Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 629 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-майы № 264
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Борбордун статусу жөнүндө" жана "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министри |
| С. Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Борбордун статусу жөнүндө" жана "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2013-жылдын 17-декабры, № 100) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Преамбуласы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-берене менен толукталсын:
"1-1-берене. Жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын борбор шаарынын статусун аныктайт, жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун жана жүзөгө ашыруунун өзгөчөлүктөрүн, ыйгарым укуктарын жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү белгилейт.";
3) 1-беренесинде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын борбору - Бишкек шаары.
Бишкек шаары республикалык маанидеги шаар болуп саналат.";
б) 3-бөлүгүнүн 4-пунктундагы "башка" деген сөз алып салынсын;
в) 4-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "мыйзамдарына" деген сөз "мамлекеттик символдор чөйрөсүндөгү мыйзамдарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) 2-беренесиндеги "башка ченемдик укуктук актылардан" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5) 3-беренесинин 2-пунктундагы "башка" деген сөз алып салынсын;
6) 4-беренесинде:
а) беренесинин аталышында жана биринчи абзацындагы "мамлекеттик бийлик органдарынын", "мамлекеттик бийлик органдары" деген сөздөр тиешелүү түрдө "мамлекеттик органдардын", "мамлекеттик органдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 3-пункту "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын;
7) 5-беренесинде:
а) биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:";
б) 1-пунктундагы "мамлекеттик бийлик органдарына" деген сөздөр "мамлекеттик органдарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "жана башка" деген сөздөр алып салынсын;
в) 6-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
8) 7-беренесинде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте кабыл алынуучу Жергиликтүү жамааттын уставына ээ.";
б) 2-бөлүгүндөгү "башка" деген сөз алып салынсын;
в) 3-бөлүгүндөгү "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталган тартипте" деген сөздөр алып салынсын;
9) 8-беренесинде:
а) 1-бөлүгүндө:
- 3-пунктундагы "мектептик мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы" деген сөздөр "жалпы негизги жана жалпы орто" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пункту "ченемдик укуктук актыларда" деген сөздөргө чейин "жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
10) 10-беренесинин 2-бөлүгү "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана алардын статусу жөнүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын;
11) 13-беренесинде:
а) 2-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "түзүшү мүмкүн" деген сөздөр "түзөт" деген сөз менен алмаштырылсын;
б) 4-бөлүгүндөгү "ашырышы мүмкүн" деген сөздөр "ашырат" деген сөз менен алмаштырылсын, "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо," деген сөздөр "педагогикалык, илимий жана чыгармачылык иштерден тышкары," деген сөздөр менен алмаштырылсын;
12) 14-беренесинин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо," деген сөздөр "педагогикалык, илимий жана чыгармачылык иштерден тышкары," деген сөздөр менен алмаштырылсын;
13) 15-беренесинде:
а) 2-бөлүгүндө:
- 1-пунктундагы "башка" деген сөз алып салынсын;
- 4-пунктундагы "чарбалык иштерди жүзөгө ашыруу үчүн мэриянын түзүмдүк бөлүмчөлөрдү" деген сөздөр "мэриянын муниципалдык ишканаларды" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
14) 17-беренесинин 1-бөлүгү "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын;
15) 18-беренесинде:
а) 2-бөлүгүндөгү "башка" деген сөздөн кийин "мамлекеттик" деген сөз менен толукталсын;
б) 3-бөлүгү "мыйзамдарда белгиленген тартипте" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
16) 19-беренесинин биринчи абзацындагы "өзү дайындалган күндөн тартып 7 жумушчу күндүн ичинде" деген сөздөр "өзүнүн шайланган күнүнөн баштап 15 жумушчу күндүн ичинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
17) 20-беренесинде:
а) 2 жана 6-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 12-пунктундагы "мыйзамдарда" деген сөз "шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдарда, жер мыйзамдарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) 17-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "жер мыйзамдарына жана муниципалдык менчик чөйрөсүндөгү мыйзамдарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
г) 18-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18) Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык муниципалдык жерлердин пайдаланылышын контролдоо;";
д) 21-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
18) 24-беренесинде:
а) 1-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "бошотулушу мүмкүн" деген сөздөр "бошотулат" деген сөз менен алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгүндөгү "алууга" деген сөз "алат" деген сөз менен алмаштырылсын, "болбоого укуктуу" деген сөздөр "болбойт" деген сөз менен алмаштырылсын;
в) 4-бөлүгүндөгү "дайындашы мүмкүн" деген сөздөр "дайындайт" деген сөз менен алмаштырылсын;
19) 28-беренесинин 2-бөлүгүндө:
а) 2-пунктундагы "уюштуруу" деген сөз "уюштурат жана ал" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
20) 29-беренесинде:
а) 1-бөлүгүндөгү "жана башка" деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-бөлүгүндөгү "башка" деген сөз алып салынсын;
в) 3-бөлүгү "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "бюджеттик" деген сөз менен толукталсын;
г) 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык шаардын жашоо-тиричилигин камсыздоого багытталган иштерди аткаруучу муниципалдык мекемелерди, ишканаларды жана акционердик коомдорду түзөт.";
21) 30-беренесинде:
а) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Шаарды өнүктүрүү фондун түзүү, анын каражаттарын пайдалануу жана пайдаланууну контролдоо тартиби жөнүндө жобо Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитилет.";
б) 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
22) 31-беренесинде:
а) аталышындагы "мамлекеттик бийлик органдары" деген сөздөр "мамлекеттик органдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) биринчи абзацындагы "мамлекеттик бийлик органдарына" деген сөздөр "мамлекеттик органдарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "жана башка" деген сөздөр алып салынсын;
в) экинчи абзацындагы "министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор" деген сөздөр "мамлекеттик органдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
"Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2013-жылдын 17-декабры, № 100) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын преамбуласы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 1-глава төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-берене менен толукталсын:
"1-1-берене. Жөнгө салуунун предмети
Ушул Мыйзам республикалык маанидеги шаардын - Ош шаарынын статусун аныктайт, жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун жана жүзөгө ашыруунун өзгөчөлүктөрүн, ыйгарым укуктарын жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү белгилейт.";
3) 1-беренесинде:
а) 2-бөлүгүндөгү "ал эми Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда," деген сөздөр алып салынсын;
б) 3-бөлүгүндөгү "мыйзамдарына" деген сөз "мамлекеттик символдор чөйрөсүндөгү мыйзамдарына" деген сөздөр менен толукталсын;
4) 2-беренесиндеги "башка ченемдик укуктук актылардан" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5) 3-беренесинде:
а) биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:";
б) 1-пунктундагы "мамлекеттик бийлик органдарына" деген сөздөр "мамлекеттик органдарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "жана башка" деген сөздөр алып салынсын;
в) 6-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 4-беренесинде:
а) аталышындагы жана биринчи абзацындагы "мамлекеттик бийлик органдарынын", "мамлекеттик бийлик органдары" деген сөздөр тиешелүү түрдө "мамлекеттик органдардын", "мамлекеттик органдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 3-пункту "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын;
7) 5-беренесинин 2-пунктундагы "башка" деген сөз алып салынсын;
8) 7-беренесинде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ош шаары Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте кабыл алынуучу Жергиликтүү жамааттын уставына ээ.";
б) 2-бөлүгүндөгү "башка" деген сөз алып салынсын;
в) 3-бөлүгүндөгү "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган тартипте" деген сөздөр алып салынсын;
9) 8-беренесинде:
а) 1- бөлүгүндө:
- 3-пунктундагы "мектептик, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы" деген сөздөр "жалпы негизги жана жалпы орто" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пункту "ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөргө чейин "жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
10) 10-беренесинин 2-бөлүгү "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана алардын статусу жөнүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын;
11) 13-беренесинде:
а) 2-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "түзө алат" деген сөздөр "түзөт" деген сөз менен алмаштырылсын;
б) 4-бөлүгүндөгү "жүргүзө алышат" деген сөздөр "жүргүзөт" деген сөз менен алмаштырылсын, "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо," деген сөздөр "педагогикалык, илимий жана чыгармачылык иштерден тышкары," деген сөздөр менен алмаштырылсын;
12) 14-беренесинин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо," деген сөздөр "педагогикалык, илимий жана чыгармачылык иштерден тышкары," деген сөздөр менен алмаштырылсын;
13) 15-беренесинин 2-бөлүгүндө:
а) 1-пунктундагы "башка" деген сөз алып салынсын;
б) 4-пунктундагы "чарбалык иштерди жүзөгө ашыруу үчүн мэриянын түзүмдүк бөлүмчөлөрдү" деген сөздөр "мэриянын муниципалдык ишканаларды" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) 5-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
г) 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
14) 17-беренесинин биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
15) 18-беренесинде:
а) 2-бөлүгү "башка" деген сөздөн кийин "мамлекеттик" деген сөз менен толукталсын;
б) 3-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
16) 19-беренесиндеги "өзү дайындалган күндөн тартып 7 жумушчу күндүн ичинде" деген сөздөр "өзүнүн шайланган күнүнөн баштап 15 жумушчу күндүн ичинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
17) 20-беренесинде:
а) 2 жана 6-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 12-пунктундагы "мыйзамда" деген сөз "шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдарда, жер мыйзамдарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) 17-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "жер мыйзамдарына жана муниципалдык менчик чөйрөсүндөгү мыйзамдарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
г) 19-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
18) 24-беренесинде:
а) 1-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "бошотулушу мүмкүн" деген сөздөр "бошотулат" деген сөз менен алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгүндөгү "алууга" деген сөз "алат" деген сөз менен алмаштырылсын, "болбоого укуктуу" деген сөздөр "болбойт" деген сөз менен алмаштырылсын;
в) 4-бөлүгүндөгү "дайындашы мүмкүн" деген сөздөр "дайындайт" деген сөз менен алмаштырылсын;
19) 28-беренесинин 2-бөлүгүндө:
а) 2-пунктундагы "уюштуруу" деген сөз "уюштурат жана ал" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
20) 29-берененин:
а) 1-бөлүгүндөгү "башка" деген сөз алып салынсын;
б) 2-бөлүгүндөгү "башка" деген сөз алып салынсын;
в) 3-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "бюджеттик" деген сөз менен толукталсын;
г) 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Ош шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык шаардын жашоо-тиричилигин камсыздоого багытталган иштерди аткаруучу муниципалдык мекемелерди, ишканаларды жана акционердик коомдорду түзөт.";
21) 30-беренесинде:
а) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Шаарды өнүктүрүү фондун түзүү, анын каражаттарын пайдалануу жана пайдаланууну контролдоо тартиби жөнүндө жобо Ош шаардык кеңеши тарабынан бекитилет.";
б) 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |