Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-ноябры № 731
БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдарынын билдирүүлөрүн жана чечимдерин кароо боюнча мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүлөрүнүн маселелери жөнүндө
БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдарынын жеке даттанууларын (билдирүүлөрүн) жана чечимдерин (пикирлерин) кароо механизмин тартипке келтирүү жана өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдарынын билдирүүлөрүн жана чечимдерин кароо боюнча мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүлөрүнүн тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Адам укугу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Адам укугу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жободо:
- 12-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- Кеңешке жиберилген жарандардын билдирүүлөрүн жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топторду түзөт.".
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С.Исаков |
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-ноябрындагы № 731 токтому менен бекитилген |
БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдарынын билдирүүлөрүн жана чечимдерин кароо боюнча мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүлөрүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 57 , КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-сентябрындагы № 623 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдарынын чечимдерин камсыздоо боюнча мамлекеттин милдеттенмелерине байланыштуу пайда болгон мамилелерди жөнгө салат.
Ушул Жобо жеке билдирүүлөр келип түшкөндө мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүү тартибин жөнгө салат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-сентябрындагы № 623 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй негизги аныктамалар колдонулат:
БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдары - күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык компетенциясы Кыргыз Республикасы тарабынан таанылган, функциялары адам укуктары боюнча эл аралык келишимдердин аткарылышын контролдоону караган БУУнун эл аралык органдары.
Компетенциясы Кыргыз Республикасы тарабынан адам укуктарынын бузулушу жөнүндө жеке билдирүүлөрдү кароо болуп таанылган БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдарына төмөнкүлөр кирет: БУУнун адам укуктары боюнча комитети жана БУУнун Аялдарга карата басмырлоону жоюу боюнча комитети. Муну менен бирге атайын баяндамачынын функциялары болуп БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдарынын пикирин аткаруу маселелери боюнча мамлекет менен коммуникацияны киргизүү саналат.
Билдирүү (жеке даттануу/арыз) - Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, эл аралык келишимдерде баяндалган кайсы бир укуктардын Кыргыз Республикасы тарабынан бузулушуна даттануу менен Кыргыз Республикасынын юрисдикциясы алдында турган адамдын компетенциясы ушундай кайрылууларды кабыл алуу жана кароо күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасы тарабынан таанылган БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдарына жазуу жүзүндөгү кайрылуусу.
Билдирүүнүн алгылыктуулугу - БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдары тарабынан билдирүүнү каттоо жана кароо үчүн зарыл болгон формалдуу шарттарды сактоону талап кылуу.
Билдирүүнүн маңызы - билдирүүнүн мазмуну, анын негизинде БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдары адам укуктары боюнча эл аралык келишимдерге ылайык жабырлануучунун - арыз ээсинин болжолдонгон укуктары бузулгандыгы же бузулбагандыгы жөнүндө чечим кабыл алат;
Арыз ээси - БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органына билдирүү, жеке даттануу берген адам (адам укуктарынын бузулушунун болжолдонгон курмандыгы, анын өкүлү).
БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органынын чечими - чечим же пикир түрүндө билдирүүнүн маңызы боюнча кабыл алынган БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдарынын актысы.
2. БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдары менен өз ара аракеттенүү тартиби
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине келип түшкөн билдирүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинине караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин катчылыгына (мындан ары - Катчылык) билдирүү (жеке даттануу/арыз) келип түшкөн күндөн тартып он жумуш күндөн кечиктирилбестен жөнөтүлөт.
БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдарынан көлөмү 15 беттен ашык англис тилиндеги жеке даттануулар (билдирүүлөр), чечимдер (пикирлер) келип түшкөндө Катчылык аларды мамлекеттик же расмий тилдерге (расмий эмес) которууну камсыз кылат.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине келип түшкөн күндөн тартып билдирүүнүн алгылыктуулугу же алгылыктуу эместиги боюнча позицияны аныктоо жана БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдарга мамлекеттин расмий позициясын жөнөтүү боюнча жалпы мөөнөт эки айдан ашпашы керек.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-сентябрындагы № 623 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ар бир билдирүү (жеке даттануу/арыз) келип түшкөндө Катчылык беш жумуш күндүн ичинде жумушчу топту түзүү үчүн талапкерди көрсөтүү жөнүндө тиешелүү мамлекеттик органдарга кат жөнөтөт (даттануунун маңызынын негизинде).
Тиешелүү мамлекеттик органдар үч жумуш күндүн ичинде жумушчу топтун курамына кошуу үчүн Катчылыкка талапкерлерди киргизет.
Он жумуш күндүн ичинде Катчылык анын алгылыктуулук критерийлерине ылайык келүү предметине жана билдирүүнүн (жеке даттануу/арыз) маңызы боюнча изилдөө үчүн жумушчу топту түзүү жөнүндө чечимдин долбоорун даярдайт. Анда алгылыктуулугу/алгылыктуу эместигинин позициялары боюнча Кыргыз Республикасынын негиздүү жообунун долбоорун берүү мөөнөтү каралган жана аны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинине караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин (мындан ары - Координациялык кеңеш) төрагасына бекитүүгө киргизет.
Бул учурда жумушчу топтун ишин координациялоо максатында Координациялык кеңештин төрагасынын чечиминде жооптуу мамлекеттик орган аныкталат.
Координациялык кеңештин мүчөлөрү - мамлекеттик органдар адам укуктары боюнча БУУнун келишимдик органдарынын билдирүүлөрүн жана чечимдерин кароо боюнча катчылык менен өз ара аракеттенүүнү камсыздоо үчүн жооптуу жактарды аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 57, КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-сентябрындагы № 623 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Ошол эле мезгилде Катчылык билдирүү келип түшкөн учурдан тартып жети жумуш күндүн ичинде билдирүүнүн алгылыктуулугунун критерийлери боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардан зарыл болгон маалыматты сурайт.
6. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары Катчылык белгилеген мөөнөттө (бир айга чейин) БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдарынын жол-жоболорунда белгиленген критерийлерге ылайык келишине документтердин алгылыктуулугу же алгылыктуу эместиги боюнча өзүнүн позициясын тастыктаган жүйөөлүү жообун жөнөтөт, ал өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) арыз ээси Кыргыз Республикасы үчүн белгиленген тартипте күчүнө кирген адам укуктары боюнча эл аралык келишимдин жоболорунун бузулушуна карата гана билдирүүнү жибериши мүмкүн. Эгер арыз ээси тиешелүү эл аралык келишимдерде каралбаган укук бузууларга шилтеме кылса, анда билдирүү (жеке даттануу) алгылыктуу эмес деп таанылат;
б) адам укуктарынын бузулуу фактысы жоболордун бузулушуна арыз ээси шилтеме кылган эл аралык келишимдин Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө киргенден кийин орун алышы керек;
в) билдирүү тоголок болбошу, ошондой эле тиешелүү эл аралык келишимдердин катышуучусу болуп саналган Кыргыз Республикасынын юрисдикциясы алдында турган жактан жана жактардан берилбеши керек. Бул критерий билдирүүлөр (жеке даттануу) укуктары Кыргыз Республикасынын аймагында бузулган жактардан, же алардын өкүлдөрүнөн берилиши мүмкүн дегенди түшүндүрөт, бул учурда өзүн адам укуктарынын бузулушунан жапа чектим деп эсептеген жак БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдарына кайрыла албай жаткандыгынын себептерин көрсөтүшү керек;
г) билдирүү берген жак өзү шилтеме кылып жаткан эл аралык келишимдин катышуучусу болуп саналган Кыргыз Республикасынын эреже бузууларынын курмандыгы болуп саналгандыгын жетишээрлик негиздүү далилдейт. Бул критерий билдирүү (жеке даттануу) берген жак өзүнүн жүйөөлөрүн тастыкташы керек (тастыктаган далилдерди келтирүү, документтерди тиркөө ж.б.) дегенди түшүндүрөт. Өз кезегинде Кыргыз Республикасы өзүнүн аргументтерин ырастоо үчүн ырастоочу документтерди тиркейт;
д) билдирүүнүн өзү билдирүүлөрдү берүү укугун кыянаттык менен пайдалануу түрүндө болбошу керек: бир эле иш боюнча жеке даттануу менен кайталап кайрылганда, эгерде мурда ушул эле БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик орган адам укуктарынын бузулбагандыгы жөнүндө чечим чыгарган болсо даттануу алгылыктуу эмес деп таанылат; буга иш үчүн маанилүү болуп саналган жаңы жагдайлардын пайда болушу кирбейт;
е) эл аралык териштирүүнүн же жөнгө салуунун башка жол-жобосуна ылайык билдирүү каралбайт;
ж) арыз ээси укуктук коргоонун бардык жеткиликтүү ички каражаттарын түгөткөндүгү.
7. Жумушчу топ Координациялык кеңештин төрагасы менен белгиленген мөөнөттөрдө мамлекеттик органдардан келип түшкөн материалдарын изилдейт жана мамлекеттин жообунун негизделген долбоорун даярдайт жана аны Катчылыкка жөнөтөт.
Билдирүүнүн алгылыктуулугу тууралуу жооп 50 барактан ашпашы керек (тиркемесиз). Эгерде сын-пикирлердин көлөмү 20 барактан ашса ага резюме же кыскача баяндама киргизүү керек.
8. Катчылык Координациялык кеңештин төрагасына тиешелүү жумушчу топ тарабынан даярдалган мамлекеттин жообун бекитүү үчүн киргизет.
Талаш маселелер пайда болгон учурда Катчылык Координациялык кеңештин төрагасынын макулдугу менен аталган жоопту кароо жана бекитүү үчүн Координациялык кеңештин кезектеги жыйынына киргизет.
9. Билдирүүнүн (жеке даттануунун/арыздын) алгылыктуулугу тууралуу Кыргыз Республикасынын бекитилген жообу Катчылык тарабынан БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдарына андан ары жиберүү үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлөт.
Анын алгылыктуу эместигине байланыштуу билдирүү (жеке даттануу) четке кагылган учурда тастыктоочу документтерди тиркөө менен алгылыктуу эместигинин негиздемелери көрсөтүлөт.
Бул учурда жумушчу топ жооптуу мамлекеттик органдын жетекчилигинин алдында билдирүүнүн (жеке даттануунун/арыздын) маңызын кароо боюнча андан аркы ишин улантат.
10. Адам укуктары боюнча БУУнун келишимдик органдары билдирүүнүн (жеке даттануунун) алгылыктуу эместиги жөнүндө чечим кабыл алышса Координациялык кеңештин төрагасынын чечими боюнча жумушчу топтун иши токтотулат.
11. Билдирүүлөрдүн алгылыктуулук маселелери боюнча кошумча документтерди жана маалыматтарды берүү жөнүндө БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органынын суроо-талабы келип түшкөндө Катчылык жумушчу топ менен бирдикте БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдары белгилеген мөөнөттө же Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине суроо-талап келип түшкөн учурдан тартып бир айдын ичинде жооп берет.
12. Зарыл болгон учурда жеке билдирүүлөрдү (жеке даттанууларды/арыздарды) кароо боюнча жумушчу топ Координациялык кеңештин Катчылыгына жеке билдирүүнүн алгылыктуулугунун критерийлерин арыз ээсинин сактоосу боюнча жоопту даярдоонун мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдарына жүйөөлөштүрүлгөн суроо-талаптын даярдалган долбоорун киргизет.
Катчылык Координациялык кеңештин төрагасына же төраганын орун басарына жоопту даярдоо мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдарына тиешелүү жумушчу топ тарабынан даярдалган суроо-талапты бекитүүгө киргизет.
Координациялык кеңештин төрагасы же төраганын орун басары тарабынан бекитилген суроо-талап андан ары БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдарына жөнөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жиберилет.
3. Билдирүүнүн (жеке даттануунун) маңызын кароодо өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруунун тартиби
13. Билдирүүдө (жеке даттанууда) баяндалган жүйөөлөргө жана аргументтерге (маңызы боюнча) мамлекеттин маалыматты (каршы пикирди) берүүсүнүн жалпы мөөнөтү ал Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине келип түшкөн жана БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдарына мамлекеттин расмий позициясы жөнөтүлгөн күндөн тартып билдирүүнүн алгылыктуулугу же алгылыктуу эместиги боюнча позицияны аныктоо үчүн убакытты кошкондо алты айдан ашпоого тийиш.
14. Жооптуу мамлекеттик орган жана жумушчу топ жыйырма жумуш күндүн ичинде билдирүүнү (жеке даттанууну) талдап жана билдирүүнүн мазмунунун негизинде Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдарынын ар бири үчүн маселелердин негизги тизмегин аныктайт жана коюлган маселелерге маалымат берүү өтүнүчү менен суроо-талап жиберет.
15. Мамлекеттик органдар коюлган маселелерге жүйөөлүү, негизделген аргументти берет жана даярдалган маалыматты жооптуу мамлекеттик органга жана Катчылыкка бир айдын ичинде тастыктоочу документтер менен бирге жиберет.
Зарыл болгон учурда мамлекеттик органдар негизги тизмекке кирбеген маселелер боюнча аргументти негиздөө үчүн мааниси бар тастыктоочу документтер менен маалымат берет.
16. Зарыл болгон учурда (жооптор толук болбогондо, тастыктоочу документтер жок болгондо) жооптуу мамлекеттик орган жүйөөлүү жоопторду берүү өтүнүчү менен тактоочу жана/же кошумча суроо-талаптарды жөнөтөт.
17. Жооптуу мамлекеттик орган жана жумушчу топ Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан алынган маалыматты (каршы пикирлерди) бир айдын ичинде жалпылайт, мамлекеттин жообунун долбоорун даярдайт жана аны Катчылыкка жиберет.
Билдирүүнүн маңызына карата мамлекеттин жообунун (сын-пикиринин) көлөмү 50 барактан ашпашы керек (тиркемесиз). Жооптун көлөмү 20 барактан ашкан учурда ага резюме же кыскача баяндама кошуу керек.
18. Катчылык Координациялык кеңештин жыйынына жооптуу мамлекеттик орган тарабынан даярдалган билдирүү боюнча Кыргыз Республикасынын жообун кароо жана бекитүү үчүн киргизет.
19. Координациялык кеңеш тарабынан бекитилген мамлекеттин жообу БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органына андан ары жиберүү үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлөт.
20. Билдирүүнүн (жеке даттануунун) ээсинин каршы пикирлери келип түшкөн учурда Катчылык аны жогоруда аталган тартипте кароо жана БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдарына эки айга чейинки мөөнөттө арыз ээсинин каршы пикирине жооп берүү үчүн ушул билдирүү (жеке даттануу) боюнча мурда аныкталган жооптуу мамлекеттик органга өткөрүп берет. Ушундай түрдөгү документтердин көлөмү 10 барактан ашпашы керек (тиркемесиз).
21. Кароонун каалаган баскычында Координациялык кеңеш кайрылууну кароону чектелген убакытка токтото туруу же билдирүүнүн аспектилерине тиешелүү жаңы жагдайлар пайда болгондугуна байланыштуу билдирүүнү кароону токтотуу жөнүндө суроо-талап менен БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдарына кайрылуу чечимин кабыл алышы мүмкүн.
4. БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдарынын чечимдерин жарыялоо, каттоо жана сактоо
22. Координациялык кеңештин төрагасынын жактыруусу менен БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдары тарабынан кабыл алынган пикирдин (чечимдин) толук тексти Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын сайттарына жайгаштырылат.
23. Катчылык БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдарынын пикирлерин (чечимдерин) каттоону жана эсепке алууну жүзөгө ашырат.
5. БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдарынын чечимдерин (пикирлерин) кароо
24. БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдары тарабынан кабыл алынган чечимдер (пикирлер) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан ал келип түшкөн күндөн тартып он төрт календарлык күндүн ичинде Катчылыкка жөнөтүлөт.
25. Катчылык чечимди (пикирди) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына аны мыйзамда белгиленген тартипте кароо үчүн жөнөтөт.
26. Жазык жана жарандык сот өндүрүшү менен байланышпаган чечимдер (пикирлер) чечимдин (пикирдин) мүнөзүнө жараша кароо үчүн Катчылык тарабынан тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлөт.
27. Катчылык БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдарынын чечимдерин (пикирлерин) кароо боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынан маалыматты сурайт.
28. Көрүлгөн же пландаштырылган чаралар жөнүндө Координациялык кеңештин төрагасы менен макулдашылган маалымат БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдарына андан ары жиберүү үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлөт.
29. Көрүлгөн чаралар жөнүндө мамлекеттин маалыматын берүүнүн жалпы мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине чечим (пикир) келип түшкөн күндөн тартып беш айдан ашпаган мөөнөттү түзөт.
30. БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдары кароонун кыйла кыска мөөнөттөрүн белгилеши мүмкүн.
6. Адекваттуу жана ченемдеш компенсация
31. Келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн компенсациянын өлчөмүн аныктоо сот тартибинде белгиленет.
7. БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдарынын чечимдеринин (пикирлеринин) аткарылышын контролдоо
32. БУУнун адам укуктары боюнча келишимдик органдарынын келип түшкөн билдирүүлөрүн жана чечимдерин контролдоо Катчылык тарабынан жүзөгө ашырылат.