Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-февралы № 57
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Адам укугу боюнча координациялык кеңештин ишин иретке келтирүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17 жана 40-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 17-мартындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Адам укугу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Адам укугу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жободо:
- 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Координациялык кеңештин чечими менен мыйзамдарда каралган учурларда Кыргыз Республикасында адам укуктары жана эркиндиктери чөйрөсүндөгү конкреттүү маселелерди изилдөө үчүн мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн комиссия түзүлүшү мүмкүн.
Кыргыз Республикасында адам укуктары жана эркиндиктери чөйрөсүндөгү конкреттүү маселелерди изилдөө үчүн комиссияны түзүү жөнүндө чечим Координациялык кеңеш тарабынан жыйын өткөрбөстөн, сурамжылоо жолу менен кабыл алынышы мүмкүн.";
- 11-пунктундагы "үч" деген сөз "төрт" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 12-пунктунун жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин жоболорун аткаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын улуттук мезгилдүү баяндамаларын даярдоо боюнча жумушчу топторду, Кеңешке жиберилген, жарандардын билдирүүлөрүн жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топторду түзөт;";
- төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи жана тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"- Координациялык кеңештин катчылыгынын өкүлдөрүнөн жана/же адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин жоболорун аткаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын улуттук мезгилдүү баяндамаларын даярдоого тартылган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн, ошондой эле Кеңешке жиберилген, жарандардын билдирүүлөрүн жана даттанууларын кароодо тиешелүү жумушчу топтордун жетекчилерин аныктайт.
- Кыргыз Республикасында адам укуктары жана эркиндиктери чөйрөсүндөгү конкреттүү маселелерди изилдөө үчүн комиссиянын курамын бекитет.";
- 14-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14. Координациялык кеңеш өзүнүн ишин ушул Жобого, кабыл алган чечимдерине жана жыл сайын бекитилүүчү пландарга ылайык уюштурат.";
- 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. Координациялык кеңештин жыйындары зарылдыгына жараша, бирок кварталда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
Координациялык кеңештин иш планына, ошондой эле Координациялык кеңештин протоколдук чечимдерине ылайык тиешелүү материалдарды даярдоо жүктөлгөн Координациялык кеңештин мүчөлөрү жана жооптуу адамдар алардын сапатына, өз убагында аткарылышына жана Координациялык кеңештин катчылыгына берилишине жеке жоопкерчилик тартышат.
Координациялык кеңештин жыйынына материалдар Координациялык кеңештин жыйынын өткөрүү күнүнө чейин 10 жумуш күндөн кечиктирбей Координациялык кеңештин катчылыгына берилет.";
- 21-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Координациялык кеңештин кезектеги жыйынына чейин аткаруучу-органдын Координациялык кеңештин катчылыгына жазуу жүзүндөгү кайрылуусу боюнча маанилүү негиздер болгон учурда Координациялык кеңештин чечимдерин аткаруу мөөнөтү узартылышы мүмкүн.";
- 28-пункту төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"- Координациялык кеңештин пландарынын жана чечимдеринин аткарылышын контролдоо;".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-ноябрындагы № 731 "БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдарынын билдирүүлөрүн жана чечимдерин кароо боюнча мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүлөрүнүн маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген, БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдарынын билдирүүлөрүн жана чечимдерин кароо боюнча мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүлөрүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Координациялык кеңештин мүчөлөрү - мамлекеттик органдар адам укуктары боюнча БУУнун келишимдик органдарынын билдирүүлөрүн жана чечимдерин кароо боюнча катчылык менен өз ара аракеттенүүнү камсыздоо үчүн жооптуу жактарды аныктайт.".
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 26-февралындагы N 14 жарыяланды
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |