Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 3-сентябрындагы № 541
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 379 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-декабрындагы № 695, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 545 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелериндеги ички тартиптин эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине ылайык иштелип чыкты жана эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөө шарттарын жөнгө салат, соттолгондордун укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу боюнча, алар тарабынан өздөрүнүн милдеттерин аткаруусу жана укук чектөөнү сактоосу боюнча, ошондой эле соттолгондорду кайра социалдаштыруу үчүн ылайыктуу шарттарды түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин (мындан ары - түзөтүү мекемелери) ишиндеги маселелерди конкреттештирет.
2. Эрежелер түзөтүү мекемелеринин персоналы, аларда кармалган соттолгондор, ошондой эле ушул мекемелерге келген башка адамдар үчүн милдеттүү болуп саналат. Эрежелерди бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартууга алып келет.
2-глава. Түзөтүү мекемелерине соттолгондорду кабыл алуу
3. Түзөтүү мекемесине соттолгондорду кабыл алуу үчүн негиз болуп мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү, токтому, аныктамасы, ырайым кылуу актысы, жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын атайын комиссиясынын чечими жана жиберүүгө наряддар саналат.
4. Түзөтүү мекемесине соттолгондорду кабыл алууну мекеменин атайын жана медициналык бөлүгүнүн кызматкерлери менен колониянын начальнигинин нөөмөтчү жардамчысынын катышуусунда контролдоп-өткөрүү пунктунда ишке ашырат. Түзөтүү мекемесине соттолгондорду кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 78-беренесинде каралган маалыматтар белгиленет. Жумуш убактысы бүткөндөн кийин келген соттолгондор колониянын начальнигинин нөөмөтчү жардамчысы тарабынан кийин милдеттүү түрдө медициналык кызматкердин текшерүүсү менен кабыл алынат.
5. Өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондорду кабыл алуу мекеменин жетекчилиги, колониянын начальнигинин нөөмөтчү жардамчысы, ыкчам жана режимдик кызматтын кызматкерлери жана мекеменин медициналык жана атайын бөлүгүнүн кызматкери тарабынан ишке ашырылат. Соттолгондор тарабынан укукка каршы аракеттерди болтурбоо максатында контролерлор катышат.
6. Соттолгондорду кабыл алуу учурунда колониянын начальнигинин нөөмөтчү жардамчысы өздүк ишинин, тиешелүү документтердин, наряддардын болуусун текшерет жана алардын келген соттолгонго тиешелүүлүгүн аныктайт. Өздүк иштер кагаз пакеттерге салынып, ага мөөр басылып чапталышы керек, кагаз пакет же мөөр бузулган учурда колониянын начальнигинин нөөмөтчү жардамчысы кароол начальниги менен бирдикте тиешелүү акт түзүшөт.
Соттолгондун сүрөтүнө, өздүк ишиндеги аныктамада көрсөтүлгөн анкеталык маалымкаттарга дал келбеген, келген соттолгондордун мезгилге жараша кийим-кечеси, өздүк ишинде документтер, ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык корутунду жок болгон учурда колониянын начальнигинин нөөмөтчү жардамчысы ушул Эрежелердин 1-тиркемесине ылайык формада өздүк ишиндеги документтердин болушун салыштырып текшерүү актысын түзөт.
7. Ушул Эрежелердин 6-пунктунда аталган маалыматтарды текшерүүдөн кийин соттолгондор колониянын начальнигинин нөөмөтчү жардамчысынын жана контролерлордун нарядынын коштоосунда карантиндик бөлүмгө барат, ал жерде толук тинтүүдөн, ал эми аларга тиешелүү буюмдар кароодон жана таразалоодон өтөт.
Толук тинтүү жана буюмдарды кароодон өткөрүүгө чейин соттолгондорго ушул Эрежелердин 2-тиркемесинин тизмесине ылайык соттолгон жанында алып жүрүүгө, посылка, передача, бандеролдордо алууга тыюу салынган буюмдарды, документтерди, азык-түлүктү өз ыктыяры менен өткөрүп берүү сунушталат. Ушул Эрежеде тыюу салынган нерселерди жана буюмдарды соттолгондор ыктыярдуу өткөрүп берген учурда аларга карата тартиптик жаза чаралары колдонулбайт.
Ушул Эрежелердин 2-тиркемесинин ылайык тыюу салынган буюмдар жана нерселер, ошондой эле 50 килограмм салмактан жогору буюмдар, ушул Эрежелердин 206-пунктунда каралган учурдан тышкары, ушул Эреже менен аныкталган тартипте тартылып алынат, тартып алуунун жыйынтыгы боюнча тиешелүү акт түзүлөт. Белгиленген салмактан жогору болгон буюмдарды тартып алуу жөнүндө чечим колониянын начальнигинин нөөмөтчү жардамчысы тарабынан кабыл алынат, ал эми сактоо үчүн кампага өткөрүлүүчү буюмдар соттолгондор тарабынан аныкталат.
8. Медициналык кызматкер соттолгондордун денесиндеги жаракаттарды, тери жана жугуштуу оорулардын белгилерин аныктоо максатында аларга сырттан кароо жүргүзөт. Келген соттолгондордо жугуштуу оорулар аныкталган учурда алар тезинен медициналык бөлүккө обочолонот, мекемеде эпидемияга каршы иш-чаралар жүргүзүлөт.
Соттолгондун денесинен жаракаттар аныкталган учурда медициналык кызматкер ага зарыл болгон медициналык жардам көрсөтөт, келген соттолгондун медициналык картасына тиешелүү маалыматтарды жазат, аныкталган жаракаттар жөнүндө түзөтүү мекемесинин начальнигине же аны алмаштырган адамга жазуу жүзүндө маалымат берет. Түзөтүү мекемесинин начальниги же аны алмаштырган адам жазуу жүзүндө ушул факт жөнүндө жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын жетекчилигине жана түзөтүү мекемелеринде жаза аткарууну көзөмөлдөөнү ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу прокурорго маалымдайт.
9. Түзөтүү мекемесине келген бардык соттолгондор биринчи медициналык кароодон жана өз ичине жуунууну, дезинфекциялоо камерасында кийим-кечелерди дарылоону камтыган комплекстүү санитардык текшерүүдөн өтүшөт. Медициналык көрсөткүчтөргө ылайык бардык түктөрдү кыруу жүргүзүлүшү мүмкүн.
10. Кабыл алуудан кийин соттолгондор карантиндик бөлүмгө жайгаштырылат, карантинде болгон убакыттын аралыгында аларга медициналык байкоо белгиленет жана медициналык текшерүү жүргүзүлөт. Соттолгондор карантиндик бөлүмдө өзүнө адис дарыгерлердин кароосун, рентгендик-флюорографиялык жана лабораториялык изилдөөлөрдү камтыган милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүшөт. Текшерүүнүн жыйынтыгы соттолгондун медициналык амбулаториялык картасына катталат. Дарылоочу түзөтүү мекемесине келген соттолгондор карантиндик бөлүмгө жайгаштырылбайт.
11. Карантиндик бөлүмдө соттолгондор жаза өтөө тартиби жана шарттары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Эрежелер менен белгиленген өздөрүнүн укуктары жана милдеттери менен кол коюп таанышат, өрт коопсуздугунун чаралары жөнүндө нускоолордон өтүшөт, түзөтүү мекемесинде жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузганы үчүн жооптуу болору жөнүндө эскертилет.
Мындан тышкары, соттолгондор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзөтүү мекемесинде аудиовизуалдык, электрондук жана башка көзөмөлдөөнүн жана контролдоонун техникалык каражаттарынын колдонулушу, кара күч, атайын каражаттар жана курал-жарактар колдонулган учурлар жөнүндө кол коюу менен тааныштырылат. Аталган тил каттар соттолгондордун өздүк ишине көктөлөт.
Соттолгондор жазык-аткаруу тутумунун мекемесинде баңгилик, АИВ/ЖИКС, кургак учук жана башка социалдык-маанилүү оорулардын алдын алуу жана дарылоо боюнча сунушталган социалдык кызматтар, социалдык бюронун иштеши, юридикалык, психологиялык жардам алуу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле соттолгондорду бошотууга даярдоо өзгөчөлүгү жөнүндө кабарландырылат.
Соттолгондун өтүнүчү боюнча анын атына өздүк эсеп ачылат, ал Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 91-беренеси менен аныкталган тартипте колдонулат.
12. Мекеменин психологдору тарабынан жаңы келген соттолгондордун өздүгүн изилдөө, алардын жаңы шарттарга көнүүсү боюнча иштер жүргүзүлөт. Өмүрүнө кол салууга, өзүнүн денесине атайылап кандайдыр бир зыян келтирүүгө жана башка укукка каршы аракеттерге жакын адамдар аныкталат. Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча ар бир жаңы келген соттолгондун психологиялык портрети түзүлөт, мекеменин тиешелүү кызматтарына алар менен иштөө боюнча сунуштар киргизилет.
13. Өздүк ишинде соттолгонду айып изоляторуна, камера тибиндеги жайга же жеке камерага жайгаштыруу жөнүндө материалдар болсо, ал тартиптик жазанын өтөлбөгөн мөөнөтүнө аталган жайга которулат.
14. Соттолгонду карантиндик бөлүмдөн айып изоляторуна, камера тибиндеги жайга, жеке камерага, убактылуу обочолоочу жайга же медициналык-санитардык бөлүккө которгон учурда, аталган жайда кармоо карантиндик бөлүмдө болгон мөөнөт катары эсептелет.
15. Соттолгондордун жеке өзгөчөлүктөрүн эске алып отряддарга (камераларга) бөлүштүрүү, аларды эмгекке тартуу, жалпы жана кесиптик билим берүү системасында окутуу жөнүндө чечим түзөтүү мекемесинин комиссиясы тарабынан алынат, анын иши Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 80-беренесине ылайык жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органы тарабынан аныкталат.
16. Соттолгон келген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан аялына (күйөөсүнө) же туугандарынын бирине, же башка адамга (соттолгондун тандоосу боюнча) түзөтүү мекемесинин почта дарегин көрсөтүү менен анын жаза өтөгөн жайы, ушул Эрежелердин 2-тиркемесинин ылайык соттолгон жанында алып жүрүүгө, посылка, передача, бандеролдордо алууга тыюу салынган буюмдардын жана нерселердин тизмеси, кат алышуунун, акча которууларды алуунун жана жөнөтүүнүн, соттолгонго түзөтүү мекемесинин чегинен чыгуунун, жолугушуунун, телефондук сүйлөшүүлөрдүн негизги талаптары жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүү жөнөтүлөт.
Камалганга чейин чет өлкөдө туруктуу жашаган соттолгон чет элдик жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын келгендиги жөнүндө түзөтүү мекемесинин администрациясы беш жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине билдирүү жөнөтөт.
3-глава. Түзөтүү мекемелеринде кармалган соттолгондордун жүрүм-турум эрежелери
17. Эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза өтөп жаткан соттолгондор Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 16-28-беренелеринде каралган укуктар менен катар төмөнкүлөргө укуктуу:
- белгиленген жүрүм-турум эрежелерин бузбай күн тартибинде каралган жеке убактысын пайдаланууга;
- ушул Эрежелер менен тыюу салынбаган тамак-аш азыктарын, нерселерди жана буюмдарды сатып алууга, пайдаланууга жана сактоого;
- маданий-массалык жана спорттук иш-чараларга катышууга,
- соттолгондор Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 115-беренесинде белгиленген тартипте соттолгондордун ыктыярдуу уюмдарына мүчө болууга;
- аялы (күйөөсү), туугандары жана башка адамдар менен байланышып турууга;
- берилген социалдык кызматтарды пайдаланууга;
- китепкана, стол оюндарын, музыкалык аспаптарды, спорттук, маданий-массалык маанидеги жайларды колдонууга;
- көркөм, адабий китептерди алууга жана башка чыгармачылык иш жүргүзүүгө;
- жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын чечими менен кызыкдар болгон министрликтердин жана ведомстволордун макулдугу боюнча жүзөгө ашырылуучу баңгизаттардын зыяндуулугун төмөндөтүү жана АИВ/ЖИКС жана баңгиликти алдын алуу жана дарылоо боюнча программаларга жана башка реабилитациялык программаларга катышууга.
18. Түзөтүү мекемелеринин балдар үйлөрүндө балдары бар, жалпы жана катуу режимдеги мекемелерде жеңилдетилген шарттарда кармалган соттолгондор күңүрт, бозомтук түстөгү төш белгиси бар жарандык кийимдерди кийип жүрө алышат.
19. Эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза өтөп жаткан соттолгондор Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 29-беренесинде жана ушул Эрежеде каралган милдеттер менен катар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- түзөтүү мекемесинин күн тартибин сактоого;
- түзөтүү мекемесинин администрациясы аныктаган жайларда жана жумуш орундарында эмгектенүүгө;
- түзөтүү мекемесинин жана анын айланасындагы аймактардын, камералардын, жалпы колдонуудагы бөлмөлөрдүн жайлуулугу боюнча, ошондой эле маданий-тиричиликтик жана санитардык-гигиеналык жашоо шартын жакшыртуу боюнча акы төлөнбөгөн иштерге катышууга (кезеги менен);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-декабрындагы № 864 "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги соттолгон жана камакка алынган адамдарды материалдык-тиричилик жактан камсыз кылуунун минималдуу ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген ченемдер менен, ушул Эрежелердин 18-пунктунда көрсөтүлгөн жана жатак-абактарда кармалган соттолгондордон тышкары, белгиленген үлгүдөгү төш белгиси бар кийимди кийип жүрүүгө (ушул Эрежелердин 3-тиркемеси);
- өзүн тыкан алып жүрүүгө;
- жеке гигиена эрежелерин сактоого;
- чачын, сакал менен мурутун (эркектер үчүн) кыска тегиздеп алып жүрүүгө. Медициналык көрсөтмөсү бар болгон учурда (кырынууну татаалдаткан беттин жаракаты же башка медициналык көрсөтмөлөр) соттолгондорго сакал жана мурутун узунураак коюп жүрүүгө уруксат берилиши мүмкүн;
- камераларда, коопсуздук жайларында, дарылоо түзөтүү мекемелеринде, ошондой эле мекеменин медициналык-санитардык стационарларында кармалган соттолгондордон башкалары тамактануу үчүн ашканага барууга;
- камералар, карантиндик бөлүмдөр, отряддар боюнча нөөмөткө (кезеги менен) турууга;
- жашаган жайларды, уктоо бөлмөлөрүн жана жумуш орундарын, керебеттин жанындагы тумбаларды, кийим-кечени тазалыкта кармоого, ушул Эрежелердин 4-тиркемесине ылайык белгиленген үлгү боюнча төшөк жыюуга, керебеттерде жеке табличкалардын болуусун жана анын абалын көзөмөлдөөгө;
- тамак-аш азыктарын жана идиштерди тамактануу үчүн жайларда, жеке колдонуу буюмдарын - жеке буюмдарды сактоочу бөлмөлөрдө сактоого;
- ушул Эрежелердин 37-38-пункттарында каралган талаптарга ылайык мекеменин аймагы боюнча жүрүүгө;
- түзөтүү мекемесинин мүлкүнө этияттык менен мамиле кылууга;
- өрт коопсуздугунун талаптарын жана коопсуздук техникасынын эрежелерин сактоого.
20. Эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза өтөп жаткан соттолгондорго Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине жана ушул Эрежелерге ылайык төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- мыйзамдуу талаптарга жана жазык-аткаруу тутумунун персоналынын аракеттерине тоскоол болууга;
- зонанын тыюу салынган ички тосмосуна жакындоого жана аны кесип өтүүгө;
- түзөтүү мекемесинин администрациясынын өкүлүнүн уруксатысыз обочолонгон участоктун чегинен чыгууга;
- түзөтүү мекемесинин администрациясынын өкүлүнүн уруксатысыз алар жашабаган жатаканаларда же иштебеген өндүрүштүк объектилерде болууга;
- түзөтүү мекемесинин администрациясынын өкүлүнүн уруксатысыз жумуш орундарынан, жатаканалардан жана массалык иш-чара жүрүп жаткан жайлардан кетип калууга;
- түзөтүү мекемесинин администрациясынын өкүлүнүн уруксатысыз имараттардын, цехтердин, курулуштардын жана башка курулмалардын чатырларына чыгууга;
- түзөтүү мекемесинин администрациясынын өкүлүнүн уруксатысыз кайроочу жабдууларды, аспаптарды, электр энергиясын, механизмдерди жана материалдарды сактоого жана колдонууга;
- түзөтүү мекемесинин өндүрүштүк жана башка объектилеринде өз алдынча ар кандай курулуштарды курууга, шкафтарды, сейфтерди жана башка шаймандарды орнотууга;
- түзөтүү мекемесинин администрациясынын өкүлүнүн уруксатысыз уктоочу жайларга парда тартууга жана алмаштырууга, ошондой эле өндүрүштүк объектилерде, коммуналдык-тиричиликтик жана башка кызматтык жана көмөкчү жайларда уктоо орундуктарын жасоого;
- түзөтүү мекемесинин мүлкүнө, башка жеке же юридикалык жактарга, анын ичинде соттолгондорго зыян келтирүүгө, аларга зыян келтирүү коркунучун туудурууга;
- өзүнүн денесине, анын ичинде башка адамдын жардамы менен зыян келтирүүгө, ошондой эле жаза өтөөдөн же белгиленген милдеттерди аткаруудан качуу максатында өзүнүн ден соолугуна башка зыян келтирүүгө;
- жаза өтөөдөн же белгиленген милдеттерди аткаруудан качуу максатында тамактануудан баш тартууга;
- курамында алкоголь, ошондой эле баңгизат жана психотроптук зат жана алардын прекурсорлору бар заттарды сактоого жана колдонууга;
- материалдык же башка пайда көрүү максатында стол үстүндөгү жана башка оюндарды ойноого;
- жеке колдонуудагы нерселерди, буюмдарды жана заттарды башка соттолгондордун пайдасына сатууга жана башка жолдор менен ажыратууга;
- ушул Эрежелердин 2-тиркемесине ылайык Тизмеде каралган тыюу салынган заттарды, нерселерди жана буюмдарды, тамак-аш азыктарын сатып алууга, даярдоого, сактоого жана колдонууга;
- атайын бөлүнбөгөн жерлерде тамеки чегүүгө;
- татуировка түшүрүү үчүн жөнөкөй жол менен колго жасалган каражаттарды сактоого, колдонууга;
- уяттуу жана кылмыш чөйрөсүнүн күндөлүк турмушундагы сөздөрдү колдонууга;
- түзөтүү мекемесинин комиссиясынын уруксатысыз жаныбарларды кармоого жана багбанчылык жүргүзүүгө;
- башка түзөтүү мекемелеринде кармалган соттолгондор менен телефон аркылуу сүйлөшүүгө;
- сот дайындаган мажбурлап дарылоодон баш тартууга;
- иш таштоолорду же топтук баш ийбөөлөрдү уюштурууга же катышууга;
- кылмыштык, экстремисттик идеологияны жайылтууга, ар кандай белгилер жана жагдайлар боюнча басмырлоого, улуттар аралык чатак чыгарууга;
- түзөтүү мекемесинин администрациянын контролдоосунда өткөрүлгөн билим берүү, маданий, спорттук иш-чаралардан тышкары, Интернет тармагын колдонууга;
- камералар менен байкоо жүргүзүүгө тоскоолдук кылууга, анын ичинде камеранын эшигиндеги көрүүчү көзөнөктү жабууга;
- соттолгондор менен камералар аралык, ошондой эле камералардан тышкары жана сейилдөө аянтчаларында мыйзамсыз байланыш түзүүгө;
- колго жасалуучу электр шаймандарын даярдоого жана аларды пайдаланууга;
- атайын тамак-аш жасоо үчүн бөлүнбөгөн жерлерде тамак-аш жасаганга жана тамактанууга;
- түзөтүү мекемесинин администрациясынын өкүлүнүн уруксатысыз тамак-аш азыктарын ашканадан алып чыгууга;
- түзөтүү мекемесинин администрациясынын өкүлүнүн уруксатысыз спорттук шаймандарды жана машыгуу жайларын даярдоого.
4-глава. Соттолгондордун түзөтүү мекемесинин персоналы жана башка адамдар менен өз ара мамилелери
21. Соттолгондор менен түзөтүү мекемесинин персоналынын жана башка адамдардын өз ара мамилеси өз ара сыйлашуунун жана мыйзамдуулуктун принциптеринде түзүлөт.
22. Түзөтүү мекемесинин персоналы жана түзөтүү мекемесине келген башка адамдар менен жолугушууда соттолгондор ордунан туруп, аларга "Сиз" деп кайрылып, "жаран" деп атап, андан ары наамы же аты жана атасынын аты боюнча (болсо) учурашууга милдеттүү.
23. Соттолгон кызматтык бөлмөгө кирген учурда, ошондой эле түзөтүү мекемесинин персоналынын талабы боюнча өзүн тааныштырып, фамилиясын, атын, атасынын атын (эгер болсо) атап, туулган күнүн, соттолгондугу боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин беренесин (беренелерин) айтышы керек.
Түзөтүү мекемесинин администрациясынын өкүлү обочолонгон участокторго, жатаканаларга кирген учурда соттолгондор анын командасы боюнча турууга жана көрсөтүлгөн жерге сапка тизилүүгө милдеттүү.
Түзөтүү мекемесинин персоналы соттолгондорго "Сиз" деп жана алардын фамилиясы же аты жана атасынын аты (болсо) боюнча кайрылат. Тарбиялоо колонияларында кызматкерлер соттолгондорго "Сен" деп жана алардын фамилиясы же аты боюнча кайрылышы да мүмкүн.
24. Түзөтүү мекемесинин кызматкерлери соттолгондор жана алардын туугандары менен кызматтын кызыкчылыгы менен байланышы жок кандайдыр бир мамилелерди түзүүгө укугу жок.
5-глава. Түзөтүү мекемесинин күн тартиби
1-§. Күн тартиби түшүнүгү жана аны уюштуруу
25. Ар бир түзөтүү мекемесинде жергиликтүү шарттарды, күндүн узактыгын, ошондой эле соттолгондордун тиги же бул курамы менен иштөө өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен так жөнгө салынган күн тартиби белгиленет. Соттолгондор өндүрүштө бир нече сменада иштеген учурда ар бир смена үчүн күн тартиби түзүлөт.
26. Түзөтүү мекемесинин күн тартиби ушул Эрежелердин 5-тиркемесине ылайык болжолдуу күн тартибинин негизинде иштелип чыгат.
27. Күн тартиби өзүнө туруу, текшерүү, уктоо, жуунуу, физикалык көнүгүү, тамактануу, жумушка киришүү жана жумушту аяктоо убактысын; жумушта, окууда, тарбиялоо, спорттук жана маданий-массалык иш-чараларда болууну; китепкананын, клубдун, жолугушуу бөлмөлөрүнүн, дүкөндүн, медициналык бөлүктүн, коммуналдык-тиричилик камсыз кылуу объектилеринин иштерин, телефондук сүйлөшүүлөрдү камтышы керек.
28. Күн тартиби соттолгондордун үзгүлтүксүз 8 сааттык уйкусун жана аларга жеке убакыт берүүнү, ошондой эле соттолгондордун отряддар боюнча жок дегенде жумасына бир жолу мончодо жуунусун караштырышы керек. Отряддын мончодо жуунуу күнү жана убактысы түзөтүү мекемесинин начальниги тарабынан бекитилген график менен аныкталат, мында бир соттолгондун жуунуу убактысы 30 мүнөттү түзүшү керек.
Камераларда (камера-палаталарда) кармалган соттолгондордун жуунуусу жаза өтөөнүн катаал шарты каралган өзүнчө бөлүнгөн участоктордо, айып изоляторунда, камера тибиндеги жайларда, жалгыз кармоочу камераларда, жабдылган душтарда жүргүзүлөт, ар башка камераларда кармалган соттолгондордун обочо болуусу камсыз кылынат. Дарылоо түзөтүү мекемесинде кармалган соттолгондордун жана майыптардын жуунуусу медициналык көрсөткүчтөргө ылайык жүргүзүлөт.
29. Дарылоо түзөтүү мекемелеринде, карантинде, жаза өтөөнүн катаал шарттарында, айып изоляторлорунда, жалгыз кармоочу камераларда, камера тибиндеги жайларда жана убактылуу обочолоодо кармалган соттолгондор үчүн күн тартиби аларды кармоо өзгөчөлүгүн эске алуу менен иштелип чыгат. Соттолгондорду сейилдөөгө алып чыгуу, камераларды зарыл болгон техникалык кароодон өткөрүү учурларынан тышкары, алардын каалоосун эске алуу менен ишке ашырылат.
30. Күн тартиби түзөтүү мекемесинин начальниги тарабынан бекитилет, түзөтүү мекемесинин персоналына жана соттолгондорго түшүндүрүлөт. Күн тартиби менен маалымат такталары отряддардын, карантиндин, жаза өтөөнүн катаал шарттарынын, айып изоляторунун, камера тибиндеги жайлардын, жалгыз кармоочу камералардын, убактылуу обочолоонун бөлмөлөрүнө илинет.
2-§. Соттолгондордун болушун текшерүү
31. Түзөтүү мекемелерде соттолгондордун болушу күн сайын эртең менен жана кечинде күн тартибинде аныкталган сааттарда текшерилет. Ошол эле учурда соттолгондордун сырткы келбети текшерилет. Зарыл учурда (качууларда, өзгөчө кырдаал учурларында жана оперативдүү зарылдыктагы башка учурларда) сутканын каалаган учурунда кошумча текшерүү жүргүзүлүшү мүмкүн. Мындан тышкары, соттолгондордун жашаган жайларын пландуу жана пландан тышкары тинтүү, аларды жеке кароо жүргүзүлүшү мүмкүн, аларды өткөрүү убактысы жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын чечими менен белгиленет.
32. Текшерүү белгиленген жерге жалпы сапка тизилүү учурунда сандык эсеп жолу жана фамилиясынан чакыруу боюнча жүргүзүлөт. Сапка тизилүүдөн түзөтүү мекемесинин начальнигинин чечими менен жумуштан кийин эс алгандар, оорусу боюнча (ооруп төшөктө жатканда), ошондой эле таштаганга болбогон жумушта иштегендер бошотулат. Алар турган жеринде текшерүүдөн өткөрүлөт.
33. Аба ырайы бузулганда жана төмөн температурада түзөтүү мекемесинин начальнигинин чечими боюнча текшерүү имараттын ичинде жүргүзүлөт.
34. Ушул Эрежелердин 32-пунктунда каралган текшерүүдөн тышкары, мекемелердин айып изоляторлорунда, камера тибиндеги жана убактылуу обочолоо жайларында, түрмөлөрдө, катуу жана кадимки кармоо шарттарында өмүр бою эркиндигинен ажыратууну өтөп жаткан соттолгондор үчүн өзгөчө режимдеги түзөтүү колонияларында камераларда текшерүү жүргүзүлөт, ал эми коопсуз жайда кармалган, ошондой эле конвойсуз жүрүү укугун пайдаланган соттолгондор жашаган жери боюнча текшерилет.
35. Жатак-абактарда үй-бүлөсү менен жашаган соттолгондорду текшерүү жатак-абактын чегинде түзөтүү мекемесинин начальниги белгилеген убакта түзөтүү мекемесинин начальнигинин нөөмөтчү жардамчысына каттоодон өтүү үчүн келүү жолу менен ишке ашырылат.
3-§. Соттолгондордун түзөтүү мекемесинин чегинде жүрүү тартиби
36. Соттолгондордун түзөтүү мекемесинин аймагы боюнча (жатак-абактан тышкары) жүрүүсү түзөтүү мекемесинин администрациясынын өкүлүнүн коштоосунда тизилип жүрүү менен ишке ашырылат.
37. Соттолгондор жеке убактысында обочолонгон участок ичинде тизилбестен жүрсө болот, ал эми түзөтүү мекемесинин аймагынын башка бөлүгү боюнча түзөтүү мекемесинин администрациясынын өкүлүнүн уруксаты менен жүрөт. Уктагандан турганга чейинки мезгилде түзөтүү мекемесинин администрациясынын уруксаты жок соттолгондордун турак-жайдын чегинен тышкары болуусуна жол берилбейт.
38. Катаал шартта жаза өтөп жаткан соттолгондор бекитилген жайлардан тышкары түзөтүү мекемесинин администрациясынын өкүлүнүн коштоосу менен гана жүрөт.
Өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондордун камералардын чегинен тышкары жүрүүсү атайын каражаттарды колдонуу менен колун артына алган абалда жүргүзүлөт.
4-§. Соттолгондордун тамактануу тартиби
39. Соттолгондор Кыргыз РеспубликасынынМинистрлер Кабинети белгиленген ченемдер боюнча тамак-аш менен камсыз болушат. Соттолгондордун тамактануусу күн тартиби менен белгиленген саатта отряд, бригада боюнча ашканада же иштеген объектте тамактанчу бөлмөдө болот. Эгерде ашкана турак жай менен өндүрүштүк зонанын кесилишкен жеринде турса, тамактанууну иштеп жаткан смена менен ашканада, бирок өндүрүштө иштеген соттолгондордон турак жай зонасындагы адамдарды обочолоону камсыз кылуу менен уюштурууга болот.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 545 токтомунун редакциясына ылайык)
40. Коммуналдык-тиричилик объектилеринин (мончо, чач-тарач, кир жуугуч жайлардын ж.б.) үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу максатында түзөтүү мекемесинин начальниги ошол объекттерде иштеген соттолгондорго отряд, бригаданын курамынан тышкары өз алдынча тамактанууга уруксат бериши мүмкүн.
41. Конвойсуз жүрүүгө уруксаты бар, ошондой эле колониянын сыртында түзөтүү мекемесинин администрациянын көзөмөлү алдында жашаган соттолгондор жашаган же иштеген объектилерде атайын жабдылган жайларда тамактанышат.
42. Камераларда жана обочолонгон участоктордо кармалган соттолгондор кармалган жери боюнча тамактанышат. Кургак учуктун түрдүү формалары менен ооруган соттолгондор дарылоо-түзөтүү мекемелеринин бөлүмдөрүндө орду-ордунда тамактанышат.
43. Соттолгондор тамактануу учурунда толук тартип камсыздалышы үчүн ашканаларда түзөтүү мекемесинин администрациясынын өкүлдөрү болот.
5-§. Соттолгондорду жумушка чыгаруу жана жумуштан алуу
44. Күн тартибинде белгиленген убакытта бөлүнгөн жерлерде соттолгондор отряд, бригада боюнча жумушка баруу же жумуштан чыгуу үчүн тизилишет. Мында алардын сырткы келбети текшерилет жана аларды тинтүү жүргүзүлөт.
45. Түзөтүү мекемесинин начальниги тарабынан жумуштун шарттарына жараша соттолгондордун өндүрүш объекттеринде жүрүм-турум тартиби белгиленет, анда соттолгондордун катар тизилип жумушка келүүсү, цехтердин (участоктордун) начальниктери же усталары тарабынан нускоо өткөрүү, жумуштун жыйынтыгын чыгаруу, жумуш ордун өткөрүү каралган.
6-§. Соттолгондорду жеке кабыл алуу
46. Соттолгондорду жеке кабыл алуу түзөтүү мекемесинин жетекчилиги, ошондой эле түзөтүү мекемесинин бөлүмдөрүнүн жана кызматтарынын начальниктери тарабынан график боюнча жумасына 1 жолудан кем эмес жүргүзүлөт. Жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын борбордук аппаратынын, ошондой эле прокуратуранын кызматкерлери соттолгондорду алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча түзөтүү мекемесине барып кабыл алат. Соттолгондорду кабыл алуу алар кайрылган маселелерди, аларды карап чыгуунун жыйынтыктарын көрсөтүү менен түзөтүү мекемесинин кеңсесинде сакталган журналга (ушул Эрежелердин 6-тиркемеси) жазылат. Аны жүргүзүүнү түзөтүү мекемесинин начальниги контролдойт.
47. Оозеки жана жазуу формасында кабыл алынган сунуштар, арыздар, өтүнүч каттар жана даттануулар Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 25, 26-беренелеринде белгиленген тартипте каралат жана соттолгондорду жеке маселелер боюнча кабыл алуу журналына катталат (ушул Эрежелердин 6-тиркемеси).
48. Түзөтүү мекемесинин начальниги же аны алмаштырган адам айына бир жолудан кем эмес кабыл алуу учурунда чыгарылган чечимдердин аткарылышын текшерип турат.
6-глава. Соттолгонду коопсуз жайга которуу
49. Соттолгондун жеке коопсуздугуна башка соттолгондор же башка адамдар тарабынан коркунуч туулган учурда ал ушул маселе боюнча оозеки же жазуу жүзүндө арыз менен түзөтүү мекемесинин каалаган кызматкерине кайрылууга укуктуу, ал кайрылган соттолгондун жеке коопсуздугун камсыздоо боюнча өтө шашылыш чара көрүүгө милдеттүү.
Түзөтүү мекемесинин начальниги мындай арыз боюнча же жеке демилгеси менен соттолгонду жеке коопсуздугуна коркунуч туудурбаган коопсуз жайга которуу же башка чара көрүү чечимин кабыл алат.
Бул максаттарда коопсуз жайлардан тышкары айып изолятору, камералары, жалгыз кармоочу камералар, камера тибиндеги жана убактылуу обочолоочу жайлар пайдаланылышы мүмкүн.
Мындай адамды коопсуз жерге которуу түзөтүү мекемесинин начальнигинин токтому боюнча 30 суткадан ашпаган мөөнөттө жүргүзүлөт, өзгөчө учурларда түзөтүү мекемесинин начальниги келгенге чейин түзөтүү мекемесинин начальнигинин нөөмөт жардамчысы тарабынан 24 сааттан ашпаган мөөнөттө которулат. Дем алыш жана майрам күндөрү түзөтүү мекемесинин начальнигинин нөөмөт жардамчысы соттолгондордун коопсуз жайда кармалышын дагы 24 саатка узартып коё алат.
Жогоруда көрсөтүлгөн себептер боюнча соттолгондорду коопсуз жайга, анын ичинде айып изоляторлоруна, камераларына, жалгыз кармоочу камераларга, камера тибиндеги жана убактылуу обочолоочу жайларга которуу жазалоого жатпайт. Ушул Эрежелердин 156-165,168-пункттарында каралган чектөөлөр мындай учурда аталган соттолгондорго колдонулбайт.
50. Соттолгондордун жеке коопсуздугуна коркунуч туудурган ар бир факт боюнча түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан коркунуч келтирген соттолгондорду аныктоо менен кызматтык текшерүү жүргүзүлүп, ал жөнүндө тиешелүү корутунду чыгарылат. Корутундуда коркунуч келтирүүнүн себептери, анын мүмкүн болгон кесепети жана соттолгондун коркунуч абалын жоюу жана коопсуздугун камсыздоо боюнча конкреттүү чаралар камтылат.
51. Соттолгондун жеке коопсуздугун камсыздоо боюнча жогоруда аталган чаралар натыйжасыз болсо, ушул Эрежелердин 49-пунктунда аталган мөөнөт аягына чыккандан кийин, түзөтүү мекемесинин начальниги аны ушул Эрежелердин 26-главасында аныкталган тартипте башка түзөтүү мекемесине которуу боюнча чараларды көрөт.
7-глава. Соттолгондордун диний жөрөлгөлөрдү өткөрүү тартиби
52. Соттолгондор диний жөрөлгөлөрдү алар таандык болгон диний конфессиянын салттарына ылайык атайын бөлүнгөн жайларда же камераларда, башка турак жайларда өткөрүшөт.
Ушул Эрежелерди жана башка соттолгондордун укуктарын бузган диний жөрөлгөлөрдү өткөрүүгө жол берилбейт.
53. Соттолгондорго өздөрү менен чогуу уруксат берилген диний адабияттарды, диний сыйынуучу буюмдарды алып жүрүүгө жана колдонууга уруксат берилет.
54. Соттолгондордун суранычы боюнча жана түзөтүү мекемесинин администрациясынын уруксаты менен рухий жардам көрсөтүү үчүн түзөтүү мекемесине дин кызматкерлерин чакырууга уруксат берилет. Дин кызматкеринин түзөтүү мекемесине келүүсү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 111 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун мекемелерине кирүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунда аныкталган тартипте ишке ашырылат.
Дин кызматкерлеринин акы төлөнүүчү кызматтары соттолгондордун жеке эсебиндеги каражатынан же алардын туугандары тарабынан төлөнөт.
8-глава. Соттолгондордун тамак-аш азыктарын жана биринчи зарылдыктагы буюмдарды сатып алуу жана аларга кошумча кызмат көрсөтүү тартиби
55. Соттолгондорго тамак-аштарды, эң зарыл буюмзаттарды сатуу үчүн түзөтүү мекемелеринде дем алыш, майрам күндөрүнөн тышкары күнүгө иштей турган дүкөндөр уюштурулат. Соттолгондордун өтүнмөлөрү боюнча түзөтүү мекемесинин жооптуу бөлүкчөлөрү тарабынан зарыл болгон тамак-аш азыктары жана биринчи зарылдыктагы буюмдар сатып алынат. Соттолгондор өтүнгөн тамак-аш азыктарын, биринчи зарылдыктагы буюмдарды күн тартибинде белгиленген убакта кезеги менен (отряддар жана бригадалар боюнча) сатып алышат. Сатып алынган тамак-аш азыктарына, биринчи зарылдыктагы буюмдарга төлөө накталай эмес, акчаны соттолгондордун өздүк эсебинен алуу жолу менен жүргүзүлөт.
56. Камера тибиндеги жайларда, жалгыз кармоочу камераларда, коопсуз жайда жана бекитилүүчү бөлмөлөрдө кармалган, ошондой эле конвойсуз жүрүүгө укуктуу жана түзөтүү мекемесинен тышкары жашаган соттолгондор үчүн алардын арызы боюнча тамак-аш азыктарын жана биринчи зарылдыктагы буюмдарды түзөтүү мекемесинин администрациясы сатып алып берет. Бул максатта тамак-аш азыктарын жана биринчи зарылдыктагы буюмдарды алууга укуктуу ар бир соттолгонго ушул Эрежелердин 7-тиркемесине ылайык формада арыздардын бланктары берилет, алар толтурулгандан кийин түзөтүү мекемесинин администрациясына өткөрүлөт. Түзөтүү мекемесинин администрациясы сатып алуудан мурун финансы бөлүмүндө же бухгалтерияда соттолгондун өздүк эсебинде акчасынын бардыгын текшерет. Сатылып алынган товарды соттолгонго арызына кол койдуруп өткөрүп берет.
57. Камера тибиндеги бөлмөлөрдө жана жалгыз кармоочу камераларда кармалган адамдарга тамак-аш азыктарын жана биринчи зарылдыктагы буюмдарды сатып берүү айына эки жолу жүргүзүлөт.
58. Аймагында түзөтүү мекемеси жайгашкан аймактык түзүлүштүн чегинде соттолгондор өз каалоосу боюнча жеке каражатынын эсебинен коммуналдык-тиричиликтик тейлөө ишканаларынын, саламаттык сактоо тутумунун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын кошумча кызматынан пайдалана алышат.
59. Соттолгондордун демилгеси боюнча көрсөтүлүүчү жана алардын жеке каражаттарынын эсебинен төлөнүүчү кошумча кызматтарга төмөнкүлөр кирет:
- саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын адис-дарыгерлеринин кеңештери;
- көз айнектерди, протездерди, ортопедиялык бут кийимдерди тандоо, жасоо;
- аспаптык, лабораториялык текшерүүнүн айрым түрлөрү, ошондой эле тиштерди дарылоо, протездөө;
- түзөтүү мекемесинде кийүүгө уруксат берилген кийим-кечени, анын ичинде спорттук кийимди сатып алуу;
- түзөтүү мекемесинде өндүрүлгөн жана сатылган эл керектөөчү товарларды сатып алуу;
- узак мөөнөттөгү жолугушууларда ашкана буюмдарын, телевизорлорду, муздаткычтарды, аудио жана башка электр тиричилик техникасын жеке колдонуу (соттолгондун же жолугушууга келген адамдын арызы боюнча ишке ашырылат);
- жарандык үлгүдөгү кийим-кече жана бут кийим тигүү (түзөтүү мекемесинин балдар үйүндө балдары бар жеңилдетилген шарттарда кармалган соттолгондорду кошпогондо, жаза өтөө учурунда пайдаланууга укугу жок), оңдоо, кийим-кечени химиялык тазалоо;
- чач тарачтын кызматы;
- соттолгондун өздүк ишиндеги соттук документтерди, башка документтерди көчүрүү;
- юридикалык кеңеш;
- нотариалдык кызмат көрсөтүүлөр;
- аралыктан билим берүү технологиясын колдонуу менен окуу (жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органы менен билим берүү уюмунун келишими бар болсо).
60. Соттолгондор өз эсебиндеги каражаттардан төлөй турган кошумча кызматтар түзөтүү мекемесинин начальнигинин атына алардын жазган арыздары боюнча көрсөтүлөт. Кызматтар соттолгондун жеке эсебиндеги акча каражатынын чегинде көрсөтүлүшү мүмкүн.
61. Кошумча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө соттолгон адамдын өздүк эсебиндеги акча каражатынан тиешелүү ишкананын, мекеменин, уюмдун же адистин (кызматкердин) дарегине которуу жолу аркылуу жүргүзүлөт. Ошондой эле соттолгондорго көрсөтүлгөн кошумча кызматтардын акысын төлөө башка кызыктар жеке жана юридикалык жактардын каражатынын эсебинен жүргүзүлүшү мүмкүн.
9-глава. Соттолгондорго жолугушуу берүү тартиби
62. Соттолгондорго түзөтүү мекемесинин администрациясынын өкүлүнүн катышуусунда кыска мөөнөттүү жолугушуулар жана чогуу жашоо укугу менен узак мөөнөттүү жолугушуулар берилет.
Узак мөөнөттүү жолугушуулар Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 89-беренесинде белгиленген тартипте берилет.
63. Башка адамдар менен кыска мөөнөттүү жолугушуулар түзөтүү мекемесинин начальниги тарабынан соттолгондун жүрүм-турумуна алардын оң таасир тийгизгендиги жөнүндө маалымат болгон учурда берилет. Аталган маалыматтарды чогултуу түзөтүү мекемесинин тарбиялоо кызматы тарабынан жүргүзүлөт.
64. Жолугушуу түзөтүү мекемесинин начальниги же аны алмаштырган адам тарабынан соттолгон адамдын же ага жолугушууга келген адамдын арызы боюнча (мүмкүн болгон учурда электрондук жазуу каражаты менен) берилет. Жолугушууга келген адамдын өздүгүн тастыктоочу жана туугандык даражасын билдирген иш кагаздары болуп: паспорт, аскердик билет, күбөлүк, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике тууралуу күбөлүк, үй-бүлө жана балдарды колдоо боюнча бөлүмүнүн документтери эсептелет.
65. Соттолгонго биринчи жолугушуу кайтаруу алдында жүргөндө жолугушуу алган же албаганына карабай, карантин бөлмөсүнөн отрядга келгенде дароо берилиши мүмкүн. Кыска жана узак мөөнөттүү жолугушуу укугу берилсе, жолугушуу түрүн соттолгон өзү тандап алат. Кийинки жолугушуулар соттолгонго жылына тиешелүү болгон аталган түрдөгү жолугушуулардын санына он эки айды бөлүүдөн алынган тийиндиге барабар убакыт өткөндөн кийин берилет.
66. Түзөтүү мекемесинин кадимки ишине жолтоо болгон өзгөчө шарттагы режим киргизилген учурда, ошондой эле эпидемияга каршы иш-чаралар жүргүзүлүп жаткан жана башка өзгөчө кырдаалдарда түзөтүү мекемесинин начальнигинин буйругу менен жолугушуу убактылуу токтотулат. Ушул себептер боюнча берилбеген жолугушуулардын убактысы кийинки берүүчү жолугушуулардын убактысына кошулуп эсептелет.
67. Жолугушуунун узактыгы келген адамдардын каалоосу боюнча администрация тарабынан кыскартылышы мүмкүн. Жолугушууларды бириктирүүгө же бир жолугушууну бөлүштүрүүгө жол берилбейт.
68. Жолугушууга соттолгондор таза кийинип келиши керек. Узак жолугушууга туугандары алып келген кийимдерди, ич кийимдерди жана бут кийимдерди кийсе болот. Соттолгондорго жолугушууга чейин жана андан кийин толук тинтүү жүргүзүлөт.
69. Соттолгонго бир эле учурда экиден көп эмес чоң адам менен узак мөөнөткө жолугушуу берилет, алар соттолгондун эрезеге жете элек инилери, карындаштары, балдары, неберелери менен болушу мүмкүн.
70. Соттолгонго жолугушууга келген адамдар түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан жолугушуу тартиби түшүндүрүлгөндөн кийин, тыюу салынган буюмдарын жолугушуу бүткөнчө сактоого жолугушуу бөлмөсү боюнча контролерго кол койдуруп өткөрүшөт.
71. Жолугушууга келген жарандар, алардын кийимдери жана буюмдары кароодон өткөрүлүшү мүмкүн. Кароодон жашырылган тыюу салынган буюмдар табылса, түзөтүү мекемесинин администрациясы Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарына ылайык чара көрөт.
72. Эгер жолугушууга келген адам буюмдарын жана кийимдерин өткөрүүдөн баш тартса, анда ага жолугушууга уруксат берилбейт.
73. Келгендер жана соттолгон тарабынан жолугушуу өткөрүүнүн белгиленген тартиби бузулган учурда, ал тезинен токтотулат.
74. Узак жана кыска мөөнөттүү жолугушууга ушул Эрежелердин 2-тиркемесине ылайык тизмекте тыюу салынбаган тамак-аш азыктарын жана буюмдарды алып өтүүгө уруксат берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 545 токтомунун редакциясына ылайык)
75. Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 136-беренесине ылайык тарбиялоо мекемесинин сыртына чыгууга уруксат берилген соттолгонго конвойсуз же коштоосуз жүрүүгө уруксат берилген адамдардыкына окшош өткөрмө берилет.
76. Соттолгон менен жолугушууга келген адамдарды жайгаштыруу үчүн түзөтүү мекемелеринин аймагында мейманкана тибинде кыска мөөнөттүү жолугушуу жана узак мөөнөттүү жолугушуу үчүн бөлмөлөр түзүлөт. Абдан жайлуу жолугушуу бөлмөлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесин) бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык акы төлөө негизинде берилет.
77. Жолугушуу түрүн телефон менен сүйлөшүүгө алмаштыруу соттолгон адамдын арызы боюнча бирге бир эсебинде жүргүзүлөт.
78. Соттолгондорго юридикалык, анын ичинде медиация маселелери боюнча жардам алуу үчүн алардын арыздары боюнча адвокаттар, медиаторлор же юридикалык жардам көрсөтүүгө укугу бар башка адамдар менен жолугушуу берилет. Соттолгондун каалоосу боюнча жеке жолугушуу берилиши мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинде белгиленген жолугушуулардын санына мындай жолугушуулар эсепке алынбайт, алардын саны жана узактыгы чектелбейт, бирок алар түзөтүү мекемесинин администрациясынын иш убагында өткөрүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 545 токтомунун редакциясына ылайык)
10-глава. Соттолгондордун посылка, передача, бандероль алуу тартиби
79. Соттолгондор посылкаларды, передачаларды жана бандеролдорду түзөтүү мекемесине келгенден баштап дароо ала алат. Алар алууга укугу жок адамдын, ошондой эле каза болгон же бошоп кеткендердин дарегине келсе, себептери көрсөтүлүп, жөнөткөндөргө 7 жумуш күндүн ичинде кайра кайтарылат. Башка түзөтүү мекемелерине которулган соттолгондордун дарегине келген посылкалар жана бандеролдор түзөтүү мекемесинин эсебинен алар жаңы барган жайга 3 жумуш күндүн ичинде жөнөтүлөт.
Түзөтүү мекемесине передача алып келген адам арыз жазып кол коёт, анда берип жаткан адамдын передачада тыюу салынган буюмдардын жоктугу жана передачаны жеке өзү же анын катышуусу менен комплектелгенин ырастаган колу милдеттүү түрдө коюлат. Арыз, передачадагы буюмдардын тизмеги, ошондой эле передача берген адамдын өздүгүн тастыктаган паспорт же башка документ түзөтүү мекемесинин администрациясына жиберилет. Передача алып келген адамдын талабы боюнча арыздын көчүрмөсү анын колуна берилет.
Бир жолку передачанын салмагы ушул Эрежелердин 203-пунктунда каралган учурлардан тышкары 100 килограммдан ашпоого тийиш.
80. Посылкалардын же бандеролдун ичин текшерүү адресаттын катышуусу менен түзөтүү мекемесинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт. Текшерүү, передачаны бардыгын, салмагын жана ичиндегилерин алып келген адамдын көзүнчө жүргүзүлөт.
Текшерүүдөн жашырылган тамак-аш жана (же) түзөтүү мекемесинде сактоого жана колдонууга тыюу салынган буюмдар табылган учурларда түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт.
81. Посылкалардын, передачалардын жана бандеролдордун тизмеси жана салмагы атайын журналга катталат, андан кийин кол койдуруп соттолгон адамга өткөрүп берилет.
82. Соттолгондордун түзөтүү мекемесине келген туугандарына же башка адамдарга мекеменин администрациясы посылка, передача жана бандеролдун ордуна алар түзөтүү мекемесинин дүкөнүнөн тамак-аш жана биринчи зарылдыктагы буюмдарды кийин дагы берүү максатында сатып алып соттолгондорго берүү мүмкүнчүлүгү түшүндүрүлөт. Мындай учурда аталган адамдар эки нускада арыз беришет, анда тамак-аштын жана биринчи зарылдыктагы буюмдардын саны жана салмагы көрсөтүлөт жана алардын наркын төлөшөт. Соттолгондор мындай передачаларды алгандан кийин арыздын биринчи нускасы ошол передачалардын наркын төлөгөн адамдарга берилет, экинчи нуска соттолгондун өздүк ишине тиркелет.
83. Айып изоляторунда кармалган соттолгондорго посылкалар, передачалар жана бандеролдор тартиптик жазалоо мөөнөтү бүткөндө тапшырылат. Түзөтүү мекемесинин администрациясы посылкалардын, передачалардын жана бандеродордун сакталышын камсыздайт, бирок узак мөөнөт сакталууда бузулгандыгы үчүн жоопкерчилик албайт.
84. Мурунку жана кийинки посылкалардын, передачалардын жана бандеролдордун ортосунда соттолгонго бир жылда бериле турган посылканын (передачалардын жана бандеролдун) жалпы санына он эки айды бөлгөндөн алынган тийиндиге барабар мезгил кармалат (буга сыйлоо тартибинде алынгандар эске алынбайт). Соттолгонду кармоонун бир шартынан башка шартка которгондо посылкалардын, передачалардын жана бандеролдордун кийинкисин алчу мезгили мурунку кармоо шартында жүргөндө акыркы алган мезгилден тартып эсептелет.
85. Соттолгондор арыз боюнча жеке каражатынын эсебинен туугандарына жана башка адамдарга посылка жана бандероль менен түзөтүү мекемесинин дүкөнүнөн сатып алган тамак-аш жана биринчи зарылдыктагы буюмдарды, ошондой эле өзүнүн жеке колдонуусундагы же кампада сакталган нерселерди жана буюмдарды жөнөтө алат. Мындай жөнөтмөлөрдү текшерүүнү соттолгондун катышуусу менен администрациянын өкүлдөрү жүргүзүшөт.
11-глава. Соттолгондордун кат алышуу, акча которууларын алуу жана жөнөтүү тартиби
86. Соттолгондордун каттарды жана телеграммаларды алуусу жана жөнөтүүсү түзөтүү мекемесинин администрациясы аркылуу алардын санын чектөөсүз жүргүзүлөт. Бул максатта түзөтүү мекемесинин администрация белгилеген жерде почта ящиги жайгаштырылат, андан дем алыш, майрам күндөрдөн тышкары күн сайын ыйгарым укук берилген кызматкер тарабынан жөнөтүү үчүн каттар алынат. Түрмөдө, айып изоляторлорунда жана камера тибиндеги жайларда соттолгондор катты жөнөтүү үчүн түзөтүү мекемесинин администрациянын өкүлдөрүнө беришет.
87. Каттар почта ящигине же түзөтүү мекемесинин администрациянын өкүлүнө чапталбастан ачык бойдон берилет.
88. Түзөтүү мекемесинен башка түзөтүү мекемесине кеткенден кийин соттолгондун атына келген каттар үч суткадан кечиктирилбей адресат жайгаштырылган түзөтүү мекемесине жөнөтүлөт.
89. Телеграммаларды жөнөтүү түзөтүү мекемесинин администрациясынан алынган, белгиленген формадагы бланктарды толтуруу жолу менен жүргүзүлөт. Телеграмманы жөнөтүү, эгерде түзүлгөн кырдаал тоскоолдук (түзөтүү мекемеси байланыш бөлүмүнөн кыйла эле алыс жайгашкан учурда транспорт бузулса же жок болсо, дем алыш же майрам күндөрү болсо ж.б.) келтирилбесе, кийинки күндөн кечиктирилбей жөнөтүлөт. Телеграмма жөнөтүлгөнү үчүн акча төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция соттолгон адамга кол койдуруп, өздүк ишине тиркелет.
Түзөтүү мекемесинин эсебинен төлөнгөн ушул Эрежелердин 91-пунктунда аталган органдарга жана адамдарга жөнөтүүлөрдөн тышкары, каттарды, почталык карточкаларды жана телеграммаларды соттолгондор өз каражаттарынын эсебинен жөнөтүшөт жана алышат.
90. Соттолгондор алган жана жөнөткөн каттар, почталык карточкалар жана телеграммалар Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 25-беренесинин 6-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан текшерилет. Текшерүү он жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 545 токтомунун редакциясына ылайык)
91. Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 25-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык соттолгондордун сот, прокуратура, Акыйкатчы (Омбудсмен), Жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органдарынын борбордук аппаратынын бөлүмдөрү, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, адамдын укугу жана эркиндигин коргоо боюнча мамлекет аралык органдар, коомдук бирикмелер менен кат алышуусу текшерилбейт жана адресатка түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан бир суткадан кечиктирилбей (дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары) жөнөтүлөт, буга кат алышуунун мазмунунда кылмышты же башка адамдын анын жасоого тартууну демилгелөөгө, пландоого же уюштурууга багытталган маалыматтар кирбейт. Бул учурларда каттарды, почта корточкаларын, телеграфтык жана башка билдирүүлөрдү текшерүү түзөтүү мекемесинин начальнигинин же анын орун басарынын далилдүү токтому боюнча ишке ашырылат.
92. Жашыруун, шифрленген, башка шарттуу же өзгөчө лексиканы (жаргон) колдонуу менен даярдалган кат алышуулар (кат же телеграмма), же мамлекеттик, кызматтык сырды камтыган маалыматтар адресатка жөнөтүлбөйт жана соттолгонго кайтарылбайт. Ал жөнүндө соттолгонго кол койдуруп билдирилет, андан кийин мындай каттар жок кылынат.
93. Соттолгондорго туугандарынан же башка адамдардан келген акча которуулар алардын өздүк эсебине которулат. Акча каражаттарынын келип түшкөндүгү тууралуу ал түшкөн убакыттан 3 күндөн кечиктирилбей соттолгонго маалымдалат.
Соттолгондордун өздүк эсептерин түзүү тартиби жана которууларды жүргүзүү жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын чечими менен аныкталат.
94. Жакын туугандарына же башка адамдарга акча жөнөтүү үчүн соттолгон белгиленген формадагы бланкты толтурат жана анын өздүк эсебиндеги каражаттан конкреттүү сумманы которуу өтүнүчү менен арыз жазат. Толтурулган бланкты жана арызды кабыл алуу ага ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлөт. Соттолгонго акча которуунун жөнөтүлгөндүгү жөнүндө квитанцияга кол койдурулуп көрсөтүлөт, ал анын өздүк ишине тиркелет.
12-глава. Соттолгондорго телефондук сүйлөшүүлөрдү берүү тартиби
95. Телефон менен сүйлөшүү, анын ичинде, техникалык мүмкүнчүлүктөр бар болгон учурда, видеобайланышуу түзөтүү мекемесинин начальнигинин, аны алмаштыруучунун же майрам жана дем алуу күндөрү түзөтүү мекемеси боюнча жооптуу адамдын уруксаты менен соттолгондун жазуу жүзүндөгү арызы боюнча берилет, анда абоненттин фамилиясы, аты, атасынын аты, дареги, телефон номери, телефондо сүйлөшүү тили көрсөтүлөт. Телефон менен сүйлөшүүнүн узактыгы 15 мүнөттөн ашпоого тийиш. Телефондук сүйлөшүүлөрдү төлөө соттолгондордун өздүк эсебиндеги жеке каражатынын эсебинен, ошондой эле күйөөсү (аялы), жакын туугандары тарабынан байланыш кызматы менен тейлеген уюм тарабынан белгиленген учурдагы тарифтери боюнча жүргүзүлөт. Телефон менен сүйлөшүүлөр түзөтүү мекемесинин администрациясынын контролу алдында жүргүзүлөт, ал жөнүндө соттолгондорго эскертилет.
96. Телефон менен сүйлөшүү укугун ишке ашыруу соттолгон үчүн жумуш эмес убактысында, түзөтүү мекемесинин аймагында атайын жабдылган сүйлөшүү пункттарында же ушул максаттарга бөлүнгөн, сүйлөшүүлөрдү контролдоонун жүргүзүүнүн техникалык мүмкүнчүлүктөрү бар абоненттик түзүлүштөрү менен жабдылган жайларда жүргүзүлөт.
97. Түзөтүү мекемесине келгенде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 92-беренесинин 3-бүлүгүндө аныкталган жагдайдар болгон учурда түзөтүү мекемесинин администрациясы соттолгонго анын өтүнүчү боюнча телефон менен сүйлөшүүгө мүмкүндүк берет.
98. Айып изоляторлорунда, жалгыз кармоочу камераларда, камера тибиндеги жана убактылуу обочолоочу жайларда кармалган соттолгондорго телефон менен сүйлөшүүгө өзгөчө жеке жагдайларда гана уруксат берилиши мүмкүн.
99. Телефон менен сүйлөшүүнү мөөнөтүнөн мурда токтотууга төмөнкүлөр негиз болот:
- даярдалып жаткан кылмыш же башка укук бузуулар, түзөтүү мекемесинин кайтаруусу, түзөтүү мекемесинин администрациясы, тыюу салынган буюмдарды берүү ыкмалары жөнүндө маалыматтарды берүү аракети болгондо;
- соттолгондун арызында көрсөтүлбөгөн чет тилде телефон менен сүйлөшүү жүргүзүүдө;
- телефон менен сүйлөшүүгө катышкан адамдардын биринин талап кылуусу боюнча.
Телефон менен сүйлөшүү мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, сүйлөшүү жүргүзүүгө анын өтүнүүсүнө жооптуу түзөтүү мекемесинин кызматкери бул тууралуу жазуу жүзүндө түзөтүү мекемесинин начальнигине же анын ордун алмаштырган адамга телефон менен сүйлөшүүнүн токтотулган себебин көрсөтүп баяндайт.
13-глава. Соттолгондорду сейилдөөгө чыгаруу тартиби
100. Катуу шарттарда, айып изоляторлорунда, жалгыз кармоочу камераларда, камера тибиндеги жана убактылуу обочолоочу жайларда кармалган соттолгондор сейилдөөгө камера боюнча контролерлор нөөмөтүн өткөрүп жатканда чыгарылат. Коопсуз жайда болгон соттолгондор сейилдөөгө башка мезгилде чыгарылат. Сейилдөөгө чыгаруу алдында контролер сейилдөө аянтын жана анын тосмолорунун абалын тыкыр текшерет.
Сейилдөө учурунда соттолгондорго байкоо жүргүзүүнү нөөмөткө келип жаткан контролердун бири ишке ашырат, сейилдөө мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин ченемдерине ылайык белгиленет.
101. Соттолгондор жумушта же сейилдөөдө жүргөн мезгилде алар сактоого жана пайдаланууга тыюу салынган буюмдарды, качууга даярдыктарын аныктоо максатында камераларды кароо жүргүзүлөт, ошондой эле кулпулардын, терезелердин торлорун жана башка жабдуулардын иштеши текшерилет.
Камералардын дубалдарында бузуулар, жыгач жана темир конструкциялардагы сыныктар жана араалоолор аныкталган учурда начальниктин режим жана ыкчам иштер (кайтаруу, режим жана көзөмөл) боюнча орун басарына же аны алмаштырган адамга баяндалат, ал кызматтык териштирүү жүргүзүүнү дайындайт. Зарыл болгондо соттолгондор башка камераларга которулат. Аныкталган бузууларды жоюуга кечиктирилгис чаралар көрүлөт.
102. Ар бир камераны техникалык кароонун жыйынтыгы боюнча акт түзүлөт, ал режим жана көзөмөл бөлүмүнө (режимдик бөлүмгө, бөлүкчөгө, топко) ушул Эрежелердин 8-тиркемесине ылайык форма боюнча камералардын техникалык кароосунун актыларын эсепке алуу журналына каттоо үчүн тапшырылат.
14-глава. Соттолгондордун теле көрсөтүүлөрдү, видеолорду көрүү, радио угуу жана стол үстүндөгү оюндарды колдонуу тартиби
103. Соттолгон жеке колдонгон теле, видео, радио, аудиоаппаратуралар жеке каражатынын эсебинен, же анын күйөөсүнүн (аялынын), туугандарынын же башка адамдардын эсебинен алынат.
104. Айып изоляторунда, камера тибиндеги жайларда, жалгыз кармоочу камераларда кармалгандардан тышкары, жалпы жана жеңилдетилген шарттарда кармалган соттолгондорго жатак бөлмөлөрдө теле видео, радио, аудио аппаратураларды коюуга уруксат берилет. Аталган аппаратураларды колдонуу күн тартибинде белгиленген убакытта ишке ашырылат.
105. Катуу шарттарда кармалган соттолгондор үчүн көрсөтүүлөрдү, видеокөрүү күн тартибинде белгиленген тартипте камера боюнча, контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча контролер тарабынан пульт аркылуу теле, видеоаппаратураларды иштетүү жолу менен ишке ашырылат.
106. Түзөтүү мекемесинин администрациясы соттолгондорго стол үстүндөгү оюндарды колдонууга берет. Соттолгондорго өздөрүнүн шахматын, шашкисин, доминосун, нардасын колдонууга уруксат берилет. Стол үстүндөгү оюндарды колдонууга эс алуу учурунда гана уруксат берилет.
15-глава. Китепкана ишин уюштуруу
107. Соттолгондорго түзөтүү мекемесинин китепканасында болгон адабияттарды жана мезгилдүү басылмаларды колдонууга уруксат берилет. Түзөтүү мекемесинде китептерди 10 күндө бир жолудан кем эмес алмаштырса болот.
Соттолгондор отряд боюнча гезиттер менен камсыздалат. Камерадагы соттолгондорго, айып изоляторлорунда жана жалгыз кармоочу камераларда кармалган соттолгондордон тышкары, бир камерага бирден гезит берилет.
108. Соттолгондордун мезгилдүү басылмага жеке жазылуусу ыктыярдуу тартипте ишке ашырылат жана түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан уюштурулат.
16-глава. Түзөтүү мекемесинин чегинен тышкары конвойсуз же коштоосуз жүрүү укугун колдонгон соттолгондордун жүрүм-турум эрежелери
109. Конвойсуз же коштоосуз жүрүү укугун колдонгон соттолгондор белгиленген үлгүдөгү (ушул Эрежелердин 9-тиркемеси) өткөрмөнүн негизинде түзөтүү мекемесинин чегинен тышкары жүрүү укугун колдонушат, ага соттолгондун жүрүү маршруту тиркелет.
110. Ушул соттолгондор жумуштан бош убактысында түзөтүү мекемесинин администрациясы белгилеген жашоо объектисинин чегинде болушу жана түзөтүү мекемесинде соттолгондун жүрүм-турум эрежесин сакташы керек.
111. Жашабай турган зонадан же жашоо объектисинен тышкары жүргөн соттолгондор төмөнкүлөргө милдеттүү:
- жүрүү маршрутун жана убактысын, коомдук тартиптин эрежелерин сактоого;
- сырткы келбетин таза кармоого, мезгилге жараша белгиленген үлгүдөгү кийим кийип жүрүүгө;
- жумуштан кийин өз убагында жашаган объектисине келүүгө жана түзөтүү мекемесинин администрациясынын өкүлүнө келгени жөнүндө кабарлоого;
- түзөтүү мекемесинин кызматкерлеринин биринчи талабы боюнча өткөрмөнү көрсөтүүгө. Түзөтүү мекемесине келгенде аны адамдарды өткөрүү боюнча контролдоо-өткөрмө пунктунун күзөтчүсүнө, турак-жай объектисине келгенде көзөмөл жүргүзүүчү түзүтүү мекемесинин администрациянын өкүлүнө өткөрүүгө.
112. Соттолгондорго төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- күн тартибинде белгиленбеген убакта жашоо объектисинен чыгууга;
- жумуш убагында жумуш объектисин таштоого;
- жөнөтүү, берип коюу үчүн же бирөөгө тапшырыш үчүн соттолгондордун же башка адамдардын каттарын алууга жана башка тапшырмаларын аткарууга;
- өткөрмөнү башка адамдарга берүүгө.
113. Конвойсуз же коштоосуз жүрүү укугунан пайдаланган соттолгондор түзөтүү мекемелеринде жазаларды аткарылышын көзөмөлдөөнү ишке ашырууга ыйгарым укуктуу прокурор менен макулдашуу боюнча колониянын начальнигинин уруксаты менен бошонууга даярдануу максатында, кийинки турмуш-тиричилик жана жумушка орношуу маселелерин чечүү үчүн мекемелерге, ишканаларга, уюмдарга бара алат.
114. Конвойсуз же коштоосуз жүрүүдө жүрүм-турум эрежелери соттолгонго кол койдуруу менен (ушул Эрежелердин 10-тиркемеси) жарыяланат, ал анын өздүк ишине конвойсуз же коштоосуз жүрүүгө укук берүү жөнүндө токтом (ушул Эрежелердин 11-тиркемеси) менен бирге тиркелет.
115. Соттолгондор тарабынан аталган жүрүм-турум эрежелери бузулган учурда ал түзөтүү мекемесинин начальнигинин токтому (ушул Эрежелердин 12-тиркемеси) боюнча конвойсуз же коштоосуз жүрүү укугунан ажыратылат жана тартип жоопкерчилигине тартылат. Конвойсуз же коштоосуз жүрүү укугунан ажыраган адамдын өткөрмөсү тартылып алынат жана акт боюнча жок кылынат.
17-глава. Соттолгондорду түзөтүү мекемелеринин сыртына чыгаруу тартиби
116. Өзгөчө жеке себептерге байланыштуу түзөтүү мекемесинин сыртына чыгууга уруксат Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 97-беренесинде белгиленген тартипте соттолгондун жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде, соттолгондун жасаган кылмышынын классификациясын, өтөп бүткөн мөөнөтүн, соттолгондун мүнөзүн жана жүрүм-турумун эске алуу менен, түзөтүү мекемелеринде жазалардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу прокурорго кабарлоо менен түзөтүү мекемесинин начальниги тарабынан берилет.
117. Өзгөчө жеке себептерге байланыштуу чыгууга уруксат берүү жөнүндө арызга ошондой абалды тастыктаган документтер (анын ичинде ички иштер органдарынан, жакын тууганынын өлүмүн же катуу оорусун, анын өмүрүнө коркунуч туулганын, соттолгонго, же анын үй-бүлөсүнө, же анын жакын туугандарына материалдык зыян келтирген кырсыкты ырастаган фактынын документтери, аларды берген органдын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн) тиркелет.
118. Чыгууга уруксат алган соттолгонго ушул Эрежелердин 13-тиркемесине ылайык белгиленген формада күбөлүк берилет, чыгуу тартиби түшүндүрүлөт, соттолгон эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны өтөөдөн баш тарткандыгы үчүн жазык жоопкерчилигине тартылары эскертилет, ал тууралуу тилкат (ушул Эрежелердин 14-тиркемеси) алынат. Чыгууга байланыштуу чыгымдарды төлөөгө акча түзөтүү мекемесинин бухгалтериясы тарабынан соттолгондун жазуу жүзүндөгү арызы боюнча анын өздүк эсебинен берилет.
119. Жол кире акысын соттолгон адам өзүнүн, туугандарынын же башка адамдардын эсебинен төлөйт. Буга түзөтүү мекемесинин администрациясы көмөк көрсөтөт.
120. Чыгуу мезгилинде соттолгон өзүнө тиешелүү жарандык кийимин жана бут кийимин алат.
121. Түзөтүү мекемесине келгенде соттолгон адам күбөлүгүн, жол билетин көрсөтөт. Белгиленген мөөнөттө соттолгондун кайра келүүсүн татаалданткан форс-мажордук кырдаалдар жана башка кырдаалдар пайда болгон учурда соттолгондун барган жери боюнча ички иштер органынын начальнигинин токтому менен түзөтүү мекемесине кайтуу мөөнөтү 5 суткага чейин түзөтүү мекемесинин администрациясына бул тууралуу тезинен милдеттүү түрдө билдирүү менен узартылышы мүмкүн.
122. Чыгуу учурунда соттолгон ооруп калган жана соттолгонду ооруканага жаткыруу зарылдыгы чыккан учурда ал же анын туугандары же башка адамдар ал жаза өтөгөн түзөтүү мекемесинин администрациясына бул тууралуу тезинен кабарлашат. Бул учурда ал саламаттык сактоо системасынын мамлекеттик же муниципалдык уюмуна жөнөтүлүшү мүмкүн. Бул учурда түзөтүү мекемесине кайтуу мөөнөтү ушул Эрежелердин 121-пунктунда белгиленген мөөнөткө жана тартипте узартылат.
18-глава. Соттолгондордун тарбиялоо колонияларында жаза өтөө өзгөчөлүктөрү
123. Жалпы режимдеги тарбиялоо мекемесинин аймагы бири-биринен обочолонгон участокторго бөлүнбөйт.
124. Кесиптик даярдоо, баштапкы жана кесиптик билим берүү мекемелеринин окуу жана техникалык кабинеттери өндүрүштүк зонада жабдылат. Эгер алар турак-жай зонасында жайгашса, анда башка жайлардан ишенимдүү обочолонушу керек.
125. Тарбиялоо колонияларында спорттук аянтча жабдылат. Мындан тышкары, турак-жай зонасында ушул мекемеде кармалган бардык соттолгондордун тизилүүсү үчүн аянтча жасалат.
19-глава. Соттолгондордун жатак-абактарда жаза өтөө өзгөчөлүктөрү
126. Жатак-абактардын аймагы жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын чечими менен белгиленген тартипте тосулат.
127. Шаарларда жайгашкан жатак-абактардын чек аралары болуп жатак-абактын аймагынын чек арасы, айыл жеринде - жатак-абактан 5 километр радиустагы аймактын чек арасы эсептелет.
128. Жатак-абактардын жатаканаларында кошумча ашкана, кир жуучу жай, чарбалык шаймандардын бөлмөсү жабдылат.
129. Соттолгондор жатак-абактарда Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 123-беренесинде белгиленген шарттарда жаза өтөшөт.
130. Жатак-абактарда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан соттолгондорду ишке орноштуруу маселелери боюнча түзөтүү мекемесинин администрациясынын, соттолгондун жана жумуш берүүчүнүн ортосундагы мамилелерди аныктаган тартип Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-мартындагы № 154 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун жатак-абактарында жаза өтөө тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому менен белгиленген.
20-глава. Соттолгондорду дарылоо түзөтүү мекемелеринде кармоо өзгөчөлүктөрү
131. Дарылоо түзөтүү мекемелери соттолгондорго стационардык медициналык жардам көрсөтөт.
132. Дарылоо түзөтүү мекемелеринде соттолгондордун башка категориясынан обочолонуп, террористтик мүнөздөгү жана экстремисттик багыттагы кылмыштары үчүн соттолгондор, өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндө соттолгондор, өмүр бою эркиндигинен ажыратууну ырайым кылуу тартибинде аныкталган мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга алмаштырылган соттолгондор, түрмөдө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза өтөөгө соттолгондор кармалат. Аталган соттолгондор атайын бөлүнгөн жана түрмө тибинде жабдылган палаталарда кармалышат. Балдар башка соттолгондордон өзүнчө кармалат. Аялдар эркектерден бөлөк кармалышат. Жугуштуу оорулар менен ооруган соттолгондор инфекция түрлөрүнө жараша, жугуштуу эмес оорулуулар боюнча дарылануудан өтүп жаткан оорулуулардан бөлөк кармалат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 545 токтомунун редакциясына ылайык)
133. Карантин учурунда, ошондой эле эгер оорулууга келүү анын ден соолугунун начарлашына алып келсе, дарылап жаткан дарыгердин жана бөлүмдүн начальнигинин жазуу жүзүндөгү корутундусу боюнча дарылоо түзөтүү мекемесинин начальниги адвокаттарды жана юридикалык жардам көрсөтүүгө укугу бар адамдарды кошпогондо, аны менен башка адамдардын жолугушуусуна уруксат берүүнү убактылуу токтотот.
134. Узак мөөнөткө жолугушуулар түзөтүү мекемесинин режиминин тиешелүү түрү үчүн белгиленген ченемдер боюнча соттолгондордо медициналык каршы көрсөткүчтөр жок болгон учурда берилет.
135. Эгерде соттолгондор анткорлонуп ооруганына же өзүнүн денесине атайын зыян келтирүү актын жасоого байланыштуу айып изоляторунан, жалгыз кармоочу камерадан, камера тибиндеги жана убактылуу обочолоочу жайлардан дарылоо түзөтүү мекемесине которулса, алардын дарылоо түзөтүү мекемесинде болгон убактысы жазалоо чарасын өтөө мөөнөтүнө кошулуп эсептелбейт.
136. Дарылоо түзөтүү мекемесинде дарылануудан өтүп жаткан соттолгондорго Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 118-беренесинде каралган тартиптик жазалоолор, эгер алар медициналык көрсөткүчтөргө карама-каршы келбесе, колдонулат.
137. Соттолгондордун эмгектенүүсү медициналык көрсөткүчтөргө, эмгекке жарамдуулук деңгээлине жана дарылоо түзөтүү мекемесинин шарттарында алардын эмгегин пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ылайык уюштурулат.
138. Билим берүү процесстерине катышкан адамдарга карата алардын дарылоо түзөтүү мекемесинде болгон мезгилинде окутуу токтотулат.
21-глава. Соттолгондордун камералык кармоо шарттарында жаза өтөө өзгөчөлүктөрү
1-§. Жаза өтөөнүн катуу шарттарында жаза өтөө тартиби
139. Катуу шарттарда жаза өтөө жайлары башка шарттарда жаза өтөп жаткан соттолгондордон анда кармалгандарды обочолоону камсыздоо менен кармоонун камералык тиби боюнча жабдылат. Катуу шарттарда жаза өтөө участогунун обочолонгон аймагына ушул Эрежелердин 15-тиркемесинде сүрөттөлгөндөй сейилдөө аянтчасы жасалат.
Жаза өтөөнүн катуу шарттарынын камералары түзөтүү мекемесинин жатаканаларына коюлган талаптарга ылайык коммуналдык-тиричиликтик курулмалардын комплекси менен жабдылат. Жумуш жана окуу камералары, жуунучу бөлмөлөр, тарбия иштеринин бөлмөсү, медициналык процедуралар үчүн бөлмө обочолонгон участоктун аймагына жайгаштырылат.
140. Жаза өтөөнүн катуу шарттарынын камераларына электр розеткалары, контролерлорду чакыруу үчүн белги берүүчү баскычтар, санитардык түйүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-декабрындагы № 864 "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги соттолгон жана камакка алынган адамдарды материалдык-тиричилик жактан камсыз кылуунун минималдуу ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык шаймандар жана предметтер орнотулат.
141. Жаза өтөөнүн катуу шарттарында камералардын бөлмөлөрүндөгү жабдуулардын техникалык мүнөздөмөлөрү Кыргыз Республикасынын техникалык жана курулуш чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын чечими менен белгиленет.
142. Соттолгондор режимди сактаганда жана аларда тартиптик жазалар жок болгондо күндүзгү убакта мекеменин администрациясынын чечими боюнча уктоочу жайлардан өзүнчө жайларда болушу мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 545 токтомунун редакциясына ылайык)
143. Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 113-беренесине ылайык билим алып жаткан же аталган Кодекстин 108-беренесине ылайык кесиптик даярдыктан өтүп жаткан соттолгондор, ушул Эрежелердин 139-пунктунда каралгандай, окуу жүгүртмөсүнө ылайык окуу же иш камераларына чыгарылат.
144. Жаза өтөөнүн катуу шарттарында кармалган соттолгондор менен спорттук, маданий-массалык иш-чаралар алар жашаган имараттардын чегинде өткөрүлөт. Алардын өтүнүчү боюнча башка шарттарда кармалган соттолгондордон обочолонгон шарттарда дин кызматчылары менен жолугушууга, китепкананы жана дүкөндү пайдаланууга мүмкүндүк берилет.
145. Соттолгондорду эмгекке тартуу, тамактандыруу, медициналык кароо, санитардык текшерүү, амбулатордук дарылоо кармоонун башка шарттарында жаза өтөгөн соттолгондордон бөлөк уюштурулат.
2-§. Соттолгондорду айып изоляторунда, камералык типтеги жайларда, убактылуу бөлүп кармоочу жана жалгыз кармоочу жайларда кармоо шарттары
146. Айып изоляторунун бөлмөлөрү, жалгыз кармоочу камералар, камералык типтеги жана убактылуу бөлүп кармоочу жайлар подвалдык жайларда жабдылбайт. Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 19-беренесине ылайык бардык түзөтүү мекемелеринде соттолгондун коопсуздугун камсыздоочу жайлар - коопсуз жай түзүлүшү мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 545 токтомунун редакциясына ылайык)
147. Айып изоляторунун, камера тибиндеги жайлардын аймагы бийиктиги 3 метрден жапыз болбогон туташ жабылган тосмо менен тосулат. Айып изоляторунун жана камера тибиндеги жайлардын имаратында соттолгондор үчүн камералар, контролерлордун бөлмөлөрү, персоналдардын кызматтык кабинеттери, медициналык тейлөө бөлмөсү, сейилдөө аянтчалары, соттолгондордун төшөнчү-шейшептерин жана өздүк буюмдарын сактоо үчүн бөлмөлөр жайгаштырылат.
148. Айып изоляторунун жана камера тибиндеги жайлардын коридоруна камераларды башка жайлардан, ошондой эле айып изоляторунун камераларын камера тибиндеги жайлардан бөлүп туруучу темир торлор (полдон шыпка чейин, эшиги менен) орнотулат. Камералардын сырткы эшиктеринин жанында ачкычтарды тосуучу атайын чөнтөктөр, эшиктерди чектегичтер орнотулат.
149. Айып изоляторунун жана камера тибиндеги жайлардын имараттары колониянын начальнигинин нөөмөтчү жардамчысынын имаратына айгай сигналы чыгып турган автоматтык өрт сигнализациялары менен жабдылат. Көрүнөө жерлерге адамдарды эвакуациялоо планы жана өрт коопсуздук чараларынын нускамасы илинет.
150. Айып изоляторунун жана камера тибиндеги жайлардын имаратында эвакуациялык кошумча чыгуу болушу керек. Эвакуациялык кошумча чыгуучу эшиктердин ачкычтары контролерлордун бөлмөсүндө сакталышы керек, ал эми коридордо өрт өчүрүүчү шлангдар жана най, эки өрт өчүргүч менен жабдылган ички өрт өчүрүүчү крандар орнотулат.
151. Өрт коопсуздугун сактоо максатында айып изолятору, камера тибиндеги жайлар, жалгыз кармоочу камералар жана убактылуу обочолоочу жайлар жайгашкан имараттарда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- күйүүчү материалдар, бат тутануучу жана күйүүчү суюктуктар колдонулуучу өндүрүш аймактарын жайгаштырууга;
- түзөтүү мекемесинин администрациясынын жазуу жүзүндөгү өрт коопсуздук кызматы менен макулдашылган уруксатысыз электрширетүү иштерин жүргүзүүгө;
- атайын бөлүнбөгөн жерлерде бат тутануучу жана күйүүчү суюктуктарды, анын ичинде ремонт иштери мезгилинде сактоого;
- жарыктандыруу үчүн керосин чырактарын, факелдерди жана шамдарды колдонууга;
- колго жасалган электр менен жылытуучу шаймандарды колдонууга.
152. Контролерлордун кезметинин бөлмөсүндө телефон орнотулат, коридордо кайсы жерден болбосун айгай белгисин берүү үчүн коридордун болгон узундугу боюнча түзөтүү мекемесинин начальнигинин нөөмөтчү жардамчысынын имаратына жана көзөмөл-өткөрүү пунктуна чыгарылган айгай сигнализация тутуму орнотулат.
153. Жалгыз кармоочу камералардын имараттары жаза өтөөнүн катуу шарттарында кармалган соттолгондор үчүн имараттар жайгашкан өзгөчө режимдеги түзөтүү мекемесинин аймагына жайгаштырылат.
154. Айып изоляторунун камералары, камера тибиндеги жайлардын камералары, жалгыз кармоочу камералар ушул Эрежелердин 140 жана 141-пункттарына ылайык жабдылат, мында кошумча түрдө күндүз кулпуланып бекитилүүчү бүктөлүүчү койкалар, полго бекем кагылган отуруу үчүн тумбалар менен жабдылат. Камералардын эшиктеринин өзү бекилүүчү түзүлүштөрүн башкаруу электр азыктандыруу булактарын өчүргөн учурда эшиктерди жана бардык электр кулпуларын блоктон чыгарууну камсыз кылышы керек.
155. Убактылуу обочолоочу жайлар жана коопсуз орундар өзүнчө бекилүүчү жай түрүндө түзүлөт жана ушул Эрежелердин 140 жана 141-пункттарына ылайык жабдылат, ошол эле учурда ушул Эрежелердин 15-тиркемесине ылайык анда спорттук шаймандары бар сейилдөөчү аянтчалар жасалат. Убактылуу обочолоочу жайларда 3төн көп эмес киши кармалышы мүмкүн.
156. Айып изоляторуна, жалгыз кармоочу камераларга, камера тибиндеги жана убактылуу обочолоочу жайларга которулган соттолгондорго жазалоо тартибинде сүлгү, самын, тиш пастасы, тиш щеткасы, даарат кагазы, тамеки жана ширеңкеден (аялдар үчүн гигена буюмдары) башка, аларда болгон жеке буюмдарын алып барууга уруксат берилбейт.
157. Айып изоляторунда, жалгыз кармоочу камераларда кармалган соттолгондордун кат жазуучу жана почталык буюмдары көзөмөлдөөчү контролердо сакталат жана кат жазган учурда берилет.
158. Камера тибиндеги жана убактылуу обочолоочу жайларда кармалган соттолгондорго өзү менен окуу китептерин, калемдерди, калем саптарды, стержндерди, дептерлерди, почта маркаларын, открыткаларды, конверттерди алууга, китепканадан пайдаланууга китептерди, журналдарды жана гезиттерди жаздырып алууга уруксат берилет.
159. Тамак-аш азыктары кампага өткөрүлөт жана соттолгондорго алар жазалоо чараларын өтөп бүткөндөн кийин берилет, мында түзөтүү мекемесинин администрациясы алардын сакталышы үчүн зарыл чараларды көрөт. Азыктар бузулган учурда түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан комиссиялык тартипте акт түзөлөт, ал эми азыктар жок кылынат.
160. Айып изоляторуна, жалгыз кармоочу камераларга, камера тибиндеги жана убактылуу обочолоочу жайларга которулган соттолгондорго түзөтүү мекемесинин күн тартибинде каралган сейилдөө мезгилинде гана тамеки чегүүгө уруксат берилет.
161. Соттолгондорду айып изоляторуна, жалгыз кармоочу камераларга, камера тибиндеги жана убактылуу обочолоочу жайларга кабыл алууда алар толук тинтүүдөн өтүшөт, андан кийин алар ушул жайларга бөлүнгөн кийим-кечени кийишет (түзөтүү мекемесинин администрациясынын аталган кийим-кечени берүү мүмкүнчүлүгү болгон учурда).
Айып изоляторунда, жалгыз кармоочу камераларда жана камера тибиндеги жайларда кармалган соттолгондор камеранын сыртында жүргөндө колдорун артка алып басышат. Соттолгондорду камерадан ар бир чыгарган сайын жекече тинтүү жүргүзүлөт, ал эми тинтилүүчү соттолгон адам дубалды карап, сунулган колдору менен дубалга таянып, буттарын ийинге теңештирип турат.
162. Түзөтүү мекемесинин билим берүүчү жайларында билим алып жаткан соттолгондор айып изоляторунда, жалгыз кармоочу камераларда, камера тибиндеги жана убактылуу обочолоочу жайларда жаза өтөп жаткан мезгилде сабактарга чыгарылбайт. Аларга өз алдынча окууга жана окутуучулар менен кеңешүүгө мүмкүнчүлүк берилет.
163. Камера тибиндеги жана убактылуу обочолоочу жайларда кармалган соттолгондордун тамактануусу камераларда, ал эми жумуш убагында өндүрүш объектилеринде жүргүзүлөт.
164. Айып изоляторунда, жалгыз кармоочу камераларда, камера тибиндеги жана убактылуу обочолоочу жайларда кармалган соттолгондорду медициналык кароо жана амбулатордук дарылоо атайын жабдылган бөлмөдө жүргүзүлөт. Санитардык тазалоо башка соттолгондордон бөлөк жүргүзүлөт. Оорулуу соттолгондор медициналык көрсөткүчтөрү боюнча өзүнчө камераларга жайгаштырылат.
165. Айып изоляторуна, жалгыз кармоочу камераларга, камера тибиндеги жана убактылуу обочолоочу жайларга чыгарылган соттолгондорго төшөнчүлөр уктоо мезгилинде гана берилет. Бөлмөлөрдүн сыртына чыгарганда аларга мезгилге жараша кийим берилет.
166. Айып изоляторунун камераларында, камера тибиндеги жана убактылуу обочолоочу жайларда жана тиешелүү сейилдөө короолорунда нөөмөткө туруу ар бир соттолгонго кезеги менен жүктөлөт. Нөөмөтчүлөрдүн милдети түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан белгиленет. Жалгыз кармоочу камераларды тазалоону анда кармалган соттолгондор ишке ашырышат. Тазалоого жооптуу соттолгон камераны тазалоо үчүн шаймандарды кабыл алат жана өткөрүп берет, камерада тазалыкты сактайт; камерадагы санитардык түйүндү, ал эми сейилдөө аяктаганда сейилдөө аянтын тазалайт.
167. Айып изоляторунан, жалгыз кармоочу камералардан, камера тибиндеги жана убактылуу обочолоочу жайлардан соттолгондорду анткорлонуп оору же өзүнүн денесине атайын зыян келтирүү менен байланышпаган себептер боюнча дарылоо-профилактикалык мекемесине которгон учурда, алардын дарылоо-профилактикалык мекемесинде болгон мөөнөтү жаза өтөө мөөнөтүнө кошо эсептелет.
168. Айып изоляторунда, жалгыз кармоочу камераларда, камера тибиндеги жана убактылуу обочолоочу жайларда кармалган соттолгондор камера боюнча жуунуучу жайда жуунушат. 7 суткадан ашпаган мөөнөткө айып изоляторуна киргизилген соттолгондорго душта жуунууга уруксат берилбейт.
169. Айып изоляторунда, жалгыз кармоочу камераларда, камера тибиндеги жана убактылуу обочолоочу жайларда кармалган соттолгондорго дин кызматчылары кире алат. Мындай учурда, соттолгон түзөтүү мекемесинин администрациясына дин кызматчысы менен жолугушууга уруксат берүү жөнүндө арыз менен кайрылат. Соттолгондун дин кызматчысы менен жолугушуусу өзүнчө бөлмөдө өтүшү керек.
170. Түзөтүү мекемесинин начальниги жок учурда, жасалган кылмышты же режимди одоно бузууга башка чара менен бөгөт коюуга мүмкүн болбосо, түзөтүү мекемесинин начальниги келгенге чейин түзөтүү мекемесинин начальнигинин нөөмөтчү жардамчысынын токтому боюнча соттолгондор айып изоляторуна, жалгыз кармоочу камераларга жайгаштырылышы мүмкүн, бирок 24 сааттан ашпашы керек. Мындай обочолоо тартиптик жазалоо болуп саналбайт.
22-глава. Түзөтүү мекемелеринде текшерүүлөрдү жана тинтүүлөрдү жүргүзүү тартиби
171. Соттолгондорду, түзөтүү мекемелеринин имараттарын, аймактарын жана өндүрүш объектилерин текшерүү жана тинтүү пландуу жана күтүүсүз болушу мүмкүн жана жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органы тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
172. Текшерүү жана тинтүү учурунда зарылчылык болбосо төшөнчүлөргө, ич кийимдерге, кийим-кечеге, шаймандарга жана башка нерселерге зыян келтирүүгө жол берилбейт.
173. Турак-жай зоналарын жана өндүрүш объектилерин текшерүү жана тинтүү конкреттүү план боюнча жүргүзүлөт. Алардын жыйынтыктары тиешелүү акт менен таризделет. Текшерүү жана тинтүү мезгили жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органы тарабынан аныкталат.
Соттолгондорду түзөтүү жана кайра социалдаштыруу боюнча натыйжалуу чара көрүү максатында текшерүүгө жана тинтүүгө түзөтүү мекемесинин тарбиялоо кызматтарынын кызматкерлери тартылбайт.
174. Соттолгондор тарабынан массалык баш аламандыктын чыгуусуна алып келген түзөтүү мекемесиндеги ыкчам-режимдик кырдаал татаалдашканда жана башка учурларда жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын чечими боюнча өзгөчө абал жарыяланып, бир түзөтүү мекемесин тинтүүгө жазык-аткаруу тутумунун башка органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлери тартылышы мүмкүн.
23-глава. Соттолгондордон тыюу салынган буюмдарды, нерселерди тартып алуу жана айып түрүндө түшкөн каражаттарды пайдалануу тартиби
175. Түзөтүү мекемесинде соттолгондордун колдонуусунан тыюу салынган буюмдарды тартып алуу укугуна түзөтүү мекемесинин кызматкерлери ээ болот.
176. Тыюу салынган буюмдар табылган учурда тартылып алынат, ал тууралуу акт түзүлөт, кийин текшерүү жүргүзүлөт жана түзөтүү мекемесинин начальниги тарабынан чечим кабыл алынат.
177. Соттолгондордо мыйзамсыз сакталган тартылып алынган акчалар бир суткалык мөөнөттөн кечиктирилбей (дем алыш же майрам күндөрдөн тышкары) финансы бөлүмүнө же бухгалтерияга өткөрүлөт, анда түзөтүү мекемесинин атайын эсебине киргизилет жана түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан соттолгондорду кармоо шарттарын жакшыртууга жумшалат.
Соттолгондордо мыйзамсыз сакталган тартылып алынган баалуу кагаздар жана башка буюмдар (зер буюмдары, баалуу металлдар, таштар, видео жана үн жазуучу техника, түстүү, кара металлдар ж.б.) түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан сатуу-сатып алуу келишимин түзүү же жазык-аткаруу тутумунун адистештирилген дүкөндөрү аркылуу сатылат, ал эми сатуудан түшкөн акчалар ошондой эле түзөтүү мекемесинин атайын эсебине киргизилет жана соттолгондорду кармоо шарттарын жакшыртууга жумшалат.
Соттолгонго Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 118-беренесине ылайык тартиптик айып түрүндөгү жаза чыгарылган учурда түзөтүү мекемесинин бухгалтериясы тиешелүү токтомдун негизинде соттолгондун өздүк эсебинен белгиленген акчанын суммасын түзөтүү мекемесинин атайын эсебине которот, ал соттолгондорду кармоо шарттарын жакшыртууга жумшалат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 545 токтомунун редакциясына ылайык)
178. Соттолгондор белгиленген мыйзамдык тартипте ээ болгон жана түзөтүү мекемесинин администрациясына ыктыярдуу тартипте өткөрүлүп берилген акчалар, баалуу кагаздар жана башка буюмдар түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан атайын жабдылган жайда сакталат жана жаза өтөө мөөнөтү аяктаганда соттолгонго кайтарылып берилет.
179. Соттолгондордон тартылып алынган, баалуу деп эсептелбеген буюмдар кампага сактоого өткөрүлөт же түзөтүү мекемесинин начальнигинин чечими боюнча жок кылынат, бул тууралуу соттолгонго кол койдуруу менен тааныштырылып, тиешелүү акт түзүлөт.
180. Соттолгондордун белгиленген салмактан ашык буюмдары тартылып алынат жана сактоо үчүн кампага өткөрүлөт. Эгерде кампада сакталган буюмдар соттолгондорго керек болсо жана ашык болбосо, алар ээсине берилиши мүмкүн.
181. Түзөтүү мекемесинин аймагында табылган акча каражаттарынын, ошондой эле ушул Эрежелердин 177-пунктунда көрсөтүлгөн баалуу кагаздарды, башка нерселерди сатуудан түшкөн акча каражаттарынын кимге тиешелүүлүгү аныкталбаса, түзөтүү мекемесинин атайын эсебине киргизилет жана соттолгондорду кармоо шарттарын жакшыртууга жумшалат.
24-глава. Соттолгондордун эмгек мамилелери
1-§. Соттолгондорду эмгекке тартуу
182. Соттолгондор Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине ылайык өзүнүн эмгекке жарамдуулугуна жараша эмгектенүүгө милдеттүү.
Соттолгондор жеке эмгек иши менен алектенүүгө укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 545 токтомунун редакциясына ылайык)
183. Соттолгондор акы төлөнүүчү жумушка эмгек келишими боюнча тартылат. Туруктуу, убактылуу жана мезгилдүү жумуштарда иштеген ар бир соттолгонго түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан эмгек мыйзамына ылайык эмгек китепчеси ачылат.
184. Соттолгондорду акы төлөнүүчү жумушка дайындоо түзөтүү мекемесинин начальнигинин буйругу менен таризделет, алардын көчүрмөлөрү соттолгондордун өздүк ишине тиркелет.
185. Соттолгондорду төмөнкүдөй иштерге тартууга жол берилбейт:
- мекемени кайтарууну ишке ашырган жеке курам жайгашкан, курал-жарак, кызматтык документтер, атайын техникалык каражаттар турган (сакталган) түзөтүү мекемесинин административдик имараттарындагы бардык иштерге;
- кайтаруунун техникалык каражаттарын, ошондой эле ички тыюу салынган зонада жайгашкан кайтаруунун инженердик каражаттарын тейлөөгө жана оңдоого;
- көбөйтүүчү, радиотелеграфтык, телефондук, факсимилдик техника менен иштөөгө;
- медикаменттерди, жардыруучу, ууктуруучу жана ууландыруучу заттарды эсепке алуу, сактоо жана берүү менен байланышкан иштерге;
- аларга жалданган жумушчуларды баш ийдирүүчү иштерге;
- ыкчам машиналарга айдоочу катары;
- сатуучу, бухгалтер-операционист, кассир, азык-түлүк, кийим кампаларынын, ошондой эле татаал жана кымбат баалуу жабдыктар сакталуучу кампаларынын башчысы, кампачы катары.
2-§. Түзөтүү мекемелерин чарбалык тейлөө
186. Түзөтүү мекемелеринин ичиндеги чарбалык тейлөө боюнча иштерди аткаруу үчүн, ошондой эле түзөтүү мекемесинин ичиндеги мастерлерди, бригадирлерди, нарядчыларды жана кезекчилерди алмаштыруу үчүн соттолгондорду тандоо түзөтүү мекемесинин комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт. Чарбалык тейлөө боюнча иштерге дайындоодо соттолгондун жазуу жүзүндөгү макулдугу (арызы) талап кылынат.
187. Соттолгондор чарбалык тейлөө боюнча иштерди ушул Эрежелердин 184, 185-пункттарында аныкталган тартипте аткарышат.
Түзөтүү мекемесиндеги чарбалык тейлөөгө тартылышкан соттолгондор абаттоо, имараттардын, курулмалардын, коммуникациялардын техникалык абалын колдоо боюнча иштерди, ошондой эле ушул Эрежелерде тыюу салынбаган башка иштерди аткарышат.
Мындай иштерге тартылган соттолгондордун саны түзөтүү мекемесиндеги соттолгондордун жалпы санынын 6 пайызынан ашпашы керек.
Түзөтүү мекемесинин чарбалык тейлөө боюнча иштерин аткаруу үчүн анын сыртына соттолгондорду чыгаруу кайтаруу алдында жүргүзүлөт.
188. Түрмөдө жана өзгөчө режимдеги түзөтүү мекемесинде чарбалык тейлөө боюнча иштерди аткаруу үчүн соттолгондорду тандоо Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 72-беренесине ылайык түзүлгөн жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын атайын комиссиясынын чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
189. Чарбалык тейлөө боюнча иштерди аткаруу үчүн дайындалган соттолгондор бир отрядга бириктирилет. Алардын, ошондой эле мастерлердин, бригадирлердин, нарядчылардын жана кезекчилердин милдеттери түзөтүү мекемесинин начальнигинин буйругу менен белгиленет.
3-§. Жалданма персоналдын соттолгондор менен биргелешип иштеши
190. Соттолгондордун эмгеги колдонулган түзөтүү мекемелеринин ишканаларында жана өндүрүш объектилеринде соттолгондордун ишин түздөн-түз жетектөөчү жалданма персоналдын, ошондой эле өндүрүштүн нормалдуу иштешин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон чекте эркин жалданган квалификациялуу жумушчулардын ишине жол берилет, бирок иштеп жаткан соттолгондордун санынын 15 пайызынан ашпашы керек.
191. Соттолгондор менен бирге иштеген адамдар ушул Эрежелерди сактоого тийиш. Соттолгондорго, ошондой эле соттолгондор тарабынан тамак-аш азыктарын, акча, кат-кабар, спирт ичимдиктерин, кийим-кече, башка нерселерди жана буюмдарды берүүгө тыюу салынат. Бул тартип бузулган учурда түзөтүү мекемесинин администрациясы күнөөлүү адамдарга соттолгондор иштеген объектилерге кирүүгө тыюу салат жана аларды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени чечет.
25-глава. Сыйлоо жана жазалоо чаралары
192. Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинде белгиленген тартипке ылайык сыйлоо жана жазалоо чараларын колдонуу ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын токтому же буйругу менен таризделет.
193. Байланыш каражаттарын мыйзамсыз колдонуу аркылуу кармоо режимин бузган соттолгондор Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 120-беренесинде белгиленген тартипке ылайык айып изоляторуна камоо түрүндө жазаланат.
194. Токтом (ушул Эрежелердин 16, 17-тиркемелери) же буйруктардын көчүрмөлөрү соттолгондордун өздүк ишине тиркелет. Сыйлоонун жана жазалоонун жеке эсеби отряд начальниктери (улук тарбиячылар) тарабынан жүргүзүлөт.
Отряддар боюнча (бөлүмдөр боюнча) сыйлоонун жана жазалоонун эсеби түзөтүү мекемесинин начальнигинин тарбия иштери боюнча орун басары тарабынан жүргүзүлөт.
26-глава. Жазык-аткаруу тутумунун мекемелери ортосунда соттолгондорду жөнөтүү жана которуу тартиби
195. Соттологондорду түзөтүү мекемесине жөнөтүү, ошондой эле аларды башка түзөтүү мекемесине которуу Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине ылайык жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын кезметин тариздөө аркылуу ишке ашырылат.
196. Соттолгондорду которуу жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органы бекиткен тартипте жана план боюнча Камакка алынган соттолгондорду конвойлоо жана түзөтүү мекемелерин кайтаруу департаментинин кароолу, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы тарабынан жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 545 токтомунун редакциясына ылайык)
197. Өзгөчө учурларда медициналык тез жардам көрсөтүү үчүн дем алыш жана майрам күндөрүн эске албаганда, 24 саат ичинде кезметти тариздөө менен, соттолгондорду түзөтүү мекемесинин администрациясынын күчү менен кезметсиз которууга уруксат берилет
198. Соттолгон Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 80-беренеси менен аныкталган тартипте, анын ичинде төмөнкү учурларда башка түзөтүү мекемесине которулушу мүмкүн:
- бир кылмыш иши боюнча өтүп жаткан соттолгонду бөлүү зарылдыгы болгондо;
- режимдик жана тарбиялоо-профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүгө байланыштуу;
- соттолгондор арасында чыр-чатак абалдарын болтурбоо максатында.
27-глава. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген соттолгондорду кармоо өзгөчөлүктөрү
199. Түзөтүү мекемесинин администрациясы I жана II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген соттолгондорду (мындан ары - майып соттолгондор) имараттардын биринчи кабаттарында жайгашкан турак жайларга жайгаштырат, алар үчүн реабилитациялык иш-чараларды өткөрүүгө көмөк көрсөтөт.
200. I жана II топтогу майып соттолгондорду текшерүү медициналык көрсөткүчтөрдү эске алуу менен алардын жашаган же иштеген жери боюнча жүргүзүлөт.
201. Түзөтүү мекемесинин администрациясы түзөтүү мекемесинин күн тартибинин чегинде майып соттолгонго жеке реабилитациялык программаны ишке ашыруу үчүн убакыт, ошондой эле реабилитациянын техникалык каражаттарын колдонууга мүмкүнчүлүк берет.
202. Майып соттолгон өзүн конкреттүү реабилитациянын техникалык каражаттары же реабилитациянын түрү менен кресло-колясканы, протез-ортопедиялык жасалгаларды, атайын шрифтери бар басылмаларды, үн күчөтүүчү аппаратураны, сигнализаторлорду, субтитр жана сурдо котормосу менен видеоматериалдарды, атайын тренажерлорду, жана башка ушул сыяктуу каражаттарды кошо камсыз кылуу жөнүндө маселени өз алдынча чечүүгө укуктуу.
203. Майып соттолгондор айып изоляторуна киргизгенде, жалгыз кармоочу камераларга, камера тибиндеги жана убактылуу обочолоочу жайларга которгондо өздөрү менен реабилитациянын техникалык каражаттарын алып жүрсө болот. Реабилитациянын техникалык каражаттарынын салмагы соттолгондор жанына алып жүрүүгө мүмкүн болгон буюмдардын жана нерселердин жалпы салмагына кошулбайт.
204. I же II топтогу майып соттолгондорго, анын ичинде дайыма багууга муктаж болгондорго түзөтүү мекемесинин аймагы боюнча тизимден тышкары жүрүүгө уруксат берилет.
205. I же II топтогу майып соттолгондорго медициналык көрсөткүчтөрүнө жана түзөтүү мекемесинин мүмкүнчүлүгүнө жараша күн сайын жуунуу камсыз кылынат.
28-глава. Түзөтүү мекемесинен бошонуп жаткан адамдарга жардам көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү
206. Соттолгонду пландалган бошотууга чейин 30 күн мурун түзөтүү мекемесинин социалдык кызматкери анын кийими, бут кийими, акча каражаттары, жашаган жерине өз алдынча же туугандарынын, башка адамдардын эсебинен жетип алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндөгү маселени карап чыгат. Кийими, бут кийими, акча каражаттары, жашаган жерине өз алдынча жетип алуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда социалдык кызматкер тарабынан түзөтүү мекемесинин начальнигинин атына эркин формада корутунду берилет, анын негизинде:
- бошотуудан бир күн мурун түзөтүү мекемесинин чарба кызматы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен ченемдерге ылайык соттолгонго мезгилге жараша кийим жана бут кийим, азык-түлүк берет, бул жөнүндө тиешелүү эсепке алуу документтерине белги коюлат;
- финансы кызматы түзөтүү мекемесинин атайын эсебиндеги каражаттардан түзөтүү мекемесинин социалдык кызматкеринин эсебине (атайын банктык картасына) зарыл болгон акчанын суммасын которот, ал бошотулган адамдын бара турган жерине чейинки жол кирени төлөйт, андан кийин финансы кызматына отчет үчүн ырастоочу документтерди өткөрүп берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 545 токтомунун редакциясына ылайык)
29-глава. Түзөтүү мекемелеринин жабдуулары боюнча жалпы талаптар
207. Түзөтүү мекемесин жайгаштыруу үчүн бөлүнгөн аймак кайтаруудагы жана кайтарылбаган участокторго бөлүнөт.
Кайтаруудагы участокторго түзөтүү мекемесинин тыюу салынган зонасынын чегиндеги аймагы кирет.
Кайтарылбаган участокторго түзөтүү мекемесине жанаша аймактар кирет, алардын чек арасы жана аларды колдонуу режими жер мыйзамы менен аныкталат.
208. Кайтаруудагы аймактын чегинде үч обочологон зона бөлүнөт: турак-жай - соттолгондор жашашы үчүн, өндүрүштүк - соттолгондор иштеши үчүн, административдик - түзөтүү мекемесинин кызматтары иштеши үчүн. Административдик зоналар кайтарылбаган аймакта да түзүлүшү мүмкүн.
Түзөтүү мекемелеринде режимдин ар башка түрлөрү менен обочолонгон участоктор түзүлүшү мүмкүн, аталган мекемелердин тизмеси ушул Эрежелердин 18-тиркемесине ылайык аныкталат.
209. Түзөтүү мекемесинин турак-жай зонасынын аймагы бир эле учурда 300дөн ашпаган соттолгондорду кармоо менен бири-биринен жергиликтүү, обочолонгон участокторго бөлүнөт.
210. Турак-жай зонасына: кармоо шартына жараша соттолгондордун өзүнчө жашоосун камсыз кылуучу жатаканалар; ашкана-тамактануучу жай; дүкөн; билим берүү мекемелери; клуб; китепкана; медициналык бөлүк; кийим-кечелерди дезинфекциялоо үчүн жабдылган мончо-кир жуучу комплекс; чач тарач; шейшептердин жана кийимдердин алмаштыруучу фондун сактоо үчүн кампа; телефон менен сүйлөшүүлөр үчүн жай (зарыл болгон учурда административдик зонага жайгаштырууга болот); кийим жана бут кийим оңдоочу жайлар, спорт залдар, аянтчалар (мүмкүнчүлүккө жараша); соттолгондорду текшерүү үчүн аянтчалар; мекеменин персоналынын кызмат бөлмөлөрү жайгаштырылат.
211. Түзөтүү мекемесинин аймагына обочолонгон карантиндик бөлүм, айып изоляторлорунун камераларын, камера тибиндеги жайларды камтыган имараттар, тарбиялоо колонияларында - убактылуу обочолоо жайлары, өзгөчө режимдеги мекемелерде - жалгыз кармоочу камералар, ал эми жатак-абактарда айып изоляторлору гана жабдылат.
212. Бири-биринен обочолонгон участоктордун аймагында беседкалар жана тамеки чегүү үчүн жайлар орнотулат, кошумча спорт аянтчалары жабдылат, алар соттолгондорду сапка тизүү жана текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн колдонулушу мүмкүн.
213. Обочолонгон участоктор бири-биринен жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын чечими менен белгиленген тартипте тосмо менен тосулат.
214.Турак-жай зонасы өндүрүштүк, ошондой эле айып изоляторунун жайларынан, камера тибиндеги жайлардан, башка курулуштардан карап туруучу коридорлор менен бөлүнөт.
215. Түзөтүү мекемесинин начальнигинин нөөмөтчү жардамчысын, контролерлордун кезметин жайгаштыруу үчүн жайлар ар бир мекеменин өзгөчөлүгүнө жараша, эреже катары, турак-жай жана өндүрүштүк зоналардын кошулган жеринде бириктирилип же өзүнчө жайгаштырылат. Ал соттолгондорду бир зонадан башкасына өткөрүүгө арналат, анда тинтүү жүргүзүү үчүн бөлмө жабдылат.
216. Түзөтүү мекемесинин аймагына персоналды же башка адамдарды, ошондой эле транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн контролдоп-өткөрүү пункту жабдылат.
217. Контролдоп-өткөрүү пунктунун имаратында кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү жолугушуулар үчүн бөлмөлөр, посылкаларды, передачаларды, бандеролдорду кабыл алуу жана берүү, түзөтүү мекемесинин аймагына кирген адамдарды жана алардын буюмдарын текшерүү үчүн өзүнчө жайлар жабдылат.
Жолугушууга келген соттолгонду тинтүү үчүн жайлар жолугушуу бөлмөсүнүн жанына же административдик зонанын аймагында жайгашат.
218. Административдик имараттар түзөтүү мекемесинин аймагынан тышкары жайгашат жана аларда атайын бөлүмдүн, байланыш кызматынын, кадрлар тобунун, канцеляриянын, бухгалтериянын иш бөлмөлөрү, атайын каражаттарды сактоо, тышкы кайтаруу кызматтары жана жарандарды кабыл алуу үчүн жайлар жайгаштырылат.
219. Түзөтүү мекемесинин кайтарылбаган аймактарына: административдик имараттар, резервдик тамак-аш булактары, азык-түлүк, кийим-кече мүлктөрүнүн, күйүүчү-майлоочу материалдардын, сырдоочу буюмдардын кампалары, жашылча сактоочу жай, гараждар, дарыкана, автоматтык телефондук станциясы, түзөтүү мекемесинин кызматкерлери үчүн башка жайлар жайгаштырылат.
220. Жалпы жана катуу режимдеги түзөтүү мекемелеринде кадимки жана жеңилдетилген шарттарда кармалган соттолгондор жатаканаларга жайгаштырылат жана Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 99-беренесинде белгиленген ченемдер боюнча турак-жай аянтчасы менен камсыз болушат.
221. Ар бир соттолгонго жеке уктоочу орун берилет, ага соттолгон жөнүндө маалыматтар (аты-жөнү, сүрөтү) менен табличкалар орнотулат.
222. Жатакананын имараттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-декабрындагы № 864 "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги соттолгон жана камакка алынган адамдарды материалдык-тиричилик жактан камсыз кылуунун минималдуу ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык шаймандар жана нерселер менен жабдылат. Уктоо бөлмөлөрүнөн сырткары жатаканалардын имараттарында ар бир отрядга эсептелген отряд начальниктеринин иш бөлмөлөрү, тарбия иштеринин бөлмөсү, психологиялык жүктөн бошонуу бөлмөсү, кийим чечүүчү жайлар, даараткана, жуунучу бөлмөлөр, тамак-ашты сактоо жана тамактануу бөлмөлөрү, жеке буюмдарды сактоо үчүн бөлмө, тиричилик бөлмөлөрү (бурчтары), кийим-кечени жана бут кийим кургатуучу жайлар жайгашат. Соттолгон аялдарды кармоочу мекемелерде жеке гигиена бөлмөлөрү болот. Соттолгондор үчүн жуунгучтар өзүнчө бөлмөлөргө коюлат.
Тамак-ашты сактоо жана тамактануу бөлмөлөрүнө: муздаткыч, стол, табуреткалар, электр чайнектери (электр суу кайнаткычтары) орнотулат.
Жатакана менен түзөтүү мекемесинин нөөмөт бөлүгүнүн ортосуна телефондук байланыш орнотулат.
223. Мекеменин карантиндик жайларына турак-жай бөлмөлөрү, тарбия иштери, тамактануу үчүн, жеке буюмдарды сактоо үчүн бөлмөлөр, кийим чечүүчү жайлар, дааратканалар жайгаштырылат.
30-глава. Өзгөчө режимдеги түзөтүү мекемелерин жана түрмөлөрдү жабдуу өзгөчөлүктөрү
224. Өзгөчө режимдеги түзөтүү колонияларынын турак-жай зоналары карап туруучу коридор менен эки бөлүккө бөлүнөт:
- соттолгондорду жаза өтөөнүн катуу шарттарында кармоо үчүн имараттар жайгашкан аймакка;
- соттолгондорду жаза өтөөнүн кадимки жана жеңилдетилген шарттарында жаза өтөөсү үчүн имараттар жайгашкан аймакка.
225. Ушул Эрежелердин 224-пунктунда көрсөтүлгөн объектилердин аймагына режимдин башка түрүндөгү колониялардагы сыяктуу эле кызматтык, коммуналдык-тиричиликтик жана медициналык тейлөө жана тарбиялоо мүнөзүндөгү объектилер жайгаштырылат, ошондой эле ушул Эрежелердин 15-тиркемесине ылайык сейилдөөчү аянтчалар орноштурулат.
226. Соттолгондорду жаза өтөөнүн катуу шарттарында кармоо үчүн имараттар жайгашкан аймакта карантиндик бөлүмдүн жайлары, айып изолятору жана жалгыз кармоочу камералар жайгаштырылат.
227. Өмүр бою эркиндигинен ажыратылган соттолгондор камераларга 4 кишиден көп эмес жайгаштырылат. Өзгөчө режимдеги мекемелердин камералары ушул Эрежелердин 140 жана 141-пункттарына ылайык жабдылат.
228. Өзгөчө режимдеги колонияларга чарбалык тейлөө боюнча жумуштарды аткаруу үчүн жөнөтүлгөн соттолгондор үчүн жатаканалар соттолгондордун негизги массасы кармалуучу турак-жайлардан обочолонуп түзүлөт.
229. Түрмөнүн аймагы үчкө бөлүнөт:
- режимдик аймак, анда соттолгондорду кармоо үчүн камералар, түзөтүү колониясынын начальнигинин нөөмөтчү жардамчысынын бөлмөсү, медициналык-санитардык бөлүк, карантиндик бөлүм; кийим-кечелерди жана буюмдарды дезинфекциялоо үчүн жабдылган мончо-кир жуучу комплекс, чач тарач, ашкана, шейшептердин жана кийимдердин алмаштырылуучу фондун сактоо үчүн кампа; телефон менен сүйлөшүүлөр үчүн жай, ушул Эрежелердин 15-тиркемесине ылайык жабдылган сейилдөө аянчалары орун алат;
- административдик аймак, анда персоналдын кызматтык иш бөлмөлөрү; персоналды жана башка адамдарды, ошондой эле транспорттук каражаттарды түрмөнүн аймагына өткөрүү үчүн контролдук-өткөрмө пункту; китепкана; кыска жана узак мөөнөттүү жолугушууларды өткөрүү үчүн бөлмөлөр; посылкаларды, передачаларды, бандеролдорду кабыл алуу жана берүү; түрмөнүн аймагына кирген адамдарды жана алардын буюмдарын текшерүү үчүн өзүнчө жайлар орун алат;
- чарбалык аймак, анда кампалар, гараждар жана башка көмөкчү жайлар орун алат.
230. Административдик аймак режимдик аймактан жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын чечими менен белгиленген тартипте тосулат.
231. Түрмөлөрдүн камералары ушул Эрежелердин 140, 141-пункттарына ылайык жабдылат. Соттолгондорду эмгекке тартуу үчүн жумушчу камералар жайгаштырылышы мүмкүн.
232. Түрмөгө чарбалык тейлөө боюнча иштерди аткарууга жөнөтүлгөн соттолгондор үчүн жатакана обочолонуп түзүлөт.
Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерине 1-тиркеме |
Форма
Өздүк ишиндеги документтердин болушун салыштыруу салыштырып текшерүү АКТЫСЫ
20__- жылдын "____" ________________ |
| ЖАМКнын № _______ мекемеси |
Биз, төмөндө кол койгондор ЖАМКнын № ________________________ мекемесинен
ЖАМКнын № ___________________________________ мекемесине келген соттолгон
__________________________________________________________________________
(аты-жөнү, туулган жылы, берене, мөөнөтү)
кабыл алууда _____________________________________________________________
(өздүк ишиндеги кемчиликтер көрсөтүлөт)
аныкталгандыгы тууралуу акт түздүк.
Комиссиянын мүчөлөрү: | (колдору) | Аты-жөнү |
|
| Аты-жөнү |
№ ___________________ түзөтүү мекеменин начальниги
____________________________ | __________________ | ____________________________ |
(наамы) | (колу) | (аты-жөнү) |
Эскертүү: акт 3 нускада түзүлөт, биринчи нускасы ЖАМКга, экинчи нускасы соттолгон келген мекемеге жиберилет, үчүнчү нускасы - соттолгондун өздүк ишине тигилет.
|
| Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерине 2-тиркеме |
Форма
Соттолгондорго өзү менен алып жүрүүгө, посылка, бандероль, передача менен алууга тыюу салынган буюмдардын, нерселердин, документтердин жана тамак-аштын ТИЗМЕГИ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-декабрындагы № 695, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 545 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жарандарды колдонуусунан алынган буюмдар, нерселер жана заттар.
2. Куралдын бардык түрлөрү.
3. Транспорт каражаттары.
4. Жардыруучу, ууландыруучу, өрт чыгууга кооптуу жана радиоактивдүү заттар.
5. Акча, чет өлкөлөрдүн валютасы, кол саат жана чөнтөк сааттан тышкары баалуу буюмдар.
6. Баалуу кагаздар.
7. Оптикалык приборлор.
8. Жылытып ичүүнү талап кылган тамак-аш азыктары (чай, кофе, кургак сүт, кайнатууну талап кылбаган тез бышуучу тамак-аш концентраттардан тышкары) ачыткы, кант, үйдө консерваланган тамак-аш.
9. Алкоголь ичимдиктеринин бардык түрлөрү, пиво.
10. Спирттин негизиндеги парфюмерди казыктар.
11. Баңги каражаттары, психотроптук заттар жана медициналык көрсөткүчтөрү жок дары-дармек заттары, медициналык каражаттар (маркаланган шприцтери жана ийнеден тышкары).
12. Компьютер техникасы, көбөйтүүчү аппараттар.
13. Бычак, коркунуч келтирген устара, коопсуз устаралар үчүн лезвия.
14. Конструкциясы боюнча куралга окшогон саюучу-кесүүчү буюмдар.
15. Балта, балка жана башка аспаптар.
16. Ойнолуучу карта.
16-1. Химикаттар.
17. Фотоаппарат, фотоматериалдар, кинокамералар, видео-аудио жаздыруучу техника, байланыш каражаттары.
18. Документтер (соттолгондун белгиленген үлгүдөгү жеке документинен, соттун аныктамасынын же өкүмүнүн көчүрмөлөрүнөн, сактоого өткөрүлгөн акча, буюм, баалуу буюмдарынын квитанцияларынан тышкары).
19. Топографиялык карта, компас, топография, күрөш, кызматтык иттерди багуу, курал-жарактардын түзүлүшү боюнча адабият.
20. Аскердик жана башка форма кийими, алардын жасалгалары.
21. Белгиленбеген үлгүдөгү кийим-кече, баш кийим жана бут кийим (тапочка, спорттук кийим жана спорттук бут кийимди кошкондо күңүрт, каралжын түстөгү жарандык кийимдерди кошпогондо).
22. Порнографиялык материалдар жана нерселер.
23. Электр тиричилик буюмдары (электр устарасынан, заводдо даярдалган электр кайнаткычтан, электр чайнектен тышкары).
24. Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинде жана ушул Эрежелерде белгиленбеген тартипте алынган буюмдар, тамак-аш.
25. Карартылган күндөн калкалоочу көз айнектер.
Эскертүү:
1. 5, 6, 10, 13, 17, 21, 23, 25-пункттарынан тышкары ушул Тизмек жатак-абактарда жаза өтөгөн соттолгондорго жайылтылат.
2. Башка мекемеге которууда соттолгондорго жеке буюмдарын белгиленген тартипте сатып алган тамак-аш жана буюмдарды гана алууга уруксат берилет.
3. Соттолгондор алып жүрүүчү буюмдардын санын, тамак-аш азыктарын жергиликтүү шартты жана мүмкүнчүлүктөрдү эске алып, түзөтүү мекемесинин начальниги аныктайт. Майып соттолгондорго тиешелүү реабилитациялоонун техникалык каражаттарынан тышкары соттолгондор алып жүрүүчү буюмдардын, тамак-аштын, жалпы салмагы 50 кг ашпашы керек.
4. Спорттук кийимди жана спорттук бут кийимди спорттук-массалык иш чаралар, ишембилик өткөрүлгөндө кийүүгө уруксат берилет.
|
| Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерине 3-тиркеме |
Үлгү
Төш белги
сүрөт аты-жөнү 3x4 см Отряд № ________________ |
Соттолгондор үчүн төш белгилердин үлгүлөрүнүн сүрөттөлүшү:
Төш белги ар кандай түстөгү (кызылдан башка) материалдан төрт бурчтук түрүндө 90x40 мм өлчөмүндө жасалат. Белгинин ачык жерине алюминий же типографиялык боёк менен соттолгондун фамилиясы, аты, атасынын аты жана отряддын (бөлүмдүн) номери жазылат, четтерине 5 мм болгон чийме түшүрүлөт. Төш белгиде соттолгондун 30x40 мм өлчөмүндөгү кара-ак же түстүү сүрөтү жайгаштырылат.
|
| Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерине 4-тиркеме |
Үлгү
Керебеттерди бирдей жыйноо
Сүрөт.
Керебеттерди бирдей жыйноонун сүрөттөлүшү
Керебетке чети менен тегизделген матрац төшөлөт. Андан кийин матрацтын үстү толук боюнча, конверт сыяктуу бүктөлгөн, четтери матрацтын алдына киргизилген шейшеп менен жабылат, мында шейшеп чоюлбашы керек, андан кийин керебеттин үстү каралжын түстөгү жууркан менен жабылат. Жаздык көптүрүлөт, андан кийин бир жак бурчу түйүлүп ичине киргизилет, үч бурчтук болуп керебеттин баш жагына коюлат. Керебеттин үстүңкү жөлөңгүчүнө сүлгү илинет, алдыңкы оң жак бөлүгүнө соттолгон жөнүндө маалымат жазылган тактача керебетке орнотулат.
|
| Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерине 5-тиркеме |
Соттолгондор үчүн болжолдуу күн тартиби
Тургузуу - таңкы саат 6.30дан кечиктербей (дем алыш, эс алуу жана майрам күндөрү 1 саатка кеч).
Физзарядка (узактыгы) - 15 мүнөткө чейин.
Даараткана, төшөк жыюу - 20 мүнөткө чейин.
Эртең мененки жана кечки текшерүү - 40 мүнөткө чейин.
Эртең мененки тамактануу - 30 мүнөткө чейин.
Жумушка чыгаруу - 40 мүнөткө чейин.
Жумуш убагы - Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык.
Түшкү тамактануу - 60 мүнөткө чейин.
Жумуштан келүү, кечки даараткана - 30 мүнөткө чейин.
Кечки тамактануу - 30 мүнөткө чейин.
Жеке убакыт - 2 саатка чейин.
Тарбиялоо боюнча иш-чаралар - 1 саатка чейин.
Билим берүү мекемелеринде окуу, тарбия иштери, спорттук жана маданий-массалык иш-чаралар, китепкананын, клубдун, жолугушуу бөлмөлөрүнүн, дүкөндүн, медициналык бөлүктүн, коммуналдык-тиричилик жайларынын, мончонун иштеши, телефон менен сүйлөшүүлөр - өзүнчө график боюнча.
Уйкуга даярдануу - 15 мүнөткө чейин.
Уктоо (үзгүлтүксүз) - 8 саат.
Жаткыруу - саат 22.30 дан кеч эмес (дем алыш, эс алуу жана майрам күндөрү 1 саатка кеч).
|
| Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерине 6-тиркеме |
Форма
Соттолгондорду жеке кайрылуулары боюнча кабыл алуу ЖУРНАЛЫ
Башталды: ____________________________________
Аяктады: ______________________________________
№ | Арыз берген же кабыл алган күнү | Кабыл алган кызмат адамынын кызматы, фамилиясы | Кабыл алууга келген соттолгон же арыз берген адамдын Ф.А.А., отряды | Коюлган маселенин мазмуну | Кабыл алынган чечим | Аткарылганы тууралуу белги |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү:
журналдын ар бир барагы номерленип, тигилип, мөөр басылып, түзөтүү мекемесинин кеңсе кызматкеринин колу менен күбөлөндүрүлөт.
|
| Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерине 7-тиркеме |
Форма
Өздүк эсебинде _____________ сом бар. |
| Квит. № _____________________________________ |
анын ичинде түзөтүү мекемесинде иштеп |
|
|
тапканы _______________________ сом |
| Соттолгон ___________________________________ |
|
| _____________________________________________ |
|
| (аты-жөнү) |
|
|
|
Бухгалтер ___________________________ |
|
|
20___-жылдын "___" __________________ |
|
|
АРЫЗ
Мага төмөнкү товарларды сатып алууга уруксат берүүңүздү өтүнөм:
№ | Товардын аталышы | Саны | Берилди | |
саны | суммасы (сом) | |||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
Бардыгы: __________________________________
(соттолгондун колу)
ТИЛ КАТ
__________________________________________________ суммада товар алдым.
(сөз менен)
Бул сумманы менин өздүк эсебимден алып салууңузду өтүнөм
_________________________________________________________________________
(соттолгондун колу)
20___-жылдын "___" __________________
|
| Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерине 8-тиркеме |
Форма
Камераларды техникалык кароо актыларын каттоо ЖУРНАЛЫ
№ | Камеранын № | Кароо жүргүзүлгөн күн | Табылган кемчиликтер | Кароо жүргүзгөн кызматкердин наамы, аты-жөнү | Көрүлгөн чаралар | Акт тигилген көктөмөнүн бети |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
|
| Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерине 9-тиркеме |
Форма
________________________________________________________________________ (түзөтүү мекемесинин аталышы)
№ _______________________ ӨТКӨРМӨ
3x4 см.
сүрөт орду
Аты-жөнү ________________________________________________________________________________
Иштеген жери, кызматы ____________________________________________________________________
Жүрүү маршруту __________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________
Жүрүү убактысы "____" сааттан "_____" саатка чейин
20___-жылдын "___" _______________ чейин берилди
№ __________________________ түзөтүү мекемесинин начальниги
________________________ | __________________ | ___________________________ |
(наамы) | (колу) | (аты-жөнү) |
20___-жылдын "___" _______________ чейин жарактуу _____________________________
(колу)
20___-жылдын "___" _______________ чейин узартылды ___________________________
(колу)
М.О.
Өткөрмөнү колдонуу эрежелери
1. Өткөрмө белгиленген маршруттун чегинде гана жарактуу.
2. Өткөрмөнү башка адамга бергенде, маршрутту бузганда жана КӨПко келбей калганда же өткөрмөдө көрсөтүлгөн убакыттан кечигип келгенде күнөөлүү адам жоопкерчиликке тартылат.
Өткөрмөнү колдонуу эрежелери мага айтылды.
20___-жылдын "___" _______________ ___________________________
(соттолгондун колу)
Эскертүү:
1. Өткөрмө ачык түрдө 16x11 см өлчөмдө картондон жасалат.
2. Иштеген жери же жүрүү маршруту өзгөрсө, өткөрмө алмаштырылышы керек.
|
| Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерине 10-тиркеме |
Форма
ТИЛ КАТ
Мага түзөтүү мекемесинин чегинен тышкары конвойсуз жана коштоосуз жүрүү укугуна ээ болгон соттолгондордун, ошондой эле камактан жана түзөтүү мекемесинин администрациясынын көзөмөлүнөн бошотулган адамдардын жүрүү эрежелери жарыяланды.
____________________________________________________________
(соттолгондун аты-жөнү)
Мага аталган эрежелерди бузганым үчүн жоопкерчиликке тартылаарым эскертилди.
20___-жылдын "___" _______________ ___________________________
(соттолгондун колу)
|
| Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерине 11-тиркеме |
Форма
Соттолгонго конвойсуз же коштоосуз жүрүү укугун берүү жөнүндө, камактан жана түзөтүү мекемесинин администрациясынын көзөмөлүнөн бошотуу жөнүндө ТОКТОМ
__________________________________________________________________________
(аты-жөнү, туулган жылы)
Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин _________________________ беренеси
боюнча ______________________________ жылга эркиндигинен ажыратууга соттолгон,
(жаза мөөнөтү)
анын ичинен __________________________________ өтөп бүттү, жаза өтөө мөөнөтүндө
(жаза мөөнөтү)
__________________________________________________________________________
(соттолгон адамдын кыскача мүнөздөмөсү)
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин __________________ беренесин
жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
Соттолгон ________________________________________________________ конвойсуз
(аты-жөнү)
же коштоосуз жүрүүгө уруксат берилсин, камактан бошотулуп, түзөтүү мекемесинин
администрациясынын көзөмөлүнө берилсин (тиешелүүсүнүн асты чийилет).
№ ________________________ түзөтүү мекемесинин начальниги
__________________________ | __________________ | _________________________ |
(наамы) | (колу) | (аты-жөнү) |
20___-жылдын "___" _______________.
|
| Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерине 12-тиркеме |
Форма
Соттолгонду конвойсуз же коштоосуз жүрүүгө, түзөтүү мекемесинен тышкары администрациянын көзөмөлүндө жашоого берилген укуктан ажыратуу жөнүндө ТОКТОМ
Соттолгон _____________________________________________________________________
(аты-жөнү, туулган жылы)
20___-жылдын "___" ____________ ________________________________________________
(конвойсуз же коштоосуз жүрүүгө,
______________________________________________________________________________
түзөтүү мекемесинен тышкары администрациянын көзөмөлүндө
______________________________________________________________________________
жашоого берилген укуктан ажыратууга негиз болгон жана
______________________________________________________________________________
жүрүм-турум эрежелерин бузган себептер баяндалат)
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин ______- беренесин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
Соттолгон ______________________________________________________________________
конвойсуз же коштоосуз жүрүүгө, түзөтүү мекемесинен тышкары администрациянын
көзөмөлүндө жашоого берилген (тиешелүүсүнүн асты чийилет) укуктан
20___-жылдын "___" _______________ тартып ажыратылсын.
№ ________________________ түзөтүү мекемесинин начальниги
__________________________ | __________________ | _________________________ |
(наамы) | (колу) | (аты-жөнү) |
20___-жылдын "___" _______________
|
| Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерине 13-тиркеме |
Форма
№ ______________ КҮБӨЛҮК
Соттолгон ___________________________________________________________________
(аты-жөнү, туулган жылы)
_____________________________________________________________________________
(чыгууга негиз)
байланыштуу узак, кыска мөөнөткө (керектүүсүнүн алды сызылат) түзөтүү мекемесинен
(тергөө изоляторунан) __________________________________________________________
_____________________________________________________________________________
(бара турган жагы)
жакка __________________ суткага чыгууга, анын ичинде _____________ сутка жолго кетет,
уруксат берилди.
20___-жылдын "___" _______________ ал жаза өтөп жаткан
____________________________________________________________ түзөтүү мекемесине
(аталышы)
________________________________________________________________ дареги боюнча
келүүгө милдеттүү.
Телефон: ____________________________________________________________________
Сүрөттүн орду | № ________________________ түзөтүү мекемесинин начальниги |
| |
| __________________________ | __________________ | _________________________ |
| (наамы) | (колу) | (аты-жөнү) |
(Түзөтүү мекемесинин гербдүү мөөрү) |
|
|
|
|
|
|
|
Ички иштер органынын начальнигинин белгиси
__________________________ | __________________ | _________________________ |
(органдын аталышы) | (наамы) | (аты-жөнү) |
Келди ________________________________________________________________________
(күнү, колу, гербдүү мөөрү)
Кетти _________________________________________________________________________
(күнү, колу, гербдүү мөөрү)
№ ___________ КҮБӨЛҮКТҮН ДҮМҮРЧӨГҮ
№ __________________ түзөтүү мекемесинин начальнигинин 20___-жылдын "___" _______________
буйругунун негизинде, соттолгон _________________________________________________________
(аты-жөнү)
_____________________________________________________________________________________
(туулган жылы, КР КК_________б. мөөнөтү)
_____________________________________________________________________________________
(мөөнөттүн башталышы жана бүтүшү)
узак, кыска мөөнөткө (керектүүсүнүн алды сызылат) түзөтүү мекемесинен ________________________
______________________________________________________________________________________
(эмненин негизинде экени жазылат)
байланыштуу __________________________________________________________________________
(бара турган жак)
жакка ________________ суткага чыгууга, анын ичинде _____________ сутка жолуна, уруксат берилди.
Күбөлүк 20___-жылдын "___" _______________ берилди _______________________________________
(соттолгондун колу)
Кетти 20___-жылдын "___" _______________
Келди 20___-жылдын "___" _______________
№ _____________ түзөтүү мекемесинин атайын бөлүгүнүн начальниги
__________________________ | __________________ | _________________________ |
(наамы) | (колу) | (аты-жөнү) |
|
| Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерине 14-тиркеме |
Форма
ТИЛ КАТ
Мен, соттолгон _________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
бул тил катты жазуумдун себеби, мага түзөтүү мекемесинен (тергөө изоляторунан) кыска (узак)
мөөнөткө тышкары жүрүү тартибин түшүндүрүштү.
Мага эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөөдөн баш тартканым үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертилди.
20___-жылдын "___" _______________ _________________________________
(соттолгондун колу)
Тил катты алдым
__________________________ | __________________ | _________________________ |
(кызматы, наамы) | (колу) | (аты-жөнү) |
20___-жылдын "___" _______________
|
| Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерине 15-тиркеме |
Форма
Түзөтүү мекемелеринде сейилдөөчү аянттардын сүрөттөлүшү
Түзөтүү мекемелериндеги сейилдөө аянтын (мындан ары - сейилдөө аянты) режимдик корпустун үстүңкү кабатында жайгаштыруу зарыл, эгер техникалык себептер боюнча мындай мүмкүнчүлүк жок болсо, сейилдөө аянттары түзөтүү мекемесинин режимдик аймагынын чегинде режимдик корпустан тышкары жайгаштырылат.
Сейилдөөгө чыгарыла турган ар бир соттолгонго сейилдөө аянтынын 2,5-3 чарчы метри туура келет. Сейилдөө аянтынын эң кичи өлчөмү - 12 чарчы метр.
Сейилдөө аянтынын үстүнө 17x17 см ашпаган бөлүктөрү бар темир торчолор ширетилип бекитилген темир алкак орнотулат. Темир тордун үстүнө "Рабица" тибиндеги 5x5 см ашпаган уячалар бекитилет.
Сейилдөө аянтынын ички дубалы эритме менен шыбалат. Эшиктери камераныкы сыяктуу жабдылат, бирок форточка болбойт. Ар бир сейилдөө аянтында дубалды бойлото полго кагылган отургуч, урна орнотулат. Аянттын үстүндө жана контролер туруучу секичеде жеңил бастырма орнотулат. Бастырманын бийиктиги колдонуудагы санитардык ченемдерге ылайык бир жагынан жаан-чачындан коргоп, экинчи жагынан - таза абанын, жарыктын кирип турушун камсыз кылышы керек.
Сейилдөө аянтынан суунун агымы камсыз болушу зарыл. Оорулуу адамдар, балалуу жана кош бойлуу аялдар үчүн чөп сээп же гүл отургузууга уруксат берилет. Балдар үчүн кум аянтчасы орнотулат.
Сейилдөө аянтчаларында кошумча спорттук тренажерлор (турник, дубалдагы брус, шакекчеси менен баскетболдук тактай, стол үстүндөгү теннис) орнотулушу мүмкүн.
Сейилдөө аянтынын үстүнө сейилдөөдө жүргөн соттолгондордун баары көрүнүп, көзөмөлдө болуп туруш үчүн контролердун секичеси орнотулат. Контролердун постунда күзөтүү-айгайлоо сигнализациясынын кабарлоочусу, түзөтүү мекемесинин начальнигинин нөөмөтчү жардамчысы менен байланыша турган телефон аппараты же розеткалары орнотулат.
|
| Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерине 16-тиркеме |
Форма
Соттолгонду сыйлоо жөнүндө ТОКТОМ
Соттолгон ____________________________________________________________________
(аты-жөнү, туулган жылы)
_____________________________________________________________________________
(сыйлоого негиз болгон себептер)
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин ____ беренесин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
Соттолгон ____________________________________________________________________
(аты-жөнү)
____________________________________________________________________ сыйланды.
(сыйлоонун түрү)
№ ________________________ түзөтүү мекемесинин начальниги
__________________________ | __________________ | _________________________ |
(наамы) | (колу) | (аты-жөнү) |
20___-жылдын "___" _______________
Токтом мага жарыяланды:
______________________________________________________________________________
(аты-жөнү, соттолгондун колу, күнү)
|
| Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерине 17-тиркеме |
Форма
Соттолгонго тартип жазасын берүү жөнүндө ТОКТОМ
Соттолгон ____________________________________________________________________
(аты-жөнү, туулган жылы)
жаза өтөө режиминин талаптарын ________________________________________________
_______________________________________________________________ бузгандыгы үчүн
(жазалоого негиз болгон себептер баяндалат)
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин _____ беренесин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
Соттолгон ____________________________________________________________________
(аты-жөнү)
жаза өтөө режиминин талаптарын бузгандыгы үчүн __________________________________
(жазалоонун түрү)
режимди одоно бузуучу деп таанылсын ____________________________________________
(ооба, жок)
№ ________________________ түзөтүү мекемесинин начальниги
__________________________ | __________________ | _________________________ |
(наамы) | (колу) | (аты-жөнү) |
20___-жылдын "___" _______________
Токтом мага жарыяланды:
______________________________________________________________________________
(аты-жөнү, соттолгондун колу, күнү)
Токтомду жарыялады:
__________________________ | __________________ | _________________________ |
(кызматы, наамы) | (колу) | (аты-жөнү) |
Эскертүү: соттолгонду айып изоляторуна, жалгыз кармоо камерасына (24 сааттан ашык эмес) убактылуу киргизүү түзөтүү мекемесинин начальнигинин нөөмөт жардамчысы тарабынан аталган токтом боюнча, соттолгонго жарыялабастан жүргүзүлөт.
|
| Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерине 18-тиркеме |
Форма
Жазык-аткаруу тутумунун ар түрдүү режимдеги обочолонгон участоктору түзүлүшү мүмкүн болгон түзөтүү жана тарбиялоо мекемелеринин ТИЗМЕГИ
№ | Түзөтүү мекемелери | Жайгашкан жери |
1 | № 1 | Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Молдовановка айылы |
2 | № 2 | Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Степное айылы |
3 | № 3 | Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ново-Покровка айылы |
4 | № 8 | Чүй облусунун Москва районундагы Петровка айылы |
5 | № 10 | Жалал-Абад шаары |
6 | № 16 | Чүй облусунун Москва районундагы Беловодское айылы |
7 | № 19 | Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылы |
8 | № 27 | Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Молдовановка айылы |
9 | № 14 | Чүй облусунун Панфилов районундагы Вознесеновка айылы |