Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты № 139
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.Т.Мамытов демилгелеген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө", "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө", "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 139 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө", "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө", "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.Т.Мамытов демилгелеген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө", "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө", "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Негиздеме-маалымкатка ылайык жогоруда аталган Мыйзамдын долбоору социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарындагы кайталоолорду, карама-каршылыктарды жана кемтиктерди четтетүү, тактоолорду киргизүү максатында иштелип чыккан.
Мисалы, Мыйзамдын долбоорунун 1-беренеси менен "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралууда, ага ылайык Пенсиялык фондго белгиленген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкасын 8ден 5 пайызга чейин азайтуунун эсебинен Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондго (мындан ары - МТПФ) камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкасын 2ден 5 пайызга чейин (3 пайызга) көбөйтүү сунушталууда.
Өз кезегинде Мыйзамдын долбооруна негиздеме-маалымкатта аталган мыйзамдын долбоорунун кабыл алынышы республикалык бюджеттен, Социалдык фонддун бюджетинен жана ишкерлер тарабынан кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбай тургандыгы көрсөтүлгөн.
Ошону менен бирге шарттуу-топтомо пенсиялык система түрүндөгү милдеттүү мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасынын негизи болуп эсептеле тургандыгын белгилеп кетмекчибиз. Пенсиялык фонддун кирешелери иштеп жаткан жарандардын камсыздандыруу төгүмдөрүнөн жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна республикалык бюджеттен пенсиянын базалык бөлүгүнө, жеңилдетилген пенсияларга, пенсионерлердин айрым категорияларынын пенсияларына үстөк акыларга, аскер кызматчыларынын пенсияларына бөлүнгөн каражаттардан түзүлөт.
Пенсиялык системанын финансылык абалы төлөөчүлөрдүн камсыздандыруу төгүмдөрүнө көз каранды. Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасы тилектештик принцибине негизделген, бул муундардын ортоктош колдоосунда каражаттардын кайра бөлүштүрүлүшүн белгилейт.
Ошону менен бирге Пенсиялык фондго белгиленген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкасын 3 пайызга төмөндөтүүнүн эсебинен МТПФга камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкасын 5 пайыз өлчөмүндө белгилөө төмөнкүдөй тобокелдиктерге алып келерин белгилей кетүү керек:
- Пенсиялык фонддун бюджетинин дефицитине:
2019-жылы - 2353100000 (эки миллиард үч жүз элүү үч миллион жүз миң) сом;
2020-жылы - 2515800000 (эки миллиард беш жүз он беш миллион сегиз жүз миң) сом;
2021-жылы - 2689500000 (эки миллиард алты жүз сексен тогуз миллион беш жүз миң) сом;
- пенсиянын өз убагында каржыланбагандыгынан улам коркунучтун жаралышына, бул пенсионерлердин арасында социалдык чыңалууну жаратат;
- пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгүнүн азайышына, себеби анын өлчөмү төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнө жараша болот. Пенсиялык фондго камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкасын 3 пайызга төмөндөтүүдө төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы азыраак болот, демек пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмү жана ага индексациянын суммасы дагы азаят;
- пенсиянын өлчөмүн социалдык алгылыктуу деңгээлде кармоонун мүмкүн эместигине жана пенсияларды жыл сайын жогорулатуу мүмкүндүгүнүн жоктугунан улам кирешеси аз топтогу пенсионерлердин (пенсиясынын өлчөмү пенсионердин жашоо минимумуна жетпегендердин) санынын көбөйүшүнө.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинде дефицит пайда болгон учурда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-статьясынын 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жалпы дефицитин жабууга республикалык бюджеттен жыл сайын дотацияларды карашы керек болот.
Ошентип Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын үлүшү бир топ жогорулайт, демек республикалык бюджеттин жүгү да көбөйөт.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесин алып салууну сунуштайбыз.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин 2018-жылдын 10-декабрындагы чечими менен мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун тарифтик саясаты маселесин чечүүгө макулдашылган мамилени иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн, анын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, мамлекеттик органдардын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү киргендигин маалымат иретинде билдиребиз.
Аталган ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы белгиленген тарифтеринин ставкасын азайтуу, ошондой эле юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбалар жана жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкасын кайра карап чыгуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.
2. Мыйзамдын долбоорунун 2-беренеси менен "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 1-пунктун 8 жана 9-пункттар менен толуктоо каралууда, ага ылайык "ипотекалык кредит берүүнү каржылоо үчүн каалаган убакта пенсиялык топтоолорун алуу" жана "шашылыш, кечиктирилгис учурларда ден соолугуна байланыштуу пенсиялык топтоолорун алуу" сунушталууда.
Мында Мыйзамдын долбоорунда кайсыл учурлар "шашылыш жана кечиктирилгис" экендиги жана учурдун шашылыш жана кечиктирилгис экендигин кайсыл субъект аныктай тургандыгы такталган эмес.
Ошону менен бирге "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 745 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежелерине ылайык пенсиялык топтомо каражаттарды алуу төмөнкү учурларда каралган:
- камсыздандырылган адам каза болгон учурда каза болгон камсыздандырылган адамдын мураскорлору тарабынан пенсиялык топтомо каражаттарды алууда;
- камсыздандырылган адам Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары туруктуу жашоого кеткенде.
Аталган учурларда камсыздандырылган адамдар пенсиялык топтоолорун толук алгандан кийин топтомо пенсиялык системадан чыгат.
Ушуга байланыштуу укук колдонуу практикасында түшүнбөстүктөрдү болтурбоо максатында Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 1 жана 2-пункттарын төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"4-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 8 жана 9-пункттар менен толукталсын:
8) ипотекалык кредит берүүгө катышканда алгачкы төгүмдү каржылоого Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте пенсиялык топтоолорду алууга;
9) өмүрүнө олуттуу коркунуч келтирген ооруларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте дарыланууну төлөөгө пенсиялык топтоолорду алууга.".
3. Ошондой эле Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 2-пунктуна ылайык "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнүн 10-пунктуна өзгөртүүлөр киргизилүүдө, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун милдеттерине ипотекалык кредит берүүнү каржылоо учурларында, шашылыш, кечиктирилгис учурларда ден соолугуна байланыштуу пенсиянын топтомо бөлүгүн төлөп берүүнү кошумча киргизүү сунушталууда.
Укук колдонуу практикасында түшүнбөстүктөрдү жана талаш жагдайларды болтурбоо максатында жогоруда аталган Мыйзамдын 5-беренесинин 2-бөлүгүнүн 10-пунктун төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"10) камсыздандырылган адам каза болгондо "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген учурларда анын мураскорлоруна, ошондой эле ипотекалык кредит берүүгө катышканда алгачкы төгүмдү каржылоо үчүн, өмүрүнө олуттуу коркунуч келтирген ооруларда дарыланууну төлөөгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте пенсиянын топтомо бөлүгүн төлөп берүү.".
4. Мыйзамдын долбоорунун 3-беренеси боюнча "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-статьясы менен мамлекеттик социалдык камсыздандыруу мамлекет тарабынан камсыздоонун кепилденген системасы болуп эсептелет деп белгиленген, мында камсыздандырылган адамдар эмгектик мертинүүнүн же кесиптик дартка чалдыгуунун, майыптыгынын, улгайгандыгынын, баккан адамынан айрылгандыгынын жана өлүмүнүн натыйжасында өздөрүнүн иштеп тапканын же кирешесин жоготкон учурда жумуш берүүчүлөр менен жарандардын милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебинен камсыздалат.
Аталган Мыйзамдын 2-статьясына ылайык камсыздандыруу учуру - болгон окуя, анын натыйжасында камсыздоочу камсыздандырылган адамга камсыздандыруу төлөмүн төлөөгө же ал тарткан чыгымдарды компенсациялоого милдеттүү болот.
Алсак, "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен камсыздандыруу учуру келгенде төлөнүүчү пенсиянын үч түрү белгиленген: курагы боюнча, майыптыгы боюнча, баккан адамынан айрылгандыгы боюнча.
Мыйзамдын долбоорунун 3-беренеси менен сунушталган төлөө ченемдери камсыздандыруу учуру болуп саналбайт, ошондой эле "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жөнгө салуу предмети болуп эсептелбейт.
Мындан сырткары Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинде жалпысынан мыйзамдарга бланкеттик шилтеме колдонулгандыгын белгилеп кетмекчибиз.
Бирок Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 78-пунктуна ылайык жалпысынан мыйзамдарга бланкеттик шилтемелерди жасоого жол берилбестигин эске алуу керек.
Жогоруда баяндалгандарды эске алып, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтомо бөлүгүн каржылоо үчүн багышталган пенсиялык топтомо каражаттарды түзүү жана инвестициялоо боюнча мамилелерди жөнгө салуунун укуктук негиздери, пенсиялык топтомо каражаттарды түзүү жана инвестициялоо боюнча субъекттердин жана катышуучулардын укуктук статусу, укугу, милдеттери жана жоопкерчилиги "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленгендигине байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесин алып салууну сунуштайбыз.
5. Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесинин 2-бөлүгү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө расмий жарыяланган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү сунушталган.
Ошону менен бирге "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, аталган өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен ченемдик укуктук актылардын долбоорлору киргизилип жаткан ченемдик укуктук актынын долбооруна тиркелүүгө тийиш.
Ошону менен бирге каралып жаткан Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда кайра каралууга тийиш болгон ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалымат мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатында чагылдырылган эмес.
Ошону менен бирге талдоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу зарылдыгы аныкталса, мыйзамдар менен мыйзам актыларынын ортосундагы укуктук вакуумду жоюу максатында Мыйзамдын долбоорунун күчүнө кирүү мөөнөтүн узартуу зарыл.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунда ченемдик укуктук актыларды кабыл алынган Мыйзамга ылайык келтирүү үчүн алты айлык мөөнөттү белгилөөнү сунуштайбыз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул корутундуда баяндалган сунуштарды эске алуу менен Мыйзамдын долбоорун жеткире иштеп чыгууну максатка ылайыктуу деп эсептейт.