Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 4-июлу № 373
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-мартындагы № 164, 2016-жылдын 12-июлундагы № 385, 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 , 2022-жылдын 30-мартындагы № 183 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 23-февралындагы № 93 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жаатында тартип бузууларга каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жаатында тартип бузууларга каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамында:
биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик жана инновациялар маселесин тейлеген вице-премьер-министри, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;";
төртүнчү жана бешинчи абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;".
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-мартындагы № 164 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 183 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-июлундагы № 385 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-августундагы № 541 "Кыргыз Республикасында балдар эмгегинин маселелери боюнча Координациялык кеңеш жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-апрелиндеги № 273 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-октябрындагы № 593 "Кыргыз Республикасында Балдар эмгегинин маселелери боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-августундагы № 541 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июлундагы № 426 "Кыргыз Республикасында Балдар эмгегинин маселелери боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-августундагы № 541 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-сентябрындагы № 219 "Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кырдаалды жайгаруу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-июлундагы Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтому.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2014-жылдын 8-июлунда № 53 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| Дж.Оторбаев |