Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 411 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-апрели № 177
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 12-январындагы № 10 "Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө үчүн кайрылуунун, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмесин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия дайындоо жол-жоболорун өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 12-январындагы № 10 "Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө үчүн кайрылуунун, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмесин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө үчүн кайрылуунун, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 2.1-пункту "өзү жашаган жердеги" деген сөздөрдөн кийин "же турган жердеги" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2.2-пунктунун экинчи абзацы "өзү жашаган жердеги" деген сөздөрдөн кийин "же турган жердеги" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2.3-пункту "өзү жашаган жердеги" деген сөздөрдөн кийин "же турган жердеги" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2.4-пункту "өзү жашаган жердеги" деген сөздөрдөн кийин "же турган жердеги" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2.5-пункту "өзү жашаган жердеги" деген сөздөрдөн кийин "же турган жердеги" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2.8-пунктунда:
биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2.8. Пенсия дайындалуучу жашы жете элек өспүрүм же аракетке жөндөмсүз адам болгон учурларда, анын ата-энеси (асырап алгандар, камкорчулар, көзөмөлчүлөр) тарабынан пенсия дайындоо жөнүндө арыз ал жашаган жердеги же турган жердеги Социалдык фонддун аймактык бөлүмүнө берилет. Эгерде жашы жете элек өспүрүмдүн же аракетке жөндөмсүз адамдын ата-энеси (асырап алуучулар, камкорчулар, көзөмөлчүлөр) ар башка жашаса, бул учурда жашы жете элек өспүрүм же аракетке жөндөмсүз адам менен чогуу жашаган ата-энеси (асырап алуучу, камкорчу, көзөмөлчү) тарабынан арыз жашаган жери же турган жери боюнча берилет.";
үчүнчү абзацы "өзү жашаган жердеги" деген сөздөрдөн кийин "же турган жердеги" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2.9-пунктунун экинчи абзацындагы "бир" деген сөз "алты" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 2.12-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2.12. Эгерде пенсия дайындоо үчүн берилген документтерде жана жекече эсепке алуунун маалыматтарында пенсия дайындоо үчүн зарыл маалыматтар жок болсо, Социалдык фонддун пенсия дайындоочу аймактык органы 5 (беш) жумуш күндүн ичинде иш берүүчүгө же компетенттүү органга иштеген жылдары жөнүндө жана камсыздандыруу стажы жөнүндө маалыматтарды берүү жөнүндө суроо-талап жиберет.
Социалдык фонддун аймактык органдары камсыздандырылган адамга пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон документтерди алууда жана тариздөөдө консультация берүүгө жана жардам көрсөтүүгө милдеттүү.";
- 2.13-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 2.14-пункту "жашаган жери" деген сөздөрдөн кийин "же турган жери" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3.1-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 3.4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын;
"- пенсия дайындалгандан же ЖЭ2ни акыркы кайра эсептөөдөн кийинки мезгил үчүн жеке камсыздандыруу эсебинде топтолгон камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасынан эсептелген ЖЭ2 пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн кайра эсептөөдө.";
- V бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 5.8-пункт менен толукталсын:
"5.8. Пенсия дайындалгандан кийин бир айдын ичинде Социалдык фонддун аймактык органы пенсия алуучуга пенсия дайындалгандыгы жөнүндө протоколду таанышууга берет.";
- 6.2-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмесинде:
- 2.1-пунктунда:
"а)" пунктчасында:
- экинчи абзацындагы "же айыл өкмөтү же Кыргыз Республикасынын ички иштер органы тарабынан паспорттун ордуна берилген маалымкат" деген сөздөр алып салынсын;
- төртүнчү абзацындагы "ички иштер органдары тарабынан берилген" деген сөздөр "мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"б)" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"б) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-октябрындагы № 500 токтому менен бекитилген Пенсия чектөө үчүн камсыздандыруу стажын ырастоонун тартиби жөнүндө жобого ылайык белгиленүүчү камсыздандыруу стажы жөнүндө маалыматтарды камтыган эмгек китепчеси же документтер;";
"в)" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы "к)" пунктчасы менен толукталсын:
"к) жашаган жеринен маалымкат - турган жери боюнча пенсия дайындоо үчүн кайрылган учурда гана.";
- 2.2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2.2. Жеңилдик берилген шартта курагы боюнча пенсия дайындоо үчүн ушул Тизменин 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн документтерге кошумча иретинде төмөндөгү документтер берилүүгө тийиш:
а) № 1 жана № 2 тизмелер боюнча - эмгектин жеңилдик берүүчү мүнөзүн ырастоочу маалымкаттар.
Маалымкатта: атайын стажга эсептеле турган иштин мезгили, кесиби же кызматы, аткарылган ишинин мүнөзү, иштин ушул мезгили тизмелердин кайсыл бөлүмүнө, бөлүмчөсүнө, пунктуна, аталышына киргизиле тургандыгы жана алардын номери, анын негизинде аталган маалымкаттар берилген баштапкы документтер көрсөтүлүүгө тийиш. Зарыл учурда жумуш орундарын аттестациялоонун натыйжалары менен эмгектин өзгөчө шарттарында иштөөнүн далилдери берилет.
№ 2 тизме боюнча пенсиянын экинчи камсыздандыруучу бөлүгүн дайындоо максатында эмгектин өзгөчө шарттары үчүн жана ишканадан пенсия алуучу текстиль өндүрүшүндө иштегендерге - эмгектин жеңилдик берүүчү мүнөзүн ырастаган маалымкат, ишканада жеңилдик берилген шартта пенсия дайындалгандыгынын фактысы жөнүндө маалымкат, пенсия дайындалган датаны көрсөтүү менен;
б) бийик тоолуу шарттарда жашаган адамдарга пенсия дайындоо үчүн - эмгектенген ишканасы, уюму жайгашкан жер жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же айыл өкмөтүнүн маалымкаты, ал эми аялдарга кошумча - үч баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жана аларды сегиз жашка чейин тарбиялагандыгын ырастаган документтер (балдардын паспорттору, жашаган жеринен айыл өкмөтү, үй башкармалары тарабынан берилген маалымкаттар, туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө же баланын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк);
в) көп балалуу энеге жеңилдик берүүчү пенсия дайындоо үчүн - беш баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жана аларды сегиз жашка чейин тарбиялагандыгын ырастаган документтер (балдардын паспорттору, жашаган жеринен айыл өкмөтү, үй башкармалары тарабынан берилген маалымкаттар, туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө же баланын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк);
г) бала чагынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын энесине жеңилдик берүүчү пенсия дайындоо үчүн - аймактык (райондор аралык) медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (мындан ары - МСЭК) баланын майыптуулугун аныктагандыгы жөнүндө маалымкаты, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана аны сегиз жашка чейин тарбиялагандыгын ырастаган документтер (баланын паспорту, жашаган жеринен айыл өкмөтү, үй башкармалыгы тарабынан берилген маалымкат, туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө же баланын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк);
д) ишканалардын кайра уюштурулушуна, жоюлушуна, штаттык сандын кыскарышына байланыштуу алардан бошотулган адамдар үчүн - Социалдык фондго кызматкер пенсияга чыгуунун жалпы белгиленген курагына жеткенге чейин мөөнөтүнөн мурда пенсия төлөө үчүн акчалай каражаттардын которулгандыгы жөнүндө төлөм тапшырмасынын көчүрмөсү;
е) гипофизардык нанизм дартына чалдыккан адамдар (эргежелдер) жана диспропорциялык кодолор үчүн - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин дарылоо-алдын алуу мекемелеринин врачтык-консультациялык комиссиясынын маалымкаты;
ж) учкучтарга жана сыноочу учкучтардын курамына пенсия дайындоо үчүн - аба транспортун пайдалануучунун учуу сааттары жөнүндө жана пенсия төлөөгө кетүүчү чыгымдарды жабууга каражаттардын чегерилгендигин ырастаган документтер берилет.";
- 2.3-пунктунда:
"Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин алдындагы Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын" деген сөздөр "МСЭКтин" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
- 3.2-пунктунда:
"б)" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
"г)" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"г) пенсия эмгек акынын белгиленген эң аз өлчөмүнөн пайыздарда эсептелгенде - 1996-жылдын 1-январына чейин 60 ай бою иштегендиги үчүн эмгек акысы жөнүндө маалымкат, же болбосо эмгек акы жөнүндө жетишсиз маалыматтар, же пенсия дайындалган күндөн тартып үч жылдын аралыгында берилген эмгек акынын башка өлчөмү жөнүндө маалыматтар;";
"д)" пунктчасындагы "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин алдындагы Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын" деген сөздөр "МСЭКтин" деген аббревиатура менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду өзүнүн чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтирсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |