Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 20-майы № 263
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 523, 2019-жылдын 20-февралындагы № 80 , 2019-жылдын 4-октябрындагы № 519, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 485 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 523 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-августундагы № 520 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасында жалпыга белгилүү товардык белгилер жөнүндө Жободо:
- 1 -пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агентствосу" деген сөздөр "Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пунктта:
3-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Жалпыга белгилүү товардык белги, өз белгилүүлүгүнө ээ болгон бардык товарларга карата корголот. Жалпыга белгилүү товардык белгини укуктук коргоо, эгер көрсөтүлгөн товарларга карата бул товардык белгини башка жактын пайдаланышы керектөөчүлөр арасында жалпыга белгилүү товардык белгиге өзгөчө укук ээси менен ассоциацияланса жана мындай ээлик кылуучунун мыйзамдуу кызыкчылыктарын кысымга алуу мүмкүн болсо, ал жалпыга белгилүү болуп таанылгандар менен бирдей болбогон башка товарларга да таралат.";
- төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Жалпыга белгилүү товардык белгини укуктук коргоо мөөнөтсүз колдонулат.";
- төмөнкү мазмундагы 8-1-пункт менен толукталсын:
"8-1. Товардык белги жана белгилөө, эгер бир түрдүү товарларга карата пайдалануу үчүн арналган, башка жактын бирдей же аралашып кетүү деңгээлине чейин окшош товардык белгисинин артыкчылык датасынан кийин кеңири белгилүү болсо, жалпыга белгилүү товардык белгилер болуп таанылышы мүмкүн эмес.".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 27-ноябрындагы № 694 "Интеллектуалдык менчиктин объектилери бар товарларга карата бажы контролдугунун тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Интеллектуалдык менчиктин объектилери бар товарларга карата бажы контролдугунун тартиби жөнүндө Жобонун 4-пунктунун 2-пунктчасынын экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы" деген сөздөр "интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 80 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-октябрындагы № 519 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 485 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.Оторбаев |