Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 436 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2-тиркеме | ||
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 17 токтомуна) |
Бюджеттик программалардын натыйжалуулугун баалоонун ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнүн (мындан ары - башкы тескөөчү) бюджеттик программаларынын натыйжалуулугун баалоо процессин регламенттештирет жана бюджеттик каражаттардын натыйжалуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү жана талдоо боюнча иш-чараларды карайт.
2. Башкы тескөөчүлөрдүн бюджеттик программаларынын натыйжалуулугун ички (ведомстволук) баалоо ички аудит кызматтары (алар болсо) тарабынан жыл ичинде жүргүзүлөт. Ички аудит кызматы болбогон учурда бюджеттик программалардын натыйжалуулугун ички (ведомстволук) баалоо башкы тескөөчүлөрдүн ички аудит жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүргүзүлөт.
3. Бюджеттик программалардын натыйжалуулугун тышкы баалоо (мындан ары - программаларды баалоо) отчеттук мезгилден кийинки жылдын 15-мартына чейинки мөөнөттө бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан аныкталуучу башкы тескөөчүлөрдүн тизмесине ылайык, бюджетти алдын ала аткаруунун жыйынтыгы боюнча ишке ашырылат.
4. Программалар баалануучу ар бир башкы тескөөчү үчүн программаларды баалоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан бааланат.
5. Программаларды баалоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ маалыматтын көлөмүн жана түзүмүн аныктайт, анын базасында башкы тескөөчүнүн ишинин өзгөчөлүгүнө, маалыматты алуу булагына, алынган маалыматты иштеп чыгуу жана талдоо технологиясына карата бюджеттик программалардын натыйжалуулугу бааланат.
2-глава. Уюштуруу маселелери
6. Башкы тескөөчүлөрдүн ички аудит кызматы (алар болсо) жыл ичинде башкы тескөөчүлөрдүн программасын ушул Тартипке ылайык баалайт.
Баалануучу башкы тескөөчү отчеттук мезгилден кийинки жылдын 15-мартына чейинки мөөнөттө жылдын жыйынтыгы боюнча программаны баалоонун натыйжалары жөнүндө ички аудит кызматынын корутундусун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.
7. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн чечими менен 15-мартка чейинки мөөнөттө баалануучу башкы тескөөчүлөр үчүн программаларды баалоо боюнча кызыкдар башкы тескөөчүлөрдүн өкүлдөрүнөн (6 адам), мамлекеттик органдардын коомдук кеңешинен (3 адам), ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан (4 адам) турган ведомстволор аралык жумушчу топту түзөт.
8. Программаларды баалоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топко макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын (1 адам), илимий/эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү (3 адамга чейин) кирет. Программаларды баалоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топту ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары жетектейт.
9. Программаларды баалоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ өз ишинде Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын баалануучу башкы тескөөчүлөрүнүн иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ушул Тартипти жетекчиликке алат.
10. Программаларды баалоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ зарылдыкка жараша тийиштүү башкы тескөөчүлөрдүн финансылык эмес ишин талдоого жооптуу подгруппаны түзөт.
11. Программаларды баалоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун чечими программаларды баалоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен программаларды баалоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрүнүн үчтөн экиден кем эмес мүчөсү анын жыйынына катышкан шартта кабыл алынат. Эгерде добуштар тең болуп калса, программаларды баалоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы берген добуш чечүүчү болот.
12. Программалар отчеттук маалыматтардын (башкы тескөөчүнүн программаларынын жана чараларынын натыйжалуулугунун индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчеттор, башкы тескөөчүнүн бюджеттик программаларын аткаруу боюнча иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жана бюджеттик программаларды/чараларды ишке ашыруунун жетишилген натыйжалары жөнүндө отчеттор), ошондой эле ички аудит кызматынын, баалануучу башкы тескөөчүнүн программаларды баалоонун натыйжалары жөнүндө корутундуларынын негизинде бааланат.
13. Программаларды баалоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ мамлекеттик органдарга жана эл аралык уюмдарга зарыл болгон маалыматты берүү жөнүндө суроо-талап жөнөтөт, анын базасында программаны баалоо ишке ашырылат.
14. Программаларды баалоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ баалануучу башкы тескөөчүлөрдүн отчеттук маалыматында камтылган маалыматтарды текшерет. Текшерүү ушул Тартиптин 12, 13-пункттарында аталган башкы тескөөчү берген маалыматтын аныктыгын жана тактыгын аныктоо үчүн жүргүзүлөт.
15. Маалыматты текшерүү ырастоочу документтерди жыйноо жана талдоо (ведомстволук отчеттор, аткарылган иштердин жана көрсөтүлгөн кызматтардын отчеттору, актысы, протоколдор, каттар), маалыматтык системалардагы маалыматтарды (эгерде алар болсо) текшерүү аркылуу ишке ашырылат.
16. Отчеттук маалыматтар отуз календардык күндүн ичинде текшерилет. Отчеттук маалыматтарда жалган маалымат берген фактылар аныкталып, программаларды баалоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйындарында талкууланат.
17. Программаларды баалоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ программаны баалоону 1-июлга чейинки мөөнөттө аяктайт.
3-глава. Программаларды баалоо үчүн берилүүчү отчеттук маалыматтын толуктугуна, тууралыгына жана өз убагында берилишине жоопкерчилик
18. Программаларды баалоо максатында баалануучу башкы тескөөчү өз убагында толук жана туура отчеттук маалымат берет (бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулук индикаторуна жетишүү жөнүндө отчет, башкы тескөөчүнүн бюджеттик программаларын аткаруу боюнча иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жана бюджеттик программаларды/чараларды ишке ашыруунун жетишилген натыйжалары жөнүндө отчеттор).
19. Баалануучу башкы тескөөчү суроо-талап алган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде, ушул Тартиптин 13-пунктуна ылайык суралган маалыматты берет.
20. Отчеттук маалыматты өз убагында бербесе, (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитилген бюджеттик программалардын натыйжалуулук индикаторуна жетишүү жөнүндө отчетторду берүүнүн тартибинде белгиленген мөөнөткө шайкеш келбөө), ошондой эле толук эмес жана туура эмес отчеттук маалыматты берсе, баалануучу башкы тескөөчүнүн жыйынтык баасынан айыптык упайлар кемитилет.
21. Баалануучу башкы тескөөчүнүн отчеттук маалыматты өз убагында бербегендиги үчүн айып катары беш упай кемитилет.
Баалануучу башкы тескөөчү отчеттук маалыматты бербеген учурда, бюджетти программалык негизде ишке ашыруу натыйжалуу эмес деп таанылат жана "0 упай" деген жыйынтык баа коюлат.
22. Бюджеттик программалардын натыйжалуулук индикаторуна жетишүү жөнүндө отчет берүүнүн тартибинде белгиленген отчеттун түзүмдүк элементтери (тиркемелер, бөлүктөр) жок болсо, отчеттук маалымат толук эмес деп таанылат.
Баалануучу башкы тескөөчүнүн отчеттук маалыматты толук бербегендиги үчүн, ошондой эле программаларды баалоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ туура эмес отчеттук маалымат берилгендигин аныктаганда 6,5 айыптык упай кемитилет.
4-глава. Бюджеттик программалардын натыйжалуулугун баалоо
23. Программаларды баалоо төмөнкү принциптерге негизделет:
- бюджеттик программаларды ишке ашыруу максатында аларды өз убагында каржылоону билдирүүчү каржылоонун жетиштүүлүгүнө;
- сарпталган финансылык ресурстар менен жетишилген жыйынтыктын ортосундагы кыйла жакшы катышты билдирген натыйжалуулугуна;
- мурда пландалган жыйынтыктарга жетишүүнү билдирген натыйжалуулугуна;
- айрым бюджеттик программалардын акыркы жыйынтыкка жетишүүсүн билдирген убактылуу фактордун эсебине.
24. Программалар төмөнкү критерийлер жана көрсөткүчтөр боюнча бааланат:
- натыйжалуулук индикаторунун максаттуу маанисине жетишүү;
- бюджеттик программаны каржылоонун пайызы;
- бюджеттик программаны/чараны аткаруунун натыйжалуулугу;
- бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулук индикаторунун максаттуу маанисинин динамикасынын даражасы;
- бюджеттик программаларды пландоонун сапаты.
25. Натыйжалуулук индикаторунун пландалган максаттуу маанисине жетишүү даражасын аныктоочу "натыйжалуулук индикаторунун максаттуу маанисине жетишүү" критерийи төмөнкүдөй эсептелет:
- эгерде натыйжалуулук индикаторун өнүктүрүүнүн жагымдуу тенденциясы болуп маанилерди жогорулатуу эсептелсе, анда критерий төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
- эгерде натыйжалуулук индикаторун өнүктүрүүнүн жагымдуу тенденциясы болуп маанилерди төмөндөтүү эсептелсе, анда критерий төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
мында:
ДИ - ар бир натыйжалуулук индикаторунун максаттуу маанисине жетишүү;
ЗИф - отчеттук жылдын аягына карата натыйжалуулук индикатору боюнча иш жүзүндө жетишилген максаттуу маанилер;
ЗИп - отчеттук жылдагы натыйжалуулук индикатору боюнча пландык максаттуу маанилер.
"Натыйжалуулук индикаторунун максаттуу маанисине жетишүү" критерийи ар бир бюджеттик программа жана ар бир бюджеттик чара боюнча эсептелет.
Эгерде бюджеттик чара боюнча бирден көп натыйжалуулук индикатору аныкталган болсо, анда "натыйжалуулук индикаторунун максаттуу маанисине жетишүү" критерийи төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
СДИ - "натыйжалуулук индикаторунун максаттуу маанисине жетишүү" критерийинин орточо мааниси;
∑ДИ - "натыйжалуулук индикаторунун максаттуу маанисине жетишүү" критерийи боюнча маанилердин суммасы;
n - натыйжалуулук индикаторлорунун саны.
Ар бир бюджеттик программа боюнча "натыйжалуулук индикаторунун максаттуу маанисине жетишүү" критерийинин орточо маанисин эсептөөдө ар бир бюджеттик программага кирүүчү бюджеттик чаралардын натыйжалуулук индикатору эсептелет.
Ар бир бюджеттик чара боюнча "натыйжалуулук индикаторунун максаттуу маанисине жетишүү" критерийинин орточо маанисин эсептөөдө ар бир бюджеттик чаранын натыйжалуулук индикатору эсептелет.
Бардык бюджеттик программалар боюнча "натыйжалуулук индикаторунун максаттуу маанисине жетишүү" критерийинин орточо маанисин эсептөөдө бюджеттик программаларга кирүүчү бардык бюджеттик чаралардын натыйжалуулук индикатору эсептелет.
Башкы тескөөчүнүн бардык бюджеттик программалары боюнча "натыйжалуулук индикаторунун максаттуу маанисине жетишүү" критерийинин орточо упайы башкы тескөөчүнүн ар бир бюджеттик программасынын "натыйжалуулук индикаторунун максаттуу маанисине жетишүү" критерийи боюнча орточо упай түрүндө аныкталат.
Эгерде натыйжалуулук индикаторунун максаттуу маанилери боюнча иш жүзүндөгү маанилердин пландалгандан 5%дан ашык аткарылганы белгиленсе, анда пландалган максаттуу мааниден ашык аткаруунун ар бир фактысы үчүн "натыйжалуулук индикаторунун максаттуу маанисине жетишүү" критерийи боюнча жалпы упайдан 0,2 айыптык упай кемитилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулук индикаторлорун аныктоонун тартиби жөнүндө нускаманын 1-тиркемесине ылайык программалык негизде бюджеттерди түзүү үчүн туруктуу өнүктүрүү индикаторлорун жана эл аралык рейтингдердин индикаторлорунун көрсөткүчтөрүн ашык аткаруу боюнча айыптык упайлар эсепке алынбайт.
Эгерде натыйжалуулук индикатору боюнча пландагы максаттуу маанилер болбосо, анда "ар бир натыйжалуулук индикаторунун максаттуу маанисине жетишүү" критерийи төмөнкүдөй эсептелет:
мында:
ДИ - ар бир натыйжалуулук индикаторунун максаттуу маанисине жетишүү;
ЗИф отчет - отчеттук жылдын аягына карата натыйжалуулук индикатору боюнча иш жүзүндө жетишилген максаттуу маанилер;
ЗИф мурунку - отчеттук жылдан мурунку жыл үчүн натыйжалуулук индикатору боюнча иш жүзүндө жетишилген максаттуу маанилер.
Программаларды баалоодо ведомстволор аралык жумушчу топ бул критерийдин маанилерин эсептөөдө ыйгарылган салмакка негизденип айрым натыйжалуулук индикаторлорун алып салат.
26. Бюджеттик чараны каржылоо пайызы төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
% ФМ - бюджеттик чараны каржылоо пайызы;
ФМф - отчеттук жылда бюджеттик чара боюнча иш жүзүндөгү аткаруу;
ФМп - отчеттук жылда бюджеттик чараны каржылоо боюнча пландагы маани.
Бюджеттик программаны каржылоо пайызы төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
% ФП - бюджеттик программаны каржылоо пайызы;
∑ФМф - бюджеттик программага кирүүчү бюджеттик чараларды иш жүзүндө аткаруу суммасы;
∑ФМп - отчеттук жылда бюджеттик программага кирүүчү бюджеттик чараларды каржылоо боюнча пландагы маанилердин суммасы.
27. Жетишилген жыйынтыктар менен бюджеттик каражаттардын пайдаланылган көлөмүнүн ортосундагы өз ара байланышты белгилөө аркылуу бюджеттик программанын/чаранын натыйжалуулугунун жана майнаптуулугунун деңгээлин аныктоочу "бюджеттик программаны/чараны аткаруунун натыйжалуулугу" критерийи боюнча маанилер төмөнкүдөй түрдө эсептелет:
Эгерде бюджеттик чара боюнча натыйжалуулуктун бир индикатору аныкталган болсо, анда маанилер төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
ЭИ - бюджеттик программаны/чараны аткаруунун натыйжалуулугу;
ДИ - "натыйжалуулук индикаторунун максаттуу маанилерине жетишүү" критерийи боюнча мааниси;
% ФМ - бюджеттик чараны каржылоо пайызы.
Эгерде бюджеттик чара боюнча натыйжалуулуктун бирден ашык индикатору аныкталган болсо, анда маанилер төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
ЭИ - бюджеттик программаны/чараны аткаруунун натыйжалуулугу;
СДИ - "натыйжалуулук индикаторунун максаттуу маанилерине жетишүү" критерийи боюнча орточо мааниси;
% ФМ - бюджеттик чараны каржылоо пайызы.
Бюджеттик программа үчүн бул критерий боюнча маанилер төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
мында:
ЭИ - бюджеттик программаны аткаруунун натыйжалуулугу;
СДИ - "натыйжалуулук индикаторунун максаттуу маанилерине жетүү" критерийи боюнча орточо мааниси;
% ФП - бюджеттик программаны каржылоо пайызы.
Бюджеттик чараны аткаруунун натыйжалуулугу төмөнкүдөй учурларда "0 упайга" барабар болот, эгерде:
- бюджеттик чаранын натыйжалуулук индикаторунун максаттуу маанилерине жетүүсү 90,0%дан аз болсо;
- бюджеттик чара үчүн аныкталган натыйжалуулук индикаторунун максаттуу маанилерине жетишүүнүн орточо мааниси 90,0%дан аз болсо.
Башкы тескөөчү боюнча бардык бюджеттик программалардын упайларын кошуу жана алынган сумманы бюджеттик программалардын жалпы санына бөлүү аркылуу бюджеттик программаларды аткаруунун натыйжалуулугунун орточо упайы аныкталат.
28. Бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулук индикаторунун максаттуу маанисинин динамикасынын даражасы төмөнкү формула боюнча эсептелет:
- эгерде натыйжалуулук индикаторун өнүктүрүүнүн жагымдуу тенденциясы болуп маанилерди жогорулатуу эсептелсе, анда төмөнкү формула боюнча эсептелет:
- эгерде натыйжалуулук индикаторун өнүктүрүүнүн жагымдуу тенденциясы болуп маанилерди төмөндөтүү эсептелсе, анда төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
СДДИ - бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулук индикаторлорунун максаттуу маанилеринин динамикасынын даражасы;
ЗИф - отчеттук жылдын аягына карата натыйжалуулук индикатору боюнча иш жүзүндө жетишилген максаттуу маани;
ЗИф мурунку - отчеттук жылдан мурунку жыл үчүн натыйжалуулук индикатору боюнча иш жүзүндө жетишилген максаттуу маани.
"Бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулук индикаторунун максаттуу маанилеринин динамикасынын даражасы" критерийи ар бир бюджеттик программа жана ар бир бюджеттик чара боюнча эсептелет.
Бюджеттик программа үчүн "бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулук индикаторунун максаттуу маанилеринин динамикасынын даражасы" критерийи боюнча орточо маани бул критерий боюнча маанилерди кошуу жана алынган сумманы бюджеттик программага кирген бюджеттик чаралардын жалпы санына бөлүү аркылуу эсептелет.
Бюджеттик чара үчүн бул критерий боюнча орточо мааниси бул критерий боюнча маанилерди кошуу жана алынган сумманы бюджеттик чарага кирген бюджеттик натыйжалуулук индикаторлорунун жалпы санына бөлүү аркылуу эсептелет.
Бардык бюджеттик программалар боюнча бул критерийдин орточо маанисин эсептөөдө бюджеттик программага кирүүчү бардык бюджеттик чаралардын бардык натыйжалуулук индикаторлору эсепке алынат.
Башкы тескөөчү боюнча бул критерийдин орточо мааниси бул критерий боюнча бюджеттик программалардын жана чаралардын маанисин кошуу жана алынган сумманы бюджеттик программалардын жана чаралардын жалпы санына бөлүү аркылуу эсептелет.
Эгерде натыйжалуулук индикатору кайрадан аныкталган болсо жана бул индикатор боюнча иш жүзүндөгү маанилер болбосо, анда бул индикатор боюнча критерийлердин маанилери эсептелбейт.
29. "Бюджеттик программаларды пландоонун сапаты" критерийи төмөнкүлөрдү колдонуу менен эсептелет;
1) бюджеттик программалардын улуттук стратегиялык/программалык документтин жана сектордук стратегиялык жана программалык документтердин артыкчылыктарына шайкеш келүүсү (шайкеш келбейт - 0 упай, сектордук стратегиялык жана программалык документтерге шайкеш келет, мында улуттук стратегиялык/программалык документке шайкеш келбейт - 5 упай; улуттук стратегиялык/программалык документке жана сектордук стратегиялык жана программалык документтерге шайкеш келет - 10 упай);
2) бюджеттик программалардын/чаралардын натыйжалуулук индикаторлорунун болушу (бюджеттик программага кирген бюджеттик программаларда жана бюджеттик чараларда эки же андан көп натыйжалуулук индикатору жок - 0 упай, бюджеттик программада натыйжалуулук индикатору жок, мында бюджеттик программага кирген бюджеттик чараларда натыйжалуулук индикатору бар - 5 упай, бюджеттик программага кирген бюджеттик программаларда жана бюджеттик чараларда натыйжалуулук индикатору бар - 10 упай);
3) экономиканы өнүктүрүүдө бюджеттик программаларды/чараларды ишке ашыруунун салымын аныктоочу экономикалык салым (маанилүү салым - 10 упай, маанилүү эмес салым - 5 упай, таасир тийгизбейт - жооп "колдонулбайт");
4) бюджеттик программаларды/чараларды ишке ашыруунун социалдык өнүктүрүүгө салымын, ошондой эле калктын аз камсыз болгон жана социалдык аялуу катмарынын (балдар, улгайган жарандар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, катаал турмуштук кырдаалда жашаган адамдар) жашоо-тиричилигине пландалган таасирин мүнөздөөчү, ар башка жыныстагы адамдар үчүн бирдей мүмкүндүк түзүүгө багытталган социалдык салым (жогорку - 10 упай, орточо - 5 упай, таасир этпейт - жооп "колдонулбайт");
5) экологиялык салым, программалардын/чаралардын курчап турган чөйрөгө таасирин баалайт (оң таасир - 10 упай, терс таасир - 10 упай кемитилет, таасир этпейт - жооп "колдонулбайт").
Бул критерий ар бир бюджеттик программа боюнча эсептелет.
Бул критерий боюнча упай ушул пунктта аталган, каралган критерийлердин санына бөлүнгөн упайдын жалпы суммасынын эсебинде аныкталган мааниге негизденип эсептелет. Жалпы упайды эсептөөдө "колдонулбайт" деп бааланган критерий эсепке алынбайт.
Башкы тескөөчү боюнча ар бир бюджеттик программа боюнча упайларды кошуу жана алынган сумманы бюджеттик программалардын жалпы санына бөлүү аркылуу бюджеттик программаларды пландоонун сапаты боюнча орточо упай аныкталат.
30. Ушул Тартиптин 25, 27 жана 28-пункттарында аталган критерийлер боюнча упайлар ушул Тартиптин 1-тиркемесинде аталган маанилерине ылайык аныкталат, мында эң жогорку упай ушул Тартиптин 1-тиркемесинде аталган маанилерден ашпоосу керек.
31. Ушул Тартиптин 25, 27 жана 28-пункттарында аталган критерийлердин көрсөткүчтөрү ашыра аткарылган учурда упайлар "100%дан" ашпаган маани боюнча эсептелет.
5-глава. Программаларды баалоонун натыйжалары жөнүндө корутунду
32. Программаларды баалоонун натыйжалары ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча программаларды баалоонун натыйжалары жөнүндө корутунду түрүндө таризделет.
33. Программаларды баалоонун натыйжасы жөнүндө корутунду төмөнкүлөрдү камтыйт:
- натыйжалуулук индикаторунун максаттуу мааниге жетүүсүн талдоо;
- бюджеттик программаларды/чараларды аткаруу натыйжалуулугу;
- бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулук индикаторлорунун максаттуу маанилеринин динамикасынын даражасы;
- бюджеттик программаларды пландоонун сапаты;
- башкы тескөөчүнүн программалык негизде бюджетти жакшыртуу боюнча тыянактары жана сунуштамалары.
Тыянактар жана сунуштамалар төмөнкүлөрдү камтыйт:
- бюджеттик каражаттардын тиешелүү көлөмүн пайдаланууда натыйжалуулук индикаторлорунун максаттуу мааниге жетишүү деңгээли жөнүндө, бул каражаттарды пайдаланууда мыкты натыйжаларга жетишүү мүмкүндүгү жөнүндө маалыматты;
- уюштуруучулук, ченемдик укуктук жана финансылык мүнөздөгү кемчиликтер жана каталыктар жөнүндө, ошондой эле бюджеттик каражаттарды башкаруу боюнча функцияларды башкы тескөөчүнүн жетишсиз аткаргандыгы менен байланышкан маалыматтар (атап айтканда, программалык негизде бюджеттерди жана бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулук индикаторлоруна жетүүсү жөнүндө отчеттордун өз убагында берилбегендиги, бюджеттик каражаттарды пайдалануунун тартибин сактабагандыгы, мамлекеттик сатып алууларды жетишсиз уюштуруу, бюджеттик каражаттарды тескөөчүлөр жана бюджеттик каражаттарды алуучулар менен уюштуруу иштеринин жетишсиздиги);
- бюджеттик программаны аткарууда кемчиликтерди жоюуга жана бюджеттик каражаттарды башкарууну жакшыртууга карата, программалык түзүмгө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарылдыгы тууралуу сунуштар, ошондой эле конкреттүү бюджеттик программаны ишке ашырууну токтотууну кошкондо, тиешелүү бюджеттик программага бюджеттик ассигнованиелерди өзгөртүү боюнча сунуштамалар.
Баалануучу башкы тескөөчүнүн программалык негизинде бюджетти ишке ашыруу натыйжалуулугунун даражасы программаларды баалоодо алынган жыйынтыктарга ылайык аныкталат.
Башкы тескөөчүнүн программалык негизинде бюджетти ишке ашыруу натыйжалуулугунун даражасы төмөнкүдөй бааланат:
- жогорку даража, анын баалоо көрсөткүчү 90дон 100гө чейинки упайга ылайык келет;
- орточо даража, анын баалоо көрсөткүчү 70тен 89,99га чейинки упайга ылайык келет;
- төмөнкү даража, анын баалоо көрсөткүчү 50дөн 69,99га чейинки упайга шайкеш келет.
Эгерде башкы тескөөчү программаларды баалоонун натыйжалары боюнча 49,99дан аз упай алса, бюджетти программалык негизде ишке ашыруу натыйжасыз деп таанылат.
34. Программаларды баалоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ программаларды баалоо аяктагандан кийин он күн ичинде программаларды баалоонун натыйжалары жөнүндө корутунду чыгарат. Программаларды баалоонун натыйжалары жөнүндө корутундуга төрага кол коёт, макулдашуу барагына программаларды баалоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлат жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлөт. Өз кезегинде, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ведомстволор аралык жумушчу топтун программаларды баалоонун жыйынтыгы жөнүндө корутундусун үч жумуш күндүн ичинде баалануучу башкы тескөөчүгө макулдашууга жөнөтөт.
35. Макул болбогон учурда баалануучу башкы тескөөчү программаларды баалоонун жыйынтыгы жөнүндө корутундуга ушул Тартиптин ченемдерине ылайык даттанууга укуктуу.
36. Программаларды баалоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун корутундусу чыккандан кийин үч жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жарыяланат.
6-глава. Программаларды баалоонун натыйжаларына даттануу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ
37. Программаларды баалоонун натыйжалары жөнүндө корутундуга даттануу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - даттануу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ) баалануучу башкы тескөөчүдөн корутундуга карата каршы пикирди алгандан кийин 10 күндүн ичинде программаларды баалоонун натыйжалары жөнүндө корутундунун объективдүүлүгүн аныктоо жана баалануучу башкы тескөөчүнүн каршы пикирин кароо максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен түзүлөт.
38. Даттануу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ушул Тартипти жетекчиликке алат.
39. Даттануу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамына ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү (4 адам), кызыкдар башкы тескөөчүлөрдүн өкүлдөрү (4 адам), мамлекеттик органдардын коомдук кеңешинин мүчөлөрү (3 адам), ошондой эле (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын (1 адам), илимий-эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү (3 адамга чейин) кирет.
Даттануу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топту ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары жетектейт.
40. Даттануу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамына башкы тескөөчүлөрдүн программаларын баалоого катышкан программаларды баалоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү кирбейт.
41. Даттануу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ өз ишин алар тарабынан бекитилген регламентке ылайык уюштурат.
Даттануу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйыны зарылдыкка жараша өткөрүлөт.
Даттануу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйынында протокол түзүлөт.
42. Даттануу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ анын жыйынында даттануу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрүнүн үчтөн эки бөлүгү катышкан шартта чечим кабыл алууга укуктуу.
43. Чечим даттануу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Эгерде добуштар барабар болуп калса, даттануу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы добуш берген чечим кабыл алынат.
44. Ведомстволор аралык жумушчу топ кабыл алган чечимдер даттануу жол-жобосу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жарыяланууга тийиш.
7-глава. Программаларды баалоонун натыйжаларына даттануу
45. Баалоонун натыйжаларына даттануу жол-жобосу программаларды баалоонун натыйжалары жөнүндө корутундуга карата баалануучу башкы тескөөчүнүн каршы пикирлери болгон учурда жүргүзүлөт.
46. Корутундуну алган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде:
- баалануучу башкы тескөөчү программаларды баалоонун натыйжалары менен макул болбогон учурда өзүнүн каршы пикирин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт;
- корутундуну алган күндөн тартып беш жумуш күн өткөндөн кийин баалануучу башкы тескөөчүнүн каршы пикирлери кабыл алынбайт;
- программаларды баалоонун натыйжаларына каршы пикирлери болбосо, баалануучу башкы тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тиешелүү билдирүүнү жөнөтөт.
47. Баалануучу башкы тескөөчү өзүнүн каршы пикирлерин ырастоочу документтери менен далилдейт жана негиздейт. Ырастоочу документтери жана негиздемелери болбогон, ошондой эле бюджетти болжолдоо жана аткаруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын жоболоруна туура келбеген каршы пикирлер каралбайт.
48. Даттануу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баалануучу башкы тескөөчүдөн келген ырастоочу документтер менен каршы пикирди даттануу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун кароосуна киргизет.
49. Даттануу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ баалоонун натыйжаларына каршы пикирлерди кароо боюнча жыйын өткөрөт, ага каршы пикирин жөнөткөн баалануучу башкы тескөөчүлөрдүн өкүлдөрү, кызыкдар министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, башкы тескөөчүлөрдүн коомдук кеңешинин өкүлдөрү (эгер болсо), ошондой эле башкы тескөөчүнүн программаларын баалоого катышкан программаларды баалоо боюнча ведомстволор аралык топтун мүчөлөрү чакырылат.
50. Жыйындардын натыйжалары боюнча даттануу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкүлөрдү аткарат:
- баалануучу башкы тескөөчүнүн каршы пикири четке кагылган учурда ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык форма боюнча программаларды баалоонун натыйжалары боюнча кайчы пикирлердин матрицасын түзөт (мындан ары - кайчы пикирлердин матрицасы), ага даттануу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы кол коёт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үч жумуш күндүн ичинде баалануучу башкы тескөөчүгө билдирет;
- каршы пикирди кабыл алган учурда программаларды баалоонун натыйжалары жөнүндө корутундуну оңдойт, ал ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан үч жумуш күндүн ичинде баалануучу башкы тескөөчүгө билдирилет.
8-глава. Программаларды баалоо корутундусу боюнча бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну жогорулатууга багытталган башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу
51. Башкы тескөөчүлөр бюджеттик программалардын натыйжалуулугун баалоонун жыйынтыгы боюнча өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде бюджеттик чыгымдардын натыйжалуулугун жогорулатууга карата чараларды көрүшөт.
52. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган он жумуш күндүн ичинде төмөнкүлөрдү карайт:
- баалануучу башкы тескөөчүнүн каршы пикирлери болбосо, программаларды баалоонун натыйжалары жөнүндө корутундуну;
- даттануу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун каршы пикирлери кабыл алынган учурда программаларды баалоонун натыйжалары жөнүндө оңдолгон корутундуну;
- даттануу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ баалануучу башкы тескөөчүнүн каршы пикирлерин четке каккан учурда программаларды баалоонун натыйжалары жана кайчы пикирлердин матрицасы жөнүндө корутундуну.
53. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган программаларды баалоонун натыйжаларын карагандан кийин программаларды баалоонун натыйжалары боюнча жыйынтыктоочу корутунду чыгарат.
54. Программаларды баалоонун натыйжалары боюнча жыйынтыктоочу корутунду учурдагы бюджеттик мезгилде бюджеттик дайындоолорго, тиешелүү бюджеттик программаларды ишке ашырууну токтотууну кошкондо, кезектеги бюджеттик жыл жана кийинки эки болжолдонуучу жылдын бюджетинин долбооруна тиешелүү сунуштарга карата белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу үчүн негиз болуп саналат.
55. Программаларды баалоонун натыйжалары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жыйынтыктоочу корутундусу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жарыяланууга тийиш.
|
| Бюджеттик программалардын натыйжалуулугун баалоонун тартибине 1-тиркеме |
Форма
Критерийлердин жана көрсөткүчтөрдүн упайлары
№ | Критерийдин/көрсөткүчтүн аталышы | Упай |
1 | Натыйжалуулук индикаторунун максаттуу мааниге жетишүүсү | 30 |
| 100,0-99,0% | 30 |
| 98,9-97,9% | 27 |
| 97,8-96,8% | 24 |
| 96,7-95,7% | 21 |
| 95,6-94,6% | 18 |
| 94,5-93,5% | 15 |
| 93,4-92,4% | 12 |
| 92,3-91,3% | 9 |
| 91,2-90,2% | 6 |
| 91,1-90,1% | 3 |
| 90,0% жана азыраак | 0 |
2 | Бюджеттик программаны аткаруунун натыйжалуулугу | 30 |
| 100,0-99,0% | 30 |
| 98,9-97,9% | 27 |
| 97,8-96,8% | 24 |
| 96,7-95,7% | 21 |
| 95,6-94,6% | 18 |
| 94,5-93,5% | 15 |
| 93,4-92,4% | 12 |
| 92,3-91,3% | 9 |
| 91,2-90,2% | 6 |
| 91,1-90,1% | 3 |
| 90,0% жана азыраак | 0 |
3 | Бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулук индикаторлорунун максаттуу маанилеринин динамикасынын даражасы | 30 |
| 100,0-99,0% | 30 |
| 98,9-97,9% | 27 |
| 97,8-96,8% | 24 |
| 96,7-95,7% | 21 |
| 95,6-94,6% | 18 |
| 94,5-93,5% | 15 |
| 93,4-92,4% | 12 |
| 92,3-91,3% | 9 |
| 91,2-90,2% | 6 |
| 91,1-90,1% | 3 |
| 90,0% жана азыраак | 0 |
|
| Бюджеттик программалардын натыйжалуулугун баалоонун тартибине 2-тиркеме |
Форма
Бюджеттик программалардын натыйжалуулугун баалоонун жыйынтыгы жөнүндө корутунду
Башкы тескөөчүнүн
аталышы: ___________________________________________________________________
Отчеттук мезгил: _____________________________________________________________
№ | Баалоо критерийлери | Мааниси | Упайлар |
1 | Натыйжалуулук индикаторунун максаттуу мааниге жетүүсү |
|
|
2 | Бюджеттик программаларды аткаруунун натыйжалуулугу |
|
|
3 | Бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулук индикаторунун максаттуу маанидеги динамикасынын даражасы |
|
|
4 | Бюджеттик программаларды пландоонун сапаты |
|
|
5 | Упайларды эсептөө |
|
|
| Жалпы баалоо: |
|
|
Натыйжалуулук индикаторунун максаттуу мааниге жетүүсүн талдоо:
_________________________________________________________________________________
Бюджеттик программаларды аткаруунун натыйжалуулугу:
_________________________________________________________________________________
Бюджеттик программалардын жана чаралардын натыйжалуулук индикаторунун максаттуу маанидеги динамикасынын даражасы:
_________________________________________________________________________________
Бюджеттик программаларды пландоонун сапаты
_________________________________________________________________________________
Башкы тескөөчүнүн ишин жакшыртуу боюнча тыянактар жана сунуштамалар
_________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________
Ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы |
| ________________________________________ (колу) (колунун чечмелениши) |
|
|
|
|
| 20__-ж. "__" _______________ |
|
| Бюджеттик программалардын натыйжалуулугун баалоонун тартибине 3-тиркеме |
Форма
Бюджеттик программалардын натыйжалуулугун баалоонун натыйжалары боюнча кайчы пикирлердин матрицасы
Башкы тескөөчүнүн
аталышы: ________________________________________________________________
Отчеттук мезгил: ____________________________________
№ | Программаларды баалоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун корутундусу | Баалануучу башкы тескөөчүнүн каршы пикири | Даттануунун жыйынтыгы боюнча чечим (кабыл алынды/четке кагылды) | Эскертүү (даттанууну кабыл алуунун/четке кагуунун негизи) |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1 |
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
... |
|
|
|
|
Тыянактар:
1-критерий боюнча: __________________________________________________________________;
2-критерий боюнча: __________________________________________________________________.
Даттануулардын жыйынтыгын эсепке алуу менен жалпы упай ______ түздү.
Даттануулар жол-жобосу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы,
кызматы | _________________ | _______________ | _______________________ |
| (датасы) | (колу) | (колунун чечмелениши) |
Даттануунун натыйжалары менен тааныштым:
баалануучу башкы тескөөчүнүн өкүлү, кызматы
_______________ | _________________ | _________________________________ |
(датасы) | (колу) | (колунун чечмелениши) |