Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-сентябры №582
Психоактивдүү заттарды колдонуунун кесепетинен психикасы жана жүрүм-туруму бузулган адамдарга Кыргыз Республикасынын жазаларды аткаруу системасынын мекемелеринде наркологиялык жардам көрсөтүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомнун редакцияларына ылайык)
Психоактивдүү заттарды колдонуунун кесепетинен психикасы жана жүрүм-туруму бузулган соттолгон жана камактагы адамдарга Кыргыз Республикасынын жазаларды аткаруу системасынын мекемелеринде наркологиялык жардам көрсөтүүнүн уюштурулушун жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Психоактивдүү заттарды колдонуунун кесепетинен психикасы жана жүрүм-туруму бузулган адамдарга Кыргыз Республикасынын жазаларды аткаруу системасынын мекемелеринде наркологиялык жардам көрсөтүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө тиркелген нускама бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Нускамада каралган иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматына 2011-жылга жана кийинки жылдарга каралган бюджеттердеги каражаттардын чегинде каржылансын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомнун редакцияларына ылайык)
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнө жана социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө тапшырылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри |
А.Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-сентябрындагы №582 токтому менен бекитилген |
Психоактивдүү заттарды колдонуунун кесепетинен психикасы жана жүрүм-туруму бузулган адамдарга Кыргыз Республикасынын жазаларды аткаруу системасынын мекемелеринде наркологиялык жардам көрсөтүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө нускама
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 617, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Бул Нускама жазаларды аткаруу системасынын мекемелеринде психоактивдүү заттарды (алкоголь, наркотик, психикага таасир этүүчү заттар) колдонуунун кесепетинен психикасы жана жүрүм-туруму бузулган адамдарга наркологиялык жардам көрсөтүүнүн шарттарын жана тартибин аныктайт.
2. Жазаларды аткаруу системасынын мекемелеринде психоактивдүү заттарга көз каранды (алкоголго, наркотик жана психотроптук заттарга психологиялык, физиологиялык көз каранды) болгон соттолгондорду төмөнкүдөй дарылашат:
1) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын № 47 мекемесинин алдындагы борбордук оорукананын наркологиялык бөлүмүндө (мындан ары - наркологиялык бөлүм):
- мажбурлоо менен - соттун чечими менен медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары дайындалган, эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдар үчүн;
- өз ыктыяры менен - түзөтүү мекемелеринин ооруканаларынын жана медициналык-санитардык бөлүктөрүнүн начальниктеринин же шприц алмаштыруучу пункттардын кызматкерлеринин жолдомолорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын (мындан ары – ЖАК) чечимдери менен бекитилген көрсөтмөлөр боюнча, наркологиялык бөлүмдүн дарыгеринин консультациясынан кийин;
2) ЖАКнын мекемелеринин реабилитациялык борборлорунда, медициналык-санитардык бөлүктөрүндө, алмаштыруучу опиоиддик терапия пункттарында - өз ыктыяры боюнча төмөнкү критерийлерди эске алуу менен: кайрылган адам психоактивдүү заттарга көз каранды болсо, терапиялык процесске тоскоол болуучу психикалык ооруларынын жоктугу.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 617, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Соттун чечими боюнча медициналык мүнөздөгү чаралар дайындалган, психоактивдүү заттарга көз карандылыгы бар соттолгондор тергөө изолятордон милдеттүү түрдө наркологиялык бөлүмгө стационардык дарыланууга жөнөтүлүүгө тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 617 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Соттун өкүмү боюнча стационардык изилдөө жана дарылоо курсунун узактыгы: терапия бөлүмүндө 21 күндөн ашпооого тийиш, наркология бөлүмүндө же мекемелердин реабилитациялык бөлүмдөрүндө - 4-6 ай, детоксикация жана алмаштыруучу терапия бөлүмүндө: детокс-терапия курсу - 14 күндөн ашпайт, алмаштыруучу терапия курсу камакта болуу мөөнөтүнүн аягына чейин белгиленет. Өзгөчө учурда соматикалык патология менен байланышкан оорулуулар наркологиялык борбордун жетекчисинин чечими жана дарылоочу врачтын сунушу боюнча ЖАКнын башка дарылоочу мекемесине (борбордук оорукананын бөлүмүнө, кургак учук-өпкө ооруканага, психиатрия бөлүмү ж.б.) которулат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 617, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Наркологиялык борбордо оорулуулар психикалык жана соматикалык жактан толук текшерүүдөн өтүшөт, ал жерде врач-нарколог тарабынан соматикалык диагнозу да, психоактивдүү заттардан көз карандылык диагнозу да коюлат жана такталат. Лабораториялык изилдөөнүн ичинен кан менен зааранын клиникалык анализдери милдеттүү түрдө алынат. Рентгенологиялык изилдөөлөр ар дайым, биохимиялык анализдер, электрокардиограмма жана башка изилдөөлөр - дарыгердин көрсөтмөсү боюнча жүргүзүлүп турат.
6. Дарылоонун конкреттүү ыкмасын дарыгер-наркологдор оорулуунун жеке өзгөчөлүгүнө, диагнозуна, коштоп жүргөн башка ооруларга жараша Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан бекитилген, Оорулардын 10-жолу кайра каралган Эл аралык Классификациясына жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана ЖАКнын колдонуудагы ченемдик укуктук документтерине ылайык тандашат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомнун редакцияларына ылайык)
7. Наркологиялык бөлүмдө дарыланып жаткан, жаза өтөө режимин бузган соттолгондорго карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 379 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык тартиптик жаза чаралары колдонулат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 617 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Стационардык дарылоо курсу аяктагандан кийин наркологиялык бөлүмдүн дарыгери жазчу медициналык корутундуда дарылоонун жыйынтыгы: жетишкен натыйжа, психикалык жана соматикалык абалда болгон өзгөрүүлөр, алкоголь, баңги жана башка заттарды колдонуудан баш тартууга багыттоонун мүнөзү чагылдырылат. Чыгарууга эпикриз жана дарыгер-наркологдун берген сунуштары оорулуунун амбулаториялык картасына жазылат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 617 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Стационардык дарылоо курсу аяктагандан кийин соттолгондор режимдин түрүнө жараша түзөтүү мекемелерине которулат жана наркологиялык бөлүмдүн дарыгерлеринин берген сунуштарына жараша мекеменин медициналык-санитардык бөлүгүндө/кургак учукту дарылоочу ооруканасында диспансердик жана профилактикалык байкоодо болушат, дарыгерлердин сунуштарында диспансердик байкоо убактысы 6 айдан ашпастыгы тууралуу да көрсөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 617 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Кургак учукту дарылоочу оорукананын/медициналык санитардык бөлүктүн начальниги ЖАКнын жетекчилиги бекиткен формада наркологиялык бөлүмдүн атайын врачтык комиссиясы берген медициналык корутундуга ылайык, оорулуунун психоактивдүү заттарды колдонуудан кармануусуна дайындаманы бекитиш үчүн, ошондой эле астеникалык, невроздук, дисфориялык жана башка бузулууларды жоюш үчүн соттолгондордон медициналык мүнөздөгү чараларды медициналык корутундуга ылайык алып таштоо тууралуу материалдарды сотко жөнөтүү жөнүндө мекеменин администрациясына сунуш берет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 617, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
11. Дары-дармек менен дарылануу же реабилитациялоо курсунан өткөн, алмаштыруучу опиоиддик терапияны алып жаткан соттолгондордон медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын алып салуу жөнүндө сотко сунуштамалар наркология бөлүмүнүн врачтык комиссиясы берген медициналык корутундунун негизинде мекеменин администрациясы тарабынан киргизилет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 617 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Психоактивдүү заттардан көз каранды болуп, өпкөсүндө жана/же башка органдарында кургак учук оорусу кошо бар адамдар наркологиялык бөлүмдө же мекеменин реабилитациялык борборунда кургак учук оорусу активдүү эмес фазада болсо гана дарылана алышат.
Кургак учук оорусу активдүү фазадагы адамдарда психоактивдүү заттарды колдонуунун натыйжасында ансыз тура албаган абал пайда болсо же өлчөмүн ашыкча пайдалануудан токтоосуз медициналык кийлигишүүнү талап кылган оор абалга дуушарланса кургак учуктан дарыланып жаткан мекеменин дарылоочу бөлүгүнөн медициналык жардам алышат. Зарыл болсо наркологиялык бөлүмдөрдүн наркологдору менен консультация өткөрүлөт жана абалына жараша боюнча дарылоо дайындалат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 617 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Психоактивдүү заттарга көз каранды адамдарга медициналык мүнөздөгү чараларды колдонуу жөнүндө соттун чечими бар болушу бул соттолгон адамды абак-колонияга которууга, шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууга, өтөп бүтө элек жазасын жеңил түрүнө алмаштырууга негиз боло албайт.
14. Психоактивдүү заттардан көз каранды болгон соттолгондордон медициналык мүнөздөгү чараларды алып салуу боюнча сунушту сотто кароодо атайын врачтык комиссиянын атынан мекеменин медициналык-санитардык бөлүгүнүн/кургак учукту дарылоочу оорукананын жетекчиси же врач-нарколог катышат.
15. Соттун чечими боюнча медициналык мүнөздөгү чаралар алып салынгандан кийин, психоактивдүү заттардан көз карандылыктан жапа чеккен соттолгондор дарылоо-профилактикалык мекемелердин диспансердик каттоосунда кала берет.
16. Психоактивдүү заттардан көз каранды адамдар каза болсо же эркиндигинен ажыратуучу абактан бошонгондон кийин диспансердик каттоодон чыгарылат. Мындай учурда мекеменин медициналык кызматы чыккан адамга талон жазып, аны ЖАКнын медициналык кызматына берет. ЖАКнын медициналык кызматынын жетекчиси бул маалыматты Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык наркология борборуна төмөнкүдөй максаттарда жиберет:
- медициналык тейлөөдө өз ара байланышта аракеттенүү жана ырааттуулук үчүн;
- бирдиктүү статистикалык отчет жүргүзүү үчүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомнун редакцияларына ылайык)
17. Оору кайрадан кармаса же көз каранды адамдар аныкталса, медициналык-санитардык бөлүктүн жетекчиси ал адамды врач-наркологго көрсөтөт, ал соттолгондун макулдугу боюнча аны наркологиялык бөлүмдө же мекеменин Реабилитациялык борборунда дарылоо маселесин чечет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 617 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Эркиндигинен ажыратылган жайдан бошоно турган убагында алмаштыруучу метадон терапиясы (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 22-декабрындагы №445 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасында баңгиликтин жайылышына жана баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүү Концепциясында каралган) боюнча дарыланган адамдарга Саламаттык сактоо министрлигинин мекемелеринде алмаштыруучу метадон терапиясына катышууну улантуу мүмкүндүгү жөнүндө толук маалымат берилет, ошондой эле пациенттин колуна метадон алган күндүн башталганы, алуучу метадон эритмесинин суткалык өлчөмү, акыркы жолу алган күнү жазылган көчүрмө берилет.
19. ЖАКнын Реабилитациялык борборлорунун пациенттерине эркиндигинен ажыратуучу жайдан бошонгон мезгилинде жарандык сектордо - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык наркологиялык борборунун реабилитация бөлүмүндө, өкмөттүк эмес жана коомдук уюмдардын реабилитациялык борборлорунда дарылоону улантуу мүмкүндүгү жөнүндө толук маалымат берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомнун редакцияларына ылайык)