан арыз ээсинин/алуучунун акыркы он эки айда төгүлгөн төлөмдөрү же пенсиялык камсыздоо укугунун жоктугу жөнүндө маалымат алууга жазуу жүзүндөгү макулдугу кошо тиркелет.
Суроо-талаптар байланышуунун электрондук каналдары боюнча да белгиленген тартипте жиберилиши мүмкүн.
Киреше боюнча маалымат ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу координатор тарабынан алынса болот.
Салык органдары, социалдык фонддун органдары жана социалдык коргоо органдары он жумуш күндүн ичинде координаторлорго суралган маалыматты акысыз беришет.
29. "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 2-бөлүгүндө аталган адамдарга квалификациялуу юридикалык жардам жылдык кирешелерин эсептөөсүз көрсөтүлөт.
|
| Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын субъекттеринин өз ара аракеттешүү тартибине тиркеме |
Форма
БЛАНК Акысыз консультациялык-укуктук жардам алуу үчүн арыз ээсин кайра жиберүү
Мен, ________________________________________________________________________,
(аты-жөнү)
_____________________________________________________________________________
(органдын же уюмдун аталышы)
____________________________________________________________ кызматын ээлеген
(кызматынын аталышы)
_____________________________________________________________________________
(арыз ээсинин аты-жөнү)
_____________________________________________________________________________
(маселенин мүнөзүн же укук чөйрөсүн кыскача сүрөттөө)
маселеси боюнча акысыз консультациялык-укуктук жардам алуу үчүн
_______________________________________________________ жиберилгенин билдирем
(жеке жак кайра жиберилип жаткан субъекттин аталышы)
________________________________________ | ___________________________________ |
арыз ээсинин колу | күнү |
|
|
________________________________________ | ___________________________________ |
бланкты берген адамдын колу күнү | күнү |