Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 6-июнундагы № 299 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Тиркеме | |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-февралындагы № 56 токтомуна) |
"Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган Жолдо жүрүүнүн жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-июлундагы № 334, 2020-жылдын 11-майындагы № 247, 2020-жылдын 21-августундагы № 431 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти (мындан ары - АПК) колдонуу менен фиксацияланган Жолдо жүрүүнүн жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү, эсепке алуу жана пайдалануу тартибин жөнгө салат.
2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
конкурс - мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө жана консультациялык кызматтарды көрсөтүүгө жеңүүчүнү аныктоо аркылуу тандоо;
салыштырып-текшерүү актысы - белгилүү бир мезгил үчүн тараптардын ортосунда өз ара эсептешүүлөрдүн абалын чагылдырган документ;
администрацияланган эсеп - "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында АПК колдонуу менен фиксацияланган Жолдо жүрүүнүн жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу үчүн төлөнүүчү айыптарды жыйноо боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы үчүн ачылган эсеп;
"Коопсуз шаар" автоматташтырылган маалыматтык система (АМС) - аппараттык-программалык комплекстер менен фиксацияланган маалыматтарды жана Жолдо жүрүүнүн эрежелерин (мындан ары - ЖЖЭ) бузуу боюнча токтомдордун көчүрмөлөрүн борбордук деңгээлде жеткирип берүү/бербөө жана төлөө статусун чагылдыруу менен ЖЖЭ бузуулары боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан кабыл алынган чечимдерди жыйноо, сактоо, иштеп чыгуу жана каттоо процессин автоматташтырууну камсыздоочу мамлекеттик маалыматтык система.
Аппараттык-программалык комплекс (мындан ары - АПК) - транспорт каражаттарынын жалпы агымы, фиксацияланган ЖЖЭ бузуулары жана видео байкоо жөнүндө комплекстүү маалыматты автоматтык түрдө берүү боюнча системаны билдирген фото жана кино тартуу, видео жазуу функциялары бар стационардык/көчмө сертификатталган контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттар.
3. Конкурстун (тардын) жыйынтыктары боюнча аныкталган подрядчылар, Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы "Коопсуз шаар" автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу өндүрүлгөн айыптар жөнүндө маалыматты реалдуу убакыт режиминде пайдалануу мүмкүнчүлүгү менен камсыздалат.
2. Айыптардын суммаларын түзүү тартиби
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын АПК колдонуу менен фиксацияланган Жолдо жүрүүнүн жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу үчүн төлөнүүчү айыптарды топтоо боюнча администрацияланган эсеби (мындан ары - администрацияланган эсеп) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде ачылат.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын администрацияланган эсебине каражаттар АПК колдонуу менен фиксацияланган Жолдо жүрүүнүн жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу үчүн жеке жана юридикалык жактар тарабынан иш жүзүндө төлөнгөн айыптардан түшөт.
6. АПК колдонуу менен фиксацияланган Жолдо жүрүүнүн жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу үчүн өндүрүлгөн айыптарды төлөөдөн түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу "Коопсуз шаар" автоматташтырылган маалыматтык системаны пайдалануу менен автоматтык режимде ишке ашырылат.
7. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте иш жүзүндө түшкөн финансылык каражаттарды жана төлөнгөн айыптардын санын эсепке алуу үчүн ар бир айдын 7сине чейин, ай сайын администрацияланган эсепке ар бир АПК боюнча иш жүзүндө келип түшкөн акча каражаттарынын салыштырып-текшерүү актысын түзөт.
3. Айыптардын суммаларын пайдалануу тартиби
8. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги администрацияланган эсепке келип түшкөн каражаттардан зарыл болгон финансылык каражаттарды биринчи кезектеги тартипте бөлүштүрүүнү төмөнкүдөй ишке ашырат:
- конкурстун (тардын) жыйынтыгы боюнча түзүлгөн келишимдерге ылайык подрядчылар менен иш жүзүндө төлөнгөн айыптарды эсептешүү үчүн Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине, ошондой эле техникалык коштоо жана "Коопсуз шаар" автоматташтырылган маалыматтык системасын колдоо үчүн техникалык операторлорго;
- түзүлгөн Келишимдерге ылайык почта кызмат көрсөтүүлөрү (басып чыгаруу, конвертке салуу, транспорт каражаттарынын ээлерине токтомдорду жеткирип берүү) үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылын камсыздоо боюнча башкы башкармалыгына.
9. Ушул Тартиптин 8-пунктунда аталган финансылык каражаттар бөлүштүрүлгөндөн кийин Жолдо жүрүүнүн жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу үчүн төлөнгөн айыптардын калган суммасы:
- көчмө АПК менен фиксацияланган суммалар төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
5 пайызы - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине - маалыматтарды иштеп чыгуунун резервдик борборун түзүүгө, жаңылоого жана күтүүгө;
15 пайызы - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгына - милициянын кайгуул кызматынын бөлүмдөрүн түзүү, иштетүү үчүн, ошондой эле АПК колдонуу менен фиксацияланган Жолдо жүрүүнүн жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу үчүн айыптарды топтоону администрациялоо жана жакшыртуу процесстерине мониторинг жүргүзүү жана өркүндөтүү борборун учурдагы күтүүгө;
- стационардык АПК менен фиксацияланган суммалар төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
5 пайызы - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине - маалыматтарды иштеп чыгуунун резервдик борборун түзүүгө, жаңылоого жана күтүүгө;
15 пайызы - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгына - милициянын кайгуул кызматынын бөлүмдөрүн түзүү, иштетүү үчүн, ошондой эле АПК колдонуу менен фиксацияланган Жолдо жүрүүнүн жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу үчүн айыптарды топтоону администрациялоо жана жакшыртуу процесстерине мониторинг жүргүзүү жана өркүндөтүү борборун учурдагы күтүүгө;
же 25 пайызы - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (эгерде автомобиль жолу алардын балансында болсо) - стационардуу АПК орнотуу каралган жол инфратүзүмдөрүнүн элементтерин, анын ичинде жол кесилиштерин жана мобилдүү системаларды талаптагыдай абалга келтирүү менен байланышкан чыгымдарга;
же 5 пайызы - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине (эгерде автомобиль жолу анын балансында болсо) - стационардуу АПК орнотуу каралган жол элементтерин жана мобилдүү системаларды талаптагыдай абалга келтирүү менен байланышкан чыгымдарга, ошондой эле жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүүгө;
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-июлундагы № 334, 2019-жылдын 1-июлундагы № 334 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Каражаттардын, анын ичинде көчмө АПК менен фиксациялоодон түшкөн каражаттардын калдыгы тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамында чагылдырылат жана төмөнкү тартипте бөлүштүрүлүүгө тийиш:
50 пайызы - медициналык тез жардам автомашиналарын сатып алуу жана аларды керектүү медициналык жабдуулар менен камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине;
каражаттардын калган бөлүгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашырууга багытталат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-июлундагы № 334, 2020-жылдын 21-августундагы № 431 токтомдорунун редакцияларына ылайык
4. Эсепке алуу жана отчеттуулук тартиби
11. Жогоруда аталган министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор тарабынан каражаттарды сарптоо чыгымдардын бекитилген сметасына жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын администрацияланган эсебине иш жүзүндө келип түшкөн кирешелерге ылайык жүргүзүлөт.
12. Бөлүнгөн каражаттарды пайдалануу үчүн бөлүштүрүүчү жана жооптуу жак болуп ушул Тартиптин 8 жана 9-пункттарында аталган мамлекеттик органдардын жетекчилери саналат.
13. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун бухгалтердик эсеп боюнча тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү каражаттарды түзүүнү (түшүүсүн) жана пайдаланууну Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык эсепке алат.