Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 21-августундагы N 537 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасындагы баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишмердигинин УБАКТЫЛУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы N 622, 2005-жылдын 17-июнундагы N 234, 2006-жылдын 3-апрелиндеги N 217, 2012-жылдын 3-декабрындагы N 807, 2019-жылдын 5-февралындагы № 39 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасындагы баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишмердигинин убактылуу эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасындагы баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишмердигинин укуктук негиздерин аныктайт жана жеке менчик ээлеринин мүлктүк укугун коргоого көмөктөшкөн мүлктү баалоо системасын түзүүгө багытталат.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы N 234 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Эрежелер менчиктин бардык формасындагы бардык чарбакер субъектилерге алардын уюштуруу-укук формаларына карабай колдонулат.
Кыргыз Республикасында баалоо ишинин субъекттеринин реестрин жүргүзүү Кыргыз Республикасында баалоо ишин өнүктүрүү жана жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишке ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 39 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишмердигине байланыштуу пайда болгон мамилелер ушул Эрежелердин жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде жөнгө салынат.
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-декабрындагы N 807 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы N 622, 2005-жылдын 17-июнундагы N 234, 2012-жылдын 3-декабрындагы N 807 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. (КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги N 217 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын аймагында мүлктү баалоону ушул Эрежелердин талабына ылайык баалоочулар жана баалоо уюмдар жүргүзүшү мүмкүн (мындан ары - баалоочулар).
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы N 234 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Баалоочу юридикалык жак түзбөстөн же баалоочу уюмдун штаттык кызматкери катары жекече иш-аракет тартибинде баалоо иш-аракетин жүзөгө ашыра алат.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы N 234 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Баалоо иштерин жүргүзүүдө баалоочулар мыйзамдык жана ченемдик актыларды, кесиптик стандарттарды, этикалык ченемдерди сактоого милдеттүү, ошондой эле мүлктү баалоо жаатында дүйнөлүк практиканын жетишкендиктерин пайдалана алышат.
(КРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы N 234 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Баалоочуда төмөндөгүлөр болууга тийиш:
- мамлекеттик жана расмий тилде жазылган тексти менен ысымдык тегерек мөөр;
- фамилиясы, аты, атасынын аты, иштеген жеринин дареги менен штамп коюлган дата.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы N 234 токтомунун редакциясына ылайык)
II. Кыргыз Республикасында баалоо жүргүзүүнүн шарттары жана тартиби
9. Кыргыз Республикасында баалоо жүргүзүүнүн шарттары менен тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Эрежелер менен жөнгө салынат.
10. Баалоо баалоочу же баалоо уюму (аткаруучу) жана заказчынын ортосунда түзүлгөн, баалоо жүргүзүүнүн предметин жана мөөнөтүн, көрсөтүлгөн кызматтын көлөмүн, төлөөнүн өлчөмүн жана тартибин, ошондой эле макулдашкан тараптардын жоопкерчиликтерин караштырган келишимдин негизинде жүргүзүлөт. Заказчы баалоочу өзүнүн кесиптик иштерин аткарышы үчүн келишимде айтылган зарыл шарттарды түзүүгө милдеттүү.
11. Келишимдин мазмуну аткаруучу менен заказчынын өз ара мамилесинде жашырын маалымат болуп эсептелет, мында баалоочу өзүнүн кардарынан, ошондой эле кайсы болбосун үчүнчү кызыкдар тараптардан да толугу менен көз карандысыз болуусу керек.
12. Баалоочунун түзүлгөн келишимдин шарттарын аткаруу мөөнөтүнүн аякташы баалоо жөнүндө отчеттун актысын бергени менен аныкталат.
Баалоочунун отчетунда белгиленген, баалоо объектисинин рыноктук же башка наркынын чоңдугунун тууралыгы жөнүндө талаш болгон учурда, баалоону башка баалоочу (кайталап баалоо) жүргүзүшү мүмкүн.
Отчетто белгиленген, анын ичинде ошол эле объектини баалоо жөнүндө башка отчеттун болгондугуна байланыштуу, баалоо объектисинин рыноктук же башка наркынын чоңдугунун тууралыгы жөнүндө талаш болгон учурда, көрсөтүлгөн талаш тараптардын макулдугу менен калыс же сот тарабынан каралууга тийиш.
13. (КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги N 217 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
14. Заказчы ушул Эреженин 20-пунктунун талаптарын сактоо менен баалоочуну тандоого укуктуу.
15. Заказчы баалоо жүргүзүүдө баалоочу менен түзүлгөн келишимге ылайык баалоочуга берген документтердин жана башка маалыматтардын толуктугу жана тактыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталгандай жоопкерчилик тартат.
16. Эгерде келишимди түзгөндө заказчы келишимде айтылган, баалоо иштерин объективдүү жүргүзүү үчүн зарыл маалыматтарды бербесе, же болбосо берилген маалыматтар бүт же айрымдары туура эмес болгон учурда баалоочуга жоопкерчилик жүктөлбөйт.
Баалоочу кийинки (баалоо датасынан кийин) баалоо объектисинин наркына таасир эткен экономикалык, саясий, техникалык жана башка кырдаалдардын өзгөргөнү, ошондой эле баалоонун жыйынтыктарын заказчы, мүлк ээси же үчүнчү тарап баалоого берилген тапшырмада жана баалоо боюнча отчетто каралбаган башка максаттарга пайдаланганы үчүн жоопкерчилик тартпайт.
Баалоочуга өз алдынча чогулткан маалыматтары үчүн келишимдин шарттарына ылайык жоопкерчилик жүктөлүшү мүмкүн.
17. Чет өлкөлүк баалоочу даярдаган баалоо отчетунун Кыргыз Республикасынын аймагында жарактуулугун камсыз кылуу максатында, аны баалоо тармагында кесиптик билим алгандыгын ырастаган документи бар Кыргыз Республикасынын баалоочусу менен күбөлөндүрөт (эгерде эл аралык макулдашууда башка каралбаса).
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы N 234 токтомунун редакциясына ылайык)
III. Мүлк баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын баалоо иштерин жүргүзүүдөгү укуктары жана милдеттери
18. Баалоочу төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына, баалоонун эрежелери менен стандарттарына, заказчы менен түзүлгөн келишимдин шарттарына, эл аралык практикага ылайык, ошондой эле өз кесиптик түшүнүктөрүнө жана тажрыйбасына таянып баалоо жөнүндө отчеттун түрүн өз алдынча аныктоого;
- баалоо жүргүзүүдө заказчыдан баалоочу же анын өкүлү баалоо объектисине кирүү мүмкүнчүлүгүн жана баалоочунун ою боюнча бул баалоону ишке ашыруу үчүн зарыл болгон документтерди толук берүүнү талап кылууга;
- үчүнчү тараптардан, анын ичинде мамлекеттик органдардан дагы, мамлекеттик же коммерциялык сыр болбогон маалыматтардан башка маалыматтарды баалоо объектисине баалоо жүргүзүү үчүн кат жүзүндө суроого; эгерде андай маалыматтар берилбегендиги объектинин баасын аныктоонун тууралыгына бир кыйла таасир тийгизсе, баалоочу аны баалоо жөнүндө отчетто көрсөтөт;
- зарыл болгондо, баалоо объектилеринде иштегендерден, жетекчилер (менчик ээси) менен кызматташ, тике туугандык жайы же жалпы финансылык кызыкчылыгы бар тараптардан башка баалоочуларды же болбосо башка адистерди келишимдин негизинде баалоо жүргүзүүгө катышууга тартууга укуктуу, алардын аракети (аракетсиздиги) үчүн баалоочу өзүнүн аракети (аракетсиздиги) сыяктуу эле жоопкерчилик тартат;
- эгерде заказчы келишимдин шарттарын бузса, баалоо объектиси жөнүндө зарыл маалыматтар менен камсыз кылбаса же келишимге ылайык жумуштун шарттарын камсыз кылбаган учурда баалоо объектисине баалоо жүргүзүүдөн баш тартууга;
- колдонуудагы эрежелердин жана баалоо стандарттарынын, заказчы менен келишимдин шарттарынын чегинде баалоонун методдорун өз алдынча аныктоого;
- баалоо объектисинин ээсинен жана ыйгарым укук берилген адамдан колдонуудагы эрежелер менен баалоо стандарттарынын чегинде баалоо жүргүзүү үчүн зарыл бардык түшүндүрүүлөрдү жана кошумча маалыматтарды оозеки жана жазуу жүзүндө алууга;
- объектке баалоо жүргүзүүгө байланышкан чыгымдардын ордун толтурууну жана соттун талабы боюнча баалоо жүргүзүү үчүн акчалай акы талап кылууга.
19. Баалоочу төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- баалоо боюнча кызматты тиешелүү түрдө көргөзүүгө;
- келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн заказчынын алдында Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жооп берүүгө;
- баалоону ишке ашырууда ушул Эрежелердин талаптарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укук актыларын сактоого;
- ушул Эрежелерде каралган учурда, ошондой эле объективдүү баалоо жүргүзүүгө тоскоолдук болгон башка кырдаалдардын натыйжасында баалоо жүргүзүүгө өзүнүн катышууга мүмкүнчүлүгү болбогондугу жөнүндө заказчыга билдирүүгө;
- баалоо жүргүзүүнүн жүрүшүндө заказчыдан, баалоо объектисинин ээсинен жана үчүнчү тараптан алган документтердин сакталуусун камсыз кылууга жана заказчыга андан алган документтерди баалоо жөнүндө отчет менен бирге берүүгө;
- заказчыга баалоо тармагында кесиптик билим алгандыгын ырастаган документтер бардыгы жөнүндө билдирүүгө;
- баалоо жүргүзүүнүн жүрүшүндө заказчыдан жана баалоо объектисинин менчик ээсинен алынган жашырын маалыматтарды, ошондой эле баалоонун жыйынтыктарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда заказчынын жана баалоо объектисинин ээсинин уруксаты жок ачыкка чыгарбоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, анда сакталган баалоо жөнүндө отчетто камтылган маалыматтарды укук коргоо, сот башка атайын укук берилген органдарга алардын расмий мыйзамдуу талаптары боюнча, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берүүгө;
- баалоо жөнүндө түзүлгөн отчетту жана иштин документтерин үч жылга чейин сактоого.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы N 234 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Көз карандысыз баалоо жүргүзүүгө төмөндөгүдөй учурларда уруксат берилбейт, эгерде:
- баалоо объектисине карата баалоочунун баалоо келишиминен сырткары буюмдук же милдеттенмелик укугу болсо;
- баалоочу юридикалык жактын уюштуруучусу, менчик ээси, акционери, кредит берүүчүсү, камсыздандыруучусу болсо же юридикалык жак баалоочунун уюштуруучусу, акционери, кредит берүүчүсү, камсыздандыруучусу болсо;
- баалоочу баалоо объектисинин кызматкери болсо;
- баалоочу баалоо объектисинин жетекчилигинин мүчөлөрүнүн бири менен, ошондой эле ушул пункттун башка абзацтарында саналган тараптар менен жакын тууган болсо;
- баалоочу баалоо объектисинин туунду ишканасынын же филиалынын жетекчиси, ортоктошу же кызматкери болсо.
IV. Баалооочулардын жана баалоо уюмдарынын жоопкерчилиги
21. Ушул Эрежелерди жана Кыргыз Республикасынын баалоо ишмердиги жаатындагы башка ченемдик укук актыларын бузгандыгы үчүн баалоочулар келишимде, ушул Эрежелерде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчилик тартат.
22. Кыргыз Республикасынын баалоо ишмердиги жана баалоо стандарттары жөнүндө мыйзамдарын бузуунун натыйжасында келтирилген зыян келишимде шартталган тартипте же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык орду толтурулууга тийиш.
23. Эгер баалоочунун документтерди пайдалануусунун шартында айтылса, баалоочу заказчыдан алган маалыматтарды жарыялагандыгынын натыйжасында ага келтирилген зыян үчүн материалдык жоопкерчилик тартат.
24. Заказчынын жана (же) баалоо объектисинин ээсинин күнөөсү менен келтирилген зыяндын орду баалоочу тарабынан толтурулбайт.
25. Баалоочулар баалоо ишинин жүрүшүндө алар тарабынан алынган жана (же) түзүлгөн мааалыматтар менен документтердин сакталышын камсыз кылууга милдеттүү жана бул документтерди же алардын көчүрмөсүн кандай гана болбосун үчүнчү тарапка берүүгө же болбосо андагы камтылган маалыматтарды заказчынын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз жарыялоого укугу жок.
Көрсөтүлгөн иштердин жасалганы сот тартибинде аныкталат.
26. Ушул Эрежелердин талабына ылайык келбеген баалоочунун баалоо иш-аракетин жүргүзүүсүнө жол берилбейт.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы N 234 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Баалоочулар баалоо жүргүзүүнүн жүрүшүндө алынган маалыматтарды башка ишкерчиликти жүргүзүү максатында колдонууга укуксуз.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы N 234 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Баалоочулар баалоо жүргүзүүнүн жүрүшүндө жана баалоо жөнүндө отчет түзгөндө ченемдик укуктук актылардын жана баалоо стандарттарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы N 234 токтомунун редакциясына ылайык)
29. (КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы N 234 токтомуна ылайык күчүн жоготкон)
30. Эгерде заказчы менен баалоочунун ортосундагы келишимде башка каралбаса, баалоочу мүлктү баалоонун жыйынтыктарына байланыштуу заказчынын финансы-чарбалык абалына жоопкерчилик тартпайт.
31. Баалоочунун же баалоо уюмунун аракеттерине сот органына даттанууга мүмкүн болот.
V. Кыргыз Республикасынын аймагында баалоочуларды жана баалоо уюмдарын профессионалдык каттоо
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы N 234 токтомуна ылайык күчүн жоготту)