Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 12-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтомуна) |
Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 , 2024-жылдын 7-октябрындагы № 605 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (мындан ары - ТИК/ККЛК) максатында кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартибин белгилейт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) жакын туугандары (ата-эне, асырап алуучулар, асыранды балдар, аталаш (энелеш) ага-инилер жана эже-сиңдилер, чоң ата, таята, чоң эне, таяне, неберелер, эгерде алардын жашап туруу, билим алуу, саламаттык сактоо жана башка зарыл болгон чыгымдарын жабуу боюнча финансылык чыгашаларына коомдук кызмат адамы жооп берсе);
2) верификация - кардардын жана (же) бенефициардык ээсинин идентификациялык маалыматтарын текшерүү жол-жобосу;
3) жогорку тобокелдиктеги өлкөлөр - акчаларды адалдоого, терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралдарды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү боюнча эл аралык стандарттарды колдонбогон же жетишсиз деңгээлде колдонгон мамлекеттер жана аймактар (түзүлүштөр), ошондой эле оффшордук зоналар;
4) иштиктүү мамилелер - операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашыруу боюнча кызматтарды көрсөтүү тууралуу келишимдин (оозеки же жазуу) негизинде келип чыгуучу кардар менен финансылык мекеменин же кардар менен финансылык эмес категориядагы жактардын ортосундагы мамилелер;
5) идентификация - кардар жана (же) бенефициардык ээлик кылуучу жөнүндө идентификациялык маалыматтарды белгилөө жол-жобосу;
6) кардар - финансылык мекеменин же финансылык эмес категориядагы жактардын тейлөөсүнө алынган же тейлөөсүндө турган, же болбосо финансылык мекеме же финансылык эмес категориядагы жактар менен ишкер мамиле түзүп жаткан же түзгөн жеке же юридикалык жак (уюм), чет өлкөлүк траст же юридикалык уюм;
7) операциялар (бүтүмдөр) - каражаттар менен байланышкан жарандык укуктарды жана милдеттерди белгилөө, өзгөртүү же токтотуу үчүн жасалган каражаттар менен ар кандай операциялар (бүтүмдөр);
8) шектүү операция (бүтүм) - төмөнкү белгилерге туура келген операция (бүтүм);
а) эгерде каражаттар кылмыштуу жол менен, анын ичинде предикаттык кылмыштардан алынган киреше экендиги же кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) менен байланышкандыгы тууралуу шектенүү же шектенүүгө жетиштүү негиздер болсо;
б) эгер каражаттар төмөнкүлөрдү каржылоого байланышкандыгы тууралуу шектенүү же шектенүүгө жетиштүү негиздер болсо:
- террористтерди жана экстремисттерди;
- террористтик жана экстремисттик уюмдарды (топторду);
- террористтик жана экстремисттик ишти;
9) контролдо турган жактар - тийиштүү текшерүүчү органдын контролунда (көзөмөлүндө) турган финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар;
10) текшерүүчү органдар - ТИК/ККЛК чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу маселелери боюнча тийиштүү контролдо турган жактардын ишине текшерүү жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары;
11) ички контролдоо программасы - ТИК/ККЛК чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу максатында финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар колдоно турган ички чаралар, жол-жоболор жана контролдоо системалары;
12) коомдук кызмат адамдары - төмөндөгү жеке адамдардын бири:
а) чет өлкөлүк коомдук кызмат адамы - чет мамлекетте маанилүү мамлекеттик же саясий функцияларды (коомдук функциялар) аткарып жаткан же аткарган адам (мамлекет же өкмөт башчылары, өкмөттөгү жана башка мамлекеттик органдардагы, соттордогу, куралдуу күчтөрдөгү, мамлекеттик ишканалардагы жогорку кызмат адамдары, ошондой эле көрүнүктүү саясий ишмерлер, анын ичинде саясий партиялардын көрүнүктүү ишмерлери);
б) улуттук коомдук кызмат адамы - Кыргыз Республикасынын Президенти бекиткен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде каралган Кыргыз Республикасындагы саясий жана атайын мамлекеттик кызмат ордун же саясий муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же мурда ээлеген адам, ошондой эле мамлекеттик корпорациялардын жогорку жетекчилиги, көрүнүктүү саясий ишмерлер, анын ичинде саясий партиялардын көрүнүктүү ишмерлери;
в) эл аралык уюмдун коомдук кызмат адамы - эл аралык уюмдун маанилүү функциялары ишенип берилген же мурда ишенип берилген эл аралык уюмдун жогорку кызмат адамы (эл аралык уюмдун жетекчилери, жетекчилеринин орун басарлары жана башкармалыктын мүчөлөрү же эл аралык уюмда ага тете кызмат орундарын ээлеген адамдар);
13) бир жолку операция (бүтүм) - кардар менен финансылык мекеменин же кардар менен финансылык эмес категориядагы жактын ортосунда туруктуу иштиктүү мамилелер (келишимдик мамилелер) жок бир жолу жүзөгө ашырыла турган операция (бүтүм);
14) тобокелдик - террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиги;
15) тобокелдикке салынган мамиле - тобокелдиктерди башкаруунун белгиленген жол-жоболоруна (тобокелдикти табуу, баалоо, мониторинг жасоо, контролдоо, даражасын төмөндөтүү) ылайык, тобокелдиктин жогорку даражасында күчөтүлгөн чараларды же тобокелдиктин төмөнкү даражасында жөнөкөйлөтүлгөн чараларды көрүү;
16) санкциялык тизмектер - Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеги жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеги;
17) ички контроль кызматы - ТИК/ККЛК боюнча ички контролдоо программасын жүзөгө ашырууга жооптуу финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ыйгарым укуктуу кызматчысы же түзүмдүк бөлүмү же болбосо комплаенс-контроль кызматы;
18) каражаттар - төмөнкү активдердин бири:
а) акча каражаттары жана ар кандай финансылык активдер;
б) экономикалык ресурстар, анын ичинде нефть жана башка жаратылыш ресурстары;
в) сатып алуу ыкмасына карабастан мүлктүн ар кандай түрү (материалдык же материалдык эмес, кыймылдуу же кыймылсыз);
г) жогоруда көрсөтүлгөн мүлккө же активдерге укук же үлүш берүүчү, ар кандай формадагы, анын ичинде электрондук же санариптик формадагы укуктук документтер же өбөлгөлөр;
д) банктык кредиттер жана банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык алынуучу/берилүүчү акча каражаттары жана (же) башка мүлк, акча жана эсептешүү чектери, почта которуулары, акциялар, баалуу кагаздар, облигациялар, банктык траттар же аккредитивдер жана мындай каражаттардан же активдерден алынуучу же алар өндүрүүчү ар кандай пайыздар, дивиденддер жана киреше;
19) эсептер - Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында аныкталгандай банк эсептери же финансылык мекемелер менен кардардын ортосундагы же финансылык эмес категориядагы жактар менен кардардын ортосундагы ушул сыяктуу иштиктүү мамилелер;
20) электрондук акча которуу - төлөм системаларын пайдалануу менен жүзөгө ашырылуучу которулган акчаны жөнөтүүчүдөн алуучуга акча каражаттарын (накталай, накталай эмес, электрондук акчалар) которуу боюнча операция;
21) финансылык топ - өз финансылык ресурстарын жалпы максаттарга жана кызыкчылыктарга бириктирген ар кандай типтеги бир нече юридикалык жактардан турган, ушул топтун мүчөлөрүнө карата контролдоо (көзөмөлдөө) жана координациялоо функцияларын жүзөгө ашырган топ;
22) финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар - "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде аталган жеке жана юридикалык жактар;
23) үй-бүлө мүчөлөрү - жубай (жубайы) жана балдары, анын ичинде асыранды балдары.
Эгерде ушул Жободо башкача каралбаса, ушул пунктта аныкталбаган жана ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарында кандай мааниде колдонулса, ошол мааниде колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү учурлары
3. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардарды талаптагыдай текшерүүнү төмөнкү учурларда жүргүзөт:
1) иштиктүү мамилелерди түзүүдө;
2) 1000000 сом суммасына барабар же андан ашкан же чет өлкө валютасында туюнтулган суммада бир жолку операцияны (бүтүмдү) же бир нече өз ара байланышкан бир жолку операцияларды (бүтүмдөрдү) жасаганда, ушул Жобонун 5, 6 жана 7-пункттарында каралган учурларды кошпогондо;
3) 100000 сом же чет өлкө валютасындагы эквивалентине барабар же андан ашкан суммада бир жолку электрондук акча которууну жүргүзүүдө же виртуалдык активдер менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашырууда;
4) террористтик ишти каржылоонун жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруунун (адалдоонун) жасалышына шектенүүлөр болгондо, кардардын (туруктуу же бир жолку) статусуна же каалаган эрежеден тышкары учурларга карабастан же болбосо операциянын (бүтүмдүн) чектик суммасына карабастан;
5) кардар жөнүндө мурда алынган маалыматтар анык эмес же жетишсиз болгон фактылар аныкталганда.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бир жолку операциялардын (бүтүмдөрдүн) түрлөрү финансылык чалгындоо органы тарабынан бекитилет жана жарыяланат.
5. Финансылык эмес категориядагы жактар кардарга талаптагыдай текшерүүнү "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган учурларда жүргүзөт.
6. Баалуу металлдар жана асыл таштар, алардан жасалган зер буюмдар, ошондой эле мындай буюмдардын сыныктары менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар кардарды талаптагыдай текшерүүнү төмөнкү учурларда жүргүзөт:
1) кардарга баалуу металлдарды жана асыл таштарды, алардан жасалган зер буюмдарды, ошондой эле мындай буюмдардын сыныктарын сатууда, эгер накталай акча каражаттары менен болгон операциянын (бүтүмдүн) суммасы 1000000 сомго барабар же андан ашса;
2) кардардан баалуу металлдарды жана асыл таштарды, алардан жасалган зер буюмдарды, ошондой эле мындай буюмдардын сыныктарын сатып алууда, эгер накталай акча каражаттары менен болгон операциянын (бүтүмдүн) суммасы 10000 сомго барабар же андан ашса.
Бир жолку операцияны (бүтүмдү) же бир нече өз ара байланышкан бир жолку операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоодо же баалуу металлдарды жана асыл таштарды, алардан жасалган зергер буюмдарды, ошондой эле мындай буюмдардын сыныктарын белгиленген чектик суммаларга чейин сатууда же сатып алууда кардардын инсандыгын күбөлөндүргөн документтин негизинде кардардын инсандыгын аныктоо, кардардын Санкциялык тизмектерде жана Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматы бар жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмегинде бардыгын же жоктугун текшерүү жана жасалган операцияларын (бүтүмдөрүн) каттоо жүргүзүлөт.
Кардарларды идентификациялоо жана верификациялоо төмөнкү тобокелдиктеги бир жолку операцияны (бүтүмдү) же төмөнкү тобокелдиктеги бир нече өз ара байланышкан бир жолку операцияларды (бүтүмдөрдү) ишке ашырган учурда жүргүзүлбөйт. Төмөнкү тобокелдиктеги бир жолку операциялардын (бүтүмдөрдүн) тизмеги финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталат.
Улуттук банк же Кыргыз Республикасында катталган, Лондон баалуу металлдар рыногунун ассоциациясы тарабынан сертификацияланган аффинаждык ишкана тарабынан эмиссияланган (чыгарылган) алтындан даярдалган жана маркаланган куймаларды 200000 сомго барабар же андан ашык суммага сатуу боюнча операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоодо кардардын инсандыгын күбөлөндүргөн документтин негизинде кардардын инсандыгын аныктоо, кардардын Санкциялык тизмектерде жана Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматы бар жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмегинде бардыгын же жоктугун текшерүү жана жасалган операцияларын (бүтүмдөрүн) эсепке алуу жүргүзүлөт.";
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 2024-жылдын 7-октябрындагы № 605 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
7. Накталай улуттук жана/же чет өлкө валютасында сатуу-сатып алуу (алмашуу) боюнча операцияларды жүзөгө ашырган жактар 1000000 сом суммасына барабар же андан ашкан же чет өлкө валютасында туюнтулган суммада бир жолку операция (бүтүм) же бир нече өз ара байланышкан бир жолку операциялар (бүтүмдөр) жасалганда кардарга талаптагыдай текшерүүнү жүргүзөт.
100000 сомдон же чет өлкө валютасында туюнтулгандан 1000000 сомго же чет өлкө валютасында туюнтулганга чейин накталай улуттук жана/же чет өлкө валютасында сатуу-сатып алуу (алмашуу) боюнча бир жолку операция (бүтүм) же бир нече өз ара байланышкан бир жолку операциялар (бүтүмдөр) жасалганда, инсандыгын күбөлөндүргөн документтин негизинде кардардын инсандыгын аныктоо, кардардын Санкциялык тизмектерде жана Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматы бар жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмегинде бардыгын же жоктугун текшерүү жана жасалган операцияларын (бүтүмдөрүн) каттоо жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Ушул Жобонун 3-пунктунун 3-пунктчасында белгиленген суммадан ашпаган суммага бир жолку электрондук акча которуу же виртуалдык активдерди которууда ушул Жобонун 12-главасында каралган ченемдер сакталууга тийиш. Бир жолку электрондук акча которууну же виртуалдык активдерди которууну жүргүзүүдө кардардын жана бенефициардык ээсинин анкетасы толтурулбайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Кардарды талаптагыдай текшерүү чаралары мурда жүргүзүлгөн кардарды талаптагыдай текшерүүнү жана кардардын тобокелдик деңгээлин эске алуу менен жаңы жана тейленүүдөгү кардарларга колдонулат.
3-глава. Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүдө тобокелдикке багытталган ыкма
10. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардарга талаптагыдай текшерүүнү жүргүзүүдө тобокелдикке багытталган ыкманы колдонуу менен кардарды талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн же жөнөкөйлөтүлгөн чараларын колдонушат.
11. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар тобокелдиктин критерийлерин (жогорку жана төмөнкү) эске алуу менен өз кардарларын классификациялоого милдеттүү. Жогорку жана төмөнкү тобокелдиктердин типтүү критерийлери финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленет жана жарыяланат. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар орто тобокелдиктердин критерийлерин иштеп чыга алышат жана колдоно алышат.
12. Жогорку тобокелдикти аныктаган учурда финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардарды талаптагыдай текшерүүнүн төмөнкүдөй күчөтүлгөн чараларын колдонушат:
1) маалыматтын жеткиликтүү жана ишенимдүү булактарынан кардарга карата кошумча идентификациялык маалыматтарды жана документтерди жыйноо, ошондой эле ушул маалыматтарды кардар менен байланышкан тобокелдикти баалоодо колдонуу;
2) кардардын жана бенефициардык ээсинин кылмыш ишине тартылуусу мүмкүн болгон тобокелдикти тереңирээк түшүнүү үчүн кардар жана бенефициардык ээси жөнүндө кошумча маалыматты жыйноо;
3) кардардын ишкер мамилесинин максаты жана болжолдонгон мүнөзү, ошондой эле акча каражаттарынын булактары жөнүндө кардардан кошумча маалыматты суроо;
4) акча каражаттары кылмыштуу иштен алынган кирешелер эмес экендигине ынануу үчүн ишкер мамилени белгилөөнүн алкагында колдонулуучу кардардын акча каражаттарынын булактарын текшерүү;
5) кардардын жана бенефициардык ээсинин идентификациялык маалыматтарын тобокелдикке багытталган ыкманы колдонуу менен үзгүлтүксүз жаңылап туруу;
6) кардардан пландаштырылган же жүргүзүлгөн операциялардын (бүтүмдөрдүн) себебин же экономикалык маңызын түшүндүрө турган кошумча маалыматты суроо;
7) кардары менен ишкер мамилени түзүүгө же улантууга финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактардын учурдагы ишине жетекчилик кылган аткаруучу органдан же болбосо аткаруу органынын мүчөлөрүнүн биринен уруксат алуу;
8) шектүү операциялардын (бүтүмдөрдүн) жана айкын экономикалык маңызы же айкын мыйзамдуу максаты жок операциялардын (бүтүмдөрдүн) белгилерин аныктоо максатында операцияларды (бүтүмдөрдү) күн сайын мониторингдөө, маалыматтарды талдоо, акча каражаттарын дайындоону карап чыгуу жана эсепке алуу, анын ичинде кол менен киргизүү жолу менен да ишкер мамилеге күчөтүлгөн мониторинг жүргүзүү, ошондой эле мониторингдөөнүн натыйжаларын ички контроль кызматына жана финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактардын учурдагы ишине жетекчилик кылган аткаруучу органга жеткирүү;
9) операцияны (бүтүмдү) банк эсебин ачпастан жүргүзүү пландаштырылган учурда, банк эсеби аркылуу операцияны (бүтүмдү) жүргүзүү жөнүндө сунуш кылуу.
Муну менен бирге финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар тобокелдиктерди натыйжалуу башкаруу жана (же) азайтуу үчүн кардарды талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чараларын колдонуу зарылдыгын документтештирип жазууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Ушул Жобонун 12-пунктунда аталган кардарды талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чаралары жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн жеке же юридикалык жактарына карата колдонулат.
14. Төмөнкү тобокелдикти аныктаган учурда финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардарды талаптагыдай текшерүүнүн төмөнкүдөй жөнөкөйлөтүлгөн чараларын колдонушат:
1) ишкер мамиленин максаты жана болжолдонгон мүнөзү жөнүндө жалпы маалыматты алуу;
2) ишкер мамилени түзгөндөн кийин кардарды жана бенефициардык ээсин верификациялоо;
3) кардардын жана бенефициардык ээсинин идентификациялык маалыматтарын жаңылап туруу мөөнөтүн азайтуу;
4) финансылык мекеме жана финансылык эмес категориядагы жак тарабынан аныкталган чектеменин негизинде операцияларды (бүтүмдөрдү) текшерүүнүн автоматташтырылган системасын колдонуу менен кыскартылган түрдө кардардын операцияларына (бүтүмдөрүнө) мониторинг жүргүзүү.
15. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар тобокелдиктин төмөнкү даражасына жараша кардарды талаптагыдай текшерүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн чараларын колдонушат.
Кардарга карата төмөнкү тобокелдикти аныктоо кардарды талаптагыдай текшерүүнүн баардык чаралары үчүн, тактап айтканда операцияларды (бүтүмдөрдү) туруктуу мониторингдөө үчүн кардар тобокелдиктин төмөнкү даражасы менен мүнөздөлөт дегенди түшүндүрбөйт.
Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча шектенүүлөр болгондо кардарды талаптагыдай текшерүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн чараларын колдонушпайт.
4-глава. Кардарды идентификациялоо жана верификациялоо
§ 1. Кардарды идентификациялоо
16. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардарды (туруктуу жана бир жолку) идентификациялоого милдеттүү.
Кардарды идентификациялоо ушул Жобонун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык формалар боюнча кардардын-жеке жактын анкетасын же кардардын-юридикалык жактын анкетасын толтуруу жолу менен жүргүзүлөт.
17. Эгерде кардардын атынан же тапшырмасы боюнча ишенимдүү жак иш алып барса, финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар бул жакты идентификациялоого милдеттүү.
18. Кардарды идентификациялоодо финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардар менен түзгөн ишкер мамиленин максатын жана болжолдонгон мүнөзүн аныкташат.
19. Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген эмитенттин же коммерциялык банктардын талаптары боюнча жана коомдук офертанын негизинде электрондук түзмөктөрдүн (уюктук телефондор, смартфондор жана башка электрондук түзмөктөр) жардамы менен алыстан/аралыктан ачылган электрондук капчыкты кармоочу же банк эсебинин ээси, электрондук капчыктарды жана банк эсептерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык идентификациялоого жатат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Алыстык (аралык) ыкма менен иштиктүү мамилелерди белгилөөчү жана операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруучу кардарды идентификациялоо ушул Жобонун 5-тиркемесинде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 ,
2024-жылдын 7-октябрындагы № 605 токтомунун редакциясына ылайык)
§ 2. Кардарды верификациялоо
21. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар ишенимдүү булактардан алынган маалыматтарды жана документтерди колдонуу менен кардардын-жеке жактын анкетасында же кардардын-юридикалык жактын анкетасында каралган маалыматтардын ишенимдүүлүгүн текшерүү жолу менен кардарды верификациялоого милдеттүү.
22. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардардын тобокелдик деңгээлине жараша кардар менен ишкер мамилени түзүүгө чейин же түзүүдө же кардар менен бир жолку операцияны (бүтүмдү) жүргүзүүдө кардарды верификациялоого милдеттүү.
23. Тараптар катышпаган жана баалуу кагаздар менен жүзөгө ашырылган операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүдө финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар, эгерде тобокелдиктер төмөн болсо, ишкер мамилени түзгөндөн кийин 10 календардык күндүн ичинде кардарды верификациялоону аякташат. Мындай учурларда финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар верификациялоо аяктаганга чейин операциялардын (бүтүмдөрдүн) санын, түрлөрүн жана (же) суммаларын чектөө жана ири же татаал операцияларга (бүтүмдөргө) мониторинг жүргүзүү боюнча чараларды камтыган тобокелдиктерди башкаруунун ички жол-жоболорун колдонууга тийиш.
24. Кардардын-жеке жактын инсандыгын верификациялоо үчүн финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар инсандыгын күбөлөндүргөн төмөнкү документтердин бирин колдонушат:
1) Кыргыз Республикасынын жарандарына карата:
а) 2004-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта);
б) идентификациялык карта - 2017-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта);
в) жарандын туулгандыгы жөнүндө ЖААК органдарынын күбөлүгү - 16 жашка чейинки Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн;
г) аскердик билет;
д) айдоочу күбөлүгү;
2) чет өлкөлүк жарандарга карата:
а) чет өлкөлүк жарандын паспорту;
б) Кыргыз Республикасында жашап туруу укугу;
3) жарандыгы жок жактарга карата - Кыргыз Республикасында жашап туруу укугу;
4) качкындарга карата:
а) жакты качкын катары таануу жөнүндө өтүнмөнү каттоо жөнүндө күбөлүк;
б) качкындын күбөлүгү.
25. Кардарды-юридикалык жакты верификациялоо үчүн финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар төмөнкү документтерди колдонушат:
1) юридикалык жакты түзүү жөнүндө уюмдаштыруучунун (уюмдаштыруучулардын) чечими;
2) устав жана уюмдаштыруучу келишим (эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралса);
3) юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк;
4) уюмдаштыруучу документтерге (чечим, устав, уюмдаштыруучу келишим) өзгөртүүлөр (толуктоолор) - юридикалык жакты кайра каттоодо;
5) салык органында катталгандыгы жөнүндө күбөлүк;
6) кол тамгалардын үлгүлөрү бар карточкага биринчи жана экинчи кол коюу укугуна ээ жактардын ыйгарым укугун күбөлөндүргөн документтер жана мөөрдүн оттискасы менен (башкаруу органдарынын чечимдери, буйруктар, ишеним каттар);
7) ишкердик ишти жүзөгө ашыруу укугуна болгон лицензия (бар болсо).
26. Кардарды верификациялоодо финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар документтерди көрсөтүү датасында жарактуу болгон документтердин түп нускаларын же нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн алардын көчүрмөлөрүн колдонууга тийиш.
Эгерде кардарды верификациялоого документтин бөлүгү гана тиешелүү болсо, нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн анын көчүрмөсү көрсөтүлүшү мүмкүн.
Документтердин көчүрмөлөрү көрсөтүлгөн учурда финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар таанышуу жана салыштырып текшерүү үчүн документтердин түп нускасын көрсөтүүсүн талап кылууга тийиш.
27. Эгерде документтер толук же жарым-жартылай чет тилинде түзүлгөн учурда, финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар котормо мекемеси тарабынан күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдеги документтин котормосун кардардан талап кылууга тийиш.
Юридикалык жактардын-резидент эместердин статусун күбөлөндүргөн чет мамлекеттердин мамлекеттик органдарынан келген документтер, алар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы № 283 токтому менен бекитилген Апостиль коюунун тартиби жана шарттары жөнүндө нускамага ылайык легалдаштырылган (апостиль) учурда финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар тарабынан кабыл алынат.
Аталган документтер Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларда легалдаштырылбастан (апостилсиз) берилиши мүмкүн.
28. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардарды верификациялоодо ишенимдүү булактардан алынган кошумча (жардамчы) маалыматтарды да колдоно алышат.
Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардардын-юридикалык жактын статусу жөнүндө маалыматты (иштейт, жоюлган же жоюу процессинде турат) алуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга кайрылышат.
29. Эгерде кардардын атынан ишенимдүү жак иш алып барса, финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар аны верификациялоого, ошондой эле мындай жактын ыйгарым укугун күбөлөндүргөн тийиштүү документтерди текшерүүгө милдеттүү.
30. Алыстык (аралык) ыкма менен иштиктүү мамилелерди түзүүчү жана операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруучу кардарды верификациялоо ушул Жобонун 5-тиркемесинде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 , 2024-жылдын 7-октябрындагы № 605 токтомунун редакциясына ылайык)
5-глава. Бенефициардык ээсин идентификациялоо жана верификациялоо
§ 1. Бенефициардык ээсин идентификациялоо
31. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар бенефициардык ээсин идентификациялоого милдеттүү.
Бенефициардык ээсин идентификациялоо ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча бенефициардык ээсинин анкетасын толтуруу жолу менен жүргүзүлөт.
32. Бенефициардык ээсинин анкетасы жаңы жана тейленүүдөгү кардарлардын бенефициардык ээлерине карата толтурулат.
33. Бенефициардык ээсинин анкетасы төмөнкү субъекттерге карата толтурулбайт:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин органдары;
2) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
3) тизмеги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан түзүлгөн жана жарыяланган Кыргыз Республикасы мүчөсү болуп саналган жалпыга маалым эл аралык уюмдар.
34. Үлүштөрдүн (акциялардын) 25% көбүрөөгүнө түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) ээлик кылган бенефициардык ээлери жок болгон учурда же бенефициардык ээсинин үлүштөрүнүн (акцияларынын) көлөмү боюнча күмөн саноолор болсо же болбосо кардардын - юридикалык жактын бенефициардык ээсин аныктоонун натыйжасында бенефициардык ээси аныкталбаса, алардын ордуна анда юридикалык жактын түзүмүндө ээлеген позицияларынын (стратегиялык чечимдерди кабыл алууга жооптуу, аткаруучу контролду жүзөгө ашырат, финансы маселелери боюнча чечим кабыл алат) эсебинен кардардын - юридикалык жактын иш-аракетин контролдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ жеке жак (жеке жактар) таанылышы мүмкүн. Бул учурда бенефициардык ээсинин анкетасы ушул адамга толтурулат. Муну менен бирге белгилүү бенефициардык ээлердин идентификациялык маалыматтары жазылып алынууга тийиш.
35. Эгерде кардардын бенефициардык ээси катары ар бири 25% көбүрөөк үлүшкө (акцияга) ээ болгон бир нече жеке жак болуп саналган учурда, анкета ар бир бенефициардык ээсине толтурулат.
36. Эгерде 25% көбүрөөк үлүштүн (акциянын) ээси катары юридикалык жак болуп саналган учурда, акыр-аягында түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) юридикалык жакка ээ болгон (капиталда 25% көбүрөөк басымдуу катышууга ээ) же бул юридикалык жактын иш-аракетин контролдоо мүмкүндүгүнө ээ конкреттүү жеке жакты аныктоо жана көрсөтүү зарыл.
Бул учурда бенефициардык ээсинин анкетасына орто аралык юридикалык жактарды 25% көбүрөөк үлүштөргө (акцияларга) түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) ээлик кылган акыркы менчик ээлерине-жеке жактарына чейин бүтүндөй караган жана уюмдаштыруучулар-юридикалык жактар менен бенефициардык ээсинин ортосундагы өз ара байланыштын деңгээлин караган кардардын - юридикалык жактын менчигинин (башкаруунун) түзүмүнүн схемасы тиркелүүгө тийиш.
§ 2. Бенефициардык ээсин верификациялоо
37. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар ушул Жобонун 24 жана 25-пункттарында аталган документтерди же алардын нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн жана (же) бенефициардык ээсин аныктоого мүмкүндүк берген ишенимдүү булактардан алынган маалыматтарды колдонуу менен бенефициардык ээсин верификациялоо үчүн акылга сыярлык чараларды көрүүгө милдеттүү.
Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар бенефициардык ээсин верификациялоодо (юридикалык түзүм болуп саналган кардарларга карата) төмөнкү маалыматтарды пайдаланышат:
- трасттарга карата: ишеним берүүчү жактын маалыматтары, ишенимдүү жактын (эгер бар болсо), бенефициарлардын же бенефициарлар тобунун жана башка жеке жактын, жыйынтыгында трасттын үстүнөн иш жүзүндөгү контроль жүргүзгөн;
- юридикалык түзүмдүн башка түрлөрүнө карата: эквиваленттүү кызмат орундарын ээлеген адамдардын жеке маалыматтары.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомунун редакциясына ылайык)
38. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардардын тобокелдик деңгээлине жараша кардар менен ишкер мамилени түзгөнгө чейин же түзүүдө же кардар менен бир жолку операцияны (бүтүмдү) жүргүзүүдө бенефициардык ээсин верификациялоого милдеттүү.
39. Тараптар катышпаган же баалуу кагаздар менен жүзөгө ашырылуучу операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүдө, эгерде тобокелдиктер төмөн болсо, финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар ишкер мамилени түзгөндөн кийин 10 календардык күндүн ичинде кардарды верификациялоону аякташат. Бул учурларда финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар бенефициардык ээсин верификациялоо аяктаганга чейин операциялардын (бүтүмдөрдүн) санын, түрлөрүн жана (же) суммаларын чектөө жана ири же татаал операцияларга (бүтүмдөргө) мониторинг жүргүзүү боюнча чараларды камтыган тобокелдиктерди башкаруу жол-жоболорун колдонууга тийиш.
6-глава. Кардарлардын айрым категорияларына карата колдонула турган кардарды талаптагыдай текшерүүнүн кошумча чаралары
§ 1. Коомдук кызмат адамдарына карата колдонула турган кошумча чаралар
40. Коомдук кызмат адамдарына, коомдук кызмат адамынын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакын адамдарына (жакын туугандары, ишкер өнөктөштөрү жана расмий өкүлдөрү) карата, ошондой эле тобокелдиктин жогорку деңгээли бар башка кардарларга карата финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кардарды талаптагыдай текшерүүнүн кошумча чараларын колдонушат.
41. "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-4-пунктчаларында аталган чаралар улуттук коомдук кызмат адамдарына жана эл аралык уюмдардын коомдук кызмат адамдарына, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакын адамдарына карата, алар менен түзүлгөн ишкер мамиледе жогорку тобокелдик аныкталган учурда колдонулат.
42. Улуттук коомдук кызмат адамдарынын, улуттук коомдук кызмат адамынын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана жакын адамдарынын тизмеси электрондук маалымат базасы түрүндө финансылык чалгындоо органы тарабынан түзүлөт.
Улуттук коомдук кызмат адамдарынын электрондук маалымат базасынын маалыматтарына жетүү байланыштын электрондук каналдары боюнча финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга (мындан ары - колдонуучулар) берилет.
Жетүү мүмкүнчүлүгү берилген улуттук коомдук кызмат адамдарынын маалымат базасынын маалыматтар тизмеги финансылык чалгындоо органы менен маалымат базасын колдонуучунун ортосундагы макулдашуу менен аныкталат.
Маалымат базасын колдонуучулар улуттук коомдук кызмат адамдарынын маалымат базасынан алынган маалыматтардын купуялуулугун, сакталышын жана санкцияланбаган жетүүдөн корголушун камсыздайт жана үчүнчү жактарга берилгендиги үчүн жоопкерчиликке тартылышат.
Улуттук коомдук кызмат адамдарын аныктаган учурда финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар алынган маалыматты Улуттук коомдук кызмат адамынын анкетасынын типтүү формасына (ушул Жобонун 4-тиркемеси) ылайык электрондук форматта жазып алышат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомунун редакциясына ылайык)
43. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар коомдук кызмат адамдарына карата маалыматты аныктоо, мониторингдөө, текшерүү үчүн маалыматтын ачык булактарын колдоно алышат.
§ 2. Өмүрдү камсыздандыруу полиси же инвестициялоо менен байланышкан башка камсыздандыруу полиси боюнча пайда табуучуларга карата колдонула турган кошумча чаралар
44. Финансылык мекемелер өмүрдү камсыздандыруу полиси же инвестициялоо менен байланышкан башка камсыздандыруу полиси боюнча пайда табуучуга (мындан ары - пайда табуучу) карата кардарды талаптагыдай текшерүүнүн төмөнкү кошумча чараларын колдонууга тийиш:
1) пайда табуучу болуп саналган жеке же юридикалык жактын же юридикалык уюмдун идентификациялык маалыматтарын белгилөө;
2) пайда табуучунун инсандыгын верификациялоого мүмкүндүк берген пайда табуучу жөнүндө жетиштүү маалыматтарды алуу.
Муну менен бирге пайда табуучуну верификациялоо өмүрдү камсыздандыруу полиси же инвестициялоо менен байланышкан башка камсыздандыруу полиси боюнча каражаттарды төлөө учурунда жүргүзүлөт.
45. Эгерде пайда табуучу (юридикалык жак же юридикалык уюм, коомдук кызмат адамы) жогорку тобокелдиктеги кардар катары бааланса, финансылык мекемелер пайда табуучуга карата ушул Жобонун 12-пунктунда каралган кардарды талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чараларын көрүшөт.
Камсыздандыруу учуру келген жана жогорку тобокелдик аныкталган учурда, кардарды талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чаралары өмүрдү камсыздандыруу полиси же инвестициялоо менен байланышкан башка камсыздандыруу полиси боюнча акча каражаттары төлөнгөнгө чейин колдонулат.
Өмүрдү камсыздандыруу полиси же инвестициялоо менен байланышкан башка камсыздандыруу полиси боюнча каражаттарды төлөө учурунда финансылык мекемелер пайда табуучу же бенефициардык ээси коомдук кызмат адамы болуп саналарын же саналбасын аныктоо үчүн чараларды көрүшөт.
46. Пайда табуучуга кардарды талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чараларын колдонуу мүмкүн болбогон учурда же жогорку тобокелдикти аныктоодо, финансылык мекемелер шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү финансылык чалгындоо органына жиберүү тууралуу маселени карашат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомунун редакциясына ылайык)
7-глава. Жүргүзүлгөн идентификациялоого жана верификациялоого болгон ишеним, ошондой эле үчүнчү тараптарга болгон ишеним
47. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардар операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашырган сайын кардарды кайрадан идентификациялоону жана верификациялоону жүргүзбөйт.
Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар бар болгон маалыматтын ишенимдүүлүгүнө негиздүү күмөн саноолор пайда болгонго же террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тууралуу шектенүүлөр келип чыкканга же болбосо кардардын ишинин иш профилине ылайык келбеген операциялар (бүтүмдөр) жүргүзүлгөнгө чейин кардарды идентификациялоо жана верификациялоо боюнча көрүлгөн чараларга таянууга укуктуу.
48. Кардарды талаптагыдай текшерүү максатында финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар түзүлгөн келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасынын кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун катышуучу-мамлекеттеринин аймагында катталган кызматташуучу финансылык мекемелерге (үчүнчү тараптарга) таяна алышат.
Муну менен бирге үчүнчү тараптарга таянган финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар төмөнкү талаптарды сактоого тийиш:
1) үчүнчү тараптын иши тийиштүү текшерүүчү орган тарабынан контролдонуп жана жөнгө салынып турарына жана үчүнчү тарап кардарды талаптагыдай текшерүүнүн талаптарын аткаруу боюнча чараларды көрөрүнө жана ТК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маалыматтарды сактоосуна ынануу;
2) үчүнчү тараптан кардар жана бенефициардык ээси жөнүндө керектүү маалыматтарды, кардардын жана бенефициардык ээсинин анкеталарынын көчүрмөлөрүн, ошондой эле кардарды талаптагыдай текшерүүнүн натыйжасында алынган башка документтердин көчүрмөлөрүн бир жумуш күндүн ичинде алуу.
Жогоруда аталган талаптар сакталган учурда, кардарды талаптагыдай текшерүүнүн натыйжасында түзүлгөн бардык маалыматтар жана документтер алынгандан кийин ишкер мамилелер түзүлөт же операциялар (бүтүмдөр) жүргүзүлөт.
Банк сырын түзгөн маалыматтар кардардын жазуу жүзүндөгү макулдугунун негизинде берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомунун редакциясына ылайык)
49. Кардарды талаптагыдай текшерүүнү өз убагында жана сапаттуу аткарууга болгон жоопкерчилик үчүнчү тараптарга таянган финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга жүктөлөт.
8-глава. Кардарды талаптагыдай текшерүү мүмкүн болбогондо жана шектенүүлөр пайда болгондо колдонулуучу чаралар
50. Кардарды талаптагыдай текшерүү жүргүзүү үчүн керектүү болгон маалыматтар жана (же) документтер кардар тарабынан берилбеген же кардарды талаптагыдай текшерүү мүмкүн болбогон учурда, финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 5-бөлүгүндө каралган чараларды көрүшөт.
51. Кардар менен иш мамилелерин түзүү маалында же иш мамилелерин түзүүдө же бир жолку операцияны жүргүзүүдө операция (бүтүм) террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) менен байланышканы тууралуу шектенүүлөр пайда болгон учурда, финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар төмөнкүдөй чараларды көрүүгө тийиш:
1) каалаган бөтөнчөлүктөргө же белгиленген чектик мааниге карабастан кардарга жана бенефициардык ээсине идентификация жана верификация жүргүзүүгө;
2) иш мамилелерге же операцияга (бүтүмгө) ар тараптуу талдоо жүргүзүү жана иш мамилени же операцияны (бүтүмдү) шектүү деп табуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
3) шектүү операцияны (бүтүмдү) 5 жумуш күнгө чейин токтотуп турууга жана операция (бүтүм) шектүү деп белгиленген тартипте таанылган учурдан тартып беш сааттын ичинде шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү финансылык чалгындоо органына жиберүүгө. Финансылык чалгындоо органы 5 жумуш күндүн ичинде шектүү операцияны (бүтүмдү) талдоонун натыйжалары боюнча чечим кабыл алат жана аны финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга маалымдайт;
4) кардар менен иш мамилени токтотуп туруу же токтотуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомунун редакциясына ылайык)
52. Эгерде финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардарды талаптагыдай текшерүү жүргүзүүгө пайда болгон шектенүүлөр жөнүндө маалыматты ачыкка чыгарарына ынанышкан учурда, финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардарды талаптагыдай текшербейт, шектүү операцияны (бүтүмдү) 5 жумуш күнгө чейин токтотот жана шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү финансылык чалгындоо органына жиберишет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомунун редакциясына ылайык)
9-глава. Кардарды талаптагыдай текшерүүнүн натыйжасында алынган маалыматтарды жана документтерди документ түрүндө жазып алуу жана жаңылоо
53. Идентификациянын натыйжасында алынган кардар, бенефициардык ээси жана пайда табуучу жөнүндө маалыматтар кардардын тибине жараша (жеке жак же юридикалык жак) кардардын анкетасына жана бенефициардык ээсинин анкетасына жазылат.
Эгерде кардардын атынан ишенимдүү жак иш алып барса, финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар мындай жакты идентификациялоонун жана верификациялоонун натыйжасында алынган маалыматтарды документ түрүндө жазып алууга милдеттүү.
54. Кардардын, коомдук кызмат адамдын жана бенефициардык ээсинин анкеталары электрондук түрдө толтурулат жана сакталат, эгерде мыйзамдын талаптарына ылайык финансылык мекемелерде жана финансылык эмес категориядагы жактарда маалыматтын сакталышын камсыз кылуучу коопсуздук системасы белгиленген болсо. Анкетанын маалыматтары кагаз бетине түшүрүлүүдө финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын жооптуу кызматчысынын колу коюлат.
Кардардын, коомдук кызмат адамдын жана бенефициардык ээсинин анкеталарына кардар же кардардын өкүлү кол койбойт.
Резидент болуп саналган кардардын жана коомдук кызмат адамынын анкеталарын толтурууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жеткиликтүү маалыматтар базасын пайдалануу менен автоматташтырылган маалыматтык системалар колдонулушу мүмкүн.
Кардар же кардардын өкүлү (кардардын ишенимдүү адамы) жеке маалыматтарды чогултууга жана иштетүүгө, анын ичинде террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында белгиленген форма боюнча макулдук берүүгө тийиш. Субъекттин макулдугу жазуу түрүндө кагаз жүзүндө же болбосо электрондук кол тамга менен кол коюлган электрондук документ түрүндө билдирилүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомунун редакциясына ылайык)
55. Кардардын жана бенефициардык ээсинин анкетасы төмөнкүдөй учурларда жаңыртылат:
1) кардардын документтери (алардын негизинде верификация жүргүзүлгөн документтер) өзгөрүлгөндө;
2) кардардын анкетасы жана бенефициардык ээсинин анкетасы боюнча жаңы маалымат кардар тарабынан берилгенде же финансылык мекеме жана финансылык эмес категориядагы жак тарабынан табылганда;
3) тейленилип жүргөн кардар боюнча маалыматтардын жетишсиздигинин акылга сыярлык негиздери болгондо;
4) анкетаны жаңылоо мөөнөтү аяктаганда (тобокелдиктин деңгээлине жараша).
56. Кардардын жана бенефициардык ээсинин анкетасын толтурууда финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын компетенттүү кызматчысы (кызматчылары) кардардын анкетасында көрсөтүлгөн маалымат толук жана такталган экендигин жазуу түрүндө тастыктоого тийиш.
57. Кардардын жана (же) бенефициардык ээсинин анкетасында камтылган маалыматтар өзгөрүлгөн учурда, кардар жаңыланган маалыматты жана документтерди өзгөрүүлөр болгон күндөн тартып беш жумуш күндөн кечиктирбестен финансылык мекемеге жана финансылык эмес категориядагы жакка берүүгө милдеттүү. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардардан маалыматтарды алган учурдан тартып бир жумуш күндүн ичинде жаңыланган маалыматтарды кардардын жана (же) бенефициардык ээсинин анкетасына киргизүүгө тийиш.
58. Кардардын жана (же) бенефициардык ээсинин анкетасында көрсөтүлгөн маалыматтар финансылык мекемелер менен финансылык эмес категориядагы жактардын электрондук маалымат базасында жазылууга жана сакталууга тийиш.
Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардарды талаптагыдай текшерүүнү жүзөгө ашырган өз кызматчыларына, анын ичинде ички контроль кызматына кардардын жана бенефициардык ээсинин электрондук маалымат базасына ыкчам жана дайыма жетүүсүн камсыздашат.
59. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардардын жана бенефициардык ээсинин анкетасында каралган маалыматтарды жана кардарды талаптагыдай текшерүүнүн жүрүшүндө алынган документтердин көчүрмөлөрүн, биринчи кезекте жогорку тобокелдиктеги кардарларга же жогорку тобокелдиги бар ишкер мамилеге карата үзгүлтүксүз жаңылап турууга тийиш.
Кардардын жана бенефициардык ээсинин анкетасында каралган маалыматтарды жана кардарды талаптагыдай текшерүүнүн жүрүшүндө алынган документтердин көчүрмөлөрүн жаңылоо мөөнөтү финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар тарабынан тобокелдиктерди баалоону эске алуу менен аныкталат.
Кардардын, коомдук кызмат адамдын жана бенефициардык ээсинин анкеталары кардардан маалыматтарды жана сканерленген документтерди корголгон жана текшерилген электрондук байланыш каналдары (мобилдик тиркеме/интернет-сервис/электрондук почта) боюнча алуу, анын ичинде кардардын электрондук кол тамгасын колдонуу аркылуу аралыктан туруп жаңыртылышы мүмкүн.
Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардардын, коомдук кызмат адамдын жана бенефициардык ээсинин анкеталарындагы маалыматтардын актуалдуулугу жана аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартышат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомунун редакциясына ылайык)
60. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардар менен ишкер мамилени түзүү жөнүндө келишимди түзүүдө кардардын жана (же) бенефициардык ээсинин анкетасында көрсөтүлгөн маалыматтар жаңыланган учурда маалымат берүү тууралуу кардардын милдетин келишимде кароого тийиш.
61. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык маалыматтарды жана документтерди сактоого милдеттүү.
10-глава. Кардар менен болгон ишкер мамилеге талаптагыдай текшерүүнү туруктуу негизде жүргүзүү
62. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар иш мамилесинин масштабына жана тобокелдик деңгээлине жараша кардар менен ишкер мамиледе болгон баардык мезгилде кардарды талаптагыдай текшерүү чараларын көрүүгө милдеттүү.
63. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардар менен болгон ишкер мамилеге туруктуу негизде талаптагыдай текшерүүнү жүргүзүүгө милдеттүү, ага төмөнкүлөр кирет:
1) кардар тарабынан жүргүзүлгөн операциялардын (бүтүмдөрдүн) кардар, анын чарбалык иши, финансылык абалы жөнүндөгү жана каражаттарынын булагы жөнүндөгү, ошондой эле тобокелдиктердин мүнөзү жөнүндөгү колдо болгон маалыматтарга туура келүүсүн кылдаттык менен талдоо;
2) кардарлар жөнүндө колдо болгон, биринчи кезекте жогорку тобокелдиктеги кардарларга карата маалыматты текшерүү жана жаңылоо жолу менен кардарды талаптагыдай текшерүүнүн натыйжасында алынган маалыматтарды жана документтерди актуалдуу абалда жана тиешелүү түрдө сактоо.
64. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар тобокелдикке багытталган ыкманы колдонушуп, кардар менен болгон ишкер мамилеге жөнөкөйлөтүлгөн же күчөтүлгөн текшерүүнү колдонушат.
11-глава. Эл аралык корреспонденттик банктык жана ушу сыяктуу мамилелерди түзүүдө көрүлүүчү чаралар
65. Эл аралык корреспонденттик банктык жана ушу сыяктуу мамилелерди чет өлкө банктары жана финансылык мекемелер (респондент мекеме) менен түзүүдө финансылык мекемелер (корреспондент мекеме) төмөнкүдөй кошумча чараларды (кардарды талаптагыдай текшерүү чараларына кошумча) көрүүгө милдеттүү:
1) респондент мекеменин иши, анын финансылык абалы жана иш бедели жөнүндө, көзөмөлдөө ишинин сапаты жөнүндө, ошондой эле контролдоочу орган тарабынан таасир этүү чараларынын колдонулгандыгы же ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылгандыгы жөнүндө маалыматтарды жыйноого;
2) респондент мекеме тарабынан көрүлүүчү ТИК/ККЛК чараларына баалоо жүргүзүүгө;
3) финансылык мекеменин жетекчисинен корреспонденттик мамилелерди түзүүгө уруксат алууга;
4) тараптардын (респондент мекеме жана корреспондент мекеме) ар биринин конкреттүү жоопкерчилигин аныктоого.
66. Үчүнчү тараптар бизнес жүргүзүү үчүн өз атынан түздөн түз колдонгон корреспонденттик эсептерге (мындан ары - өтмө эсептер) карата респондент-мекеме төмөнкүлөрдү жасагандыгы тууралу канааттандырарлык тастыктоону финансылык мекемелер алууга милдеттүү:
1) корреспондент-мекеменин эсептерине түз жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон өз кардарына карата кардарга талаптагыдай текшерүү респондент-мекеме жүргүзгөндүгүн;
2) корреспондент-мекеменин суроо-талабынын негизинде кардарды талаптагыдай текшерүү жана өтмө эсептер боюнча бар болгон маалыматты берүү мүмкүнчүлүгүнө респондент-мекеме ээ экендигин;
3) обочо-банктарга өз эсептерин колдонууга уруксат бербегендигин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомунун редакциясына ылайык)
12-глава. Эл аралык электрондук акча которууларды жана Кыргыз Республикасынын ичинде электрондук акча которууларды жүзөгө ашырууда кардарды талаптагыдай текшерүүнү жүргүзүү тартиби
67. Электрондук акча которууну жүргүзүүдө финансылык мекемелер төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) акчалай которуунун жөнөтүүчүсү жана алуучусу тууралуу талап кылынган маалыматтарды түзүү;
2) акчалай которуунун жөнөтүүчүсү жана алуучусу жөнүндө талап кылынган маалыматтардын электрондук акча которуунун ажырагыс бөлүктөрү болуп саналышын жана төлөмдү жүргүзүүдө электрондук акча которууну коштоп жүрүүсүн камсыз кылууга;
3) электрондук акча которууларга мониторинг жүргүзүүгө жана жөнөтүүчү жана (же) алуучу тууралуу маалымат болбогон электрондук акча которууларды аныктоого жана кардарды талаптагыдай текшерүүнүн тийиштүү чараларын көрүүгө;
4) акчалай которуунун жөнөтүүчүсүн жана алуучусун Санкциялык тизмектерде жана Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматы бар жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмегинде бар же жок экендигин текшерүүгө;
5) акчалай которуунун жөнөтүүчүсү жана (же) алуучусу Санкциялык тизмектерде жана Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматы бар жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмегинде бар болгон учурда, электрондук акча которууну тоңдурууга же токтотуп турууга жана үч сааттын ичинде бул жөнүндө финансылык чалгындоо органына билдирүүгө.
68. Эл аралык электрондук акча которууларды коштоочу маалыматта төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) жөнөтүүчүнүн - жеке жактын фамилиясы, аты жана атасынын аты же жөнөтүүчүнүн - юридикалык жактын аталышы;
2) эгер электрондук акча которууну жүргүзүүдө эсеп пайдаланылса, жөнөтүүчүнүн (жеке же юридикалык жактын) эсебинин номери;
3) жөнөтүүчүнүн - жеке жактын паспорттук маалыматтары же салык төлөөчүнүн идентификациялык номери же жөнөтүүчүнүн - юридикалык жактын чет өлкөлүк уюмунун коду;
4) кардардын идентификациялык номери;
5) алуучунун - жеке жактын фамилиясы, аты жана атасынын аты же алуучунун - юридикалык жактын аталышы;
6) эгер электрондук акча которууну жүзөгө ашырууда эсеп пайдаланылса, алуучунун эсебинин номери.
Эсеп жок болгон учурда, электрондук акча которууга байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кыла турган электрондук акча которуунун уникалдуу номери көрсөтүлөт.
Эл аралык электрондук акча которууну жүзөгө ашырган финансылык мекеме террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тууралуу шек санаса, кардарга тиешелүү жогоруда аталган маалыматтарды текшерет.
69. Алуучуларга берүү үчүн бир жөнөтүүчүнүн эл аралык электрондук акча которууларын бир пакеттик файлга бириктирген учурда, пакеттик файл ушул Жобонун 68-пунктунда аталган маалыматтарды камтууга тийиш.
70. Кыргыз Республикасынын аймагындагы электрондук акча которууларды коштоочу маалымат төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) жөнөтүүчүнүн - жеке жактын фамилиясы, аты жана атасынын аты же жөнөтүүчүнүн - юридикалык жактын аталышы же болбосо жөнөтүүчүнүн (жеке же юридикалык жактын) эсебинин номери, эгерде электрондук акча которууну жүзөгө ашырууда эсеп же электрондук акча которууну акмалоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кыла турган электрондук акча которуунун уникалдуу номери пайдаланылса;
2) алуучунун - жеке жактын фамилиясы, аты жана атасынын аты же алуучунун - юридикалык жактын аталышы же алуучунун (жеке же юридикалык жактын) эсебинин номери, эгерде электрондук акча которууну жүзөгө ашырууда эсеп пайдаланылса.
71. Электрондук акча которууну жөнөтүп жаткан финансылык мекеме төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) электрондук акча которуу ушул Жобонун 68-70-пункттарында аталган толук маалымат менен коштолуусун камсыз кылууга;
2) эгерде ушул Жобонун 68-70-пункттарында аталган коштоочу маалымат жок болсо, электрондук акча которууну жүргүзбөө.
72. Электрондук акча которуу транзит аркылуу жүргүзүлө турган финансылык мекеме (транзиттик финансылык мекеме) төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жөнөтүүчү же алуучу тууралуу талап кылынган маалыматы жок электрондук акча которууну таап чыгуу үчүн чараларды көрүүгө;
2) жөнөтүүчү же алуучу тууралуу талап кылынган маалыматы жок электрондук акча которууну аткаруу, четтетүү же токтото туруу боюнча, ошондой эле кийинки жасала турган аракеттер жөнүндө маселелерди чечүү үчүн тобокелдиктерди баалоонун негизинде натыйжалуу саясаты жана жол-жоболору болууга.
73. Электрондук акча которууну алуучу финансылык мекеме төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жөнөтүүчү жана алуучу тууралуу зарыл маалыматы жок болгон электрондук акча которууларды текшерүүгө жана аныктоого;
2) электрондук акча которууну алуучунун ким экендигин аныктоого жана текшерүүгө, эгерде мурда текшерилбеген болсо;
3) жөнөтүүчүсү жана алуучусу жөнүндөгү талап кылынган маалыматы жок электрондук акча которууну аткаруу, четке кагуу же токтотуп туруу, ошондой эле электрондук акча которууну артка кайтаруу боюнча андан аркы аракеттер тууралуу маселени чечүү үчүн тобокелдикке багытталган саясатты жана жол-жоболорду колдонууга.
74. Электрондук которууну жөнөтүүчү же алуучу же болбосо ал аркылуу транзиттик электрондук которуу жүргүзүлгөн финансылык мекеме (транзиттик финансылык мекеме) электрондук которууну коштогон жөнөтүүчү же алуучу тууралуу бардык маалыматты, операция (бүтүм) бүткөндөн же кардар менен ишкер мамиле токтогондон же эсеп жабылган мезгилден тартып беш жылдан кем эмес сактоого милдеттүү.
Ушул маалыматтар жүргүзүлгөн операциянын (бүтүмдүн) мүнөзүн калыбына келтирүүгө же операциянын (бүтүмдүн) бардык тизмектерин калыбына келтирүү жолу менен каражаттардын изине түшүүгө жана керектүү учурда Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык тергөөдө же соттук териштирүүдө далил катары колдонууга мүмкүнчүлүк берген жетишээрлик көлөмдө сакталууга тийиш.
Электрондук которууну коштогон жөнөтүүчү же алуучу тууралуу толук маалыматты сактоого техникалык каражаттар тоскоол болгон учурларда, алуучу транзиттик финансылык мекеме жөнөтүүчү финансылык мекемеден же башка транзиттик финансылык мекемеден алынган баардык маалыматтын жазуусун беш жылдан кем эмес сактоого милдеттүү.
75. Электрондук акча которуунун жөнөтүүчүсү жана алуучусу жөнүндөгү маалыматтар талаптары боюнча төмөнкүлөргө берилет:
1) финансылык чалгындоо органына жана тийиштүү текшерүүчү органга;
2) Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын укук коргоо органына, улуттук коопсуздук органына, прокуратура органына;
3) идентификациялоону жеңилдетүү жана шектүү операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүүлөрдү жөнөтүү, ошондой эле максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу боюнча талаптарды аткаруу үчүн жөнөтүүчү, транзиттик жана алуучу финансылык мекемелерге.
Электрондук акча которуунун жөнөтүүчүсү жана алуучусу жөнүндөгү маалымат ушул пунктта аталган субъекттердин суроо-талаптары боюнча суроо-талапты алгандан кийин үч жумуш күндүн ичинде, анын ичинде электрондук форматта да берилет.
Суралган маалыматты түзүү үчүн кошумча убакыт зарыл болгон учурда, суралган маалыматты берүү мөөнөтүн 10 жумуш күнгө чейин узартуу жөнүндө негизделген жазуу жүзүндөгү кайрылуу жиберилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомунун редакциясына ылайык)
76. Эгерде акча жана баалуулуктарды которуу кызматтарын көрсөтүүчү операторлор электрондук акча которуунун жөнөтүүчү жана (же) алуучу тараптарын контролдоодо шектүү электрондук которууну билип калса, анда ушул операторлор шектүү операция тууралуу билдирүүнү жана электрондук акча которуу жөнүндө тийиштүү маалыматты шектүү электрондук акча которуу байланышкан кайсы өлкөнүн болсо да финансылык чалгындоо органына беш сааттын ичинде жиберүүгө милдеттүү.
Акча жана баалуулуктарды которуу кызматтарын көрсөтүүчү операторлордун ишин жөнгө салуу тартиби Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө мыйзамдарына ылайык аныкталат.
77. Ушул Жобонун 67-76-пункттарында каралган ченемдер төмөнкү операцияларга колдонулбайт:
1) эгер кредиттик, дебеттик же алдын ала төлөө картасынын номери ушул операция (бүтүм) менен байланышкан бардык которууларды коштосо, кредиттик, дебеттик же товарларды сатып алуу же тейлөө акыларын төлөө үчүн алдын ала төлөө картасын пайдалануу менен жүзөгө ашырылган каалаган электрондук акча которуулар. Эгерде кредиттик, дебеттик же алдын ала төлөө карталары адамдардын ортосундагы электрондук акча которууларды ишке ашыруу үчүн төлөм системасы катарында пайдаланылган учурда бул операция (бүтүм) электрондук акча которуу болуп саналат;
2) жөнөтүүчү да, алуучу да өзүнүн атынан иш жүргүзгөн финансылык мекемелер болгон учурда финансылык мекемелердин өздөрүнүн арасындагы которуулар жана эсептешүүлөр.
13-глава. Корутунду жоболор
78. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар ушул Жобо күчүнө кирген күндөн тартып алты айдын ичинде өз тейлөөсүндө турган кардарларга карата, алардын маанилүүлүгүн жана тобокелдигин эске алуу менен ушул Жобонун ченемдеринин аткарылышын камсыздоого милдеттүү.
79. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар ушул Жобо күчүнө кирген күндөн тартып алты айдын ичинде кардарлары же бенефициардык ээлери болуп саналган улуттук коомдук кызмат адамдарынын толтурулган анкеталарын финансылык чалгындоо органына берүүгө милдеттүү.
|
| Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 1-тиркемеси |
Кардардын - жеке жактын анкетасынын типтүү формасы
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомунун редакциясына ылайык)
Анкетанын түрү (керектүүсүнүн алды сызылат) | ||
Алгачкы анкета | Жаңыланган анкета | |
| ||
№ | Анкетанын тилкелеринин аталышы | Кардар жөнүндө маалымат |
1. Кардардын идентификациялык маалыматтары | ||
1) | Кардардын статусу (керектүүсүнүн алды сызылат) | 1) Резидент 2) Резидент эмес |
2) | Фамилиясы |
|
3) | Аты |
|
4) | Атасынын аты (бар болсо) |
|
5) | Туулган датасы |
|
6) | Туулган жери (документте бар болсо) |
|
7) | Улуту (документте бар болсо) |
|
8) | Жынысы |
|
9) | Жарандыгы |
|
10) | Үй-бүлөлүк абалы (кардардын сөзүнөн же документте бар болсо) |
|
11) | Инсандыгын күбөлөндүргөн документтин маалымдаректери: | |
11.1. Документтин аталышы |
| |
11.2. Документтин сериясы жана номери |
| |
11.3. Документтин берилген датасы |
| |
11.4. Документтин колдонулуу мөөнөтүнүн аяктаган датасы |
| |
11.5. Документти берген органдын аталышы |
| |
11.6. Бөлүмдүн коду (эгер бар болсо) |
| |
12) | Жеке идентификациялык номери |
|
13) | Катталган жеринин дареги (документте бар болсо) | Ушул тилкеде көрсөтүлөт: өлкө, облус, шаар, район, калктуу конуш, көчө, үй, корпус, батир |
14) | Чыныгы жашаган же турган жеринин дареги (кардардын сөзүнөн) | Ушул тилкеде көрсөтүлөт: өлкө, облус, шаар, район, калктуу конуш, көчө, үй, корпус, батир |
15) | Кардардын байланыш маалыматтары: | |
| 15.1. Телефондорунун номерлери (үй, кызматтык жана уюлдук) |
|
| 15.2. Факстын номери (бар болсо) |
|
| 15.3. Электрондук почтасынын дареги (бар болсо) |
|
1.1. Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн гана толтурулат | ||
16) | Чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасында турууга (жашоого) болгон укугун тастыктоочу документтин маалыматтары: | |
| 16.1. Документтин аталышы (керектүүсүнүн алды сызылат) | 1) Жашап турууга уруксат 2) Убактылуу жашап турууга уруксат 3) Виза |
| 16.2. Документтин сериясы (эгер бар болсо) жана номери |
|
| 16.3. Туруу (жашоо) укугунун колдонулуу мөөнөтүнүн башталган датасы |
|
| 16.4. Туруу (жашоо) укугунун колдонулуу мөөнөтүнүн аяктаган датасы |
|
2. Кардардын иш профили жөнүндө маалымат | ||
17) | Кардардын максаты жана иш мамилелеринин болжолдуу мүнөзү |
|
18) | Кардар коомдук кызмат адамы (ККА) болуп саналабы (керектүүсүнүн алды сызылат) | 1) Ооба 2) Жок Эгер ККА болсо, ККА анкетасы толтурулат |
19) | Кардардын бенефициардык ээси бардыгы жөнүндө маалымат (керектүүсүнүн алды сызылат) | 1) Бар 2) Жок Эгер бар болсо, бенефициардык ээсинин анкетасы толтурулат |
20) | Кардардын акча каражаттарын же мүлктү тескөө боюнча ыйгарым укуктарын күбөлөндүргөн документтери жөнүндө маалымат (кол тамгалардын үлгүлөрүнүн карточкасына ылайык) |
|
2.1. Жеке ишкер үчүн гана толтурулат | ||
21) | Жеке ишкер катары катталгандыгы жөнүндө маалыматтар: | |
| 26.1. Катталган датасы |
|
| 26.2. Мамлекеттик каттоо номери |
|
| 26.3. Каттаган органдын аталышы |
|
| 26.4. Катталган жери |
|
22) | Патент же лицензия жөнүндө маалыматтар: | |
| 22.1. Патенттин же лицензиянын түрү |
|
| 22.2. Патенттин же лицензиянын номери |
|
| 22.3. Патенттин же лицензиянын берилген датасы |
|
| 22.4. Патент же лицензия ким тарабынан берилген |
|
| 22.5. Патенттин же лицензиянын колдонулуу мөөнөтү |
|
| 22.6. Уруксат берилген же лицензияланган ишкердиктин түрлөрүнүн тизмеги |
|
3. Кардарды верификациялоо, текшерүү жана тобокелдик деңгээли жөнүндө маалыматтар (финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар тарабынан толтурулат) | ||
23) | Кардарга верификация жүргүзүлгөндүгү жана верификациянын жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар (керектүүсүнүн алды сызылат) | 1) Жүргүзүлдү 2) Жүргүзүлгөн жок 3) Башка эскертүү 4) Жүргүзүлгөн датасы: |
24) | Кардардын Санкциялык тизмектерде бар же жок экендигин текшерүү жана текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар (керектүүсүнүн алды сызылат) | 1) Тизмекте жок 2) Тизмекте бар 3) Текшерилген датасы жана убактысы: |
25) | Кардардын Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматы бар жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмегинде бар же жок экендигин текшерүү жана текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар (керектүүсүнүн алды сызылат) | 1) Тизмекте жок 2) Тизмекте бар 3) Текшерилген датасы жана убактысы: |
26) | Кардардын Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону), террористтик же экстремисттик ишти жасагандыгы, ошондой эле ушул ишти каржылагандыгы үчүн жаза мөөнөтүн өтөгөн жеке жактардын тизмегинде бар же жок экендигин текшерүү жана текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар (керектүүсүнүн алды сызылат) | 1) Тизмекте жок 2) Тизмекте бар 3) Текшерилген датасы жана убактысы: |
27) | Тобокелдиктин даражасы (деңгээли) (керектүүсүнүн алды сызылат) | 1) Жогорку тобокелдик 2) Төмөнкү тобокелдик |
28) | Тобокелдиктин даражасын (деңгээлин) баалоонун негиздемеси (жогорку тобокелдик критерийлери боюнча) |
|
29) | Анкетада баяндалган маалыматтардын толтурулган датасы же акыркы жаңыланышы (эгерде кардардын анкетасында маанилүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор болбосо, жаңы анкета толтурулбайт) |
|
30) | Анкетада баяндалган маалыматтардын кезектеги жаңыланган датасы (тобокелдикти баалоонун жыйынтыгынын негизинде) |
|
31) | Ушул анкетада көрсөтүлгөн маалыматтар маалымат базасына киргизилген дата жана финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын жооптуу кызматчысынын Ф.А.А. | Ф.А.А.: Датасы: |
Мен, _____________________________________________________________________________,
(Анкетаны толтурган кызматкердин Ф.А.А.)
ушул анкетада көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын тастыктайм.
"Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруу максатында жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук алынды.
___________________________________/ | ______________________ | "__" ___________ 20__-ж. |
(Ф.А.А.) | (колу) | (датасы) |
|
|
|
| М.О. (бар болсо) |
|
|
| Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 2-тиркемеси |
Кардардын - юридикалык жактын анкетасынын типтүү формасы
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомунун редакциясына ылайык)
Анкетанын түрү (керектүүсүнүн алды сызылат) | ||
Алгачкы анкета | Жаңыланган анкета | |
| ||
№ | Анкетанын тилкесинин аталышы | Кардар жөнүндө маалымат |
1. Идентификациялык маалыматтар | ||
1) | Кардардын статусу (керектүүсүнүн алды сызылат) | 1) Резидент 2) Резидент эмес |
2) | Толук аталышы |
|
3) | Кыскартылган аталышы (эгер бар болсо) |
|
4) | Чет тилдеги аталышы (эгер бар болсо) |
|
5) | Уюштуруу-укук формасы |
|
6) | Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (резидент үчүн) |
|
7) | Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери же резидент эмес үчүн чет өлкөлүк уюмдун коду (эгер бар болсо) |
|
8) | Мамлекеттик каттоо жөнүндө маалымат: |
|
| 8.1. Датасы |
|
| 8.2. Номери |
|
| 8.3. Каттоочу органдын аталышы |
|
| 8.4. Катталган жери (юридикалык дареги) | Ушул тилкеде көрсөтүлөт: өлкө, облус, шаар, район, калктуу конуш, көчө, үй, корпус, батир |
9) | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун каттоо номери (резидент үчүн) |
|
10) | ИУЖК коду (резидент үчүн) |
|
11) | Иштин түрү (мүнөзү) |
|
12) | Менчиктин түрү |
|
13) | Банктык идентификациялык код (коммерциялык банктар - резиденттер үчүн) |
|
14) | Кардардын байланыш маалыматтары: |
|
14.1. Телефондорунун номерлери (кызматтык жана уюлдук) |
| |
14.2. Факстын номери (бар болсо) |
| |
14.3. Электрондук почтанын дареги (бар болсо) |
| |
14.4. Чыныгы турган жеринин дареги жана почта дареги (чыныгы турган жери юридикалык дарегинен айырмаланган учурда толтурулат) | Ушул тилкеде көрсөтүлөт: өлкө, облус, шаар, район, калктуу конуш, көчө, үй, корпус, батир | |
2. Кардардын - юридикалык жактын уставдык документтерине тиешелүү маалыматтар | ||
15) | Юридикалык жактын органдары жөнүндө маалыматтар (юридикалык жактын башкаруу органынын түзүмү жана персоналдык курамы): | |
| 15.1. Органдын аталышы |
|
| 15.2. Башкаруу органынын мүчөлөрүнүн Ф.А.А. |
|
| 15.3. Кол коюуга укугу бар кызмат адамдары (ишенимдүү жактар) |
|
16) | Акча каражаттары менен мүлктү тескөө боюнча ыйгарым укуктарын күбөлөндүргөн документтер жөнүндө маалымат (кол тамгалардын үлгүлөрүнүн карточкасына ылайык) |
|
17) | Катталган жана төлөнгөн уставдык (сакталган) капиталдын көлөмү же уставдык фонддун, мүлктүн көлөмү жөнүндө маалымат |
|
18) | Юридикалык жактын, анын туруктуу иш алып барган башкаруучу органынын, башка органынын же ишеним катсыз юридикалык жактын атынан иш алып барууга укугу бар жактын Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан орду боюнча бардыгы же жоктугу жөнүндө маалымат |
|
19) | Юридикалык жактын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү жөнүндө маалымат (эгер бар болсо) |
|
20) | Юридикалык жактын бенефициардык ээси жөнүндө маалымат (керектүүсүнүн алды сызылат) | 1) Резидент 2) Резидент эмес Бенефициардык ээсинин анкетасы толтурулат |
21) | Кардардын - юридикалык жактын менчигинин (башкаруусунун) түзүмүндө коомдук кызмат адамынын (ККА) бардыгы жөнүндө маалымат (керектүүсүнүн алды сызылат) | 1) Бар 2) Жок ККА болсо, ККА анкетасы толтурулат |
3. Кардардын иш профили жөнүндө маалыматтар | ||
22) | Лицензиялоого жаткан ишти жүзөгө ашырууга болгон укукка лицензия жөнүндө маалыматтар (бар болсо): | |
| 22.1. Лицензиянын түрү |
|
| 22.2. Лицензиянын номери |
|
| 22.3. Лицензиянын берилген датасы |
|
| 22.4. Лицензия ким тарабынан берилген |
|
| 22.5. Лицензиянын колдонулуу мөөнөтү |
|
| 22.6. Лицензиялануучу иштин түрлөрүнүн тизмеги |
|
23) | Иштин негизги түрлөрү (анын ичинде, өндүрүлүүчү товарлар, аткарылуучу иштер, көрсөтүлүүчү кызматтар) |
|
24) | Кардардын максаты жана иш мамилесинин болжолдуу мүнөзү |
|
4. Кардарды верификациялоо, текшерүү жана тобокелдигинин деңгээли жөнүндө маалыматтар (финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар тарабынан толтурулат) | ||
25) | Кардарга верификация жүргүзүлгөндүгү жана верификациянын жыйынтыктары жөнүндө маалымат (керектүүсүнүн алды сызылат) | 1) Жүргүзүлдү 2) Жүргүзүлгөн жок 3) Башка эскертүү 4) Жүргүзүлгөн датасы: |
26) | Кардардын Санкциялык тизмектерде бар же жок экендигин текшерүү жана текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат (керектүүсүнүн алды сызылат) | 1) Тизмекте жок 2) Тизмекте бар 3) Текшерилген датасы жана убактысы: |
27) | Кардардын кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматы бар жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмегинде бар же жок экендигин текшерүү жана текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат (керектүүсүнүн алды сызылат) | 1) Тизмекте жок 2) Тизмекте бар 3) Текшерилген датасы жана убактысы: |
28) | Тобокелдиктин даражасы (деңгээли) (керектүүсүнүн алды сызылат): | 1) Жогорку тобокелдик 2) Төмөнкү тобокелдик |
29) | Тобокелдиктин даражасын (деңгээлин) баалоонун негиздемеси (жогорку тобокелдик критерийлери боюнча) |
|
30) | Анкетада баяндалган маалыматтардын толтурулган же акыркы жолу жаңыланган датасы (эгерде кардардын анкетасында маанилүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор болбосо, жаңы анкета толтурулбайт) |
|
31) | Анкетада баяндалган маалыматтардын кезектеги жаңыланган датасы (кардардын тобокелдигин баалоонун негизинде) |
|
32) | Ушул анкетада көрсөтүлгөн маалыматтар маалымат базасына киргизилген дата жана финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын жооптуу кызматчысынын Ф.А.А. | Датасы Ф.А.А. |
Мен, ____________________________________________________________________________,
(Анкетаны толтурган кызматкердин Ф.А.А.)
ушул анкетада көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын тастыктайм.
"Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруу максатында жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук алынды.
_____________________________________/ | ______________________ | "__" ___________ 20__ж.- |
(Ф.А.А.) | (колу) | (датасы) |
|
|
|
| М.О. |
|
|
| Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 3-тиркемеси |
Бенефициардык ээсинин анкетасынын типтүү формасы
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомунун редакциясына ылайык)
Анкетанын түрү (керектүүсүнүн алды сызылат) | ||
Алгачкы анкета | Жаңыланган анкета | |
| ||
№ | Анкетанын тилкелеринин аталышы | Маалыматтар |
| ||
1. Жалпы маалыматтар | ||
1) | Бенефициардык ээсинин тиби (керектүүсүнүн алды сызылат) | 1) Кардардын - юридикалык жактын бенефициардык ээси; 2) Кардардын - жеке жактын бенефициардык ээси |
2) | Бенефициардык ээсинин кызыкчылыгы үчүн аракеттенген кардардын аталышы | Ушул тилкеде кардардын - юридикалык жактын толук аталышы жана ИСН (ЧУК) же кардардын - жеке жактын аты-жөнү жана ИСН көрсөтүлөт |
3) | Кардардын анкетасынын номери жана датасы (бар болсо) |
|
4) | Жеке жакты бенефициардык ээси катарында таануу үчүн критерийлер (керектүүсүнүн алды сызылат) | 1) Акыр-аягында, түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) кардарга - юридикалык жакка ээлик кылган же анын үстүнөн контролду жүзөгө ашырган же кардардын - юридикалык жактын капиталына же активдерине ээлик кылуу (башкаруу) артыкчылыктарын колдонгон (кардардын - юридикалык жактын уставдык капиталында басымдуу катышууга (25% жогору) ээ же добуш берүү укугу менен кардардын - юридикалык жактын акцияларынын жалпы санынын 25% жогорусуна ээлик кылган) жеке жак. (Эгер ээлик кылуу кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) болсо, өз ара байланышты көрсөтүү зарыл) |
2) Анын атынан жана/же анын эсебинен кардар тарабынан акча каражаттары же мүлк менен операция (бүтүм) жасалган, анын ичинде аталган жеке жак акча каражаттарына же мүлккө карата менчик ээсинин укугуна ээ болбогон, ошондой эле кардарды контролдобогон учурдагы жеке жак | ||
3) Кардар менен түзүлгөн келишимдин негизинде кардардын акча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоосуна түз же кыйыр таасир берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ жеке жак. (Бул учурда келишимдин номерин жана датасын, колдонулуу мөөнөтүн, келишимдин предметин, башка маанилүү шарттарды көрсөткүлө) | ||
4) Операция (бүтүм) жүзөгө ашырылып жаткан акча каражаттарына же мүлккө карата менчик ээсинин укугуна ээ жеке жак | ||
5) Юридикалык жактын түзүмүндө ээлеген позицияларынын эсебинен (стратегиялык чечимдерди кабыл алууга жооптуу, аткаруучу контролду жүзөгө ашырат, финансылык маселелер боюнча чечим кабыл алат) кардарды - юридикалык жакты башкарууну жүзөгө ашыра алган жеке жак | ||
6) Акыр-аягында юридикалык уюмга, юридикалык уюмдун үстүнөн түздөн-түз контролду жүзөгө ашырган адамдарга кошо ээлик кылган жеке жак | ||
7) Белгилүү бир трасттын ишенимдүү менчик ээсинин (башкаруучунун) ролун аткарган жеке жак | ||
8) Башка ыкма менен кардардын иш-аракетин контролдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ жеке жак. (Бул учурда бенефициардык ээси кардардын иш-аракетин контролдоо мүмкүндүгүнө ээ болгон себебин көрсөткүлө (кардардын түшүндүрмөсү) | ||
9) Башка факторлор (кардардын ыктыяры боюнча) | ||
5) | Бенефициардык ээси - жеке жак катышуучусу (акционери) болуп саналган юридикалык жактын уставдык капиталындагы үлүш (% да) |
|
6) | Бенефициардык ээсинин таасир этүү тиби (кардар - жеке жак үчүн) (керектүүсүнүн алды сызылат) | 1) Ата-эне 2) Багып алуучу 3) Камкорчу 4) Багуучу 5) Башка |
7) | Финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын жеке жакты кардардын бенефициардык ээси катары таануу чечими жана кабыл алынган чечимдин негиздемеси (керектүүсүнүн алды сызылат) | 1) Ушул анкетада аталган жеке жак кардардын бенефициардык ээси болуп саналат; 2) Кардардын бенефициардык ээси төмөнкү себептер боюнча аныкталган жок: а) кардардын чынында эле бенефициардык ээси жок; б) кардарда анын бенефициардык ээси жөнүндө маалымат жок; в) кардар өзүнүн бенефициардык ээси жөнүндө маалымат берүүдөн баш тартат; г) кардардын бенефициардык ээси жөнүндө маалымат жалпыга жеткиликтүү маалымат булактарында жок |
2. Идентификациялык маалыматтары | ||
8) | Бенефициардык ээсинин статусу (керектүүсүнүн алды сызылат) | 1) Резидент 2) Резидент эмес |
9) | Фамилиясы |
|
10) | Аты |
|
11) | Атасынын аты (бар болсо) |
|
12) | Туулган датасы |
|
13) | Туулган жери (документте бар болсо) |
|
14) | Улуту (документте бар болсо) |
|
15) | Жынысы |
|
16) | Жарандыгы |
|
17) | Үй-бүлөлүк абалы (кардардын сөзүнөн же документте бар болсо) |
|
18) | Инсандыгын күбөлөндүргөн документтин маалымдаректери: | |
18.1. Документтин аталышы |
| |
18.2. Документтин сериясы жана номери |
| |
18.3. Документтин берилген датасы |
| |
18.4. Документтин колдонулуу мөөнөтүнүн аяктаган датасы |
| |
18.5. Документти берген органдын аталышы |
| |
18.6. Бөлүмдүн коду (болсо) |
| |
19) | Жеке идентификациялык номери |
|
20) | Катталган жеринин дареги (документте бар болсо) | Ушул тилкеде көрсөтүлөт: өлкө, облус, шаар, район, калктуу конуш, көчө, үй, корпус, батир |
21) | Чыныгы жашаган (турган) жеринин дареги (кардардын сөзүнөн) | Ушул тилкеде көрсөтүлөт: өлкө, облус, шаар, район, калктуу конуш, көчө, үй, корпус, батир |
22) | Бенефициардык ээсинин байланыш маалыматтары: | |
22.1. Телефондорунун номерлери (кызматтык жана уюлдук) |
| |
22.2. Факстын номери (бар болсо) |
| |
22.3. Электрондук почтанын дареги (бар болсо) |
| |
2.1. Чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам болуп саналган бенефициардык ээси үчүн гана толтурулат | ||
23) | Чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасында турууга (жашоого) болгон укугун тастыктоочу документтин маалымдаректери: | |
23.1. Документтин аталышы | 1) Жашап турууга уруксат 2) Убактылуу жашап турууга уруксат 3) Виза | |
23.2. Документтин сериясы (эгер болсо) жана номери |
| |
23.3. Турууга (жашоого) болгон укугун колдонуу мөөнөтүнүн башталган датасы |
| |
23.4. Турууга (жашоого) болгон укугун колдонуу мөөнөтүнүн аяктаган датасы |
| |
24) | Бенефициардык ээси коомдук кызмат адамы (ККА) болуп саналабы (керектүүсүнүн алды сызылат) | 1) Ооба 2) Жок Эгер ККА болсо, ККА анкетасы толтурулат |
3. Бенефициардык ээсин верификациялоо жана текшерүү жөнүндө маалыматтар (финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар тарабынан толтурулат) | ||
25) | Бенефициардык ээсине верификация жүргүзүлгөндүгү жөнүндө маалымат (керектүүсүнүн алды сызылат) | 1) Жүргүзүлдү 2) Жүргүзүлгөн жок 3) Башка эскертүү |
26) | Бенефициардык ээсин Санкциялык тизмектерде бар же жок экендигин текшерүү жана текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат (керектүүсүнүн алды сызылат) | 1) Тизмекте жок 2) Тизмекте бар 3) Текшерилген датасы жана убактысы: |
27) | Бенефициардык ээсинин Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматы бар жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмегинде бар же жок экендигин текшерүү жана текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат (керектүүсүнүн алды сызылат) | 1) Тизмекте жок 2) Тизмекте бар 3) Текшерилген датасы жана убактысы: |
28) | Бенефициардык ээсинин Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону), террористтик же экстремисттик ишти жасагандыгы, ошондой эле ушул ишти каржылагандыгы үчүн жаза мөөнөтүн өтөгөн жеке жактардын тизмегинде бар же жок экендигин текшерүү жана текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат (керектүүсүнүн алды сызылат) | 1) Тизмекте жок 2) Тизмекте бар 3) Текшерилген датасы жана убактысы: |
29) | Анкетада баяндалган маалыматтардын толтурулган же акыркы жолу жаңыланган датасы (эгерде кардардын анкетасында маанилүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор болбосо, жаңы анкета толтурулбайт) |
|
30) | Анкетада баяндалган маалыматтардын кезектеги жаңыланган күнү (кардардын тобокелдигин баалоонун жыйынтыгынын негизинде) |
|
31) | Ушул анкетада көрсөтүлгөн маалыматтар маалымат базасына киргизилген дата жана финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын жооптуу кызматчысынын Ф.А.А. | Датасы Ф.А.А. |
Мен, ____________________________________________________________________________,
(Анкетаны толтурган кызматкердин Ф.А.А.)
ушул Анкетада көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын тастыктайм.
"Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруу максатында жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук алынды.
__________________________________/ | ______________________ | "__" __________ 20__ж. |
(Ф.А.А.) | (колу) | (датасы) |
|
|
|
| М.О. (бар болсо) |
|
|
| Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 4-тиркемеси |
Коомдук кызмат адамынын анкетасынын типтүү формасы
Анкетанын түрү (керектүүсүнүн алды сызылат) | ||
Алгачкы анкета | Жаңыланган анкета | |
| ||
№ | Анкетанын тилкелеринин аталышы | Кардар жөнүндө маалымат |
1. Идентификациялык маалыматтар | ||
1) | Статусу (керектүүсүнүн алды сызылат) | 1) Резидент 2) Резидент эмес |
2) | Фамилиясы |
|
3) | Аты |
|
4) | Атасынын аты (бар болсо) |
|
5) | Туулган датасы |
|
6) | Туулган жери (документте бар болсо) |
|
7) | Улуту (документте бар болсо) |
|
8) | Жынысы |
|
9) | Жарандыгы |
|
10) | Үй-бүлөлүк абалы (кардардын сөзүнөн же документте бар болсо) |
|
11) | Инсандыгын күбөлөндүргөн документтин маалымдаректери: | |
11.1. Документтин аталышы |
| |
11.2. Документтин сериясы жана номери |
| |
11.3. Документтин берилген датасы |
| |
11.4. Документтин колдонулуу мөөнөтүнүн аяктаган датасы |
| |
11.5. Документти берген органдын аталышы |
| |
11.6. Бөлүмдүн коду (эгер бар болсо) |
| |
12) | Жеке идентификациялык номери |
|
13) | Банк эсебинин номери (бар болсо) |
|
14) | Катталган жеринин дареги (документте бар болсо) | Ушул тилкеде көрсөтүлөт: өлкө, облус, шаар, район, калктуу конуш, көчө, үй, корпус, батир |
15) | Чыныгы жашаган же турган жеринин дареги (кардардын сөзүнөн же документте бар болсо) | Ушул тилкеде көрсөтүлөт: өлкө, облус, шаар, район, калктуу конуш, көчө, үй, корпус, батир |
2. Коомдук кызмат адамынын иш профили жөнүндө маалымат | ||
16) | 16.1. Ээлеген кызмат орду жөнүндө маалымат |
|
16.2. Кызматка дайындалган датасы |
| |
16.3. Кызматтан бошотулган датасы |
| |
17) | Коомдук кызмат адамынын акча каражаттарынын жана мүлкүнүн келип чыгуу булагы жөнүндө маалымат |
|
18) | Коомдук кызмат адамын тейлөөгө кабыл алуу боюнча жазуу жүзүндөгү уруксат жөнүндө маалымат |
|
3. Коомдук кызмат адамынын үй-бүлө мүчөлөрү жөнүндө идентификациялык маалыматтар | ||
19) | Туугандык жайы (керектүүсүнүн алды сызылат) | 1) Жубай (жубайы); 2) Балдары, анын ичинде асырап алынгандары (андан ары ар бир үй-бүлө мүчөсүнө толтурулат) |
20) | Фамилиясы |
|
21) | Аты |
|
22) | Атасынын аты (бар болсо) |
|
23) | Жынысы |
|
24) | Туулган датасы |
|
25) | Жеке номери |
|
26) | Жарандыгы |
|
4. Коомдук кызмат адамынын жакын адамдары жөнүндө идентификациялык маалыматтар | ||
27) | Байланыш жайы (керектүүсүнүн алды сызылат) | 1) Жакын туугандары; 2) Улуттук коомдук кызмат адамы менен биргелешкен менчиги бар иш өнөктөрү; 3) Улуттук коомдук кызмат адамынын расмий өкүлдөрү болуп саналган адамдар (андан ары ар бир жакын адамына толтурулат) |
28) | Фамилиясы |
|
29) | Аты |
|
30) | Атасынын аты (бар болсо) |
|
31) | Жынысы |
|
32) | Туулган датасы |
|
33) | Жеке номери |
|
34) | Жарандыгы |
|
Мен, ____________________________________________________________________________,
(Анкетаны толтурган кызматкердин Ф.А.А.)
ушул Анкетада көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын тастыктайм.
"Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруу максатында жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук алынды.
_____________________________________/ | ______________________ | "__" _____________ 20__ж. |
(Ф.А.А.) | (колу) | (датасы) |
|
|
|
| М.О. |
|